КЫРГЫЗ ЭЛ МАКАЛ-ЛАКАПТАРЫ.
- А -
1. Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
2. Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
3. Абийирди жашыңдан сакта.
4. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
5. Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
6. Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
7. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
8. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
9. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
10. Адам көркү - адеп.
11. Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
12. Адам тилинен табат.
13. Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
14. Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
15. Адам - акылы менен адам.
16. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
17. Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
18. Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.
19. Адамдан айла качып кутулбайт.
20. Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
21. Адамды бузган - байлык менен бийлик.
22. Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.
23. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
24. Адамдын кыйноосу - санаа, өлүмү оору.
25. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
26. Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
27. Адептүү киши - азаптан алыс.
28. Ажал айтып келбейт.
29. Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
30. Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
31. Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
32. Аз болсо да, саз болсун.
33. Аз көбөйөт, азган оңолот.
34. Аза - арыбайт, каада - карыбайт, алтын чирибейт.
35. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
36. Азганды кууп, тосконго жолукпа.
37. Азды жок дебе, барды көп дебе.
38. Азды аяган, көптөн кур калат.
39. Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
40. Азоого - тушоо, күлүкө - чалма.
41. Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
42. Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
43. Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
44. Ай чырайлуу, бал сөздүү акылман адам элеси.
45. Айгыр көпсө үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт.
46. Айдаганы бир эчки , ышкырыгы таш жарат.
47. Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат.
48. Айды этек менен калкалай албайт.
49. Айдын жарымы - жарык, жарымы - караңгы.
50. Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
51. Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
52. Айран сураган - аягын жашырбайт.
53. Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
54. Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман.
55. Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
56. Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпасам сындан өлөөрмүн.
57. Айтып кылган иштин айыбы жок.
58. Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.
59. Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
60. Ак ийилет, бирок сынбайт.
61. Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт.
62. Ак төөнүн карды жарылганда.
63. Ак ит, кара ит - баары бир ит.
64. Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
65. Аке-уке деген көңүлгө жакшы.
66. Аккан арыктан суу агат.
67. Аккан сууда арам жок.
68. Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт.
69. Акмак достон акылдуу душман жакшы.
70. Акмак өзүн - эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
71. Акылдуу менен арбашпа, алдуу менен кармашпа
72. Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат.
73. Акыл - тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
74. Акыл - баштан, асыл - таштан.
75. Акылсыз - атасын акмалайт.
76. Акылы аздын азабы көп.
77. Акылы жетсе, атаны уул билет.
78. Акыркы ашка каскак түшөт.
79. Акырын бассаң - аксак, катуу бассаң таскак.
80. Акырын баскан - аксабайт.
81. "Алайын" деп жутунба, ач көздүктүн белгиси,
"Жулайын" деп умтулба, журт бузардын белгиси.
82. Ала карганы атынан чакыр.
83. Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
84. Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
85. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
86. Алгандын бермейи бар.
87. Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
88. Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
89. Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
90. Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
91. Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
92. Алдыраар күнү - жаздыраар.
93. Алма быш - оозума түш.
94. Алма сабагынан алыс түшпөйт.
95. Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
94. Алтымышта атаңдын, алдап-соолап күчүн ал.
95. Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
96. Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
97. Алтынды чыккан жеринен каз.
98. Алы жетпеген акыретчи.
99. Алыбек алына жараша.
100. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
101. Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
102. Аңгектен качсаң - дөңгөккө, дөңгөккө качсаң - сөңгөккө.
103. Аңдабаган төө көрбөйт.
104. Аңдышкан айыл конбойт,эсептешкен дос болбойт.
105. Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок
106. Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
107. Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө.
108. Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
109. Аракет кылсаң - берекет.
110. Арам тамак аш болбойт.
111. Арамзаанын куйругу бир тутам.
112. Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
113. Арачыга алты таяк.
114. Арбашкан - лышат, кагышкан - кармашат.
115. Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
116. Арзандын тузу татыбайт.
117. Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
118. Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге.
119. Артык дөөлөт баш жарбайт.
120. Артык кылам деп тыртык кылды.
121. Арык -семирет, ач - тоюнат.
122. Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне.
123. Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
124. Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
125. Асылуу казан - бышылуу аш.
126. Атадан таяк жеген - балдар жакшы, энеден тил укпаган - кыздар жакшы.
127. Ат жалына казан ас.
128. Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт.
129. Ат адамдын канаты.
130. Ат баспаган жерди тай басат.
131. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
132. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
133. Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
134. Ат - мингендики, тон - кийгендики, аял - тийгендики, эр - элдики.
135. Ат баспайм деген жерин үч басат.
136. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
137. Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
138. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
139. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет.
140. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет.
141. Ата даңкы, эне баркы - балага дем.
142. Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар.
143. Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
144. Аталуу жетим - арсыз жетим, энелүү жетим - эрке жетим.
145. Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
146. Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
147. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
148. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
149. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
150. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
151. Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер.
152. Атка жеңил, тайга чак.
153. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
154. Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
155. Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле.
156. Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
155. Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
156. Атын атаса куту сүйүнөт.
157. Атына жараша - заты.
158. Атың чыкпаса, жер өрттө.
159. Атты чапсаң алыска чап, чыкпай калса бактыңан тап.
160. Ач иттин артын сук ит жалайт.
161. Ач кулактан тынч кулак.
162. Ач - кекиртет, ток - секиртет.
163. Ач кадырын ток билбейт.
164. Ачка киши - урушчаак, арык киши - тырышчаак.
165. Ачка отурганча айранга нан тийгизип жеген жакшы.
166. Ачканын аңы жүрбөйт.
167. Ачуу - душман, акыл - дос.
168. Ачуулуунун астынан чыкпа.
169. Ачууну акыл жеңет.
170. Ачууну ачуу басат.
171. Ачуунун да таттуусу бар,таттуунун да ачуусу бар.
172. Ачуусу чукул - айыпка жыгылат.
173. Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат.
174. Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар.
175. Аш көп болсо, каада көп.
176. Ашаарын ашаган, жашаарын жашаган
177. Ашка жүк, башка жүк.
178. Ашуудан ат алмаштырбайт.
179. Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт.
179. Ашыкпаган араба менен коёнго жетет.
180. Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
181. Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
182. Аял жакшы - эр жакшы.
183. Аял жакшысын - эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
184. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
185. Аялың мыкты болсо - бактың, аялың кыйды болсо - каттың.
- Б -
186. Баатыр бир өлөт,коркок миң өлөт.
187. Баатыр болмок - маңдайдан, чечен болмок - таңдайдан.
188. Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт, чечен чеченди сөзүнөн тааныйт.
189. Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө неси калат.
190. Баатыр - маңдайлаш, чечен - таңдайлаш.
191. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
192. Баатырдын баш ийгени - өлгөнү.
193. Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун
194. Баатырдын көркү маңдайда, чечендин көркү таңдайда.
195. Багы жокко дагы жок.
196. Бажа - бажаны көрсө башы ………….
197. Базары жакын байыбайт.
198. Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо,үч жылы жардылыгын
коё бербейт.
199. Бай байлыгын беш жыл эстейт
200. Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө.
201. Бай менен байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта.
202. Бай - байга куят, суу - сайга куят.
203. Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
204. Байды мактаба, кедейди жектебе.
205. Байлык - мурат эмес, жоктук - уят эмес.
206. Байлыкты эмгектен изде,теңдикти күрөштөн изде.
207. Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
208. Бака майрыгын билбей, жылаанды ийри - дейт.
209. Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
210. Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа.
211. Бактылуу болуш мүнөздөн,баатыр болуш күрөштөн.
212. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.
212. Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол
213. Бала ыйламайынча эмчек жок.
214. Бала жетиге чыкканча, жерден таяк жейт.
215. Бала - баладай, башы көзү чарадай.
216. Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
217. Бала, баланын иши чала.
218. Балалык кишиге эки келет, бири жашында, бири карыганда.
219. Балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар.
220. Балам, балалуу болгондо билесиң.
221. Баланы жашынан, катынды башынан.
222. Баланын үйү - бапанын алачыгы.
223. Баласы жоктун - ырысы жок.
224. Балык башынан сасыйт.
225. Балыкчы - балыкчыны алыстан тааныйт.
226. Бар барын айтат, жок зарын айтат.
227. Бар мактанса табылаар, жок мактанса …абылаар.
228. Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
229. Барды аяган, жокко тойбойт.
230. Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
231. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
232. Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
233. Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
234. Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
235. Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
236. Баш - акыл үчүн, акылман - эл үчүн.
237. Баш иштебесе буттун шору.
238. Башка түшсө - байтал жорго болот.
239. Баштаагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт.
240. Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
241. Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт.
242. Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
243. Башың баш, багалчагың кара таш.
244. Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
245. Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
246. Бел бекчейсе, көз чекчеет.
247. Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
248. Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
249. Берген март эмес, алган март.
250. Бергенин алган жамандын иши, ичкенин кускан чабалдын иши.
251. Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
252. Бетеге кетип бел калат, Бектер кетип эл калат.
253. Бетке айткандын заары жок.
254. Бечелге көк жөтөлдүн кереги эмне.
255. Беш кол тең эмес.
256. Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
257. Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
258. Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
259. Билгенди айтуудан тартынба.
260. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
261. Билем десең миң сөз, билбейм десең бир сөз.
262. Билим алуу - ийне менен кудук казгандай.
263. Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
264. Билимдүү көп, билген аз
265. Биз жакка дагы күн чыгаар.
266. Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
267. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
268. Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
269. Бир ок менен эки коёнду аткан.
270. Бир чайнасаң - май чайна, былчылдасын оозуңда.
271. Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
272. Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың.
273. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы.
274. Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
275. Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
276. Бир кемпир, бир кемпирди ‘’Кыз’’ - деп тергептир.
277. Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
278. Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш, үч көргөн алыш.
279. Бир кумалак бир карын майды чиритет.
280. Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
281. Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
282. Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
283. Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
284. Бир күндүк өмүрүң болсо - түштүгүнө жорго мин.
285. Бир сөз бар - оозго алгыс, бир сөз бар издесе тапкыс.
286. Бир жолу калпың чыкса, сөзгө …………..
287. Бир уядан бир сасыткы чыгат.
288. Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
289. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
290. Бирди аяган миңдин убалына калат.
291. Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
292. Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишинешет.
293. Биринчи байлык - ден соолук, экинчи байлык - ак жоолук, үчүнчү байлык - жүз соолук.
294. Бирөө алдында жатып <турсам өлөсүң> - дептир.
295. Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
296. Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
297. Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт.
298. Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
299. Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
300. Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
301. Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
302. Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
303.Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
304. Бирөөнүн өрдөгүн жесең , каз байла.
305. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
306. Бирөөнүн элинде Султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
307. Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
308. Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
309. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
310. Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
311. Боор ооруса, боорго тебет.
312. Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт.
313. Бозодогу сөз бокко өтпөйт.
314. Бокко тийбе - сасыйт.
315. Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
316. Болгонуңда болуп өт, боз жопгодой …………. өт.
317. Болоор бала богунан.
318. Болору болду, боёсу канды.
319. Бороондуу күндө бок кычайт.
320. Боюңа карап тон быч.
321. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
322. Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык.
323. Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
324. Бөксө чайнек бат кайнайт.
325. Бөлүнгөндү бөрү жейт.
326. Бөрк ал десе - баш алган.
327. Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
328. Бөрү баласы - ит болбойт.
329. Бөрү карыса бир койлук алы бар.
330. Буудайдын барар жери - тегирмен, кыздын барар жери - күйөө.
331. Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт
332. Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
333. Бука жокто - торпок бий.
334. Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
335. Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
336. Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.
337. Бура сүйлөнүлгөн сөз күлөргө жакшы, булкунган ат минерге жакшы.
338. Бурган сөз, урган сөз.
339. Буту сынган - жатып семирет, колу сынган - басып арыктайт.
340. Бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт.
341. Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
342. Буюрбаган ашка мурун канайт.
343. Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
344. Бүгүнкү көргөн эртең жок,атаңдын көрү дүйнө бок.
345. Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
346. Бычагы курч байыбайт.
347. Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
348. Бээ десе - төө дейт.
349. Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
350. Берип жаман көрүнгүчө бербей жаман көрүн.
- B -
351. Вазир жакшы - хан жакшы, аял жакшы - эр жакшы.
- Д -
351. Дарак бир жерде көгөрөт.
352. Дартты жөн койсо жайылат,дарыласаң айыгат.
353. Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
354. Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
355. Дос күйдүрүп сүйлөйт, душман сүйдүрүп сүйлөйт.
356. Дос таарынса, бергенин алат.
357. Дос айрылат, сөөк кайрылат.
358. Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
359. Дос-жолдошуң бир жылдык, куда - сөөгүң миң жылдык.
360. Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
361. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
362. Досум дос элек - коон үзгөндө, тескери карап калыпсың - бозо сүзгөндө.
363. Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
364. Досуң миң болсо да, аздык кылат, душ- маның бирөө болсо да көптүк кылат.
365. Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
366. Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак.
367. Дөөлөттөн артык мээнет бар.
368. Дубана таарынса ачка калат.
369. Думанадан айбашы үмүт өтүптүр.
370. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
371. Душмандын чырагына май тамызба.
372. Душмандын биринчи кадамы, жылмалап айткан саламы.
373. Душмандын сырты жылма,ичи кара
374. Душмандашкан киши оңолбойт.
375. Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
376. Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
377. Дүнүйө - бир тыйындан курулат.
- Ж -
378. Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба.
379. Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын.
380. Жаз жарыш, күз күрөш.
381. Жазгы суук жандан өтөт.
382. Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат.
383. Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
384. Жайыл дасторкон - марттыктын белгиси.
385. Жайын билбей - жер тандаган кызык, алын билбей - эр тандаган бузук.
386. Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт.
387. Жакшы бала баарына үлгү, жаман бала баарына күлкү.
388. Жакшы бала элпек, жаман бала тентек.
389. Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
390. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи?
Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи?
391. Жакшы менен бир жүрсөн жетесиң муратка, жаман менен бир жүрсөң каласың уятка.
392. Жакшы менен тоого чыксаң кудаалашып түшөсүң, жаман менен тоого чыксаң кубалашып түшөсүң.
393. Жакшы тилек - жарым ырыскы.
394. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул.
395. Жакшы - эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
396. Жакшы ишке келет, жаман ашка келет
397. Жакшы атанын кашыктап чогултканын, жаман уул чөмүчтөп чачат.
398. Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
399. Жакшы сөз - жан эритет, жаман сөз - жан кейитет.
400. Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.
401. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
402. Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш.
403. Жакшы атка - бир камчы, жаман атка - миң камчы.
404. Жакшы уул эл ишине жарайт, жаман уул колуңду карайт
405. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
406. Жакшы - сөздү таап сүйлөйт, жаман - каап сүйлөйт.
405. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.
408. Жакшылык жан эритет, жамандык жан кейитет.
409. Жакшылыкты унуткан, жамандыкка жолугат.
410. Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
411.Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр.
412. Жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше.
413. Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым – деп
тим болот.
414. Жакшынын - шарапаты, жамандын - кесепети.
415. Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе.
416. Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
417. Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
418. Жалгыз дарак токой болбойт.
419. Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт.
420. Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
421. Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт.
422. Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
423. Жалтанбаган жоону жеңет, жадабаган тоону жеңет.
424. Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында.
425. Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
426. Жаман үйдүн коногу бийлейт.
427. Жаман малын катат, жакшы …………..
428. Жаман айтпай жакшы жок.
429. Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста аста.
430. Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
431. Жаман иттин аты ‘’Бөрүбасар’’.
432. Жаман атты жал басат.
433. Жаман айгыр үйүрүнө тап.
434. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт.
435. Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
436. Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей.
437. Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
438. Жаманга сый жарашпайт.
439. Жамандан жарты кашык аш калат.
440. Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
441. Жамандыгы болбосо жаштыгы калган жок.
442. Жамандын бир өнөрү артык.
443. Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
444. Жамандын барынан жогу.
445. Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок.
446. Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
447. Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
448. Жамандыкты көрбөгөн,жакшылыктын баркын билбейт.
449. Жамандыкты унуткан жакшы, жакшылыкты унуткан жаман.
450. Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
451. Жан бар жерде өлүм бар.
452. Жаны бардын жели бар.
453. Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт.
454. Жаңдооч кийик аттырат.
455. Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт.
456. Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
457. Жаргылчактуу катын жакшы катын, электүү катын эрке катын.
458. Жарды байыйт, жаш чоңоёт.
459. Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
460. Жатаар курсак жармадан айлансын.
461. Жаткан оору эмес, баккан оору.
462. Жатып өлгүчө, атып өл.
463. Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
464. Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
465. Жаш чыбыктын ийилгени - сынганы, жаш жигиттин уялганы - өлгөнү.
466. Жаш - күчү менен, кары - кеңеши менен.
467. Жашка - кызмат, карыга - урмат.
468. Жашоо ырахаты - ден-соолук.
469. Жаштардын басканы - жыргал, карылардын - жатканы жыргал.
470. Жаштык бар жерде жалын бар.
471. Жаштык бар жерде шаттык бар.
472. Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет.
473. Жаштык кезиң мастык кез.
474. Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
475. Жаштын тилегин берет.
476. Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот.
477. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
478. Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың.
479.Жегенде тойбогон жалаганда тоймок беле.
480. Жегендин - кусмайы бар.
481. Жел чыкпаса, жан чыгат.
482.Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
483. Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
484. Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
485. Жеңилди жерден, оорду колдон алат.
486. Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
487. Жери байдын, эли бай.
488. Жети өлчөп бир кес.
489. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
490. Жети күндүн бири өлүм.
491. Жетим жүрүп жетилет.
492. Жигит өлөр жерине күлүп барат.
493. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
494. Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
495. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
496. Житкен окту аткан ок табат.
497. Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап.
498. Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар.
499. Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска.
500. Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт.
501. Жооштон жоон чыгат.
502. Жогологон бычактын сабы алтын.
503. Жокко суу да жок.
504. Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
505. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
506. Жол азабы, көр азабы.
507. Жол бирге болсо да, тагдыр башка.
508. Жолдун тегизин бил, (сөздүн негизин бил)?
509. Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал.
510. Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо - үйдөгүсү жакшы.
511. Жолуң шыдыр жолдошуң кыдыр болсун.
512. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат.
513. Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт.
514. Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт.
515. Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы.
516. Жөжөнү күзүндө санайт.
517. Журт мазар, журттан чыккан азар.
518. Жуткан жутабайт.
519. Жуурат төгүлсө жугу калат.
520. Жүгүргөн албай - буюрган алат.
521. Жүз жолу айткандан, бир жолу көргөзгөн жакшы.
522. Жүз дос - аз, бир кас - көп.
523. Жыгылган оогонго күлөт.
524. Жыгылган күрөшкө тойбойт.
525. Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл.
526. Жылаандын куйругун баспа.
527. Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
528. Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылаан ийинден чыгат.
529. Жылуулук от бар жерде, сулуулук кал бар жерде.
530. Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
531. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.
Достарыңызбен бөлісу: |