Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет1/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5



Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министирлиги
Жалал-Абад мамлекеттик университети
Курманбекова Д. Д., Болотова А. С., Бекболотова Э. О. 
Адамдын анатомиясы
жана
морфологиясы
Лекциялык курс
Жалал-Абад – 2013


УДК 372
ББК 74. 264. 5
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
усулдук Кеңеши тарабынан 06.03.2013-ж.
№4 протоколунун чечими менен басмага сунуш кылынган. 
Резенцент:
Абдылдаев А. – медицина илимдеринин доктору
К-93 «Адамдын анатомиясы жана морфологиясы» предмети боюнча 
лекциялык курс
Жала-Абад 2013-158 бет. 
Курманбекова Д. Д. Болотова А. С. Бекболотова Э. О. 
ISBN 9967-09-132-и
Бул окуу куралы биология, дене тарбия жана медицина 
адистигинин студенттерине арналат. Сунуш кылынган лек-
циялык курс кыргыз тилинде жазылды. «Адамдын анато-
миясы жана морфологиясы» предметинин программасына 
ылайык түзүлгөн. Мазмуну адамдын анатомиясы жана мор-
фологиясы боюнча ар бир органдар системасына мүнөздөмө 
берилген. Студенттердин анатомия предмети боюнча даяр-
дануусу ушул гана усулдук көрсөтмөлөрдү колдону менен 
чектелбестен тийиштүү теориялык жол жоболорду сунуш 
кылынган окуу китептерин, окуу куралдарын пайдалануу 
аркылуу жүргүзүлөт
ISBN 9967-09-132-и 
УДК 372. 8
К 4306011100-06
ББК – 74. 264. 5 
© Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 3 -
СӨЗ БАШЫ
Кишинин анатомиясы – биология илимдеринин бир бөлүгү. 
Бул илимди өздөштүрбөй туруп, биология дене-тарбия адисти-
гин алуу өтө кыйын. Анткени ал түптүү жана негизги илимдер-
ден болуп эсептелет. 
Бул лекциялык курс адамдын анатомиясы жана морфология-
сы курсун окуп үйрөнүүчү биология жана дене-тарбия адисти-
гинде окуп жаткан студенттер үчүн түзүлүп. ГОС стандартта бе-
рилген программанын баардык бөлүмдөрү жана 20 лекциялык 
курс камтылган. Ар бир лекцияда толугу менен темага карата 
түшүндүрмө берилген. 
“Адамдын анатомиясы жана морфологиясы” предметинин 
максаты – адамдын органдарынын түзүлүшүн, органдардын 
формасын, аткарган кызматын жана айлана-чөйрө менен болгон 
байланышын окутуп үйрөтөт. 
Биология жана дене-тарбия адистигинин мугалимдери үчүн 
адамдын анатомиясын жана морфологиясын окуп үйрөнүү чоң 
мааниге ээ. Себеби окуучуларга сабак өтүүдө адамдын организ-
миндеги органдарынын түзүлүшүн билүүнүн негизинде окуучу-
ларга жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат. 
Эгер студент адамдын анатомиясы жана морфологиясы боюн-
ча керектүү теориялык билимге ээ болбосо, эч качан натуралдык 
объектилерде иштеп атлас менен аныктап сүрөттөй албайт.




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет