Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ



бет5/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Музей педагогу – музейде педагогикалык (агартуучу) ишмердүүлүк жүргүзгөн адис.
Музей экспозициясы – максаттуу багытталган жана музей предметтерин илимий далилдүү демонстрациялаган, композициялуу уюштурулган, түшүндүрмөлөр берилген, техникалык жана көркөмдүк жагынан талаптагыдай жасалгаланган, спецификалык музей образы аркылуу чагылдырган туруктуу көргөзмө түрү.
Музей көргөзмөсү – музей материалдарынын негизинде, белгилүү бир темага арналып түзүлгөн мезгилдүү экспозиция.
Музей фонду – музей тарабынан жыйналып-чогултулган, сактоодогу жана экспозициядагы жайгашкан бардык материалдык жана руханий табылга мурастар, тарыхый-маданий эстелик буюмдар. “Музей фондусу” – музей тарабынан туруктуу сактоого кабыл алынган бардык материалдардын илимий-уюштуруу топтомун түшүндүрөт.
Музей фондусун комплектөөмузей топтомун түзүү жана толуктоо үчүн музейлик маанидеги предметтерди чогултуп жыйноого максаттуу багытталган, ырааттуу пландалган музей таанууга жана профилдик дисциплинанын методологиялык принциптерине таянган процесс.
Музейдин профили – музейди анын адистешүүсү, топтомдорунун курамы, фондусун комплектөө принциптери, экспозициялык жана агартуучулук ишмердүүлүгү боюнча классификациялоо категориясы.
Музей каталогу – предметтердин белгилүү бир тартипке салынып системаланган (профилдик дисциплиналары же башка критерийлери боюнча классификацияланган) жана аннотацияланган тизмеси.
Музейдин агартуучулук ишмердүүлүгү – музей каражаттары аркылуу педагогикалык тарбиялоо жана окутуу мүнөзүндөгү музей ишинин спецификалык формасы.
Музей-квартира – тарых, маданият, илим ж.б. тармактардагы чыгаан ишмерлерге арналган мемориалдык эстелик-музей.
Музей-эстелиги – айрым бир эстеликтерди музеефикациялоонун натыйжасында келип чыккан музейлер (мисалы, Санкт-Петербургдагы Исаакиев собору).
Музейлик-педагогикалык процесс – музей педагогу менен катышуучуларынын өз ара так багытталган, системалуу уюштурулган, музей чөйрөсүнүн шартында жана анын структурасынын (музей предмети, педагогу, көрүүчүсү) элементтеринин негизинде тарбиялоого жана окутуунун аркасында өнүгүүнү камсыздоого багытталган ишмердүүлүк процесси.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет