Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Союздары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген мамалекеттик



Дата06.07.2016
өлшемі54.63 Kb.
#181258
Долбоор
Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Союздары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген мамалекеттик заем каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Союздары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген мамлекеттик заем каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- статьяларын колдонмо кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкү долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аткаруу агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги – карыз берүүчү, Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Союздары – карыз алуучулар болуп аныкталсын:

- "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" (2006-жылдын 21-июнундагы (Грант № H-212KG) өнүктүрүү максатына грант жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (ЭАӨА) ортосундагы Келишим жана 2006-жылдын 17-апрелиндеги (Грант № TF 056324) долбоорду кошо каржылоого Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча Келишим жөнүндөгү кат);

- "Экинчи Ички чарбалык сугат долбоору" (2007-жылдын 29-августундагы (Грант № H312-KG) Кыргыз Республикасы менен ЭАӨА ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Келишим);

- "Экинчи ички чарбалык долбоор үчүн Кошумча каржылоо" (2011-жылдын 25-июнундагы (Кредит №4982-KG жана Грант № H718-KG) Кыргыз Республикасы менен ЭАӨА ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Келишим);

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкү шарттар менен бул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлордун чегинде суу пайдалануучу ассоциациялары жана суу пайдалануучу ассоциациялардын Союздары менен кредиттик келишимдерди түзсүн:

-ички чарбалык ирригациялык системаларда курулуш иштеринин биротоло бүткөн наркынын 25 пайызына барабар карыздын суммасын курулуш аяктагандан кийин 7 жыл ичинде, 4 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен, күрөө менен камсыздоосуз, заем алуучу кредиторго кайтарып берет;

- жабдуулардын наркынын 100 пайызына барабар карыздын суммасын жабдууларды тапшыруу күнүнөн тартып 7 жыл ичинде 1 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен заем алуучу кредиторго кайтарып берет, күрөө менен камсызданылган жана күрөөнүн предмети болуп заемдук каражаттардын эсебинен сатылып алынган жабдуу аныкталсын;

- жер казуучу техниканын (экскаватор жана (же) жүктөгүч) наркынын 50 пайызына барабар карыздын суммасын техниканы тапшыруу күнүнөн тартып 7 жыл ичинде, 1 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен заем алуучу кредиторго кайтарып берет, күрөө менен камсызданылган жана күрөөнүн предмети болуп заемдук каражаттардын эсебинен сатылып алынган техника аныкталсын;

- кредитти төлөө төлөмдөрү текши ар квартал сайын пайызсыз негизде ишке ашырылсын;

- ар бир күн төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберүү суммасынан 0,01 пайыз айып салу каралсын.


  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине – белгиленген долбоорлордун аткаруучу агенттигине:

– белгиленген долбоорлорду аткаруу үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга контролду камсыз кылсын;

- суу пайдалануучу ассоциацияларынын жана суу пайдалануучу ассоциациялардын Союздарынын иштерине координация жүргүзсүн жана долбоорлорду ишке ашыруу чегинде аларга керек болгон жардамды көрсөтсүн;

- суу пайдалануучу ассоциациялары жана суу пайдалануучу ассоциациялардын Союздары тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредиттик келишимдерге жана күрөө жөнүндө келишимдерге өз убагында кол коюууну камсыз кылсын;

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро-өнөржай комплексин жана жаратылышты колдонуу өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр Дж. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан суу пайдалануучулар ассоциацияларына жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздарына кайра кредитке берилген мамлекеттик займдык каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу үчүн чаралары жөнүндө” токтомунун долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

Өкмөттүн бул токтом долбоору суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) жана СПАлардын союздары тарабынан аларга Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (ЭӨА) долбоорлорунун алкагында ички чарбалык сугат системаларын кайра калыбына келтирүү үчүн жана техника түрүндө берилген кредиттик каражаттарды кайтаруусун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аткаруучу агентигинин функцияларын аткарат, ал эми Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги – кредитордун, СПА жана СПАлардын союздары – займ алуучулардын.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан Суу чарба жана мелиорация департаменти төмөнкү долбоорлор боюнча үч тараптуу келишимдерди түзүүсү зарыл:



  • “Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу”, Кыргыз Республикасы жана ЭӨА ортосунда 2006-жылы 21-апрелде түзүлгөн Өнуктүрүү максаттары үчүн гранты (№ Н-212KG гранты) боюнча келишимдин, жана Япония Өкмөтүнүн гранты (№ TF 056324 гранты) боюнча 2006 жылдын 17-апрелиндеги кошо каржылоо келишим тууралуу каттын негизинде аткарылган, долбоорду ишке ашыруу 2013-жылы ноябрь айында аяктаган.

  • “Экинчи ички чарбалык сугат долбоору”, Кыргыз Республикасы жана ЭӨА ортосунда 2007-жылы 29-агустта түзүлгөн каржылоо тууралуу келишимдин (№ Н-312KG гранты) негизинде аткарылган, долбоорду ишке ашыруу 2013-жылы декабрь айында аяктаган.

  • “Экинчи ички чарбалык сугат долбоорууна кошумча каржылоо”, Кыргыз Республикасы жана ЭӨА ортосунда 2011-жылы 25-июлда түзүлгөн каржылоо тууралуу келишимдин (№ Н-718KG гранты, №4982 KG кредити) негизинде аткарылып жатат. Долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү 2011- жыл 20 декабрдан баштап 2015- жыл 31 декабрга чейин.

Токтомдун долбоорунда суу пайдалануучулар ассоциациялары жана алардын союздарынын займдык каражаттарды кайтаруусунун шарттары (мөөнөт, мезгилдүүлүк, сумма өлчөмү, санкциялоо) каралган, тактап айтканда:

- жабдуулардын наркынын 100 пайызына барабар карыздын суммасын жабдууларды тапшыруу күнүнөн тартып 7 жыл ичинде 1 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен, күрөө менен камсыздап, кредит боюнча алынган жабдуу анын предмети болуп эсептелет, заем алуучу кредиторго кайтарып берет;

- жер казуучу техниканын (экскаватор жана (же) жүктөгүч) наркынын 50 пайызына барабар карыздын суммасын техниканы тапшыруу күнүнөн тартып 7 жыл ичинде, 1 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен, күрөө менен камсыздап, кредит боюнча алынган техника анын предмети болуп эсептелет, заем алуучу кредиторго кайтарып берет;

Жогоруда көрсөтүлгөн эки долбоор боюнча карызды кайтаруунун суммасынын 50%га азайышы ЭАӨАнын 10-чу миссиясы (2012-жылдын 11-25 майы жана 10-18 июлу) жана КР СЧМК сүйлөшүүлөр учурунда ЭАӨА тарабынан 50% субсидия тууралуу келишимге жетишилгенине байланыштуу пайда болду.

Ички чарбалык ирригациялык системаларда курулуш иштери боюнча:

– ички чарбалык ирригациялык системаларда курулуш иштеринин биротоло бүткөн наркынын 25 пайызына барабар карыздын суммасын курулуш аяктагандан кийин 7 жыл ичинде 4 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен, күрөө менен камсыздоосуз, заем алуучу кредиторго кайтарып берет;

Курулуш иштеринин наркы объектти мамлекеттик кабыл алуу Акты кийинки Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан берилүүчү баалардын корректирлөөсүн эсепке алуу менен аныкталат.

- кредитти төлөө төлөмдөрү текши ар квартал сайын пайызсыз негизде ишке ашырылсын;

- ар бир күн төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберүү суммасынан 0,01 пайыз айып салу каралсын

Жогоруда көрсөтүлгөндү эске алып, Кыргыз республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бул токтомдун долбоорун Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүдө.


Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба жана


мелиорация министри Т.Айдаралиев

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет