Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014. Бардык укуктар корголгон



бет6/8
Дата12.07.2016
өлшемі0.59 Mb.
#195744
1   2   3   4   5   6   7   8

Сагынбек жана Высоцкий
Ар бир элде заманына батпаган,

Акыны өткөн, ырчысы өткөн какшаган.

Көрсө деле элдин, журттун сыйларын,

Бийликтеги төрөлөргө жакпаган.


Учурунда атын угуп алыстан,

Учурашпай, көзүн көрбөй калышкан.

Көп оруска Высоцкий кечээ эле,

Ырдап кетти туруп келип табыттан.


Көп жагынан болсо деле белгилүү,

Көзү барда жетпей келген элге үнү.

Акыйкатты издеп жүрүп өттү эле,

Акыреттен туруп кайра келдиби?


Ордун деле тапкан дешет кечигип,

Орустун да көбү калган өкүнүп.

Биз кызгыздар Сагынбектей ырчыны,

Барктайбыз го көмгөндөн соң, өкүрүп.


Сала турган кыргыздын жок үлгүсү,

Саламдашсаң Сакең деле бир киши.

Ызырынган ак үй менен көк үйгө,

Ырчылардын “бунтарь”, көк бет “жиндиси”.


Сан кыргыздын тилегени бир чыгат,

Сакең ырдайт чындык үчүн чыркырап.

Эл атылып, жер сатылып турганда,

Эт-жүрөгү ыйлап жүрдү буркурап.


Эл-жерим деп түшүп далай майданга,

Дем-күч берип ыры менен балдарга.

Сакең, балдар, эл-журт калды унутулуп,

Басмачылар бийликти ээлеп алганда.


Жолдош кылып гитарасын, комузун,

Сагынбектин күрөштөгү жолу узун.

Жоо чапкандай болуп турган азыркы,

Жоктоп ырдайт Гүлзар-Ата конушун.


Түшүнөбүз, бийлик беле сыйламак,

Түркөйлөргө сенин ырың бурганак.

Төбөл болуп журт башында тургандар,

Ырларыңды уккан сайын кыйналат.


Байлыктын жок, бийликтин жок кереги,

Бардыгынан кымбат, бийик өнөрү.

Караламан элдин-журттун ичинде,

Кандан, бектен өйдө турат бедели.


Чарчат Саке, гитараны, комузду,

Сен болбосоң ким чыгарат добушту?

Топко келбей акын менен ырчылар,

Токол жандап, тойдо ырдашчу болушту.


Тоолуктардын коюп талап, үмүтүн,

“93тү” токтотпогун күнү-түн.

Сени коштойт урпактары Манастын,

Сен кыйналган кыргыздардын үнүсүң!



Кыргыз санжыра, тарых изилдөөчүлөр

(Асыкбек Оморовко)
Белсенген санжырачы, тарыхчылар,

Белгисиз көп даректен алыссыңар.

Түбү түшкөн дүйнөнүн бир чындыгын,

Тупкүрүнөн мезгилдин алып чыгар.

Уктап жаткан Рухтун күчү ошондо,

Улуттун жүзүн нурдай жарык кылаар.


Жер бетинде бурч болсо киши барган,

Желдей сызган атынын изи калган.

Кырылса да кыргыздын колундагы,

Кылычынын чек бөлгөн мизи калган.

Тарыхтын, тагдырынын күбөсүндөй,

Таш койсо да кыргыздын иши калган.


Көп кылымдын камтыган санактарын,

Көктөп турат санжыра дарактарың.

Аалымдарын дүйнөнүн түйшөлдүрөт,

Ачыла элек тарыхта барактарың.

Адамга аалам тарып турган кезде,

Ата-баба изинен адашпагын.


“Общий дом” деп мекенди тебелетпей,

Ордобузду жөөттөргө тегеретпей.

Терең болсун тарыхын билген кыргыз,

Теги, жайы эч бир элден кем эместей.

Көөнө тарых жатканда көзүн ачпай,

Көрүнөбүз бүгүн биз эл эместей.

Эл туруп, башка журттан уялбадык,

Эрегишип алдыга жыла албадык.

Башсыз бака, көзү жок көгөн болуп,

Бал аарыча тартипти кура албадык.


Баш турса иштеткенге жарабадык,

Башка элди туурагандан жадабадык.

Кудайым берет эле кыргыздарга,

Кумурскадан жашасак сабак алып.


Ынтымактуу кыргыздын калкы кана?

Ыркы кетти бөлүнүп партияга.

Биримдиктүү кыргыздын калкы кана,

Бириндешти бөлүнүп партияга.


Ар үйгө түз киргенди адат кылып,

Ата-бабаң билбес дин дават кылып.

Катылган саясатын талдай албас,

Акылдан элди жатат адаштырып.


Ар башка партияга, динге кирген,

Адамдар бөлүнүштү бирге жүргөн.

Арабча өлгөн, орусча өмүр сүрүп,

Ак калпак эл окшошпуз кимге билбейм?



Карганбек Самаковго
Казыбектей акын жазган казалын,

Казалынын өзү тарткан азабын.

Казалчынын бири менмин бүгүнкү,

Карганбекке арнап жаздым атайын.
Адамзаттык бүтпөйт экен кармашы,

Адам бойдон калат экен чандасы.

Ак калпак эл ардакташат түбөлүк,

Ата журтка тийгендерди пайдасы.


Раззаков элдин чыгаан, көсөмү,

Раатбектин чындык көк жал экени.

Рыспайдын ыры күндө жаңырат,

Рыспекти жомок кылган кез эми.


Герой – деген наам болгон Союзда,

Генийлерин кеч билишет орус да.

Генералдар кыргыздарда аз эле,

Герой чабан толуп кеткен конушка.


Андан бери күндөр өттү не деген,

Акыл калчап, аны ким бар элеген?

Аралашып… кайнап – шору терине,

Ак калпак эл болуп турат эгемен.


Намыс үчүн өлүп берчү кыргыздар,

Наам үчүн «өлүп» калды «жылдыздар».


Нарк-насилден, салт жолунан чыгарган,

Наадандарды тайраңдаткан турмуш бар!


Билбейм иним, окудуңбу «Чырымды»?

Билбейт эч ким сенин дагы сырыңды.

Биз жүрөбүз аралашып эл менен,

Бирге көрүп эски, жаңы кылымды.


Эси жоктор мейли пулун санасын,

Элиңе сен кайрып келдиң Манасын!

Эсен болгун, эч жамандык көрбөгүн,

Эл журтуңда Манаска окшоп каласың.


Келет эле колдон абдан мактаган,

Келбейт колдон салт жолунан аттаган.

Калк башында карааны тең Манаска,

Карганбектей турса экен дейм жакшы адам!



Садыр Жапаров

(Кыргыз элинин бүгүнкү “баатыр” атка татыктуу жигити. Кум-Төрдү Садыр козгобосо, кумга эле көмүлүп калмак экен. Ачыкка чыккан күндө да элди алдап коюшту. Садырдын башы дале коркунучта.)
Кум-Төрдүн жеген алтынын,

Кузгундар тыйбайт алкымын.

Эркеги жоктой коргогон,

Энчисин кыргыз калкынын.


Садырдай эрди камашты,

Саруунун элин сабашты.

Жалпы журт калды жалдырап,

Жантөрө жеңди талашты.


Саткандар кенди карайлап,

Садырды жатат жамандап.

Башынан арам иш экен,

Парламент берди “адалдап”.


Каратып туруп калкыңды,

Казса эле казат алтынды.

Келечек көрөр күн үчүн,

Кениңди кайсы калтырды?


Сан кыргыз, бүтпөс арманың,

Садырды коргой албадың...

Эми, “Очкарик” Оторбаев да,

Оптом сатат калганын.


Кыргызга кулак кагыш бул,

Кыйналса кабар алып тур.


Шыраалжын алтын кенине,

Шылуундар колун салыптыр.



Бактыбек Аманбаев

(Акыйкатчы. Башпрокуратураны сотко берип утту. Жогорку Кеңеште отчетун так берди. Мыкты иштеген бийликке жакпайт. Кызматта калаары күмөн.)
Yйрөтөөр сөздү үйрөтүп,

Сүйлөтөөр жерде сүйлөтүп.

“Өлүп” бергенде чычалап,

”Өлүгүн” салган сүйрөтүп.


Жүгүнүп турчу “кыйынга”,

Жүгүрүп берчи тыйынга.

Акыйкатчы эмес Турсунбек,

Актёр эле чынында.


Иштетмек беле жакшыны,

Издешкен да бир “бакшыны”.

Чын кудай бере салдыбы,

Чыныгы акыйкатчыны!


Башпрокурорун баш кылып,

Бактыбек салды “мат” кылып.

Шакый менен оорутту

Шайлагандарды жактырып.


Кызматтан алса кайгырба,

Кылымдык сөздө калдың да.

Мыйзамды жазган пенделер,

“Мыш” болду сенин алдыңда!



Темирдей чың ден соолукту сунамын

(Кыргыз Темир жолунун 90 жылдыгына.)
“Паровоз” деп күү черткендей атабыз,

Темир жолго тең ыр кантип жазабыз.

Токтоп өтөр “токсонунчу” бекетке,

Тоолук кыргыз поезд күтүп жатабыз.


Бирөөнө тең, бирөөнөн кем дебеймин,

Бирибиз го дүйнөдөгү көп элдин.

Теңир колдоп жергебизге жеткирген,

Темир жолсуз кыйын болмок көрөөр күн.


Темир жолдой куруп берген замандын,

Теңи болбой элим жарга камалдың.

Тектеш элге тең шилтебей кадамды,

“Тезек тер” деп тилин уктуң жамандын.


Карыз бергендин сөзүн сезип буйруктай,

Каалаганын жасай бердиң КЫРГЫЗБАЙ.

Санап басып шпалдарды келатам,

“Сары Өзөндө“ санаа тарткан Чынгыздай.


Ишканасы көзгө басар мекендин,

Илдет-дартын жугуза элек чет элдин.

Ыдыратат “менчик” деген балакет,

Ынтымактын туусун бийик көтөргүн!


Алты миңдей адам кылат эл ишин,

Ар ким татат эмгегинин жемишин.

Жалтак болбой төрөлөргө чет элдик,

Жамаат иштейт мекен үчүн, эл үчүн.


Мекениң бир, менчигиң бир, ишиң бир,

Мээнет кылсаң көрө турган үзүр бир.

Биригип бир жакадан баш чыгарып,

Ушул жамаат далай ишти бүтүрдүң.


Токсон жылга толгон турат тарыхы,

Толукталат өсүп-өнүп жаңысы.

Балким жакын “Локомотив” бүгүнкү,

Паровоздой музейлерде калышы.


Таң калуу жок билим менен илимге,

Тар сезилип барат дүйнө бу күндө.

Темир жолдор өмүр жолдор сыяктуу,

Теңир кошкон айланышаар түйүнгө.


Жаштар келип ордун басаар карынын,

Жакшы иштерди улантышаар жаңы муун.

Орус, кыргыз достугунан ширелген,

Ойлонушсун өсүп-өнгөн тамырын.


Токсон жылдык тойдо ырымды улайын,

Тоолук элди колдосо экен кудайым.

Темир жолдо иштегендин баарына,

Темирдей чың ден соолукту сунайын!



Гүлсарага
Гүлсара деп аты эле айтып турбайбы,

Гүлгө теңеп гүлдөн десте сунбайлы.

Гүлсаранын көкөлөтүп көңүлүн,

Гүл ордуна сунсак деймин ырларды!
Үмүт тилек жетелесе ар убак,

Үрөп жанын жашагандар карыбайт.

Үшүбөгөн шамалына замандын,

Үлбүрөгөн ак жоолугун салынат.
Лола дешет гүлдөрдүн эң кызылы,

Лилия, ландыш Гүлсаранын кыз-уулу!

Лира - муза жан эргитип турганда,

Лирикадан тарабастыр кызыгы.

Сапырылат, өтөт күндөр саналбайт,

Сапар жолун ар ким улайт кадамдап.

Санаалаштар чогулушуп тоюңда,

Сайрайт дечи ак тилекти сага арнап.
Акынча мен апыртпадым, кошподум,

Аял эмес, жолборс дешет досторуң!

Айтканына караганда алардын,

Абройлуу адам тапкан окшодум!
Романга батпас ойду бир ырга,

Рамистей акын камтыйт чынында.

Рахатты аялзатка тартуулаш,

Расында тураары чын кыйынга.
Ак сөөктөрдү тамшандырып жашагын,

Алыс берсин Теңир өмүр сапарын.

Алды жакта кызыгы көп өмүрдүн,

Анда далай тамашаны жазамын.
***
Арстан экен жылдызы көктө жанган,

Алып түшөт бир ишти беттеп алган.

Аял дешип тоготпой жүрүшсө да,

Анча-мынча жигиттер четте калган.


Акка моюн сунуп кетти алганы,

Аталуудан артык өстү балдары.

Кыргызым деп согуп турат жүрөгү,

Кыйналганга тийип турат жардамы.


Заман күндүн тарта билип тамырын,

Аксактын да күтө билет сабырын.

Бүгүнкүнүн талабындай иш кылып,

Эртеңкинин таба билет зарылын.


Бөрү кылса, түлкү кылса заман күн,

Бөрүсү эмес, жолборсу экен аялдын.

Чачып турсун ырыскыңды кудайым,

Ачык болсун жолуң дайым каралдым.


Жигердүүсүң жигиттерден бекем бол,

Жиреп топту сөз сүйлөгөн чечен бол!

Эркелетип балдарыңдын балдарын,

Элиң менен журтуң менен эсен бол!


НУРЛАН менен АЙЖАНга
Той бергенде бапыратып Нурланым,

Толкутса дейм келген элди ырларым.

Бакыт экен ата менен энеге,

Балаң менен сыймыктанып турганың.


Ажарынан ажайып нур төгүлгөн,

Айдай сулуу, күндөй жылуу көрүнгөн.

Ата, апа, - деп чын дилинен сыйлаган,

Айланабыз Айжан деген келинден.


Эркелеген, элжиреткен, каралдым,

Эң биринчи таштайт бүгүн кадамды.

Экөө бүгүн ак той берип, бата алып,

Элге кошот Баястандай баламды.


Бир куштун болуп эки канатындай,

Турмушту жиреп көктүн абасындай.

Чоңойткула балапан Баястанды,

Чок кармаган кыргыздын баласындай.


Кубат болуп бириңер-бириңерге,

Кут байырлап түбөлүк үйүңөргө.

Ызааттаган ата-эне элди-журтту,

Ыйман болсун ууздай дилиңерде.


Тагдырдын болот кээде тамашасы,

Так тартат ашык, кемсиз таразасы.

Бир Кадырбек чоң ата Баястанга,

Бир Кадырбек Баястандын таятасы.


Кадырбектен Кадырбекке салам болсун,

Кас-кас турган Баястан кадам койсун.

Кадырласын кудагый кудагыйды,

Кадырбектин кызы-уулу аман болсун!!!



БАЯСТАНГА
Кас, кас балам, кас балам,

Бас, бас балам, бас балам.

Алмустактын жолу ушу,

Ата-бабаң баштаган.


Эки колуң каз канат,

Эч коркпостон жаз канат.

Улуу жолу өмүрдүн,

Улагадан башталат.

Тойпоңдошуп бараткан,

Топ балдарга жанашсаң.

Күлө карап бардыгы,

Күлүк дешсин Баястан.


Кана балам, арышта,

Катарыңдан калышпа.

Туурдан канат сермешет,

Туулгандар намыска.


Алыс болсун сапарың,

Алыс тарап атагың.

Кылычка окшош, кыны жок,

Кыргыз болуп жашагын!



Турду менен айтыш
Улуу Токтогулдун 150 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча кетментөбөлүк карыялардын, жаштардын демилгесин кыргыз бийлиги колдоого алды. Ал гана эмес тили дили жакын, боордош элдер да кубаттап быйылкы 2014-жыл «Токтогул жылы» болуп жарыяланды. Бул иштин маани маңызы өтө терең Ааламдашуу куюнуна аралашып бара жаткан кыргыз элин салт-санаасы, үрп-адаты, нарк-насили, мурас дөөлөтү менен сактап калуу бүгүнкү күндүн эң талуу маселеси. Токтогул атабыздын өмүрү, ыр күүлөрү келечектеги жаштарга сабак, үлгү, өрнөк болсо деген аракет. Атайын уюштуруучу топ түзүлүп сөз өнөрүн аркаланаган акын, жазуучу, журналисттерге бул өзүнчө эле ачылган мүмкүнчүлүк, эч качан бүтпөгөн тема.

Эми мында коюлган милдеттүү талап деген жок. ар ким өз дараметине жараша аракет кылып жатат. Билбейм, кимге кандай, мен үчүн Токтогул атабыздын мааркесине татыктуу бир чыгарма жазууну тилек кылсам да башташым тозок болду. Китебин канча жолу окудум. Акын жөнүндө кагазга жазылгандарды калтырган жокмун, канча толгонсом алгылыктуу ой башыма келе бербеди. Арнап ыр жаза коюш оңой. Бирок, менин туюмумда оюмду кең-кесири айта ала турган бир жол бар деген табышмактуу сезим кыйнап жүрдү. Бир күнү акындардын айтышын телевизордон карап отурам. Аалы, Жеңишбек, Элмир – Ашыраалы аксакал, Тууганбай акелердин айтыштарынан үзүп кесип дегендей сөз өнөрүн даңазалаган бир көрсөтүү болду. Ошондо оюма бир нерсе кылт дей түштү. Акындардын айтышта убактысы чектелүү тура. Жамгырдай төгүп турган күндө дагы угуучуларга көкүрөгүндөгү катылгандын кичине эле бүчүрүн ачып бере алышат экен. Анын үстүнө эки акын эл алдында бирине бири тийише коюп, убактысынын көбүн эле жаш балдардын «сен кыйын, мен кыйын» акыйнеги сыяктуу айтышка кетиришет тура. Өзүмчө ойго келдим. Эгер ушул акындар белгилүү бир темада өз ара сүйлөшүп алып айтышса, кагазга жазып айтышса, анан диске жаздырып эл алдына чыгарса кандай болмок? А эмне үчүн болбосун? Төкмөлүк өнөрдүн табияты башка деңизчи. Алар залдагы эл менен түзмө-түз өз ара байланышта. Аларды элдин улам сүрөп турганы кызыктырып, өзүнөн өзү куюлушкан ырлары чууруй берет. Сахна деген сахна, кезекте тургандар бар. Эл да арманда, эки акын да арманда калышат.


Убакыт ченелүү, чынында төкмө акындар мындай сунушту кабыл албайт. Акындык ыйык салт деген бар. Төкмөлүк акындыктын туу чокусу. Айтылган сөз атылган ок, мелжеген бутасына тийдиби, тийген жокпу баары бир. Мага окшоп жазганын эки үч жолу оңдошпойт. Ал эми жазган акылдардан менин пикириме кошулаары бар бекен деген ойдо эки үчөө менен сүйлөшүп да көрдүм. Кызык экен дешет да бирок, муну кандайча ишке ашырса болот деп кайра өзүнө суроо коюшат. Эң алгач мага опоңой көрүндү эле өз ара сүйлөшүп алып сен мындай багытта, мен ошого жараша жооп кылып жазсам. Убакыт болсо кенен. Телефон менен сүйлөшүп жазгандарыбызды алмашып турсак, убакыт кененирээк болгондо өз ара талкуулап анан андан ары уланта берсек деген ойдо элем. Андай болушу такыр мүмкүн эмес болуп чыкты. Электрондук почта болмоюн жөн эле кыял бойдон кала турган болуп калды.
Кыргызга аты таанымал эки акында компьютер жабдыктары деле бар, алар - «Ушу сенин айтыш жаза турган дараметиң барбы?» - деген сыяктуу түр көрсөтүп коюшту. Ишке ашпай турган идеямы тааныш акын аттууларга жолуксам эле айта баштадым. Акыры Турду менин пикириме муюду, туура түшүндү. Ошентип жазма-айтыш башталды.
Жаңы нерсени алибетте өтө сындап карайт эмеспи. Элге жакса уланып кетет, жакпаса биринчи жана акыркы болуп Тукем экөөбүздүн жазма-айтышыбыз калат. Кантсе да биз чын дилибизден киришип, колубуздан келешинче аракет кылдык. Улуу акындын урпактары катары арбагына таазим этип сыйынып, баштаганбыз эми эл кандай кабыл алаарын буйруса көрө жатарбыз.
Мен:
Токомдун улуу тоюнда,

Токсон «Миң кыял» оюмда.

Томуктай башым жүргөн соң,

Толкуган элдин тобунда.

Торгойдой үндү кошоюн,

Томсоруп калбай коңулда,

Кандарга салам бербеймин,

Калемим барда колумда.


Угут бар беле төкмөлүк,

Учуруп ийдим өткөрүп.

Калемим колдо жорголоп,

Калыптыр тилим чектелип.

Заманы менен адамы,

Шамалдай турса өзгөрүп.


Чечкиндүү киши калабы,

Чектелген жерде чекчейип.

Агарып чачым, сакалым,

Азайып теңтуш, катарым.

Башталды ооруп, онтомой,

Аз калды өмүр сапарым.

Торгойдун тилин жаңылткан,

Токомдун жашын жашадым.

Кары жаш бир аз ойлоноор,

Кагазга толо жазарым.


Той десе келбей тойгону,

Тоолук эл керек ойлонду.

Кыйчалыш күндү көп көргөн,

Кыргызым кыргыз болгону.

Тарыхты карап үңүлүп,

Ташталыш керек ойлору.

Кеп болуш керек мындайда,

Келечек күндүн болжолу…

Учурдун эң оор суроосу,

Улуттук табар оң жолу.


Тойдо эле келбей жегени,

Толгоноор кыргыз көп эли.

Тозогун көргөн замандын,

Төкмөдөй сөздүн чебери.

Элимдин бүгүн колунда,

Эгемен күндүн желеги.


Желекти кудай кут кылсын,

Желпинбей талдап көрөлү.

Таксырлар качып өлкөдөн…

Талкалап жатат бөлөгү…


Күбөбүз эки кылымга,

Жүрөбүз ыры, чырында.

Аралашаар да күн жакын,

Ааламда жүргөн куюнга.

Сыйлабай салтын улуттун,

Сыйынып калдык тыйынга.

Баркталбай улуу сөз калды,

Баа берип өлүү буюмга.

Топ чыкты бүгүн кирдетип,

Токомдун өзүн, ырын да.


Таманга таптап тарыхты,

«Жаманга» түртүп салышты.

Союздун ишин каралап,

Оруска коюп айыпты.

Улут, эл аман калганын,

Унутуп чоңдор калышты.

Билерман болгон ошолор,

Билимди кайдан алышты?

Тоскон деп Улуу Орусту,

Током да бүгүн «айыптуу».


Токомдун козгоп арбагын,

Тоолуктун кошуп арманын.

Керимбай – заман келгенин,

«Кербезди» эл чертип калганын.

Дин каптап сасык тумоодой,

Жин-эпкин журтту чалганын.

Сен менен иним кеңешип,

Эл менен келет талдагым.

Уңгулуу сөздөн адашсам,

Улап кет Туке ар жагын.


Ак жаандай дейли төккөнүн,

Айтышы кыска төкмөнүн.

Океан ойдун акындар,

Оө албай кетет четтерин.

Алат ким сактап эсине,

Алтынга бергис кептерин.

Калат да муундан муунга,

Кагазга жазып кеткениң.

Анан да бузбайт жазма айтыш,

Акындык салттын эч жерин.


Жаңылык дебес ачкандай,

Жактырбас далай ак таңдай.

Көрөңгөм чыны көп эмес,

Көбүртүп төгүп, чачкандай.

Сүйлөшүм оор маселе,

Сүрүнөн элдин жазганбай.

Зерикпей жалгыз жазамын,

Зер буюм жасап жаткандай.

Кеп кылсаң адам, заманды,

Кенен жол жоктур жазгандай.


Чыйырга түшпөй таптаган,

Чыркырайт жолун таппаган.

Чочулайт дечи арийне,

Чоң ишти болсо баштаган.

Жагаарын билбей эл журтка,

Жанчылган ойго чак жаман.

Жасайт да колдон келгенин,

Жан дилин кошо таштаган.

Тоолук эл далай тосотту,

Тобокел кылып аттаган.


Тобокел дейли Турду акын,

Тоолук эл окуп сындасын.

Сындаган жактан кыргыздар,

Сыянын күтпөйт кургашын.

Биз Токтогулдун балдары,

Биз сындагандар ыйласын.

Оңколоткон чөлдөрдү,

Чоңколор окуп жыргасын.

Күйдүргү сөздү кыпчый жүр,

Күлкүсүн журтуң тыйбасын.


Токтогул жылы жаңырып,

Тоо тоого кетти жаңырык.

Келгенсип Током тирилип,

Эл жалпы жатат камынып.

Кирнөктөр батпай көчөгө,

Жарнактар жайнап тагылып.

Акылман чийсе жол жобо,

Акындар калды чамынып.

Колдоочу, демөөрчүлөргө,

Коңгуроо тынбай кагылып…


Жакынсың иним сырдашым,

Жашы эмес жаны курдашым.

Учуру келди угузар,

Уга электерге Турду атын.

Көмүскө жазбай ырыңды,

Көрүнгүн элге Турду акын!

Жүрөктөн жазган ырыңа,

Жүрөктөр далай туйласын.

Өчүрбөй чогун ышкынын,

Өнөрдү керек сыйлашың.


Жазгандан иним эринбе,

Жат кылган муну көңүлгө.

Том жазсаң чети оюлбайт,

Токтогул атаң жөнүндө.

Иши бар кыргыз унуткус,

Изи бар өчпөс өмүрдө.

Ырлары муундан муунга,

Ырдала берет элинде.

Жаңыдан комуз кармаган,

Жаштардын жашайт деминде.


Кеңешип ишти баштадык,

Кетпесин бизден шашмалык.

Жагалданбайбыз эч кимге,

Жаттап алып анан аткарып.

Салчу жок бизди чийинге,

Алчу жок тескеп, башкарып.

Байге алмак белек экөөбүз,

Башкаларга окшоп какшанып.

Жайма жай жаза беребиз,

Жатып алып жазданып.


Тагдырына окшош адамдын,

Тарыхы кызык замандын.

Так изи калат артында,

Таштаган ар бир кадамдын.

Батыштап чыккан балакет,

Баштарын жуткан далайдын.

Коогалаң күндү эстетип,

Кошогу калат аялдын.


Барактап кары тарыхты,

Барбайлы доорго алыскы.

Токомдон бери убакта,

Тополоң канча салышты.

Дүрмөттөп курал жарагын,

Дүйнө эли канча кагышты.


Көп акын андай күндөрдү,

Көтөргөн туудай намысты.


Токомдон алсак өрнөк биз,

Толкутаар элди эрмекпиз.

Окуган киши суктанаар,

Токуган сөздү өрмөкпүз.

Санатып салып салаага,

Термесин бирге термекпиз.

Желибиз чыгып калбайбы,

Жетпеске колду сермеп биз.

«Крутой» болбой жөн эле,

Кутурсак кантет чендеп биз.


Ыр деген кыял канаты,

Ын жандуу кыргыз баласы.

Оозунан миң жыл бүтпөгөн,

Океан ырдай Манасы.

Тоо булбулу атыккан,

Токомдун өзүн карачы.


Турду:
Саяковский атыгып,

Саясатчыларга катылып.

«Шакал» - деп дүжүр чалдарды,

Сакалдарына асылып.

Жакынсың ак үй, көк үйгө,

Акынсың калган машыгып.

Чыгып да жатат удаалап,

«Чыр дептер» китеп басылып.

Турду иниң моюн толгобойт,

Турган соң агам чакырып.


Жазаармын колдон келгенин,

Жакпаса жаман көрбөгүн.

«Лимонад» серпип алганда,

Лирика болгон эрмегим.

Жаш жигит кезде оолуккан,

Жазгамын ойго келгенин.

«Аян» деп ырлар жыйнагын,

Ар кимге белек бергемин.

Токомдун улуу тоюнда,

Толгонуп неге көрбөйүн.


Башкалар бүтүп, биз калып,

Баш жетип, жетпес ишти алып.

Майнабы чыгып, чыкпаса…

Мазакташат ко бизди анык.

Кантсе да сөздү баштап бер,

Калгансың азуу тиш кагып.

Адашпайм чыйыр, нугунан,

Алдыма түшсөң из салып.

Токомду туудай көтөрүп…

Токтойбуз кайда биз барып?


Мен:
Балээни менмин баштаган,

Баштаган ишти таштабайм.

Даабасы чындык сүрдөнүп,

Даванды мурда ашпаган.

Башталган сөздү сага окшоп,

Бүтөрүн сурайт шашма адам.

Чычалап чыгат ар дайым,

Чындыкты туура жазбаган.

Отунда күйөт армандын,

Ок болуп калган атпаган.

Токомду ким жок мактаган,

Токомду ким бар жазбаган.

Көрсөтмө берип «көсөмдөр»,

Көрсөтөөр далай тасмадан.

Төгүлөр далай оо…даа лар,

Төкмөлөр менен чачмадан.

Кеп кылып «Кербез» мурасын,

Гезиттер калбас баспаган.

Советтик доордон бери эле,

Токомду саясат кылып таштаган.

Акындар гана Токомдун,

Акындай атын сактаган.


Салт жолун кантип аттайлы,

Саясат жагын таштайлы.

Апендинин кызындай,

Атактууларды мактайлы.

Желкени жакшы кашысак,

Жети ооз сөз кантип таппайлы.

Өпкөндөй болуп этегин,

Өтө эле паска чаппайлы.

Жакшыны дайым сөз ээрчийт,

Жалганын чынын тактайлы.

Көп дечи дөө-шаа мылтыйган,

Көчүгүн чукуп ачпайлы.


Төгөөрүн төгөөр төкмөлөр,

Төш кагар далай өпкөлөр.

Кара кылды как жарган,

Калыстар сындан өткөрөөр.

Суурулуп чыккан байге алып,

Сумсайып калаар «бөксөлөр».

Билермандарды мактайлы,

Биз жазганды да эл көрөр.

Эт жебесек шорпо ичип,

Эч болбосо Турду иним,

«Гүл» - деген бир боо чөп берээр.

Барбы – деп айтпай кубатың,

Башта деп сөздү турасың.

Эмки жаш укук талашат,

«Ээрчийм» - деп туура кыласың.

Сыйласаң мендей карыны,

Сыйлайсың ата мурасын.

Акынды берген элди жаз,

Аябай калем сыясын.

Токтогул өскөн жерди жаз,

Торгойлор салган уясын.

Токомдун жазгын мектебин,

Торолуп чыккан миң акын.
Акындык салып кыялга,

Апыртсаң бир аз уялба.

Тантыктар талаш чыгараар,

Такабайт эч ким дубалга.

Калк окуп турса жактырып,

Калганын койдук кудайга.

Адамдын фантазиясы,

Адабий көркөм чыгарма.

Керекте кара сөздү кош,

Кең десең «бутту сунаарга».

«Ак», «Эркин ырды» жазам деп,

Адашып калба туманда.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет