Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет53/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Кулактандыруу жана чакыруунун үлгүлөрүн окуп, маалым даректерин жазыңыз.
Кулактандыруу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Профсоюздук кеңешинин 
отчёттук чогулушу 2011-жылдын 13-майында саат 16:00дө өткөрүлөт. Чогулушка 
бардык факультеттин окутуучулары жана кызматкерлери катышуусу керек.
Күн тартиби:
1. 2010-2011-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу жайдын Профсоюздук 
кеңештин төрагасынын отчётун угуу.
2. Жай мезгилиндеги өргүү убагы үчүн эс алуу жайларына жолдомолорду 
бөлүштүрүү жөнүндө Профсоюздук кеңешинин мүчөсү А. Жумалиеванын 
билдирүүсү.
Жыйналыш башкы имараттагы кичи конференция залында болот.
19. 04. 2011
 
 
Ректорат 
 
 
 
 
Чакыруу
Урматтуу Самарбек Карымшакович,
Түркология факультетинин «Жаңырык» студенттик адабий ийрими 2011-жыл-
дын 20-декабрында өтүүчү адабий-музыкалык кечеге чакырат. Сизди өзүңүздүн 
илимпоздук, окутуучулук, чыгармачылык, тарбия берүүчүлүк өмүрүңүздүн 
кызыктуу жерлеринен айтып берет деген ойдобуз.
Жери: КТМУнун Ч. Айтматов кампусу, Экономика факультети
К. Тыныстанов ат. зал.
Күнү: 20.12.2011-ж.
Башталышы:16:00 
Уюштуруу тобу
10.12.2011
2. Кандай учурларда кулактандыруу жазылышы мүмкүн. Мисалдарды келтириңиз.


60
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Бош орундарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз. Варианттар төмөндө берилди. 
1. а) мамлекеттик
б) улуттук 
в) илим-изилдөө
2. а) академиясынын
б) университетинин в) институтунун
3. а) он биринчи 
б) кезектеги
в) алгачкы
4. а) соңу 
б) натыйжасы
в) жыйынтыгы
5. а) тарбия иштери
б) окуу иштери 
в) окуу жайы
6. а) мамилелер 
б) байланыштар 
г) иштер
7. а) боюнча
б) тууралуу
г) жөнүндө
Кулактандыруу
Кыргыз ........................................(1) юридикалык .......................................... (2) 
Окумуштуулар кеңешинин ............................................... (3) отуруму 2010-жылдын 
29-сентябрында өткөрүлөт.
Сааты: 14:00
Орду: Конференция залы
Күн тартиби
1. 2009-2010-окуу жылынын ....................................(4) жана кезектеги милдеттер;
Баяндамачы: ................................. ..........................................(5) боюнча 
проректор проф. Шаршеналиев А. Ш.
2. Чет өлкөлөр менен илимий, окуу ..............................................(6) жөнүндө.
Баяндамачы: сырткы байланыштар ........................ (7) проректор 
проф. Келдибеков Б. Т.
19.09. 2010
Ректорат 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет