Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Аскер кызматкерлерине пенсияны чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн белгилөө тууралуу”



Дата29.06.2016
өлшемі37.5 Kb.
#166423
Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Токтому
«Аскер кызматкерлерине пенсияны чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн белгилөө тууралуу”
“Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык жана «Аскер кызматчыларына пенсияны чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №154 токтому” күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында №513 токтомунун 2-пунктун аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Аскер кызматкерлеринин пенсиясияларын эсептөөлөрүнө кошулуучу паектук акчалардын чектүү өлчөмү 1020 сом өлчөмүндө белгиленсин.

  2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзчөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Атайын байланыш кызматына бул токтомдун 1-пунктуна ылайык пенсияларды эсептөөнү жүргүзүшсүн.

3. Бул токтомдун күчү 2013-жылдын 17-сентябрынан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук коргоо жана өзчөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн .


Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Ж. Оторбаев

.

«Аскер кызматкерлерине пенсияны чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн белгилөө тууралуу”



Кыргыз Республикасынын токтомунун долбооруна карата

Негиздеме маалым кат

Бул токтом долбоор «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45 беренесинин, жана «Аскер кызматчыларына пенсияны чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №154 токтому” күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында №513 токтомунун 2-пунктун аткарууга алып иштелип чыкты .

Кабыл алынган ченемдик актыда социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык аракеттерге алып келбейт .

“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесине ылайык иш аракеттеги аскер кызматчыларынын курамы азык түлүк жана буюм мүлкүн мамлекет эсебинен алышат. Алар (аскер кызматчыларынан тышкары, мөөнөттүү кызматагылар жана пенсионер) азык түлүккө жана буюм мүлкү үчүн акчалай компенсация алуу укугуна ээ.

Ага байланыштуу бул абал иш аракеттеги аскер кызматчылары,т.а. иштеп жаткан аскер кызматын өтөгөндөр мамлекет эсебинен атайын кийимдерди (обмундирование) алууну жана аларды тамактануусун (азык түлүк) карайт. Мында “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын жобосу иштеп жаткан аскер кызматчыларына азык түлүк паек ордуна акчалай компенсация алууну жүргүзүү мүмкүндүгүнө жол берилет. Башкача айтканда, акчалай компенсация азык түлүк алууга укуктуу адамдарга (ага теңештирилген адамдарга) гана берилет, андыктан иш жүзүндө аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары гана азык түлүк менен камсыздалат, о.э. акчалай компенсация бул аскер кызматчыларына гана берилүүгө тийиш.

Ошентип, азык түлүк үчүн акчалай компенсация кызмат өтөп жаткан, иштеген аскер кызматчыларына гана бөлүнөт, пенсионерлер үчүн каралган эмес,себеби бул суммалар иш шартын (кызмат) камсыздоо боюнча компенсациялык чараларды билдирет.

“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-статьясынын жайылтылышын токтотулушуна байланыштуу, аскер кызматчыларынын пенсионерлеринин пенсиясын эсептөө максатында мыйзам чыгаруучулар тарабынан “Паектук акчалар” деген жаңы түшүнүк киргизилүүдө. “Паектук акчалар” жана “азык түлүк ордуна акчалай компенсация” түшүнүгү ар башка түшүнүк болуп саналат жана бири бирин алмаштыра албайт.”

Ушуга байланыштуу бул токтом долбоор менен пенсияга чектөөгө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмү укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын кызматкерлери үчүн суткалык ченем өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттар эсебинен төлөнүүчү 1020 сом суммасында (34сом х 30 күн) – каржылоонун басымдуу булагы жана пенсионерледи социалдык колдоо катары белгиленди. Мындан тышкаары, айта кетсек, СССРдин 1990 жылынын 28 апрелиндеги Мыйзамынын 46 беренесинин негизинде офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана үстөк кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсиялар бул аскер кызматкерлеринин, башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдардын акчалай каражаттарынан эсептелип чыгарылаган. Мында аларга пенсияларды эсептөө үчүн тиешелүү кызматы боюнча, аскердик же атайын наамы боюнча берилүүчү маянала жана көп жыл иштегендиги үчүн - (үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн) проценттик кошумча төлөөлөр эске алынган тиешелүү маяналар СССР Совет Министри тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө эске алынаган.

Жогорудагы айтылгандын негизинде, кыргызстандык мыйзам жазуучу советтик мыйзамдын нормаларын толугу менен көчүрүп алган, жана паектук акчаларды кажетсиз түрдө кошуп койгон.

Бул токтом долбоордун күчү “ Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №154, т.а 2013-жылдын 17-сентябрындагы токтомунун күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун күчү жоготкондугун жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул долбоордун коомдук талкуулануусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында уюштурулган.

Колдонуудагы мыйзамдар менен кайчы пикирлер жок.



Бул долбордун кабыл алынышы менен байланыштуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдар талап кылынбайт.
Финансы министринин

милдетин аткаруучу А. Бакетаев

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет