Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ



бет7/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Негизги жетектөөчү текстжалпы экспозиция, бөлүмдөр, залдар, комплекстер тууралуу жалпыланган ойду берүүчү илимий негиздеме.
Панорама (гр тл. pan – баары жана horama – түр, көрүнүш) – мейкиндиктеги реалдуу окуянын көрүнүшүн көрүүчүлөргө өзүндөй чагылдырып көрсөтүү ыкмасы. Макет, фигура, курулуштар түрүндө нерсенин жалпы көрүнүшүн атайын планда берүү.
Раритет (лат. тл. raritet – сейрек кездешүүчү ) – сейрек кездешкен баалуу предмет.
Реконструкция – кыйраган же бузулган тарыхый жана маданий эстеликтердин, табигый объектилердин көрүнүшүн илимий аргументтүү түрдө алгачкы калыбына келтирүү.
Репродукция – көптөгөн техникаларды колдонуу менен живопись, графика, кол жазма, колго жасалган нерселерди жана уникалдуу басма китептерди ж.б. кайрадан калыбына келтирүү.
Реставрация (латын тл. restauratio – калыбына келтирүү) – тарыхый, маданий жана баалуу табигый объектилерди сактоого багытталган, кайрадан калыбына келтирүүчү комлекстүү иш-чара.
Түшүндүрмө текст зал, комплекс, тема же экспонат тууралуу жазылган кыскача аннотация. Ал көрсөтмөгө коюлган экспонаттарга берилген маалыматтар болуп саналат.
Тематикалык план – экспозициянын мазмунун жана темалык структурасын аныктаган документ.
Тематикалык экспозиция – экспозициялык материалдардын жардамы менен белгилүү бир темадагы окуя же көрүнүштүн сюжетин ачып берүү.
Таксидермия – (гр.тл. taxis – жасоо, derma – тери) – жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин консервациялоо жана реконструкциялоону жүргүзүүнү камтыган ишмердүүлүктүн бир түрү.
Типология (гр.тл. typos – из, так, үлгү жана logos – окуу) – жалпыланган белгилер боюнча предметтерди же көрүнүштөрдү илимий классификациялоо.
Трактовка (лат. тл. tractare – талкуулоо) – кайсы бир нерсеге илимий түшүндүрмө берүү.
Трансформация – кайра түзүү, өзгөртүү.
Фонокомментарийлер – көрүүчүлөргө тарыхый окуялардын таасирин күчөтүп берүү үчүн колдонулган, документалдуу жана атайы иштелип чыккан үнжазма табактары (адамдардын добуштары, техникалардын үндөрү, комуздун күүлөрү, куштардын сайраганы ж.б.).


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет