Сулуу болуш бакытпы?
«Эненин сүтү, элдин тузу ыйык»
«Даңкка көппөгөн – даанышмандык, Атакка көппөгөн – акылмандык»
«Айтылбай калган кеп – жесир»
«Жалгыздык жанды жейт»
«Эстүүнү эне тут»
(Кыргыз макалы)
Бул баян-бир эле чыгармачыл, таланттуу сулуунун баяны эмес, жан дүйнөсүндө руху жалбырттаган, шык даарыган чыгармачылыктын миң азап тозогуна түйшөлүп мээнеттенген аялзатынын көбүнө ортоктош санаа, тагдыр. Сулуу болуш, көркөм дөөлөт жаратыш кандай керемет да, аны жүгү кандай азап, оор. Сулуукту коом неге коргой албайт же сулуулук олжонун бир түрүбү? Деги эле бакытка марып кеткен кимиң бар? Сөз ошо жөнүндө... Окуя таланттуу диктор, жазуучу, журналист Шарапат Турдакунова тууралуу.
Жетпей калса армандаткан, жетсе аягына чейин түтө албаган сүйүү кандай табышмак. Жан адамга айткыс асыл сөздөрүңдү, аруу сезимиңди арнаганың эмнеге кара турмушка таакат боло албай, баары бир мүдүрүлөт? Качан адам эмгегинен мурун жан дүйнөсү, жеке тагдыры изилденет? Чыгармачыл адамдарда бирин-бири жактырбаган өйдө-төмөн кайчы пикирлердин бар экенине карабай, элге аттын кашкасындай таанылган жаркын дикторлор Капар Алиев, Бекташ Акматов, Тамара Бакиева, Роза Рыскелдинова, Зарыл Мамбеталиева, Маргарита Булатова, Жолдубай Каипов, Сатыбалды Жээнбеков ж.б. ар бири изилдөөгө татыктуу тарыхый инсандар. Буларсыз кыргыз телерадиосунун жүзүн элестетүүгө дегеле мүмкүн эмес. Алардын бири Шарапат Турдакунова.
Кыялы-мөндүрлүү жаздай, ак көңүлү кармаганда андан өткөн жайдары адам жок, кара көңүлү кармаганда кесиптештери берген кошумча аты «Танка» дегенинин чындыгы бардай. Бетке чабарлыгынан тегерегиндегилер сезтенишчү. Азоодой туйлап ойлогонун шарт айтып калган чорт кыялы өз башына муш болуп кыжаалат болгон күндөрүнө ортоктош болдум. Оо, кийин телерадиодо чогуу иштешип калганда Шарапат эже бир нерсени мойнуна алып: «Баягыда, жаңы эле башкы редактор болуп келгениңде тиги шефке кирип, сени өлө жамандаганбыз. «Биз резервде турсак Кален Сыдыкованы эмнеге алып келдиңер» деп аябай догурунуп, кокологонбуз. Ошондо сага аябай уят болдук, жанагылардын тилине кирип, сени билбей туруп жамандаганыма азыр да уялам. Кечирип кой, ай» деп ичинде кирин сактабай каткырып калды. Биз ошо жамандап чыгышкандан кийин чыгармалары аркылуу жакындап тааныштык. Аңгеме, повесттерин, радиодрамаларын эфирден бердик. Радиодон айрым көркөм окууларды артынан кууп жүрүп окуттук. Албетте, чыгарманын азабын өмүр бою тарткан түйшүкчүл инсан менен бирөөнүн жазганын көркүнө чыгара окуп коюнун айырмасы чоң. А экөөнү бирдей алып жүрүү кызылдай машакат.
Далай жигиттер ашык болгон балбылдап жанган кара көз кимдин шайманын алып шаштысын кетирбеген. Күндө ар бир үйдүн ардактуу мейманы катары ажарланып, жагымдуу коңур үнү менен көгүлтүр экрандан жүздөшүп жүрөктөрдөн орун табат. Белгилүү теледиктор, маркум Роза Рыскелдинова телевидениени «тогуз жолдун тоому» деп таамай айтыптыр. Чынында эле кыргыз теледикторунун патриархы Роза эже айткандай: «диктор оюндагысын бүт жеткирип оюңа төгүп салыш керек. Анда айдай чырай менен бирге өзүнө тарта турган сүймөнчүлүк, так дикция, жагымдуу үн, сезгичтик, тилди жакшы билүүсү» актердук жөндөмдүүлүк менен бирге телекамеранын алдында эркин сезүү, тексти жогорку деңгээлде окуу же айтып берүү сыктуу чоң зээндүүлүк» жоопкерчилик, тубаса жөндөм талап кылынаары мыйзам ченемдүү. Шарапат эже патриарх Роза Рыскелдинованын формасындагы диктор эле...Бирок, эмнеге бир жарк деп жанып чыкты да ара жолдо ташыркап микрофондон четтетилди? Диктор катары көмүскөдө калды? Жалаң эле кесиптештеринин ичи тардыгы, бут тосуулары ж.б. жүйөөлүү, жүйөөсүз себептериби же жеке тагдыры, сулуулугу дагы жолтоо болдубу? Мамлекеттик деңгээлдеги сулуулук, талант, сүйүү аял үчүн бакытпы?
Ал тырмактайынан тирикарак, мээнеткеч болуп өстү. Ажырашып атасы баса берген соң, энеси эрге тийип кетип, ал кичинесинен ата-эненин мээримин көрбөй төркүнү Тору-Айгырлык Калыйпа тайенесинин колунда чоңойду. «Какаганга муштаган болуп» огожо кылган, калдайып калканыч болгон таенеси үч жыл төшөк тартып каза болот. 7 жашынан 14-жашына чейин мал тосмой, кезүүдө мал кайтармай, үй түйшүгү сыяктанган бүт жүк кенедей кыздын мойнуна түштү. Тирүүлөй жетим көрбөгөнү көр болду, жашабай жатып турмуш запкысын жеди. «Аяшаар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак» болуп, 14 жашында өгөй атанын кордугуна чыдабаган ал кичинекей балеткасын көтөрүп алып жалгыз Каракол шаарына качып барат. Эптеп сурамжылап жүрүп интернатка орношот. Интернатка жетимдерди алаарын айылдагы бирөөдөн угуптур.
Жетимканадан бой керип, көргөндүн көөнүн буруп калганда алгачкы ак сүйүүсүнө кезикти. Киоскиге гезит сатып алганы барып, шалкылдата чемичке чагып турса бир суйкайган сулуу жигит келип тийишип калат. Таанышат. Аны жаш жүрөгү эстен тана сүйөт, ал аны сүйөт. Көрсө таанышкан жигити өзүнүн Асан таекесинин үзөнгүлөш досу экен. Борбордон соода техникумунда окуп жүрүп практикага жаңы эле келиптир. Сырдуу махабаттын толкунунда апкаарып, айбыгып далай күндөрдү өткөрүштү. Бирисиз бири жашай албоочудай абалда калышат. Аруу сүйүү арбаганда тун сүйүүнүн аягы кандай болоору эч кимдин эсине келбейт эмеспи. Өңү түсү келишкен сындуу жигит Намазбек анын оозун алгачкы жолу аймалап өпкөн сүйгөн жары. Беш мүнөт көрүшпөй калса самашып, алар үчүн-бул дүйнө кооз, бактылуу эле. Тагдырдын буйругу болсо керек, эже орто мектепти бүткөндөн кийин азыркы эл артисти Д. Байдөбөтовдор менен бирге Москвага театралдык институтка тапшырып окууга өтөт. Тагдырдын кыйчылаш кысталаңын карабайсыңбы, багар-көрөрү жок жетим кыз Москвага билетке акчасы жок, бара албай кендири кесилет. Өксүп ыйлаган менен колунан эч нерсе келбейт. Көп өтпөй ызаланган боюнча Намазбек менен кол кармашып Жети Өгүздүн Ак Терегине келин болуп түшөт. Андагы жаштардын бакытына чен жок эле. Ортодогу назик мамиле, алоолонгон сүйүү анын кыялдарына, тилектерине канат байлатты. Бактылуу турмушу ойдогудай өтө берди.
* * *
«Өтөгөндүн териси, өзү жатып ий болбойт» дегендей, жаш кызды дикторлук кесипке тартып, туура жол көрсөтүп акыл, насаатын айткан, профессионалдуулукка үйрөткөн алгачкы педагог-насаатчыларынын ана башы азыркы Кыргыз Республикасынын эл артисти, телерадионун көрүнүктүү режиссеру Турсун Уралиев аксакал болуптур. 1966-1967-жылдары режиссер анын шык жөндөмүн байкап, чакан-чакан балдар аңгемелерин окутуп көрөт. Козу, чычкан сыяктуу ролдорду берип балдар спетаклдеринде ойнотот. Актерлуктун сырларын иш жүзүндө өздөштүрүп, каныга баштайт. Радиодон «Даяр бол» радиогазетасын окуйт. Ушинтип сыйкырдуу дүйнөгө аралашып жаналектенип жүргөндө телевидениенин профессионал чыгаандарынын бири Азиз Исмаилов Шарапат Турдакуновага ыр окутуп көрүп «сенден жакшы теледиктор чыгат, жарайсың, бактыңды сынап көр» деп дикторлорду тандоо боюнча өтүп жаткан телеконкурска катыштырат, а кезде профессионалдардын бир ооз калыс сөзү, пикири эле тагдыр чеччү. «Жаныңдагы мазарга сыйынбай туруп, Меккеге ажы болом деп убара болбо» дегендей, өз дарамети, мээнети, шыгы менен акжолтой радиодон аттанса калыстарга жагып, көгүлтүр теленин көркүн ачып жарашып калды. Конкурстан шыр өттү. Телерадиодо иштеп демине дем кошулуп, көңүлү алып учкан менен көртиричилик көмүскө тоскоол болуп көрүнгөн ижарада баш калкалап жүрүп тажашты. Жаш бала менен кыйналышты. «Жеңилин жерден, оорун колдон алаар» же жакын тууганы болбоду. Дикторлукка баш оту менен бериле баштаганда Кыргыз телерадиосунун Ош областтык студиясы жаңы ачылып, ага ошоякка барып иштөө сунушталат. Ош студиясында дасыккан журналист, кыраакы диктор Азиз Исмаилов менен бирге иш баштады. Ал кезде Ош телевидениесинин төрагасы маркум Карыпбай Керимбаев экен. Жаңы ачылган телекомитетте жаштарга үй берилмек. Күйөөсү экөө акылдашып, баласын ээрчитип Ошко келишти. Шарапат Турдакунованын диктор катары ажары ачылып республикага кеңири таанылуусу, дасыгып калыптануусу мына ушул Ош студиясында иштеген учурга туура келет. Ордолуу Ош республикага дүңкүлдөп, дүңгүрөп эле чыга келди. Бир чети кыргызга телевидение жапырт жаңы кирип, сыйкырдуу өнөрдөй анын дөөлөтү, ооматы ашып-ташып, эл арасында өтө кадырлуу эле. Ал кезде өз ата-энесине ишенбесе дагы эл теле, радиого, гезитке абдан ишенчү, сыйлашчу, ыбаа кылышчу, коркчу. Анткени, ар бир сын материал териштирилип натыйжа чыкчу, жаза алышчу, иши жакшы болсо макталып көтөрүлүшчү. Иш кызык, түйшүгү түмөн, кадр аз. Бирок, мыкты кадрлар жан аябай катуу иштешти. Ар биринин ишке болгон кумарлануусу, жигери ошончолук күчтүү болот. Чыгармачылык ич ара атандашуу, ич күйдүүлүк дагы бар эле. Бул жылдар эженин тагдырында бактылуу, ташы өйдө кулаган, сүйүүгө балкыган сүйүктүү жар болуу жылдары болуу менен бирге, турмуштун тажаал сыноосу дагы болду.
Төрөп түшүп тургандыктан алар үч балалуу болушту. «Жакшы түмөндөгөн миңге керек» болуп кесибинин шарапаты менен Шарапат эженин диктор катары даңкы таш жарып көрүнгөндүн көзүн кызартты. Жанын койбой сөз айтып, «бир имере кучактап койнума алып жатсам, меники болсо» деген ууру кыяз ошол кездеги советтик-партиялык (азыркы «демократ», бизнесмендер) жетекчилерде басымдуу болуп ар ким ага жармашты. «Көчкөндө төөсүн комдоп, өөрүүдө үйүн оңдошчудай» жетсем дегендер астынан тосуп гүл сунушту, жанга жагым кооз сөздөрдү сүйлөштү, асмандын башын убада кылышты, канчасы артынан аңдышты. «Күлүккө күн салганча, байталга бак берсин» деп, өз сүйүп алган жарына канаат кылбай, көзүнө чөп салгысы келген жүрөнөөктөр ага ачыккандай жабыша берип тажатышты. Анан «одоно мамиле, орой мүнөздү жаратат» болуп көбүн кагып-силкип салса дагы ач кенедей жабышкандарын коюшпады. Жаңылыштыгыбы же жаштыгыбы: айтор, ушу дарбып, артынан чуркаган аягы суюктардын кылыгын күйөөсүнө жашырбай, даап ачык айта албады, жашырды. Күдүк сөз күчөгөн сайын «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) деп сүйүүдөн өрттөнгөн күйөөсү кызганычтын каражаңжалын чыгарды. Ал дагы душман көзүнө тирек, калка, намыз болуп «катыны жакшы жигиттин, кайда жүрсө көөнү ток» деп аялынын абийирин арам менен адалдан ажыратып чындыкка тике кароонун ордуна эркектик сокур намыска алдырды. Аялынын этегине эрбешкендердин ириген оозунан чириген сөз чыгаарын, кээси «мышык майга жете албай жатып сасык дээрине» ичтен түшүнүүнүн ордуна, бүлүнүп отуруп берди. Жаш бүлөө «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк алдында» боло албай, эрегишип ыдырап ары кетип, бери кетип турушту...
Өзүмдүн «Насыя нике» деген китебимде жазганым бар: «...Биздин коомдо адамдагы сулуулук-кор, аны талашат, басынтышат, уурдашат, акыры жеп тынышат. Эч кимиси сулуулукка суктаналы, аздектейли дешпейт ага жетели, алалы, тырпыратып колдонолу дешет, акыры талкалашат. Көтүн көкбөрү тартышат. Тарп кылат. Оору жугузушат, аракеч кылышат, көп нерсеге аргасыз мажбурлашат, анан шылдыңдашат». «Сулуу аял-трагедиянын баш каарманы, өмүр бою кызганычтын, көралбастыктын, барктабоонун токмогун жеп, азап чегип куугунтукталып жүрүп өлөт же жалап болот». «Сулуулар өздөрүн коргогонду билишпейт, ошон үчүн кор. Дүйнөнү өздөрүндөй таза, сулуу кабыл алгандан алданышат. Боё. Ач көздөр алардын көкүрөгүн кирдетет, жасалмалуулукка үйрөтөт. Сулуулар сулуулуктун азабын, мээнет-мүшкүлүн тартып жүрүп өтүшөт. Улуттук сыймык экенин өздөрү дагы билишпейт. Кыргыздын таланттуу далай мөлсулуулары сулуулуктан жапа чегип ит өлүм менен өлүштү» (75-бет). Мүмкүн, амалкөй сулуулар деле кездешээр. Бирок, сөз таланттуу сулуулар жөнүндө. «Ар нерсеге ашык болгончо, бир нерсеге машык бол» деп кыргыз жөн айтпайт көрүнөт. А «сулуулуктун түбү-кор» дегени эмнеси?
* * *
Атактуу дикторду көбү урматташчу, сыйлашчу. Арасында чындап жетине албай «жаман көздөн, жаман сөздөн» сактагандар дагы бар эле. Жаш сулуунун ооматы келип жер баспай турган менен, көкүрөгүн ачыштырган андан башка дагы арман күүсү бар эле. «Төшөктүн тардыгы-тардык, көңүлдүн тардыгы-кордук» дегендей, жан дүйнөсү жабыкты. Экөөнүн ортосундагы ажырым экинчи жактан активдешип, эми сымбаттуу Намазбекти башка аялдар колдон талашып, койнуна жатканга кумар болушту. Шарапат Шарапат болуп кемелине келип турганда машиналарын казкатар алдына тартып аны жула талашса, эми кычагансып, эрин аялдар көрүнө азгырып, арак жуткуруп, артынан ээрчип ойноштукка өздөрү кол сунушту. Жубайлар экөө тең сымбаттуу, сулуу болсо ал дагы куу турмушта азап көрүнбөйбү. Максаттарына жетиш үчүн «аялың муну менен жүрөт, тигини менен жүрөт, минтип атат, тигинтип атат» деген ушак айыңын көбөйтүп бузуп атышты. Экөөнүн жалындаган арзуу сезимин кызганыч, таарыныч ээлеп, таң аткыча териштирмей, бири бирине актанмай, бири оор үшкүрсө, бири буркурап ыйлап, бир элдешсе, бир урушуп азан-казан болуп атты. Тирешүүлөр күчөдү. «Алышкандын ичинен, алсызы калат күнөөгө» болушпады. Экөө тең жалындап жанып турган убагы. Кызганыч сүйүүнү талкалай турган эң айлакер, коркунучтуу жоо курал экенин билишсе дагы, эбин табышпады.
Кыргызбай «жылуунун муздашы бат, муздактын жылышы кымбат» деп бекер айтпайт. «Окшошконго мушташкан» болуп кызганычка арак ааламаты аралашты. «Ичкилик арты өкүнүч», мүмкүн, ит арак аралашпаса дагы турмуш башка нугуна бурулат беле, ким билет. Арак-экөөнүнүн сүйүүсүнүн орду толгус чоң трагедиясы болду. «Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат азабын» болуп, анын ичкен арагынын азабын, кордугун үйбүлө тартты. Жабыркашты. Жаш үйбүлөгө-кызганыч, арак жана бузукулук аралашкандан өткөн катастрофа жок да. «Түсү ирдүүдөн түңүлбө» деген макал, сыягы, биздин элде арак чыга электе чыкса керек. «Турнадан бий койсоң, кыйтуу кетпейт башыңдан» болуп, бүгүн арактан азап чекпеген, кор болбогон үйбүлөө барбы? Анан, Арак Бий көңүлдүн гүлүн тебелеп тепсеп күлүн көккө сапырды. «Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош» болбодубу. Дөөлөт толгоноордо ачуу акшыңдайт эмеспи.
Көркөм көрөңгө мезгил тандабайт. Чыгармачылыгы кычап жанталашып жазып жүргөн учуру. Кээде шык дагы көөрү төгүлгөн устадай кыйчалыш учурда оргуп-баргып төгүлүп эсти эңгиретет. 1970-жылы анын «Бул менмин, апа!» деген спектаклин кыргыз телевидениесинде Кыргыз Республикасынын эл артисти Амантай Ниязалиев коюп, элге чыгармачыл жүзүн ачып берди. Анын аңгемелери мезгилдүү басма сөздө, альманахтарга жарыялана баштады. «Шылтоого шынаа табылып» көтөрө чалуулар, жабышуулар кайра көбөйдү. Жубайынын итиркейин, жинин келтириш үчүн атайын гүл көтөрүп чуркап чыгып, эрин көзгө илбей бетинен өбүүчүлөр, калп көшөкөрлөнүүлөр, бура бастырбаган жалпактоолор, катынпоздор отко май чачкандай кылды. Кызганычтан жалындаган эри аракка күчүн чыгарды. Үйдө күндө ааламат, кыяматкайым. Шарапатка жетпей калгандардын жаманатысы, чагымы муну менен эле бүткөн жок. Ушакка, каралоого туруштук берүү дагы чоң эрдик! А бирок, ал эрдикке жүрөгүн жанчып ким чыдай алат? Даңктуу бүлөөлөрдүн талкаланганы дал ушул жердеги түйүндө. Намысы бар шаа, эр жүрөк, кең көкүрөк жигитти аял ушерден чындап эңсейт...
* * *
А түгүл Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тил факультетин бүтөөрдө баягы анын ычкыр кашатына жетпеген эрендер дөгүрсүп аны мамлекеттик экзаменден кулатканга абдан аракеттеништи. Мыш кылгысы келишти. Таланттуу катындардын убал-сообунан коркпой аны оюнчук кылгылары келгендер көп болот. Азыр дагы жакшы, бири-бирине оппозициядагылар жеке кызыкчылыгы үчүн бири-биринин бузукулугун ачып аны каршылашына күч, курал катары колдонушат. Анын бүлөөсү бузулабы, бузулбайбы, сөз болуп калбайбы алардын иши жок, пенделик мүдөөсүнө жетпеген соң, теңсинбей койгонунун азабын тартырып өч алыш керек! Басынткысы, багынткысы келишет. Көк жал аялдар бар экенин энешпейт. Бирок, өз сулуулугуна өзү курмандыкка чалынып, жазыксыз жаза тартып турса дагы көк беттенди. Көгөрдү. Айтканынан кайтпаган ит кыялы кармады. Зачет, экзамендерин билимине жараша тыңгылыктуу койдурбай түйшүк тарттырып, салпактатып артынан ээрчитишти. Дүйнөдө жакшы адамдар бар, ошолордун аркасы менен убагында Тагаев, Бессоловго окшогон ак ниет, интеллектуалды барктаган инсандар жардам бербесе, балким, окуусун бүтпөй деле калмак экен.
«Көрүп койсо күлдү деп, күлүп койсо сүйдү деп» деген арсыздардын бирге экиге кошуп жаманаттылоосунун туу чокусу бу болду: «Шарапат Турдакунова Кытайдын шпиону экен, Оштун туалетинен түйгөн чачына каткан аппараты менен Кытайга сигнал берип жаткан жеринен кармалыптыр» дешкени эл-журтка дуу дей эле түштү. Бул ыкма аны далайга тамтаңдатты, шагын сындырды, аңдууда калды. 1976-1980-жылдарга чейинки «шпион» аттыккан кезинде КГБдан корккон тууган-тушканы, жакын санаалаштары ага такыр жолобой калышты. Аны кайгы басты. Бир гана курбусу-Ош жибек комбинатынын токуучусу, ошо кезде Жогорку Советтин депутаты болгон Наталья Боронбаева гана корккон да саткан да жок. Мамилесин үзбөдү. Диктордун ошондо адамдарга болгон ишеничи бир сынды. Көрөалбастар тарабынан атайын уюштурулган мындай шанташ Түркмөнстан, Казакстанга чейин угулуп ал жакта которулуп чыккан жаткан чыгармалары тып токтоду. Тыю салынды. Чыгармачыл санаалаштары дымып калышты. Анын жазгандарын эч бир басма басканга даабай «бакпай балээңден» деп жалаадан коркушту. Чыгармачыл жолу бир топко буулду. Бат эле элдин ага болгон шаабайын, суктануусун суутабыз дегендер аракетин уланта беришти. Ал кесиптин курмандыгы боло берди.
Сыягы, ушерден «шпион» дегендеринин бир илинчеги бардай. Көрсө, кичинесинде таштап кеткен өз атасы уйгур экен. Бирок, эне жааты кыргыз болгон соң тайлары тарбиялашканын, өстүргөнүн билгиси келишпеди. Ал убакта идеология күчтүү болуп Кытай менен жаман мамиледе тургандыктан, Уйгур автономиялуу чөлкөмү менен байланышы бар деген кыязга жакындатышкан окшойт. «Шпион» десе эл ишене турган өтө актуалдуу курал эмес беле. Чынында, совет мезгилинде эл шпиондон коркчу, жек көрчү. Кинолордон, китептерден шпион кармап, биздикилер дайыма жеңгенине канча моокумубуз канбады. Ачык айтылбаса да ушул тымызын «ал уйгур» деген өгөйсүнтүү, четке түртүп кою, сыртынан басынтууну сезиле калганы бар. Аны мен «ынак» кесиптештеринин оозунан далай кулагым чалган. Анан «шпион» сценарий боюнча азап тартат. Бут тоскондордон, өзүнө мергенчилик кылгандардан өзүн коргой албай же эрин колдон талашкан ойноштордон, арактан тартып ала албай ичинен күйүт тартып ооруйт. Тоголок арызга, ушакка, шыбышка шыктанган КГБ эки күндүн биринде аны, жолдошторунан бери суракка алат. А «шпион» шпион эмес экенин канкакшап айтып Москвага, ЦК КПССке чейин жазат. Аялдар ишин караган космонавт Валентина Терешковага арызданат, жардам сурайт. Анын Кытайдын шпиону экенин далилдей албай КГБ суй жыгылат. Илинчек табалы десе алардын шоруна же өзүнүн бактысынабы, Шарапат эже кытайча же уйгурча бир ооз сөз билбей кууратат. Жогору жактан ишаарат болдубу же өздөрүнүн көзү жеттиби, акыры, КГБ анын шпион экенин далилдей албай тынышкан соң деле эл оозунда күдүк сөз кала берди. Анан оңойбу, темирдей катуу идеологиясы, тартиби бар, колтоюп дүйнөнү титиреткен СССРден эле шпион чыгып Ош студиясынан чыгып сүйлөп атса...
* * *
Аракка биротоло ооп алган жубайынын жүрүш-турушу бузулду. Бирөөнүн үстүнө кирип алды. «Катын эрден чыкса да, элден чыкпай» ызадан муунду. Намысы тепселип кан жутуп турса дагы сыр билдирбеди. Сүйүүгө чыккынчылык арына келтирди. Ким үчүн таза болууга умтулчу эле? Ортодон кара мышык аралаган соң чөктү. Күчүн ыйлап жазган чыгармалардан чыгарды, бирде күйдү, бирде сүйдү. Башка кесир баарынан жаман эмеспи. «Жуурат төгүлсө жугу калгандай» ортодо чиедей балдар турса, оңолоор деген үмүт курган көңүлдө сакталат. Бир жолу мен оңуту келгенде Шарапат эжеден тамашалап сураганым бар: «Ошончо дүңгүрөп, көзгө түшүп, колдон суурулуп турганда анча-мынча жаңылып жазган жоксузбу?» десем бир каткырып алды да: «Адамдын бузукусу адам» деген чын. Күйөөм тигинтип баса бергенде, эрегишип ортодон азгырылган учурум болду», – деди. Бирок, «өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» экенин кеч түшүндүбү же бир нерсени алдын ала сездиби же балдарынын убал-сообунан корктубу, айтор, кыя албай «адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң» дегендей, күйөөсү өз бүлөсүнө келди. «Калган көңүл качкан куш» болуп орто коолдоп калган эле.
Көп өтпөй Намазбек автокырсыктан каза болду. Табыт башында эженин көз жашын көлдөтүп ыйлап турган сүрөтүн көрүп жүрөк сыздады. Көкүрөгү күйүттөн арылбады. Кантсе дагы жолдошу тиреген тирөөчү эле. Ишенген дубалы урап түштү. Анын мөгдөгөнүн көрүп көрөалбастарынын жүзү жаркыды, табалашты. «Шпионго» ушул керек эле. «Бычактын мизинде оодарылган дүнүйө» ушундай оопасыз экен го...
* * *
Болуп өткөндөр аны стресске алып келди. Кан басымы көбөйүп, башын көтөрө албай ооруп жатты. Арманы аттын башындай эле. Анын көзү жаштан арыла электе, күйүтү тарай электе «сүйгөндөр» албарстыдай кайра артынан ээрчишти. Аялы өлгөн же ажырашкан, ажырашпагандар бири аялым бол десе, бири ойнош бол деп көрбөгөнүн көр кылды. Кезек талашып, кызганып, гүл сунуп кара, ак, сургулт волгаларын жиберип күчкө салгандардын көпчүлүгү чоң кызматкерлер эле. Башынан эле сулуу кыз, алгыр куш, мыкты ат элде талаш туудурат эмеспи. Даңктын туткуну болгон шордуу сулуу бу дүйнөдөн кечип салайын десе балапандай жөжүрөгөн үч наристесин кыяалбайт. Булар дагы томолой жетим калабы? Өзүнүн тирүүлөй жетим өсүп мээнет, түйшүктөн арылбаган жаны аздык кылабы? Же арка-бел тутаар өз тууганы болбосо.
Биринчи сүйүүсүнүн трагедиясы аны эстен тандырды. Чыдатпай ооруган башынын азабын тарткан соң, а кездеги башкы врач, кийин саламаттык сактоо министри болгон Бекмурза менен санаалаш болгондуктан ага келди. Арманын айтты, ден-соолугуна даттанды. «Өзүң дарыла, сага гана ишенем» деди. Экөө акылдашып, чарчаган нервди дарылоого киришти. Өзү келип нервооруган жерди дарылай турган ооруканага жатты. Баарынан чарчаган, тажаган ал ден-соолугун чыңап, эс алып чыкты. Мунусу кийин «ургандан тап берген жаман» дегендей, ич күйдү кесиптештерине түгөнгүс күл азык болуп: «ал психдиспансерге жатып чыккан» деп шыбырашып, табасы канганга шарт түздү. Бул сөз өзгөчө жаңы келген кызматкерлерге жашырын сыр катары айтылат. Бирок, өзүн көргөндө жадырап-жайнап, жаркылдап учурашып, жармашып бетин өпкөндөр мындай чыгып катыра жамандашат. Дегеле, чыгармачыл адамдар, окумуштуулар, жаны тынбаган саясатчылар, өлүп-тирилген чыныгы бизнесмендер өтө чарчап чаалыкканда, түмөн түйшүктөр акыл-эске көп жүк түшүп нерв жукарганда, жабыр тартканда нерв ооруканасына дарыланаары кадыресе көрүнүш. Нервди дарылай турган жер болгон соң чындап акылы айныгандар да келет. Бирок, бул жерге көрүнгөндүн баарын жинди деп кооптонуу же атайын ушак таратуу бери эле болгондо, оору кадырын сыйлабагандык, адепсиздик.
1982-жылы күйөөсүнөн түбөлүккө ажырап, артынан баягы ажыкыс сөздөр ажырабагандан кийин кайра Фрунзеге (Бишкекке) үч баласы менен келип түштү. Үй жок. Дагы талаада калды. Баса, Ош телевидениесине Шарапат Турдакунованын ордун басып жылдызы жанган дагы бир диктор Анаш Кадырова калды. Кийин далай «Ыр кесенин» көркүн ачып, адабий-музыкалык көрсөтүүлөрдү алып барып жүрдү. Жеке мүдөөдөн алганда анын дикторлугу үй-бүлөөсүнө зыян гана алып келди. Же көптүн көзү тийдиби? Бирок, сагынганы-микрофон. Ал үчүн микрофон-бакыт, аны көргөндө ээлирет, толкунданат. Чыгармачыл жандүйнө өтө татаал, катаал дагы. Чечилбеген, көзгө көрүнбөгөн түйүнчөгү көп, түйшүгү түмөн, дайыма кызылдай мээнет коштоп жүрөт, өзүнчө жандуу оору. Гүлгүндөй чагында он жылдай башы ачык жүрдү. Бойдокчулукта жалган ушак көп болот экен, эми накта кызыл өрттүн ичинде калды. «Эри жокко этеги да душман». А кезде азыркыдай эркин мораль, этика жок болчу. Көзөмөл катуу, тоголок арыздын күнү тууп турган учур. Эмне деп гана жамандашкан жок, ким көрүнгөн сөз айтып колунан тартпады. Ырсактабады?! Жел сөздөр желип жортуп жүрдү. Бирок, эч кимиси анын дагы бактылуу болууга укугу бар экенин, сүйүүгө жана сүйүлүүгө адам жараларын, анын дагы бир пенде экенин эстешкен жок. «Жаман сөз жан кейитти». «Жакшы сөз-суу, жаман сөз-уу» тура. «Турмуштун туткасы аял» болгон соң, илгери үмүт менен кол сунгандар көңүлүнө туура келбеди. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп кантсе дагы бир суу кечип нике көргөн жубан оңой менен киши жактырбады. «Калың токойдон камчы сап табылбагандай» көңүлүндө болсо да, жанга курбу, өзүнө ылайыктуу, балдарына баш көз боло турган жар табылбады. Тим эле көңүл ачыш үчүн артынан чуркагандар самандай сапырылды. «Жакшынын кылыгы артык, жамандын былыгы артыктарды» көрдү. Эң негизгиси, белин ийип чыгармачылыгына назар таштады.
* * *
Көшөрүп эмгектенип «Алтын дарбаза», «Толкундар» деген китептерин басмадан чыгарды. Айтылуу Гайып паңсаттын уулу, саяк уруусунун таланттуусу, кыргыз телевидениесинин чоң билермандарынын бири, Республиканын эл артисти маркум Балташ Каипов анын «Жаңы жомок» деген спектаклин чоң ийгилик менен койду. Бул драмасы республикалык драматургдардын конкурсунда кызыктыруучу сыйлыкты жеңип алган. Шарапат Турдакунованын «Аргасыз сапар», «Өгөй» радиодрамалары, «Ак куулар сени сагынаар», «Жашыл жамынган көчө» деген повесттери турмуштун чындыгынан алынып жазылган. Жарыкка чыгарууга даярдалып басмада жаткан «Жогорку нотадагы сөздөр» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Прости меня незнакомка» деген орусча китеби, «Арман» повесть, драмалар жыйнагы анын чыгармачылык жолунда түйшөлүп келатканын айкындайт. Чыгармаларында бу жалган дүйнөнүн ак карасын ылгап, абийир, ыйман, дегеле турмуштун көп кырдуу сүрөтүн тартып ойго салат. Ар биринин өзөгүндө турмуш чындыгы жатат. Сезим кылдарын черткен автобиографиялык мүнөздөгү образдар дагы жок эмес. Бу киши диктор катары көрүүчүлөрдүн аңызында болгон менен, адабиятчылар анын чыгармачылыгын электен калыс өткөрүп өз баасын бере элек. Баамымда, эл дагы Шарапат Турдакунованы айжаркын диктору катары билген менен жазуучу катары окчун билгенсийт. Мүмкүн буга чыгармаларын өз убагында чыгара албаган «шпиончулук» жеке тагдыры дагы көлөкө түшүрүп, себеп болгондур. Отуз жылдык чыгармачылык өнөрүндө артист катары радиодо жүздөн ашык чоң, кичине ролдорду ойноду. Эмгеги бар болсо дагы убагында алчу наамын ала алган жок. А мүмкүн, азыр дагы кеч эместир...
Жалаң ушак айыңдан тажаган ал жалган айыптардан кутулуу үчүн турмушка чыгууга көңүлдөнөт. Бар тобокел дейт. Экинчи бүлөө күтөт. Жубайы кезинде республикага таанымал белдүү кызматкер эле. Чыны калканч издеди. Жолдошу Абдыкасымдан айбыгыштыбы ушак тыйылды. Ага жетпей жүргөндөр «тандаган тазга тийиптир» болуп, «бизди чанып жүрүп өзүнөн отуз жаш улуу чалга тийиптир» деп ич күйдү сөздөрдү чыгарышты. Бүлөө жаңыртуу оңойбу, анын дагы оомалуу-төкмөлүү жактары арбын болот тура. Айтылуу акын Алыкул «отуз жаштын ары жагында таза сүйүү жок» экенин туура айтыптыр. Өгөй ата, өгөй бала проблемасы далай көз жашын төктүрдү. Болоор болбостон чыккан ыйкы-тыйкы аны алсыратпаса кайратына кайрат кошкон жок! Житип кеткендей эл көзүнөн оолактап «ушу жетимдер качан адам болуп өз колунан өзү аш жээр экен» деп тилек кылып саргарды. Жаш, сулуу аялын кызганган абышканын кыялы бир шумдукка айланып, айласын кетирсе дагы чыдады. А мүмкүн жаш сулууга чындап арзыган чыгаар... Ортодо кылыгы көп Каныкей деген кыздуу болушту, анан көрүп ал, абышка чындап төгүлдү, эбедейи эзилди наристесине. Анда деле популярдуу кишиге айла жок турбайбы, артынан күдүң-шыбың сөз чыгып, «айрымдары» абышканын кудуретинен шек санашты. Ишенбей келип атайын көргөндөрү болду. Кыскасы, факты изилденип жатты... Кыздары бой жетип, турмуш куруп неберелүү кылды, уулу эрезеге жетип билим уулап жер кезип жүргөн учуру. Ал Абдыкасым ава менен 15 жыл чогуу жашады. Абышкасын жерге берди. Каныкейин караан тутуп кала берди. Жесир... Жесирчиликтин көр азабы өзүнчө түйшүк. Өмүрдүн өктөө учурлары өтүп быйыл эже 50 жашка толуптур. Бир аз бырыш аралаган жүзүндө сулуулуктун катаал азап-тозогу жазылгансыйт. Бүтпөй калган сүйүүнүн уландысын жашоодон издеп келет...
Достарыңызбен бөлісу: |