Жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чараларынын планы



бет5/18
Дата11.07.2016
өлшемі1.73 Mb.
#192227
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1.1.

ФАТФтын 2011-жылдын 28-октябрындагы пленардык отурумунда бекитилген Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук тутумунун стратегиялык кемчиликтерин четтетүү боюнча иш-аракеттер планынын пункттарынын аткарылышын камсыздоо

Иш-аракеттер планы аяктады

ФЧМК

01.07.14

1.2.

ЕАГдын өз ара баалосунун сунуштамаларын аткаруу

ЕАГдын өз ара баалоосунун сунуштамаларын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын отчёту


ФЧМК

01.07.14

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1

Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу

Монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршылыктары табылган ЧУАнын долбоорлорунун саны.

Монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршылыктары жоюлган ЧУАнын саны.

3. Терс корутунду берилген ЧУАнын саны

Монополияга каршы агенттиктин директору

31.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1.1.

- Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамына;

- “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган ЧУАнын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү



Мыйзамдын долбоорлору жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилди

ЭМ, Монополияга каршы агенттик

20.11.14

1.2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү (2013-жылдын 18-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 83 токтомуна; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы№ 351 токтомуна; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салууну оптималдаштырууга багытталган өзгөрүүлөр киргизилди

ЭМ, Монополияга

каршы агенттик



01.08.14

1.3.

Кыргыз Республикасынын акы төлөмө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

Акы төлөмө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын негизсиз өсүүсүн токтотуу

ЭМ, Монополияга

каршы агенттик



10.04.14

1.4.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товар базарларында атаандаш чөйрөнүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору киргизилди

ЭМ, Монополияга

каршы агенттик



15.08.14

1.5.

Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча эрежелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополия субьекттеринин реестрин түзүү башталды

ЭМ, Монополияга

каршы агенттик



10.09.14

1.6.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Үстөмдүк абалды ээлеген субьекттилердин тизмегин түзүү жана жүргүзүү боюнча эрежелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Үстөмдүк абалды ээлеген субьекттилердин тизмегин түзүү башталды

ЭМ, Монополияга

каршы агенттик



10.10.14

1.7.

Субьект-монополисттер үчүн көмүрдүн дүң-сатык баасын белгилөө жөнүндө чечимдерди (буйруктарды) кабыл алуу

Көмүр казуучу ишкана- монополисттер үчүн көмүргө дүң-сатык баа белгиленди

Монополияга

каршы агенттик



10.10.14

1.8.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКынын курамынан коммерциалаштыруу жолу менен аффиллирленген субьекттерди бөлүү жол-жобосу боюнча сунуш киргизүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди

Монополияга

каршы агенттик



01.07.14

1.9.

Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүү жана текшерүү, каттоо, шашылыш кабыл алуу боюнча төлөм кызматына бирдиктүү тарифтерди аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечим долбоорун иштеп чыгуу (Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына которуу)

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн паспортту шашылыш даярдоонун баасы төмөндөтүлдү

Монополияга

каршы агенттик



10.04.14

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1

Мамлекеттик резервдин товардык материалдык баалуулуктарынын корунун номенклатуралык деңгээлин сактоо

Мамлекеттик материалдык резервдин товардык материалдык баалуулуктарынын камсыздалышынын деңгээли

ММРФ директору

31.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1.1.

Мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудайынын данын брондон чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү

Азык-түлүк буудай данынын сапатын жана сакталышын колдоо

ММРФ

20.12.14

1.2.

Азык-түлүк тобундагы товардык материалдык баалуулуктардын ченемдик, номенклатуралык корун камсыздоо үчүн мамлекеттик резервге товардык материалдык баалуулуктарды сатып алуу

Азык-түлүк тобундагы товардык материалдык баалуулуктардын төмөндөтүлбөгөн корун камсыздоо

ММРФ

31.12.14



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

2

Товардык материалдык баалуулуктардын өз убагында коюлушун жана чыгымдалышын уюштуруу

Мамлекеттик материалдык резервдин товардык материалдык баалуулуктарынын камсыздалышынын деңгээли

ММРФ директору

31.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

2.1.

Мамлекеттик резервдин азык-түлүк тобундагы товардык материалдык баалуулуктарынын көлөмүн жыл бою төмөндөтүлбөгөн корунун деңгээлинен түшүрбөй кармоо жана бекитилген көлөмгө чейин жеткирүү

Өз убагында сатып алууларды каржылоо шарттары үчүн мамлекеттик резервдин азык-түлүк тобундагы товардык материалдык баалуулуктарынын көлөмүнүн деңгээлин азайтпай кармоо

ММРФ

25.12.14

2.2.

Республикалык деңгээлде лабораториянын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жана аны республикалык деңгээлде кайра иштетилген дандын жана азык-түлүктүн сапатын аныктоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү максатында лабораторияны аккредитациялоо үчүн даярдык иштерин жүргүзүү

Дандын жана анын кайра иштетилген азыктарынын сапатын республикалык деңгээлде аныктоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү үчүн тастыктама алынды

ММРФ

15.12.14

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1

Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берүүдө экспертизанын сапатын жогорулатуу


Улуттук жол-жобо боюнча коргоо алган интеллектуалдык менчик объектилеринин саны;

Эл аралык макулдашууларга ылайык коргоо алган интеллектуалдык менчик объектилеринин саны;

Апелляциялык кеңеш тарабынан каралган доо арыздардын жана даттануулардын саны;

Мамлекеттик органдын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ченемдик эмес актысын жокко чыгаруу жөнүндө берилген доо арыздардын саны;

Иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча иштелип чыккан ведомстволук актылардын саны;

Окутуу программаларын окуган адистердин саны;

Калктын ишеним индекси.

Кыргызпатенттин төрагасы

31.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

1.1.

Төмөнкү ведомстволук актыларды ченемдик укуктук базага шайкеш келтирүү:

-интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмөлөрдү карап чыгуу боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби (7 документ);

- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча методикалык сунуштар;

-товардык белги катары каттоого билдирилген белгилемелердин экспертизасы боюнча методикалык сунуштар;

-ойлоп табуулардын экспертизасынын маселелери боюнча сунуштар.


Тартиптердин жаңы редакциясын даярдоо, интеллектуалдык менчик объектилерине иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ишти оптималдаштыруу.

Интеллектуалдык иштин акчалай рыноктук наркын белгилөөнүн принциптерин жана методдорун иштеп чыгуу.

Товардык белги катары каттоого билдирилген белгилөөлөрдүн экспертизасын өткөрүүдө методикалык ыкмаларды өркүндөтүү.

Ойлоп табууларга өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүүдө методикалык ыкмаларды өркүндөтүү



Кыргызпатент

01.12.14

1.2.

Евразия патенттик ведомствонун, Россия интеллектуалдык менчик мамлекеттик академиясынын базасында “Евразия өтүнмөлөрүнүн экспертизасы жана евразия патенттерин берүү”, “Интеллектуалдык менчик. Патент таануу” окутуу программаларын ишке ашыруу

Тажрыйба жана маалымат алмашуу, алган билимдерин жана тажрыйбаларын ойлоп табууларга өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүү процессинде колдонуу


Кыргызпатент

31.10.14

1.3.

IPAS (өнөр жай менчиги боюнча автоматташтырылган тутум) жаңы программалык камсыздоону жайылтуу

Иш кагаздарын жүргүзүүнү оптималдаштыруу жана интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдү кароо процессин автоматташтыруу

Кыргызпатент

30.04.14



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

2

Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо деңгээлин жогорулатуу


Автордук сый акыны чогултуунун көлөмүн жогорулатуу пайызы;

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилеринин пайдалануучулары менен түзүлгөн лицензиялык келишимдерди көбөйтүүнүн пайызы;

Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана сактоо негиздерине окутулган укук коргоочу, контролдоочу жана сот органдарынын кызматкерлеринин саны.


Кыргызпатенттин төрагасы

31.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

2.1.

Өнөр жайлык менчик объекттерине, селекциялык жетишкендиктерге коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

Эл аралык стандарттарга ылайык келген интеллектуалдык менчик объектилерин жана инновацияларды укуктук коргоо жана сактоо маселелерин жөнгө салууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун долбоору киргизилди.

Кыргызпатент

01.09.14

2.2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы чараларын колдонуу маселелери боюнча эл аралык семинар өткөрүү

Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө укук бузууларга тыюу салуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу


Кыргызпатент

15.03.14

2.3.

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилеринин пайдалануучулары менен түзүлгөн лицензиялык келишимдердин санын 5%га көбөйтүү

Авторлор менен укук ээлеринин мүлктүк укуктары камсыз кылынды

Кыргызпатент

31.12.14

2.4.

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилеринин пайдалануучуларынан автордук сый акыны чогултуунун көлөмүн 5%га жогорулатуу

Авторлор менен укук ээлеринин мүлктүк укуктары камсыз кылынды

Кыргызпатент

31.12.14

2.5.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму менен бирге, “Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде интернет тарамында. Контрафактылык продукцияларды жайылтуу проблемасы” деген темада семинар өткөрүү

Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча тажрыйба алмашуу. Контрафактылык продукциялардын жүгүртүлүшүнө каршы аракет көрүүдө артыкчылыктарды белгилөө

Кыргызпатент

30.06.14



Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

3

Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында улуттук инновациялык тутумдун элементтерин түзүү


Инновациялык иштерди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иштелип чыккан документтердин саны;

Тандалып алынган инновациялык долбоорлордун саны;

Тармактар боюнча рефераттар жыйнактарынын саны;

Инновациялык иштер чөйрөсүндө окутулган адистердин саны;

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун филиалдарынын саны (ТИКБ);

ТИКБнын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын саны.

Кыргызпатенттин төрагасы

01.12.14



Иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

3.1.

2020-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын инновациялык иштерин өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана КРӨнүн алдындагы Инноватика боюнча кеңештин кароосуна киргизүү

Узак мөөнөттүү келечекке өлкөнүн мамлекеттик инновациялык саясатын өнүктүрүүнүн концепциялык негиздерин аныктоо боюнча сунуштар киргизилди

Кыргызпатент

01.12.14

3.2.

Инновациялык долбоорлорду тандоону жүргүзүү үчүн нускамаларды кабыл алуу

Инновациялык долбоорлорду тандоонун натыйжалуу тутуму түзүлдү

Кыргызпатент

30.04.14

3.3.

Инновациялык долбоорлорду тандоо механизмин киргизүү

Инновациялык долбоорлорду андан ары илгерилетүү жана/же аларды ишке ашырууда көмөк көрсөтүү үчүн алардын тизмеси түзүлдү

Кыргызпатент

30.06.14

3.4.

Айыл чарба машиналары жана жабдуулары, мал чарбачылыгы боюнча ойлоп табуулардын рефераттар жыйнагын даярдоо

Рефераттар жыйнагы чыгарылды жана министрликтерге, ведомстволорго жана бизнес - коомчулукка берилди

Кыргызпатент

01.08.14

3.5.

Инновациялык менеджментке мамлекеттик органдардын адистерин окутуу


Кадрларды инновациялык менеджмент чөйрөсүндө даярдоо (инновациялар маркетинги, бизнес-планды иштеп чыгуу, инновациялык долбоорлорду инвестициялык жактан камсыздоо, инновациялык долбоорлорду башкаруу)

Кыргызпатент

30.04.14

3.6.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Технопаркында, Улуттук травматология жана ортопедия илимий-изилдөө институтунда, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде, Бишкек мамлекеттик экономикалык институтунда Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун филиалдарын ачуу

Кызмат көрсөтүү жана адистештирилген маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча ТИКБнын тарамы кеңейди.


Кыргызпатент

30.10.14




Максаты

Индикаторлор

Жооптуулар

Мөөнөттөрү

4

ИМдин, инновациялык иштердин ролу жана мааниси жөнүндө коомчулукка маалымат берүү, интеллектуалдык чыгармачылыкты өнүктүрүү


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет