20
Калия Кулалиева
Сүйлөшөлү
1. Эки кесиптеш сүйлөшүп жатат. Диалогду улантыңыздар.
– Мен досумдун өмүр баянын жатка билем.
– Анын сага эмне кереги бар? Мен, мисалы, курбумдун өмүр баянын билбейм.
Аны билүүнүн мага кереги да жок.
– Андай эмес...
2. Бир тууганыңыздын, досуңуздун же бирге иштеген кесиптешиңиздин өмүр баянын айтып
бериңиз.
Жазалы
1. Өзүңүздүн өмүр баяныңызды жазыңыз. Энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүн эстен
чыгарбаңыз.
2. Таржымалдын (СV) үлгүсү менен таанышыңыз. Өзүңүздүн таржымалыңызды жазыңыз.
Фил. ил. канд. Рахат МАЖИТОВА
Дареги: Тынчтык просп., 56, Кыргызстан /Бишкек
Үй тел.: ХХХ
Иш тел.: 00 996 312 541942
Уюл. тел.: 00 996 552 005183
E-дареги: can571@gmail.com; can571@hotmail.com
ӨЗДҮК МААЛЫМАТ:
Кызматы:
Ага окутуучу
Жарандыгы
:
Кыргыз
Республикасы
Туулган жери:
Tокмок
Туулган жылы:
13/08/1976
Үй-бүлөлүк абалы:
турмуш кура элек
БИЛИМИ:
1994 – 2000
Бишкек
гуманитардык университети, Түркология
факультети
Дипломдук ишинин темасы: Жусуп Баласагындын
«Кутадгу
билиг»
дастанынын
идеялык-көркөмдүк
өзгөчөлүгү.