Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ



бет6/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Музей педагогикасы – музейтаануу, педагогика, психология жана музей дисциплинасы менен (же алардын комплекси) тыгыз байланышкан профилдик музей коммуникациясы катары чыккан, атайы адистешкен илимий дисциплина. Анын тапшырмасы – көрүүчүлөр менен иштөөнүн жаңы усулдарын, музейлик-педагогикалык программаларды иштеп чыгуу, музей коммуникациясынын формаларынын ар түрдүү музей аудиторияларына тийгизген таасирин изилдеп үйрөнүү саналат.
Музей аудиториясы – бул музейдин маданий-агартуу ишмердүүлүк чөйрөсүнө кызыгуусу артып, аралаша баштаган элдердин (көрүүчүлөрдүн) тобу.
Музей социологиясы – музейлердин социалдык институт катары функциясын; коомдук суроо-талапты ишке ашыруу ишмердүүлүгүн, музейдин коомго, коомдун музейге тийгизген таасирин, ар түрдүү топтордун музейге болгон мамилесин, талаптарын жана баалуулуктарга карата ой-жүгүртүүлөрүн изилдөөчү профилдик дисциплина.
Макет – масштабдуу жасалган жана шарттуу сүрөттөлгөн (түп нусканын кээ бир бөлүктөрүн калтырып кетүү же көркөмдөп ийүү) түпнусканын тышкы көрүнүшүнүн көлөмүнүн кайрадан жасалган формасы.
Модель – түп нусканын фактураларын жана конструктивдүү принциптерин сактаган көчүрмө.
Монтаж – экспозициялык материалдарды илүү, коюу, жайгаштыруу иш тартиби.
Музеефикация - курулган мезгилден тартып, бизге чейин сакталып жеткен кыймылсыз эстеликтерди кайра калыбына келтирбестен, ошол абалында кароого алып сактоо.
Муляж – түп нусканын өлчөмүндө, калып таризинде, түсүндө жана фактурасынын калыбында жасалган предмет.
Музейлердин эл аралык кеңеши (ИКОМ) (англ. International council of museums (ICOM)) – 1946-жылы түзүлгөн музей ишмердүүлүгү маселеси менен иштеген эл аралык өкмөттүк эмес уюм. ИКОМдун курамына дүйнөнүн 135 өлкөсүндө түзүлгөн улуттук комитеттер кирет. Уюмдун структурасы: Консультативдик комитеттен, Аткаруу комитетинен, Катчылыктан жана Маалымат борборунан турат. Башкы ассемблея ИКОМдун 3 жылда бир чакырылуучу жогорку органы болуп саналат. Икомдун тикелей катышуусунда “Музеум” журналы басылып чыгарылат.
Меценатчылык – колдоочу, демөөрчү, материалдык же бийлик ресурсуна ээ тараптардын маданият ишмерлерин, маданият мекемелерин материалдык колдоого алуусу. Меценатчылыктын символу катары акын жана сүрөтчүлөрдү өз эсебинен каржылап келген байыркы римдин мамлекеттик ишмери Гай Цильный Меценат (б.э.ч. I к.) саналат. Жеке коллекциялоочулар музейлердин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө маанилүү роль ойношкон. Азыркы мезгилде Меценатчылык түшүнүгү маданият менен каржы чөйрөсүндөгүлөрдүн ортосундагы демөөрчүлүк кылуу формасына негизделген.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет