Кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө»



бет1/12
Дата24.02.2016
өлшемі1.26 Mb.
#12432
түріКодекс
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12
Тиркеме
Электр энергиясын пайдалануу

эрежелери
Ушул Электр энергиясын пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Жарандык кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр менен жабдуучу жана электр берүүчү уюмдардын өз ара мамилелерин аныктайт.

Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана электр энергиясын иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү, сатуу же керектөө, ошондой эле электр энергиясын эсептөө каражаттарын долбоорлоо жана куроо боюнча иш жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.


1-глава. Терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар
1. Ушул Эрежелерде төмөнкү терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар колдонулат:

Карап соотуишкана жарым-жартылай же толук токтотулганда адамдардын коопсуздугун, жабдуулардын сакталышын, караптык жана контролдоо жарыгын, желдетүү, суу агызуу, агынды чыгаруу, жылытуу тутумундагы циркуляциялык соркыскычтардын жана өрт коопсуздугу каражаттарынын ишин камсыз кылуучу эң аз кошулган кубаттуулук же электр энергиясынын сарпталышы.

Энергетика тутумун караптык жеңилдетүү Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунун ишинин туруктуулугунун бузулушун жана электр жабдууларынын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугу азайтылган энергетика тутумунун иш тартиби.

Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму (мындан ары - ЭКЭАТ)автоматтык режимде электр энергиясына коммерциялык эсептөө жүргүзүү, коммерциялык эсепке алууунун маалыматтарын берүү, алардын кайрадан тактап чыгуу, аныктыгына берилген баага карап, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген адистештирилген, метрологиялык сыналган техникалык каражаттардан, программалык каражаттардан, байланыш каражаттарынан жана тиешелүү кызматкерлердин топтомунан турган тутум. ЭКЭАТ электрондук кол коюуну кошуп, документтештирүү тутуму менен толукталышы мүмкүн.

Блок-чордон – Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунун электр тармактарына түздөн-түз же башка керектөөчүлөрдүн электр тармактары аркылуу кошулган жана анын диспетчердик башкаруусуна баш ийген керектөөчүнүн электр чордону.

Тиричилик керектөөчү – жашоосун камсыз кылуу үчүн 0,23 жана (же) 0,38 кВ чыңалууда иштеген электр энергиясын кабылдагычтарын пайдаланып, мындай иштен пайда көрбөгөн жана кызмат көрсөтпөгөн жаран.

Баланстык таандыгынын чеги – ар түрдүү менчик ээлерине таандык болгон электр тармактарына кошуу түйүнү, ал тараптардын менчик чеги менен аныкталат.

Жоопкерчилик чеги тиричилик керектөөчүлөрдүн электр тармактарына карата гана колдонулат жана керектөө түйүнү менен чектелет.

Келишим (Контракт) субъекттердин ортосундагы укукту, милдетти жана жоопкерчиликти аныктаган, электр менен жабдуу, жеткирүү, сатуу жана берүүгө түзүлгөн макулдашуу.

Кошумча шарттар Кыргыз Республикасында энергетика жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминен кийин гана колдонулат.

Келишим кубаттуулугу – Келишимде (Контрактыда) көрсөтүлгөн шарттарда керектөөгө уруксат берилген кубаттуулук.

Өлчөө тутуму – өлчөө процессин нормаланган тактык менен ишке ашырган жана физикалык чоңдуктардын мыйзамдаштырылган бирдиктеринде көрсөтүлгөндөй өлчөөнүн жыйынтыктарын алууну камсыз кылган, белгилүү бир жол менен өз ара бириктирилген өлчөө каражаттарынын (чыңалуу трансформаторлору жана агын трансформаторлору) жана башка техникалык түзүлүштөрдүн (тутумдун өлчөө каналын түзгөн курам бөлүктөрүнүн) жыйындысы.

Интеграцияланган уюмдар – электр энергетика жаатында бирден ашык лицензия берилген иш жүргүзгөн уюмдар.

Электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсепке алууну контролдоо каражаттары (коммерциялык эсепке алууну контролдоо каражаттар) - Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын реестрине киргизилген, электр энергиясы менен кубаттуулукту эсептөөнүн метрологиялык жактан сыналган өлчөө түзүлүштөрдүн жана шаймандардын жыйындысы, алардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде коммерциялык эсептөө каражаттарын контролдоо үчүн пайдаланылган эсептөө түйүнүндө электр энергиясынын жана керектелген кубаттуулуктун сарпталышы аныкталат.

Коммерциялык эсептөөнү контролдоо каражаттары коммерциялык эсептөө каражаттары иштен чыккан учурда алардын ордун алмаштыра алат.

Колдонулуп жаткан эсептөө каражаттарынын тактык классы коммерциялык эсептөө каражаттарына коюлган талаптарга ылайык келиши керек.

Электр энергетикалык иштин лицензия алуучусу (мындан ары - лицензия алуучу) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө алган лицензиянын негизинде электр энергиясын экспорттоо, импорттоо, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жак.

Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунун жогорку чектеги иштөөсү – эң чоң активдүү иштеген мезгилдер.

Улуттук электр тармагы – жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүүчү каражаттардын тутуму.

Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутуму – иш режиминин жалпылыгы менен байланышкан жана диспетчердик кызматтын борбордоштурулган ыкчам башкаруусу бар электр чордондорунун, электр тармактарынын, анын катарында Улуттук электр тармагынын комплекси.

Көз карандысыз жабдып туруучу - өз менчигинде, башкармалыгында жана (же) чарбачылыгында электр тармактары жана (же) чордондору бар жана (же) эсептешүү мезгилинде электр энергиясын берүү боюнча кызмат акынын өлчөмүндө ыйгарым укуктуу банктын алыш-бериш эсебине депозит киргизүү жолу менен өз милдеттерин аткарууга кепилдик берген жана электр берүүчү жана (же) электр менен жабдуучу уюмдардын электр тармактары аркылуу эркин керектөөчүлөргө жөнгө салынбаган баа боюнча электр энергиясын жеткирүүнү (сатууну) ишке ашырган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.

Жөндөлбөгөн тариф – көз карандысыз жабдып туруучу тарабынан базарга жеткирилген, көлөмү жана минимум баасы Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген электр энергиясынын келишим баасы.

Акыркы эсептешүү – Келишимдин (Контаркттын) шарттары менен аныкталган эсептешүү мезгили аяктагандан кийин керектелген энергия жана кубаттуулук жана (же) электр энергиясын берүү кызматы үчүн эсептешүү.

Дүңүнөн сатып алуучу-сатуучу – электр энергиясын дүңүнөн сатып алган, аны бөлүштүргөн жана саткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.

Негизги керектөөчү – жогорку чыңалуудагы электр тармагынан электр энергиясын жана кубаттуулукту түздөн-түз иштеп чыгаруучу ишканадан сатып алуучу.

Электр энергиясын берүүдө тыныгуу – автоматтык түзүлүштөрдүн ийгиликтүү иштөөсүнөн же Келишимде (Контрактыда) белгиленген электр энергиясы менен кубаттуулукту керектөөнү чектөөгө алып келбеген электр берүү чубалгысын (аба чубалгыларын) өчүрүүдөн келип чыккан тыныгуудан башка кошуу түйүнүнө электр энергиясын берүүнүн токтотулушу.

Төлөм документи – счет-фактура, төлөм тапшырыгы, эсеп, анын негизинде Келишимдин (Контрактынын) тараптары ортосунда каржы эсептери жүргүзүлөт.

Электр энергиясы менен жабдып туруучу (сатуучу) – иштеп чыгарылган жана (же) сатып келинген электр энергиясын электр менен жабдуучу уюмдарга, керектөөчүлөр - алып кайра сатуучуларга жана дүңүнөн сатып алуучулар –сатуучуларга жөндөлмө тариф боюнча жеткирген (саткан) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.

Керектөөчү (мындан ары - керектөөчү) – электр тармактары жана электр энергия кабылдагычтары электр менен жабдуучу уюмдун электр тармактарына түздөн-түз кошулган жана аны менен электр жабдууга Келишими (Контракты) бар жеке жана юридикалык жак.

Керектөөчү-алып кайра сатуучу - өз менчигинде электр тармактары бар, электр менен жабдуучу уюмдардан жана (же) жабдып туруучулардан электр энергиясын жана кубаттуулукту өз керектөөсү жана жөндөлмө тариф боюнча сатуу үчүн сатып алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.

Алдын ала төлөө - Келишимдин (Контрактынын) шарттары менен аныкталган электр энергиясына жана (же) кубаттуулукка жана (же) электр энергиясын берүү кызматтарына алдын ала акы төлөө.

Электр энергиясын эсептөө алети (эсептегичи) – электр тармагынын элементи боюнча оошкон жана эреже катары кубаттуулуктун жарым сааттык маанисин каттоого алган электр энергиясынын санын өлчөө үчүн метрологиялык жактан сыналган түзүлүш.

Электр энергиясын кабылдагыч - электр энергиясын кабыл алууга, кайра өзгөртүүгө жана пайдаланууга арналган орнотмо же алет.

Арадагы эсептешүү – Келишимдин (Контрактынын) шарттары менен аныкталган электр энергиясын коммерциялык эсептөө каражаттардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде керектелген электр энергиясына жана кубаттуулукка жана (же) электр энергиясын берүү боюнча көрсөтүлгөн кызматка эсептешүү мезгилинин аралыгында акы төлөө.

Уруксат берилген кубаттуулук – уруксат берилген чоңдугу кошуунун техникалык шарттарында көрсөтүлгөн кубаттуулук.

Эсептешүү мезгили – керектелген электр энергиясы жана кубаттуулук жана (же) электр энергиясын берүү кызматы үчүн акы төлөө эсепке алынууга тийиш болгон убакыт аралыгы.

Жөндөлмө тариф – электр энергиясына жана кубаттуулукка жана (же) бардык электр тармактары боюнча электр энергиясын берүү кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тариф.

Эркин керектөөчү – көз карандысыз жабдып туруучудан электр энергиясын жана кубаттуулукту сатып алган жеке же юридикалык жак.

Электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсептөө каражаттары (коммерциялык эсептөө каражаттары) – Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген, электр энергиясын жана кубаттуулукту эсептөөнүн метрологиялык сыналган өлчөө түзүлүштөрүнүн жана алеттеринин жыйындысы, алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде эсептөө түйүнүндө электр энергиясынын жана кубаттуулуктун акы төлөнүүчү сарпталышы аныкталат.

Электр энергиясын эсептөө каражаттары – электр энергиясын өлчөөчү түзүлүштөрдүн жана эсептөө шаймандардын жыйындысы.

Доонун эскирүү мөөнөтү – укугу бузулган жактын доосу боюнча анын укугун коргоо мөөнөтү доонун эскириши деп таанылат. Доонун жалпы эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Кошо керектөөчү (субабонент) – электр тармактары негизги керектөөчүнүн электр тармактарына кошулган жана электр менен жабдуучу уюм же жабдып туруучу менен электр менен жабдууга Келишими (Контракт) бар жеке же юридикалык жак.

Электр энергиясы жана кубаттуулукка тариф - керектелген электр энергиясына жана кубаттуулукка эсеп жүргүзүлгөн чендердин тутуму.

Электр менен жабдуунун технологиялык сооту – эң аз керектелген кубаттуулук жана (же) электр энергиясынын сарпталышы жана технологиялык процессти, өндүрүш циклин аяктоо үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгы, андан кийин электр энергиясынын тиешелүү кабылдагычтары өчүрүлүшү мүмкүн.

Кошуу түйүнү – ар түрдүү менчик ээлерине таандык болгон электр тармактарын жана (же) электр чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүн бириктирүүнүн макулдашылган түйүнү.

Керектөө түйүнү – турак үйлөрдүн сайгыч тешиктеринде же жарык берүүчү лампалардын электр патрондорунда орнотулган электр зымдарына керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын кошуу түйүнү (тиричилик абонеттери үчүн гана колдонулат).

Электр энергиясын сарптоону эсептөө түйүнү (жеткирүү түйүнү) – кошуу түйүнү, эреже катары, анда коммерциялык эсептөө каражаттардын жардамы менен коммерциялык эсептешүүлөрдө пайдаланылган кубаттуулуктун жогорку чектеги мааниси жана керектелген электр энергиясынын саны аныкталат. Эсептөө түйүнү, эреже катары, менчиктин чегинде жайгашууга тийиш жана Келишимде (Контрактыда) көрсөтүлөт.

Техникалык шарттар (мындан ары - ТШ) – электр тармактарга жана электр чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнө кошуу үчүн милдеттүү болгон техникалык талаптардын алуучу тарабынан аткарылуу көлөмүн регламенттеген документ.

Электр энергиясын керектөөчүнүн электр кабылдагычтарынын белгиленген кубаттуулугу (мындан ары - белгиленген кубаттуулук) – керектөөчүгө орнотулган жана электр тармактарга кошулган электр кабылдагычтардын паспорттук маанилеринин жыйындысы.

Форс-мажор кырдаалдары – өзгөчө жана ушул жагдайда жеңип чыккыс кырдаалдардан келип чыккан, аракеттерин жогорку кесиптеги кызматкерлердин тажрыйбасы аркылуу күч-аракетин алдын-ала тизгиндөөгө мүмкүн болбогон окуялар.

Электр берүүчү уюм – өз менчигинде жайгашкан электр тармактары жана (же) электр чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрү боюнча жөндөлмө тариф менен электр энергиясын берүү ишин жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке же юридикалык жак.

Электр менен жабдуучу уюм – электр энергиясын жана кубаттуулукту жөндөлмө тариф боюнча бөлүштүрүү жана (же) сатуу ишин жүргүзгөн, өзүнүн же анын башкаруусунда же толук чарбачылыгында турган электр тармактары бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.

Электр менен жабдуу – электр энергиясын жана кубаттуулукту электр менен жабдуучу уюмдун керектөөчүгө сатуусу.
2-глава. Жалпы жоболор
2. Жеке пайдалануу үчүн кубаттуулугу 1000 кВтка чейин электр энергиясын өндүрүүнү каалаган юридикалык жана жеке жактарга өндүрүү үчүн лицензия талап кылынбайт. Кубаттуулугу 1000 кВттан ашканда Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан лицензия алууга тийиш.

Өз муктаждыктары үчүн электр энергиясын өндүргөн юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тармагына кошулууга, ошондой эле тиешелүү уруксаты болбостон үчүнчү жакка электр энергиясын сатууга тыюу салынат.

3. Электр менен жабдуучу уюм менен электр энергиясын керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн Келишимдин (Контрактынын) негизинде электр энергиясы пайдаланылат (Тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга типтүү келишим) – (2-тиркеме), (Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга келишим) – (1-тиркеме).

Келишимге жана Контрактыга тиркемелер анын ажырагыс бөлүктөрү болуп эсептелет.

Контрактыга тиркемеде, тараптардын макулдашуусу боюнча, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

4. Келишим (Контракт) керектөөчүнүн тармактарына кошулган башка кошо керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды (аталышы, кубаттуулугу, электр керектеши, эсептешүү электр эсептегичтери, тарифтер жана башка маалыматтарды) камтыйт.

5. Электр энергиясы менен жабдууга Келишимди (Контрактты) түзүү, өзгөртүү, бузуу же узартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарына гана ылайык жүргүзүлөт.

6. Кошо керектөөчүлөргө электр энергиясын берген же өзүнүн электр чордондорунан (блок-чордондордон) электр энергиясын жиберген керектөөчүлөр электр энергиясын кошо керектөөчүгө (субабонентке) жиберүүнү эсепке алуу менен жеке керектөөсү үчүн зарыл болгон электр энергиянын жалпыланган санына электр менен жабдуучу уюм менен Келишим (Контракт) түзүшөт.

Керектөөчүлөр менен кошо керектөөчүлөрдүн өз ара мамилелери электр энергиясы менен жабдууга алар тарабынан түзүлгөн келишимдер (контрактылар) аркылуу жөнгө салынат. Керектөөчү электр энергиясын берүү боюнча иш жүргүзүү укугуна лицензия алган учурда, андан ары мамилелер ушул лицензиянын шарттары жана эрежелери, электр энергиясын берүү келишимдери (контрактылары) жана кошо керектөөчү менен керектөөчү ортосунда электр энергиясын жөнөтүүгө түзүлгөн Келишим (Контракт) менен жөнгө салынат. Мында керектөөчү кошо керектөөчүнүн алдында электр менен жабдуучу уюм катары чыгат.

7. Керектөөчү менен электр менен жабдуучу уюмдун ортосундагы чечилбеген талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген мөөнөттөдө жана жол-жоболорго ылайык чечилет.

8. Электр орнотмолоруна мамлекеттик контроль жана көзөмөл, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.

9. Энергетика жаатында лицензия алуучулардын ишин жөнгө салуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү лицензия алуучунун аймагына, объекттерге кирүүгө, ошондой эле лицензия берилген ишин текшерүү үчүн документтерин көрүүгө укугу бар. Ошол учурда лицензия алуучу контролдук ишин өз убагында жүргүзүү үчүн аларга зарыл жардам көрсөтүүгө милдеттүү.


3-глава. Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун

электр энергиясына кошуунун техникалык шарттары
10. Жеке жана юридикалык жак электр орнотмолорун электр тармактарга туташтыруу үчүн кошула турган электр тармактарынын же чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүшүнүн ээсинен кошуунун техникалык шарттарын (мындан ары - ТШ) алууга тийиш керек.

Кошулуу сурамы жеке, юридикалык жак же алардын ишенимдүү адамы тарабынан берилет.

11. ТШ дайыма колдонулат жана ушул Эрежелердин 16-пунктунда эскертилген учурларда гана кайра таризделүүгө жатат. ТШны берген уюм Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде аныкталган учурлардан башка ТШны алмаштырууга же алардын аткарылышы токтотууга укугу жок.

12. Суралган кубаттуулукта:

1) чыңалуу классынын 0,23 кВ же 0,38 кВ экенинен карабастан 5 кВтка чейин ТШны алууга жазуу жүзүндө сурам электр энергиясынын жаңы керектөөчүсү пайда болгон чектерде жайгашкан ар кандай электр менен жабдуучу уюмга же электр тармактарынын башка ээсине жөнөтүлүшү мүмкүн.

Электр тармактарынын ээсинин иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы болушу керек жана 0,4 кВ чыңалуудагы аракеттеги электр тармактарына кошулуу түйүнү менен ага уруксат берилген кубаттуулуктун чектеринде туташууга ТШны бере алат;

2) 50 кВт чейин ТШ алууга жазуу жүзүндө сурам электр менен жабдуучу уюмга же жаңы керектөөчүнүн пайда болуу чектеринде жайгашкан трансформатордук көмөкчордондун башка ээсине багытталышы керек. Трансформатордук көмөкчордондун ээси иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуусу керек жана ага уруксат берилген кубаттуулуктун чектеринде ТШны бере алат.

Мында ТШ өз алдынча кошулууну түзүүнүн эсебинен бөлүштүрүүчү түзүлүштөн – 0,4 кВ же БТ – 6 кВ-10кВ кошуу менен берилиши керек;

3) 500 кВтка чейин кошулууга сурам жазуу жүзүндө электр менен жабдуучу уюмга жөнөтүлүшү керек.

Электр менен жабдуучу уюм ТШны – уруксат берилген кубаттуулук чектеринде, ал эми уруксат берилген кубаттуулуктан ашыгын Улуттук электр тармагы менен уруксат берилген кубаттуулукту көбөйтүү макулдашылгандан кийин бере алат;

4) 500 кВттан жогору ТШны алууга жазуу жүзүндө сурам электр менен жабдуучу уюмга же Улуттук электр тармагына жөнөтүлөт.

Электр менен жабдуучу уюм ТШны Улуттук электр тармагы менен макулдашкандан кийин бере алат.

13. Кошулууга сурам төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) жеке же юридикалык жактын аталышы;

2) жайгашкан жери жана жагдай планы, дареги;

3) эсептешүү жүгү, анын мүнөзү – туруктуу, убактылуу, мезгилдүү;

4) жылдар боюнча кубаттуулукту киргизүү;

5) электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгү боюнча электр кабылдагычтардын категориясы (ишенимдүүлүктүн ар бир категориясы боюнча электр кабылдагычтардын белгиленген кубаттуулугу);

6) электр термикалык процесстеринде колдонулган электр кабылдагычтардын кубаттуулугу өзүнчө көрсөтүлөт – технология, жылытуу, ысык суу менен жабдуу, электр энергиясын колдонуу менен желдетүү;

7) электр энергиясынын сапатына таасир этүүчү жана (же) коммерциялык эсептөөнүн атайын каражаттарын тандап алууну талап кылуучу электр кабылдагычтарды колдонуу жөнүндө маалыматтар;

8) көп кабаттуу (көп батирлүү) турак үйлөр үчүн эч ким жашабаган жайлардын болушу жөнүндө маалыматтар;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ушул тилкеде жана ушул дарек боюнча долбоорлоо-иликтөө иштерине берилген уруксат.

14. Электр энергетикасы негизги иши болуп эсептелген уюм сурамды кабыл алууга милдеттүү жана сурам түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес ТШны берүүгө же баш тартуунун себебин берүүгө милдеттүү.

Эгер электр менен жабдуучу уюмда арыз берүүчү үчүн электр менен жабдуунун бир топ үнөмдүү схемасы жөнүндө маалыматтар бар болсо, ал электр менен жабдуучу уюмдун электр тармактарына кошууга ТШнын вариантын жана кошо керектөөчүнү (субабонентти) кошууга техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар башка чарба субъектти көрсөтүү менен вариантты сунуш кылууга укуктуу.

Тармактарына керектөөчү кошулуп жаткан лицензия алуучу тарабынан кошууга ТШ берилет.

15. Кошууга ТШда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт жана аныкталат:

1) жеке жана юридикалык жактын аталышы;

2) жайгашкан жери, жагдай планы, дареги;

3) уруксат берилген кубаттуулук, анын ичинде кошуунун ар бир түйүнү боюнча;

4) электр менен жабдуунун ишенимдүүлүк категориясы;

5) объект азыктандыруучу аба чубалгылары же кабель чубалгылары чыңалууга карата эсептелген кошуу түйүндөрү (көмөкчордон, электр берүү чубалгылары, бөлүштүрүүчү түзүлүш, чөнөктөр);

6) реактивдүү кубаттуулук компенсациясынын даражасы;

7) электр менен жабдуу схемасында электр энергиясын коммерциялык (контролдоо) эсептөө каражаттарын орнотуу орду (коммерциялык эсептөөнүн контролдоочу каражаттарын орнотуу орду 500 кВт жана андан жогору суралган кубаттуулукта керектөөчү тарабынан көрсөтүлүшү керек, ушул Эрежелердин 13–пунктунун 7-пунктчасына ылайык электр кабылдагычтары бар болгондо, коммерциялык эсептөө каражаттарына талаптар көрсөтүлөт, турак үйдүн имаратында жайгашкан эч ким жашабаган жайлар үчүн, ошондой эле көптөгөн менчик ээлери бар имараттарда керектелген электр энергиясын эсептөөнү уюштуруу тамдын ар бир менчик ээси үчүн көрсөтүлөт);

8) электр энергиясынын сапатын турукташтыруу түзүлүштөрүн жана контролдоо алеттерин орнотууга коюлган атайын талаптар (ушул Эрежелердин 13-пунктунун 7-пунктчасы);

9) автоматтык ылдамдык күчүн азайтуу түзүлүштөрү, системдүү карапка каршы автоматика тутуму менен электр орнотмолорун жабдууга негиздүү талаптар;

10) кошуу түйүнүндө электр орнотмолоруна карата өзгөчө талаптар (азыктандыруучу чубалгылардын жарыша иштөө мүмкүнчүлүгү), энергетика тутумунда кубаттуулуктун тартыштыгы пайда болгондо жана автоматтык ылдамдык күчүн азайтуу түзүлүшү жана карапка каршы автоматташтыруу тутуму иштеп кеткенде ушул электр кабылдагычтарды электр менен жабдууну сактап калуу үчүн айрым азыктандыруучу камдык чубалгыларга жоопкерчилик жүгүн бөлүп берүү;

11) кыска туташуу агындарынын эсеп маанилери, реле коргоосуна, автоматикага, байланышка, обочолотууга жана ашыкча чыңалуудан коргоого талаптар;

12) жаңы керектөөчүнү туташтыруу муктаждыгы менен байланышкан учурдагы электр тармагын күчөтүү боюнча негизделген талаптар (өткөргүчтөрдүн кесилишин, күч трансформаторлордун кубаттуулугун көбөйтүү, учурдагы көмөкчордондорду кайра түзөтүүнү жогорулатуу);

13) керектөөчү жана лицензия алуучу тараптардын баланстык таандыгын жана пайдалануу жоопкерчилигин бөлүү чеги;

14) техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү.

16. Төмөнкү зарылдыктар пайда болгон электр энергиясынын керектөөчүлөрү:

1) уруксат берилген кубаттуулукту көбөйтүү же электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүнө талаптарды жогорулашы, электр менен жабдууга Келишими бар электр тармактарынын же электр чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн ээсине, же башка каалаган электр менен жабдуучу уюмга ушул Эрежелердин 13-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө сурам жөнөтөт;

2) уруксат берилген кубаттуулукту азайтуу же электр кабылдагычтарды электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүнө талаптарды төмөндөшү, электр менен жабдууга Келишими бар электр тармактардын же электр чордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн ээсине электр менен жабдууга жаңы шарттарды кошуп жазуу менен сурам жөнөтөт. Сурамды алган уюм кошуу түйүндөрүн өзгөртпөстөн жана мурдагы ТШны жокко чыгарбастан менен жаңы ТШны берет.

17. Кошуунун ТШны аткаруу электр энергиясынын бардык керектөөчүлөрү жана долбоорлоо уюмдары үчүн милдеттүү. ТШнын иштөө мөөнөтү ТШны берген субъекттердин макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн. Аткарылбаган ТШ иштөө мөөнөтүнүн аягында жараксыз деп эсептелет.

18. Электр тармактарга объектти кошууга ТШнын алкагындагы долбоорлоо чечимдерине ылайык иштелип чыккан, долбоорлоо уюму тарабынан долбоордун материалдарында тиешелүү жазуу менен күбөлөндүрүлгөн, имараттарды, иштеп, кеңейтилип же кайра келбеттелип жаткан өндүрүштөрдү электр менен жабдуу боюнча көмөкчордондордун, аба чубалгылардын жана кабель чубалгыларынын долбоорлору электр тармактардын ээси менен макулдашууга жатпайт.

19. Имараттарды, иштеп, кеңейтилип же кайра келбеттелип жаткан өндүрүштөрдү электр менен жабдуу боюнча көмөкчордондордун, аба чубалгылардын жана кабель чубалгыларынын долбоорлору, ТШны берген электр тармактардын ээсинин менчигинде жайгашкан электр тармактарга көмөкчордондорду, аба чубалгыларын же кабель чубалгыларын кошуу түйүнүндөгү ТШнын маселелерин чечкен бөлүгүндө гана электр тармактардын ээси менен макулдашууга жатат.

20. Энергияны колдонуунун натыйжалуулук маселелери боюнча курулуп жана кайра келбеттелип жаткан ишканалардын долбоорлору энергияны эсептөөнү уюштуруу жана электр жабдууларынын коопсуздугу электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында тандалма мамлекеттик экспертизадан өтүүгө таандык.

21. Жаңы электр орнотмолорун куруу, учурдагыларын кеңейтүү жана кайра келбеттөө иши алардын ээсинин каражаттарынын эсебинен же ушул Эрежелердин 46-пунктунун 1-пунктчасында аныкталган шарттарда ишке ашырылат.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет