66
сырткары да эмгектерди жазган деп айтылат, бирок алар бизге жетпей калган.
Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» поэмасы түрк
элдеринин маданий
мурастарынын ичинен көрүнүктүү адабий эстелиги. Бул энциклопедиялык
эмгек деп аталган поэма дидактикалык гана эмес, табигый жана гуманитардык
илимдер боюнча да маселелерди камтыйт. Хас-Хаджиб дастанында жалпы
философиялык, социалдык, укуктук, саясий, этикалык
жана эстетикалык көз
караштары чагылдырылат.
Ойчулдун дүйнөгө карата пантеисттик көз карашы байкалат. Поэмада
акын дүйнө түзүлүшүнүн негизи кудайга байланыштуу экендигин айтып келип,
орто кылымдагы Күн Чыгыш философиясынын өкүлдөрү сыяктуу (Аль Фараби,
Беруни, Ибн Сина) дүйнө кудай тарабынан пайда болуп, ошол эле учурда өз
алдынча жашайт жана мыйзамга ылайык өнүгүп-өсөт. Жусуптун ааламдын
түзүлүшү жөнүндөгү
окуусу Аристотель, Птоломейдин системасына
жакындашып кетет. Жердин шар формада экендигин, ал өз огунда айланып
тураарын билдирет. Курчап турган дүйнө төрт материалдык телодон (жер, аба,
от, суу) тураарын айтат жана алар дүйнө негизи жана жер бетиндеги жашоонун
негизи дейт.
Бул төрт элемент сапат жагынан, бири биринен өнүгүү касиети
боюнча айырмалат жана алар тыгыз байланышта. Анын оюу боюнча Жер
борбордук орунда болуп, ушул төрт элементтин башаты катары каралат.
Жусуптун мындай материализми стихиялуу диалектикалык материализм менен
байланышкан. Анын оюу боюнча жаратылыш
менен коомдун бардык
кубулуштары мыйзам ченемдүү түрдө өнүгүп, өсүп турат.
Тааным теориясында Жусуп Баласагын башка перипатетиктер сыяктуу
рационалист катары белгилүү. Анын ой жүгүртүүсүндө акыл – материалдык
дүйнөнүн предметтеринин байланышын таанып билүүнүн куралы жана
чыгармачылык күчү. Жусуптун концепциясында акыл – билимдин жарыгы
менен адамды жаркытат. Мында акын чындыкты таанууда сезимдик
кабылдоонун ролун четке какпайт. Тааным билимсиз мүмкүн эмес: дүйнөнү
тереңирээк билиш үчүн үзгүлтүксүз билим зарыл. Ден соолук, ички дүйнөнүн
жарыгы, даанышмандык, бакыт ж.б. чоң роль ойнойт. Жусуп Баласагындын ой
жүгүртүүсүндө
адам жандыктардан акылы, билими менен айырмаланат.
Даанышмандык, окуу жана билим, адам баалуулугунун жана аны
урматтоосунун негизи, башаты; билимдин өзү байлык.
Ойчулдун социалдык-саясий көз карашы чындыкка жакындыгы,
конкреттүүлүгү,
социалдык болмушту, коомдук саясий надстройканы
жакшыртууга болгон аракети менен айырмаланат. Коомду, мамлекетти
башкарууну билим жана агартуу жолу менен гана өнүктүрүүгө боло турганына
ишенет. Бул идеясы орто кылымдагы чыгыш акылмандарынын ой-пикирине
жакындашып кетет.
Достарыңызбен бөлісу: