Жогорку окуу жайларда окутуунун


ТАБЛИЦА 1.2 ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮ БОЮНЧА ОКУТУУ



бет3/9
Дата20.07.2016
өлшемі1.37 Mb.
#211545
1   2   3   4   5   6   7   8   9

ТАБЛИЦА 1.2

ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮ БОЮНЧА ОКУТУУ




ЖОЖдун аты



«Азыркы кыргыз тили лексикасы» дисциплинасы боюнча

( анын ичинде фразеология )



Факультети

сааттардын жалпы саны

лекция

практ. сабак



семестри

отчеттуулугу

1

Ж.Баласагын атындагы КМУУ

Кыргыз филологиясы

22(3)

14(2)

8(1)

2

экз.

2

И.Арабаев атындагы КМУ

Мамлекеттик тил жана мада- ният институту

22(3)

12(2)

10(1)

4

зачөт

Педагогика

22(3)

14(2)

8(1)

3

экз.

3

Х.Карасаев атындагы БГУ


Түркология

18(3)

12(2)

6(1)

3

экз.

4

Нарын мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы

12(3)

8(2)

4(1)

2

экз.

Педагогика

12(3)

8(2)

4(1)

2

экз.

5.

К.Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы

18(3)

10(2)

8(1)

4

экз.

Педагогика

18(3)

10(2)

8(1)

4

экз.

6.

Талас мамлекеттик университети

Гуманитардык

20(3)

12(2)

8(1)

4

экз.

Педагогика

18(3)

10(2)

8(1)

4

экз.

Жогорудагы мониторингден көрүнүп тургандай, кыргыз тилинин сөздүк курамын окутуу үчүн окуу планы боюнча жалпы кыргыз тилине каралган сааттын (540 саат күндүзгү бөлүмгө, 198 саат сырттан окууга) болжол менен 1/9 бөлүгү бөлүнөт, анын ичинен фразеологияны окутууга педагогика жана филология адистигине карай, күндүзгү бөлүмдө 2-4саат, сырттан окуу формасында 1-2 сааттык убакыт берилет. Мындан ашык убакытты бөлүп алууга лексикологияны окутуунун мазмуну жол бербейт. Себеби, тилдеги фразеологизмдер сыяктуу эле студенттер милдеттүү түрдө синоним, омоним, антоним, историзм, архаизм, неологизм, диалектизм сыяктуу сөздөр, сөздөрдүн маанилери, лексиканын баюу жолдору, терминдер, сөздүктөр ж.б. да көптөгөн маалыматтарга ээ болуулары зарыл. Демек, азыркы кезде ЖОЖдордо колдонулуп жаткан окуу пландары фразеологияны тереңдетип окутууга шарт түзүп бере албайт. Сааттардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы пайда болот.

Андан соң окутуучу окуу планында көрсөтүлгөн саатка ылайык өзүнүн предмети боюнча жумушчу программа иштеп чыгат. Жумушчу программа өз кезегинде предмет боюнча түзүлгөн типтүү программаны жетекчиликке алат. Учурда «Азыркы кыргыз тилинин лексикологиясы» боюнча бир нече типтүү программалар бар жана аларда кыргыз тилинин фразеологиясын окутуу боюнча материалдардын минимуму көрсөтүлгөн. Айрымдарына токтолсок:



  1. Ш.Жапаров, Т.Сыдыкова «Азыркы кыргыз тилинин программасы». Тилдин фонетика, лексикология, диалектология бөлүмдөрүн окутуу боюнча түзүлгөн бул программа И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз тилинин теориясы жана практикасы кафедрасында талкууланып, КМПУнун Окумуштуулар кеңешинде 2000-жылдын 24-мартындагы № 7- токтомуна ылайык басууга сунуш кылынган, министрлик тарабынан бекитилген. Программанын лексикология бөлүмүндө «Кыргыз тилинин фразеологиясын окутуудагы өзөк материалдар катары - фразеология жөнүндөгү маалымат; фразеологизм - лексикалык категория; фразеологизмдердин (ширешме, айкалыш, бирдик болуп) бөлүнүшү жана алардын компоненттеринин (тутумдарынын) ички чынжырланышы; «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» көрсөтүлөт [34,12-б.]. Бул материалдарды окутуп үйрөтүү үчүн адабияттардын тизмеси, терминдердин минимумдары да берилет. Көлөмү 2 басма табак.

  2. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология факультетиндеги «Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасынын профессор- окутуучулар курамы иштеп чыккан «Азыркы кыргыз тили жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы боюнча» 540605 адистиктеги студенттер үчүн типтүү программасы (2005). «Фразеология жөнүндө маалымат; фразеологиялык бирдиктердин түрлөрү: фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш»; «Фразеологиялык сөздүктөр» деген темалар «Лексикология, фразеология жана лексикография» бөлүмүндө окутулат. Программанын артыкчылыгы катары практикалык сабактардын материалдарынын камтылышын айтсак болот. Фразеологиялык талдоого машыктыруу, көнүгүүлөрдү иштөө сунушталат. [91, 13-б.]

  3. С.Ибрагимовдун «Мамлекеттик тилди жогорку окуу жайларында окутуунун типтүү программасы» (2004) И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу-методикалык кеңешинин чечими менен басмага сунуш кылынган. Анда «Туруктуу сөз айкаштары; Фразеологизмдердин тилде кеңири колдонулушу; Фразеологизмдердин типтери, маани боюнча алардын синонимдик жана антонимдик болуп айтылышы; Фразеологизм менен макал-лакаптардын өз ара катышы» деген темалар фразеология боюнча окутулууга тийиш болгон минимум катары көрсөтүлгөн. С.Ибрагимовдун программасынын өзгөчөлүгү модулдук системага ылайык иштеп чыгылган жумушчу программалардын чогуу тиркелишинде. Автор кыргыз тилин мамлекеттик тил катары үйрөнүп жаткан ар кыл адистиктер үчүн материалдарды типтештирип, бир ыраатка салынып, бирдей окутулуш максатын көздөгөн. Ошол эле учурда ар бир адистиктин спецификалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык тапшырмалар, сөздүк иштер, тексттер системасы сунушталган. Бул жумушчу программа кыргыз тилин мамлекеттик тил катары ЖОЖдордун 1-2 курсунда өтүлө турган 216 саатка ылайыкталып түзүлүп, модулдар боюнча темалардын, тапшырмалардын ырааты берилген. Фразеология боюнча материалдардын мазмуну төмөнкүчө [39, 27-б.]:

ТАБЛИЦА 1.3

КЫРГЫЗ ТИЛИН БӨТӨН ТИЛ КАТАРЫ ОКУГАНДАР ҮЧҮН ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ

1-курс, 2-семестр, 2- модулда



Сабактын темасы

Сааты

Сөздүк иштери

Сүйлөө практикасы

9

Фразеологизмдерге түшүнүк

2

Адистикке байланышкан фразеологизмдер

Фразеологизмдерди колдонуу, жаттоо.


2- курс, 4-семестр , 1- модулда



Сабактын темасы

Сааты

Сөздүк иштери

Сүйлөө практикасы

4

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер

2

Өз ара мамиледе көп колдонгон фразеологизмдер (ити чөп жейт, алты саны аман, көздөн кайым болуу, сыр алдырбоо ж.б.)

К.Юдахиндин сөздүктөрү, фразеологиялык сөздүктөр.

Мындан тышкары, КМУУда Т.К.Ахматов, А.Иманов тарабынан түзүлгөн «Азыркы кыргыз тилинин программасы: (ЖОЖдун филология факультеттери үчүн)» (Фрунзе, 1977); Т.К.Ахматов, У.Асаналиев, А.Сапарбаев «Азыркы кыргыз тилинин программасы: (Университеттин журналистика адистиги үчүн)» (Фрунзе, 1989); БГУда С.Өмүралиева, Н.Бейшекеевдер тарабынан түзүлгөн (Бишкек, 1997) программалар колдонулууда. Бул программалар фразеологиянын акыркы жылдардагы изилдөөлөрүнүн материалдарын камтып, терминдери такталып, кайрадан иштелип чыгууга муктаж.

Жогоруда айтылгандай, типтүү программанын негизинде ар бир окутуучу өз дисциплинасы боюнча жумушчу программаларын түзөт. Анда дисциплина боюнча конкреттүү өтүлө турган лекциянын жана практикалык сабактардын темасы, планы, өз алдынча иштөө боюнча темалар, аларды уюштуруунун жолдору, адабияттардын тизмеси жана сабактардын өтүлө турган күнүнө чейин көрсөтүлөт. Күндүзгү бөлүмдө модулдук системага ылайыкталып жана сырттан окуу бөлүмүнө өзүнчө окуу планында көрсөтүлгөн сааттардын чегинде иштелип чыгат. Жумушчу программалар индивидуалдык мүнөзгө ээ, б.а. педагогдун чеберчилигине, профессионалдык сапаттарына жараша ар кандай деңгээлде болот. Учурда республикабыздын ЖОЖдорунда лексикологияны окутуп жаткан окумуштуулар жана педагогдор Ж.Мамытов, Ш.Жапаров, Р.Эгембердиев, А.Биялиев, С.Өмүралиева, Т.Сыдыкова, С.Каратаева, Н.Жапаров, М.Раимбековалардын жумушчу программалары менен таанышып, азыркы күндөгү кыргыз тилинин фразеологиясынын окутулуш деңгээли менен кабардар болуп, алардагы алгылыктуу жактарын колдонууга аракет жасадык.

Орус окумуштуусу В.И. Кодухов «Система вузовского изучения фразеологии» деген илимий макаласында: «Фразеология, как самостоятельный вузовский предмет, должна включать следующие разделы:



  • предмет фразеологии; научно- исследовательские приемы изучения фразеологических единиц; история фразеологии как науки;

  • историческая фразеология русского языка, фразеологизмы и устойчивые фразы, как исторический источник;

  • классификация фразеологизмов с точки зрения их семантической слитности и принадлежности, частями речи и лексике языка; фразеологизмы и устойчивые фразы;

  • систематическая характеристика фразеологических единиц, фразеологические синонимы, фразеологизмы языка и фразеологизмы стиля, авторские фразеологизмы;

  • фразеологизмы наиболее употребительные в совершенном русском литературном языке, фразеологические архаизмы и историзмы; диалектные фразеологизмы и фразеологизмы диалектизма;

  • фразеологические словари и справочники;

  • изучение русской фразеологии в средней школе», - деп [49, 164-б.] 1965-жылы көрсөткөн денгээлге кыргыз тилинин фразеологиясын окутуу бүгүнкү күндө да жете электиги байкалат. Мунун себеби ар кандай фактылар менен түшүндүрүлөт. Алар:

  1. Кыргыз лингвистикасында али да фразеологиянын жеткилең изилденбеген, талаш-тартыш темаларынын болушу;

  2. Фразеология боюнча тема изилденсе да, азыркы учурда ЖОЖдун окуу китептеринде чагылдырыла электиги;

  3. Окуу планында «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсуна бөлүнгөн сааттардын көлөмүнүн (анын ичинен фразеологияны окутууга) аздыгы, жетишсиздиги;

  4. Фразеология боюнча тандоо курс, атайын семинарлардын өтүлбөй калышы ж.б.

Эми ЖОЖдун окуу планына ылайык типтүү жана жумушчу программаларда көрсөтүлгөн кыргыз тилинин фразеологиясына тиешелүү материалдар илимпоздор, окумуштуулар, тилчилер, тарабынан окуу куралдарында чагылдыруу маселеси азыркы кезде кандай абалда экендигин анализге алсак. Себеби, сапаттуу окуу куралысыз студент толук кандуу билимге ээ болбостугу айдан ачык. Андыктан канчалык тажырыйбалуу лектор болбосун, студенттин толук материал менен камсыз болушу, өз алдынча изденип билимин бышыктоосу жана тереңдетүүсү үчүн окуу куралын алмаштыра албастыгы белгилүү.

ЖОЖдор үчүн жазылган лексикология боюнча алгачкы окуу китеби - 1956-жылы чыккан И.А.Батманов, Г.Бакинова жана Ю.Яншансиндердин «Азыркы кыргыз тили» (1-бөлүм). Анда лексикага байланыштуу материалдар өтө кыска жана системасыз берилген. Ал эми Кыргыз ССР агартуу министерствосу тарабынан ЖОЖдун филология факультетинин студенттери үчүн кыргыз тили боюнча окуу куралы катары сунуш кылынган, 1959-жылы басылып чыккан Б.М.Юнусалиевдин «Киргизская лексикология» аттуу эмгеги кыргыз тилинин лексикасындагы уңгу сөздөрдүн өнүгүшүн тарыхый жана лингвистикалык жактан терең анализге алган. Орус жана чет элдердин ошол учурдагы изилдөөлөрүнө таянып жазылган бул уникалдуу эмгектер, лексикологиянын ЖОЖдо өтүлүүчү материалдарын толук камтыбаса дагы, кыргыз лексикологиясы боюнча изилдөөлөрдүн башаты катары азыркы күндө да өзүнүн баасын жогото элек.

Мамытов Ж., Кулумбаева З. «Азыркы кыргыз тили (лексикология)» окуу китеби 1971 - жылы жарык көргөн. Авторлор «Бул окуу куралы республиканын ЖОЖдорунда окутулуп келе жаткан «Азыркы кыргыз тили» курсунунун программасына ылайык түзүлдү. ЖОЖдо азыркы кыргыз тилинин лексикасы небактан бери эле окутулуп келе жатканына карабастан, азыркыга чейин бул бөлүм боюнча программага ылайык окуу китеби, же окуу куралы жок. Бул окуу китебиндеги «Кыргыз тилинин фразеологиясы» бөлүмүн Ж.Мамытов жазган. Авторлор сунуш кылып жаткан бул окуу куралы биринчи тажрыйба болгондуктан жана кыргыз лексикологиясына байланыштуу көп маселелер али илимий жактан тереңирээк изилдене электигине байланыштуу бул эмгекте бир кыйла мүчүлүштөр болушу мүмкүн» [63,7-б.], - деп окуу куралынын артыкчылыгы менен кемчиликтерин белгилешет.

ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн жазылган, 1978-жылы жарык көргөн Т.К.Ахматов, Ж.Мукамбаевдер түзгөн «Азыркы кыргыз тили» (фонетика, лексика) окуу китеби. 1975-жылдын 3-ноябрында Кыргызстан КП БКнын «Республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде кыргыз тилин окутуунун абалы жана аны жакшыртуунун чаралары жөнүндө» кабыл алган токтомунда ЖОЖдун студенттерине эне тили боюнча терең билим берүү проблемасы ачык көрсөтүлгөн. Аталган токтомду иш жүзүнө ашыруу максатында СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КМУнун) Кыргыз тил илими кафедрасынын мүчөлөрү окуу программасына ылайык «Азыркы кыргыз тили» боюнча ЖОЖдун студенттерине арналган окуу китептерин түзүшкөн. Бул окуу китебинин 1-бөлүгү кыргыз тилинин фонетика жана лексикология бөлүмдөрүн камтыган. Китептин киришүү жана фонетика бөлүмү профессор Т.К. Ахматов, кыргыз тилинин лексикологиясы, семасиологиясы, фразеологиясы Ж.Мукамбаев тарабынан жазылган.

Окуу китебин жазууда авторлор кыргыз тил илими боюнча жарыяланган эмгектер менен бирге, советтик тил илиминин ошол учурдагы жетишкендиктерин да кеңири пайдаланууга аракет жасашкандыгын китептин баш сөзүндө белгилешет. Окуу китебиндеги материалдар программага ылайык жайгаштырылып, анда студенттерге кыргыз тилинин теориялык курсун терең өздөштүрүп алууларына жардам берүү жана өз адистиги боюнча кыргыз тилинин аталган бөлүмдөрүнөн толук билим берүү максаты көздөлгөн.

Бул окуу китеби жарык көргөн учурдагы фразеология маселесинин абалын, анын ичинде кыргыз фразеологиясынын изилдениши жаңыдан колго алына баштаганын эске алсак, андагы кетирилген айрым так эмес маалыматтар, терминдердин ар кандай аталыштары түшүнүктүү болот.

Фразеология боюнча материалдар китептин 159-169-беттеринде камтылган. Анда «Эркин сөз айкаштары»; «Фразеологиялык айкалыштардын түрлөрү (ширешме, бирдик)»; «Фразеологиялык тизмек» деген 3 тема берилген. [14]

Кыргыз тилинин лексикологиясын сырттан окуган ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн түзүлгөн Ж.Мукамбаев, А.Осмонкуловдун «Азыркы кыргыз тили» (1976) аттуу методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы өз кезегенде өзүнүн жаңычылдыгы менен айырмаланган саамалык эмгектерден. Китепте студенттер үчүн курс боюнча окулуучу материалдарды өздөштүрүү үчүн методикалык көрсөтмөлөр берилген, окулуучу адабияттардын бай тизмеси сунушталган, «Кыргыз тилинин фразеологиясы» бөлүмүндө теориялык материалдар берилген соң, жалпы лексикологияга арналган 130 көнүгүүнүн ичинен 10дон ашыгы бул бөлүмдү бышыктоо үчүн семинардык сабакка кошумча каражат катары, студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн иштелип чыккан. Тиркеме болуп киргизилген текстке лексикалык анализ жүргүзүү боюнча тапшырмалар (фразеологизмдер боюнча да), ар кыл тексттер окутуунун тарбия берүү, өркүндөтүү максаттарын да көздөгөн. Авторлор китептин баш сөзүндө: «Ушул кезге чейин республиканын жогорку окуу жайларынын филология факультеттерин сырттан окуучу студенттери үчүн азыркы кыргыз тилинен атайын түзүлгөн окуу китеби жок» [70, 5-б.], – деп белгилешкендей, окутуунун бул формасынын спецификалык өзгөчөлүктөрү эске алынып, тилдин бардык бөлүмдөрү боюнча республикада массалык тираж менен алиге чейин окуу китептери чыга элек. Ал эми аталган китеп учурда сейрек кездешип калган эмгектерден болуп калды.

80-жылдары кыргыз лексикологиясын ЖОЖдордо окутуу боюнча 2 китеп жазылган. Алардын бири Э.Абдулдаев, С.Давлетов, А.Иманов, А.Турсуновдор тарабынан пединституттардын педагогикалык факультеттери үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби «Мектеп» басмаканасынан 1986-жылы 4000 нускада жарык көргөн. Биз иликтеп жаткан «Фразеология» бөлүмүн Э.Абдулдаев жазган, анын материалдары китептин 96-102-беттеринде берилип, төмөнкү тартипте жайгаштырылган: §36. Кыргыз тилинин фразеологиялык системасы (Сөз айкаштарынын эркин жана туруктуу болуп бөлүнүшү; Туруктуу сөз айкаштарынын түрлөрү жана сүйлөмдө аткарган синтаксистик милдети тууралуу); §37. Фразеологиялык бирдиктердин (фразеологизмдердин) негизги типтери (фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш).

Бул окуу куралында эркин сөз айкашы жөнүндө учкай сөз болуп келип, туруктуу сөз айкаштары сүйлөө учурунда эле түзүлө калбай, алар тилде даяр түрдө жашаары айтылып, чырпык башын сындырбай, колу ачык, жаасы катуу, жону жука, мурдуна суу жетүү, таш боор сыяктуу мисалдар келтирилет да, «мындай туруктуу сөз айкаштыктары фразеологиялык бирдиктер же фразеологиялык түрмөктөр деп аталат»,- деген аныктама чыгарылат. Фразеологиялык бирдиктин негизги типтери катары: 1) фразеологиялык ширешме, 2) фразеология биримдик, 3) фразеологиялык айкалыш көрсөтүлгөн [ 56 ].

Экинчи китеп К.Дыйканов тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикасы» аттуу окуу куралы кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен 1-курсун окуган студенттер үчүн сунушталып, 1988-жылдан тарта бир нече жолу басылып чыккан. Окуу куралынын 1991-жылы жарык көргөн 3-басылышы «Сөз айкашы» (Словосочетание), «Туруктуу сөз айкашы» (Фразеология), «Өтмө маани» (Идиома) деген темадагы материалдар чакан формада теориялык материаларды камтуу менен бирдикте, ар бир темадан кийин тиешелүү тапшырмалар берилгендиги менен өзгөчөлөнөт. Тактап айтканда, окуу куралда окутуунун теориясынын практика менен айкашы эске алынган.

Бул окуулукта дагы эркин сөз айкашы жөнүндө маалымат берилген соң, «туруктуу айкалыш» деген термин колдонулуп, ага төмөндөгүдөй аныктама берилет: «Туруктуу сөз айкашындагы сыңарлар (сөздөр тике маанисинен айрылып, сөз тизмегинде бир единица катарында колдонулат да, сүйлөмдүн бир мүчөсү болот». Мисал катары «төбө чачы тик турду»; «күлүн көккө сапырды»; «ала жибин аттабас»; «көз ачып - жумганча»; «оозунан түшкөндөй» ж.б фразеологизмдер көрсөтүлөт. [27] Фразеологиялык айкалыштардын типтери көрсөтүлбөгөн.

90-жылдардан тарта ЖОЖдо кыргыз тилинин лексикологиясын окутууга арналган окуу куралдарынын жетишсиздиги, анда камтылган теориялык материалдардын аздыгы, учурда колдонулуп жаткан программалардын талаптарына толук жооп бере албай калышы кыргыз тилчилерин кайдыгер калтырган жок. Тескерисинче, кыргыз тилинин бул тармагына арналган жаңы-жаңы окуу китептери биринин артынан бири жарык көрөт. Мисалы: Ахматов Т.К., Өмүралиева С. «Кыргыз тили. Фонетика, лексика» (1990), А.Жалилов «Азыркы кыргыз тили» (1996), Сапарбаев А. «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» (1997), Э.Абдулдаев «Азыркы кыргыз тили» (1998), Ж.Мукамбаев «Кыргыз диалектологиясы жана фразеология» (1998), Ж.Мамытов «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикология» (1999), Акунова А.Р., Раимбекова. М. «Азыркы кыргыз тили. Лексика» (2005). Бул окуу китеп, окуу куралдарында жалпы эле лексикологиянын теориялык материалдар терең камтылып, бири ЖОЖдун филология факультеттерине арналса, бири педагогика адистигин окуп жаткан студенттерге, бири студенттерге бул бөлүмдү өздөштүрүүгө кошумча окуу куралы катары сунушталса, бири сырттан окуган студенттер үчүн жазылган. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе практикалык максатты көздөгөн ар кыл аспектидеги көнүгүүлөр да кеңири киргизиле баштаган. Эми бул эмгектердеги фразеологиянын берилишине көңүл бурсак. ЖОЖдун журналистика факультеттеринин студенттери үчүн атайын Т.К.Ахматов, С.Өмүралиева тарабынан жазылган «Кыргыз тили» (фонетика, лексика) окуу китеби 1990-жылы чыгып, окуу китебинин «Лексика» бөлүмүн С.Өмүралиева иштеп чыккан. Буга чейинки окуу китептеринин айырмасы - «фразеологизмдер» деген терминдин колдонулушу, фразеологизмге берилген аныктаманын так, конкреттешкендиги, бул сөздөрдүн негизги жана кошумча мүнөздүү белгилери такталып, сүйлөө речинде колдонулушу көркөм чыгармалардан келтирилген көптөгөн мисалдар менен далилденип берилгендигинде. Автордун Ж.Осмонова, Р.Эгембердиевдин фразеология боюнча изилдөөлөрүнө таянгандыгы байкалат.

«Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан 1996-жылы жарык көргөн «Азыркы кыргыз тили» окуулугу А.Жалилов тарабынан жазылып, ЖОЖдун педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы адистигинде окуган студенттерге арналган. Окуулукта тиешелүү теориялык материалдардан кийин көнүгүүлөр, өзүн-өзү текшерүүчү суроолор, ар бир темага байланыштуу кошумча адабияттар да берилген.

Буга чейинки окуу китептеринде берилбеген «Фразеологизмдердин варианттары» деген тема киргизилген [29, 252-б.]. Демек, муну кыргыз тилинин фразеологиясын изилдөө ишинде жаңылыктар болуп, алар окутуу ишине да таасир тийгизип, натыйжада фразеологияны окутуу да жаңы баскычка көтөрүлүп, жандана баштаганынын белгиси катары карасак болот.

А.Сапарбаев «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» (1997) окуу китеби ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттерине, мугалимдерге, кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясына кызыккан окуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналып, КРдин Гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү программасынын талаптарына ылайык «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан басылып чыккан. Буга чейин лексикология боюнча ЖОЖдор үчүн бир нече окуу китептери басылып чыкса да, мындай окуу куралдын кайрадан жазылышынын себептеринин бири катары авторлор аталган курстун фонетика бөлүмү менен бирдикте чагылдырылышы лексикологияга жана фразеологияга байланыштуу көпчүлүк теориялык материалдардын учкай берилип, студенттин материалды толук өздөштүрүүсүнө жана өз алдынча билим алышына кедерги болуп келгендигин белгилешет [95, 5-б.]. Жаңы материалдар, топтолгон тажрыйбалар, жетишкендиктерди, тилдик фактыларды пайдаланып жазылган бул окуу китебинен студент фразеология боюнча өз алдынча окуп, билимдерин кеңейте алат.

Э.Абдулдаев тарабынан жазылган «Азыркы кыргыз тилинде» лексикология жана фразеологиянын материалдары тилдин фонетикасынан кийин орун алган. Бул окуу китеби 1998-жылы «Кыргызстан» басмаканасы тарабынан 2000 нускада басылып, азыркы учурда ЖОЖдун студенттери тарабынан кеңири колдонулган жаңы окуу китептеринин бири. Ал ЖОЖдун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери үчүн деп белгиленип, фразеологияга арналган эки теманы камтыйт. Алар: «§51. Фразеологизмдер жөнүндө жалпы түшүнүк», «§52. Фразеологиялык бирдиктердин (фразеологизмдердин) негизги типтери».

Бул китепте туруктуу сөз айкаштары делбестен, «фразеологизмдер» деген термин колдонулуп, алар кеминде эки, же андан көп сөздөрдүн өз ара айкалышкан курамынан туруп, көркөмдүк касиети таасирдүү, жеке сөздөргө караганда ой-пикирди таамай, курч жана образдуу кылып туюндуруучу баа жеткис көркөм каражат катары колдонуулары белгиленип, мисал катары кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган, камырдан кыл суургандай, кара суудан каймак алуу, өз көмөчүнө күл тартуу ж.б. фразеологизмдер келтирилет. Фразеологизмдердин негизги типтери катары орус окумуштуусу В.В.Виноградов тарабынан сунушталган үч типти кыргыз тили үчүн да мүнөздүү деп көрсөтөт: фразеологиялык ширешме (фразеологические сращения), фразеологиялык биримдик (фразеологические единства), фразеологиялык айкалыш (фразеологические сочетания) [ 4, 240-б.].

Фразеологияга байланыштуу теориялык материалдардын ошол мезгилге ылайык так жана кеңири берилиши, жеке эле кыргыз тил илимине гана таянбастан, жалпы тил илиминин, фразеологиялык сөздүктүн бай материалдарына таянуу менен иштелип чыккан бул темалар студенттин кабыл алуусу үчүн жеңил жана ыңгайлуу формада, ырааттуу, системалуу түрдө жайгаштырылганы менен өзгөчөлөнөт. Бирок бул китеп да, биздин оюбузча, тил илиминде талаш-тартышты туудурган фразеологиянын типтерге классификацияланышын камтыбай кете алган эмес.

Кыргыз тилинин фразеологизмдерин тереңден изилдөөгө өз салымын кошкон окумуштуулардын бири Ж.Мукамбаевдин ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн кошумча окуу китеби катары сунуштаган «Кыргыз диалектологиясы жана фразеологиясы» аттуу эмгеги окуу программасында көрсөтүлбөгөн студенттердин жалпы тил илиминдеги бул тармактагы жаңы иликтөөлөр жөнүндө кабар берүү максатын көздөгөн. Ар кыл тематикадагы фразеологиянын материалдарын жеке эле студенттер пайдаланбастан, бул темага кызыккан, изилдеген окутуучулар, аспиранттар, илимпоздор өздөрүнө көп билимдерди кошо алат жана студенттердин өз алдынча билимин тереңдетүү, атайын курс жана семинарларды уюштуруу, курстук, дипломдук, магистрдик иштерди жаздыруу үчүн бай, таяныч материал катары колдоно алышат деген ойдобуз.

Дагы жогоруда айтылгандай жүктү көтөрө ала турган эмгектердин катарына С.Ибраимовдун «Тил илиминин негиздери» аттуу ЖОЖдун студенттери үчүн жазылган окуу куралын жана «Тил илимине киришүү» курсу боюнча практикумду» атасак болот. Бул эки эмгек тең автордун көп жылдык окумуштуулук жана педагогдук тажрыйбасынын жемиши болуп саналат жана ЖОЖдун филология жана педагогика факультеттеринин 1-курстарында окулуучу «Тил илимине киришүү» дисциплинасы боюнча лекциялар жана көнүгүүлөр жыйнагы болуу менен катар, жалпы эле тил илиминин, анын ичинде кыргыз тилинин фразеологиясына байланыштуу бай материалдарды камтуу менен бирдикте жаңы формада, жаңыча метод менен түзүлгөн. Лекциялар курсунда негизги тексттен кийин методикалык көрсөтмөлөр, өз алдынча даярдануу жана ой жүгүртүү үчүн суроолор, тема боюнча жаңы терминдер жана тиешелүү адабияттардын тизмеси берилет. Ал эми семинар, практикалык сабактар үчүн арналган окуу-методикалык куралы кызыктуу суроолор, тапшырмалар, маалыматтар менен студентти өз алдынча билимин бышыктоого, тереңдетүүгө багыттайт.

ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн жазылган дагы бир эмгек - Ж.Мамытовдун «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикологиясы». 1999-жылы жарык көргөн окуу куралынын баш сөзүндө автор бул эмгектин жазылышын төмөнкүчө түшүндүрөт: «Республикабыздын коомдук-саясий түзүлүшүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын өзүнчө мамлекеттик суверендүүлүккө жетишкендигине, эне тилибиздин мамлекеттик статусуна ээ болгондугуна, өлкөбүздүн тарыхына жана азыркы заманга карата традициялык эмес көз караштын пайда болушуна, коммунисттик идеологиядан кайтып, улуттук идеологиянын жаңы багыт алышына, улуттук аң-сезимдин дүркүрөп өсүшүнө жана илимий-теориялык изилдөөлөрдүн методологиялык негиздеринин объективдүү мүнөзгө ээ болушуна байланыштуу жогорку окуу жайларында колдонулуп келген мурунку окуу китептерин, окуу куралдарын кайрадан карап чыгып, замандын духуна, талабына ылайык келген жаңы окуу китептерин, жаңы окуу куралдарын жазуунун зарылчылдыгы келип чыкты» [64,3-б.]. Чындыгында коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр айрыкча тилдин лексикасына таасирин тийгизээри белгилүү. Мына ушул аспектиден караганда бул окуу куралында келтирилген мисалдар учурдун талабына шайкеш келет. Ал эми бул бөлүмдө биз иликтеп жаткан кыргыз тилинин фразеологиясына тиешелүү материалдар буга чейинки жарык көргөн окуу куралдарына караганда кененирээк берилген, т.а. «Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк», «Фразеологиялык бирдиктердин негизги типтери» деген адаттагы темалардан тышкары, «Фразеологизмдердин көп маанилүүлүгү жана омонимдер», «Фразеологиялык синонимдер», «Фразеологиялык антонимдер» деген жаңы темаларда абдан кызыктуу материалдар студенттерге жеткиликтүү илимий стилде сунушталат. Фразеологизмдердин саны да көбөйгөн, алардын варианттары боюнча «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» пайдалануу менен теориялык жана практикалык багыттагы кеңири материалдарды камтый алган.

ЖОЖдун педагогика факультетинин студенттери үчүн жазылган «Азыркы кыргыз тили. Лексика» аттуу окуу куралы А.Акунова, М.Раимбековалар тарабынан түзүлүп, 2005-жылы жарык көргөн. Бул окуу куралы 2001-жылы дистанттык окутуу боюнча түзүлгөн «Азыркы кыргыз тили. Фонетика» аттуу атайын сырттан окуган студенттер үчүн жазылган окуу куралынын 2-бөлүмү. Авторлор бул китептин баш сөзүндө: «Сырттан окуган студенттердин окуу иштерин уюштуруудагы өзгөчөлүктөрү, б.а. бөлүнгөн сааттардын аздыгы, студент менен окутуучунун ортосундагы болгон байланыштын жетишсиздиги, бул бөлүмдү терең окутууга өз таасирин тийгизбей койбойт. Демек, болочоктогу адис курс боюнча негизги жана кошумча билимдерди өз алдынча окууга аракет кылууга тийиш», - деп белгилешет [ 8, 3-б.]. Ушул маселени чечүүнү көздөгөн бул окуу куралында лекциялардын толук курсу, семинардык сабактарда практикалык иштерди уюштуруу үчүн көнүгүүлөрдү, лекцияларда камтылбаган темага байланыштуу кошумча суроолор өз алдынча иштөө үчүн сунушталып, мындан тышкары, эне тили боюнча билимдерди тереңдетүү үчүн курска тиешелүү лексикалык талдоо үчүн мисалдар; студенттерге жаздырылуучу текшерүү жана курстук иштердин тематикасы; таблицалар; тесттин варианттары берилип, окууга сунушталган адабияттардын тизмеси көрсөтүлгөн. Фразеологияга байланыштуу материалдар 6-лекцияда окутулат. Ал «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп аталып, өз ичине төрт маселени камтыйт: 1) Фразеология жана анын изилдениши тууралуу жалпы түшүнүк; 2) Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери; 3) Фразеологизмдердин тилдин башка бирдиктеринен айырмачылыктары жана окшоштуктары; 4) Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер. 5) Фразеологизмдердин сүйлөмдөгү морфологиялык жана синтаксистик кызматтары (фразеологиялык талдоо). Лекция ушул бөлүмдө сөз болгон ЖОЖдорго арналган кыргыз тилинин лексикологиясы боюнча жазылган алгылыктуу окуу курал, окуу китептерине таянылып жазылган жана автордун азык-оолак фразеология багытындагы изилдөө иштеринин жана педагогикалык тажрыйбасынын жыйындысы.

Жыйынтыктап айтканда, азыркы мезгилде ЖОЖдордун филология, журналистика, педагогика факультеттери үчүн «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу боюнча жазылган окуу китептеринин саны көбөйүүдө. Барган сайын алар тил илиминин жаңы жетишкендиктери менен толукталып, методикалык жактан колдонууга ыңгайлуу абалга жетип, программага байланыштуу материалдарды толук, терең камтууну көздөп, жаңыланып, өсүү жолунда деп айтсак болот. Ал эми алардын сан жагынан республиканын ЖОЖдоруна таралышы- өзүнчө маселе. (Тиркеме 2). Бирок окуу китеп, окуу куралдарындагы фразеологияга тиешелүү материалдар - тил илиминин өзүнчө бир бөлүмү катары берилип, мазмуну такталып, толукталып, тереңдетилүүгө дагы да муктаж демекчибиз.



ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФРАЗЕОЛОГИЯСЫН ЖОЖдо ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ

2.1. ЖОЖдо кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди окутуу.

«ХХ кылымдын Махмуд Кашгариси» атка конгон кыргыз тил илиминдеги тунгуч лексикограф, белгилүү илимпоз, академик Кусейин Карасаев: «Урматтуу жаштар! Тил байлыгыбыз эки кабаттуу. Биринчи кабаты шайдоот болот. Аны адамдын баардыгы эле билет. Экинчи, астынкы кабаты – кишинин баардыгына эле түшүнүктүү боло бербейт. Аны чечмелөө керек. Астыңкы кабаттагы сөз байлыгын өздөштүргөн адам даанышман, сөзмөр да болот. Бул кабаттагы сөздөр «Манас» сыяктуу дастандарда, макал – лакаптарда, чыгаан жазуучулардын чыгармаларында кездешет. Ошол астыңкы кабаттагы сөздөрдү элге тартуулаш керек» [46, 4-б.], - деп баса белгилегендей, көркөмдүк касиети курч, таасирдүү жана элестүү болгон, ата-бабадан мурас катары тилибизде кеңири кездешкен мындай көркөм каражаттардын бири болгон фразеологизмдерди өсүп келе жаткан муундарга үйрөтүү, жайылтуу иштерин жүргүзүү - ар бир тилчинин ыйык милдеттеринин бири.

Орто мектептердин программасына ылайык фразеологиянын системалуу курсу 6- жана 11–класстарда, ал эми ЖОЖдун окуу пландарына ылайык бул бөлүмдү камтыган «Азыркы кыргыз тилинин лексикология курсу» 1-2- курстарда окутулат.

1996-жылдан берки изилдөө, иликтөө иштерибизге, педагогикалык тажрыйбабызга, жүргүзүлгөн эксперименталдык иштерге, адабий жана бул багытта иштелип чыккан теориялык, практикалык, методикалык эмгектерге таянуу менен кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди студенттерге тереңдетип окутуунун программаларын, натыйжалуу ыкмаларын, ыңгайлуу жолдорун, кошумча каражаттарын сунуш кылабыз.



ЖОЖдун күндүзгү бөлүмүндө кыргыз тилинин фразеологиясын окутуу.

Окутуунун бул формасында окуган студенттер фразеология бөлүмү боюнча билимдерди «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсунун 2-модулунда алышат. Республиканын ЖОЖдорунда учурда колдонулуп жаткан окуу пландарында (алар жөнүндө иштин 1.2. бөлүмүндө кеңири сөз болгон) бөлүнгөн сааттардын саны бул бөлүмдү окутууга, филология жана педагогика адистиктерине карай адатта 2 - 4 саат лекция, 1 - 2 саат практикалык сабактан ашык убакыт бере албайт. Анын себеби, лексикалык материалдын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Тилибизде фразеологизмдерден башка да сөздөрдүн көптөгөн түрлөрү, маанилик типтери бар жана аларды да окутуу закон ченемдүү иш. Бирок фразеологизмдерди окутуунун азыркы убактагы актуалдуулугун, дегеле учурдагы эне тилин окутууга байланыштуу маселени эске алып, бул бөлүмдү күндүзгү бөлүм үчүн филология факультетинде кеминде 6 саат лекция, 6 саат практикалык сабак көлөмүндө, педагогика факультетинде 4 саат лекция, 4 саат практикалык сабак көлөмүндө окутулушун жана аны төмөндөгүдөй пландаштыруу жана өткөрүүнү сунуштайбыз:



ТАБЛИЦА 2.1

ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУНУН ПРОГРАММАСЫ



Өтүлүүчү темалар

Лекция

Практ. сабак

Негизги методдор, ыкмалар

1.



Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк: а) Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши;б) Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери; в)Фразеологизмдин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал – лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары.

2 саат



Маалымдоочу- өнүктүрүүчү (лекция,

түшүндүрүп-иллюстрациялоо) проблемалык, интерактивдүү ыкмалар ж.б.




2.


а)Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин варианттары; б)Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер; в)Фразеологизмдер-дин тарыхый жактан куралышы жана стилдик жактан бөлүнүшү.


Альтер-нативдүү вариант




Проблемалык-изденүүчүлүк (китеп менен өз алдынча иштөө; маалымат технологияларын колдонуу) ж.б.

3.

Фразеологизмдердин кепте колдонулушу. (Кыргыздардын көркөм сөз өнөрү боюнча аңгеме, талкуу, жолугушуу, симпозиум, конференция, дебаттарды уюштуруу).

Альтер-нативдүү вариант




Маалымдоочу-өнүктүрүүчү, аудио-видео каражаттарын колдонуу; интерактивдүү методдор, ж.б.

4.

Фразеологияга байланыштуу көнүгүүлөр, тапшырмаларды иштетүү; Фразеологизмдердин морфологиялык, синтаксистик касиеттерин үйрөтүү; фразеологиялык талдоого машыктыруу.




2 саат

Репродуктивдүү (окуу материалын айтып берүү, көнүгүүлөрдү үлгү боюнча аткаруу); талкуу ж.б.

5.


Фразеологизмдерди семантикалык, структуралык топторго бөлүштүрүү (Фразеологиялык минимум, сөздүктөр менен иштөө).




Альтер-нативдүү вариант

Иштиктүү оюн (конференция); изилдөөчүлүк иштер ж.б.

6.



Эпостордон, акын-жазуучулар- дын чыгармаларынан фразеоло- гизмдерди таап, маанисин чечмелеп, пайда болуу тарыхын үйрөтүү; фразеологизмдерди катыштырып текст, дилбаян жаздыруу.




Альтер-нативдүү вариант

Магнитофондук жазуу уктуруу, изилдөөчүлүк иштер,

чыгармачыл-репродуктивдүү ж.б.




(ЖОЖдун педагогика адистигин окуган студенттерге 1-2-лекция, 4-5-практикалык сабактар өтүлөт.)

ЖОЖдо окутуунун формалары–бул студенттин окуу ишмердүүлүгүн туруктуу уюштуруу жолдору. Окутуучу алар аркылуу окутуу процессинде студентти билим, адат, көндүмдөргө үйрөтөт, тарбиялайт, өнүктүрөт. Окутуунун формаларынын төмөндөгүдөй түрлөрү бар:



  1. Теориялык билимге багытталган формалар: лекция, семинар, лабороториялык иш, экскурсия, өз алдынча аудиториялык иш, конференция, консультация ж.б.;

  2. Практикалык даярдыкка багытталган формалар: практикалык сабак, курстук иш, дипломдук иш, практиканын бардык түрлөрү, иштиктүү оюн ж.б.

Лекция – ЖОЖдо окутуунун методу да, формасы да болуп эсептелет. Окутуунун методу катары илимдин мазмунун оозеки түрдө ырааттуу, системалуу баяндайт. Лекциянын көптөгөн түрлөрү бар: жалпы системалуу курс, киришүү, обзордук, атайын курс ж.б. ЖОЖдун педагогикасында лекциянын сапатын баалоонун критерийлери катары төмөнкүлөр белгиленген :

  • Студенттердин катышуусу;

  • Көпчүлүктүн аны жазышы;

  • Мазмунунун

    1. идеялык багыты;

б) деңгээли;

г) татаалдыгы;

д) конкреттүү мисалдар менен коштолгондугу;


  • Студенттерди ойлонууга түрткөн суроолордун берилиши;

  • Айтылган материалдардын далилденгендиги;

  • Аудиториянын деңгээлинин эске алынышы;

  • Лектордун жүрүм-туруму;

  • Окутуучу менен студенттин мамилеси;

  • Аудиторияны башкаруу. [ 51,148-б.]

Лекциянын план, структурасы, критерийлери туура сакталып өтүлгөн төмөнкү лекция биз тандап алган лекциянын түшүндүрүп- иллюстрациялап өтүлгөн түрүнө жана ЖОЖдо окутуунун негизги түрү болгон лекция формасынын жалпы жоболоруна туура келип, студенттердин жаңы билим, көндүм, адаттарга ээ кылууда көздөгөн максатты ишке ашырмакчы.
1- лекция: Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.
1. Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши;

2. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери.

3. Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал – лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары.
1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүмү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В.Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган объектиси - фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «phrazls» - «түрмөк, айкалыш» жана «logos» - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн алынган.

Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге биринчи жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкаштар жөнүндө» деген 1956-жылы Кыргыз ССРнин тил жана адабият институтунун жыйнагында жарык көргөн макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Андан бери фразеология боюнча жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды. Натыйжада фразеология тилдеги өзүнчө сөз каражаттары болгон фразеологиялык айкалыштарды изилдей турган тил илиминин бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси такталды. Бул ишке өз салымдарын кошкон Ж.Шүкүровдон кийин Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, Ж.Мукамбаев, Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж.Чыманов, Р.Токсоналиева, Р.Эгембердиев, Г.Жамшитова, И.Исабеков ж.б. окумуштуулар болушту. Азыр да тилибиздин бул тармагы илимий теориялык, практикалык, методикалык жактан иликтенүүдө. Мисал катары, 2001-жылы Ж.Осмонова, К.Коңкобаев, Ш.Жапаровдор тарабынан кайрадан толукталып, 7980 фразеологизмдерди камтыган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» иштелип чыккандыгын атасак болот (Лектор фразеология боюнча корголгон илимий иштер, монографиялык эмгектер, сөздүктөр жөнүндө студентке толук маалымат бериши керек).



2. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү негизги жана кошумча белгилери бар.

Негизги белгилери:

  1. Кепте даяр материал катары колдонулушу;

  2. Компоненттүүлүгү;

  3. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

  4. Өтмө мааниде колдонулушу;

  5. Образдуулугу;

  6. Эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү;

  7. Туруктуулугу;

  8. Сүйлөмдө синтаксистик жактан сүйлөмдүн бир мүчөнүн милдетин аткарышы.

Кошумча белгилери:

  1. Башка тилге сөзмө-сөз которулбастыгы;

  2. Синонимдик эквивалентинин болушу.

Фразеологизмдердин негизги белгилеринин ар бирине өзүнчө токтолсок:

Кепте даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан ( тамак ичүү; кызыл алма; жардам берүү, биринчи китеп, ж.б.) илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такалоо ж.б.

Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер эки, же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент – компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак тандай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү – 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан сары ит кирип, кара ит чыгуу; ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж.б. фразеологизмдер 6-8 компоненттерден турушат .

Маани жактан ширелишип, лексикалык жактан бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай, фразеологизмдердин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алысташып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн - ынтымактуу; төбөсү көккө жетүү – кубануу; ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр, же суйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру, ж.б. (фразеологиялык сөздүк боюнча берген маанилери айтылат).

Өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү, образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Маселен, эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын; адилеттикти, бардыгына тең караган калыстыкты таамай жана таасирлүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти камырдан кыл суургандай; кара суудан каймак алуу; биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды ичине кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр чыгаруу; кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо деген фразеологизмдер аркылуу туюндурсак, же болбосо «Берекелүү күз айы» дебестен, «Ак төөнүн карды жарылган күз айы», «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дебестен, «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп, кебибизде фразеологизмдерди ыктуу колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары образдуу да болоору байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары колдонулушун шарттайт.

Туруктуулугу. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологиялык жалпы мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлар да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат.

Мисалы: «Айтканда тилим албасаң,



Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп каларсың». («Жаныш-Байыш»)

«Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.



Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр.» («Карач –Көкүл»баяны)

Бул келтирилген мисалдардагы «бармагын кесе тиштөө», «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» деген фразеологизмдердин бардык компоненттери чогуу болбостон, ортосуна сөздөр кыстырылып колдонулду.

Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы. Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат.

Мисалы : 1. Кара жаак, жез таңдай,

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2.Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Э.)

3. Кара кылды, как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оозго сөз айтпа,

Сырты коозго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)

Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2- сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин жогорку аталган негизги белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Демек, тилдеги эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүү, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө грамматикалык жактан бир гана милдет аткарган тилибиздеги көркөм сөз каражаттары фразеологизмдер деп аталат.

Жогорудагы лекцияны окуп жатып, лектор өз кезеги менен эң бир натыйжалуу жана кеңири колдонулган көрсөтмө куралдарынын бири - таблицаларды иллюстрациялап колдонуу менен студенттердин угуу сезимдери менен кошо көрүү сезимдерин да билимди өздөштүрүүгө, эстеп калууга бурдуруп, аудиторияны туура жетектөө менен сабактын максатына жете алат.

Бул таблицаларды жалпы аудиторияга ылайыктап, же ар бир студентке таратылуучу материал катары колдонууга болот. Лекциянын көрсөтмө куралдар менен коштолуп окулушу студенттер тарабынан жазып алууга да ыңгайлуу жана жеңил болуп, аз убакытты талап кылат. Төмөндө мындай таблицалардын үлгүлөрүн беребиз.



ТАБЛИЦА 2.2

КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИНИН ТАРМАКТАРЫ



ТАБЛИЦА 2.3

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ

1. Кепте даяр материал катары колдонулушу.

М: ташка тамга баскандай; төө чечкендей болуу; жылкы кыял;

ак жолтой, Ат байгелүү болсун! Куш боо бек болсун!






2. Компоненттүүлүгү

М: жайыл дасторкон; куурай башын сындырбоо;

кара жанды карч уруу; мурдунан эшек курту түшө элек;

он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж.б.





3. Маани жактан ширелешип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы.

М: жылдызы жарык; арасынан кыл өтпөө; ат тезегин кургатпоо;

каш кабактын ортосунда; беш өрдөгүн учуруу ж.б.






4. Образдуулугу.

М: ак төөнүн карды жарылган; битин сыгып канын жалаган; сары изине чөп салуу; ийненин көзүндөй; ийне жеген иттей, эгиз козудай ж.б.




5. Туруктуулугу.

М: кабырга менен кеңешүү; сүттөн ак; үшкүрүгү таш жаруу;

колу жеңил; өз көмөчүнө күл тартуу; көз ачып-жумганча ж.б.






6. Синтаксистик жактан сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы.

М: Ташчайнар менен Акбара башы оогон тарапка бет алышып,

кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)



Лекциянын 3-бөлүгүндө тил илиминде талаш-тартышты туудурган маселе - фразеологизмдердин табияты, б.а. алардын эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, сүйлөмдөрдөн, макал-лакаптардан болгон айырмачылыктары жана окшоштуктары жөнүндө студенттерге маалымат берүү зарыл. Себеби студент бул тилдик бирдиктердин чегин так билүүсү менен фразеологизмдердин табиятын туура түшүнүүгө жетише алат. Ал үчүн окутуучу студенттердин бул маселе боюнча ойлорун угуп, аларды системалаштырып, конкреттештирип өздөрүнө жыйынтык чыгарууну тапшырат. Макал-лакаптарга тиешелүү жыйынтыктар төмөнкү таблицалар менен салыштырылып, анализденет.
ТАБЛИЦА 2.5

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР МЕНЕН МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫН ОКШОШТУКТАРЫ

1. Кепте даяр материал катары колдонулушу.

М: Жүрөгүндө кара жок; куландан соо; сүткө тойгон күчүктөй ж.б.

«Карынын сөзүн капка сал», «Ырыс алды - ынтымак»,

«Биринчи байлык - ден соолук» ж.б.





2. Туруктуулугу.

М: Эт менен челдин ортосунда; эне сүтүн актоо; чар көпөлөк айлануу; уйдун бөйрөгүндөй, уй мүйүз тартуу ж.б.

«Бөлүнгөндү бөрү жейт», «Билим алуу ийне менен кудук

казгандай», «Туулган жердин топурагы алтын» ж.б.





3. Образдуулугу.

М: Иттин арткы шыйрагындай, төбөсү көккө жетүү; беш өрдөгүн учуруу; котур ташы койнунда ж.б.

«Иши илгери болоордун ити чөп жейт»,«Бир карын майды бир кумалак чиритет» ж.б.


ТАБЛИЦА 2.6

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР МЕНЕН МАКАЛ-ЛАКАПТАРДАН АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫ

Фразеологизмдер




Макал-лакаптар




1) 1 гана сүйлөм мүчөсүнүн жана 1 гана сөз түркүмүнүн милдетин аткарат.

М: Кара кылды как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады.

(«Манас»)

( аныктооч жана сын атооч)





Составындагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча сүйлөм мүчөсү жана сөз түркүмү болот.

М: Эр эмгегин жер жебейт

(эр-аныктооч, зат атооч; эмгегин-толуктооч, зат атооч; жер-ээ, зат атооч; жебейт-баяндооч, этиш.





2) 1 түшүнүктү элестүү атайт, туюндурат.

М: Кылычынын бал тамган; кыпча бел; ээн баш; төкпөй-чачпай айтуу; төөнүн куйругу жерге тийгенде ж.б.






Эл турмушунун тажырыйбасынан корутундуланган түшүнүктү билдирет.

М: «Баланы жашынан, аялды башынан»; «Вазир жакшы - хан жакшы, Аял жакшы - эр жакшы».






3) Дидактикалык мүнөзгө ээ эмес. М: атка жеңил, тайга чак; бычакка сап болгондой ж.б.




Дидактикалык мүнөзгө ээ

М: «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт».






4) Тилде көркөм каражат болот.

М: «Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман

баспаптыр.



Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон

сактаптыр».

(«Карач-Көкүл баяны»)






Тилде сүйлөм же чакан чыгарма болот.

М: «Шодоконун бүркүтүндөй жутунба»;

«Жакшы менен жайлоого чыксаң, кудалашып түшөсүң,

Жаман менен жайлоого чыксаң, кубалашып түшөсүң» ж.б.


Фразеология боюнча өтүлүүчү «Фразеологизмдердин башка тилдик бирдиктерден айырмачылыктары жана окшоштуктары» аттуу лекциянын бул 3-бөлүгүн проблемалык метод менен уюштурса да болот. Мындай ыкманы колдонуу студенттерди активдештирип, өз бетинче изденип билим алууга, окуган материалдан жыйынтык чыгарууга, ойлонууга өбөлгө түзөт. Бул методду колдонуунун негизги максаты болуп студенттин кесиптик проблемалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, кабыл алган билимин жана көндүмдөрүн кырдаалга жараша өзгөртүүгө жетишүү саналат. Ал үчүн лектор сабакты 3 этапка бөлөт, анын 1-этабында тил илиминде фразеологизмдерди эркин сөз айкаштары, татаал сөздөр, макал – лакаптар, сүйлөмдөр менен айрым белгилери боюнча жакындыктары болгондуктан айырмаланбай калган учурлар кездешээри эскертилип, студенттерге доскага илинген таблицаны пайдаланып, ушул 5 тилдик бирдиктерди өз алдынча ажыратып чыгуулары тапшырылат.



ТАБЛИЦА 2.4

ТИЛДИК БИРДИКТЕР

Эркин сөз айкаштары

Фразеологизмдер

Татаал сөздөр

Макал-лакаптар

Сүйлөмдөр

Жаңы

мектеп


Кара жанды карч уруу

Билим алуу

Карысы бардын ырысы бар.

Күркүрөгөн күз келди.

Кыргыздын балдары

Колунан көөрү төгүлгөн

ата-эне

Кыздуу үйдө кыл жатпайт.

Ата-энеме жакшылык кылуу менин милдетим.

Балдай таттуу

Кабагына кар жаады

боз үй

Өнөр алды-кызыл тил.

Асан, Үсөн- эгиз балдар.

Алдын – ала даярдалган бул таблицада 15тен 30га чейинки аталган тилдик бирдиктер тең санда, баш - аламан жайгаштырылат. Алар суурулуп, өз ордуларына коюулууга ыңгайлашкан формада болот. Студент керек болгон билимди окуп, өздөштүрүп, пайда болгон проблеманы чечиши керек. Ал үчүн тиешелүү материалдар менен студент камсыз кылынат (Окуу китеби, лекциянын тексти же тиешелүү маалыматты камтыган магнитофондук жазуу ж.б.). Бул иш-аракеттер проблемалык окутуунун 2-этабын түзөт.

Проблемалык окутуунун 3-этабы – алдына коюлган проблеманы чечиш үчүн аны андан ары системалаштыруу менен жыйынтыгын чыгаруу. Студенттер тилдик бирдиктерди тилкечелерге жайгаштыруу менен эмне үчүн, кайсы белгисине карай ушундайча бөлүштүргөндүгүн түшүндүрүшөт.

Лектор тарабынан проблемалык метод менен уюштурулган бул сабак туура натыйжа берсе, студент өз алдынча аныктамаларды чыгарууга жетишиши керек. (Бул терминдер доскага алдын-ала жазылып, кагаз, маркер таратылып, студенттердин тобуна тапшырылат).



  • Эркин сөз айкашы деп-…

  • Фразеологизмдер деп-…

  • Татаал сөз деп-…

  • Макал - лакап деп-…

  • Сүйлөм деп-…

Фразеологияга байланыштуу 1-лекция окулуп бүткөн соң, материалдын өздөштүрүлгөнүн анализдөө үчүн суроолор берилет, студенттерде пайда болгон суроолор такталат, лекция жалпы жыйынтыкталып, өз алдынча билим алуу үчүн тиешелүү адабияттардын тизмеси айтылып, аларга кыскача аннотация берүү менен сабак жыйынтыкталат.

Педагогикалык, психологиялык критерийлер эске алынуу менен туура уюштурулган бул лекцияда жаңы билимге, көндүмгө студент даяр түрдө да, өз алдынча проблеманы чечүү менен да ээ болот. А бул болсо ЖОЖдорго коюлуп жаткан мезгилдин талаптарынын бири. ЖОЖдо билим берүүдө студентке билим,көндүм, адаттарды жөн гана берүү жагы көздөлбөстөн, аларды тандоо, анализ, синтез кылууга, «ачылыш» жасоого, диалогго барууга көнүктүрүү басымдуу болушу керек. Бул жөнүндө немец педагогу И.Герберт: «Мугалим – активдүү болсо, окуучу – пассивдүү, ал мугалим айткан даяр билимди гана өздөштүрөт», - дейт. Герберттин системасы боюнча окутууда негизги күч окуучунун эстеп калуусуна байланыштуу, б.а. эске тутуу функциясынан көз каранды; немец педагогу А.Дистервег: «Жаман мугалим – чындыкты берет, жакшы мугалим аны тапканды үйрөтөт» - десе, америкалык педагог Ж.Дьюи окутуу процессиндеги оор жүктү өз алдынча иштөөгө коёт, б.а. окуучу иштеп жатып үйрөнөт. Мугалимдин функциясын консультация берүү, аңгемелешүү менен чектейт, К.Д.Ушинский: «Окуучу өз мүмкүнчүлүгүнө жараша өз алдынча эмгектенет, ал эми мугалим бул өз алдынча эмгекти башкарат» [ 40 ], - деп белгилешет. Ал эми Н.Люткин «Окутуп жатып изилдөө, изилдеп жатып окутуу!»[ 60 ], В.М. Аллахвердиева «Таанып билүү процессинде жана жеке жүрүш - турушунда өзүнүкүн эркин кошуу» деген принциптерге таянышат [ 22 ].

Фразеология бөлүмү боюнча сунушталып жаткан 2 – лекция ЖОЖдордо калыпка салынган «Фразеологизмдердин негизги типтери» деген лекцияга альтернативдүү вариант катары берилди. Чындыгында 1- тема лингвистикалык жактан татаал, талаш-тартышты туудурган темалардын бири. Орус окумуштуусу В.В.Виноградовдун орус тилиндеги фразеологизмдерди классификациялаганда колдонулган 3 типти азыркы мезгилде башка тилдерде колдонуунун зарылдыгы жана тууралыгы жөнүндө илимий чөйрөдө талаш-тартыштар бар. Ошого карабастан, бул классификация биздин тилде да колдонулуп, ал жөнүндө маалыматта болуусу филолог, педагогдор үчүн программадагы материалдардан. Бул тема мектеп программасында да окутулат. Биздин оюбузча, мындай так изилденбеген материалдарды окутуунун ордуна кыргыз фразеологиясынын соңку изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы болгон биз сунуштап жаткан лекциянын материалдарын окутуу эне тилибиздин байлыгын, таасирдүүлүгүн, көп кырдуулугун далилдөө менен студенттердин сөз байлыгын өстүрүп, кептеринин көркөм, таасирдүү, эмоциялуу болушун шарттап, ата-бабадан калган бул мурастарды сан жагынан да, сапат жагынан да өз кептеринде туура колдонууга түрткү бормокчу.

Бул лекцияны өз практикабызда кеңири колдонуп жүргөн студенттерди жаңы материалды өз алдынча окуп үйрөнүү методу менен уюштурмакчыбыз. Бул методду окутуунун күндүзгү жана сырттан окутуу бөлүмдөрүндө да кеңири пайдаланып жүрөбүз.

Ал үчүн биринчиден, студенттердин ар бири, же экиден бир болуп лекциянын тексти менен, же болбосо колдон келсе атайын бул метод менен жазылган окуу куралдары менен камсыз болуулары зарыл. Студент лекциянын ар бир маселесин өз - өзүнчө, тиешелүү убакыттын ичинде окуп чыгып, конспектилеп, лекциянын аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго даярданат. Окутуучу аудиториянын жалпы деңгээлине жана студенттердин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир маселени өздөштүрүүгө жана конспектилөөгө 15-20 мүнөттөн убакыт берип (3 маселе үчүн 45-60 мин), суроолорго жооп берүү үчүн калган убакытты пайдаланса болот. Мындай метод менен өтүлгөн сабактардын жыйынтыктары жөнүндө иштин 2.3 бөлүмүндө айтылмакчы.

Альтернативдүү вариантта сунушталган лекциянын тексти:





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет