5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет68/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Бир тууганың -уялашың, тирегиң,
Алар үчүн аябагын барыңды. 
Ажал келсе аларга түз бет мандай, 
Артка качпа бергин асыл жаныңды. 
К. Акматов 
Балдар, «Күч бирдикте» жомогун эсиңерге салып кѳргүлѳчү. Андагы ыркы жок, 
ынтымаксыз бир туугандар, үй-бүлѳсүн ырашкерликке чакыра албаган балдардын 
атасынын абалы силерди ойлондурбай койбойт. 
Силер дагы балдар сындыра албаган топ табылгыдай биримдикте болгула. Үй-
бүлѳнүн ынтымактуулугун сактагыла. Бири-бириңерди сыйлап, «байке», «эжеке», 
«иничек», «карындашым», «сиңдим» деген жагымдуу сѳздѳрдү аябагыла, Бул ызаттуу 
сѳздѳр ынтымак, ырашкерликке үлүш болот. 
Талкуу үчүн текст: 
Эки түрдүү мамиле 
Билимдүүлѳрдүн бирѳѳ мындай икая айтат: 
-Бир күнү атка минип сапарга чыктым. Чоң талаада бара жатып жолумду 
жоготуп, адашып калдым. Кеч дагы кирип кетти. Узактан бир үйдү кѳрүп калдым. 
Тезинен ошол үйгѳ барып эшикти такылдаттым. Үйдүн ээси - эркек адам жок экен. 
Анын аялы сыртка чыгып, салам берип, «кимсиз?» деп сурады. Мен бир мусаапыр 
адам экенимди, жолдон адашып калганымды, уруксат болсо, бүгүнкү түндү ушул үйдѳ 
ѳткѳрүү үстүндѳ экендигимди айттым. 
Ал мени жайдары жүз менен: 
-Кош келипсиз кадырлуу мейман! Күйѳѳм бир жакка кетти эле азыр келип калат, 
кана, үйгѳ кириңиз, - деп ичкериге баштады. 
Атымды атканага байлап ичкериге кирдим. Ал тамак алып келди. Жеп-ичип 
ырахат менен олтурган болчумун, күйѳѳсү келип калды. Мени кѳрүп аялынан 
кимдигимди сурады. Аялы менин мейман экендигимди айтты эле ал ачууланып: 
-Эмнеге кабыл алдың? Мага меймандын кереги жок, - деп бакырды. Мен тезинен 
ордумдан туруп, атымды минип ал үйдѳн чыгып кеттим. Эртеси күнү дагы бир үйгѳ 


90 
жетип бардым, эшикти такылдаттым. Бир аял чыгып, менин кимдигимди сурады. 
Мен мусаапыр экендигимди билдирсем, ал ачууланып: 
-Бизге мусаапырдын кереги жок, мейман кыла албайм, баргын, кеткин, - деп 
эшикти жапмакчы болду эле, ушул чакта күйѳѳсү келип калды. Аялынан менин 
кимдигимди сурады. Аялы мусаапыр экендигимди айтты эле, ал адам жайдары жүз 
менен: 
-Куш келипсиз, азиз мейман! - деп мени үйүнѳ чакырды. Атымды атканага 
байлап үйгѳ кирдик. Ал адам жайдары жүз менен, таттуу сѳзү менен ал-акыбалымды 
сурады. Урмат сый менен тѳргѳ ѳткѳрүп, таттуу даамдар менен сыйлады. Бул үйдѳгү 
жана кечээги үйдѳгү эрди-катындардын мамилесине таңданып ѳзүмчѳ жылмайып 
койдум. Үй ээси жылмаюумдун себебин сурады. Мен кечээ күнкү болгон окуяны 
айтып бердим. 
Ал адам мындай деди: 
-Таңданбай эле койгун, кечээги сен түшкѳн үйдѳгү аял менин карындашым. 
Менин аялым болсо, анын күйѳѳсүнѳ бир тууган карындаш болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет