Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014. Бардык укуктар корголгон



бет8/8
Дата12.07.2016
өлшемі0.59 Mb.
#195744
1   2   3   4   5   6   7   8

Самсак Станалиев
Тегеректеп турат тоолор,

көлгө түшүп кеткен Жазы-Кечүүнү,

Суудан чыкса көрөбүз деп,

ай нурунда өбөбүз деп,

аңдыйт алар ашык отун берчүүнү.
А мен болсо апакемди,

көптөн бери көрбөгөндөй сагындым.

Кайберендин баласындай элеңдеп,

Эртең кайра келем деп,

жалгыздыктын жазганына багындым.
Көл тараптан чыккан күүгүм

Тоо баштарын жеп кетти.

Кара түндү өпкүлөп,

Алды жактан от күйөт.

А толкундар көп нерсени эстетти.
Мындан көрү

жердин жети катмарына түшкөндө

Төштүк болуп кетмекмин.

Жер түбүнө жетмекмин.

Ай астынан асыл тилек өчкөндө.
***

Айлым сенин тагдырыңда мен болуп,

Туралбадым туйгунуңдай үн салып.

Жазы-Кечүүм суу алдында деп коюп,

Жүрөк бүтүн кайгы аралаш ыр жазып.
Жүрөм бүгүн көздөрүнөн жаш тамган,

Ырлар жазып, бирдей болуп жаз-кышым.

Жар башына жалгыздык деп аталган,

Таштап коюп кеткен качып жазмышым.


Түн уурданып арта салган өз колун,

Күн чыгыштын алган кезде мойнунан.

Түшкө кирбес ойлор келип бир сонун,

Жалгыздыктын туруп кетем койнунан.



Ырга айлантып ийсе мени бул тагдыр
Эгер тагдыр туура көрүп тил алса,

Ырга айлантып ийсе мени өлтүрбөй.

Жомоктогу жоголгон журт ыры деп,

Ырлар бирөө жарыгымды өчүрбөй.


Ырдаар бирөө бу карыптын ыры деп,

Гүлдөр гүлгө турган кезде эркелеп.

Көл жегине эч ким келбес, эч кимди,

Арман жайын айтамын деп жетелеп.


Арман жайын айткан дагы, уккан да,

Анда мени көл түбүндө деп билер.

Көл түбүнөн жер түбүнө айланган,

Айыл барын угуп сууга тигилер...



БАКТЫГҮЛ ЧОТУРОВА
Биздин айыл тоо этектеп айлана,

Дан жыттанган аңыздарга бай, жана…

Дагы эстесем көл жок эле, бирок да,

Укмуш болчу Кара-Сууда Кайнама.


Көл жок эле биздин бала чактарда,

Көп элестер көз алдымдан акканда.

Балык болуп сүзүп барып эркелеп,

Тургум келет биз ойногон таштарга.


Ар кимибиз өз тагдырды куткарбай,

Учтук эле топ жарылган куштардай.

Жаз чакырган сайын барып турсак да,

Балалыктын издери жок, бүт калбай…


Кылым оошуп кыйырынан эл өсчү,

Бул турмушта мезгилге ким тенешчү?

Карт тарыхтын барагында жашаган,

Канча тоолор кумга айланган ээмеспи…


Ошо сымал суу алдында дайыны,

Суу үстүндө кусалыктай кайыгы.

Көл баскандан тумчуккансып кыйналам,

Биз сагынган балалыктын айылы…



БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА:

Токтогул көлү – көз жашым китептен
Менин айылым жок, ал түбөлүк суу астында калган
Ата Журт сенде жарык таң,

Чаңың да баалуу, алтын чаң.

Кушуң да алтын, ал тургай,

Бакаң да алтын таажычан.


Айылым, Журтум кайда деп,

Суу астын карап телмирем.

Сагыныч деген кусаман,

Жарыла жаздап селдирейм.


Үстүңөн суулар бөксөрсө,

Суу толуп турат жашыман.

Айлымы көрүп жүрөт деп,

Жыландын сылайм башынан.


Чулп этип чыкса балыгың,

Алдынан тосуп озунам.

Айылым кандай экен деп,

Бакаңын өбөм оозунан.


Үйүбүз калган бузулбай,

Терегим калган кыйылбай.

Куурчакты ороп жаткызган,

Төшөгүм калган жыйылбай.


Күчүгүм калган байлануу,

Ал азыр арбак тактылуу.

Ит деле болсо өлүгү,

Айлында калган бактылуу.


Издерим калган бытыкый,

Бытыкый бойдон калат да.

Тагдырды тарых экен деп,

Жазылып калган баракка.


Чылк алтын эле булагың,

Секирип турчу улагың.

Чыңырсам укпай үнүмү,

Түбөлүк дүлөй кулагың.


Тескейиң жансыз күн тийбей,

Адырың алсыз ай тийбей.

Кагылып кетем кара жер,

Түбөлүк калдың шай кийбей.


Түшүмө кирген бул бейиш,

Өңүмдө эми көрүнбөйт.

Туулган айлым миң кейиш,

Өлүгүм сенде көмүлбөйт.


Чаңдаткан эрке, бейбаш кыз,

Чоңоюп калгам тирүүмүн.

Токтолуп бүтпөй дагы эле,

Кусадан ыйлап жүрүмүн.


Суу басат экен деген сөз,

Кайгыга элди салды эле.

Алты жыл жаткан атамын,

Мүрзөсү ачык калды эле.


Көрчүлөр мүрзө казганда,

Атамын көрүн ачканда.

Буркурап ээрчип ыйлагам,

Жүктөшүп сөөктү жатканда.


Ачылбай эски мүрзөлөр,

Басылып сууда калышкан.

Арбактар сыртка чыгалбай,

Тозоктон жайын табышкан.


Жылдыздар жанат түн чыкса,

Ай чыгат түндө күн жылса.

Айылды суудан бошотсо,

Ордуна келбейт миң жылда.


Эл менен чогуу көтөрдүм,

Кудайдын башка салганын.

Жаш болуп анда, айлымды,

Калкалай албай калгамын.


Бала да болсом туу кылып,

Мекен деп калгам жытыгып.

Ыргытып сууга денеми,

Ыйлагым келет тытынып.


Канча жер көрдүм короздой,

Жүрөктүн кылын козгобойт.

Айылым элең керемет,

Эч бир жер сага окшобойт.


Шолоктоп жатып не десем,

Ким кайрып берет ке десем.

Таш чайнап алган тиш өңдүү,

Жүрөгүм зырп-зырп эстесем.


Өпкөлөп жатып не дейин,

Өпкөмү басып келейин.

Токтогул ата журтуму,

Ыр менен шаңга термейин.


Буркурап жатып не дейин,

Буулукпай кайтып келейин.

Токтогул элим – жеримин,

Бурулу болуп берейин...

***

Айылы, балалыгы өткөн жер чет мамлекетте калса да сагынган адамдар сөзсүз бир барып көрүп келе алат, а бизчи, эч качан! Көлдүн үстүн гана телмирип тиктеп отуруп, кайра баса бермей... Токтогул көлү – көл эмей эле, менин көзүмдүн жашы...



Токтогул суунун түбүндө,

Атамдын изи калгандыр.

Алаамат ушул дүнүйө,

Миң деген менен жалгандыр.


Эс тартып калган кезимде,

Көл каптайт деген имиштер

айланып кетип чындыкка,

Көрчүлөр ишке киришкен.


Казыла баштап мүрзөлөр,

Топтолгон эл-журт айылдан.

Чок басып апам алгандай,

Бетине жашы жайланган.


Ишенип жүрдүм мен болсо,

Атамды көрөт экем деп.

Алты жыл жаткан көрүнөн,

Бүп-бүтүн чыгат экен деп.


Шагырап чыкты сөөктөрү,

Көзүнүн орду чуңкурчак.

Кабырга, жилик терисиз,

Тургандар ыйлайт бүт курчап.


Калтага сөөктү салышып,

Көрчүлөр гана кейишпейт.

Карылар “жаман адат” деп,

Сөөктөрдү үйгө беришпейт.


Адамдар мындай азапка,

Аргасыз эле көнүшкөн.

Атамдын сөөгүн өз жери,

Кушчу-Суу жакка көмүшкөн.


Ошондон бери ушул күн,

Арманым келет арылбай.

Көп болуп сөөктөр, атамдын

Мүрзөсү калган таанылбай.


Эңсеген элдин тилеги:

“Жеримди кайрып берсе экен.

Суулардан жерди бошотуп,

Бейпилдик кезим келсе экен”.


Токтогул суусу – суу эмес,

Көзүмдүн жашы ал менин.

Бабалар жерин сагынган,

Көзүнүн жашы ал элдин.


Токтогул көлү – көл эмес,

Көзүмдүн каны ал менин.

Бейиштей жерден айрылган,

Жүрөктүн каны ал элдин.



Арман
Бул ыр «Адинанын арманы» деген ат менен эки үч гезитке басылган. Адина Турдубаева түбү Кетмен-Төбөнүн кызы. Кочкор-Ата (Ноокен) тарапта чоңойгон. СССР кезинде эле Россияга окуганы кеткен. Ал жактан эр жигиттер жасабаган ишти жасап курулуш фирмасын ачкан. Бардык ишти так, жогорку сапатта жасап көнгөн немис калкы басымдуулук кылган Калининград облусунда «Жылдын адамы» деген наамга татыган. Курулуштун ишин толук үйрөнүп, чоң акча топтоп Бишкекке заңгыраган үйлөрдү, адам таңа кала турган маданият очокторун курсам деп Кыргызстанга келген. Бакиевдер жана азыркы ак үйдө отурушкан манаптардын көбү «бетинен өөп» тосуп алышат. Бир айга жетпеген убакта эле жер бөлдүрүп беришип, ар тараптан колдоо көрсөтүшөт. «Азия Курулуш» тез эле ишин өз нугуна салганын көргөн Жаныш Бакиев рейдерлик жол менен басып алат. Өзүн каматып туруп анан аны камай турган, күнөөлөй турган жалган документтерди жыйнатат. 2010-жылы Бакиевдер качты. Адинанын мүлкүнө кызыккан манаптар «Курулушун» бөлүп, талап алып чыгарбай отурушат. Бул Адина карындашым үчүн какпаган эшигим калган жок. Гезит аттуунун баарына жаздым окшойт. Акыйкат таба албадым.

Адинанын арманы
Торгоймун бүгүн тордогу,

Тордон бул чыкпайм болжолу.

Кызартып көзүн мүлкүмө,

Кызматта жүргөн чоңдору.

Кыргыздын эле балдары,

Кыргыздын кызын кордоду.


Булбулмун бүгүн тордогу,

Буза албайм торду болжолу.

Ээлешип алды мүлкүмдү,

Эл бийлеп тизгин чойгону.

Талашып бөлүп алышты,

Тапкансып бекер олжону.


Айланам, элим кыргызым,

Абакта жатат бир кызың.

Бир кыздын көргөн кордугу,

Бир үзүм сенин турмушуң.

Өлүмгө түрткөн турушат,

Өчкөнү турат жылдызым.


Күнөөлүү болдум ак жерден,

Күнгө ушу мени апкелген –

Бакиев аттуу желмогуз,

Баарыбыз шайлап так берген.

Азабын жалгыз мен эмес,

Ак калпак кыргыз калк көргөн.


Кыздарын салчу түрмөгө,

Кыргыздар көрчү күн беле?

Мусаапыр кылып аялга,

Муштумун качан түйдү эле?

Кыргоолдой кызга кыргыздын,

Кол, буту качан тийди эле?


Жараткан жалгыз жөлөгүм,

Жашымды күндө төгөмүн.

Чындыкты анык билишсе,

Чыгарып алар мени элим.

Капканга түштүм кандайча,

Калтырбай айтып берейин.


Узагам ата конуштан,

Ишкана түптөп орустан.

Байлык да топтоп бапырап,

Бактыма анык жолуккам.

Курган ким барып чет элге,

Куруучу чыгып тоолуктан?


Окуйм деп кетип Мекенден,

Наам, сый алгам чет элден.

Көрө элек куруп биздин эл,

Көп кабат үйдү көтөргөм.

Ачкычын алган орустар,

Алкашып колго көтөргөн.


Мактаса орус мактасын,

Мактаныш эмес максатым.

Ишимди орус жеринде,

Ишенгендер тактасын.

Айлыма келип булганды,

Алыстан тапкан жакшы атым.


Байлыгым жетмек өмүргө,

Бар эле көп ой көңүлдө.

Кантейин жасай албадым,

Каалаган ишти жеримде.

Өкүнтүп мени жаткандар,

Өкүрөөр бекен көрүндө?


Жумушка бышып такшалып,

Жумшасам жетээр акча алып.

Жериме келсем кез экен,

Желмогуз калган башкарып.

Жете албай аруу тилекке,

Жерде анык калдым тапталып.


Акчанын жытын сезишип,

Айланып менден кетишип.

Биринчи айтып саламды,

Биринен бири өтүшүп.

Колумду өпсө бирөөсү,

Бутумду бирөө чечишип.


Эсебин улам эсептеп,

Акчамды санап жетет деп.

Кам көргөндөр да көп эле,

Каракчы тоноп кетет деп.

Келишим далай түзүлгөн,

«Гербовый» менен печеттеп!


Үй жайсыз жүргөн эл келип,

Үмүтүн, оюн тең бөлүп.

Чайына күндө чакырып,

Чарчасам кубат дем берип.

Кызыктуу сөздөр айтылчу,

Кыз сүйгөн жигит өңдөнүп.


Жамаатты түзүп тең шерик,

Жакшы ойго болуп эл шерик.

Колдо деп эми жараткан,

Колго алып ишти белсенип.

Биз кайра курсак дечүбүз,

Бишкекти деле берсе бүт.


Кеңешип Аскар мэр менен, (Салымбеков)

Кесилип кенен жер делген.

Заңгырата салам деп,

Заманбап үйдү элге мен.

Аңдыган душман турганы,

Анда эле ойго келбеген.


Эсеби, чоту такталып,

Катталар жерге катталып.

Бакиевдер да колун чаап,

Баштаарын жакшы баштадык.

Кооз сөз айткан көп эле,

Койбопмун анда сактанып.


Иш кетти түшүп жолуна,

Ийгилик тийип колума.

Көрүнөө кылган жумушту,

Көрөт да кичи, чоңу да.

Байкап да, пайлап жүргөн го,

Бакиевдердин тобу да.


Келечектүү ишти көрүшүп,

Кетчүдөй болду өлүшүп.

«Ары тур» дешип жөн эле,

Алчудай болду бөлүшүп.

Рейдер болсо биринчи,

Ийитмек сөзгө келишип.


Көргөнүн баса калышчу,

Көркоолор анык жабышты.

Жатканда ооруканада,

Жанышка сүйрөп барышты.

Иниси болсо ажонун,

Издеп көр анан калысты.


***

Уккан жан барбы кайгымы,

Уу жутуп акыл айныды.

Адамга душман болобу,

Адамдын тапкан байлыгы?

Кыздарын турса карактап,

Кыргызда абийир калдыбы?
Кызыл гүл элем соолудум,

Кыйналып жаным, оорумун.

Тексиздер билген заманда,

Тепселди кызыл жоолугум.

Боорукер кыргыз балдары,

Боорун жеп турат боорунун.


Балдарды баккан эне элем,

Балээге калдым не деген?

Келин алып, кыз бербей,

Кемидим элден неге мен?

Үйүмдүн болсом төрүндө,

Үч-төртөө болмок неберем…

Карыды мен деп алганым,

Кай жакта бүгүн балдарым?

Жылуу жүз менен көрүшүп,

Жыттарын жыттай албадым.

Энелер гана түшүнөт,

Эненин мендей арманын…



Кадырбек Камбаровго 80 жыл
Шаймерден ата, Шакен апа жөнүндө эки ооз сөз
Азыр Кетмен-Төбө элинин гана эли эмес бүткүл Кыргызстандын аксакалдар тобу жетектеп турган Бакайдай карыя Шаймерден Керимбаев жалпы журтка таанымал. Белгилүү тележурналист. Кыргыз телерадиосунда пенсияга чыкканча эмгектенди. Убагында менин бир тууган агам Керимбаев Турус менен теңтуш курдаш, үзөңгү жолдош болгон адам. Агамдын көзү өткөндөн кийин агамдай көрүп жүрөм. Карыш бөлүнгөн карыганча көрүшпөйт дегендей. Турмуш бөлөк, шарт бөлөк болуп карыганда көрүштүк. Быйыл 85 жашка толду. Өмүрлүк жубайы Шакен Камбарова 82де. «Эл агартуунун отличниги». 35 жыл Фрунзе шаарында айтылуу № 5-мектепте мугалим болуп, жаштарга билим берген. Үч жигитти, эки кызды тарбиялап өстүргөн барктуу, нарктуу байбичелердин бири. Небере-чөбөрөлөрүнүн аттарынан адашып Шаймерден ата экөө бактылуу, дөөлөттүү, сөөлөөттүү карылыктын доорун сүрүп жатышат. Кудай буйруса үйлөнгөндөрүнө эки жылдан кийин 60 жыл болот. Мындай адамдар Кетмен-Төбө элинин гана сыймыгы эмес, бүт Кыргызстан сыймыктанса жарашат. Ушул кыргыз салтын бекем кармаган үрөн бутактуу, жасаган иштери жашаган өмүрлөрү үлгү боло турган эки адамдын бир өтүнүчүн аткарам деп убада бердим эле. Бул чыгармачылык ишиме да топ келет. Ушул китепке киришине да ылайык. Кетмен-Төбөнүн мыкты уулдарынын бири, кыргыз телерадиосун түптөгөндөрдүн катарында жүргөн, азыркы КТРдин имаратын курууда айрыкча эмгек сиңирген анан да телерадионун техникалык жагын кырк жылдай жетектеген маркум Камбаров Кадырбек Шакен апанын бир тууган иниси экен. Атасы Камбар согушта курман болуп, таятасынын колунда чоңойгондуктан Шакен апанын фамилиясы Ниязалиева болуп, таятасынын атына катталып калыптыр. «Бир тууганым Камбаров болуп, экөөбүз эки башка фамилияда болуп калганбыз» деп эскерет Шакен апа. Мен үйлөрүнө эртели кеч барып калган убакта Кадырбек аке жөнүндө сөз козголуп калчу. Шаймерден ата кайниси менен узак жылдары бирге иштешиптир. Эми ал кишилердин сөзүнө караганда Камбаровдун көзү өткөндөн кийин бийлик тарабынан деле, иштеген жеринен деле сиңирген эмгегин баалап анчалык эске алынбай, унутулуп баратыптыр. Айрыкча бир тууган эжеси Шакен апа инисинин аты, эмгеги унутулбай элдин эсинде калса экен деген тилекте. Башка да чараларды көрүп жатышат. Мен да колумдан келгенин жазайын дегем. Чындыгында андай адамдардын аттары алтын тамга менен жазылып кыргыз тарыхында сакталыш керек. Шаймерден ата менен Шакен апа сексенден жаштары ашып турса да көзү өтүп кеткен бир тууганы үчүн күйүп, эскерип турганы кыргыз рухунун күчүн сездирет. Өздөрүн эркелетип, өздөрүн даңазалагың келет. Сөздөрү барында колдон келишинче көңүлдөрүн көтөрүп коюш кантип келбесин деп да аракет кылгам. Биринчи жолу үйүнө баратканда экөөнү бир курсант кылсам деп төмөнкү ыр саптарын жазып баргам:
Керимбай көп Кетмен-Төбө жеринде,

Кеп дагы арбын Керимбайлар жөнүндө.

Анан калса Керимбайдын балдары,

Азбы көпбү кадыры бар элинде.


Чоң Керимбай аты болуп даңаза,

Чокойчондор чокоюнан жадаса…

Чоңойгондо болуш болсун уулум деп,

Көп Керимбай келген доорго жараша.


Адаш болуп коюлган соң аттары,

Айрым окшош болсо керек жактары.

Керимбайдын баары болуп болбоптур.

Керимдайбын алам атын сактады.


Черикчинин Керимбайы башкарма…

Чер жазылмак өмүр жолун жазганда.

Кудай момун кытайлардын Керимбай

Куудул эле көңүлү ачык чактарда.


Керимбайлар кетти издешип Темирин,

Келаткан биз улап жашап өмүрүн.

Керимбаев Шаймердендей агам бар

Керимбайдын кенже Кадырбегимин.


Талашы жок биз бир тууган элебиз,

Таттуулашып табына албай келебиз.

Керимбайлар келип кетээр миң ирээт,

Кетмен-Төбө атабыз да энебиз.


Үйүнө мен ата менен энемин,

Үлүрөйүп кур кол кантип келемин.

Гүлдестелер куурай болот бир күндө,

Ырдан, нурдан дестелеген белегим!


Бирге болуп өмүрүнүн сапары,

Билинбеген даңкы менен атагы.

Шаймерденин жигит бойдон сактаган,

Шакен деген даңазалайт апамы!


Бак дөөлөт конуп башына,

Бакайдын келген жашына.

Шайма-шай Теңир эп көргөн,

Шаймерден, Шакен аты да.


Күн тийсе күлүп жарк эткен,

Күмүш нур сепкен чачына.

Өзүңөр элге канган кут,

Сөзүңөр журтка чачыла!


Сексенди ашып ашаган,

Сексенден ата жашаган.

Серептээр эки кылымды,

Сезими сергек жаш адам.

Турпагын жатка тепсетпес,

Туяк сиз калган атадан.

Өксүгү толот адамдын,

Өзүңүз берген батадан.


Шакен апамын өтүнүчүн аткарам деп эки жолу он чакты барактан ода, монолог, кошок сыяктуу кылып жазсам, өзүмдүн купулума толбоду. Кадырбек Камбаров кетмен-төбөлүк чыгаандардын бири эле да. Шаймерден ата менен Шакен апанын узак аңгемесин кыскартып айтайын. Совет өкмөтү кичинесинен окутуп тарбиялап, билимдүү-илимдүү кылып, анан кызмат тепкичтеринде такшалдырып, сынактан өткөн (кадр) кызматкер болгон экен. Кыргыз телерадиосунун техникалык чарбасын башкарган. Азыркы Жаш Гвардия гүлбагында турган имаратты чийме долбоорунан баштаган. Чет өлкөлөрдү кыдырып эң алдыңкы өнүккөн жабдууларды орнотууга аракет кылган. Аракет эле эмес алдыртып келген. Ошол убакта деле техниканы түшүнбөгөн чоңдор кымбаттыгынан качышкан учурлар болгон. Аларды ынандырыштын өзү чынында кыйын эле болсо керек. «Үн жазуучу залдын акустикасы Орто-Азия боюнча бир эле Кыргызстанда бүгүнкү талапка жооп берет экен» деп чет өлкөлүк бир белгилүү киши бекер айтпаса керек. Бул Камбаров акебиздин келечекти кенен ойлоп иш кылганынын бир эле далили. Шакен апа Шаймерден аталардын аракетинен улам «Кесиптешим-насиптешим» деген рубрикада КТР мурда ушул тармакты түптөп өмүрүн, ишин арнаган улуу инсандарды эскере баштады. Анын эң алды болуп Кадырбек Камбаров жөнүндө төрт жолу уктурулду. Эми радиону ким тыңшайт, ким тыңшабайт?... Анын үстүнө кыргыз элинде ар бир аймактын өзүнүн баласы ошол эл үчүн сыймык. Кетмен-Төбө эли да өзүнүн кулуну менен сыймыктанат. Сексен жаштан ашкан Шаймерден ата менен Шакен апабыздын Кадырбек акенин эмгегине мамлекеттик деңгээлде баа берилип, азыркы КТРдин имаратына анын ысымы ыйгарылса деген тилектерин жумурай журт колдойт деп ишенем. Бир тууган деген бир тууган экен да, Шакен апа айрыкча тынчы кетип жүрөт.
Бир белгилүү журналист Кадырбек Камбаров жөнүндө чоң эмгек жазып жатат. Буйруса үй-бүлөсү, балдар-кыздары китеп кылып чыгарат деген үмүт бар. Мен а кишинин атын укканым менен өзүн көрбөгөм. Кандай жазсам да үстүртөн жасалмаланган сыяктуу болуп, андай улуу инсандын толук ажарын ачып бере албасым чындык. Шакен апанын көңүлү жайлана турган кылып колумдан келишинче жазымыш болдум. Кадырбек акенин быйыл 80 жылдыгына Кетмен-Төбөнүн эли да кайдыгер карабаса керек.
Сексен жаштын бирден санап күндөрүн,

Сексен башка серептелген дүйнө күн.

Эки кары эскиртишпей эскерген,

Элге айтылаар сөздүн четин билгемин.


Ыраазы экөө жашоо берген теңирге,

Ылдый, өйдө болгонуна өмүрдө.

Калса дешет калк ичинде жакшы сөз,

Кастарлашкан Кадырбеги жөнүндө.


Кадырбегин жоктоп жүргөн апанын,

Канткенде мен көңүлүн бир ачамын.

Атым эле окшош болуп турат ко,

Аттиң чиркин, ордун кайдан басамын.

Кадырбектен калса деле түңүлүп,

Кадырбекмин дегениме сүйүнүп.

Сексен эки жашка чыккан апамын,

Сезиминде жылт эткенсийт бир үмүт.


Кадырбекти билчү белең деп сурап,

Кайта-кайта жаш баладай кеп кылат.

Апам айтат үзүп-кесип баянды,

Анан дагы унутканы көп чыгат.


Ойлуу карап топтогонсуп акылын,

Ортого анан сөздү таштайт акырын.

Сыртка чыкпас ушул үйдөн дегендей,

Сыр айткансып кээде кетет жашыруун.


Кадырбектей кадыр-баркка теңдери,

Калабы дейт унутулуп эмгеги.

Камын көргөн кара гана курсактын,

Кайдыгерлик кабар кылат эмнени?


Союз десе, орус десе жинденген,

Сокур, дүлөй, дөө-шаа чыкты бийлерден.

Адам кана аяп турчу бир-бирин,

Заман кана баары тегиз күн көргөн?


Талкалашып орус, Союз курганды,

Талап жешип, танып, чанып турбайбы.

Самсып, тентип эли журту чачылып,

Саналуу адам көрүп калды жыргалды.


- Жетим элек, жерге бизди таштабай,

Жетилгенбиз билим алып, аксабай.

Чырпык болсок, чынар кылып өстүрдү,

Чындыкты айтам Союзду жөн мактабай.


Кем кийбедик аталуудан кийимди,

Кемтигибиз кейип качан билинди?

Мамлекеттик ишке жарайт дегендей,

Москвадан окутушту инимди.


Кыргыздардын оюна анда келбеген,

Орустан да окуганы кем да кем.

Ырасында инженерлер жок экен,

Радио, теле жагын тейлеген.


Тез өнүгүп техниканын тармагы,

Тейлеп окуп, түптөп жаңы чарбаны.

Кыргызстан маалыматтан кемибей,

Кыргыз үчүн өмүр ишин арнады.


Бир орунда өсүп-өнгөн дарактай,

Бийлик, наам, эч даража талашпай.

Кармап келди көзү өткөнчө бир ишти,

Калыс эле, айкөл эле Манастай.


Жел сөз айтып атак албай, даңк албай,

Жемиштүү иштеп өтүп кетти «байкалбай».

Байкалган жок Кадырбектей мыктылар,

Хан-бектерге чындыкты айткан жалтанбай.


Карылык да жаткан менен тынч алып,

Өткөн күндү көп караймын кылчайып.

Кадырбегим унутулуп калчудай,

Карт жүрөктү турчу болду муң чалып.


Кошпосом да үндү бийик чыгарып,

Кадырбекти эстегенде муңайып.

Колума алып окуп кээде коёрго,

Кошок жазып берчи балам, ылайык.


Деген апам өтүнүчүн аткарып,

Делөөрүткөн ой-кыялды башкарып.

Кадырбекке кошок жазды Кадырбек,

Калем кармап, кара көзүн жаш чайып:


- Саналуу тирүү пенде экен,

Сан ойду күндө терметем.

Ысык жаш акты көзүмдөн,

Ысык-Көл менен теңме-тең.

Боорунан жердин жай алып,

Боздомок белең өлбөсөң?


Айтылып көңүл өксүгү,

Аскар тоом менин көчтүбү?

Ай, күнүм элең тиктесең,

Алагар көзүң өттүбү?

Камбардын уулу Кадырбек,

Калкыңан атың өчтүбү?


Кайгырбай коём неге мен,

Кан, бекке башың тең элең.

Замандын жүгүн көтөргөн,

Залкардын бири сен элең.

Балдары сендей кыргыздын,

Башка элге башын теңеген.


Күн ушул дешип эгемен,

Күндө айтат унутпай теледен.

Телефон укмуш кезинде,

Телени курган сен элең.

Башчылар түшкөн каяктан,

Баланча курду дебеген.

Жетимчем менин бөбөгүм,

Жетилип чыккан өнөрүң.

Жетиле элек турмушта,

Жетекчиси болдуң теленин.

Эжекеңден башкасы,

Эстебей калса не дейин?


Техника чечер тарабын,

Тейледиң эле карагым.

Иш экен кылар билчүлөр,

Илимдин далай тарабын.

Так ишке бердиң өмүрдү,

Талап кылган соң заманың.


Заман күн өттү зарыккан,

Зым менен кабар алышкан.

Жерине жети дубандын,

Жетелеп зымды барышкан.

Кабарды элге таратуу,

Кадырбегимди карыткан.


Иш кылып түрдүү өңүттөн,

Илимге жетип өнүккөн.

Биригип кабар алмашып,

Бүгүнкү күнгө келишкен.

Өскөнүн колго алгандар,

Өткөнүн унтат неликтен?


Айтайын кайсы бирин мен,

Алтыным сенден түңүлгөн.

Көмүлүп жерде жатасың,

Көрүнмөк белең дүйнөдөн.

Эскере турган эл-журтуң,

Эмгегиң калды сиңирген.


Радио менен телени,

Ырахат кылат эл эми.

Турганына ээлик кылгандар,

Курганына маани береби?

Эр-азаматтардын көзү өтсө,

Эмгегин кошо көмөбү?


Имарат турат сен курган,

Ишенип сени бел кылган.

Унутпайт экен кары-жаш,

Ушул эл үчүн мен курман.

Залкарлар өттү бул жерден,

Заман күн менен тең жылган.


Гүлбактуу жерге курулган,

Күлкүлөр шаңдуу угулган.

Маданияттын очогу,

Мазарым менин сыйынган.

Жүрөмүн бирөө угат деп,

Жүрөктүн үнүн чыңырган.


Байбиче болдум балпайган,

Балдарга кату айталбайм.

«Эмне эле жетпейт?» дегендей,

Ээрчитпейт сөздү аркамдан.

Калган ишти эли билсе дейм,

Кадырбегимдей залкардан.


Бактыма шерик алганым,

Бапестеп турат балдарым.

Өмүрдө жеке жашоодо,

Өзгөчө жоктур арманым.

Байлык деп жыйбай көр оокат,

Бапырап келдим ар дайым.


Зардабын көргөн согуштун,

Жардамын алган орустун.

Өткөнүн эстеп мендейлер,

Өкүнбөй кантип коюшсун?

Кыйындар көктөн түшкөнбү,

Кыргызга турган болуп тың.


Бип-бирдей өмүр баяны,

Бир муун эл калды саналуу.

Карытты доорду, тарыхты,

Карыткан мезгил баланы.

Өскөндөр карап батышты,

Өткөнүн унтуп калабы?


Кадырбегиме теңдердин,

Кадырлашпаса эмгегин.

Баркталбай тарых калган соң,

Баркына жетет эмненин?

Эне мен күн-түн түйшөлгөн,

Элимдин ойлойм көйгөйүн.


Радио менен теленин,

Имаратына чанда келемин.

Эрте-кеч кирип чыкчу элең,

Элестетип да көрөмүн.

Комуздун күүсү жаңырса,

Кошогу ошол эжеңин.


Атылбай калган октоймун,

Аптабы суубас чоктоймун.

Кадырбек өлсө бир киши,

Кадырын эстеп боздоймун.

«Камбаркан» күүсүн укканда,

Камбардын уулун жоктоймун.


Чынынын окшоп сыныгы,

Чыгаандан элең чыныгы.

Келечек күндү кең көргөн,

Кетмен-Төбөнүн кулуну.

Сырыма теңейм ичтеги,

Сыздаган «Сынган Бугуну».


Балдарыңды көрүп өзүңдөй,

Бар жогуң кээде сезилбей.

Соолуктап кетем кайра эле,

Согуштан калган жетимдей.

Боздотуп кеттиң эжеңди,

Боздогон «Кыргыз көчүндөй».


Жаштарга болдук эскидей,

Жакшылар эмес сезчүдөй.

Советтик Кыргыз тарыхы,

Созулбай көпкө өччүдөй.

Муунунан элдин бир келген,

Муң калаар «Көкөй Кестидей».



ШАКЕН апага
Шаки апамдын ар дайым майрамында,

Шаймерден атам турсун маңдайында.

Шагы ийилген дарактай мөмөсүнөн,

Шаттык маанай күн болсун балдарында.


Аксакалы кутман элдин, атабыз,

Апасындай бүт кыргыздын апабыз.

Амандыгын тилеп эки карынын,

Ак тилекти ыр дестеге жазабыз.


Кучактап бүт балдары сүйүп турсун,

Кучагына гүл толуп, күлүп турсун.

Колдосун кудай тала, Обо энедей,

Кош эмчеги кыргызга ийип турсун.


Эркелесин, майрамдасын апабыз,

Эгизиндей бирге болсун атабыз.

Экөө сүргөн бактылуу өмүр баянын,

Элге, журтка өрнөк кылып жазабыз.


Нур төгүлүп апабыздын көзүнөн,

Нуска, кыска насаат чыгат сөзүнөн.

Нарк, насилин, салтын бузбас элинин,

Намыс туусу Шакен апам өзү дейм.



© Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет