Трасса
(Обондуу ыр)
“Жол азабы, көр азабы” - дебеңиз,
Жолго минээр жорго токуп беребиз.
Телефондон кабар айтып койсо эле,
Калган камды биз өзүбүз көрөбүз.
Кайырма:
Кереги жок ашык сөздү сурап да,
Керек болсо Сизге зарыл убакта.
Биздин номур 18 да, 17,
Кызматында элдин күн-түн “Трасса”.
Ар бир үйдөн, ар бир шаардан, айылдан,
Телефондун үнү жетсе чалынган.
Тез жардамдан эрте жетип адамга,
Тейлөө жагы биздин колго алынган.
Кайрыма.
Чачын сылап көлдүн эркин шамалы,
Чаңкатканда сүйгөнүңдүн жамалы.
Оштук жигит отур биздин таксиге,
Ысык-Көлгө ырдап кирип баралы.
Кайрыма:
Эске түшсө Баткендеги Айгүлүң,
Эңсеп турса, самап турса жан дилиң.
Жоргосунан “Трассанын” мин досум,
Жоодурашып жолугасың дал бүгүн.
Кайрыма.
Бурулкан Карагулова:
Жамачылуу кийим деле кийип биз,
Жерди ууштап чимирилткен ийикпиз.
Ишенгиле, башыңарды көтөрүп,
О акындар, падышадан бийикпиз… (үзүндү)
Республикалык “Кыздар ай” адабий клубунун жетекчиси Бурулкан Карагулованын ырын интернеттен окуп, толкунданып кетип, ушул ырды жаздым, жана чын жүрөгүмдөн колдойм.
КЫЗДАР АЙ
Жоолуктары желектей башындагы,
Жоодур көздүү кыздардын асылдары.
«КЫЗДАР АЙ» деп үркөрдөй топ болушкан,
Кыргызга жол баштаган акындары.
Колун салып басып албай душманың,
Кор кылды го бүгүн бийлик кыздарын.
«Бейиш» курган бектин-хандын – чогулуп,
Бет пардасын КЫЗДАР ырас, тытканың.
Таттыбүдөй кыздар батпай мекенге,
Талпак болуп жаткан кезде чет элде.
Угузгула үнүңөрдү акындар,
Улутка, элге түс үйрүгөн «көсөмгө».
Аялзаттан уялышаар, сестенээр,
Ак үйдөгү акылдары бөксөлөр.
Ак калпак эл алаар балким – жаңы дем,
Ак жаан болуп ырды кыздар төксөңөр?!
Топ башчыңар Бурулкандын ырындай,
Тоолук элдин ар бир кызы чыңырбай.
Ээлегендер бийлик, байлык дегенди,
Элди-журтту көрө берет буюмдай.
Токтогул жылы – Нур жылы
Улам жетип ылдамдыкка тездеген,
Убакытка утуларын сезбеген.
Адам… аалам… анан турмуш кайнаган,
Айтыш кыйын бир ооз, эки ооз сөз менен.
Акыбыз жок башка элдерден калышка,
Аралашып биз барабыз жарышта.
Кылым курап кыбыраган күн менен,
Кыргыз көчү кете берет алыска.
Жашоодо ушул үмүт, тилек карыбайт,
Жаш, карысы жаңы жылга камынат.
Тоолук элди толкундатып ушул жыл,
«Токтогулдун жылы» болуп жаңырат.
Кыргыз эмес, бүт Чыгыштын сыймыгы,
Ыр, күүсүндө өз доорунун чындыгы.
Улуу Током кайра үн салат дүйнөгө,
Кутту болсун ыр төгүлгөн Нур жылы.
Акын ата көрүп келген Сибирди,
Атак, даңкы араласын Римди.
Тили тектеш, дили бирге эл үчүн,
Улуу талант түбөлүккө тирилди!
Үнү жетсе Уфа, Казань, Бакуга,
Күүсүн угат Ташкен, Нукус, Анкара.
Тоолук элдин ырын кылат чачыла,
Топурагы торко болуп калса да.
Орундалып тилек жаңы жылдагы,
Орносо экен бейпил жашоо жыргалы.
Тоолуктардын Рух күчүн көтөрүп,
Токтогулдун шаңшып турсун ырлары!
Токтогул ата жана токтогулдуктар
“Токтогул жылы” деп атап алып толук кыргыз эли эмес, тили дили тектеш элдер быйыл дүйнөлүк деңгээлде маданият майрамын өткөрүүдө. Залкар атабыздын ырлары ырдалып, күүлөрү жаңырып улуттук муундан муунга улана берүүчү каада-салтын, нарк-насилин, рух-мурасын даңазалап жатат. Токтогул атабыз аркылуу кыргыз элинин, кыргыз жеринин даңазасы жайылып, ак калпакчан элдин улуулугу, Ала-Тоонун сулулуугу көкөлөп “цивилдүү” дүйнөдөгү көз айнекчен элдерге даана, ачык көрүнөт десек жаңылышпайбыз. Жүздөгөн адам ар кандай музыкалык аспап менен чыгарган симфонияны үч кыл комузу аркылуу жараткан эл, философия деп томдогон китеп жазбай макал-лакап менен ток этер жерине чекит коюп, чече билген эл улуу болбой турабы. Улуу десек улуу, кеменгер десек кеменгер, даанышман десек даанышман. Эркиндик кан-жаны менен кошо жаралган эл экенбиз башкалардай болуп шаар, кыштактарга отурукташпай, илим-билим дегенге кеч аралышып калыптырбыз. Токтогул атабыз “мектепке атам берген жок, мааниге тилим келген жок” деп арман кылган турбайбы. Бүгүн “дүйнөнүн акылмандары” атайылап каткан тарых аңтарылып жаткан кез. Евро-Азия континентине каганат курган кыргыз атчандарынын изи, тоголок жердин экинчи бетинен чыга турган болуп жатканы талаш жаратпас чындык дегендер толтура. Алдыда ата-бабалардын даңктуу, даңазалуу тарых баянын бүткүл дүйнө билет деген тилек үмүт бар. Токтогул атабыз ыры, күүлөрү менен өз доорундагы элдин акыйкат, чындык үчүн күрөшүндөгү жеке иш аракети менен тарыхта, элдин жүрөгүндө калган уулу инсан. Атабыз жөнүндө китептер жазылып, тасмалар тартылып, драмалар коюлуп жатат. Андай адамдар улам жаңы келген муунга багыт берген Чолпон жылдыздай кыргыз асманында жанып турат. Өз келечегине кам көргөн улут өзүнөн чыккан көсөмдөрдөн, чечендерден таалим, тарбия алганы абзел. Дүйнөнү буюктуруп, куюктуруп келе жаткан ааламдашуу айлампасында кыргыз эл катары дилин бузбай, тилин бузбай, салт санаасын, нарк-насилин жоготпой, көз карандысыз эгемен өлкөнүн ээси катары сакталып калышы Токомдой заркарлардын осуят, мурастарын үйрөнүүдөн башталат. Токомдун ырлары түбөлүккө ырдалып, күүлөрү чертилип кыргыз көчүн түбөлүк коштоп бара берет.
Токтогул атабыз бүт кыргыз элине таандык. Ошентсе да өзү төрөлгөн, торолгон, өмүрүн өткөзүп торкодой топурагын жазданып жаткан Кетмен-Төбө өрөөнүнүн эли атабыз менен айрыкча сыймыктанабыз. Биз токтогулдукпуз, токтогулдуктарбыз деп.
Кечээ бирөө Жеңижок менен Токомду салыштырып: бирөөнү өйдө бирөөнү төмөн койгусу келет. Бул келесоо адабиятчы-тарыхчы ар кимдин өз орду бар экенин, экөөнү тең кыргыз элине кудай бергенин, экөө тең кыргыздын ыйыктары экенин аларга сөз тийгизиш болбосун түшүнбөйт экен. Мага айтканды башкага да айтат. Жаштар угуп калышы да мүмкүн. Эл бузар, журт бузар ушундай кытыгыламалардан башталат.
Мен муну бир кишинин эле сөзү катары уксам да, артында далай даражалуу, авторитеттер бар экенин сездим. Анан дагы Токомдун мааракесин өткөрүүчүлөрдүн башында тургандардын бири оозу-мурду кыйшайбай туруп эле: “бул жерде саясат аралашпасын” - деп айтпайбы. Ырас Токомдун ырлары, күүлөрү бүт дүйнөгө жайыла турган классика. Ал эми Токомдун элинде, жеринде атагы айрыкча саясаттан чыгып жатса кантели. Бүгүнкү чектен ашкан анархия, басмачы бийлик Током көргөн падыша заманынан ашып түшүп жатса унчукпай коёлубу? Арзымат менен мейли айтыштырбай деле коёлу.
“Беш каманды” Пушкин ырдап чыккан эмес да. Сибирге да Текебаевдин чоң атасы айдалбаса керек.
Токтогул атабыз бекеринен эркиндик, теңдик, акыйкат үчүн болгон күрөштүн символу болуп калган жок. Өзүнө тең, далай замандаш залкар ойчулдар, акындар “Замана” – деп кейип-кепчип каймана тергеп айтып турган чакта Током ажалына да азабына да кайып болуп падышанын сатылма чиновниктерине таянган “Беш каман” менен бетме-бет чыкканында. Билсе да билмексенге салган “тартиптүүлүктү” бузганында. Бүгүнкү адабият, тарых изилдемиш болгондор “Арзымат” деген акын болгон, болбогон, ал Токтогул менен айтышкан айтышпаган деген майда деталдарды чоң сөз кылып гезит эмес китепке толтура жазып жатышат. Анан калса Токтогул деле бай-манаптарды ашата тойдо мактаган ырчы катары көрсөткүлөрү келишет. Мактаса мактагандыр. Акындар үчүн ырдай турган “публика” аш менен тойдо чогулат. Акындын күчү тилинде болсо ар кимди жумшап байыгандарды көтөрө чалып чөнтөктөрүнөн анча-мынча тыйынын алып койгон “сооп” деле го.
Токтогул Сибирге азыркылар Американын демократиясын үйрөнгөнү АКШга чаап баргандай барып келген эмес. Аны сүргүнгө жиберишкен. Ал жерден орус демократиясын үйрөткөндөр табылса керек. Токомдун эрдиги мына ушунда.
Током Сибирден өзүнө окшогон акыйкат, чындык, эркиндик, теңдик издегендер менен чогуу сүргүндө болгон. Он жыл деген оңой убакыт бекен. Октябрь Революциясын акын маани, маңызын түшүнүп туруп чын жүрөгүнөн тосуп алган.
“Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду”, “Жашасын кеңеш өкүмөт” деген ырды окуп, талдап көргүлө. Мындай ырларды ошол убакта замандын эртеңкисин түшүнө билген киши айта алмак. Бүгүнкү улам сейректелип бара жаткан СССРдин гражданиндери өткөн күндөрүн эстесе көздөрүнө жаш алат.
Карапайым момун эл үчүн чындыгында теңдик, эркиндик заман келген. Ошону кулатып ордуна эч нерсе кура албай, тамтаңдап “таможенный союзга” кошулабыз, кошулбайбыз деп калган кербезибиз.
Кыргызстан өзүнчө көз карандысыз мамлекет катары өнүгүп өсүп кетер жолун көргөн көз, акылга салган баш барбы?! Эки жүзгө болгон партиялар, элүү алтымышка бөлгөн диндер, чет элдик 1800 укукчу, коом, укугубуз тең деген 80 ашык улуттун шовинистери кыргыз элин майдалап бөлүп талкалап салган жокпу? Катын көйнөк, батек сакалчандар көчөгө батпай, шаарда ар кварталда “молитвенный дом” дегендер толуп кетти го.
Айрыкча айылыңды алты, үйүңдү үчкө бөлгөн азыркы бийликтеги партиялар болуп жатканын көрүп турасыңар. Мен муну Токомчосунан “Бешкаман” деп атадым. Ыр да жаздым. Буйруса окуп каласыңар.
Токомду эскерүүгө бул бийлик ыйлап-сыктап жатып ТүркСойго бириккен элдер каржылап, кыргыздын колунда бар азаматтары акча чыгарып Токомдун арбагы көкөлөп турган убагы. Бул мааракеден саясий упай топтоп алсам деген максатта марттыгын карматкан бай манаптар да аз эмес.
Терең талдан көргөн кишиге бул бийликке Токомдун мааракеси эмес, ырлары күүлөрү маданий мурасы ал түгүл Токомду аздектеген элдин да кереги жоктой. Президент баштап канча күн бийликте отурарын санап жашап калышты. Бир жарым жыл мурда келерки шайлоого камынышып, канткенде ак үй, көк үйдөгү орундарында кала бериштин айла-амалдарын издеп жатышканы жашыруун эмес.
Элдин мойнуна карыздын үстүнө карызды эле үйүп жатышпайбы?
Жоомарт Оторбаев Кетмен-Төбө жерине курулган ГЭСтерди атасынан калган менчигиндей барымтага коё баштады. Камбар-Атаны 3млн долларга баалаптыр. Убагында төлөп бере албаса ал Россиянын колуна өтөт. Тоо Кен байлыктарды чет элдик шылуундар менен иштетип пайдасын жең ичинен бөлүшүп жатышат.
Кум-Төрдүн чатагы акыры бир күн такталат, ачыкка чыгат. Адам алтынсыз деле тиргилигин өткөзөт, ак мөңгүдөн чыккан суусу болбосо жашоо токтойт. Дегеле табиятты талкалап туруп пайда табыш ошончолук кыргыз элине зарылбы? Кетмен-Төбөдөн быйыл эле эки кенди чет элдиктерге бериптир дегенди угуп калдык. Бирок, алар жөнүндө так маалымат эч жерде жок. Шашпайбыз. Тактайбыз. Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат.
Токтогул акын атабыз,
Ток этер сөздү жазабыз.
“Камандары” менен замандын,
Кармашып келе жатабыз.
Ажыдаардын да куйругун,
Атайылап барып басабыз - деп мен Акаевдин “доорунан бери жазып келатам. Андан кийинкилери деле жыргатар бир нерсе жасаган жок. Мен деле ажосунан карольусуна чейин сындап жазып келатам. Быйыл Токтогул атамдын жылында арбагы колдоор деп “камандар” менен анык кармашка чыктым. Сөздү сөз келгенде айтпаса сөз атасы өлөт дейт эмеспи. Мурда эле башкалар ыр китеп жазса, мен “Чыр китеп” жазчу элем. Быйылкы жазгандарым анык чатак болот окшойт. Тобокел же атагым чыгат же чатагым чыгат. Көрүп, билип туруп унчукпай коё албайм. Анда мени арбак, кудай кечирбейт. Ачык айтып ак сүйлөш адамдык да акындык парзым. “Экинчи Токтогул болоюн дейсиңби?” деп кытмыр сүйлөп кыткыт күлгөндөр” кетмен-төбөлүк эле аксакалдардан чыгып жатат.
Чындыгында мен мындай сөздү улгайып калган адамдан күткөн эмесмин. Жамандык жакшылыкты башынан өткөрүп, турмуштан ак караны тааныган, чоң саясатка акылы жетпесе да элдин бүгүнкү көрүп жаткан күнүндө аралашып бирге жүргөн адам азыркы бийликти жактап турганына таң калдым. Балдарынан деле кызматка аралашкандары жок экен. Пенсиясы деле жеген ичкенине араң жетээрлик туруп “Беш каман” деп атагыдай парламенттигилер сага эмне калды эле деп демитет. Илгери Токтогулдун мыктылары “Кетмен-Төбө биримдиги” деген коом түзгөндө ушул киши Президиумда отуруп “жалындуу” сөз сүйлөгөндүн бири эле. Калмурат Садиев генерал наамын жаңы алып, ички иштер министринин орун басары болчу. “Биримдик” бир дагы иш кылбай жоголду. Ошондо Кетмен-Төбө элинин көйгөйү бир көтөрүлөт деген үмүт бар болчу. Ооз менен орок орогон көп экен, ишке белсенип эч ким киришкен жок.
2005-жыл. Кетмен-Төбөлүктөр үчүн унуштулгус болгону бүт Кыргызстанга маалым бир райондун эли эки жаат болуп чабышып кете жаздады го. Ошентип жүргөн азаматтар “Биримдикте” көтөрүлгөн көйгөйдү ойломок беле. Бирок эл ичинде ойломок турсун күйүп-жанып аткарыла турган иштин ийне жибине чейин эсептеп койгондор бар экен. Мен буга макаламдын экинчи бөлүгүндө толук жазам. Азыр болсо Улуу Токомдун мааракесине кошкон үнүм катары “Керимбайдын келди кайра заманы” ыр түрмөктөрүн кандайча жазып калганым жөнүндө сөз болсун.
Токтогул, Корголдой залкарларды, Жоомарттай ыр чеберин берген жер, өстүргөн эл бүгүн да таланттууларга бай. Санап кереги жоктур. Райондо жазуучулар союзу бар. Ырчы, обончуларын чогултса өзүнчө эле филармония. Илимдин бардык түрлөрү боюнча иш алып бараткан аалым-окумуштуулар көп. Өлкөнү ички тышкы саясатында иштеген мыктылар бүт кыргызга белгилүү. Базар экономикасынын табиятын үйрөнүп, талуу жерин мыкчыган бизнесмен-ишкерлер Бишкектен эле эмес, жер шарынын “любой” точкасынан табылат. Улуу журттун уучу идиректүү азаматтардан кур эмес. Бул алибетте кутман жердин, кут кармаган элдин касиетинен. Улуттук уютку - көрөңгөсү жер ортосу, жол ортосу болуп турган ыйык Кетмен-Төбөдөн. Бүт кыргыз элин абалтадан бери даамдаш туздаш кылып келген туз уюп жаткан ыйык Шамшыкал-Атадан.
Географиялык абалы да жер ортосу, жол ортосу. Токтогул ГЭСтеринен чыккан ток кыргыздын ар бир үйүн жарык кылып, жылытып турат. Элим менен, жерим менен сыймыктанам. Ар бир Кетмен-Төбөнүн кулуну сыймыктанат.
Замана доор оонап турганда жашоо турмушта өзгөрүүлөр өзүнөн өзү келип чыгат экен. Азыркылар “проблема” деп атат алган көйгөй Кетмен-Төбө элинде да бар. Муну эл деле, мен деле илгертеден көтөрүп келе жатабыз. Мен акын катары Токомдун жүз элүү жылдык мааракесине аралаш дагы бир жолу козгоп жазсам деп тилек кылгам. Өткөн кышта аракет кылайын десем турмуш шарт жол бербеди. Кудайга шүгүр дагы торкендик мыкты жигиттердин бири Жийдебек Түркмөнөв карз-парзымдан куткарып, жашоомду бир аз жолго салууга жардам берип кетти. Анан дагы бир кыргыздын азаматы Акылбек Осмонов кагаз менен иштөөгө шарт түзүп берди. Ойлогон ойлорумду толук жазууга эми чиркин убакыт тар. Жетишпей калам деп кыскача жазууга туура келип жатат. Башында эле Токтогул атабыздын бай-манаптарга каршы ырдап чыкканын жазам деп пландаштыргам. Бирок, ал кандай өнүттө чечилер жолун билген эмесмин.
Өзүм кагазга төкмө акындардай эле жазам. Айтыша албайм. Бир сөздөн такалсам ошо бойдон “өчүп” калам. Кагазга жазып айтышалы деп далайына бардым, бирок, андан майнап чыккан жок. Бир гана Турду ойлонуп көрөйүн деди эле ошо бойдон дайынсыз болуп кеткен. Чындыгында кагазга жазып айтышканда ой кенен, маданиятттуу, көркөмдүү айтылмак.
Ошентип, башкага ойлоно баштаганда “Керимбайдын келди кайра заманын” жазганга Кудай өзү шарт түзүп берди. Ал ушул китептин негизин түздү.
II-бөлүк
Токтогул атабыздын мааракеси эмдиги жылы боло турган парламенттик шайлоонун астында өтүп жатканы менен кызыктуу. Токомдун тушундагы «беш каман» аттарын өзгөрткөнү менен, кийим кечесин заманбап кийгени менен заттары баякы эле «каман». Болгондо да республикалык масштабдагы «камандар». Токомдун мааракесинде булар өздөрүн пиар кылуу максатында далай жакшы да, жаман да иштерди жасайт. Эл журт тандап алганга жетилип калды – эми алдагандарга ишене бербес деген ойдомун. Мааракелер да өтөт, шайлоолор да өтөт, акыры келип тирчилик көйгөйү менен Кетмен-Төбөнүн эли калат. 33 миң гектар суугат жерин топон суу басып, өздөрү тоо таш арасындагы кокту колотторго журт которгон эл, эгемен күн менен кошо келген «базар-экономикасы» - деген балээни түшүнүп-түшүнбөй бир сөз менен айтканда чачылып кетти. Айрыкча жетилген курактагы: бала чакалуу боло турган жаштар чет өлкөдө – Бишкекте, Ош, Жалалабад тарапта. Мекендеген жеринен иштээрге жумуш таппай аргасыз тентишти да. Токтогул ГЭСи, Токтогул көлү деген эле аттары сыймыктуу угулат. Кыргызстандын эли үзүрүн көрүп жатканы менен кетмен-төбөлүктөр азабын тартып калды. Бул көйгөйдү эл журт көл пайда болгондон баштап эле көтөргөн. Кана жыйынтыгы? Упчу салгандай убада берип бийлик көнүп да калды. Быйыл Токтогул атабыздын той мааракесинде дагы бир жолу козгоп алсак ашыкча болбос.
Мындан он төрт жыл илгери Бишкекте кетмен-төбөлүктөр «Биримдик» коомун түзүшкөн. Садыгалиев менен Турдумамбетов депутаттык мандаттарын алышып, Садиев генерал наамына жетип дегендей той болгон. Эмне деген гана сөздөр айтылган жок эле. Акаевге эртең эле кол койдуруп чыгам дегендер болбоду беле… Тойдогу тойгондогу сөздөр экен. Унтулду. Мурдакы эле бөлүнүп келген компенсация көбөйгөн жок. Көбөйтө турган түрү да жок. Кыйналган эл дагы эле кыйнала берет. Ошол эл арасынан чыккан калемгерлер арман кошогун козгоп жаза беребиз.
«Көп издээрбиз балалыктын издерин» деген муун сейректелип баратат. «Токтогул көлү көз жашым» деген китеп жазган Кетмен-Төбөнүн кызы Бурулкан Карагулова улгайган куракка келди. Самсак Станалиев:
«Боз чаңгыл бул көл бир элге,
Бозоргон мүрзө өңдөнөт» - деп кейип жүрүп сары тиштүү чал болду. Биз акындар эмоцияга алдырып ээлигип, оолугуп жазабыз. Кандай жазган күндө да үстүртөн, жалпылап дегендей. Ошол көчүү, конуу убактысында улгайган адамдарын көздөрүнөн жаш эмес кан аккан. Ал убакта каяша айтышка мүмкүн эмес эле Москва кандай чечсе ошондой аткарылчу. Арманды кудайга гана айткан убак. Анын үстүнө ошол убакта Токтогулда райкомдун «биринчиси» Матен Сыдыков деген неме эле. Орой, маданиятсыздыгы аз келгенсип өзүн тим эле Кудай теңир менен тең сезчү. Чындыгында ошондой бийлик колунда бар болчу. Оюна эмне келсе ошону жасай берген «Телибай тентек» эле. Элдин өлгөн тирилгени менен иши жок. Ага жогору жакка рапорт бере турган көрсөткүч гана керек болгон. Жоруктары өзүнчө эле жомок. Кетмен-Төбөнүн эли менен нарындыктар ушу күнгө чейин айтып түгөтө алышпайт. Ошондо деле Токтогулдук мыкты жигиттер Матендей «падышаны» жүйөлүү иштерге көндүрүп коюшчу.
Ошондой бир мисалды айта кетпесем арбак кудай кечирбес. Мен аскерден жаңы келип Торкен сельпосунун башкармасы Токтомамбетов Дербиштин машинансын айдап калдым. Райондо элдик текшерүү комитетинин башында Жамгырканов Мукаш деген от жалындай жигит эле. Экөө аябай ынак. Күнүгө эле бюро, партактив деп эле райондун, чарбанын жетекчилери райкомдун имаратынын тегерегинде жүрүшчү. Чогулуштан кийин Дербиш аке менен Мукаш сөзсүз чайын да, «пайын» да ичишип, ээн эркин ичиндеги буктарын чыгарып сүйлөшчү. Ошондо кыркка жете элек жигиттер экен. Мындан ары элдин көргөн күнү кандай болот дешип кыйналып кетишээр эле. Суу баса электе Кетмен-Төбө өрөөнүн аэрофотосьемкага тарттырып калсак деген идея ошол эки жигиттики. Ар эшикти кагып жүрүп, «каттакандарын» макулдатып алган соң Сыдыков аргасыз макул болгон. Эми ошол аэрофото сьемка бар болду бекен? Болсо акындары, ырчы, обончусу көп Кетмен-Төбөнүн элинен суу астында калган жер жөнүндө, ата бабасынын конушун аргасыз таштап көчкөн эл жөнүндө ыр обону келишкен бир клип жаралса деп ойлойм. Чоң конкурс жарыяланып, калыстар баа берип дегендей иш чара уюштуруса дагы бир жакшы чыгарманын жаралышына түрткү болор беле.
Элдин тагдыры бүгүнкү мыктыларды деле уктатпайт. Базар экономикасы баланы өзүнө ылайык тарбиялап салды. Ортодо эч нерсе калган жок. Озунганы ээлеп калды. Алдуусу чабалынын колундагысын чыркыратып туруп эле тартып алат. Азабын да жыргалын да тең бөлгөн Совет доору жок. Мээлери чарасына батпагандар мыйзам дегендерди өздөрү жазып, ошол мыйзамга ылайыктап туруп бөлүп-бөлүп алып коюшпадыбы. Жерди, жердеги кендерди жашырып сатып бөлүп жеп киргени адатка айланды. Эми бөлө албай, бөлө албагандан өлө албай, биринен бири кызганып, көздөрүн кызартып турган чоң-чоң ГЭСтер. Азыркы бийликте турган тойбостор эмки шайдоодо кайра шайланып келишсе ГЭСтер деле жеке менчикке өтүп кетет. Ошол чоң ГЭСтердин дээрлик баары Кетмен-Төбө өрөөнүндө. Кетмен-Төбөлүк келечекти ойлогон азаматтар элинин проблемасын улам бир ажого коюп келатат. Кана жыйынтыгы? Болгону «дирекция» дегендин башчыларын алмаштырып тынышчу. Эми ошол «дирекциясын» Токтогулга көчүрүп беришти. Компенсациясынын акчасы баякы эле 35-45 миллион сом. Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жыл сайын кат жазылат узун тизмеге колдор коюлат. Жообун эл журт бир да жолу уга элек.
33 миң гектар суугат жер суу астында калды. Кетмен-Төбөнүн климатына цитрус өстүрсө да болот. Эли эч качан ачарчылыктын азабын тарткан эмес. Казактар барып жан сактаган берекелүү, ырыс кешиктүү жер. 1997-2000-жыл аралыгында «Загра» деген ат менен, заманды көрдүк шак жеген, - деп буудай уну менен жүгөрүнүн унун аралаштыра жууруп бышырган нан жегенибиз жалган беле? Эл жаңы заманды түшүнө элек кезде кыйналган. Азыр элди чет өлкөгө кеткен балдардын акчасы багып жатат. Ошого каниет, топук кылган эл эптеп тирчилигин өткөзүүдө. Орус менен Казактар мигранттардын абалын улам катаалдантып, кысымга ала баштады. Жергиликтүүлөр желкелеп басынтканын койбой, акча табабыз деген балдардын көргөн күнү курусун.
Кетмен-Төбөлүктөр душман чаппай, кырсык баспай эле өнүп өскөн, жемишин жеп жаткан жеринен айрылып калышпадыбы. ГЭСтери бүт Кыргызстанга ток берет. Суусунун пайдасын өзбектер көрөт. Өзүбүз тоо арасындагы кокту колот, суу жетпеген жерлерди өздөштүрүп эптеп жашоого ылайыкташтырып алдык. Бирок толук кандуу турмуш өткөрүшкө жер тар. Союздун убагында улам бир облус кошо берип далай жайлоо, жайыттар башка райондорго өтүп кетиптир. Мына ушундай маселелерди жалпы Кетмен-Төбөнүн эли чогулуп талапты коюш керек. Азыр базар экономикасы ээлик кылып жашаган эл, өз жеринин үзүрүн көрүш керек. Бүт кыргыз эли ток алып, пайдасын көрүп жатпайбы? Калыс, адилет сөзүн эл дагы айтсын. Жыл сайын борбордогу кетмен-төбөлүк азаматтар элдин атынан бийликке кайрылуу, талап жазып кирип коюшат. Эч нерсе чечилген жок да. Кыргызстандагы башка аймагындагы элдер жеринин четинен казылып жаткан кендердин пайдасын көрүп жатышпайбы. Талаптарын аткарышпаса иштетпей коюп жатышат. Алардын айлана чөйрөсүнө зыяны тийет экен, алдыңкы технологияны колдонсо тийбей да калышы мүмкүн. Биз болсок жерибизден таптакыр кол жууп, сууга бастырып коюп чыга бердик го. Буга жалпы кыргыз журтчулугу калыстыгын сөзсүз кылыш керек. Убайын чейрек кылым көрүштү. Дагы эле көрүшөт. Ошол эле ГЭСтердин акчасынан Ширеновго окшогон шумпайлар миллиарддап жеп келиптир го. Суусун балык ичпей эле Балкыбековго окшогондор «ичип» жүрүшүптүр. Канал казып суу чыгарса өздөштүрө турган миңдеген гектарлаган жерлер бар. Каражат эле жок. Жанагы 35-40 млн.сом эмнеге жетет. Кетмен-Төбөнүн элинин атынан жазыла берип жат болгон кайрылууну бул макалага кошуунун кереге деле жоктой. Эгер ошол талаптар аткарылса Кетмен-Төбө аймагы гүлдөп, акча издеп алыска кеткен жаштар айланып кайра келер беле деген тилек, үмүт бар. Ачууга алдырбаган сабырдуу элдин турмуш тирчилик кылуусу улам кыйындап бара жатат. Райборбордун коммуникациясын бүт бойдон жаңылабаса улам эскирип, бир жерин оңдосо экинчи четинен бузулуп турган абалда. Айыл кыштактарга жетчү жолдор каралбай машина эмес ат минип каттай тургандай болуп баратат. Мектеп, бала-бакча, оорукана дегендерге бөлүнгөн каражат аз. Айта берсе арман көп. Токтогул атабыздын маараке тоюнда ушул маселерди көтөрүп кереги бар беле деп суроо койгондор четтен чыгат. Ал эмес «Кетмен-Төбөдөн бир эмес үч министр отурат, сен бийликке асылганыңды койсоң боло» - деп өзүбүздүн эле чалдардан мени зекигендер бар.
Токтогул атабыз жакыр эл тарабында болгон. Бай манаптардын шайлоодо жасаган шумдуктарына чыдаган эмес. «Беш каман» - деп эле беттеп чыккан. Бүгүн Токтогул атабыздын мааракесин өздөрүнө пиар кылабыз деген аракеттер ачык эле көрүнүп турат.
Тарых кайталагансып бардык тарабы топ келишип турса. Мен «беш каманга» пародия жазып койсом эле Атамбаев тактан кулап, парламент менен өкмөт оодарылып түшөт бекен. Үч министр менен мен деле сыймыктанам. «Заманың түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол» дейт эмеспи. Кимиси түлкү, кимиси бөрү эл билет. Ал эми ГЭС, жер маселеси бул кекиртекке такалган маселе. Күн сайын, саат сайын ойлоно турган иш.
Эл чогулганда айтылбаган проблема качан айтылат? Жанагы үч министр чече ала турган иш эмес. Кыргызстанды кыйратып, талкалап, талап бөлүп алгандар бийликте отурат. Өздөрү миллиарддаган долларды тегеретишет казынада кара таш жок. Атамбаев «кайыр» сураган жактан Акаевден ашып түштү. Жалганбы? Кийинки кездерде МВФ менен Эл аралык банк Кыргызстанды шынаарлап калганын көрүп турабыз. Булар акча менен муунуп өлчү жибин да кошо берет. Кытай менен Орус бири-бирине атаандашып сурай электе эле акча сунуштап жатканы бийликти чоочуткан жок. Эл чоочуп турат. Беш партиянын лидери өздөрүн президент менен тең сезет. Коррупциянын кору, уюткусу да ак үй менен көк үйдө. Жанагы үч министрди ошол корбашылар кызматка коюшат. Алардын айтканын кылбай көрүшсүнчү!
Кетмен-Төбө элинин көйгөйүн бүт кыргыз эли чечет. «Электро тогун пайдалануу бир жарым эсеге өсүптүр. Демек өнүгүп өсүп жатабыз» - деген Атамбаев ошол ток чыгып жаткан ГЭСтер курулган өрөөндүн элинин акыбалын кыдырып кандай көрбөйт? Беш корбашы басып да барбайт. Мен жогоруда айтпадымбы бул кекиртекте турган маселе. Бийликти бүт кыргыз эли кекиртектен алганда гана чечилет. Кайрылууну улам бир бийликке келе калган шылуундарга эмес Кыргызстандын элине жазыш керек. Элге акыл үйрөтмөк белем? Эл даанышман, эл кеменгер. Элден чыккан акындар, жазуучулар. Ошол эжлдин оюн чагылдырат. Мен адабиятка улгайганда аралаштым. Мага чейин эле кетмен-төбөлүктөрдүн көйгөйүн жазгандар көп болгон. Дале жазып жатышат. Ага мисал катары өзүмдүн «Кетмен-Төбө биримдигин» түптөгөн генералыбыз Калмурат Садиевге жазган ырымды келтирем. Жана бул китепке ырларын кошконго макулдугун берген авторлордун ырларын киргизем. Аларга ракмат айтам.
Тоолорго тоодой бар кубат,
Тоо жылың менен Калмурат.
Топон суу баскан жергесин,
Токтогул эли кайгырат.
Ак үйдөгү чоңдор арыз укпайт,
Аллага кандай кайрылат.
Ток сатып байыйт… деген биз,
Томсоруп калдык не дейбиз?
Токтогулдуктар бу күндө,
Токочту тоё жебейбиз.
Ток берип бүткүл кыргызга,
Тогу жок элден кедейбиз.
Суу сатып байыйт… деген биз,
Сумсайып калдык не дейбиз?
Суу сактагычыңды урайын,
Суусу жок элден кедейбиз.
Букадай болуп шак бурдап,
Буудайдын нанын жебейбиз.
Балыкка курган көлмөбү?
Пайдасын журтуң көрбөдү.
Тирүүсү самсып тентиди,
Түбүндө жатат өлгөнү.
Чырактай жанган кыргызга,
Чыдамды айт биздин элдеги!
Тор салат балдар балык деп…
…ток этер жери… нан издеп…
Көп өлдү чөгүп бу көлгө,
Көмүлбөй… кетти балык жеп.
Билип да, көрүп турушат,
Бийликтен чыкпайт калыс кеп.
Балдарың болсо балык жем,
Бакырып турам салып мен.
Тоо, жери аман башка элдин,
Тоо коргой турган анык сен.
Тоолук эл деле ойлоноор,
Ток жаккан бөлүп алып тең.
«Биримдик» сенин колуңда,
Билгениң бардыр оюңда.
Ызага баткан эл жашайт,
Ылайлуу көлдүн боюнда.
Достарыңызбен бөлісу: |