Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар



бет2/7
Дата27.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#160806
1   2   3   4   5   6   7

АКЫН ЖҮРӨГҮ

(поэма)
Кыйышпай жашап жүргөн эки жолдош,

Жолдошту сыйлабаган өмүр оңбос.

Бирөөсү чөп албаган кудай момун,

Бирөөсү айбаттуу эр кудум жолборс.


Арадан айлар өтүп, жылдар өтүп,

Экөө тең максат кылган ойго жетип;

Бирөөсү падышалык такка отурат,

Бирөөсү акын болот ой терметип.


Экөөнүн аты тарайт алыс жакка,

Сүйүнөт отурганы бийик такка.

Сүйүнөт акын дагы таңды атырып,

Тигилип каректери жазган сапка.


Экөө тең чын сүйүүгө кабылышып,

Экөө тең бир сулууга болот ашык.

Акыры ал сулууну талашышып,

Кетишет жолдош болбой алысташып.


Коркпостон падышанын бийлигинен,

Ыр жазат акын кызга түнү менен.

Элесин Айперинин эстегенде,

Жаш тамат тып-тып этип кирпигинен.


Жөнөтөт жазган ырын тааныш кыздан,

Жооп жок, ал ансайын ичтен сызган.

Күн-түнү ойлой берип көз ирмебей,

Сүйүүдөн күйүт күчөп өңдөн азган.


Не кылат, кандай айла, кандай арга,

Асылып калайын дейт болсо дарга.

Анте албайт, бирок чиркин чымын жаны,

Алдастайт урулгансып аска-жарга.


Күйүттүү ырлар чыгып жүрөгүнөн;

Айрылса эмне болот чүрөгүнөн?..

Жөн эмес атаандашы тактагы адам,

Бир күнү асып коёр тирсегинен.


Бул ойлор алкымынан колсуз сыгып,

Үстүндө отургансыйт бир дөө жыгып.

Ошондон калемине колу барбай,

Эс алып келейин дейт тоого чыгып.


Булактын тунук суусун сузуп алып,

Чаңкоосу басылганча ичет канып.

Не түркүн жыпар жыттуу гүлдөрдү искейт,

Көркүнө табийгаттын кумарланып.


Жагымдуу жибек жели желип өткан,

Мөлтүрөйт карагаттар төмөндө өскөн.

Сайрашып кекиликтер ар кай жерден,

Бүркүттөр канат кагат шаңшып көктөн.


Шибер чөп балтырыңдан сылап өтүп,

Отурсаң алдың жумшак былк-былк этип.

Маралдар токтой калып маңкайышат,

Шырп эткен добуш чыкса үркүп кетип.


Асманда сүттөй аппак булут жылып,

Сайрады торгой үнүн жыбылжытып.

Бардыгы мүрөк суудай канга тарап,

Баратты жан дүйнөсүн тамылжытып.


Бардыгын көркөмдөтүп кошту ырга,

Окуй бер, өз алдыңча көлкүп жырга.

Ширетти сөз берметин, сөз ширесин,

Арнады махабатын сулуу кызга.


Жөнөттү тааныш кыздан жазган ырын,

Чертсе дейт ушул ырым жүрөк кылын.

Эгерде жооп болбосо ушул ирет,

Ойлоду өлүп анан тынарлыгын.


Ыр укмуш, окуйт сулуу кумарлана,

Мындайын мурда эле билсе кана.

Негедир бир дүрт этип дене бою,

Албырттап эки бети кетти жана.


Сезди анан ичтен сүйүп калгандыгын,

Ыр менен өзүн арбап алгандыгын.

Ой тообо, төшөгүндө уктап жатып,

Түш көрөт келин болуп баргандыгын.


Сулуу кыз так вазирдин кызы эле,

Бактысы кубанычы, баарысы эле.

Аялы көпкө чейин перзент көрбөй,

Акыры төрөп берген жалгызы эле.


Нур менен, күмүш менен жууган беле,

Нурданып айды уялткан сулуу эле.

Ичке бел, көзүң албай суктанасың,

Капырай тууду экен деп кандай эне.


...Дал ушул вазир мурда такта туруп,

Азизге таң да калчу улутунуп.

Кол салган душмандарды талкалачу,

Байкатпай капыс жерден соккуну уруп.


Эрдиги хандын чыкпай санаасынан,

Баа берчү кол башчылар арасынан.

Ийилип сылыктыгы айрыкча эле,

Көрүнчү жакын болуп баласынан.


Ойлочу: «Эли, жерин коргоору чын,

Хан болсо бөтөн жактан учпас чымын.

Бейкутта Атажуртум жашаар куунап,

Болбостон сырт душмандан бөөдө чыгым».


Ушуну ойлой, ойлой айга жетпей,

Тактыны алдырам деп кайгы чекпей.

Азизти чакырат да хан болгун дейт,

Жүрөгү жаш жигиттин кетет селт дей.


«Сен жашсың, жашаар күнүң алды жакта,

Сен отур, кызыкпадым ушул такка.

Бир гана айтаар сөзүм мына ушундай:

Чынчыл бол, абийириңди бекем сакта.


Сен эрсиң, акылга да толгон кезиң,

Билемин сага эч ким теңелбесин.

Уга жүр вазир кылсаң акылымды,

Өчпөсүн ортодогу жылуу сезим».


Бүт оюн элге айтып, такты берип,

Калды хан түшкөн менен жеңилденип.

Мына эми ошол хандын кызын сүйүп,

Баратты жагдай улам тереңденип.


Күч менен алайын дейт ага себеп,

Хан болгон вазирине эмне демек...

Бир жол бар: Кыздын тунук жүрөгүнө,

Үрөнүн махабаттын себүү керек.


А кыздын жүрөгүндө жалындаган,

Сүйүү бар эч бирөөгө жаңылбаган.

Сүйүүсү Азиз хандын куру далбас,

Канчалык таңган менен таңылбаган.


Азиз хан кыз жүрөгүн жеңүү үчүн,

Жумшайт бардык акыл, бардык күчүн.

Жооп айтат кыз да ага тартынбастан:

«Сүйө албайм, сүйгөнүм бар, ханым түшүн».


Баарынан ашыктыктын ашып күчү,

Унутту жакшылыкты, болбой иши.

Билинбей, шек саналбай калбайбы дейт,

Сулууну уурдап кетсе бөлөк киши.


Чакыртты Кыпчактагы жакын досун,

Айтты ага бул оорудан оңолбосун.

Отуруп өз алдынча план түздү,

Азиз хан: «Мен жөнүндө шек болбосун».


Бир күнү Кыпчак кызды алып кетти,

Кол алып эртесинде Азиз жетти.

Бул иштин баарын өзү баштап алып,

Билмексен болуп айтат мындай кепти:


«Кыпчагым билгизбестен ала качып,

Из менен кечиктирбей келдик шашып.

Ыраазымын силер бизге каршы турбай,

Тосконуңар достордой кучакташып.


Бергиле кызыбызды колубузга,

Келбесин жамандык иш оюбузга.

Биз элбиз, биз да ушинтип кайтарарбыз,

Кызыңар түшүп калса «торубузга».


«Жок»,– деди сөз учугу тереңдеди,

Калп эле Азиз ага элеңдеди.

Кыпчак хан: «Туткун болгон шордуу кызга,

Үйлөнсөң анан гана берем»,– деди.


Сөз бирөө, суроо бирөө, Азиз шашты,

Унчукпай, сырдуу карап, кагат кашты.

Ичинен кубангандан жымың этип,

Жүрөгү кирген суудай толкуп ташты.


«Кыйнадың ай кыпчагым алда канча,

Күң менен падышаны сыйлаганча.

Тартуулап кырк жоргону бербейт белең,

Дейт анан: «Мен макулмун айла канча».


Ошентип чыңаймын деп биримдикти,

Жетчүдөй жоокерлерге боз үй тикти.

Бөтөн жер, бөтөн элде дүңгүрөтүп.

Үлпөттүү үйлөнүүнүн тою өттү.


Укканда мунун баарын акын жигит,

Кыйналды кайгы үстүнө кайгы чегип.

Ким үчүн ырлар жазат, кимге арналат,

Кыстыгат бараткандай сууга чөгүп.


Илмийген ичке колу калем кармап,

Ыр жазат жүрөгүнө келип салмак.

Бул лира кубат болуп, бел болбосо,

Жүрөккө курч канжарды малып алмак.


Кайгылуу махабаттын даамын татып,

Кыз ыйлайт жашын төгүп, шору катып.

Көрүнбөйт алтыны да, каухары да,

Салынган ак сарайы заңгыратып.


Не бир кыз тегеректеп карайт аны,

Алмашып келе берет жетпейт саны.

Алдында не бир түркүн дүйүм тамак,

Ооз барбайт калган менен араң жаны.


Падыша бул жорукка жини кайнап,

Акынды кишен салып келди айдап.

Кол менен малайлары тамак берип,

Бактагы замби талга койду байлап.


«Э-э-эй Акын! Мага келет теңелгиниң,

Бил эми, түшүн акмак, тегиң кимиң.

Сүйгөм де, эми такыр сүйбөсүңдү,

Ачык айт кыз алдында билдиргиниң!..


«Жүрөгү акындардын назик болот,

Чын сүйсө махабаты кантип солот.

Мен сүйөм мүрзөмдө да сүйүп жатам,

Башым ал, мен даярмын кана жогот!»


Эриткен адам эмес кара ташты,

Акынды вазир эми тааныбаспы.

Кызынын чын сүйгөнү ушу экенин,

Билбеген, көзүн неге кара басты.

«Э-эй, ханым! Коё бергин жигитти»,– деп,

Вазири жер тепкилеп кыйкырбаспы.


Не кылат турган менен ачуу келип,

Аргасыз вазир айткан сөзгө көнүп.

Бошотту. Бирок акын сыздап калды,

Бараткан Айперинин жашын көрүп.

Тырмагын салган менен ошол заман,

Экөө тең сак-саламат жүрдү аман.

Азизтин көзү катты перзент көрбөй,

Мындайча бир окуя болду анан.


Кол курап кекенген жоо каршы чыгып,

Байкоостон басып алат, элин кырып.

Туткунга Акын түшөт, Азиз түшөт,

Колдорун бекем байлап кайыштырып.


Жеңген хан тааныган соң Акынды эми,

Колдорун бошоткун деп буйрук берди.

Ырларын үн кубултуп окуду анан,

Сарайда мен, мен деген артисттери.


Шолоктоп кээ бирлери ыйлап жатты,

Ырды угуп эл козголбойт, таң да атты.

«О, о чиркин кандай адам көтөрө алат,

Кайгылуу мындай оор махабатты!..»


«Ким жазды, кайгысы күч кандай акын,

Жан барбы айтып коёр анын атын?

Чиркин ай, мурда эмне билбей жүрдүк,

Ырдын да мындай күчтүү иллазатын».


...Ыр бүттү. Ырдын бүтпөй жаңырыгы,

Ар кимдин түтөп турду каңырыгы.

Сыр бербей, көз ирмебей турган хандын,

Акыры мындай болду жаңылыгы:


«Мынакей күйүт менен жүргөн акын,

Көтөрбөй, көкөлөтпөй талант баркын,

Отурат Азиз мына мышык болуп,

Колунан сууруп алып махабатын.

Ким болсун таланттуунун аты улук,

Өнөрү өмүр бою кетпейт куруп.

Өзүңө, талантыңа таазимим бар,

Кел бери Акын балам өйдө туруп».


Эл дүрбөп, Азиз ханга жакын келип,

Түкүрөт, кээси кетет муштап, тебип.

Негедир жеңген хан да бошоп кетти,

Көзүнөн мончок жаштар тегеренип.


«Азиз хан! Жеңип далай канып дабаң,

Колундан каза болгон жалгыз балам.

Нааданга наадандарча жооп берүү бар,

Өзүң айт, өзүң ойлон, эмне кылам?»...


Дегенде Азиз ага табалбай жооп

Ырайым сурагандай унчуккан жок.

Сөз алып Акын эми сүйлөп кирди,

Шаңшыган асмандагы бүркүткө окшоп.


«Азиз хан! Сурагансың менин тегим,

Тегим бул: Элим жана ырым менин.

Түшүнсөң сенден бийик падышамын,

Көрдүңбү мына акындын ким экенин!?»...


Ушинтип баары кетип, сөздөр бүтүп,

Арадан айлар өтүп, жылдар өтүп.

Жашаптыр Акын менен Айпериси,

Дүйнөгө махабатты көкөлөтүп.


Айпери кыздуу болот, уул табат,

Айланып бакыт кушу канат кагат.

Таланты ай-ааламды дүңгүрөтүп.

Өзү өлөт, өлбөй Акын аты калат.



Жаңылыш

(поэма)
Бүтүрүп барган жерден соода сатык,

Кайтууга айлыбызга туура таптык.

Капарсыз кыялданып рахаттуу,

Зуулдап «Жигулиде» келе жаттык.


Жыпжылуу, мемирейбиз, балкып дене,

Жол узак, күүгүм кирип калган эле.

Качанкы баштан өткөн окуяны.

Жашырбай айтып келет Жакып аке.


«О, о ал кез, мен силерден жапжаш элем,

О, о чиркин! Ал кайрылгыз убак белем!

Унутпайм студенттик жылдарымды,

Таанышкан күндөрүмдү Галя менен.


Болсо да бөлөк улут, орус кызы,

Тапчуудай жашоодогу ырыскымы;

Мажнундай бир көргөндө ашык болдум,

Комуздай күүгө келип жүрөк кылы.


Тамылжып аппак жүзү мөлтүрөгөн,

Төгүлөт жибек чачы өрүлбөгөн.

Оп тартып өзүн көздөй бараткансыйт,

Сыйкырлап кайсы бир күч көрүнбөгөн.


Кашы да карлыгачтын канатындай,

Караган боз уландар калат жылбай.

Кирпиги, кирпигичи Сарыжаздын,

Тизилип өсүп чыккан камышындай.


Бир тутам ыргай мисал, ичке бели,

Жараткан берген экен баарын деги:

Турпатын акын гана ырга кошот,

Көзүмө көктөн түшүп келген пери».


«Карачы, Жакып аке кызык адам,–

Деп айтып кыткылыктайт улам Аман.

«Галя эже бир көргөнгө татынакай,

А бирок пери десе күлөм да анан».


«Кой анда мен айтпайын, сен укпагын,

Чын эле жадаттымбы?.. Тынч уктагын».

«Абаке ай, андай эмес, тамашам го,

Кечиргин, болбос сөзгө тырчыкпагын».


Ормоё карап алып Жакып аке,

Тим болду кобуранып өзүнчө эле.

Сезбеппиз түндүн качан киргенин да,

Убакыт учкул беле, закым беле.


Кызыгып сөз учугун күтөт Аман,

«Айтсаңыз, айтсаңыз» дейт Жакеге улам.

«Мейли анда, какшыктабай жөн ук баатыр»,–

Дейт дагы күлүп коёт ууртунан.


...«Ошентип пери кызга болдум ашык,

Жүрөгүм махабатка ашып ташып.

Ойгонсом ойдон кетпей элестери,

Ээрчитет кошо басып бараткансып.


«Кой»,– дедим,– жүрө бербей сугум артып,

Сырымды төккүм келди баарын айтып.

А бирок сүрдөнгөндөн эрким жетпей,

Кат жаздым ак кагазга бадырайтып.


«Галяжан көз караштан сезсең эгер,

Ал караш төгүлбөстүр сага бекер.

Колуң бер кош толкундай жарышалы,

Гүлдөтүп күлгүн жашты ого бетер.


Жок десең менде калбайт эч бир арга,

Урунам тоого, ташка, аскаларга.

Күбүлөм суусуз калган курмага окшоп,

Сүйүүдөн күнүм түшсө башкаларга.


Бир гана сүйүүм сенсиң, гүлүм сенсиң,

Мен үчүн батпай турган күнүм сенсиң.

Жооп бер алар менен бул катыма,

Жүрөгүм кубанычтан күлүңдөсүн».


Арадан бир жумадай күндөр өтүп,

Жүргөндө жооп алалбай тынчым кетип.

Галина капысынан жолукпаспы,

Күлкүсү тоо суусундай шыңгыр этип.


Жалындайм катарында бара жатып,

Билеби?.. Жүргөнүмдү санаа тартып.

Билбестир, билбесе да ак жүзүнө,

Караймын кайра-кайра сугум артып.


Антсем да жооп күтөм сырды бербей,

«Не кылам?.. Басып кетсе сөзгө келбей?..

Башыма не бир түркүн ойлор келди,

Уюлгуп басылбаган куюн желдей.


Көтөрүп көңүлүмдү шайырлыгы:

«Катыңда жазыптырсың өз жайыңды.

Кой эми, тоого ташка урунбай жүр,

Жүрбөйүн таппай калып дайыныңды».


«Ооба чын, таппайт элең дайынымды,

Жоготсом сендей сулуу айымымды.

Жете албай сүйгөнүнө жан кечти деп,

Дүрбөтүп коймокмун го айылымды».


Дегенде каткылыктап күлдү бир аз,

Күн чыгып, көркүн ачып болгондой жаз.

Жибектей мүнөзү да жумшак, назик,

Баратат коргошундай эритип наз.


Аздан соң бирге жүрдүк колтукташып,

Отурдук гүлзарларда көңүл ачып.

«Я, Жакып силерде эмне, салтпы деги.

Жигиттер таанышабы каттар жазып?»...


«Жок, Галя, сенден сүрдөп жазбадымбы,

Кат жазып сырды түгөл ачпадымбы.

Бирөөлөр жүрөгүңө от тутантып,

Талаада каламбы деп шашпадымбы».


...Ошентип бирге өткөрдүк айды, жылды,

Экөөбүз жашырбадык бардык сырды.

Шаардан такси менен үйгө түштүк,

Билбегем болот ко деп мындай чырды...


Айылга келин келди дээр замат,

Келишти коло коңшу ошол самат.

Атакем орус кызын көрөр менен,

Каарданып жеп ийчүдөй карап турат:


«Бул эмнең? Шылдыңыңбы, айтчы балам?!

Кубанбай намысыма өлүп турам.

Окшошпойт тилибиз да, динибиз да,

Кантип мен бул кордукка чыдай алам?»...


Деди да камчыны алып кирди уруп,

«Жоголгун!.. Балам жок дейм, кеткин куруп!

Ата деп эгер мени сыйлайм десең,

Муногу орус кызды азыр курут!»


Урушпайт, коркпогун деп айткан элем,

Галяжан мени карайт элең-элең.

Кол шилтеп азыр кетип калабы деп,

Калч-калч дейт ток тийгендей бүткүл денем.


Айланса болот элден миң бир эсе,

Сүйлөдү Жолон ата колун кесе.

«Сен эмне, мынча неге чочулайсың,

Келген кыз шаарда өскөн орус десе?..


Улуу журт, улуулугун сезем күндө,

Кол созот достошууга аалам мүлдө.

Андыктан кол кармашып бир жашашсын,

Не жазык чын сүйүшкөн экөөбүндө.


Кой Карып, адам болгун, айбан болбой,

Секирбе, эл алдында жеңил топтой.

Өз балаң, өз келиниң, кайра сүйүн,

Кубанткын эки жашка берип чоң той».


Дегенде апам жоолук алып чыгып,

Салды эле, Галя да ызаат кылып,

Жүгүндү. Үйгө кирбей, атам болсо,

Акырын эл ичинен кетти жылып.


Мындайда жаштар карап турмак беле,

Ыр ырдап, бий бийлешет тегерене.

Ал күнү той тамаша көпкө уланып,

Өзүм да калгансыдым жеңилдене.


Галяга Күлүйпа деп койдук ысым,

Айылдан мен алыпмын орус кызын.

Мулуюп келинине корс-корс сүйлөп,

Атакем айтпай жүрдү жаңылышын.


Ушинтип өтүп жатты турмуш шары,

Достукка үйрөнүштү элдин баары.

Орустан келин келсе эрөөн көрбөй,

Эч кимдин болбой калды жумуштары.


...Сөзүн да Жакып аке бүткөн белем,

Ушундай аяктайт деп күткөн элем.

Төгүлдү чыгыш жактан таңдын нуру,

Ал нурга сергектенип жыргап келем.


Күн чыга үйгө жетип кирип барсак,

Кемпир чал кобурашып отурушат.

Там жылуу, печка үстүндө чайнек кайнап,

Төр жакта балдар ойноп топурашат.


«Чай ичип отурууга болбойт эч бир,

Жол алыс, кетеличи, ата кечир».

Дегенде сыйкор ата өчөшкөндөй,

«Күлүйпа, куурдак кууру, ошол тездир».


Дегенде айла кетип, макул болуп,

Отурдук чайын ичип, көңүл толуп.

Анан биз суроо бердик, сүйлөп кирди,

Жайкалган ак сакалын сылап коюп.


Сүйлөсө сөзгө чечен, сөзү кызык,

Өткөндү айта кетти сөзгө кызып:

«Ээ балдар, чоң каталык кетирипмин,

Бир кезде өтө катуу жаңылышып.


Ойлосом бардык улут бирдей экен,

Достукта элиң тынч да, чебиң бекем.

Анан мен эмнеге анттим дейм да,

Өзүмчө отурганда кейип кетем.


Мына эми куттуу үйдө бакытым чоң,

Не дейин ынтымактуу жашаган соң.

Неберем жарашпайт деп күлүп калат,

Кээ күнү көңүлдөнүп кошо ойносом».


Сөздү угуп ордубуздан турар кезде,

Сулуу кыз саламдашып кирди бизге.

«Тун кызым онунчуну бүтөт деген,

Жакыптын айткандары эсибизде.


Карачы Галяга окшоштугун,

Денем чок, артып барат ага сугум...

Тартынбай көзүм тойбой карай бердим,

Карекке түшүрсөм деп сулуулугун.


Эшик кар. Күн күлүңдөйт, тапсыз тийип,

Барпаят бак дарактар аппак кийип.

Тагдырга миң мертебе ыраазы элем,

Эгерде кыз да мендей калса сүйүп.


Унчукпай, сыр билгизбей түштүм жолго,

Бир ирмем көз карашы салды ойго.

Мен аны көрбөйт элем өмүр бою,

Биз менен Жакып аке болбогондо.



Өчпөгөн махабат

(поэма)
Сапырып чаначгагы кымызынан,

Ичкин дейт жылкычынын кызы улам.

Мен дагы атайылап апкелгенмин,

Үйдөгү алмалардын кызылынан.


Кызга алма, мага кымыз жагып турат,

Кареги жалындатып жанын турат.

Жүзүнөн аткан таңдай нур төгүлүп,

Көркүнө көз кумарым канып турат.


Бошобой Жакып аке жылкысынан,

Көрүнөт бөксө тоонун кыркасынан.

Мөл булак күн нуруна чагылышып,

Шылдырап агып жатты жылгасынан.


Ишим жок, сыртка чыгып кайра кирем,

Кантмекмин, жадаганда чылым чегем.

Сайра да келгенимди билип туруп,

Убара үй тиричилик иши менен.


Түш ченде кайра баштан кымыз куюп,

Сайражан айтаарымды турду туюп.

Анткени өткөн жолу кат таштагам,

Жооп болбой ошол бойдон калган туюк.


Билбеймин, айтаар сөзүн эмне деп,

Турамын денем ысып, чекем тердеп.

«Я, Сайра, өткөндөгү жазган катты,

Жоксуңбу окубастан өрттөп, тепсеп?!.


«Жок ава, окуганмын, али турат,

Берейин дедим эле калса сурап.

Не күнөө ак баракта, ак сүйүүдө,

Жалындап жанып турса жаштык курак.


Керекпи?.. Каткан элем бекем жерге,

Окуймун эске түшсө кээ бирлерде.

Анткени ырларыңыз абдан жакты,

Өрт койгон ойгоно элек сезимдерге.


Күлдү ал күлкүсү да коңгуроодой,

«Аяймын кээ күндөрү ойлой-ойлой.

Эгерде чын сүйсөңүз не жүрдүңүз,

Эртелеп сырыңызды айтып койбой,


Билесиз комузчуну, Керимбекти,

Эң алгач махабаттын гүлүн экти.

Абаке, кечириңиз, кечиктиңиз,

Ак сүйүүм башка жакка учуп кетти».


Не дейин махабатка кулдук уруп,

Теңселип мас кишидей калдым туруп.

Аларды элестетип кеттим анан,

Лайли менен Мажнунга окшоштуруп.


Өкүнөм, ичим жалын жетпегенге,

Билемин ал жигитти – кекеч неме.

Шылдыңдап күлүп калчу келин-кыздар,

Кыйналып сүйлөгөндө кекечтене.


Чын экен кеп өңдө эмес сүйгөн сулуу,

Сүйүшкөн мындайлардын жолу улуу.

Сен сүйсөң, ал сүйбөсө аз өмүрдө,

Не керек куру бекер турмуш куруу.


Шашылам кетким келип, сырын билип,

Жаман ой көөдөнүмдү турду тилип.

Кап десең! Жигитчилик намыс арым,

Калдыбы кыз алдында тебеленип?!.


Негедир жек көргөнсүп карайм ага,

«Кечиргин күнөөм болсо мени ава,

Мейли хан, зоболосу бийик болсун,

Алмашпайм жер үстүндө башкаларга.


Аскерге чакыртылып кеткенине,

Болду азыр аз көбү жок үч ай эле.

Ооганга кеттим деген каты келген,

Агатай айтканымды жалган дебе».


Боз үйдө анын сөзүн угуп бүтүп,

Отурам жылкычынын жолун күтүп.

Кечке маал үйүр-үйүр сан жылкылар,

Келатты тоо арасын дүңгүрөтүп.


Баар тапкан ушул жайлоо конушунан,

Отурду – ичип коюп кымызынан.

Эң чебер комузчу экен жылкычы ава,

Төгүлдү залкар күүлөр комузунан.


«Эрбеңдеп караңгыда кетпейсиң деп,

Кетсең да таң атканча жетпейсиң деп»,

Урушту, урушканы жакшы болду,

Жыргадым казы, карта, чучугун жеп.


Арадан күндөр өтүп, айга толуп,

Айылдан шаарга кеттим бир жыл толук,

Сайраны келер менен сураштырсам,

Калыптыр Керимбектен кыздуу болуп.


Керимбек кеткен бойдон келбей калган,

Өлтүргөн чекеге атып жоокер авган.

Буйрубай Атажурттун топурагы,

Денесин бензин менен өрттөп салган.


Ал жактан телеграмма, кагаз келип,

Почтальон ата-энеге кеткен берип.

Сайра угуп ага такыр ишенбеген,

Жигитин сак-саламат элестетип.


Жок, чындык ыйлабачы жаным Сайра!

Өчкөн жан, өчкөн өмүр келбейт кайра.

Кубантып, кайгылантып адамзатын,

Дүйнө — өмүр агып жаткан албуут дайра...


Таң калдым Керимбектен кыздуу десе,

Кандайча?.. Баш кошушуп албай эле.

Бир айга, же болбосо бир аз күнгө,

Аскерден отпуска алып келди беле?..


Антпеген чындыгында мындай болгон,

Жай болуп кездешүүгө эски коргон,

Бир жолу Керимбектин ышкысы артып,

Кой десе өлөмүн деп болбой койгон.


Үйлөнөм кызмат өтөп келсем деген,

Арман жок кайра эртерээк көрсөм деген.

Мына эми ичи улам чоңойгондо,

Ой келет мындан көрө өлсөм деген.


Таратып ушакчылар ушак айың,

Какшыктап ар намыска тиет дайым.

Баардыгын кенебеген пил экенсиң,

Бото көз карындашым кагылайын.


Сен эми наристени сактап калдың,

Энелик ак сүтүңдү актап калдың.

Элим деп, эл коргогон эр жигиттин,

Ысымын, өлбөстүгүн даңктап калдың.


...Арадан бир жыл өтүп кайра келсем,

Сайражан кызы менен үйүндө экен.

Кетиптир мурдагыдан сулуу болуп,

Калтаарып карашынан ысыйт денем.


Көркүнө көөнүм тоюп азыктана,

Сүйүүмдү сездирсем деп ага даана,

Атайлап алып келген шакегимди,

Кабынан суурун чыгып сундум ага.


«Сайражан, ушу менен экинчи ирет,

Өзүңө келгениме сүйүүм себеп.

Макул де, кол кармашып бир жүрөлү,

Аталуу болуп өссүн бул секелек.


Ишенгин көргүм келип сагынганмын,

Билерсиң жүрөк оту жагылганын.

Баары бир өзүң болсоң болду мага,

Айтпагын сен сүйүүдөнжаңылганың».


«Агатай билбей турам эмне дээрим,

Ар кимде боло бербейт мындай сезим.

Өчө элек жүрөктөгү махабатым,

Дал ошол өлчөмүнөн кемибесин.


Билбеймин жашоом канча, азбы көппү,

Алса алсын, менден алсын тагдыр өчтү.

Жок десин, келбейт десин, эмне десин,

Сүйүүм ак, сүйө берем өлгөнчөктү.


Гүлүм да, күнүм дагы ушул кызым,

Көргөндө жүрөк жылып жалындасын.

Рахмат мына ушинтип келгениңе,

Ак сүйүүм башкаларга жаңылбасын».


Баа берип, баа жетпеген ушул сөзгө.

Урунбай жашаса дейм суук көзгө.

Түшүнсө ушул тагдыр кандай себеп,

Жүрөгүн калбыр кылып жүргөндөргө.


Кантмекмин жолго түштүм сыртка чыгып,

Неге мен таарынмакмын угуп туруп.

Махабат чын сүйүүдө балдай таттуу,

Махабат чын сүйүүдө кирсиз тунук.




Ырлар

Мен бакытты издеп жүрсөм
Мен бакытты издеп жүрсөм табам деп,

Жүргөн экен жанымда эле күлүңдөп.

Ал бакытым элимдеги тынччылык,

Кайгы билбей, майрамдаган күнү көп.


Мен бакытты тилеп жүрсөм Теңирден,

Таптым аны жашап жаткан үйүмдөн.

Токчулукта ойнойт, күлөт балдарым,

Мен ошого жетине албай сүйүнгөм.


Мен бакытты табам десем дүйнөдөн,

Дүйнө курсун, ач көздүккө сүйрөгөн.

Бак таалайым элимдеги ынтымак,

Ынтымакта элим жыргап гүлдөгөн.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет