Сабактын темасы: Казыбек Мамбетиминдин өмүрү, чыгармачылыгы.
“Түрмөдөгү ырлар” жыйнагы
Казыбек Мамбетимин жөнүндө так, толук маалымат жок. Анткени бул адам өз учурунда катуу куугунтукка алынып, акындын кол жазмалары, өмүр баяны жөнүндөгү маалыматтар сакталган эмес. Айрым бир маалыматтарда берилгендей, акын 1901-жылы Ат-Башыдагы диний сабаттуу манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Атасынын жардамы менен жаш кезинен эле билим алып, окуганды, жазганды үйрөнгөн. 1929-жылы бай-манаптар тап катары жоюла баштаганда, ата-энеси менен Россиядагы Оренбург шаарына сүргүнгө айдалган. 1931-жылы кандайдыр бир себептер менен өз жерине кайтып келет. Ал мезгилде Ат-Башыдагы элдер Кытайга кетүүгө даярданып жаткан мезгил эле. Эл менен бирге Казыбек да Кытайга өтүп кетип, үч жылдан кийин , б.а. 1934-жылы өз жерине кайтып келе жатып, чек арачылардын колуна түшөт. Андан кийинки өмүр баяны так эмес. Айрым бир маалыматтарда 1943-жылы бошонуп, Өзгөндөгү Мырза-Аке деген жерде каза болгон деп айтылса, башка бир маалыматта түрмөдөн оорусуна байланыштуу каза болгон деп жазылат.
Казыбек Мамбетимин ким?
Казыбек Мамбетимин жазгыч акын. Жазгыч акын болгондугун ырларынан көрүүгө болот.
“Кат жазып кабар билдирем,
Калкым бир капа болбосун”, же
“Жаздым салам кат менен,
Жалындуу ысык жел менен” деген сыяктуу саптардан көрүүгө болот. Демек, акын ар бир ырын кагаз бетине түшүргөн.
Өз мезгилинин билимдүү адамы, ал 1912-1918-жылдар арасында Бухарада медреседе, 1918-1921-жылдарда Санкт-Петербургда окуп, 1921-1924-жылдарда мугалим болуп иштеген.
Казыбек Мамбетимин диний билими бар үй-бүлөдө чоңоюп, медреседе билим алгандыктан, чыгармаларында диний көз караштагы ойлор берилип, дин аркылуу тарбиялоо идеясы берилген, демек, ал диний көз караштагы акын. Диний акын катары “Түрмөдөгү ыр” жыйнагында Алланын жалгыздыгын, ыйыктыгын белгилеп, өзүнүн жеке оор тагдырын, күнөөсүз сүргүнгө айдалган абалын айтып, Кудайдан ,пайгамбарлардан жардам издеп, тилек-ниет кылат.
Өмүр, өлүм, жашоо, сүйүү сыяктуу түбөлүктүү темаларда философиялык ой жүгүртө алган ойчул акын. Акын ырларында “Бул дүйнөдөн ким өткөн?” деген суроону коюп, философиялык көз карашта аны чечмелеп берет. Демек, бул дүйнө эч ким үчүн түбөлүктүү эмес, баары өтөт, баары убактылуу. Кары-жаш, сулуу кыз, ак таңдай акын, өмүр бою Кудайга жалынган молдо же жер кезген дубана да жер үстүндө кала албайт деген ой жыйынтыгын чыгарат.
Казыбек психологиялык катуу депрессияга учураган акын. Анын чыгармаларында адамдын карама-каршылыктуу тагдыры берилет. Ал бул ойду өз тагдырынан алган. Ал “бир кезде” жана “бул кезде”деген салыштыруулар менен өз тагдырын жазат. Бир кезде аттын мыктысын минип, кийимдин жакшысын кийип, эл аралап жүрсө, бул кезде суу менен кургак күрүч жеп, түрмөдө жаткан тагдырын айтат.
Казыбек - саясый айып тагылган акын. Ал саясатка түздөн туз катышпаса да, ал саясый агымда калган, б.а. бай-манаптарды тап катары жоюуу иши болгон үчүн сүргүнгө айдалган. Атасынын манап болушу анын күнөөсү эмес эле.
Казыбек – саясый сынчыл акын. Ал өз чыгармасында Совет бийлигинин бир жактуу бийлигин сынга алган.
Казыбек – азаттыкка, эркиндикке умтулган акын. Анын бүткүл казалдарынын идеялык мааниси боштондукка чыгуу, актыкка ишенүү идеясы болгон.
Казыбек - жаратылышты сүйгөн акын. Ал кыргыз жеринин керемет жерлерин көркөм бере алган акын.
Акындын бүгүнкү күндөгү эң көлөмдүү чыгармасы “Түрмөдөгү ырлар” деп аталат.
Чыгарма акын түрмөдө жаткан мезгилинде жазылган. Жогоруда берилген ойлор ошол “Түрмөдөгү ырлар” жыйнагынан алынды.
Достарыңызбен бөлісу: |