90
жетип бардым, эшикти такылдаттым. Бир аял чыгып, менин кимдигимди сурады.
Мен мусаапыр экендигимди билдирсем, ал ачууланып:
-Бизге
мусаапырдын кереги жок, мейман кыла албайм, баргын, кеткин, - деп
эшикти
жапмакчы болду эле, ушул чакта күйѳѳсү келип калды. Аялынан менин
кимдигимди сурады. Аялы мусаапыр экендигимди айтты эле, ал адам жайдары жүз
менен:
-Куш келипсиз, азиз мейман! - деп мени үйүнѳ чакырды.
Атымды атканага
байлап үйгѳ кирдик. Ал адам жайдары жүз менен, таттуу сѳзү менен ал-акыбалымды
сурады. Урмат сый менен тѳргѳ ѳткѳрүп, таттуу даамдар менен сыйлады. Бул үйдѳгү
жана кечээги үйдѳгү эрди-катындардын мамилесине таңданып ѳзүмчѳ жылмайып
койдум. Үй ээси жылмаюумдун себебин сурады. Мен кечээ күнкү болгон окуяны
айтып бердим.
Ал адам мындай деди:
-Таңданбай
эле койгун, кечээги сен түшкѳн үйдѳгү аял менин карындашым.
Менин аялым болсо, анын күйѳѳсүнѳ бир тууган карындаш болот.
Достарыңызбен бөлісу: