Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү



Pdf көрінісі
бет7/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

 
Диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү. Диссертация киришүүдөн, 
5 главадан, жалпы корутундудан, адабияттардын тизмесинен жана 
тиркемеден турат. Жалпы көлөмү- 357 бет, анын ичинде негизги текст- 270 
бет, 392 адабияттын тизмеси жана тиркемелер берилген. 


13 
Биринчи бөлүм. 
Кыргыз тилин окутуунун педагогикалык- психологиялык жана 
лингвистикалык негиздери. 
1.1. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун педагогикалык-
психологиялык негиздери.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы- 
башталгыч класста окутуу методикасынын эң негизги бир бөлүмү. Бул 
бөлүмдө эне тилин үйрөтүүнүн ыкмалары, методдору, милдет- максаттары 
жана мааниси аныкталат. Илимдин бул тармагы лингвистика, педагогика 
жана психология илимдери менен тыгыз байланышкан, анткени окутуу жана 
тарбиялоо иши дайыма эриш- аркак жүргүзүлөрү анык. Кыргыз тилинин 
теориялык жана аны эне тили катары окутуу маселелерине, текстти эне 
тилинде кеп өстүрүүнүн негизги каражаты катары кароо маселелерине 
көптөгөн окумуштуу методисттер кайрылышкан.
Бул милдеттерди ишке ашыруу менен катар эле кыргыз тилин 
башталгыч класстарда окутуунун мазмунун, методдорун, окутуунун 
каражаттарын азыркы талаптарга ылайык иштеп чыгуу зарылдыгы турат. 
Кыргыз тилин кенже класстын окуучуларына үйрөтүүдө анын теориялык 
маселелерине тилдин грамматикасына негизги басым жасалбай, анын 
практикалык жагына: окуучуларды адабий тилдин нормасында туура, 
сабаттуу жазууга жана көркөм, мазмундуу сүйлөөгө үйрөтүү, кебинин бай 
жана ырааттуу болуусуна жетишүү негизги маселе болуп эсептелет.
Кыргыз тилин окутуунун методикасында байланыштуу кепке көңүл 
буруу алгачкы китептеринен, иликтөөлөрдөн, методикалык эмгектерден эле 
башталган. Алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев окуучулардын кебин 
өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга карата атайын тапшырмаларды 
киргизген. Тунгуч окумуштуулардын бири К.Тыныстанов окуучулардын 
сөзүн өстүрүү үчүн кыргыз тили сабагында текст менен иштөөгө зор маани 
берип, өзүнүн бардык окуу китептеринде көптөгөн этнопедагогикалык 
мазмундагы көркөм тексттерди, элдик макал-лакаптарды кеңири киргизген. 


14 
Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча биринчи окуу куралын жазган 
С.Нааматов кыргыз тилин окутуунун негизги максаты катары окуучулардын 
сөзүн өстүрүүнү аныктаган. Бул аталган тунгуч окумуштуулар кыргыз 
тилинин грамматикасын, сөз өстүрүүнүн, байланыштуу кепти өстүрүүнүн 
негизги каражаты катары пайдаланышкан. Алгачкы методисттердин бул көз 
караштары, изилдөөлөрү андан ары улантылбай кыргыз тилин мектепте 
окутуунун негизги мазмунун тилдин грамматикасы түзүп калган. 
Куррикулумдун талаптарына ылайык кыргыз тилин окутууда грамматикалык 
материалдарды өздөштүрүү менен гана чектелбей, тилдин практикалык 
аспектилерине негизги көңүл бурулууга тийиш. 
Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнү 
мамлекеттик стандарттарында белгиленгендей: «Тилдин теориялык курсун 
окутуу аркылуу окуучулардын кебин өстүрүү, ошондой эле аларды сабаттуу, 
маданияттуу кеп адебине ээ кылууда тилдин фонетикалык, лексикалык, 
морфологиялык, синтаксистик, фразеологиялык, пунктуациялык бардык 
каражаттарын пайдалануу менен адабий тилде ээн-эркин баяндама, дилбаян, 
эссе, тезис, макала, жана башкаларды жаза алууга машыктыруу зарыл». 
[Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн 
мамлекеттик стандарттары. –Б.: 2007.] 
Орус тилин окутуу методикасын изилдеген окумуштуулар А. В. 
Текучев, Т. А. Ладыженская, В. Ч. Капинос, Е. Ч. Никитина, Ф. Буслаев, Н. 
Н. Сергеева, М. С.Соловейчик, ж.б. сөз өстүрүү, жазуу иштерин, анын 
ичинде баяндама жазуунун жол- жоболорун иштеп чыгышып, иш-аракеттин 
бул түрлөрүн грамматиканы окутуунун ажырагыс бир бөлүгү катары 
карашкан. 
Башталгыч класстарда эне тилин окутуу маселеси окумуштуу- 
методисттер Амонашвили Ш.А., Антонова Л.Т., Занков А.В., Лысенкова 
В.А., Рамзаева Т.А., Соловейчик М.С. кеп өстүрүү маселелери Выгодский 
А.С., Голуб И.Б., Ладыженская Т.А., Леонтьев А.А., Львов М.Р., Ильин Е.И., 
Капинос В.И., Клюев Е.В., Новотворцева Н.В., Пустовалов П.С., Тихеева 


15 
Е.И., Торопцев М.С.; тексттин теориясы жана текст менен иштөө Величко 
Л.И., Гальперин И., Зарубина Н.Д., Одинцов Н.В., Шанский Н.М., ж.б. 
эмгектеринде изилденген. 
Кыргыз тилинин теориясы жана аны окутуу методикасы боюнча 
эмгектерди Абдувалиев И., Аширбаев Т., Акматов Т., Акматов Б., Биялиев 
А., Биялиев К.А., Добаев К., Жапаров А., Иманалиев С., Иманов А., 
Мукамбетова А., Сартбаев К.К., Осмонкулов А., Үсөналиев С., Чыманов Ж., 
ж.б. кеп өстүрүү жана байланыштуу кеп боюнча- Давлетов С., Мусаева В., 
Рысбаев С., Тагаева З., Садабаев А., Эшиев М., ж.б. тексттин теориясы жана 
текст менен иштөөгө байланыштуу- Маразыков Т.С, Муратов А.Ж, Мусаев 
С.Ж., Өмүралиева С., Чыманов Ж., ж.б. окумуштуулар жаратышкан. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселелери Э.Бердибаев, 
С.Турусбеков, К.Сартбаев, Б.Рысбекова тарабынан иштелип чыккан 
“Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы” эмгегинде, 
К.Сартбаевдин, “Башталгыч класстарда сөз түркүмдөрүн окутууда 
окуучулардын кебин өстүрүү” аттуу, Б.Рысбекованын “Башталгыч 
класстарда зат атоочту окутуунун методикасы”, Б.Чокошеванын “Башталгыч 
класстарда сын атоочту окутуунун методикасы”, А.Мураталиеванын 
“Башталгыч класстарда этишти окутуунун методикасы”, М.Райымбекованын 
“Башталгыч класстарда синтаксистик материалдарды окутуу” аттуу 
кандидаттык диссертацияларында чагылдырылган. 
Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин орто мектептеринде, анын ичинде 
башталгыч класста окутуу илиминин алдында эң маанилүү милдеттер 
коюлуп жатат. Алардын катарында окуучулардын ой жүгүртүүсүн, ойлоо 
логикасын, активдүүлүгүн калыптандыруу, окутуунун жаңы ыкмаларын, 
жолдорун иштеп чыгуу, сабак өтүүнүн илимий жана методикалык деңгээлин 
жогорулатуу сыяктуу негизги милдеттер турат. 
Азыркы учурда окутуунун өркүндөтүлгөн жаңы технологиялык 
негиздери кеңири жайылтылууда. Алар ар кандай формада, мисалы: сабак- 
лекция, сабак- жомок, сабак- оюн, сабак- экскурсия, сабак- диспут


16 
интеграцияланган 
сабак 
түрүндө 
болуп, 
башталгыч 
класстардын 
мугалимдеринин ишинде практикаланып жатат. 
Сабактын мындай формалары окуучунун ар тараптан өсүшүнө жол 
ачуучу иш- аракет катарында кабыл алынууда. Өзгөчө окуучунун акыл- оюн 
өстүрүү азыркы учурдагы башталгыч класста окутуунун негизги 
милдеттеринин бири болуп саналат. 
Кыргыз тилин окутуу аркылуу мугалим окуучунун акыл- оюн өстүрүү,
өз алдынча иштөө активдүүлүгүн калыптандыруу, өтүлө турган материалды 
жеткилең түшүнүүнү камсыз кылуу, тилдик материалды салыштырууга, 
айырмалоого, анализдөөгө үйрөтүү сыяктуу милдеттерди жетекчиликке алат. 
Кыргыз тилинтекстке байланыштуу окутууда окуучуларга билим 
берүү жана алардын акыл- оюн өстүрүү бирдиктүү процесс катарында ишке 
ашырылат. Сабакта ар түрдүү методикалык ыкмалар колдонулуп, ар түрдүү 
көнүгүүлөр иштетилет. Бул окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун 
арттырат. 
Башталгыч класстарда грамматиканы окутуу кыргыз тилин окутуудагы 
негизги бөлүмдөрдүн бири. Бул бөлүмдү окутуунун методикасын иштеп 
чыгууда педагогика жана психология илимдериндеги жаңылыктар, анын 
ичинен проблемалык окутуу, инсанга багытталган окутуу идеялары 
жетекчиликке алынды. 
Педагогика илиминдеги жаңы идеялар, жаңы ыкмалар, окутуу- 
тарбиялоодогу 
жаңылыктар 
окутуунун 
эффективдүү, 
алгылыктуу 
методдорун, жол- жоболорун жана ыкмаларын издеп табууга жол ачат жана 
теорияны практика менен байланыштыруу, окуучулар менен индивидуалдуу 
иштөө, окутуудагы көрсөтмөлүүлүк сыяктуу принциптер жетекчиликке 
алынат. 
Психология илиминдеги принциптер менен жоболор окуучулардын билим 
деңгээли менен жаш өзгөчөлүгүнө карата окутуунун жолун аныктоого, 


17 
тилдик маалыматтарды өздөштүрүүгө жолтоо болуп жаткан негизги 
себептерди табууга мүмкүнчүлүк ачат. 
Башталгыч класстарда окутуунун негизги максаты окуучулардын 
таанып- билүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Муну иш жүзүнө 
ашырууда кабыл алуу, эске тутуу, ой жүгүртүү сыяктуу психологиялык 
бирдиктер аркылуу окуучулар индукция, дедукция, анализ, синтез 
салыштыруу сыяктуу ыкмалар менен иш жүргүзүшөт жана тилдик 
материалдарды үйрөнүп, жыйынтыктап, ой жүгүртүп, кабыл алышат. Мына 
ошентип, эне тилин үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачылат. Демек, кыргыз 
тилин окутуунун методикасы психология илими менен да тыгыз байланышта 
экендиги талашсыз.
Башталгыч класста окутуу ишинде төмөнкүдөй проблемалар: 
окуучуларга билимдин негиздерин даяр түрүндө бербестен, алардын өздөрүн 
активдүү катыштыруу, окуучулардын ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, өз 
алдынча иштөөгө машыктыруу сыяктуу маселелер көптөгөн окумуштуулар 
тарабынан изилденип, окутуунун жаңы методдору, ыкмалары иштелип 
чыкты. 
Окутуу ишиндеги жаңылыктар республикабыздын окумуштуу- 
методисттери жана алдыңкы, тажрыйбалуу мугалимдери тарабынан жылуу 
кабыл алынды. Окутуудагы проблемалуулуктун мааниси, проблемалык 
кырдаалды түзүүнүн жолдору, аны жүзөгө ашыруунун ыкмалары жөнүндөгү 
маселелер 
республиканын 
алдыңкы 
мугалимдеринин 
иш- 
тажрыйбасындаколдонулууда. Алар төмөнкүдөй багыттарда: 
- окутуунун турмуш менен байланышын күчөтүү; 
- салттуу (традициялык) сабактын түзүлүшүнө жаңылык киргизүү; 
- окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө жетишүү; 
- ой жүгүртүүчү тапшырмаларды берүү; 
- окуучулардын билим деңгээлин эске алуу менен алардын билимге 
болгон умтулуусун күчөтүү багыттарында жүргүзүлөт. 


18 
Башталгыч класстын окуучуларынын сабакка болгон кызыгуусун 
арттыруу жана сабакты кызыктуу жана жандуу өтүүгө карата багыт алууда 
жогорудагыдай иш- аракеттер жетекчиликке алынат. 
Чыгармачылык мүнөздөгү сабак окутуунун методдорун өркүндөтүүгө 
түрткү берет, ошол эле учурда мугалимден түйшүктүү эмгекти талап кылат. 
Сабакка 
даярданууда 
анын 
илимий, 
психологиялык, 
логикалык, 
дидактикалык, тарбиялык жактары сөзсүз эске алынууга тийиш. Суроолор, 
тапшырмалар окуучулардын активдүүлүгүн күчөтөт, окуучуларды издентет, 
ойлонтот, окуучулардын билим алууга болгон аракеттери артып, өз алдынча 
иштөөгө машыгышат. Ал эми бул иш- аракеттер башталгыч класста 
окутуунун эң негизги иш- аракеттеринен болуусу зарыл. Суроо- 
тапшырмалар окуучунун билим деңгээлине жараша болууга тийиш, башкача 
айтканда, өздөштүрүлүүчү материал окуучу аткара ала тургандай мүнөздө 
болушу керек. Бул окуучуга жасалган дифференциалдуу мамиле ар бир 
окуучуну сабакка активдүү катышууга тартат. 
Сабак окутуунун максатына, өтүлүүчү теманын өзгөчөлүгүнө жараша 
ар түрдүү формада уюштурулушу мүмкүн. Айрым учурда сабак мугалимдин 
түшүндүрүүсү, 
аңгемелешүү, 
тапшырмаларды 
аткаруу 
тартибинде 
жүргүзүлсө, дагы бир учурда суроолор аркылуу окуучулардын билимин 
текшерүү, жалпылоо, жыйынтык чыгаруу, кайталоо, өз алдынча иштөө 
түрүндө уюштурулат. Бул мугалимдин чыгармачылыгына байланыштуу. 
Анын илимий жана методикалык даярдыгы канчалык күчтүү болсо, сабак 
ошончолук кызыктуу өтөт. Улуу педагог В.Сухомлинский айткандай: 
“Сабак- бул мугалимдин жалпы жана педагогдук маданиятынын күзгүсү, 
анын интеллектуалдык деңгээлинин өлчөмү, анын билим маалыматынын 
көрсөткүчү”. (113,187-б.) 
Сабактын деңгээли жалаң эле мугалимдин чеберчилигине, окуу 
куралдарын пайдаланууга, ар кандай методдорду колдонууга негизделбестен, 
муну менен катар психологиялык шарттарга да байланыштуу болот. 


19 
Окуучулардын акыл- эсинин өнүгүшүнө, алардын окууга карата болгон 
мамилесине, өз алдынча иштей билүүсунө да байланыштуу. 
Ошондуктан сабактын психологиялык жагына көңүл бурууда эки нерсе 
эске алынууга тийиш: 
1. Сабактын мугалим тарабынан уюштурулушу. 
2. Окуучулардын сабакка карата болгон мамилеси. 
Бүгүнкү күндө сабактын жаңы формаларына, өркүндөтүлгөн сабакка 
көп көңүл бурулууда. 
Бул окуучунун сабакка көңүл буруусун, ой жүгүртүүсүн, эмоциясын, 
кызыгуусун активдештирүүнү жана алардын чыгармачылык менен алдынча 
иштей билүүсүн камсыз кылат. (114,19-б.) 
Окутуунун бул концепциясына ылайык мугалим сабакты төмөнкүдөй 
багыттарда алып баруусу керек: 
1. Өздөштүрүлүүчү материалдын негизги учурларын аныктай билүү. 
2. Билимдердин негиздерин жалпылоо, өз ара салыштыруу, оюн ирети менен 
баяндоого жетишүү. 
3. Өз алдынча иштөө, кыйынчылыктарды жеңе билүү, чыгармачылык 
мүнөздөгү тапшырмаларды аткара билүүгө үйрөнүү. 
4. Эмоциялык сезимдерди өнүктүрүү. 
5. Өздөштүрүлгөн билимдерин турмушта колдоно билүүгө машыгуу. (114,20- 
б.) 
Окутуунун кайсы методу болбосун, ал сабак аркылуу гана жүзөгө 
ашырыла тургандыгы анык. Сабак жөнүндө көптөгөн окумуштуулар: Ю.Б. 
Зотов, И.Я.Лернер, М.И.Махмутов, Л.Г.Охотина, В.А.Онищук, Б.Г.Пановдор 
өздөрүнүн эмгектерин жазышып, анын көп кырдуу жактарын аныкташкан. 
Жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө сабактын мааниси зор. 
Андыктан улуу педагог Я.А.Коменский айткандай, сабак кызыктуу жана 
жандуу болууга тийиш. Сабактын андай деңгээлде болушу үчүн аны 
уюштуруунун шартын, жолун жакшы билүү керек. Бизде анын эки шарты 


20 
белгилүү: жалпы педагогикалык жана дидактикалык. 
Белгилүү окумуштуу, профессор М.И.Махмутов жалпы педагогикалык 
төмөнкүдөй шарттарды белгилеген: 
1. Чыгармачыл, тажрыйбалуу, билимдүү мугалимдин болушу; 
2. Окутуунун талапка ылайык деңгээлде уюштурулушу. 
3. Талапка ылайык окуу китеби, окуу куралдарынын, кошумча окуу 
каражаттарынын болушу. 
4. Көрсөтмө куралдардын, техникалык каражаттардын болушу. 
5. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы жылуу мамиле. 
Ал эми дидактикалык шарттарга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: 
1. Өздөштүрүлүүчү материал илимдин ошол тармагындагы жаңылыктар 
менен коштолуп турууга тийиш. 
2. Жаңы өздөштүрүлүүчу материал улуу педагог Я.А.Коменскийдин айтуусу 
боюнча жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге, жеңилден оорго 
деген дидактикалык принциптин негизинде өтүлүүгө тийиш. 
3. Көрсөтмөлүүлүктүн болушу. 
4. Окутуунун методдорун окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске 
алуу менен тандап алуу. 
5. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу. 
Мына ушул эки тараптуу шарттардын аткарылгандыгына байланыштуу 
сабактын өтүлүш деңгээли белгиленет. 
Сабактын түрлөрү көп, алар окутуунун мазмунуна, максатына, өтүлүүчү 
материалдын 
мүнөзүнө 
жараша 
классификацияланат. 
Окумуштуу- 
педагогдор В.А.Онищук, П.Б.Зотов, М.И.Махмутовдордунэмгектеринде 
сабактын төмөнкүдөй түрлөрү көрсөтүлгөн: 
- жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы; 
- машыгууларды жана көнүгүүлөрдү калыптандыруу сабагы; 
- билимдерди, машыккандарды, үйрөнгөндөрдү жалпылоо сабагы; 
- окуучулардын билим деңгээлин баалоо жана текшерүү сабагы; 


21 
- аралаш сабак. (74,80- б.) 
Азыркы учурдагы башталгыч класстардаэне тили сабагын өтүүгө 
кандай талаптар коюлат? 
Эң биринчиден, бул- сабактын үч чечилүүчү максатынын (билим 
берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк тарбия берүүчүлүк) органикалык биримдиги. 
Экинчиден, сабакта жагымдуу, бири- бирин урматтоочу, бири- бирин 
түшүнүүчү 
мамиленин, 
атмосферанын 
болушу, 
окуучулар 
менен 
мугалимдердин ортосундагы кызматташтыктын болушу; (11,35- б.) 
Үчүнчүдөн, сабак лингвистикалык жактан сабаттуу болуусу керек. 
Андамугалим тарабынан маселелердин туура түшүндүрүлүшү, дидактикалык 
материалдардын туура тандалып алынышы талап кылынат. 
Төртүнчүдөн, сабак аягына чыккан, “бүткөн педагогикалык чыгарма” 
болууга тийиш, (М.Н.Скаткин) анын белгилүү бир логикасы болуп, ал жалаң 
гана мугалимге эмес, окуучуларга да түшүнүктүү болсун. Бул талапты 
аткарууга мугалим сабакка даярданып жана аны уюштурууну ойлонуп 
жатып, анын негизги ядросун, чечилүүчү максатын аныктап алып, андан 
кийин ал максатка жетүүнүн этаптарын белгилеп, окутуунун жолдорун жана 
каражаттарын издөө керек. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окутуунун төмөнкүдөй 
методдор жана ыкмалары колдонулуп келе жатат жана колдонулууда: 
- түшүндүрүү- көрсөтүү методу; 
- проблемалык окутуу; 
- окутуудагы кызматташтык; 
- инсанга багытталган окутуу. 
Түшүндүрүү- көрсөтүү методунда мугалим жаңы материалды 
түшүндүрөт, грамматикалык эрежелерди айтып берет. Мында мугалимдин 
түшүндүрүүсү үстөмдүк кылат да, проблемалык кырдаал түзүлбөйт. 
Окуучулар 
мугалимдин 
түшүндүрүүсү 
жана 
көрсөтмөсү 
менен 


22 
тапшырмаларды аткарышат. Окутуунун бул методунда окуучулардын ой 
жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, өз алдынча иштөөгө машыктырууга 
көп көңүл бурулбай калат. 
Ал 
эми 
проблемалык 
окутууда 
мугалим 
өздөштүрүлүүчү 
материалдардын татаал маселелерин гана түшүндүрөт да, окуучулардан 
калгандарын өздөрү өздөштүрүүсүн талап кылат. Бул үчүн атайын суроо- 
тапшырмалар берилет. Окуучулар өз алдынча ой жүгүртүшүп, салыштырып, 
корутундулап, аныктама чыгарышат, алардын активдүүлүгү артып, 
аракеттери жанданып, изденет. 
Окуучулар менен мугалимдин кызматташуусу жана окуучулардын бири- 
бири менен кызматташуусу да проблемалык окутуу методу сыяктуу эле сабак 
процессиндеги окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, активдүүлүгүн 
арттырат. 
Инсанга багытталган окутуу – көңүл борборунда бала болгон окутуу. 
И.С.Якиманскаянын аныктамасына ылайык, инсанга багытталган окутуу 
“окуучуну бүтүндөй билим берүү процессинин башкы каарманы катары 
таануу” дегенди билдирет. Бүтүндөй окуу процесси ушул негизги жобого 
шайкеш келтирилиши керек.
Бул окутууда окуучунун субъективдүүлүгүн эске алуу менен, окуу 
процессинин мазмуну да, методдору да, эң башкысы, мугалим менен 
окуучунун мамилесинин стили да аныкталат. Окуучу окуу процессинде 
мугалимдин тең укуктуу өнөктөшү деп таанылат. Мугалим ар бир окуучунун 
интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн изилдеп- үйрөнүп, алардын жөндөм 
өзгөчөлүктөрүнө жараша тапшырма берүүсү талап кылынат. Инсанга 
багытталган окутуу башталгыч класста окутуунун негизги багыттарынын 
бири болууга тийиш. Ал окутуунун натыйжалуулугун арттырууга, 
окуучулардын инсан катары калыптануусуна жагымдуу шарт түзөт. 
Окутуунун мындай жолдорун уюштурууда суроо- тапшырмалар, 
проблемалык кырдаал түзүү сыяктуу элементтери пайдаланылат. 
Окуучулардын активдүүлүгүн арттырууда суроо- тапшырмалардын мааниси 


23 
абдан чоң, анткени суроолорго жооп берүү, тапшырманы аткаруу, 
проблеманы чечүү үчүн окуучулар изденип, ойлонот. Ал эми проблемалык 
суроолорду түзүүдө, тапшырмаларды берүүдө төмөнкүдөй шарттар эске 
алынат. 
а) өтүлгөн жана жаңы өтүлүүчү материалдардын ортосундагы 
байланыштын болушу; б) ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылуучу мүнөзү; 
в) билим берүүчүлүк мүнөзү. 
Суроо- тапшырмаларды аткарууда баарынан мурда өтүлө турган материал 
алдын- ала талкууга алынат. Окуучулар суроолорго жооп берүү, 
тапшырмаларды аткаруу аркылуу билимдин негиздерин өздөштүрүшүп, өз 
адынча иштөөгө машыгышып, активдүүлүгү артат. 
Тапшырмалар мугалимдин жардамысыз, окуучулардын толук өз 
алдынчалыгы 
менен 
аткарылат 
жана 
бул 
жерде 
мугалимдин 
кийлигишүүсүнүн зарылдыгы жок. Окуучулар жаңы өздөштүрүлүүчү 
материалдарды өз алдынча ой жүгүртүп, изилдөө менен кабыл алышат. 
Башталгыч класстарда кыргыз тили сабагын өтүүдө: 
- өтүлгөн тема менен жаңы теманын ортосунда байланыштын 
түзүлүүсү; 
- мугалимдин окуучулардын сабакка активдүү катышуусун камсыз 
кылуу максатында аларга проблемалуу суроолорду бере алуусу; 
- окуучулардын өз алдынча изденип, аракеттенүүсү, ой 
жүгүртүүсүнүн ишке ашышы; 
- мугалим менен окуучулардын ортосундагы кызматташтык; 
- жыйынтык чыгарууга, талдоого, салыштырып изилдөөгө багыт 
берилгендиги талап кылынат. 
Мисалы, 4-класста өтүлгөн “Текстке план түзүү” аттуу темадагы бир 
сабакты алып көрөлү: 
Сабактын темасы: Текстке план түзүү 
Сабактын максаттары:
билим берүүчүлүк: тексттин мазмундук бөлүктөрүнүн чегин 
ажыратууну, ага карата план түзүүнү үйрөнүшөт. 


24 
өнүктүрүүчүлүк: И. Арабаевдин «Жакшы бала», «Жаман бала», 
«Мукаш» аңгемелеринин негизинде тексттин мазмунуна талдоо 
жүргүзүү менен анын башталышын, өнүгүшүн, жыйынтыкталышын 
ажыратышат. 
тарбия берүүчүлүк: жакшы жана жаман баланын иш-аракеттерин 
салыштыруу менен жакшы баладай болууга умтулушат. 
Көрсөткүчтөр: 
текстке план түзө алса; 
анын башталышынын, өнүгүшүнүн, жыйынтыкталышынын чегин 
ажырата алса; 
сөздүк менен иштей алса; 
сөздөн сөз жарата алса; 
сүрөткө карап текст түзө алса; 
жакшы жана жаман баланы салыштыруу менен Венндин диаграммасын 
түзө алса; 
жакшы менен жаманды ажырата билсе. 
Сабактын тиби: интерактивдүү 
Сабактын формасы: Венндин диаграммасы
Сабактын жабдылышы: таблица, тексттер, флипчарт, маркерлер. 
Процедура: окуучулар жакшы жана жаман баланын иш-аракеттери 
жөнүндө айтышат. Алар флипчартка жазылат. 
«Жакшы бала» жана «Жаман бала» тексттеринин негизинде Венндин 
диаграммасын түзүшөт (топтордо иштешет). 
Тексттер:
Жакшы бала 
Жакшы бала ар убакыт жакшы иштерди жасайт, жаман ишти жасабайт. 
Жаман сөздөрдү сүйлөбөйт, жолдоштору менен урушпайт. Сабакка кечикпей 
барат, жолдо ойноп жүрбөйт, өз орундугуна барып отурат. Мугалимдин 
айтканын угуп, сабагын билүүгө умтулат. Бети- колун жууйт, окуудан 
кайтканда ойноп, кийимдерин жыртпайт. Ата- энесин көргөндө саламдашат. 
Жаман бала 
Жаман бала тартипсиз болот, жаман сөздөрдү көп сүйлөйт, сабагын 
жакшы окубайт. Жолдошун урушуп иренжитет. Мугалиминин сөзүн укпайт. 
Бети- колун жуубайт. Сабактан келатканда ойноп, кийимдерин жыртат. 
Өзүнөн улууларга салам бербейт, ата- энесин сыйлабайт, аларга каяша айтат, 
үйүндө ушундай иштерди иштейт. 
(И.Арабаев) 


25 
Окуучулар аткарган иштерин презентациялашат жана мугалимдин 
жардамы менен жыйынтыкташат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет