Улуттун аты өчөбү?
Оодарган менен ордону,
Ойдогусу элдин болбоду.
Партиянын атын жамынган,
Басмачы бийлик орноду.
Ойногон улам бийликте,
Отунбава эле ойноду.
Мансапка дагы жетишип,
Марадёрлор тапты олжону.
Чириди өткөн өлгөндөр,
Чимирет элди бөлгөндөр.
Бетондой жүрөт бет менен,
Бейитте антын бергендер.
Май мыкчып жатат дагы эле,
Май талкан сузган чеңгелдер.
Тезекти терип калышты,
Тезекти мурда тергендер.
Акаев баккан атасы,
Бакиев «родной папасы».
Ордуна көргөн ылайык,
Отунбаева «апасы».
Кондурган ажо тагына,
Корбашылардын батасы.
Журт башы болбой калды го,
Журналистердин «А.Ш.А»сы.
Өлкөнүн ишин башкарган,
Өкмөт деген атты алган.
Ак үйдө толо мансапкор,
Адистер эмес такшалган.
Сатыбалдиев баш болуп,
Башканы билбейт саткандан.
Кемчонтой да болот министр,
«Генсектерине» жаккандан.
Тер менен шорго кайнаган,
Тепселди кыргыз кайрадан.
Корбашыларга бүгүн да,
Кой болдук бөлүп айдаган.
Кол шилтеп басып кетишти,
Кордукка чыдай албаган.
Кыздарыңды алды чүрөктөй,
Кытайлар кирип жайнаган.
Ак мөңгүң эрип булганды,
Аккан сууң ирип ууланды.
Алкы бузуктар кошулуп,
Алтының жатка уурдалды,
Ак илбирс жүрчү төрдү ээлеп,
Аткинсон деген куу калды.
Чыкпаса туура жыйынтык,
Чыкчудай болуп чуу калды.
Шумдук бар бийлик жашырган,
Чындык бар зордоп катылган.
Канкорду хандай узаткан,
Калк белек жоого басылган.
Бар болсо кандай неме экен,
Батукаевди качырган?
Мырзалар көчүк аарчыбас,
Мыйзамдар нече жазылган?
Батыштан келет азгырык,
Башка элге кылбас жакшылык.
Басмачы болоор жагдайын,
Байкаган куулар жактырып.
Баш мыйзамды жылмалап,
Параламент салды таш кылып.
Ооз ачса жыга чабышат,
Ошол таш менен башка уруп.
Ээрчиген эчки текени,
Эл күчү алга кетеби?
Акылманы Аман палвандай,
Көр Шерматка окшош көсөмү.
Тексиздер кылып базардай,
Тепселди Кыргыз мекени.
Урааным МАНАС деп жүргөн,
Улуттун аты өчөбү?
Улуттун аты өчөбү,
Унутулуп кыргыз экени?
Жыргатпай калды парламент,
Жыгылган карап меккени.
Тантыган молдо бакшылар,
Тагдырын журттун чечеби?
Ак үйдөгүлөр иш кылбай,
Ак уруп калган кезеги.
Эсиңди калдың жыя албай.
Эртеңкиң элиң, тумандай.
Тумандай кытай жылганын,
Туйсак да калдык тыя албай.
Карыз берген батыш демитет,
Капкандан түшкөн чыгарбай.
Билсе да бийлик отурат,
Билмексен болуп уялбай.
Карабай батыш, чыгышты,
Калкыма болоор уютку.
Бир курсак Улуу Курултай,
Бийлик да иштейт туруктуу.
Элимди ширейт ынтымак,
Жериме толот ырыскы.
Манастай элге дем берет,
Манастан калган Ыйык Туу.
КОЛУ СЫНСЫН
Паспортума бадырайта жазылган,
КЫРГЫЗ деген кагылайын атыңдан!
Ушул сөздө улуу күчү Рухтун,
Урааным бар Манас атын чакырган.
Паспортума бадырайта жазылган,
КЫРГЫЗ деген атыңа ким асылган?
Дос деп жүрүп аралашкан элди бүт,
Окту сездим буктурмадан атылган.
Паспорттордон өчүрсөк деп улутту,
Өздөн, жаттан сунуп жатат сунушту.
Сыйлап жүрсөк сыйрып кирсе териңди,
Сынды дебей суурусак бейм кылычты.
Кутурбасак «атуул» болгон дос конок,
Кутман журттун ар-намысын козголоп.
Бүгүн элдин паспортунун аты өчсө,
Эртең кыргыз түбөлүккө жок болот.
Баш мыйзамдан онду жазып оңдогон,
Башчылар жок кыргыз элин ойлогон.
Кожосу да, ажосу да куурчак,
Кошмо Штаттын колу менен ойногон.
Кереги жок демократия, партия,
Келиш керек бийлик улут салтына.
Өлкөсүнө кыргыз болсун кожоюн,
Көнө бербей «дос» коноктун шартына.
Кытайларга не берген жок жашырып,
«Кыйындарың» небак кеткен сатылып.
Тебеленип калар күндү билсе да,
Темир жолду курабыз дейт ашыгып.
Паспортко ким жазбайбыз дейт улутун,
Ачык кирген жылып кирген тымызын.
Еврей же кытай ажо болсо деп,
Эртең эле сунуп чыгат сунушун.
Бийлик качан эли менен кеңешкен,
Билебиз го мындай иштер көп өткөн.
Колун бүгүн сындыралы эртелеп,
Кол коюлуп калыптыр го дебестен.
Токтотпосун түшүндү элди ок менен,
Токтотолу бул бийликти бок жеген.
Көздөрүнө жалаң акча көрүнүп,
Өздөрү эле ойноп турат от менен.
Кебин укпай убада менен жыргаткан,
«Кетсин» дебей, сүйрөп чыгып шыйрактан.
Зыяндарын тийгизбесин эч кимге,
Зындандарга тыгыш керек ным баскан.
Беш «партлидер», ажо жана «баш бакан»,
Эл журтту укпай колду коюп таштасаң.
Ыйманыңар жолдош болуп кетпесин,
Ырайымды күтпөгүлө эч качан.
Чуу куйруктар марафону
Көңүлүнө кир сактоону билбеген,
Көрүнгөндү сөсүз үйгө жүр деген.
Кирпигинин арасынан кыргыздын,
Кирди душман эгемендик күч менен.
Кирди үйүңө, кирди жалкоо жаныңа,
Кирген турат ойгонбосоң каныңа.
Ириткени каныңдагы рухту,
Ичтен, тыштан иштеп жатат жабыла.
Бааны бычкан намысыңа, арыңа,
Базар-заман, арзан алат аны да.
Эбак эле «прихваттап» кетишкен,
Эл башы деп отургандар тагыңа.
Салт бар эле, жол бар эле кыргызда,
Салып келген элди-журтту бир нукка.
Арам сийдик мыйзам-ченем, жол-жобо,
Анык болду сиңбейт экен турмушка.
Анык болду, сиңбейт биздин турмушка,
Кыргыз гана күйөт экен кыргызга.
Оору чачып жүргөндөрдү элиме,
«Оптом» бүгүн ашаткым бар кыргызча.
Коммунисттер өрттөп кызыл билетин,
Өлүп-талып бербей бийлик сересин.
Жамынышып демократия дегенге,
Жөөттөрдүн билбей тузак, желесин.
Бири-бирин тебелеген эл белек?
Болгон эмес бийлик бөлөк, эл бөлөк.
«Чоңдугуна чокоюм» деп кедейи,
Чоңдор өзүн сезген эмес өйдөрөөк.
Болсо дагы көсөмдөрү, чечени,
Болгон эмес элден аттап өтөөрү.
Ыйласа ыйлап, күлсө күлгөн эл менен,
Ыйык болгон меккеден да, мекени.
Болуп келген байлык, бийлик талашы,
Болгон эмес сырттан келген арачы.
Жалпы журттан бүтүм чыкса ылайык,
Жараткандын буйругундай саначу.
Адам тургай, ар бир затты жараткан,
Жайгаштырган өз орду бар жарашкан.
Талкаланып жок болоору белгилүү,
Табияттын мыйзамынан адашкан.
Жөөт кирип чыккан элдер ооручу,
Жөтөл эмес «демократия» оорусу.
Ирип кетти кислота куйгандай,
Ирак баштап арабдардын коому ушу.
Саясаттын көп «векторлуу багыты»,
Сары оорудай табылбаган дарысы.
Салттын өзү демократияга – эталон,
Зарыл беле «импорт масло» жаңысы.
«Штейндер» эркеледи төрүңдө,
Эч жакшылык кылбай кетти элиме.
Делөөрүгөн эң биринчи Акайыч,
Демократиясын ала кетсин көрүнө.
Запкы тарткан ортодо эле эл болду,
Закиржанга демократия жем болду.
Бети жоктун бешиктеги баласы,
Березовский ажыдарга тең болду.
Ээлеп алды бийлик, байлык, алтынын,
Энөөлүгүн билип кыргыз калкынын.
Кайсы жерден билсе акча чыгаарын,
Каалашынча чыгарышты тамтыгын.
Текебаев «Демократия текеси»,
Отунбайдын кызы апчеси, «шешеси».
Жыйырма жылдап саясатта жүрүшөт,
Жылыган жок кайран элдин чекеси.
Самсып чыгып, саясатта сайраган,
Салт-санааны бирөө ойго албаган.
Кыйкырыгы топту жарган Топчуке,
Кыдыңдатып «КыДыКесин» айдаган.
Сунуп турган акчасына алданып,
Сугалактар иштеп жатат жалданып.
Эдил Байсал эдиреңдейт тим эле,
Эл аралык демократка айланып.
«Дем.оорунун» деми чыккан жактардан,
Депутаттын айлыгындай акча алган.
«Өкмөттүк эмес уюм» деген бар, (НПО)
Өкүмөттү баласындай башкарган.
Бийликтеги кызматкерлер «иши көп»,
Биз барганда кабыл албайт киши деп.
«Тимон Райс», «Фридом Хаус» баш бакса,
Тилден калат, турган жерден титиреп.
Атасына күн алчудай кеги бар,
Ачык айтпас «секретный» жери бар.
Турсунбектин, Турсунбайдын тытышкан,
«Акыйкатчы» деген майлуу жери бар.
«Арак марафону»
Совет доорунда «марафон» деп алыс аралыкка жарышка түшкөндөрдү түшүнчүбүз. Эгемен күнгө жеткени марафон уюштуруп, акча чогултушчу болду. Мен болсо кыргыз элинин кыйрап масчылыкка берилип баратканын көрүп туруп, «Арак марафон» өткөрүүнү чечтим. СПИД оорусунан да бизге «спирт» оорусу коркунучтуу болуп турат.
Кечээ эле өкмөт арак-шарап ишканаларын текшерүүгө 2011-жыл үчүн мараторий жарыялады. Кудайга тобо дейсиң, өздөрү темселеп бюджеттин тешигин бүтөй албай тыйын издеп жүрүшөт да, агып жаткан акчанын булагын текшерүүгө мараторий жарыялашат. Керек болсо ушул тармакты мамлекеттик менчикке өткөрүп алыш керек эле. Антпей калсын. Анткени парламентте отургандардын бир тобуна мандатты «арак борондор» алып берген.
Жөн алып бербей, «мага крыша болосуң» деп алып берген. Ошондуктан, «сразу» эле «мараторий» жарыялап, кол тийбес кылып ташташты. Эми аракты ар кандай чиринди, таштандыдан жасай беришет. Кыргызбайлар иче берет. Үй-бүлөсү талаада калат. Ооруйт. Өлөт. «Арак борондор» акча менен «крышаларын» камсыздап турат. Эл болсо өлө берсин. Мына биздин бийликтин кылганы.
Эми урматтуу окурман, мен арак ичпегендерден алдын ала кечирим сурайм.
Ичкендерге айтаар элем. Бул – оору. Сатып алган оору. Ташта. Бардык балээнин баары ушул аракта. Андан кутул. Доктур да, табып да, экстрасенс да жардам бербейт. Бир гана өзүңдүн эркиң. Таштап коюш кыйын эмес. Эсиңде болсун, сага арак сунган киши – сага жакшылык каалаган киши эмес. Сен мас болуп, уят болуп, үйдөн, элден чыгып калганыңды карап тургусу келет. Кайра сени акча, арак сурап келсе экен дейт.
Басынып, жалынып келсе экен деп тилейт. Айлана-тегеректегилерди карап көр, дос-тууганыңдын мамилесин ойло. Эң негизгиси сен да ошолордой адам экениңди ойло. Адам болсоң таштайсың. Ишенсең, мен өзүм ушул балакеттен араң кутулгам. Түшүнөм, билем. Боорум ооруйт. Ичпе. Ташта!
Ар бир дубанда, райондо, айылда намыстуулар бар. Намысыңарга атайын тийип жаздым. Кыйын болсоңор арак-шарап тармагын мамлекеттик менчикке алдырып көргүлөчү. Ошондо агайларыңа, медиктерге айлык, жакыр үй-бүлөгө көмөк пул өзүңөрдөн эле арак ичкендердин чөнтөгүнөн чыгат.
Оозуна ичимдик албагандардан дагы бир жолу кечирим сурайм.
Татпастан ысык тамак да,
Таң атпай ичет Таласта.
Салт болуп калган ичкен соң,
Саясий түшмөй талашка.
Саякбай калат чаңда эле,
Таластыктарча талашса.
Теңселип чыгат эргулдар,
Тең сезип өзүн Манаска.
Анан:
Тирүүлөй тилден калышат,
…тирилик кылмак каякта?
Илгертен Көлдө көп ичкен,
Итине чейин көнүшкөн.
Сүйрөлүп өлүм-житимде,
Сүрсүтүп анан көмүшкөн.
Адаттай болуп баратат,
Арактан өлүп эми ичкен.
Тың чыкма көлдүк мырзалар,
Тыйып ал эгер териксең.
Сары-Өзөн Чүйдө арак да,
Сары-Өзөн суудай агат да.
«Аюусун» ичкен жигиттер,
Аюдай болот заматта.
«Самашты» согот көбү эле,
Нактасына акча каякта?
Орусча сөккөн мас болсо,
Ойрондор кең Чүй тарапта.
Ичпегендериң таарынба,
Ичкен көп намыс, арың да.
Коноктой болуп чакырган,
«Комоктун» жаткан жанында.
Кокосун черткен комуздай,
Кокуйлар толо Нарында.
Атантай, Тайлак жердеген,
Ат-Башы, Нарын жергеден.
Жолборстор чыкчу жоо баскан,
Жортолор чыкчу желбеген.
«Алкаштар» чыкты каяктан,
Адам деп айткың келбеген?
Ширин келген сөздөрү,
Шириндей каткан өздөрү.
Шишкебек сунсаң баш чайкап,
Шишеден өткөн көздөрү.
Таттуу келген сөздөрү,
Тартардай арык өздөрү.
Бөлкө нан сунсаң албаган,
Бөтөлкөдө көздөрү.
Жаланат арак дегенде,
Жалабад жактын «жандары»,
Жалабад жактын «бектери».
Ичпеген аймак Ош десем,
Ичкичтер катта Ошто экен.
Бөдөнөсүн сайратып,
«Бөдөнө» сүтүн чайлашып.
Радиосун Сайратып,
«Раис чайдан» чайлашып.
Эки-экиден жупташып,
Эшегине учкашып.
Жүзүмзарга барышып,
Жүз граммдан алышып.
Пактазарга барышып,
«Пахмель» жасап алышып.
«Пиан базарга» барышат,
«Пьянный» болуп калышат.
Бишкекте мына накта ичишет,
Бири ток, бири ачка ичишет.
Бийликтегилер бир бөлөк,
Оппозициясы башка ичет.
Ак сөөк каада күтүшүп,
Аккүп болуп шишишип.
Ак үй деген ордонун,
Аппараты бүт ичип.
Күлүп кирип ак үйгө,
Чыгат имиш сүзүшүп.
Парламенттин байлары,
Байкасаң дайым жайдары.
Кызуудай эле көрүнөт,
Кыйкырып тура калганы.
Баарынын башы чогулуп,
Баш мыйзам жаза албады.
Өзүң бер бааны, окурман,
Сөзүмдүн барбы жалганы?
Орустун ичип арагын,
Оозуңан түшкөн саламың.
Чет элден арак көп келди,
Чектеп ич эми, карагым!
Реформаңды “искейлер”
(Пародия)
“Алаңгазар мискейлер, Атаңдын оозун искейлер”.
Шайлообек Дуйшеев
Өкүмөттү улам алмашчу,
Өнөкөт оору жармашты.
Ишим деп билет ошолор,
“Реформа” – деп сайрашты.
Кетчүлөр кетет шыпырып,
Келгендер жешет жутунуп.
Күткөнү элдин жасалбай,
Бүткөн иш калат бузулуп.
Айтылат кыял, ой гана,
Аш менен өтөт той гана.
Көрбөдүк жаңы формасын,
Түшкөн жок бир иш нормага.
Жегендер жеди, тойбойбу,
Жер, элди бирөө ойлойбу?
Реформаңды “искейлер”,
Иш кылсаңар болбойбу?!
Быйылкы жаз революция жыттанат
(Пародия)
Мурда жаздар өрүк гүлү жыттанчу,
Азыр жаздар революция жыттанат.
Жедигер Саалаев
“Мурда жаздар өрүк гүлү жыттанчу,
Азыр жаздар революция жыттанат” –
деп коркутуп, элди алдоонун ордуна,
Заман күндү баалаш керек түз карап.
Кыргыз элин адаштырган жолунан,
Кыйдылардын бири сенсиң, кысталак.
Өрүктөрүн кышта жаккан балталап,
Өлбөй жазга жеткендер бар жан сабап.
Ырылдайсың көчүк такап ак үйгө,
Ыр жазасың чемирчегиң кайкалап.
Кыйнай берсе элин, журтун бул бийлик,
Кыргыз деген дале салат талкалап.
Санаа тартпайт сага окшогон көп пенде,
Сабак алып карап койбойт өткөнгө.
Кырга барып такалганда тагдыры,
Кырылды элек өрүк гүлүн төккөндө.
Элдин, журттун арыз муңун угушсун,
Эскертип кой сени “баккан” шефтерге.
Кыргызым тапкын жолуңду
Киргизбей жатты ичине,
Кийлигиштирбей ишине.
Өнүгүп өстү түркмөндөр,
Өлкөсү биздей кичине.
Согушуп бийлик талашкан,
Соолугуп кайра жарашкан.
Жөөлөгөн бизди тажиктер,
Жолуна түштү адашкан.
Орустун алган көмөгүн,
Орус – деп билген өнөгүн.
Казактар бизге тыңсынат,
Катуурак айтат өлөңүн.
Батыштын албай акылын,
Орустун чектеп басымын.
Салт жолун бекем кармаган,
Сарттар да өстү акырын.
Батышты туурап башкарып,
Орусту карап жазганып.
Кыргыздар күнгө туш келди,
Кытайга калчу тапталып.
Токтотуп бардык оюнду,
Топтогун акыл, оюңду.
Кыргызча куруп КУРУЛТАЙ,
Кыргызым тапкын жолуңду!
Абдынын кызыл желеги
Абды Сүйөркуловдун 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүнү Кыргыз өкмөтү көтөрдү эле, коомчулук колдоого алды. Буйруса чоң майрамдык салтанаттарга айланганы турат. Бүт өмүрүн Кыргыз мамлекетин чыңдоого жумшаган көсөм, кеменгер адамдын өрнөктүү өмүр жолу кыргыз элинин улам өсүп жетиле берүүчү муундарына сабак болсун деген тилек буйруса ишке ашат. Эл дароо эле колдоого алды. Уюштуруу топ кеңири планда иш баштап, даярдык күндөн күнгө күч алууда. Кетмен-Төбөлүктөр мынчалык биригип, шымаланып киришкен иш илгери Токтогул атабыздын 100 жылдык тоюнда бир болгон дешет аксакалдар. Абды атанын мааракеси да бүткүл элдик майрам, шаңга бөлөнөт деп турам.
Арналган иш Абды атанын арбагына,
Айлансын биримдиктин байрагына!
Ырыска шерик болуп чогулалы,
Ынтымактан кыргызым калбагыла.
Ала-Тоолук элдин бүт башын кошкон.
Айлансын шаңдуу, даңктуу майрамына.
Санат болсун карылар айта жүрчү,
Сабак болсун унутулгус балдарыңа.
Деген тилекти жөнөкөй сөз менен айтыш кыйын. Жетине албай сүйүнүп турам. Ал эми 2002-жылдарда Абды атанын 90 жылдыгына камынып, этегинде эптеп өттү деген аты болгон. Ошол убакта бийлик негедир «билмексенге» салып коюшкан. Кетмен-Төбөнүн эли бийликке нааразы эле болуп жүрүштү. Анткени Абды Сүйөркуловдон кийинки чыккан жетекчилерге эстеликтер орнотулуп, айкелдер ачылып жатты да. Ал адамдардын эмгегин сыйлаганга ким каршы болсун, болгону Абды атаны «атайын» унутуп жаткандай көрүндү. Исхак Разаков экөө куштун эки канатындай болуп, республиканы кандай бийиктикке көтөрүштү эле. Башкасын айтпаганда да азыркы мектептердин дээрлик тең жарымы ошолордун тушунда курулуптур. Жыйырма жылдай бирге иштешкен эки сталиндик кадрдын ортосунда кандай мамиле болгонун бир кудай билбесе билгендерден көзү тирүү адам калды бекен? Ушунчалык узак убакыт бою пикир келишпес эки адам жогорку бийликте иштей алмак эмес. Бийлик ордосунда кандай заман болбосун «түлкүлөр» болбой койбойт эмеспи. Балким ошолордун айынан экөө тең удаа, удаа кызматтан кетишкендир. Көзү өткөндөн кийин экөөнүн мамилесин териштирген адамгерчиликке деле жатпаган иш. Москванын күнү түнү, көз алдында турган адамдар эч кандай кыянат иштерге барышкан эмес. Алар компартиянын солдаты болгону менен Кыргыз элинин жол башчы, кол башчылары болушкан. Абды Сүйөркуловду бирөөгө теңеп, бирөөгө салыштырып болбойт. Ал бир кайталангыс кеменгер, көсөм, кыргыздын бактысына жаралган инсан болгон.
Ошол 2000-жылдары жогорку жактан айбыгыштыбы Кетмен-Төбөнүн мыкты балдары быйылкыдай жапа тырмак киришкен эмес. Мен ошондо Абды Сүйөркуловдун жээни катарында ызаланып журдүм (Сүйөркул менен апам Атыбү бир тууган). Өзү төрөлүп өскөн тамдын орду эле калган, анын үстүнө айылдан алыс жерде. Үй музейине да жер бериш маселесин айыл өкмөтү чоюп турду. Ошол айылда жүрүп таякеме арнап «Абдынын кызыл желеги» деген чубалжыган ыр жазгам. Ал айылда Турусбек деген классташымдын үйүнөн табылды. Ошону ошол бойдон оңдоп, түзөбөстөн гезитке сунуштадым. Мен саргайып калган кадимки окуучулар пайдаланчу дептерди көрсөттүм. Гезиттегилер «бийликке эмне тийишесиң?» деп эле ачык суроо койду. Басканга көңүлдөрү жоктой экени көрүнүп турду. Согуш талаасы баатырлардыкы болсо, ооруктун иши акылмандыкы тура. Карбаластабаган кандай сабырдуулук керек эле? Техника алсыз. Географиялык жактан Кыргызстан экиге бөлүнүп турган. Эмне талап кылынса өл, тирил, тап, жөнөт. Ал мезгилди элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Бирок ошого чыдаган адамды көрдүк го. Жөнөкөй эле кыргыздын бири болчу. Ала-Тоо мекени карегине, ак калпак эли жүрөгүнө сыйып турганын билбей кийин бир чал катары көрүп калдык. Адам пендеси экен акка моюн сунду. Ал кишиге алтындан күмбөз тургузганыбыздын кереги жок, ай-күнгө, пайгамбар-забааларга теңеп мактообузга муктаж эмес. Анын адам катары басып өткөн өрнөктүү өмүр жолун даңазалоо бизге, тирүүлөргө керек. Кыргыздын ар бир баласы Абды атасындай жөнөкөй, Абды атасындай мээнеткеч, билимге, илимге умтулсун дейли. Бийликтин жогорку сересиндегилер Абды Сүйөркуловго окшоп кара кылды как жарган калыс, адилет, топуктуу болсун. Элдин-журттун бүгүнкүсүн, эртеңкисин ойлосун. Улутту улут катарында сактап, өнүгүү жолуна салсын деген тилек Кыргызстандын эли үчүн Абды Сүйөркулов ынтымак, биримдик, достук жана өз ара түшүнө билүүнүн үлгүсү болсун дегим келет.
Айрыкча Абды Сүйөркуловду төрөлгөн, торолгон кичи мекени Кетмен-Төбө өрөөнүнүн жаш-карысы коштогон демилге жалпы кыргыз элине жагат деген ойдомун. Борбор шаардагы Абды атанын көп жылдары жашап, өмүрүн өткөргөн үйүн музей кылып, Бишкектин эли, Бишкектин коноктору келип тура турган, эшигин кең ачкан жайга айлантсак деп турушат. Анан дагы ал киши өмүрүн тобокелге салып Төө-Ашуу тоннелин тештирүүгө жана жолдун нугу бүгүнкү маршрутта салынып калышына жоопкерчиликти мойнуна алган, аткарган. Азыр биз анын үзүрүн көрүп жатабыз. Абды Сүйөркуловдун атын түбөлүккө калтыруу максатында Бишкек-Ош жолуна анын ысымын берүүнү жалпы журтту колдоого чакырат. Тиешелүү кагаздар даярдалып бүтүп калды. Мен дагы бул демилгеге кубанам, колдойм. Сөз башында айтылып кеткен ырларымды сунуштайм. Ырас, Абды Сүйөркулов менин таякем. Анын аброюна шек келип жатса, тууганча күйсөм эмне экен? Убагында ал киши тууганчыл болсо, мен азыркы күндө так талаш майданында жүрмөкмүн. Бала кезимде үйүнө апамды ээрчип көп баргам. Эс тарткандан кийин чанда эле кайрылып калбасам эшигин аттачу эмесмин. Таяке деген аты эле сыймык болчу. Окубай-чокубай эле айылда эптеп күн көргөн пенденин бири болуп келатам. Жаш кезде жардам берген жок, колдогон жок деп таякеме таарынып эле жүрчүмүн. Анда бала экемин да.
Кийин дүйнөнү өз акылым менен таанып, өз көзүм менен көрө баштаган сайын Абды таякем улам бийиктеп отуруп, карааны калдайган тоого айланды. Сталиндин тушунда, «кан күйгөн согуш маалында» бир эле чала аткарылып калган план же тапшырма үчүн ийинден баш учуп турган учурда… оруктагы кемпир-чал, жетим жесирлер менен фронт үчүн керектүүнүн баарын даярдап, жөнөтүүнү уюштуруп турган адамдын жээни болуш сыймык эмей эмне!
***
Ала-Тоо башы ак булут,
Ала-Тоо башы ак мөңгү.
Мөлтүрөп кетсе суу болуп,
Мөңгүсүн бирөө эстейби?
Ак калпак кыргыз унутпайт,
Асыл иш жасап кеткенди.
Улуу-Тоо башы ак булут,
Улуу-Тоо башы ак мөңгү.
Бууланып сиңсе асманга,
Булутту бирөө эстейби?
Урпактар кылат улама,
Улуу жол басып өткөндү.
Өмүргө адам бир келет,
Өнөрү менен иргелет.
Чеберден өлбөс иш калат,
Чечендер сөзгө түр берет.
Көч баштап көк туу көтөргөн,
Көсөмдүн иши бир бөлөк.
Ачылат жаңы барагы,
Ар күндүн башка талабы.
Аккан суу болуп бир өтөт,
Адамы менен заманы.
Тагдырын журттун калчаган,
Тарыхта калат саналуу.
Тарыхтын бүтпөс талашы,
Талдасын адам баласы…
Кырылган сайын көбөйгөн,
Кыргызыңды эле карачы.
Улутту сактап келаткан,
Руху менен Манасы!
Ичинде кыргын талаштын,
Мизинде каруу жарактын.
Кокосун сууруп карматкан,
Кол салып келген тараптын.
Уучунда журттун ар убак,
Урпагы келет Манастын!
Эки миң жылдын санагы,
Эскирген тарых барагы.
Теңирим өзү билбесе,
Тереңин адам табабы?
Билерман болбой калп эле,
Билгенден сөздү салалы.
Алты ата аттап өтө элек,
Айылынан жыты кете элек.
Жети ата аттап өтө элек,
Жеринен куту кете элек.
Эл билгендерди унутсак,
Жер бизди кантип көтөрөт?!
Мансап деп бүгүн өлгөндөр,
Майдалап элди бөлгөндөр.
Массондук кирип уюмга,
Манасты жаман көргөндөр.
Тарыхын танып Союздун,
Жаңыдан өзүн көргөндөр.
Түштүк деп бөлө түрткөндөр,
Түндүккө көөнү сүрткөндөр.
Кордотор сөздү үйрөтүп,
Колтукка сууну бүрккөндөр.
Самашып Батыш, АКШыны,
Салтынан элдин үрккөндөр.
Ынтымак бузуп жаткандар,
Ырыска балта чапкандар.
Ыркырашаар өз ара,
Ыңгайлуу жолду тапкандар.
Разаковду көтөрүп,
Сүйөркуловду ылдый баскандар.
Бирөөнө койсо эстелик,
Бирөөнүн аты тепселип.
Элди эптеп сөзгө жайгарып,
Эртеси кетет өзгөрүп.
Чыркырап токтогулдуктар,
Чындыкка бирок жетпедик.
Сөз айтаар бардыр укугум,
Сөздүн мен баштайм кызыгын.
Таякем ошол Сүйөркулов,
Тартынбай турган учурум.
Бектериң кулак төшөгүн,
Бетиңде болсо кызылың.
Туурасын сөздүн сүйлөймүн,
Тууганча неге күйбөймүн.
Жакабыз бөлөк, жан бөлөк,
Жардамы тийбей күн көрдүм.
Сырттандын жээни болом деп,
Сыймыктай сезип жүргөнмүн.
Ызамды кайда батырам,
Ыйымды неге жашырам?
Сүйрөшөөр балким КГБ,
Сүйлөбөйм элдин атынан.
Кеп үчүн кетсем атылып,
Кечтим мен ушул башыман.
Көтөрдү дедим Исхакты,
Көтөрбөй турган Исхакпы?
Көк Туусу ошол кыргыздын,
Көтөрүп жалпы биз басчу.
Акаев мырза мылжыйып,
Абдыны неге ныктатты?
Алынча жасап ырымын,
Айылы эстейт өскөн кулунун.
Кыйдылар алакчылашты,
Кыргыздын мыкты бир уулун.
Эстелик коёр күн келер…
Эскерме кошок бул ырым.
Кыргыздын кармап желегин,
Кылымдын көргөн тереңин.
Заманда жашап бир бөлөк,
Замандын көргөн келерин.
Ак калпак кыргыз унутпайт,
Абдысын «Кетмен-Төбөнүн».
Мүдөөсүн элдин так билген,
Мүнөзүн бузбай так жүргөн.
Өкмөттү он жыл башкарып,
Өкүмдар болуп так минген.
Танабын тартып доордун,
Тарыхка атын нак чийген.
Ойнобой күлгүн жаштыгын,
Ойлогон элдин тагдырын.
Бакыт бир келсе кыргызга,
Бактысы болгон Абдынын.
Арманы болсо журтунун,
Арманы ошол жакшынын.
Тиктесе теше тиктеген,
Тиштесе жара тиштеген.
Ызырынган өкүмдар,
Сталин менен иштеген.
Сыймыгы болгон кыргыздын,
Сыймыктанабыз Сиз менен!
Актангандарды аттырган,
Жалтанса камап, жаптырган.
Өтөлүнө иштин чыкпаса,
Өзүнө көрүн каздырган.
Мойсогон далай мыктыны,
Молотов баалап, жактырган.
Абдыны аңдып түз жүргөн,
Ар дайым «козгоор иш» жүргөн.
Тилинен тапса илинчээк,
Тирүүлөй кепин тиктирген.
Берия кылтак сала албай,
Белен ок далай үшкүргөн.
Ишинен чала калбаган,
Издеген данды майдадан.
Өндүрүш менен чарбанын,
Өнүгөөр жолун тандаган.
Комузду черткен колунан,
Косыгин кыса кармаган.
Доордун тилин билген да,
Дооруна сүңгүп кирген да.
Келаткан күндү боолгоп,
Келечек жолун чийген да,
Жалтанган эмес турбайбы,
Жан алгыч турган үйдөн да.
Айыкпай согуш жарасы,
Адам аз ишке жарачу…
Кансырап жетип жеңишке,
Кайрылган өлкө канаты.
Тоо тешип жолду салам деп,
Тоолуктун айткан Манасы.
Томуктай башын ойлонбой,
Тобокел ишин карачы?
Түшүнгөн жанга кеп дайын,
Түркөй да билет чет жагын.
Кыргыз эл курган жол эле,
Кыйноого салып өз жанын.
Түлкүлөр акча жеп жатат,
Түрктөрдүн сыйпап «бет майын».
Бири эмес эле жетинин,
Бири анык болчу экинин.
Аткарбай турган ким эле,
Абдынын чийген чечимин.
Мыктылар далай төш каккан,
Мышыкча кыскан көчүгүн.
Санжыра сан сөз чубаган,
Салт санаа кебин улаган.
Сырдашып келген кишиге,
Сыр-Дайра болчу бул адам.
Айтматтын уулу Чынгыз да,
Атадай кеңеш сураган.
Тагдырын чечкен жер элдин,
Тамырын тарткан тереңдин.
Керемет мындай адамды,
Кеменгер дебей не деймин?
Кыргызга дагы бир Абды,
Кыйын го чиркин келер күн.
Ойготуп ойдон тумандай,
Оргуштап сезим кыяндай.
Абдынын ысмы ыйык бир,
Ак калпак элге тумардай.
Эстелик зарыл эместей,
Эчен жыл турчу куланбай.
Жасаса Абды эл ишин,
Эл татып жатат жемишин.
Өмүрүн кыштай коюптур,
Өлкөнүн түптөөр негизин.
Сөз кошуп койгон чоң сыймык,
Сөөдүрбай акын мен үчүн.
Алтындан курбай эстелик,
Айткан оң эли эскерип.
Көсөмдүн ишин жаштарга,
Көрсөтсө калар сестенип.
Эстүүлөр алса өрнөгүн,
Эркелер калат чектелип.
Көзү өтсө көмөт денесин,
Көңүлгө сактайт элесин.
Улуттун уулун сыйлашып,
Урматка ысмын бөлөсүн.
Көсөм деп кыргыз айтпаган,
Көрүнгөндүн эле төбөсүн.
Дүйнөдө түркүн иш жүрөөр,
Дүмөктү салаар күчтүүлөр.
Алаамат кылып жатпайбы,
Адамдын канын иччүлөр.
Көйгөйдөн журттун сактаса,
Көсөм деп билет биздин эл.
Акылга сыйбас мезгилдин,
Аңтарып сырын чечсин ким?
Көөнөртүп далай кылымды,
Көчмөн эл болуп көп жүрдүң.
Көчүңдү баштап бу күнгө,
Көсөмдөр келди деп билгин.
Туугандын басып талашын,
Душмандын кайрып канатын.
Чептен бек тоону байырлап,
Чегиңдин бөлүп арасын.
Селине кетпес мезгилдин,
Эл кылган тура Манасың.
Жолунан элдин адашкан,
Жоосуна малын талаткан.
Бөрүгө өзү жем болгон,
Бөлүнүп болсо бараткан.
Биригип коргоор өлкөнү,
Биримдик калган Манастан!
Манастан кийин Манастан…
Майдалар мансап талашкан.
Башкармак түгүл өз калкын,
Башка элдин көзүн караткан.
Саналып кыргыз калганда,
Сактады окшойт жараткан.
Чындыкты чымга басабыз,
Чынгызханды өз деп жатабыз.
Союздун сонун иштерин,
Соо айтпай элден катабыз.
Чачылып кетмек кыргыздар,
Болбосо Ленин атабыз.
Тарыхта кара так бар деп,
«Тараза» болгон баштар көп.
Сталин зөөкүр дегендей,
Ылайды, көөнү жапкан көп.
Айткандан уялбаган бар,
«Атамды лично аткан» деп.
Убакыт иргейт тактыгын,
Унутулбайт иши жакшынын.
Тоону эч ким сүрүп коё албайт,
Токтоткон фашист баскынын.
Иштерин болот даңктасак,
Сталин, Исхак, Абдынын.
Ат соко менен баштаган…
Айга кол жеткен чакта анан…
Ырыскы тепкен шумдарга,
Сталин Ленин жакпаган.
Талкалап СССРди да,
Талоонго салып таштаган.
Ээлентсе далай улутту,
Эгемен болуп чыгышты.
Тантырап жатат бузушуп,
Тарыхты, мурас, ыйыкты.
Бийликте жүргөн эргулдар,
Биле элек түпкү былыкты.
Басынтпай башка элдерден,
Москва тепе-тең көргөн.
Грузин менен хохолдон,
Кыргызым эле эмнең кем?
«Солнечная Киргизияга»,
Союз күч, Союз дем берген.
Өлгөндө тапкан катасын,
Өзүнүн сөккөн атасын.
Башкага барып «телинген»,
Баладай болуп жатасың.
Күчтүү элек Союз барында,
Күмөн го бөлөк жашашың.
Союздун жакшы жактарын,
Сокурлар элден катканын.
Эчен бир мыкты эскерди,
Мен деле далай жазгамын.
Көп өлкө менен «ДОС» болдук,
Көрөбүз бирөө бакканын.
Улут көп эле бириккен,
Уусун да, суусун бир ичкен.
Ууздай жакшы тилекти,
Уят иш болду ириткен.
Жыгылды Союз душманга,
Жылаандай сойлоп киришкен.
Кол берсе берип оруска,
Кошулуп жашап Союзга.
Жаманын таштап жакшысын,
Жасашкан ата конушка.
Эр азаматтардын аттарын,
Эмкилер сыйлап коюшса.
Эл журтуң эсен, бактылуу,
Эстүүгө тарых-тагдыры.
Эс акыл керек мындайда,
Эсептин эмес тактыгы.
Иш кошкон өмүр тагдырын,
Сталин, Исхак, Абдыны.
Ким экен анда шайлаган,
Ким экен анда сайраган?!
Кыргыздын элин башкараар,
Кыйындар болгон жайнаган.
Исхакты жана Абдыны,
Сталин өзү тандаган.
Сталин беле адашчу,
Ыстакеңден ким сөз талашчу.
Темирдей чыдап тартипке,
Теңирдей тура санашчу.
Аттырып турса чымчыктай,
Аткарбаганды талапты.
Ыстакеңдин тушунда,
Ылайык ошол учурга.
Азамат эрлер иштептир,
Атылар октун учунда.
Абды атаң менен Исхактын,
Атагы, даңкы ушунда.
Жанында кошо жүрбөсөк,
Жарабас болжоп сүйлөсөк.
Так билсе билет бир кудай,
Тарыхты кандай үйрөтөт?
Көзүбүз көргөн күндөрүн,
Көркөмдөп жазсак тил жетет.
Сүрдөп да далай жүргөмүн,
Сүйлөшкөн болгон күндөрүм.
Жадырып турса маанайы,
Жакшы айтчу көрүп билгенин.
Сталин өзү чакыртып,
Үч жолу айткан киргенин.
Бала элем, башым жаш эле,
Балким, башымдын мээси аз эле.
Болжолдоп деле айталбайм,
Болгонун кандай маселе?
Сталинден башкасын,
Унутуптурмун го бат эле.
Белектей калган артына,
Белгилүү кыргыз калкына.
Бишкек-Ош жолун курганда,
Берия көнгөн шартына.
Байсалдуу жолдун тарыхы,
Балдарга берсин айтыла.
Абды атаң чийген ушул жол,
Ал убак үчүн узун жол.
Компартия жетектеп,
Комсомол чапкан «кызыл» жол.
Кылымдап жаткан бөлүнүп,
Кыргыздын кошкон учун жол.
Каттагандарга алыс жол,
Кадамың сайын тарых жол.
Кайсаган далай өмүрдү,
Кагазга баткан карыш жол.
Таалайлаш кылып жаштарын,
Маанайын ачкан жарык жол.
Жетимдин бели каткан жол,
Жесирлер түгөй тапкан жол.
Балдакчан келип согуштан,
Баатырлар кетмен чапкан жол.
Түндүк Түштүк кошулуп…
Түбөлүк айтаар дастан жол.
Алакан жооруп казкан жол,
Ашуудан ашуу ашкан жол.
Биринде жогун бири алып,
Бир бирин кыргыз баккан жол.
Ала-Белде ойлонуп,
Абды атабыз баскан жол!
Достарыңызбен бөлісу: |