Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Жазалы 1. Сиз бир компаниянын менеджери болуп иштейсиз. Бир жолку аткарылчу ишке жумуш



Pdf көрінісі
бет52/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   183
 Жазалы
1. Сиз бир компаниянын менеджери болуп иштейсиз. Бир жолку аткарылчу ишке жумуш 
аткаруучу тарап менен келишим түзүңүз.
2. «Айтылган сөз – атылган ок» деген сөздүн маанисин чечмелеңиз.


58
Калия Кулалиева
КУЛАКТАНДЫРУУ
Кулактандыруу өткөрүлө турган иштер жөнүндө белгилүү уюмдун, топтун, 
жамааттын мүчөлөрүнө алдын ала билдирүү же эскертүү үчүн жазылат (кээде 
айтылат). Аны окуган (уккан) адамдар көрсөтүлгөн иш-чарага катышууга, талап 
кылынган маселе боюнча тийиштүү мамилесин билдирүүгө милдеттүү.
Кулактандыруу илинген күндөн тартып атайын кагазга айланат. Зарыл учур-
да көрсөтүлгөн же айтылган иш-чарага катышуу-катышпоо жоопкерчилик милдет 
катары бааланып, аны аткарбай коюу боюнча доомат коюлушу мүмкүн.
Чакыруу
Чакыруу өткөрүлө турган түрдүү иш-чарага (чогулуш, конференция
той ж.б) жеке адамдарды, тийиштүү коомчулукту, анын өкүлдөрүн чакырууда 
жазылуучу иш кагазы.
Чакырууда өткөрүлө турган иштин мазмуну, максаты айтылып, боло турган 
күнү, сааты эскертилет. Керек учурда өткөрүлө турган иштин программасы тиркелет.
1. «Кулактандыруу илинген күндөн тартып атайын кагазга айланат» дегендин маанисин 
түшүндүрүп бериңиз.
2. Кандай чакырууларда иш-чаранын программасы кошо берилет?
3. Кулактандыруу, чакырууга мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын эстеп калыңыз.
Чогулуш, жыйналыш, конференция, симпозиум, конгресс, өткөрүлөт, болот, 
угулат, күн тартиби, катышууга тийиш, боюнча сунуштар кабыл алынат, 
пикирлер айтылат, талкууга алынат, билдирүүсү угулат, талкууга коюлат, 
жөнүндө, тууралуу, арналган, катышуусу күтүлөт, толук катышышы зарыл 
ж.б.
4. Боштуктарга туура келген сөздөрдү толуктап жазыңыз.
__________________ болот, комиссиянын төрагасынын отчёту _______________, 
филиалды ачуу маселеси ______________________ __________________________ ,
____________________ өткөрүлөт, чет өлкөлүк коноктордун __________________
__________________, боло турган шайлоо боюнча ________________ 
_________________ __________________, ____________ ______________________ 
маселелер, ишкананын уюшулганынын 10 жылдыгына _______________________ .


59


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет