5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет1/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)




 
 
 
 
 
5-КЛАСС
ҮЧҮН 
ТАРБИЯЛЫК 
САБАКТАР
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 



5-класс 
(жыл бою 34 саат, 4 саат класс жетекчинин
ыктыярындагы саат) 
 
№1 сабак 
БИРѲѲНҮН БУЮМУНА УРУКСАТСЫЗ 
ТИЙҮҮ – АДЕПСИЗДИК 
Сабактын максаты: 
➢ 
Окуучулар уруксат суроо адебин үйрѳнүшѳт; 
➢ 
Уурулуктун акыбети кандай болору жѳнүндѳ билишет; 
➢ 
Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт; 
➢ 
Кантип уруксат суроонун эрежелерин иштеп чыгышат
➢ 
Адамдардагы жакшы сапаттарды баалоого кѳнүгүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Окуучуларга таркатылуучу темага байланыштуу “Эгиздер” деген жомоктун 
тексти, ватмандар, маркерлер. 
Сабактын жүрүшү: 
Мугалим сабакты “Сезим жана ой” деген атайын кѳнүгүү менен баштайт. Бул 
кѳнүгүү окуучулардын сезим жана ой арасындагы байланышты түшүнүүлѳрүнѳ 
жардам берет. Ар бир окуучуга тѳмѳндѳгүдѳй таркатма таркатылат:
1-таркатма 
1.а. Велосипедиӊерди тээп кѳчѳгѳ чыктыӊар. Бул убакта бир бала силерге “Эй, 
велосипедимди уурдаба, ордуна коюп кой” деп кыйкырды. 
Сезим .......................................................................................
б. Силер токтоп, тиги балага велосипед аныкы эмес, силердики экенин 
айттыӊар. Бала велосипедди жакын келип карап, “кечирип кой, меники экен деп 
ойлогом, башка экен. Мен велосипедимди эки жыл акча чогултуп, жаӊы эле алгам” деди. 
Сезим ..................................................................................... 
2. а. Чоӊ дүкѳндѳсүӊѳр, бир аял катуу басып келатып ура коюп сыртка чыгып 
кетти, силер болсо жерге тоголонуп түштүӊѳр. 
Сезим ..................................................................................... 
б. Бир нече мүнѳттѳн кийин бирѳѳ силерге азыркы аялдын баласын тез жардам 
менен ооруканага алып кеткенин айтты. 
Сезим...................................................................................... 
3. а. Мектептин коридорунда баратканда башка класста окуган бир кыз менен 
сүзүшүп калдыӊар. Кыз силерге “Кѳзүӊдү карабайсыӊбы, келесоо” деп катуу кыйкырды. 
Сезим...................................................................................... 
б. Эртеси күнү бул кыз силерден кечирим сурап, кечээ бир экзаменге абдан жакшы 
даярданганына карабастан начар баа алганын, ошон үчүн абдан капа болгонун айтты. 
Сезим...................................................................................... 


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет