Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар



бет7/7
Дата27.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#160806
1   2   3   4   5   6   7

ТҮНКҮ ЭЛЕС
Булут жок, асман ачылган,

Жыбырайт жылдыз чачылган.

Суйкайып сулуу ай чыкты,

Урчуктуу тоого жашынган.


Көрүнүп улам ал даана,

Айрандай аппак айлана.

Уча албай үкү отурат,

Шоолага көзү байлана.


Жашоонун шартын ойлонбой,

Мемирейт талаа ойгонбой.

Айлана тыптынч, кыймыл жок,

Сыйкырлап бүтүн койгондой.


Убакыт өзү азгырык,

Коюптур мени азгырып.

Капкачан Кара тоо жакка

Калыптыр ай да жашынып.



КИЧИНЕМ

(неберем Айбекке)

Там-туң баскан кичинем,

Элжиреймин ичимен.

Мынча сүйкүм көрүндүң,

Балдарымдын ичинен?..
Арчам сенсиң эң жыттуу,

Балым сенсиң таптаттуу.

Аяздарды сезбеген,

Күнүм сенсиң аптаптуу.


Гүлүм сенсиң жайнаган,

Көз отумду байлаган.

Боз торгоюм өзүңсүң,

Үйдө жүрүп сайраган.


ЖОГОЛГОНДО КАЛАМЫМ
Каламымды беш жоготуп беш таптым,

Кийинкисин издеп жүрүп кеч таптым.

Бир күнү эле биротоло жоготуп,

Жаным ачып жаш баладай ыйлапмын.

Ал анткени жорго эле каламым,

Жарым саатта толуп түрчу барагым.

Жарым жылда жазбай калдым жарым ооз,

Ал каламдын касиетин карагын!


Улам жаңы алган меңен башканы,

Андай болуп жорголобойт жазганы.

Издей берем табамбы деп бир жерден,

Издейм аны уктап көзүм ачканы.



СУГАТЧынын БАЛАСЫ
Суу жайылып калбай эч бир аласы,

Кана ичти күздүк буудай арасы.

Бөөдө агызып, бир тамчысын коротпойт,

Ал анткени сугатчынын баласы.


Атанын да тынчый түшүп санаасы,

Ишенимдүү колдо эми талаасы.

Өзүнө окшоп тыным албайт, тынчыбайт,

Ал анткени сугатчынын баласы.


Даарыгансып Дыйкан-Баба батасы,

Отоо чөпсүз эгиндердин арасы.

«Мен атамдай иштейм, жашайм» – деп коёт,

Эки ордендүү сугатчынын баласы.



ЖҮРЧҮ АЙЫЛГА БАРАЛЫ
Тоого жакын чакан элдүү айлым бар,

Көркүн ачып көйкөлүшчү кайың тал.

Бир өзүңдө эне жыты бар окшойт,

Көптөн бери көрбөй калып болдум зар.

Шаарда жүрбөй жүрчү жарым баралы,

Жарк дей түшсүн ээн тамыбыз баягы.

Кур калтырбай короо жайды кеңейтип,

Жер-жемиштин көчөттөрүн саялы.


АЙЫЛЫМДА ТӨРТ МЕЗГИЛ
Жазда келем көркөм кооз айлана,

Ой санаасыз, көңүлүм ток жайлана.

Кыялданып кызык мага кыдыруу,

Кызгалдактуу талааларды жай гана.


Жайда келем, бышыкчылык сонун ай,

Бал татыган дарбызын ай, коонун ай.

Чачты уйпалайт желип жорткон таңкы жел,

Сүйгөн кыздын сылап өткөн колундай.


Күздө келем, талаа сары, тоо сары,

Келгиндердин өтүп кеткен базары.

Чаначтагы кымыз жыты буркурап,

Бүлк-бүлк этет жеңекемдин казаны.


Кышта келем, кышта карга оронуп,

Жатат айлым аппак түскө боёлуп.

Анда дагы чыккан өндүү бейишке,

Шаарга кайтам кубат алып оңолуп.

Мына ушинтип төрт мезгилде төрт келем,

Төрт мезгилдин бешигинде термелем.

Өскөн айлым мээнетиңди актаармын,

Мандайымдан аккан таза тер менен!



ЖАЛГЫЗ ТАЛ
Жаан чачында, бороондордо ушул тал,

Далдаа абдан, далдаалыгын коё кал!

Тектирде өскөн Кожомкулдун талы деп,

Жамы журтка айтпаса да таанымал.


Күн ысыкта түбү салкын көлөкө,

Касиет бар окшобогон бөлөккө:

Жолдон өткөн жолоочулар эс алып,

Жарап турат качан болсун керекке.


Жамгырларда ким да болсо корголойт,

Жааган жамгыр жан жанына шорголойт.

Тамдай эмес же бүлүнүп бузулбайт,

Атайылап адам келип ондобойт.


Билбейт эч ким өскөнүнө канча жыл,

Эмгек кылсаң өчпөй турган эмгек кыл.

Кожекеме тилсиз турган ушул тал,

Рахматты ичтен кайрып жаткандыр.


Ырас адам атак албайт мал менен,

Же болбосо заңгыраган там менен.

Качандыр бир жашап өткөн адамдын,

Аты кадды ушул жалгыз тал менен.



ЫРЛАРЫМА
Мынакей менден старт аласыңар,

Буйруса эл кыдырып каласыңар.

Уялам «жаман» деген сөздү уксам,

Анткени силер менин баламсыңар.

Сезимге тамчы болуп тамарсыңар,

Көптөрдүң эстеринде каларсыңар.

Кубанам жакшы деген сөздү уксам,

Анткени силер менин баламсыңар.



ЭХ, МЕЗГИЛ СЕНИН ТЕЗДИГИҢ
Улгаям улам бул анык,

Ашуудан түтүн булатып.

Утпаса мага уттурбайт,

Аттиң ай, чиркин убакыт!

Антсе да таңдайм сөз гүлүн,

Ырымдан аны сезгиниң.

Жашасам, жазсам десем да,

Эх, мезгил сенин тездигиң!..



СӨЗҮМ БАР
Чыкылдап өткөн сайын саат, мүнөт,

Жаңырып айыл, кыштак, заман күлөт.

Молчулук бизди көздөй келе жатат,

Бүгүндөн эртеңкиси күлүмсүрөп.


Эмесе курбу-курдаш, бир боор тууган,

Сөзүм бар мен кайрылып айта турган:

«Мекенди гүлдөтөлү эмгек менен,

Эл үчүн эмгектен деп эне тууган».



АНДА МЕН АКЫНДЫКТЫ УЛАГАНЫМ
Окуймун бүт ырларын Жалил жазган,

Суктанам талантына оргуп ташкан.

Отурам үстөлүмдө күндөп-түндөп,

Жазсам деп лираларды андан ашкан.

Жакшыраак ыр жаза албайм ашмак турсун,

Арылбай калат анан көзүм жаштан.


Кызыгып «Байдылданы» күндө окуп,

Кетемин таасирленип көлдөй толкуп.

Жазамын жата калып жан талашып,

Ырымды ыргагына окшоштуруп.

Жете албайт бир сабы да Байдыкеме,

Бардыгын окуп чыксам топтоштуруп.


Ушинтип күндө жазып убарамын,

Ордунан чыкпай оюм кубарамын.

Талантым тигилердей ташпаса да,

Алымча илхам бер деп суранамын.

Жакшы ырга таасирленүү кандай жакшы,

Туура эмес тоту куштай туураганым.

Өзүмчө үнүм тапсам, чыйыр тапсам,

Мен анда акындыкты улаганым!




АЧУУСУ БАР, ТАТТУУСУ БАР ТУРМУштУН
Бел байладым көп нерсени бүтөм деп,

Баары бүтпөй, өкүнөмүн кайгы жеп.

Турмуш өзү беш каратадай турбайбы,

Бирде утсаң, бирде утулуп калуу көп.


Бел байладым чындыкты мен табам деп,

Табам десем кээде калдым кагуу жеп.

Турмуш дегең кудум базар турбайбы,

Же сүйүнүп, же күйүнүп калуу көп.


Кызыгы ошол бардык нерсе тең эмес,

Өмүр өлчөм, өлчөмүнүн көп эмес.

Таттуусун да, ачуусун да таталы,

Турмуш дайым эрке болуп өт дебес.



СУГАТЧЫНЫН СӨЗҮ
Баарын берет, баарын төгөт Жер-Энем,

Эмгек кылсаң ал ошончо берешен.

Жыламыштын суусун бурдук арыкка,

Мурап аке канча суу бар ченесең.


Бул алышты чаппаптырбыз аттиң, ка-ап!

Кой антпейли, бекители чымдан чаап.

Ал анткени ыйлак келет жаз күнү,

Булут кетпей көздү ачтырбай жамгыр жаап.


Жааса жаасын суулар сууга куралып,

Көңүл тынчыр көп жерлерди сугарып.

Кой курбулар турган менен пайда жок,

Жалкоо делбей жакшы сөздү угалык.


Бол курбулар, бүгүн эгин кана ичсе,

Эртең күнү элге канча киреше.

Кажыбаган сугатчынын иши деп,

Буудайыбыз ыңкып өссүн тиреше.



Жайдын түнү
Жайдын түнү көк булутсуз, ай жарык.

Суу шаркырап агып жатты сай жарып.

Көңүл буруп асмандагы кооздукка,

Көпкө чейин карап турдум байланып.


Сулуу кызды ээрчиткендей нече миң,

Айды ээрчишкен жылдыздарды көрөмүн.

Саманчынын жолу жатат агарып,

Жүнүнө окшоп тытып койгон энемин.


Бийик тоолор бир-бирине жанашып,

Турушкансыйт ай, жылдызга карашып.

Карап турсам көк да көкмөк, көл көкмөк,

Ушул түнгө калды окшойт жарашып!


Жай түнүндө жаңы ырларым төрөлүп,

Турган кезде турдум бакка жөлөнүп.

Рахаттуу ушул тынчтык өмүрдө,

Тургум келди бешигинде бөлөнүп.



БОЛСОМ ДЕЙМ
Агам дыйкан алачыкта отурам,

Көзүм албай дарбызынан, коонунан.

Бирин алсам агам мага мындай дейт:

«Аны тим кой, жегин тордомосунан».


Жыты жыттуу мурунума өрдөгөн,

Көптөн бери мындай коон жебегем.

Мен агамдын кубатына таң калам,

Чаалыктым ай, чарчадым ай дебеген.


Жедим коонду, суусаганым тарады,

Жегениме сүйүнгөндөй карады.

Мен агамдай баба дыйкан болсом деп,

Ойлор келип, көңүл эңсеп самады.



БАР ЖОКТО ДА...
Сый көрсөттүң, чайың коюп, май коюп,

Дедиң анан: Берсем кана кой союп.

Дасторкондо болбосо да бардыгы,

Калган элем пейилиңе мен тоюп.


Кетеримде: «Таарынбагын буга деп,

Өз алдыңча кейий бердиң, кайгы жеп.

Бул дүнүйө бирде бар да, бирде жок,

Катуу тийди ушул жагдай, ушул кеп.


Неге десең дал өзүңдөй турмушум,

Бирде бармын, бирде жокмун курусун.

Мага кымбат байлык менен дос болбой,

Бар жокто да достой бекем турушуң.



ОШОЛ ТУРА
Колдо жокто бар болсо деп тиледим,

Бар да болду, дүйнө таап шиледим.

Көзүм тойбой, бир тыйынын коротпой,

Үстү-үстүнө дагы келди шилегим.


Чыгашага жүрдүм абдан-кайгырып,

Жакынымдан калган өңдүү айрылып.

Жандай көргөн досум болдуң дүнүйө,

Тапкан сайын этек-жеңим май кылып.


Жыргал дедим жыргалына эридим,

Жардысың деп жакындарды жеридим.

Көкөлөтүп жаткан сайын дүнүйө,

Өмүр бою келбей калды бөлүнгүм.


Муну билип ага тууган кейишкен,

Менден качты жолдошторум күйүшкөн.

Ар-намысын дүнүйөгө сатты деп,

Жарым кетти жаш күнүмдөн сүйүшкөн.

Байлык менен көрүнөмүн деп жүрсөм,

Дүнүйө үчүн күндө кайгы жеп жүрсөм.

Зоболомду көтөрөт ко деп жүрсөм,

Бийикмин деп кубат алып бек жүрсөм.


Сен дүнүйө мени алдаган экенсиң,

Мен ээрчисем, сен жандаган экенсиң.

Амал менен азыткыдай ээрчитип,

Абийиримди сен жалмаган экенсиң.

Кеткин ары, куубайм эми артыңан,

Мен элиме эмгек этсем татыган.

Маңдай тердин көрүп өтсөм үзүрүн,

Ошол тура таттуу тамак, таттуу нан!



Кыш
Күн тийген менен чачырап,

Күч алат аяз кычырап.

Күбүлгөн кардын тозоңу,

Күмүштөй болуп чачылат.


Капкачан солуп шибер чөп,

Өзөндө тоңгон муздар көп.

Мемиреп жатат кең талаа,

Үстүнөн баскан карды өөп.


Үзүксүз жүндөй созулган,

Тоо боорлоп жылат боз туман.

Бурулдап суук жаткансыйт,

Бозоргон аяз оозунан.


Бүлбүлдөп аткан ак таңда,

Чыга албай үйдөн жатканда.

Куш болуп учуп кетсем дейм,

Алыскы жылуу жактарга!



ДОСТОРУМА
Кездешкеңде досторум сагынышып,

Кубанычым кеткенсийт ашып-ташып.

Силер менен дагы эле ойносом дейм,

Чаң чыгарып көчөдө кучакташып.


Бул турмуштун жолу бар өйдө-төмөн,

Көңүл бурбай мен ага жашап өтөм.

Силер барда бийикмин анан дагы,

Көп бутактуу дарактай болуп кетем.


Балалыктын мүнөзү улам кала,

Мезгил өзү улгайтат бара-бара.

Силерди эстеп колуна калем алды,

«Топчу» дечү баягы кара бала.



АЙЫЛДЫН СОНУН КЕЧТЕРИ
Айылдын сонун кечтери,

Жеткизем кандай тил менен.

Көңүлдү көккө көтөрөт,

Жыпар жыт аңкып төр менен.

Кыялдын минип кайыгын,

Кызыктуу ойго термелем.


Айылдын сонун кечтери,

Денеңдин жазат бүт черин.

Кылкылдап баткан күн нуру,

Кызартат тоонун бир четин.

Айылды шаңга бөлөшөт,

Жумуштан кайткан кыз-келин.

Ошолор менен иштешпей,

Турганым кара, эх, менин!



Оңолдум
Көпкө кетпей улам мени тооруган,

Айыга албай жүрсөм ушул оорудан.

Дыйкан ата: «Дартка даба, жегин»,– дейт,

Тилип берип сары бышкан коонунан.


Көпкө ооруп көтөрө албай бооруман.

Жапа чегип жүрсөм улам оорудан.

Баочы мага: «Дартка даба бал же»,– дейт,

Кыдыр Ата жолуккансып жолуман.


Балды, коонду танбай жедим оңолдум,

Ач көз оору менден качып жоголдуң.

Коон өстүрүп, бал челекти көбөйттүм,

Көптөн бери бопбош жаткан короонун.

* * *

Мазмуну
Поэмалар

Жамийла


Акын жүрөгү

Жаңылыш


Өчпөгөн махабат

Ырлар

Мен бакытты издеп жүрсөм

Түшүнөлү

Билгиле


Түбөлүк

Кереги жок башканын

Жаштарга

Жолон Мамытовго

Чынгыз Айтматов

Күзөбаев Макай Төлөгөнөвичке

Чаткал суусу

Күмбөсүнө баргандагы ой

Кайра келем

Байлык


Этаждагы экөө

Досума


Жалынам

Тандыр нан

Акын

Каалап кетем ээндикти



Кетти жаштык

Чилдеде


Сыймыктанып кетемин

Эми таптым бактымды

Жүрөк ооруганда

Каталык


Жүрмөкмүн го кейибей

Ат жөнүндө

Балама

Биз отурган отургуч



Каламга

Турмуш мени калчаары чын чүкөдөй

Суусамыр

Кыргыз жери

Болбосо экем майда акындын бириндей

Экинчи апа

Ырлар жаздым

Черимди жаздың чоң тору

Кыргыз элим

Арманым жок

Колдоруна кут куйган

Жаңы жыл алдында

Кубаныч кез

Сайрады торгон чер жазып

Кара-Буура суусу

Сергей дос

Шофер

Дыйкан абам



Билгин эрке

Короого тигем алмак бак

Бороон

Плотник


Бала жыты

уста

Жаштыгымды сагындым

Иниме

Бөбөккө


Сен да тиккин алма бак

Айылымдын эң кадырлуу карысы

Тракторист Камчыбай

Шофер жигит Медетбек

Мактап коет кетменин

Ак чийим

Гүлай

Агам Сатылганга



Чыке жөнүндө

Жумушчулар

Акын менен кездешүү

Жокчулук

Айылдагы жеңеме

Эстелик


Мажүрүм тал

Унутпасмын

Тилек

Бишкегим



Таласым

Комуз


Көл жана музыка

Салкын жайлоо

Жарыма

Заман кантип оңолсун .



Тоого барам

Мугалим


Мен элиме бар күчүмдү бүт берип

Тоо жолунда

Жайлоодо

Жаз келгенге сүйүндүм



Махабат сыры

Сен мени сүйөм дечи

Салкын бак

Эгерде көргүм келсе элесиңди

Сүйөм дебе

Калдымбы махабаттын талаасында

Ага чейин

Каттар жаздым

Жибек жел, кайын болбосо

Кош эми


Жаан күнү

Кетпей койду

Жүзүм кыз

Көөдөнүмө куланып

Сага

эңсөө

Көп күн болду

Жанымда жүрчү

Келген жоксуң

Махабат тырс-тырс чертсин терезесин

Мен ашык болгон көзүндө

Болбостур

Турам канып

Кошуна кыз

Билбейсиң

Жарыма

Жатат толкун терметип



Эсти оодарып албырат

Таап алгын

Качан жетем

Аял жөнүндө

Сагынтпа мени

Кат


Жаным

Секет


Сулууга

Сагындым сени

Сонун

Ойнойлучу кар чачып



Өзүң дейт

Буруп коем көз кырын

Күттүм сени

Кучагым жылып жатканга

Айсулуу

Жеңе


Кездешпейбиз

Шүүдүрүмдөгү ой

Ичпейт дебе

Ушул жолдо

Түндө

Коңшум бар



Суу

Таңкы жел

Булак бар

Картайбасын

Жалкоого

Менин байлыгым

Бүркүт булут

Дыйкан иним

Жамгыр жаады

Абдан кейийм

Мен айылдан алыс кетпейт окшоймун

Түнкү элес

Кичинем

Жоголгондо каламын

Сугатчынын баласы

Жүрчү айылга баралы

Айылымда төрт мезгил

Жалгыз тал

Ырларыма

Эх, мезгил сенин тездигиң

Сөзүм бар

Анда мен акындыкты улаганым

Ачуусу бар, таттуусу бар турмуштун

Сугатчынын сөзү

Жайдын түнү

Болсом дейм

Бар жокто да...

Ошол тура



Кыш

Досторума



Айылдын сонун кечтери


© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет