3.1 Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү
2014-жылы республиканын аймагында катталган кылмыштардын саны 27070 түздү, бул 2013-жылга салыштырмалуу 147 кылмышка, же 0,5 % аз, анын ичинен 23473 (23611) кылмыш ички иштер органдарында катталды, бул катталган кылмыштардын жалпы санынын 86,7 %ын түзөт.
Республиканын ички иштер органдары тарабынан 18794 (18729) кылмыштын бети ачылды, бул 2013-жылга салыштырмалуу 0,3 %га көп, кылмыштын бетин ачуу пайызы 75,1 %ды (71,2 %) түздү.
Жазыктык издөө багыты боюнча 17288 (17731) кылмыш катталды, бул 2013-жылга салыштырмалуу 2,4 %га аз, 12864 (12790) кылмыштын бети ачылды, бул 0,5 %га көп, кылмыштын бетин ачуу пайызы 72,0 %ды (67,1 %) түздү.
1861 (1660) оор жана өтө оор кылмыштар катталды, бул 2013-жылга караганда 12,1 %га көп, 1763 (1592) кылмыш ачылды, бул 10,7 %га көп, кылмыш ачуу 87,6 %ды (86,8 %) түздү. Анын ичинде 634 (632) өтө оор кылмыштар катталды, бул 2013-жылга караганда 0,3 %га көп, 622 (622) кылмыш ачылды, кылмыш ачуу 89,8 %ды (89,1 %) түздү.
308 (289) киши өлтүрүүлөр жана киши өлтүрүү далалаттары катталды, бул 2013-жылга караганда 6,5 %га көп, 316 (295) кылмыш ачылды, бул 7,1 %га көп, кылмыш ачуу 91,3 %ды (89,7 %) түздү.
Ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү фактылары - 261 (245) катталды, бул 2013-жылга караганда 6,5 %га көп, 258 (250) кылмыш иши ачылды, бул 3,2 %га көп, кылмыш ачуу 93,1 %ды (91,6 %) түздү. Анын ичинде өлүм менен аяктаган 59 (77) фактысы катталды, бул 2013-жылга караганда 23,3 %га аз, 47 (65) кылмыш иши ачылды, бул 3,2 %га көп, кылмыш ачуу 79,7 %ды (84,4 %) түздү.
330 (330) зордуктоолор жана зордуктоо далалаттары катталды, өндүрүштө турган кылмыштарды эске алуу менен - 380 (384), анын ичинен 338 (349) ачылды, бул 2013-жылга караганда 3,1 %га аз, кылмыш ачуу 98,3 %ды (98,9 %) түздү.
Каракчылык менен кол салуулар - 372 (305) катталды, бул 2013-жылга караганда 22,0 %га көп, 346 (287) кылмыш ачылды, бул 20,5 %га көп, кылмыш ачуу 85,6 %ды (85, %) түздү.
Талап-тоноолор - 1264 (1611) катталды, бул 2013-жылга караганда 21,5 %га аз, 959 (1223) ачылды, бул 21,5 %га аз, кылмыш ачуу 74,7 %ды (69,1 %) түздү.
Башка бирөөнүн мүлкүн урдоолор - 9017 (9971) катталды, бул 2013-жылга караганда 9,5 %га аз, 5726 (5995) ачылды, бул 4,4 %га аз, кылмыш ачуу 62,1 %ды (56,9 %) түздү.
Мал урдоо - 979 (850) катталды, бул 2013-жылга караганда 15,1 %га көп, 714 (642) ачылды, бул 11,2 %га көп, кылмыш ачуу 76,4 %ды (75,4 %) түздү.
Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин саны 6824 (7606) түздү, бул 2013-жылга караганда 10,2 %га аз, анын ичинен 2875 (3208) адам издеп табылды, бул 10,3 %га аз, издөө пайызы 42,1 %ды (42,2 %) түздү.
«АБД-ТОР» (автоматташтырылган маалымат базасынын) адистештирилген эсепке алуусунда 687 адам саны менен 4 уюшкан кылмыштуу топ катталган, алардын ичинде: К. Көлбаевдин УКТ - 501,
А. Батукаевдин УКТ - 56, М. Абакировдун УКТ - 75, А. Бокушевдин УКТ - 55.
Отчеттук мезгил ичинде уюшкан кылмыштуулуктун 190 (197) субъектиси кармалды жана кылмыш жоопкерчилигине тартылды
(К. Көлбаевдин УКТ - 82 (119), А. Бокушевдин УКТ - 3 (8), А. Батукаевдин УКТ -7 (9), М. Абакировдун УКТ - 9 (14), АКТ - 89 (47) (топсуз «АБД-ТОР» эсепке алуусунда катталган, алардын ичинен 3 субъектиси Баңгизат бизнеси менен күрөшүү кызматынын тизмесинде турат).
618 (569) кызматтык кылмыштар табылды, бул 2013-жылга караганда 8,6 %га көп. Жабылган иштер боюнча материалдык чыгым - 94,0 (74,1) млн сомду түздү, анын ичинен 15,6 (43,1) млн сом, же 16,7 %ы (58,2 %) орду толукталды.
Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 1586 (1584) түздү, бул 2013-жылга караганда 0,1 %га көп. Алынган баңгизаттардын саны 16779,0дон 13456,1 кг чейин, анын ичинде апийим 71,0дон 48,4 кг чейин, гашиш 1632,0дон 1577 кг чейин төмөндөдү.
Экстремисттик көрүнүштөрдүн 283 (234) фактысы табылган, бул 2013-жылга караганда 20,9 %га көп, булар боюнча 157 (128) кылмыш иши козголгон, бул 22,6 %га көп. Эсепте жалпысынан 1703 (1717) экстремисттик жана террордук уюмдардын жактоочулары турат.
Коомдук жайларда 3135 (3323) кылмыш жасалган, бул 2013-жылга караганда 5,6 %га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндөгү алардын салыштырма салмагы 13,9 %ды (14,5 %) түзөт.
Көчөлөрдө 1256 (1456) кылмыш жасалган, бул 2013-жылга караганда 13,7 %га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндөгү алардын салыштырма салмагы 5,6 %ды (6,4 %) түзөт.
Курал колдонуу менен 43 (42) кылмыш жасалган, анын ичинде сайлуу куралды колдонуу менен - 14 (13), сайсыз куралды колдонуу менен - 20 (7) жана атылбас куралды колдонуу менен - 9 (22).
Жалпысынан кылмыш жасаган 16367 (16875) адам табылган, алардан 13651 (14567) адам, анын ичинде - 2091 (2148) аял кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Өз убагында кабыл алынган ыкчам-алдын алуу чараларына байланыштуу 2014- жылы ЖАМК мекемелеринде 924 кылмышка бөгөт коюлган, бул 1000 адамга 122 бөгөт коюлган кылмышты түзөт.
Жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу иштерине карабастан 2014 жылы 64 кылмыш катталган, башкача айтканда 1000 адамга 8,4 кылмыш жасалган.
Козголгон 64 кылмыш ишинин 36сы сотко өткөрүлүп берилген, тергөө стадиясында - 6 (өздүгү менен- 3), караштуулугу боюнча аймактык ИИБге - 1 иш өткөрүп берилген, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамдын өздүгү такталбагандыгына байланыштуу - 21 кылмыш иши убактылуу токтотулган, ушуну менен кылмыштын бетин ачуу 62,5 %ды түздү.
ЖАМКнын жабык мекемелеринде диний-экстремисттик жана террористтик иштери үчүн соттолгон 106 адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат (2013-ж.- 81).
Азыркы учурда кыйла натыйжалуу жана сапаттуу контролдоо үчүн соттолгондордун аталган категориялары кармоо режиминин түрлөрү боюнча ЖАМКнын ар түрдүү мекемелеринде аз санда кармалууда.
2014-жылы кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК) тарабынан:
1) маалымат берүүчү адамдардан келип түшкөн 990,2 миң билдирүү иштелип чыкты;
2) 25 финансылык териштирүү жүргүзүлдү, жалпы суммасы 1305,3 млн сом банктык инструментарийлерди колдонуу менен акча каражаттарын мыйзамсыз көмүскө жүгүртүү (мыйзамсыз ишкердик, салык төлөөдөн качуу ж.б.) боюнча 24 жалпыланган материал даярдалып, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым 251,3 млн сомду түздү.
Өкмөттүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 токтому менен бекитилген Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого ылайык жалпы суммасы 15 530,4 миң сомду түзгөн 20 операция тоңдурулган, бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгү Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын террордук деп таанылган уюмдарына тийиштүү.
ФАТФнын (акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык иш-чараларды иштеп чыгуучу топ) алкагында иштер жүргүзүлдү.
ФАТФнын иш-чаралар планына ылайык, 2011-жылдын
28-октябрында ФАТФнын Пленардык жыйынында бекитилген, ФАТФнын иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашыруу процессин талкуулоо максатында 2014-жылдын 24-25-апрелинде Кыргыз Республикасында ФАТФнын баалоочу миссиясы болуп өттү. Бул миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.М.Маматалиев менен жолугушуу болуп өткөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жеке сектордун да өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өткөн.
23-27-июнда ФЧМКнын делегациясы Франциянын Париж шаарында өткөн ФАТФнын Пленардык жыйынына катышкан. Бул жыйында Кыргыз Республикасын ФАТФнын «боз тизмесинен» чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошондой эле, ФЧМКнын делегациясы 20-24-октябрда Франциянын Париж шаарында өткөн ФАТФнын Пленардык жыйынына катышты. Бул ФАТФнын пленардык жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жакында эле Кыргызстанда жүргүзүлгөн кирешелерди жана мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу «Салык мыйзамдарын өз ыктыяры менен сактоо программасы жөнүндө (VTC)» Кыргыз Республикасынын Отчету угулду. Кыргыз Республикасынын жогоруда белгиленген отчётун угуунун жана карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча, ФАТФнын Пленардык жыйынында оң баа берилди жана Кыргызстанда ишке ашырылган салык мыйзамдарын өз ыктыяры менен сактоо программасы (VTC) ФАТФнын баардык негизги төрт принциптерине дал келери жана Кыргыз Республикасы VTC программасынын маселеси боюнча ФАТФнын мониторингинен алынып салынаары белгиленди.
2014-жылы терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Өкмөттүн төмөнкүдөй буйруктары кабыл алынды:
- 2014-жылдын 3-мартындагы № 61-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын Финансылык мониторинг борборунун ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун макулдашуу тууралуу;
- 2014-жылдын 12-майындагы № 152-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (мындан ары - ЕККУ) Бишкек шаарындагы борборунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоорун макулдашуу тууралуу;
- 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 489-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы чара көрүү жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун макулдашуу тууралуу.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын (мындан ары -БКМК) кошкондо, Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары тарабынан 1955 баңги кылмыштары аныкталды, бул
2013-жылга караганда 42 кылмышка же 2,2 пайызга көп.
Мында 2014-жылы катталган жалпы кылмыштардын түзүмүндө баңги кылмыштардын салыштырма салмагы 7,2 %ды түзөт.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары боюнча
2014-жылы аныкталган жана катталган баңги кылмыштар 2013-жылга салыштырганда төмөнкүдөй көрүнүшкө ээ:
29-таблица
Мамлекеттик органдар
|
Бардыгы аныкталды
|
Өсүш (+),
төмөндөө (-)
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
Саны
|
%
|
БКМК
|
281
|
323
|
+42
|
+14,9
|
Ички иштер органдары
|
1 584
|
1 586
|
+2
|
+0,13
|
Улуттук коопсуздук органдары
|
13
|
9
|
-4
|
-30,8
|
Бажы органдары
|
1
|
6
|
+5
|
+500,0
|
Прокуратура органдары
|
12
|
3
|
-9
|
-75,0
|
ЖАМК
|
22
|
28
|
+6
|
+27,3
|
Бардыгы:
|
1 913
|
1 955
|
+42
|
+2,2
|
2014-жылы аныкталган баңги кылмыштардын түзүмү 2013-жылга салыштырганда төмөнкүдөй:
30-таблица
Түрлөрү боюнча
|
Бардыгы катталды
|
Өсүш (+)
төмөндөө (-)
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
Саны
|
Пайыз
|
Баңгизаттардын контрабандасы
|
36
|
32
|
-4
|
-11,11
|
Сатуу максатысыз сактоо
|
1 260
|
1 228
|
-32
|
-2,54
|
Сатуу, сатуу максатында сактоо
|
504
|
543
|
+39
|
+7,74
|
Баңгизат каражаттарын уурдоо
|
1
|
0
|
-1
|
-100,00
|
Баңгизаттарды колдонууга ыктоо
|
7
|
10
|
+3
|
+42,86
|
Жашы жетпегендерди баңгизаттарды колдонууга тартуу
|
0
|
1
|
+1
|
+100,00
|
Баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүү
|
63
|
34
|
-29
|
-46,03
|
Баңгизаттарды өндүрүүнүн эрежелерин бузуу
|
3
|
0
|
-3
|
-100,00
|
Баңгизаттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды күтүү
|
32
|
30
|
-2
|
-6,25
|
Баңгизаттарга рецепттерди мыйзамсыз берүү
|
0
|
71
|
+71
|
+100,00
|
Заттарды же ууларды мыйзамсыз жүгүртүү
|
7
|
6
|
-1
|
-14,29
|
Бардыгы:
|
1 913
|
1 955
|
+42
|
+2,20
|
2014-жылы республиканын региондоруна карата бардык укук коргоо органдары тарабынан аныкталган жана катталган баңги кылмыштар 2013-жылга салыштырганда:
31-таблица
Өлкөнүн региондору
|
Бардыгы катталды
|
Өсүш (+)
төмөндөө (-)
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
Саны
|
Пайыз
|
Бишкек шаары
|
532
|
533
|
+1
|
+0,19
|
Ош шаары
|
129
|
155
|
+26
|
+20,16
|
Чүй облусу
|
443
|
436
|
-7
|
-1,58
|
Ысык-Көл облусу
|
322
|
340
|
+18
|
+5,59
|
Нарын облусу
|
17
|
18
|
+1
|
+5,88
|
Ош облусу
|
98
|
92
|
-6
|
-6,12
|
Жалал-Абад облусу
|
211
|
205
|
-6
|
-2,84
|
Талас облусу
|
96
|
95
|
-1
|
-1,04
|
Баткен облусу
|
65
|
81
|
+16
|
+24,62
|
Бардыгы:
|
1 913
|
1 955
|
+42
|
+2,20
|
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында катталган баңги кылмыштарынын санынын азайгандыгы белгиленүүдө, ошол эле убакта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарында катталган баңги кылмыштарынын саны 2013-жылга салыштырмалуу өскөндүгү байкалууда.
Аныкталган баңги кылмыштары боюнча республиканын укук коргоо органдарынын тергөө кызматтары тарабынан 2014-жылы 1948 кылмыш иши тергелди, бул 2013-жылга (1959) караганда 11 кылмыш ишине же 0,6 %га аз. Мында, отчёттук мезгилде сотко 1663 кылмыш иши жөнөтүлдү, бул 2013-жылга (1658) караганда 5 кылмыш ишине же 0,3 %га көп.
Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары тарабынан 17 т 981 кг 885 гр баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды, бул 2013-жылга (21 т 994 кг 673 гр.) караганда 4 т 012 кг 788 граммга же 18,2 %га аз.
Отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары-БКМК) бөлүмдөрү тарабынан 323 баңги кылмышы аныкталды, бул көрсөткүч республиканын аймагында аныкталган бардык баңги кылмыштардын (1955) 16,5 %ын түзөт, бул 2013-жылга (281) караганда 42 фактыга же 14,9 %га көп.
Мында Кыргыз Республикасынын аймагында БКМКнын бөлүмдөрү тарабынан 4 т 367 кг 069 гр баңгизат каражаттарынын бардык түрлөрү жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды, бул 2013-жылга (5 т 150 кг 789 гр.) караганда 15,2 %га аз.
Отчёттук мезгилде коррупциялык иштерге тиешеси бар адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча БКМК тарабынан максаттуу багыттагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлдү.
Алсак, 2014-жылдын 1-январы - 31-декабрындагы мезгилде БКМКнын кызматкерлери тарабынан 5 кылмыш фактысы аныкталды, анын жыйынтыгында баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар укук коргоочу органдардын жана күч ведомстволорунун беш кызматкери кармалды.
Аталган баңги коррупциянын фактылары боюнча алынган баңги заттардын жалпы салмагы 3 кг 802 гр. түздү, анын ичинде 4 гр. героин, 1 кг 293 гр. гашиш жана 2 кг 505 гр. марихуана, мындан тышкары баңгизат каражаттарын текшерип сатып алууда колдонулган акча купюралары алынды.
2014-жылы баңги заттарды контролдоо органдары тарабынан уюшкан баңги топтордун 10 мүчөсүн кармоо менен баңги кылмыштардын 9 фактысы аныкталды. Мында 29 кг 629 гр. баңгизат каражаттары мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.
2014-жылы БКМКнын Кылмыштарды жана окуяларды каттоо китебинде 270 материал катталды (2013-жылы - 235). Аныкталган кылмыштар боюнча БКМКнын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 304 кылмыш иши козголгон, бул 2013-жылга караганда 28 кылмыш ишине, же 10,1 %га көп, 12 материал боюнча (2013-жылы - 5) кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Кылмыш жоопкерчилигине 274 адам тартылды, алардын арасынан 18 адам чет өлкөлөрдүн жарандары (Россия - 2, Тажикстан - 12, Өзбекстан - 2, Кытай Эл Республикасы - 2), бул 2013-жылга (10) караганда 8 адамга же 80 %га көп.
Териштирилүүчү кылмыш иштеринин алкагында БКМКнын тергөө бөлүмдөрү тарабынан айыпталуучу адамдардын жалпы суммасы 9,4 млн сомдук мүлкүнө камак салынды.
2014-жылдын 31-декабрына карата БКМКнын реестринде 569 юридикалык жана жеке жактар (ишкердик субъекттери) бар. Алардын ичинен 294 - Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын мамлекеттик реестринин субъекттери жана 275 - прекурсорлордун субъекттери.
2014-жылдын 1-январы - 31-декабры мезгилинде:
- БКМКнын Мамлекеттик реестрине 16 субъект киргизилген;
- 1 субъект кайрадан катталган;
- 7 субъект реестрден чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жана билдирилген квоталардын чегинде контролдонуучу каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана ташып чыгууга 58 күбөлүк, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасына баңги каражаттарын ташып келүүгө 12 күбөлүк;
- Кыргыз Республикасына психотроптук заттарды ташып келүүгө 26 күбөлүк;
- Кыргыз Республикасына прекурсорлорду ташып келүүгө 18 күбөлүк;
- прекурсорлорду ташып чыгууга 2 күбөлүк берилген.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү жүзөгө ашыруу талаптарына жайлардын шайкеш келиши боюнча 16 текшерип көрүү (аккредитация) жүргүзүлгөн.
Прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнүн мамлекеттик реестринин субъекттеринин ортосунда прекурсорлорду ички ташуу боюнча 151 келишим макулдашылган.
Каза болгон оорулуунун туугандары өткөрүп берген, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган, дары-дармек каражаттарынын ампулаларын жана бош ампулаларды жок кылуунун 41 актысына катышуу ишке ашырылган.
Ар жылдык 5 жана кварталдык 8 отчётту кошо алганда, 13 отчёт белгиленген формалар боюнча даярдалган жана БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине берилген.
Баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө биргелешкен иш-чаралардын планын ишке ашыруу алкагында БКМК жана ЖАМК тарабынан метадон менен алмаштыруучу дарылоо пункттарын мониторингдөө максатында пенитенциардык мекемелерге (№1, 2, 3, 31 жана 47) баруулар жүзөгө ашырылган.
Жыл ичинде республика боюнча 24 тренинг жана лекциялар, анын ичинде:
- баңгиликтин алдын алуу жана мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо маселелеринде квалификацияларын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, БКМКнын кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борбору менен өнөктөштүктө;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүүсүн контролдоо жана баңгиликтин алдын алуу маселеси боюнча БКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери менен сабактар;
- позитивдүү алдын алууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча волонтёрлор менен Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай коомунда;
- алгачкы, экинчи жана үчүнчү баңгиликтин алдын алуу маселелери боюнча пенитенциардык системанын психологдору жана социалдык кызматчылары үчүн, ошондой эле баңги заттарын контролдоо, баңгиликтин алды алуу жана коштоочу көйгөйлөр маселелери боюнча ЖАМК мекемелеринин отряддарынын начальниктери жана контролёрлору үчүн тренинг;
- Аялуу топтор менен өз ара аракеттенүүчү, Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү жана баңги заттарын контролдоо боюнча ички иштердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ВИЧ-инфекциянын алдын алуу жөнүндө нускаманын негизинде БКМКнын, ЖАМКтын, ИИОнун кызматчылары жана жарандык сектор үчүн республика боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлгөн.
Ички иштер органдарын реформалоо боюнча иш чараларды ишке ашыруунун алкагында Өкмөт республикадагы иштеп жаткан укук коргоо системасында оң өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түзгөн бир катар иш-чараларды ишке ашырды.
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-январындагы № 11 Мыйзамы кабыл алынды, ага ылайык тездетилген сотко чейинки өндүрүш киргизилген, бул милициянын участкалык инспекторлорунун жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун ролун күчөтүүгө мүмкүндүк берди жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактаган элементтердин бири болуп калды.
Өкмөттүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 673 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынган. Бул чечимди кабыл алуу конкурстук негизде дайындалуучу кызмат орундарынын тизмеси кеңейтилген жана конкурс өткөрүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук база түзүлгөн.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү процессине жарандарды тартуу максатында оор жана өтө оор кылмыштарды ачууда ыктыярдуу түрдө ички иштер органдарына жардам берген жарандарды материалдык жактан дем берүү (сыйлоо) механизмин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды, ал кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын ишке ашырууда негиздүү факторлордун бири болууга тийиш жана жарандык коом менен укук коргоо органдарынын ортосундагы конструктивдик диалогду түзүү ишинде биринчи кадам болуп калат.
Бул механизм кылмыштын бетин ачууга милицияга жардам көрсөткөн ак ниет жарандарга татыктуу акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк түзөт, анын өлчөмү конкреттүү кылмыштын курамына жараша 3000 сомдон 15000 сомго чейин болот.
Өкмөттүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын («жол-картасын») ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн Иш-чаралар планынын 123-пунктун аткаруу үчүн баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун импортун, экспортун жана транзитин лицензиялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы биримдигинин мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды:
- «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-декабрындагы Мыйзамы;
- «2013-жылдын 24-октябрындагы Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын
2015-жылдын 16-январындагы № 14 Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
30-сентябрындагы № 555 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
-
Коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо
2014-жылы коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо жаатындагы Өкмөттүн иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды коргоо боюнча Куралдуу Күчтөрдүн потенциалын жогорулатууга жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттерди аткарууга карата иш-чараларды аткарууга багытталды.
Мында, негизги күч-аракет төмөнкүлөр менен аныкталган милдеттерди практикалык ишке ашырууга топтолду:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 4 чечимин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын
5-июлундагы № 3 чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 165 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын.
Аталган милдеттерди ишке ашыруу төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылды:
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрүү;
-
Улуттук гвардияны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курамынан чыгаруу жана өзүнчө түзүмдү- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын түзүү;
-
аскер кызматчыларын социалдык, баарыдан мурда турак жай менен камсыздоо чөйрөсүндө камсыздоону жакшыртуу;
-
Куралдуу Күчтөрдү жана аскердик коопсуздукту камсыздоого тартылган башка мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү;
-
аскердик кадрларды даярдоо сапатын жакшыртуу;
-
өздүк курамды патриоттук тарбиялоо боюнча иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүү;
-
эл аралык аскердик жана аскердик техникалык кызматташтыкты уюштуруу;
-
мобилизациялык даярдоо.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрүү. «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамы) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, алар менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Куралдуу Күчтөрдү башкаруу системасындагы ролу жана орду аныкталган, алардын милдеттери жана функциялары бөлүштүрүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына өзгөртүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Жобосу жана башкаруу схемасы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 токтому менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо бекитилген.
Улуттук гвардияны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курамынан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы деген өзүнчө түзүмдү түзүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын түзүүнү уюштуруу маселелерин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө» токтому кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтому менен бекитилген.
Аскер кызматчыларын, баарыдан мурда турак жай менен камсыздоо чөйрөсүндө социалдык камсыздоону жакшыртуу. «Аскер кызматчылардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, анда аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоону жакшыртууга багытталган ченемдер конкреттештирилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы
№ 441 токтому менен Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилген.
Кытай Эл Республикасы менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча курулган Бишкек шаарынын «Жал» кичи районундагы эки турак үй (108 батирлүү) пайдаланууга берилген.
Аскер кызматчыларды санатордук-курорттук камсыздоонун негиздери жана тартиби такталган (КР Өкмөтүнүн 7.10.2014-ж. № 576 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы
№ 531 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү санатордук-курорттук камсыздоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому).
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана аскердик коопсуздукту камсыздоого тартылган башка мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү. Түркия Республикасы менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча берилген, заманбап тигүүчү жабдуулар менен жабдылган гарнизондук турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты (ателье) пайдаланууга берилген, анын өндүрүштүк кубаттуулугу Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн буюм мүлкүнө болгон керектөөсүн жабууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын финансылык камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө» жана 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыктарына ылайык, куралдуу күчтөрдүн генералдык штабын финансылык камсыздоону уюштуруу максатында Өкмөттүн
2014-жылдын 23-майындагы № 195-б буйругу чыккан, анда 2014-жылдын 1-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын финансылык камсыздоо бекитилген бюджеттин чегинде КР КМ аркылуу жүргүзүү каралган. Мында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин функцияларын бөлүштүрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Генералдык штабды өз алдынча каржылоо
2016-жылдан баштап жүзөгө ашыруу сунушталган.
Аскердик кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларында, жогорку окуу жайга чейин даярдоо (Кыргыз улуттук аскер лицейи), республиканын жогорку окуу жайларынын аскердик факультеттеринде жана кафедраларында мобилизациялык резервди даярдоонун мекемелеринде жүзөгө ашырылууда.
Чет мамлекеттердин коргоо ведомстволору менен өз ара аракеттенишип, кол коюлган эл аралык келишимдердин негизинде жогорку аскердик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу курстарынын программалары боюнча аскер кызматчыларын чет өлкөдөгү окутуу маселелерин координациялоо камсыздалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
24-октябрындагы № 617 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 8-июнундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлери даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынган, анда запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды даярдоо маселелери конкреттештирилген.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда чек ара иштери боюнча атайын кафедра ачылган.
Өздүк курамды атуулдук тарбиялоого багытталган иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 87 токтому менен Жаштарды аскерге чакырууга чейин даярдоо жөнүндө Жобо бекитилген, анда жалпы орто билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүүчү уюмдарда аскерге чакырууга чейин даярдоо тартиби аныкталган.
Эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштуруу. 2014-жылы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу маселелерине негизги көңүл бурулган. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун алкагында ЖККУнун Бириктирилген штабы жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволору менен биргеликте Кыргызстандын аскердик контингенттеринин «Чек-2014», «Бузулбас боордоштук-2014», «Тынчтык миссиясы-2014», «Өз ара аракеттенүү-2014» жана башка ушул сыяктуу эл аралык жана ведомство аралык машыгууларга катышуусун уюштуруу жана камсыздоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Россия, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн аскердик-техникалык жардам түрүндө 859 млн сомдон жогору тартылган.
Мындан тышкары, эл аралык аскердик кызматташтык линиясы боюнча 85 эки тараптуу жолугушуулар жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Казакстан Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, ГФР, Түркия, Азербайжан, Тажикистан Республикасы, Армения, Иордания сыяктуу мындай өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрү уюштурулган.
2014-жылы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүлгөн: автосооттанк техника -
61 бирдик, ок атуучу курал - 125 бирдик, артиллериялык курал жана приборлор - 16 комплект.
Мобилизациялык даярдоо. Негизги күч мобилизациялык ресурсту даярдоого топтолду. Алсак, Баткен жана Лейлек райондорунун резервдик түзүлүштөрүнүн катышуусунда роталык-тактикалык машыгууларды жүргүзүү менен резервдик түзүлүштөрдүн бөлүкчөлөрүнүн жазма курамынын жыйындары өткөрүлгөн.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун, Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун мамлекеттик администрацияларынын резервдик роталарынын катышуусу менен мобилизациялык машыгуулар жүргүзүлгөн.
Чүй облусунун резервдик ротасы үчүн аймактык коргоо системасында маанилүү экономикалык, стратегиялык объекттерди кайтаруу жана коргоо боюнча практикалык сабактар уюштурулду.
2014-жылдын 12-майынан 14-майына чейинки мезгилде резервдик роталарды практикалык колдонуу менен «КР айрым райондоруна (региондоруна) аскердик абал киргизилген шартта Куралдуу Күчтөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жана Ош ш. мэриясынын башкаруу органдарынын иши» темасында бириккен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар жүргүзүлгөн.
Ички саясий кырдаалдар жана тышкы факторлор дайыма өзгөрүп жаткан шартта мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерди аткаруу менен, ошондой эле мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктай электигин, айрым чек ара тилкелериндеги оор абалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматы тарабынан мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплекси жүргүзүлгөн, бул 2014-жылы төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди: мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн 339, чек ара режимин бузгандыгы үчүн 88 адам кармалган, 167 кг баңгизат алынды, жалпы баасы 8,9 млн сом суммасындагы 69 контрабанда аракетине бөгөт коюлду; кармалган курал жана ок-дары - 12 факт (курал - 6; ок-дары -
63 даана; граната/снаряд, авиабомба - 1 даана; атайын бычактар - 175 даана), табылган курал-жарактар - 9 факт (курал - 3; ок-дары - 10 даана; граната/снаряд, авиабомба - 13 даана;).
Чек ара тилкесинде катталган чек ара жаңжалдары - 40:
- кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде-5,
- кыргыз-тажик чек ара тилкесинде-32,
- кыргыз-казак чек ара тилкесинде-2,
- кыргыз-кытай чек ара тилкесинде-1.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрында № 618 токтому менен «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Мыйзам долбоору жактырылган, ал «Мамлекеттик чек ара жөнүндө» жана «Чек ара кызматы жөнүндө» эки мыйзамды бириктирет.
КР МЧК уюштуруу-штаттык түзүмү иштелип чыкты жана бекитилди, 2003 аскердик бөлүк кыскарды. Кыскартылган штаттык бирдиктер МЧК бөлүмдөрү боюнча кайра бөлүштүрүлгөн.
Муну менен бирге, чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн колдонуу практикасы көбөйүүдө (эмгек келишиминин негизинде иштеген жарандык персоналдын ичинен тандалып алынган ведомствонун штаттык кызматкери). 2014-жылы МЧК штатында 97 чек ара ыйгарым укуктуу өкүлү бар, чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн санын, анын ичинде түштүк региондо да көбөйтүү кошумча пландалууда.
Иштеп жаткан чек ара кошуундары дислокация орундарын алмашуусуз облустук чек ара башкармалыктары болуп кайра түзүлдү.
Кыргыз-кытай чек ара тилкесинде чек араны кайтаруунун ыкчам формаларына жана ыкмаларына өтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган. Бул жерде чек ара тозоттору чек ара кызматынын бөлүмдөрү болуп кайра түзүлдү, алар мамлекеттик чек араны жергиликтүү калкка таяныч болуу менен ыкчам-издөө ыкмасы менен артыкчылыктуу кайтарууда. Алардын штаттык түзүмүндө ыкчам жана мобилдик иштөө ыкмасы көбөйтүлгөн. Келишим боюнча иштеген аскер кызматчылары менен толукталат.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, 389 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу» беренесине, 389-1 «Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу» беренесине, 389-2 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу» беренесине, 389-3 «Чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө» беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, мында жогоруда көрсөтүлгөн беренелерди бузгандыгы үчүн айып санкцияларын салуунун суммасын көбөйтүү каралган.
Муну менен бирге, мамлекеттик чек ара тилкелеринин чек ара инфратүзүмүн өркүндөтүү жана инженердик жабдуу ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын ишенимдүү кайтарууну жана коргоону камсыздоо максатында 2014-жылы Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик чек ара тилкелерин инженердик жабдуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Узундугу 22360 метрди түзгөн тикенек зымдан жасалган тосмо дубалдар орнотулду:
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде - узундугу 19 150 метр;
- кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара тилкесинде - узундугу 3210 метр.
Кайтаруунун жаңы техникалык каражаттары пайдаланууга киргизилүүдө.
Чек ара кадрларын адистиги боюнча даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда «Чек ара ишмердүүлүгү» деген кафедра түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык келишимдерге, контракттарга жана кызматташтык пландарына ылайык аскер кызматчылары Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Түркиянын, Кытайдын жана АКШнын жогорку окуу жайларында билим алууда. Окуу жайларда билим алгандардын бардык саны - 339 адам (308 курсант, 31 офицер).
-
Чек ара жанындагы маселелер боюнча иштер
Кыргызстан - Тажикстан
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча иштердин алкагында өкмөттүк делагациялар тарабынан 2014-жылы болуп өткөн чек ара жанындагы инциденттерди иликтөө контролго алынган, кыргыз тараптан чек ара инциденттерине байланыштуу кылмыш иштерин иликтөө толугу менен аяктаган. Ошону менен бирге, аталган инциденттерден жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча тажик тарабы менен болгон кайчы-пикирлер боюнча келтирилген зыянга компенсацияларды төлөө аяктаганга чейин чек ара инциденттерин иликтөө боюнча биргелешкен ыкчам-иликтөө тобун түзүү жөнүндө келишүүлөр жетишилген.
2014-жылдын сентябрында бир учурда тараптар тарабынан Көк -Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш (Тажикстан Республикасынын Точикон айылын айланып өтмө) жана Исфара-Ворух (Баткен районунун Ак-Сай айылын айланып өтмө) автомобил жолдорунун курулушу башталган.
Ошондой эле, эки көпүрөнүн (18 м узундуктагы Гуликандоз каналы аркылуу жана 36 м узундуктагы Козу-Баглан суусу аркылуу) жана ага жакын жайгашкан Лейлек районундагы узундугу 1,1 чарчы метр Кулунду-Максат автомобиль жол тилкелеринин интенсивдүү курулуштары жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кыргыз тараптан курулуш иштери 95 %га, тажик тараптан 80 %га аткарылган.
Мындан тышкары, 2015-жылы стратегиялык жактан маанилүү болгон узундугу 42 чарчы метрге жакын Миң-Булак - Чорго - Ак-Сай (Тажикстан Республикасынын Чорку жана Ходжан-Ало калктуу конуштарын айланган) айланып өтмө автомобиль жолдорунун курулушу жөнүндө Өкмөттүн 2014-жылдын 18-декабрындагы №588-б буйругу кабыл алынган.
Достарыңызбен бөлісу: |