Осмоналиева А.
Талас мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти
Калгым келет балалыктын койнунда,
Каткым келбейт котур ташты койнума, Күнөөнү эгер колум менен жасасам.
Кыйналбастан тарткым келет мойнума.
Кайткым келет жаш чагыма секелек.
Эне сүтү эч оозумдан кете элек,
Эрезеге жетип азыр турсам да,
Он гүлүмдүн бири да ачыла элек.
Он гүлүмдүн бир гүлүн бүгүн ачам,
Жалбырагын ырга малып, жерге чачам.
Ырга толгон жалбырак тебеленбейт,
Мен ошондон ырахат алып, канааттанам.
Беш өрдөгүн учурган жан эмесмин,
Чычканга кебек алдырбаган мерезмин.
Мерездигимди жигиттерге көргөзүп,
Ууртабаймын сүйүү толгон кесесин.
Ийне менен кудук казып жүрөмүн.
Жонго илээшкен жалкоолуктан жүдөдүм.
Эртеңкисин ойлобостон күнүмдүк
Шапар тээп жүргөндөргө күйөмүн.
Тезекова Ү.
Каракол мамлекеттик университети К/ККФ-21-группасынын студенти
Элдик төңкөрүш.
Ооба, бул күн баарыбыздын эсибизде, жакшы жаткан элибизге 24- мартта бир башкача окуяны тарыхыбыз алып келди. Республикабызда «төбө чачты тик тургузган» тарыхый окуя болуп өттү. Мында эмне гана болбоду, ар кимдин үрөйүн учурган чоң-чоң мекемелер, дүкөндөр, жада калса борбор калаабыздагы улутубуздун жүзү болгон, биз сыймыктанган «ак үйүбүз» да талкаланды. Мунун себеби эмне? Буга мындай деп жооп бергим келет. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, биздин кол башчыбыз, б.а. падышабыздын улуттук идеологиябызды туура багытта жүргүзбөгөндүгүндө. Идеология болбогон соң, ар ким өз багыты менен жүрүп, мамлекеттибизде чар жайыттык пайда болуп, ушул күнгө туш болдук. Демек, ушул күндөн кийин жада калса бешиктен бели чыга элек балага да, мындай ой келе баштады. Алдыга максат коюп, бир идеянын үстүндө алдыга кадам шилтөө. Себеби, биздин өлкө максатсыз иш алып барып жатып, киргизген закондор ишке ашпай, ушул абалга келип жеттик. Карыган кемпир-чалдар кандай гана болуп кетет дегенсип, үшкүрүктөрү таш жарып, башынан өткөн мурунку оор күндөрүн эстешти. Өлкөбүздө тынчтык болуп турушун Кудайдан тилеп отурушту. Сөз соңунда айтарым, ар дайым мамлекетибизде тынчтык болуп, достуктун символу ак көгүчкөндөр уча берсин. Дүйнөбүздүн ыйык бешиги тынч термеле берсин. Тынч жашоону кудай кут кылсын!
Ташбаев У.
Каракол мамлекеттик университети К/ККФ-21-группасынын студенти
Сага…
Сени эстесем үшкүрүгүм таш жарып, күнү оюм , түнү түшүм сага арналат. Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок, бир өзүңө сокур сезим арбалат. Үйдө жатып кабыргама кеңешип, алыстабай сага сезим байланат. Менин сүйүүм сага болгон сүттөн ак. Жүрөсүңбү аны бирок сен баалап? Сен дегенде ичкен ашым жерге коюп, ичпей-жебей өзү тоёт ач курсак. Жумурткадан кыр издейсиң жөнү жок. Сенден кетпей, сени сүйөм мен бирок. Котур ташын койнуна каткан адам бар. Арабызда аралашкан кара жүрөк. Алданасың ак жүрөкмүн дегендерге. Алданасың ити чөп жегендерге.
Чекирова Ж. Каракол мамлекеттик университети К/ККФ-21-группасынын студенти
Күн нурунун касиети. Күн нурундай касиет, Издеген менен табылбайт. Күн нурун мактап ырдаган, Көр Барпы ырчы жаңылбайт- деп арзуу ырынын чебер акыны Барпыдан башка дагы менменсинген, эл арасынан төбөсү көрүнгөн акын - жазуучуларыбыз дагы күн нурун ырга салбай койгон учурлары аз чыгаар. Бекеринин эл арасында журт атасын, б.а. хандарды күн нуруна салыштырып келишкен эмес. Себеби, күн нуру бардык жандыктарга бирдей тийет. Мисалы, жокчулук көкөйүнө көк талкандай тийген жардыларга, ыргыткан ташы өргө кулаган байларга, күлгө оонаган күчүктөй болгон тестиер балдарга, анан калса күнүмдүк кекиртегинен «жылуу суу» өткөнгө топук кылган ичкичтерге, бирөөнү бирөөгө ушактаган ушакчы, эки жүздүүгө, биттин ичегисине суу куйган шылуундарга, деги койчу баарына бирдей өзүнүн жылуу нурун, мээримин төгөт. Ал өзүнүн нурун адамдардын ар түрдүүлүгүнө, жаратылыштын кооздугуна, жан-жаныбарлардын түрдүүлүгүнө карап, «сен сулуусуң, сени көргөндө төбө чачты тик тургузган коркунучтуусуң» деп айырмалап отурбайт. Болгону өзүнүн мээримин аябастан төккөнү- төккөн. Күндүн нуру бардыгына керек. Ансыз жашоонун өзү эле бир кыйла татаал болуп калат. Күнсүз жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес…
Мүсүралиев А. Талас мамлекеттик университети К -1 -04 -группанын студенти
Салам кат. Саламатсыңбы кымбаттуу акыреттик досум Айдар? Иштериң, окууларың кандай? Жылаандын куйругун баскан жоксуңбу деги? Оорубай – сыктабай куландан соо жүрөсүңбү? Ат тезегин кургатпай келип турчу элең каникул сайын, эмне келбей калдың? Мени сагындырбай, Таласка келип турсаң боло. Сен жок эч ким менен сырдаша албай, кулак-мурун кескендей болуп калдым. Отуруп-отуруп балтыр этибиз толо элек, балапан түгүбүз түшө элек күндөрүбүздү эстеп кайгырам. Мектепте эки тамчы суудай, эгиз козудай чогуу жүрүп, тирүү жүрсөк бир дөбөдө, өлүү болсок бир көрдө болобуз деген сөздөрүбүз эсиңдеби? Сен ошондо кой оозунан чөп албаган бала элең. Бирок ошондой болсо да кара кылды как жарган калыс элең. Сенин ошол мүнөздөрүң дагы эле ошондойбу? Же койнунда котур ташы бар балдар менен биригип, ал мүнөзүң бузулдубу? Андай балдардан алыс эле болгонуң оң. Алар бир күнү колтугуңа суу бүркүп салат. Анан ажыдардын куйругун басып алып жүрбө, досум. Таласта жүргөн менин үшкүрүгүм таш жарып калбасын. Мага кат жазып, сүрөтүңдү салып тур, же болбосо ат тезегин кургатпай келип турсаң. Акыреттик досуң Акыйкат.
Абдымомунова Н. И.Арабаев атындагы КМУ П-21- группанын студенти
Нурзаттын жомогу. Илгери бир заманда кемпир-чал жашаптыр. Кемпири кара кылды как жарган калыс, колунан көөрү төгүлгөн уз болот. Ал эми абышкасы кессе кан чыкпаган сараң, жумурткадан кыр издеген адам болгон экен. Ал экөөнүн бойго жеткен ай десе аркы жок, күн десе көркү жок, ашкан сулуу, жылдыздуу кызы бар эле. Күндөрдүн бир күнүндө абышка токойго кетет. Ал кетип жатканда, айлана кулак - мурун кескендей тынч эле. Көз
ачып- жумганча бороон болуп, жаан жаап, айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп калат. Абышканын төбө чачы тик туруп, корко баштайт. Бир кезде эки жакты көз чаптырып караса, бир жигит ат минип келе жаткан болот. Абышка аны көрүп, жетине албай, төбөсү көккө жетип сүйүнүп кетет. «Эми бул жигит мени үйүмө жеткирет» деп ойлойт. Жигит атын бастырып келип, өңөрүп кетет. Жолдон экөө сүйлөшсө, тил табыша албай, жылдыздары келишпей коёт. Ошентип экөө үйгө келсе, кыз эшикте отурган болот. Жигиттин көңүлү кызга түшүп, ат тезегин кургатпай абышканын үйүнө келип жүрүп, бир күнү кыздын колун сурайт. Абышка «жок» деп коёт, жигиттин жылдызы жерге түшөт. Байбичеси чалды урушуп, «кийин бармагыңды тиштеп калба, кабыргаң менен кеңешсеңчи» деп жатып, акырында макул кылат. Муну уккан кыз- жигиттин маңдайлары жарыла сүйүнүп, ак төөнүн карды жарылган берекелүү кезде үйлөнүү тоюн өткөрүшөт. Арадан бир жыл өткөндөн кийин кыз көз жарат. Абышканын мурдагы мүнөзү да өзгөрүп, бактылуу, таалайлуу жашап калышат.
Чубак кызы Рыскүл И.Арабаев атындагы КМУ П-21- группанын студенти
Карыянын кубаныч, бактысы. (жомок)
Илгери-илгери болгон экен кара кылды как жарган акылдуу, даанышман карыя. Ал өзү 60 жашка чыкса да, аялынын согончогу канабаптыр. Бирок ал аялын жемелеп, эч качан төшөгүн жаңырткан эмес экен. Айлар айга, күндөр күнгө айланып убакыт өтө берет. Түлөө өткөзүп, Теңирден бала тилешет. Бир күнү байбичеси абышкасына кош бойлуу экендигин сүйүнчүлөйт. Бул кубанычка карыя сүйүнүп, төбөсү көккө жетет. Байбичеси тогуз ай толгонуп, дене сөөгү сыздап, көз жарат. Кубанычына кубаныч кошулуп, эгиз уул-кыздуу болушат. Бул сүйүнүчүн ичине батыра алышпай, айыл ичин дүңгүрөткөн жети күн, жети түн азан айтып, той берип, уул-кызынын ысмын коймокчу болушат. Той катуу кызып калган мезгилде, кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, аса-муса таяк таянган бир дубана абышка пайда болуп, мындай дейт: «Сен алтымыш жашыңда эгиздүү болдуң, булар жөнөкөй уул-кыз эмес, буларды кудай өзү маңдайынан сылап, бешенесине эмне болоорун жазып койгон, ак жолтой балдар. Демек, уулуң чоңойгондо, элде-жерде жок, дүйнөнү дүңгүрөткөн, шер кабыландай баатыр болот, ал эми кызың болсо бой жеткенде, ай десең ай эмес, күн десең күн эмес, ай мончоктой мөлтүрөгөн, кирпиги музоонукундай төгүлгөн, ашкан суйкайган селки болуп чыгат. Ошондуктан кызыңдын атын Акмончок кой, ал эми уулуңду болсо Шеркабылан ата»,- деп көздөн кайым болот. Болгон окуяны абышка тойдогу адамдарга айтып берет да, уул-кызынын атын дубана чал айткандай коёт. Айлар айга, жылдар жылга алмашып, уул-кыз бири – бирине куюп койгондой болуп, эр жетишет. Шеркабылан дубана айткандай, баатыр болуп эл-жерин коргоп, тынчтыкты көздүн карегиндей сактайт. Ал эми Акмончок болсо чын эле суйкайган сулуу, а түгүл колунан көөрү төгүлгөн уз, көргөн жандын оозун араандай ачтырган сулуу селки болуп чоңоёт. Ошентип, акылман карыянын очогунун отун өчүрбөй, куттуу үйүнүн түтүнүн булаткан туяк калат.
Айдакеева П. Талас мамлекеттик университети П-02- группасынын студенти
Кичинекей Данияр. Биздин үйдү баланын күлкүсү толгон кубаныч ээледи. Себеби, жаңы эле үчкө толгон кичинекей Данияр таятасынын үйүнө конок болуп келди. Ал келгенде эле, таятасы менен таенесинин кубанычтары койнуна батпай калышат. Данияр - сүткө тойгон күчүктөй болгон, мойтойгон бала. Ал кылыктары менен үйдүн көркүн чыгарып, чөкөтаандын балдарындай болуп, үйдүн ичин тез эле базар кылып салат. Балтыр эти толо элек, балапан түгү түшө элек, эне сүтү оозунан кете элек Даниярдын келечекте эл-жерине ак кызмат өтөгөн эр азамат болушун ата-энеси Кудайдан тилешет…
Исабекова Н. Нарын мамлекеттик университети П-01- группасынын студенти
Асан менен Үсөн. Асан менен Үсөн - эгиз козудай окшош болгон эгиз балдар. Алар быйыл мектепти аякташып, эки тизгин бир чылбыр колдоруна тийген кези. Асан - кабагы ачык, ичи кең, сабак дегенде ичкен ашын жерге койгон бала, ал эми Үсөн, тескеринче, жылын төө кылып бой көтөргөн, бөйрөктөн шыйрак чыгарган, сабакты начар окуган жеңил ойлуу эле. Экөөнүн мүнөзүнүн кайнаса каны кошулбайт. Кечээ күнү атасы экөөнүн жогорку окуу жайына тапшыраарын айтты. Асан төбөсү көккө жеткиче сүйүндү, ал эми Үсөндүн окуу жөнүндө үч уктаса түшүнө кирчү эмес. Акыры окууга тапшыруу мезгили келип жетти. Экөө эки тамчы суудай окшошуп, ээрчишип алып экзаменге киришти. Апасы: «Жолуңар шыдыр болсун, Теңир колдосун!»- деп батасын берип узатып калды. Эки күндөн кийин атасы эки уулун ээрчитип, экзамендин жыйынтыгын билүүгө университетке келишти. Тизмеде Асандын фамилиясы кабыл алынгандардын арасында бар болуп, ал эми Үсөндүн фамилиясы жок болуп чыкты. Асандын жүзү кызарып, жерге батпай турду. Үсөндүн жети өмүрү жерге кирип, оң колунун ачуусун сол колу менен басты. Атасы Үсөнгө ачуусу келип, «колуңдан кокон тыйын келбейт, мурдуңду балта кеспейт, эшек такалап гана жүрөсүң.
Эми төрт тарабың кыбыла, кайда барсаң өзүң бил» - деп урушту…
Кыштообаева Г. Талас мамлекеттик университети К-1-04- группасынын студенти
Таенемдин насааты. Жайында Ысыккөлгө, таенемдикине бара жатам. Күн чайыттай ачык. Ал кезде балтыр этим толо элек кыз элем. Барганда таенем: «Балекетиңди алайын! Мээнетиңди алайын!» деп алкап тосуп алды. Көз ачып–жумганча таенем дасторконду жайнатып, чай алып келди. Сүйлөшүп отурдук. Таенем: «Сенин али он гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек. Эч качан калп айтып, беш өрдөгүңдү учурба. Бирөөнүн бир нерсесине көз артып, ала жипти аттаба. Адамга ич күйдүүлүк кылып, куйругуна калбыр байлаба» деп карылык насааттарын айтып жатты…
Шайкеева Г. И.Арабаев атындагы КМУ П-21- группасынын студенти
Жайлоодо. Биз жайлоого үй-бүлөөбуз менен көчүп бардык. Биз менен кошо бир нече коңшу адамдар да көчүп барышкан. Бир күнү сиңдим экөөбүз торпокторду жоготуп жибердик. Торпокторду издеп жүрө берип, көз байланып бара жаткан маалда, коркконубуздан аңды-дөңдү карабай, таманыбыз жерге тийбей, учуп-күйүп чуркап бара жатып, кошунанын тезегин тепселеп кетиппиз. Бизди көргөн кошуна жеңе абдан урушчаак, ачуусу мурдунун учунда болгон адам болчу. Ал бизди көрүп калып, көзүн ала чакмактатып, көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй, бизге кыйкырды: «Териңерди тескери сыйырып, талпагыңарды ташка жаям!» деди. Биз аны көзгө илбей, андан ары чуркап кеттик. Биз кеткенден кийин деле, жеңенин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты.
Эстебесова Ырыс И.Арабаев атындагы КМУ П-21- группанын студенти
Кайым айтышуу.
- Кандайсың? «Булуттан чыккан айга окшоп», кайдан деги?
- Жакшы эле. Мен айга окшосом, сенин «жылдызың түшүп» калган го?
- Койсоңчу! «Жылдызы түштү» деп эле «тебетейиңди көккө ыргытып» калмайыңды да билем.
- Капырай десең, чени жок эле мени «беш колуңдай билгенсийсиң» да.
- Эмне, «кудайдан жөө качкыр» экениң жалганбы?
- Дегеле, «бөйрөктөн шыйрак чыгарганга» машсың ээ?
- Ыя, де! «Көз ачып-жумганча» өзгөрө калдыңбы?
-А өзүңчү? «Ит ооруңду» карматкан өңдөнөсүң!
-Ар кайсыны айтып, «колтугума суу бүркпөчү»!
- Калппы? Ошондоюңдан «беш өрдөгүңдү учуруп» базарларда жүрөсүң да.
- Койчу ай! Дегеле сени «көрөйүн деген көзүм жок».
- Сени «желкемдин чуңкуру көрсүн!»