Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014. Бардык укуктар корголгон



бет4/8
Дата12.07.2016
өлшемі0.59 Mb.
#195744
1   2   3   4   5   6   7   8

2-бөлүм
Абды атабыздын өмүр максаты болгон кан жол өлкөнүн эки аймагын бириктирип күрөө тамырдай иштеп жатат. «Түрктөргө бет май сыйпашышты» деп атпаймынбы? Ал канча туура, туура эмес адистер айтышаар. «Бет майдын» деле убайын көрүп жатабыз. Бирок аттигиниң деп өкүнткөн жерлери бар. Жолду жасап-түсөөгө көп өлкөдөн эл келди. Акчаны аябай арбын ала турган жумуштарга «коноктор» иштеди. Кара жумушун кыргыз кылды. Башкасын кайдан билейин. Тонель, Суусамыр, Чычкан капчыгайынан Нарын дарыядагы көпүрөгө чейин түрк туугандар оңдошту. Ошондо токтогулдуктар да иштеди. Түрктөрдүн инженер техникалык кызматтагылары биздин карапайым кыргызга жасаган мамилесин уккан кишинин каны кайначу. Анан да аларды тыйган киши жок. Айыл-айылга ээн эркин аралашып, мусулман баласы деп сыйлашып. Аларың эмне кылды? Кыздарыбызды алды. Өзүбүздөн чыккан молдокелер акчасын алып туруп нике кыйып беришти. Эрди-катын болуп жашап туудуруп, туудуруп туруп, «талак» дешти да басып кетишти. Кана ким бир түрк, корей же ирандык аял катары өз өлкөсүнө алпештеп алып кеткен бир кыздын атын атап берчү кыргыз табылабы? Жок. Кантели болоор иш болду. Ошондо мен ырды ыйлап туруп жазганмын. Кимиң намыстандың экен кыргызым? Намыстансаң бүгүн кыздарыңды Россия, Казакстан андан ары да акча таап кел деп жөнөтпөйт элең го? Айтылып деле жазылып деле жатат, намысыбыз качан ойгонот? Мына бул ырды окуп көргүлө.

Жол узун. Ой узун
Жол узун дечи, жол узун,

Жолдон да баскан ой узун.

Жолубуз басар бир болсо,

Жолдошум кошоор добушун.


Жол керек дечи, жол керек,

Жол менен куушуп ой келет.

Эмне эле мынча басындык,

Эл журтум кандай ой бөлөт?


Түрк достор келип жол салды,

Түз эле кызга кол салды.


Түспөлүн буруп кыргыздар,

Түк чыгат деген ой салды.


Ирандык келип жол салды,

Ириде эле кызга кол салды.

Иреңин буруп кыргыздар,

Иргелет деген ой салды.


Колунан келип кодоңдоп,

Корейлер жүрөт жол оңдоп.

Колукту болуп кызыбыз,

Койнунда жатат чоёңдоп.


Заман бул, кызың тигине,

Заараң бир келет тим эле.

Арманың сынган намысың,

Арзыбайт түрктүн түгүнө.


Алар да пенде жектебейм,

Алысмын ойдон кет деген.

Адам жок болду, ээ чиркин ай,

Аңгилик жолду чектеген.


Бойдогу билген жамандын,

Болгонун көрдүк замандын.

Эркегиң барбы, кыргыз? – деп,

Эңгиреп жерди караймын.


Кой, айың - бүгүн кеч эми,

Кор болду ээ кыргыз Мекени.

«Кылымдык» жолдо кызарып,

Кызыңдын жатат төшөгү.


Жардынын билген коногу,

Жасаган иштей болобу?

Эмки айтаар сөздү намыскөй,

Эл менен журтка коёлу!


Ушул ыр А.Сүйөркуловдун жаркын элесине көлөкө түшүрөт деп да чыгышаар. Анда да, ыйык жолду, ыйык ысымды булгап… олчойгон акча тапкандар биринчи чыгат. Түрктөрдөн калган жетимдерди баягы эле шордуу элеттеги кемпир чал унга араң жеткен пенсиясы менен багып чоңойтуп жатышат. Букалар кетти. Торпок өзүбүздүкү. Айылга, элге батпай калган бейбактардын тагдыры эмне болду? Жаман айтпай - жакшы жок дейт, салтанатта бирине бири сөз бербей, сүйлөгөндөрдү көрөсүңөр. Ошо киши кечээ ким эле, ким менен эле? деген суроону өзүңө коёр бекенсиң, жердешим? Үйүң үчкө, айылың алтыга бөлүндү. Аймак (район) аты эле калды. Ар бир айыл өкмөтү эми ак үйдөн «кожо» күтөт. Мурда райондук кеңеш, аким деген бар эле. Эми жок. Беш партия беш бөлүп бийлеп айылдан ынтымак эми анык өлөт. Анан бирден, бирден өлүп тынабыз. Башка элди айта албайм.
Кетмен-Төбө эли эми биз биригишибиз керек. Бириккенде да бир колдун беш салаасындай биригишибиз керек. Жогорку бийликке салыгын гана төлөп берип ички тартип түзүлүштү райондук деңгээлде өзүбүз чогуу чечип алышыбыз керек. Аксакалдар элди ынтымакка чакырып берсек, Кетмен-Төбө элин кейитпей багып ала турган жаштар жетилди. Өз алдынчалыкты өзүбүздүн колубузга берип жаткан соң өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Арабдардын молдосу менен Американын демократтары бизге эч качан күйбөйт. Күйгүзөт, жок кылат. Бүт кыргыз бизди туурап, бизди ээрчигендей ынтымакты түзүшүбүз керек. Биздин аймактык өзгөчөлүгүбүз ушуну талап кылат. Борбордон сайраган саясатчылардын оозун карап жүрүп бүттүк го. Саясатчылар эми келип бизден нан сурап жегендей кылыш керек. Ошондо көрөбүз партиясын, демократиясын, исламчылын, бахависттерин.
Кайра жаралуу мезгилин ар өлкө башынан өткөргөн. Ушундай курак биздин кыргыздарга келди окшоп калды. өз жолубузду таба албай ар кимди туурап жинди боло баштадык. «Ааламдашуу процесси» деген жөөттөрдүн ураанын радио, теле, гезит, ж. б. кабар таратуучулар кадам сайын какшанып айтып жатышат. Экономикалык кызыкчылыкка карап бийликтегилер унчукпайт. Кыргыз кыргыз болбой баратканы менен эч кимдин иши жок. Кыргыз Рухтагы намысын, арын үрп-адатын, салт-санаасын жоготуп баратканын көрүп туруп эмнеге уялбайсыңар? «Ааламдашуу» деген бул аралашып ботко болуп калыш эмес да. Бул жөөттөрдүн куралы. Ата-тегиңди унуткан соң, сага Ата-Мекен – мекен эмес, сөз эле болуп калат. Кардын гана ойлогон малдан айырмаң болбой жөөттөрдүн айтканын кылып, бергенин жеп жүрө бересиң. Биз эми революцияны айылдан башташыбыз керек. Али да айылда жан дүйнөсү кыргыз бойдон калгандар көп. Мына ошолорго таянып салт-санаа, үрп-адат, нарк-насил, адеп-ахлак сыяктуу Улуу мурас аркылуу революция жасаш керек. Мына ушуну саясатты диндердин таасиринен жогору коё алган күндө гана Улут сакталып калат. Кыргыз болуп төрөлүп, орусча жашап, араб болуп өлүп жүрөбүз го, уялсак боло. Эми илгерки Американын түпкү өнүп-өскөн элин кырып бүтүрүп, жерин ээлеп алып, өздөрүн кызыл китепке жазып койгон бүткүл дүйнөнүн шылуундарын айткандарын кылып айдаган жагына басалыбы? Бүтүндөй бир Материктин элинин түбүнө жеткендерден эмне жакшылык күтсө болот. Өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда, күчүбүз биримдикте.

Эл таштайт ойго көрөңгү,

Эл таптайт көсөм чеберди.

Байлыгы турган бапырап,

Бактылуу кылат жер элди.

Ардактайм, даңктайм ар качан,

Абды өскөн Кетмен-Төбөмдү.
Тоолорун тоолор жөлөгөн,

Токчулук жыттуу кең өрөөн.

Аймагында өскөн балдарга,

Ата-эне менен тең өрөөн.

Кешиги ырыс дөөлөттүн,

Бешиксиң элин бөлөгөн.


Ала-Бел ашып Көк-Белди,

Аралап эл-журт көп көрдү.

Кан жолдон сызып өткөндөр,

Карашат көзү жеткенди.

Көңүлү зирек жигиттер,

Көрүшөт барып ГЭСтерди.


Танапташ Чаткал, Таласка,

Так билген чегиң каякта?

Асмандан көрөт элек го,

Адамга канат жаратса.

Бүркөлгөн күндө тоолордон,

Бүркүттөр керек адашса.


Чалкактар Чаткал тараптан,

Чаар уй белге жанашкан.

Ак-Байтал чөбүн жеп кетет,

Адашкан малдар Таластан.

Тирелген тоодой элин да,

Тилектеш кылган жараткан.


Кара-Күңгөй, Беш-Таштан,

Кадимки Током көп баскан.

Талашып үйгө чакырып,

Таластын эли сөз баккан.

Өр тартса акын сапары,

Өтмөктү көздөй атказган.


Кар жибип ташы куланаар,

Кайберен баскан кыялар.

Оболоп турган чокусу,

Ортодо Шумкар-Уя бар.

Балапан түлөк кезинде,

Барчындар учуп сыналаар.


Тонго окшош кийген жакалуу,

Тоолордун кетет катары.

Чаткалдан учкан куш болсо,

Сандыктан бүтөт сапары.

Картага балким так чийет,

Карыштап сөөмдөп жазалы.


Үч-Чаттын башы Ала-Бел,

Үч ай күн көрөр кара жер.

Саратан жайдын күнүндө,

Сапырып бороон кар элээр.

Жон-жондон жылса сур булут,

Жолоочум үйдө кала бер.


Суу жылса сайдан, жел аккан,

Суусамыр жакка эл ашкан.

Жаман-Эчки, Алмалуу,

Ашуу көп, бел көп мен ашкан.

Тер-Жайлак, Кырк-Кыз, Чаар-Таш,

Кең Чүйдүн малы бери ашкан.


Орток-Тоо тушу Сереңги,

Ортосун Нарын жегенби?

Келечек күнгө Кабак да,

ГЭС куруш үчүн беленби?

Тезекти терген эл үчүн,

Теңирим камын жегенби?


Өркөчтөй тоодо көп домпок,

Өтө бийиги болот Көк-Домпок.

Чыңкөйдө чыгып чыга албай,

Чычат деп жүрөт көп торпок.

Чокусунда «телевышка» бар,

Акыл күчтүү экен, көз коркок.


Тогуз-Торо жакта Тегерек,

Толодур аны көрө элек.

Барышат далай альпинист,

Багынтсак башын эле деп.

Чокойчон койчу, малчылар,

Чокусун жүрөт тебелеп.


Ортодо Шамшыкал-Ата кутубуз,

Ошол тең таткан даам тузубуз.

Шамшардай өткүр жигит көп,

Шаңкылдайт келин, кызыбыз.

Көөнөргөн көчмөн кыргызга,

Көрөңгө элбиз ушу биз.


Көргөмүн жерди ГЭС курган,

Көрбөгөн угуп кеп кылган.

Чачылган сууну шамалы,

Чапкандай катуу бетке урган.

Туйлаган Нарын кош жээгин,

Тулкусун уруп жеп турган.


Жолу жок жээктеп баскандай,

Кокту эле Нарын баткандай.

Эки жээгине ээ болуп,

Эки тоо турган бет маңдай.

Добуш чыкчу эле жел жүрсө,

Домбура чертип жаткандай.


Ышкырып турган шамал, кар,

Үшкүрткөн өткөн замандар.

Үшкүрбөй этпей кезинде,

Үч-Терек жактан адамдар.

Каттаган Базар-Коргонго,

Такталык ашуу даван бар.


Этеги кыштоо Кара-Суу,

Баш жагы черлүү Кан-Ачуу.

Жойлогон жырткыч көбүнөн,

Жолобос адам баласы.

Ылаачын учса Ыспыдан,

Көк-Көлдөн талыйт канаты.


Кекилик баскан кум жылат,

Кум, ташы кошо бир кулап.

Таруудай кумдар тийсе эле,

Таштан үн чыгып шылдырап.

Кыштоо бар бири – Кекилик,

Бирөөнүн аты – Шылдырак.


Тоолордон тоого аттадым,

Торкендин жазбай Ак-Чабын.

Керезбек менен Жаныштын,

Кекилик, чилин аткамын.

Артактан Кызыл-Жазыга,

Атамдын атын чапкамын.


Жердеген эл го элебейт,

Жер эмес жерим керемет.

Кара-Көл деген берметти,

Кара-көлдүктөр көрө элек.

Кара көз күндө каранган,

Күзгүсү кайдан теңелет?


Куйган суусу жок, акса да,

Курчалып зоока аскага.

Көл жатат, көз сал алыстан,

Көө жапкан өңдүү капкара.

Түс берген сууга туптунук,

Түбүндө жатат таш кара.


Асманда жылса ак булут,

Көлгө көр көздү чаптырып.

Капкара айнек бетине,

Калгансыйт аппак так туруп.

Акылың калса ордуна,

Аларсың анан каткырып.


Абалап учуп куш көргөн,

Аралап жүрүп биз көргөн.

Адамда арман болбостур,

Ажайыптарга туш келген.

Таанышат Көкө Теңирди,

Таң тоскон киши Муз-Төрдөн.


Аралап чыккан адамды,

Атыр жел искеп жагымдуу.

Каттаган жолдо жүргүнчү,

Карашат арча, кайыңды.

Кийиктер койго кошулган,

Ким көргөн тоодон айылды.


Ырыска шерик эл, жери,

Ырдаткан мендей пендени.

Береке толгон койнунда,

Бейиш ко деймин жергеми.

Көп тоосун чыктык аралап,

Чөбүнө кезек келди эми.


Жемиши жерге түгүлгөн,

Жегенден адам эринген.

Кожогат, карагаттары,

Кол тийип тийбей төгүлгөн.

Чил учат чийдин түбүнөн,

Чиеси кызыл эринден.


Дүпүйгөн бактай бадалын,

Түргө не бөлүп санайын.

Карагай, арча, долоно,

Калганын таппай каламын.

Тобулгу, шилби, ыргай деп,

Токтолуп калат жамагым.


Чал болгон кезде арман көп,

Чалдардан сурап калбай деп.

Чөп таанып калса биздин муун,

Чөптөн көп болмок андай кеп.

Далдырап бүгүн турабыз,

Дарылык жагы кандай деп?


Кыргыздар маани беришпейт,

Кытайлар келет чөп издеп.

Айлыңа келсе таң калтат,

Ат кулактарды терип жеп.

Кытайдан алсак үйрөнүп,

Кыкеңдер эми өлүшпөйт.


Кымыздык, ышкын, жөргөмүш,

Кызыктар өскөн жердебиз.

Сарымсак, согон, көбүргөн,

Сан жеткис башка жер – жемиш.

Мандалакты араң тааныган,

Мактансак болот элге биз.


Током дейт айткан чөп түрүн,

Тоолук эл билбейт көптүгүн.

Танышка болбойт чындыкты,

Тааныбай калган кез бүгүн.

Андайды мендей чал эмес,

Алгандар айтсын көп билим.


Табият берсе кубатты,

Талпынат бүркүт сыяктуу.

Жан болуп тоонун дем сүрү,

Каныңда чуркап булак суу.


Ушундай жерди жердеген,

Улуттан чыгат миң Абды.


Жолборстун токой, чери бар,

Бүркүттүн даван бели бар.

Туйлаган кулун кезинде,

Тулпардын өскөн жери бар.

Абдыга берген тарбия,

Акылман, айкөл эли бар.


Жарайт деп турса саяпкер,

Жарышка түшөт талапкер.

Бышканда тагдыр табылат,

Бычакка сапка жарактуу эр.

Чоң Жинди бойдон тим койбой,

Чоңойтуп алган Манасты эл.


Ак шумкар учат тапталган,

Аргымак чуркайт такшалган.

Абды атаңды да эл-журту,

Актилек менен аткарган.

Теминип чыкты алдыга,

Теңирим колдоп асмандан.


Ачып кең бирөө эшигин,

Аябай бирөө кешигин.

Жетелеп жүрүп эл өзү,

Жетилтип алган жетимин.

Темирдей кайрап берген эл,

Теңирден бүткөн сезимин.


Тең көргөн жаман жакшыны,

Эл менен ар ким бактылуу.

Тамшантаар сөздү таппаган,

Таланттын менде аздыгы.

Жомогум бүтпөс элим сен,

Жолуна салган Абдыны.


Сүйлөсө сөздүн чебери,

Сыйласа пейли кенени.

Байыртан калган биздин эл,

Байырлап Кетмен-Төбөнү.

Тамшанткан жалпы кыргызды,

Таланттуулардын өнөрү.


Ыйлабайт бала-чакабыз,

Ыр менен оозун ачабыз.

Торгойдун тилин жаңылткан,

Токтогул биздин атабыз.

Төр бербей ырдайт төкмөлөр,

Төкпөсөк чийип, жазабыз.


Током деп туруп атабыз,

Ток этер жерин жазабыз.

Каманы менен замандын,

Кармашып келе жатабыз.

Ажыдаардын да куйругун,

Атайылап барып басабыз.


Колдойт деп Коргол атабыз,

Коркпостон ачык жазабыз.

Шылуундар шылып жатканда,

Шыргалаң сөздөн чачабыз.

Шылдыңдаар бизди бирөө жок,

Шымы жок бала-чакабыз.


Жоомарттын жолун улаган,

Жоогазын сөздү сылаган.

Терметип сүйүү бешигин,

Тентидей ырды кынаган.

Толтура акын аттуулар,

Торгойлор учкан уядан.


Чоңко деп айтса чоңкобуз,

Чоңдордон неге коркобуз.

Туз көзүр ажо чочуган,

Тузу ачуу келет шорпобуз.

Кандай күн заман болбосун,

Каткырык күлкү ортобуз.


Суугуна элдин тоңобуз,

Ысыса желпип коёбуз.

Чокойчондорго тийишпей,

Чоң курсактарды согобуз.

Туура сөздү туура айткан,

Тукемди тартсак оңобуз.

Анткени Тууганбайдай акындын,

Туугандары болобуз.


Тартынам сөздөн неге мен,

Талантттар туулат энеден.

«Чыныгы» деген кыргыздар,

Чыгышат Кетмен-Төбөдөн.

Жылт этип өчүп жок болот,

«Жылдыздар» таяп жөлөгөн.


Кутмандуу жерден Абды өткөн,

Кут кармап далай жакшы өткөн.

Бектери мансап талашып,

Бечера мендей жаш төккөн.

Кыргынга түшүп жоо тосуп,

Кылычка далай баш кеткен.

Шарданы менен Союздун,

Жардамы менен орустун.

Байрагын чыкты көтөрүп,

Балдарың ата конуштун.

Эмкилер Абды атанын,

Эмгегин эстеп коюшсун.


Уксам да ар ким «сокконун»,

Ушагын сөздүн кошпоюн.

Ар түскө салып боёшту,

Абдыны, Бишкек-Ош жолун.

Эл жүрөт билип билбеген,

Эмне үчүн мен сөз кошпоюн.


Бийик деп өзүн санабай,

Билгенин элден аябай.

Так таза дайым аткарган,

Тапшырган иштен жадабай.

Абды атаң журтун сыйлаган,

Атаны көргүн баладай.


Артында турса эл сүрөп,

Азыркы бийлер менсинет.

Ай күнгө теңеп коюшса,

Аялы кошо желпинет.

Асманга башы жеткендин,

Аягын турат жер тиреп.


Бийликке жетсе эл сүрөп,

Билерман бүгүн менсинет.

Боёсо кошоматчылар,

Бойдогу кошо желпинет.

Булутка башы жеткендин,

Буттарын турат жер тиреп.


Абды атаң чуркап тулпардай,

Аялы «жок» деп сумсайбай.

Жупуну жашап өтүштү,

Жумушчу менен дыйкандай.

Замандын куубай модасын,

Зайыбы өттү бет май сыйпанбай.


Эп көргөн окшойт жараткан,

Ээрчише баса жарашкан.

Ширинкан деген апаңар,

Ширин сөзгө эмес адашкан.

Кадырлары элге кем беле,

Каныкей менен Манастан.


Акчаны жыйбай үйүлгөн,

Адамды тапса сүйүнгөн.

Замандын залкарлары бүт,

Даамдаш болгон бул үйдүн.

Ахунбаевдин Нелясы,

Келини болуп жүгүнгөн.


Теминип баскан астыга,

Тең теңин тапкан жакшы да.

Кантсе да кошот пейили,

Карыларды да жашты да.

Каракеевдей бир залкар,

Кан куда болгон Абдыга.


Абды атаң түрүү пенде экен,

Пенделик кылса эмне экен?

Теңинен бирөөн кемитип,

Теңир да кылбайт теңме тең.

Кыялын айтсак бир киши,

Кылган иш калды элге тең.


Абдыга эли ишенсе,

Абды атаң элге ишенген.

Ичинде элдин жок бекен,

Ичине сасып ит өлгөн.

Өрнөктүү далай «мырзалар»,

Өлгөндөн кийин түзөлгөн.


Тилине кирип бирөөнүн,

Тилдеген чыгаар бирөөнү.

Сүрткөндүр колун буйрукка,

Сүрсүтө күтпөй жүйөөнү.

Сүткө жууп чайып койсоң да,

Сүйөркулов болгон «күнөөлүү».


Иштешип бирге жүргөндөр,

Ич койнуна киргендер.

«Иш кылган эле мындай» деп,

Итке окшоп бүгүн үргөндөр.

Андайды жакын жолотпойт,

Абдыны көрүп билгендер.


Болгондур кеп-сөз ич ара,

Болбоппуз күбө биз ага.

Күн болгон Абды «унутулган»,

Күйгөн мен болуп чычала.

Акылсыз жээни мен эмес,

Аймактагы эл баткан ызага.


Таптакыр дебейм сүттөн ак,

Тартыптыр таякем «ыштарап».

Күн көрүп кандай өттү экен,

«Күнөөнү» жапкан кысталак.

Аямак беле Москва,

Аттырып деле тыштамак.


Барганда Кетмен-Төбөгө,

Пайгамбарга Абды тең эле.

Башкача айта албайсың,

«Басып» калчу эл жөн эле.

Балдарын келчү жетелеп,

Батасын берсе деп эле.


Кезекте турчу эл чакырып,

Кетчү эле кайра шашылып.

Бооругун сойсо бирөөсү,

Бозосун бирөө сапырып.

«Ширин» суу жутуп да койчу,

Ширинканынан жашырып.


Бактыбызга бир келди эле,

Пайгамбар эмес, пенде эле.

Атаны өлсө тайлак бар,

Акылга салат эл деле.

Айтылуу Кетмен-Төбөдөн,

Абдыга чыгат тең деле.


Жеримдин ырдайм кененин,

Элимдин ырдайм тереңин.

Ашууларды ырдайм көк челген,

Абды ата сайган желегин.

Өлгөнчө мага ыр болот,

Эл, жери Кетмен-Төбөнүн.




3-бөлүм
Абды атанын өскөн жерин жаштарга,

Айтып бүткүс айлантсам дейм дастанга.

Төрөлгөндөр Кетмен-Төбө жеринде,

Төбөлөрү тийип турсун асманга.


Эске сактап тоо ташынын аттарын,

Элестетип өзү аралап басканын.

Алыс жүрсө кубат кылсын көңүлгө,

Анда жыргап эли жашап жатканын.


Малын багып, кериле чаап кетменин,

Маанилүү деп тириликтин өткөнүн.

Айлындагы адам ойлоп-ойлобойт,

Алыс чыкса анан тааныйт өз жерин.


Кетмен-Төбө кенен өрөөн, керемет,

Кебелбейт эл кенчин жүргөн тебелеп.

Жомоктогу жерге келип калгандай,

Коноктордун көзү менен көрө элек.


Тааныбас эл арча менен кайыңды,

Таң калышат араласа Арымды.

Тойсо жеген токоч малып балдарың,

Токиодо көзгө сүртөт балыңды.


Коон, дарбыз, мөмө-чөмө дегенден,

Жер бетине өнгөндөрдүн көбү өнгөн.

Издегендер өлбөстүктүн дарысын,

Издеп көрсүн келип Кетмен-Төбөмдөн!


Учуп-конуп куш талыткан канатын,

Улуу-Тоонун аралап көр арасын.

Аруу, таза сезим берип өстүргөн,

Абды деген бир кыргыздын баласын.


Кокту сайын кооздугу өзүнчө,

Которгонсуп килемдерди көзүңчө.

Коюн жаят мотурайган балдарың,

Конокторго бир ажайып сезилсе.


Ташты жарып оргуп чыгат булагы,

Таш алдында үн алышат улары.

Торгой баштап сайраганда чымчыктар,

Тоо жаңыртып коштойт симфонияны.


Кайберендер кыялаган бийик бет,

Каалгып учат бүркүт андан бийиктеп.

Көп гүлдөрдөн тандай албай бирөөнү,

Көпөлөктөр учуп конот гүл искеп.


Жылга сайын жалаажындай үн курап,

Жыргал ырын ырдап агат миң булак.

Сугун артып, суусап турса бүт дүйнө,

Суусу таза, бир булактан бир булак.


Ар өндүрдө шаркыраган кашка суу,

Ар биринин касиети башка суу.

Ушул суулар Улукмандын дарысы,

Мүрөк десең, мүрөктөрдүн нактасы.


Абды атабыз, тоодон алган кубатты,

Адам болгон тоону тешкен кубаттуу.

Алтын деле чыккан жерден чыгат да,

Кайра чыгат калк ичинен бир Абды.


Даам таткан Шамшыкалдын тузунан,

Дандын, нандын тоёру чын жытынан.

Азып, тозуп, тентип келген казактар,

Адам болуп туруп кеткен бутунан.


Берекеси пейли кенен элиндей,

Жер бар бекен Кетмен-Төбө жериндей.

Кара-Көлгө кайсыл жактан келген жок,

Кетти байып «Анжияндын бегиндей».


Жери калды топон суунун астында,

Эли көндү КЫРГЫЗ үчүн тагдырга.

Токтогулдук элдин пейли ар үйгө,

Жарык чачкан, айлангансыйт ак нурга.


Толбосо да башкалардай капчыгы,

Токтогулдун эли жашайт бактылуу.

Көкүрөккө жыйнап Рух мурасты,

Көр дүйнөнүн баш оорутбайт аздыгы.


Тоолуу өлкөнүн шаарлары, айылы,

Ток зымындай чырмалышкан тамыры.

Ар бир үйгө тийгендигин эл билет,

Абды атанын тилегенин жарыгы.


Улуу Током таштап кеткен көрөңгү,

Улам бир муун улантышат өнөрдү.

Абдыны да миң кыялга салгандыр,

Акын ырдап, чертип жүргөн терең күү.


Кыраандарды тааныган бар уядан,

Кыйын кезде саамайынан сылаган.

Айтканына элдин, журттун карасак,

Абдыны да Абды кылган бир адам.


А кишинин баласындай баламын,

Акын атым болсо болоор, чаламын.

Жете албаган кадырына кезинде,

Жекше атанын жазам айткан баянын.



Жекше атанын баяны:
«Таякең Абды жалгыз туума «кумайык»,

Энеси жок жетим өскөн муңайып.

Эстүү, токтоо тестиерди Дүйшөбай,

Атасынан алып кеткен суранып.


Мунар катын көп көрсөтүп запкыны,

Батырбады жалгыз бала Абдыны.

Өттү өзү да согончогу канабай,

Көрө алган жок бала деген бактыны.


Өйдө-төмөн сөз сүйлөгөн көп элде,

Бир баладан тамак аяп жегенге.

Атасынын көзү тирүү турганда,

Абды өстү го жетимкана дегенде.

- Деп жүрүштү кантсе дагы Абдыны,

Дүйшөбайдай көсөм таанып, бактыбы?

Билгенинен шаарга алып кетти да,

Билим алса болот ко деп бактылуу.


Дүйшөбай да убагында бир келген,

Дүбүртүүнүн бири эле го иргелген.

Таштап кетти өчпөс изин артына,

Таш-Көмүргө жол салдырып бул жерден.


Жол бүткөн соң машиналар каттады,

Дүйшөбайдын ошондогу шашканы…

Тетиктерин атка, төөгө жүктөтүп,

Завод курду тазалаган пахтаны.


Көрүк, дөшү, балка болгон көргөнү,

Атка така жасаш болгон эрмеги.

Момункулдай, Кулубайдай усталар,

Ал заводду куруп, ишин жөндөдү.


Эрлер чыкса сый урматка татыктуу,

Элден чыгып көрө албаган сасыткы.

Эмгегинин көрбөй туруп үзүрүн,

Эр Дүйшөбай «Эл душманы» атыкты.


«Акталды» деп кийин келди кагазы,

Ага чейин жер карады баласы.

Кыйындардын кыя чапкан тамырын,

Кыргыздардын калар бекен адаты?


Кыргыз өзү кылып коюп кыларын,

Кылтыңдашат бербес өңдүү сурагын.

Сталинге жаба салып турушат,

Сталинден адилет бар Кудайым.


Ичте тура адамдардын аласы,

Алыс барбай айылды эле карачы.

Дүйшөбайдай кетет беле атылып,

Торкендин да эки үч мыкты баласы.


Кадимки эле Токтоналы башкарма,

Райкомдо бюро болуп жатканда.

«Орус биздин районго жарабайт» -

деп койгон го өзү теңдүү жаштарга.


Орус калып, ал бюродо шайланбай,

Ойлор чыгып, болжол чыгып ар кандай.

Чыдап күткөн арамзанын ушунда,

Чырагына май болуптур тамгандай.


Ким билиптир, кимден, кайдан угушту,

Көп кишини улутчул деп чыгышты.

Током менен Козугулду бир камап,

Ормогойду отургузуп тынышты.


Иши жүрбөс киши калса камалбай,

«КГБ» жүргөн эптеп шылтоо таба албай.

Учкуну эле чыккан сөздү заматта,

Учурушту өрткө айланткан шамалдай.


Эл чарчаган жаңы бүткөн согуштан,

Эч жамандык көргөн эмес орустан.

«Улутчулдар чыгып» Кетмен-Төбөдөн,

Учурунда уу, дуу далай болушкан.


Токтонаалы туура койгон маселе,

Токтогулда орус калкы аз эле.

Кыдырганга аймактагы чарбаны,

Райкомдун мингени да ат эле.


Тегиз жерге бир аз айдап пахтаны,

Мал болгон соң район эл бакканы.

Ырасында туура келбес иш болгон,

Райкомду орус келип башкаруу.


Болбой калып жогор жактан чечкендей,

Болгон окшойт боорго эле тепкендей.

Элдин журттун учурушту үрөйүн,

Эки ортодо согуш чыгып кеткендей.


Өттү ошондой мүңкүрөгөн убак да,

Бир аймак эл, бир жыл жүрдү суракта.

Камалгандар тебеленип түрмөдө,

Кантет элек туура келди чыдашка.


Он жылдан кем беришкен жок жазаны,

Ошондо бир элдин чыккан “атагы”.

«Улутчулар» акталышты, келишти,

Ушул кезде эл журт дале капалуу.


Абды ошондо чоң кызматта эле да,

Айткан эмес, барган эмес эл ага.

Кокус эле жакындыгы билинсе,

Колтукташып кошо кетет эле да.


Тарынгандар болуп жүрдү ооба, чын,

Тарткандар да, тартпагандар коогасын.

Абды деле кийин түшкөн кызматтан,

Азыр болсо кылат кыргыз соодасын.


Көрө албастык кылса бири бирине,

Көргөн күнүң мен айткандай тигине.

Арызды жазган айлыбыздын кызы экен,

Ал да кирип, бир шүмшүктүн тилине.


Сары чалым экөөң теңсиң каралдым,

Сапар карып мен өлөөрмүн, калаармын.

Ортодо эле кыргыз кыйнайт бир-бирин,

Ооматы күч орус билген замандын.


Жекше атанын сөзүн кыска жазганым,

Жеткире айтаар башка мисал таппадым.

Ыроологон сөзүн элге аксакал,

Ырыс алды – ынтымакта жатканын.


Уул, кызы ыйык Кетмен-Төбөнүн,

Учур келди көтөрүлөөр желегиң.

Ушул желек - ынтымактын желеги,

Бир бүтүнгө биригели кел элим!




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет