Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ


Коллекция (лат. тл. collectio – топтом) – системага салынган предметтердин топтому. Консервация



бет4/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Коллекция (лат. тл. collectio – топтом) – системага салынган предметтердин топтому.
Консервация (лат тл. сonservation - сактоо) – комплекстүү чара катары тарыхый, маданий жана баалуу табигый объектилердин физикалык абалын ар кандай таасирлерден туруктуу кармоо, узак убакытка коргоо багытындагы реставрациялык иштин бир түрү.
Консултация – музейдин салттуу иши. Аз сандагы же индивидуалдуу көрүүчүлөр (же өтө аз сандагы кызыкчылыктары бир топ) менен жүргүзүлгөн музей ишинин формасы.
Классификация (лат. тл. classis – баскыч, катар, даража, facio – кылуу) – кайсы бир түрдөгү предметтерди же түшүнүктөрдү жалпы белгилери боюнча класстарга, бөлүмдөргө бөлүштүрүү системасы.
Көчүрмө – (лат. тл. copia — көп, көптүк) – түпкуска предметтин дал өзүндөй түспөлүнүн калыбын алуу, иммитациялоо же алмаштыруу. Ал автордук кайталоо (түпнускасын жасаган автор тарабынан кайрадан дагы экинчи үлгүсүн жасоо) да болушу мүмкүн.
Куратор – (лат. тл. curator – камкордук кылуучу д.т.). 1. Көргөзмөнүн куратору – көргөзмө долбоорунун аткарылышына жооптуу адам; 2. Актуалдуу искусствонун куратору – көргөзмөнүн куратору, атайы чакырылган же музейдин штатында иштеген, көп учурда өзү жигердүү катышуучу, авторлош (соавтор) иш жүргүзгөн жана көркөм долбоорду интерпретациялоочу кызматкер.
Лекция – лекторий циклиндеги массага өткөрүлүүчү салттуу иштин формасы. Музей лекциясы – музей коллекциялары менен тыгыз байланыштырылып өткөрүлгөн, предметтер же буюмдун көчүрмөлөрү, атайын каражаттар милдеттүү түрдө иллюстрацияланган, экскурсиялар, адистер менен аңгемелешүүлөр, тегерек отурумдар ж.б. ар түрдүү иштер коштолуп өтүлүүчү музей ишинин бир түрү.
Музей (гр. тл. museion – муза үйү) – табигый өнүгүүнү, маданияттын материалдык баалуулуктарын жана адамзаттын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн ар түрдү чөйрөсүнүн өнүгүүсүн күбөлөндүргөн жыйноо, сактоо, изилдөө жана көргөзүү иши менен алектенген мекеме.
Мамлекеттик каталог – мамлекеттик музей фондусунун курамына кирген ар бир предмет жана коллекция тууралуу маалыматтарды системалаган тизмеге алуу документи


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет