Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет2/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Адабияттардын тизмеси_________________________________________270 
Тиркемелер____________________________________________________298
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 



Киришүү. 
Изилдөөнүн актуалдуулугу. Башталгыч класстарда кыргыз тилин 
окутуунун методикасы- башталгыч класста окутуу методикасынын эң 
негизги бир бөлүмү. Бул бөлүмдө эне тилин үйрөтүүнүн ыкмалары, 
методдору, милдет- максаттары жана мааниси аныкталат. Илимдин бул 
тармагы лингвистика, педагогика жана психология илимдери менен тыгыз 
байланышкан, анткени окутуу жана тарбиялоо иши дайыма эриш- аркак 
жүргүзүлөрү анык. Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин орто мектептеринде
анын ичинде башталгыч класста окутуу илиминин алдында эң маанилүү 
милдеттер коюлуп жатат. Алардын катарында окуучулардын ой 
жүгүртүүсүн, ойлоо логикасын, активдүүлүгүн калыптандыруу, окутуунун 
жаңы ыкмаларын, жолдорун иштеп чыгуу, сабак өтүүнүн илимий жана 
методикалык деңгээлин жогорулатуу сыяктуу негизги милдеттер турат. 
Бул милдеттерди ишке ашыруу менен катар эле кыргыз тилин 
башталгыч класстарда окутуунун мазмунун, методдорун, окутуунун 
каражаттарын азыркы талаптарга ылайык иштеп чыгуу зарылдыгы турат. 
Кыргыз тилин кенже класстын окуучуларына үйрөтүүдө анын теориялык 
маселелерине, тилдин грамматикасына негизги басым жасалбай, анын 
практикалык жагына: окуучуларды адабий тилдин нормасында туура
сабаттуу жазууга жана көркөм, мазмундуу сүйлөөгө үйрөтүү, кебинин бай 
жана ырааттуу болуусуна жетишүү негизги маселе болуп эсептелет.
Кыргыз тилин окутуунун методикасында байланыштуу кепке көңүл 
буруу алгачкы китептерден, иликтөөлөрдөн, методикалык эмгектерден эле 
башталган. Алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев окуучулардын кебин 
өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга карата атайын тапшырмаларды 
киргизген. Тунгуч окумуштуулардын бири К.Тыныстанов окуучулардын 
сөзүн өстүрүү үчүн кыргыз тили сабагында текст менен иштөөгө зор маани 
берип, өзүнүн бардык окуу китептеринде көптөгөн этнопедагогикалык 
мазмундагы көркөм тексттерди, элдик макал-лакаптарды кеңири киргизген. 
Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча биринчи окуу куралын жазган 



С.Нааматов кыргыз тилин окутуунун негизги максаты катары окуучулардын 
сөзүн өстүрүүнү аныктаган. Бул аталган тунгуч окумуштуулар кыргыз 
тилинин грамматикасын сөз өстүрүүнүн, байланыштуу кепти өстүрүүнүн 
негизги каражаты катары пайдаланышкан. Алгачкы методисттердин бул көз 
караштары, изилдөөлөрү андан ары улантылбай кыргыз тилин мектепте 
окутуунун негизги мазмунун тилдин грамматикасы түзүп калган. 
Куррикулумдун талаптарына ылайык кыргыз тилин окутууда грамматикалык 
материалдарды өздөштүрүү менен гана чектелбей, тилдин практикалык 
аспектилерине негизги көңүл бурулууга тийиш. 
Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн 
мамлекеттик стандарттарында белгиленгендей: «Тилдин теориялык курсун 
окутуу аркылуу окуучулардын кебин өстүрүү, ошондой эле аларды сабаттуу, 
маданияттуу кеп адебине ээ кылууда тилдин фонетикалык, лексикалык, 
морфологиялык, синтаксистик, фразеологиялык, пунктуациялык бардык 
каражаттарын пайдалануу менен адабий тилде ээн-эркин баяндама, дилбаян, 
эссе, тезис, макала, жана башкаларды жаза алууга машыктыруу зарыл». 
[Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн 
мамлекеттик стандарттары. –Б.: 2007.] 
Орус тилин окутуу методикасын изилдеген окумуштуулар А. В. 
Текучев, Т. А. Ладыженская, В. Ч. Капинос, Е. Ч. Никитина, Ф. Буслаев, Н. 
Н. Сергеева, М. С.Соловейчик, ж.б. сөз өстүрүү иштерин, жол- жоболорун 
иштеп чыгышып, иш-аракеттин бул түрлөрүн грамматиканы окутуунун 
ажырагыс бир бөлүгү катары карашкан. 
 
Башталгыч класстарда эне тилин окутуу маселеси окумуштуу- 
методисттер Амонашвили Ш.А., Антонова Л.Т., Ладыженская Т.А., 
Лысенкова С.А., Рамзаева Т.А., Соловейчик М.С., ж.б. кеп өстүрүү 
маселелери Выгодский А.С., Голуб И.Б., Ладыженская Т.А., Леонтьев А.А., 
Львов М.Р., Ильин Е.И., Капинос В.И., Клюев Е.В., Новотворцева Н.В., 
Пустовалов П.С., Тихеева Е.И., Торопцев М.С.; тексттин теориясы жана 



текст менен иштөө Величко Л.И., Гальперин И., Зарубина Н.Д., Одинцов 
Н.В., Шанский Н.М., ж.б. эмгектеринде изилденген. 
Кыргыз тилинин теориясы жана аны окутуу методикасы боюнча 
эмгектерди Абдувалиев И., Аширбаев Т., Акматов Т., Акматов Б., Биялиев 
А., Биялиев К.А., Добаев К., Жапаров А., Иманалиев С., Иманов А., 
Мукамбетова А., Сартбаев К.К., Осмонкулов А., Үсөналиев С., Чыманов Ж., 
ж.б., кеп өстүрүү жана байланыштуу кеп боюнча- Давлетов С., Мусаева В., 
Рысбаев С., Тагаева З., Садабаев А., Эшиев М., ж.б. тексттин теориясы жана 
текст менен иштөөгө байланыштуу- Маразыков Т.С, Муратов А.Ж, Мусаев 
С.Ж., Өмүралиева С., Чыманов Ж., ж.б. окумуштуулар жаратышкан. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили катары окутуу 
маселелери эң алгач И.Арабаев, К.Тыныстанов, С.Нааматов сыяктуу алгачкы 
окумуштуулар тарабынан иликтенип, кийин окумуштуу- методисттер. 
Э.Бердибаев, С.Турусбеков, К.Сартбаев, Б.Рысбекова тарабынан иштелип 
чыккан “Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы” 
эмгегинде, К.Сартбаевдин, “Башталгыч класстарда сөз түркүмдөрүн 
окутууда окуучулардын кебин өстүрүү” аттуу, Б.Рысбекованын “Башталгыч 
класстарда зат атоочту окутуунун методикасы”, Б.Чокошеванын “Башталгыч 
класстарда сын атоочту окутуунун методикасы”, А.Мураталиеванын 
“Башталгыч класстарда этишти окутуунун методикасы”, М.Райымбекованын 
“Башталгыч класстарда синтаксистик материалдарды окутуу” аттуу 
кандидаттык диссертацияларында чагылдырылган. 
Ал эми башталгыч класстарда эне тилин тексттин негизинде окутуу 
методикасы илимий изилдөөгө алына элек. Изилдөө ишибиз башталгыч 
класстарда кыргыз тилин окутууга багытталган маанилүү милдеттерди 
илимий- практикалык жактан иликтөөгө арналган. 
Башталгыч класстарда эне тилин мезгил талабына шайкеш келген окуу 
материалы менен окутуу жана өздөштүрүү теориясын иштеп чыгуу, аны 
окутуунун максаттары менен милдеттерин, анын мазмунун, методдорун, 
окутууну уюштуруу формаларын белгилөө, окуу каражаттары менен 



окутууну көзөмөлдөө ыкмаларын иштеп чыгуу милдеттери негизги 
милдеттерден болуп эсептелет. Башталгыч класстарда эне тилин окутуп- 
үйрөтүүнүн учурдун талабына ылайык кабыл алынган мамлекеттик 
стандарттын мазмунуна шайкеш методикасынын иштелбегендиги, аны 
окуучулардын жалпы лингвистикалык, коммуникативдик компетенцияларын 
өнүктүрүүгө багытталган нукта иштеп чыгуу зарылдыгы бул изилдөө 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет