ЭРКИНДИК ЭЭН ООЗДУКПУ?
Ар нерсенин нугун таап, жүйөөсү менен сөзгө алган чебер стилист,
баамчыл журналист Сүйүн Курмановага арнайм
Автор
«Теңсинбегенди Теңир сүйбөйт»
(Кыргыз макалы)
Курсташтар
Бир окумуштуу таанышымдын «стресс болгондорду жаакка чаап эсине келтирет» дегени эсимде калыптыр. Газета коомдук пикирдин супарасы болгондон кийин алардын аркалаган жүгү кандай акталып жатат? Эркиндикке жеке менчик гезиттер эле эсирдиби? - деген түйшүктүү суроолор келет. Кандай эркиндик болбосун ал абсолюттуу эмес, салыштырмалуу. Өткөөл учурдун башталышында публицистика жүгөндөлгөн пас аң-сезимди эркиндикке чыгаруу үчүн коомдук аң-сезимге чоң таяныч болуп жалпы улуттук, мамлекеттик көйгөйлүү маселелерди титирете алып чыгып өз дөөлөтүн көтөрүүдө кудайды карабагандай чоң роль ойногону чындык. Бара-бара акыркы эки-үч жыл жалпы нерселерден жекеге өтүп кайра жалпы орток нерселерди бөлүп-жарып трайбалисттик, корпорациялык, жеке амбициялык максатта саясатташтырылып, ар коктунун камчысын чабууга ыңгайлашып аны менен өз менчигин түптөп, кадимки алып-сатарлык баскычка түшүп, куйтуңдап эл арасын иритип-чиритүүгө өттү. Бир кезде адабиятчы С. Жигитов айткандай, «көпчүлүк кыргыз интеллигенттери көңгө чыккан кунарсыз, көрксүз гүлдөр - түбүнөн сасык жыт уруп турат» («КМ», 1996-ж N9) дегендей абалда өзүнө-өзү кошкуруп, корстон болуп, менменсип көпкөн ахывалга чейин жетти. Анткени, ар ким өз намысын коргоп укук коргоо органдарына барууга чыгынбагандан кийин «кой дээр кожо, ай дээр ажо болбой» «өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илди».
Эл бекеринен «кортук кочкор кой бузат, корто киши эл бузат» дебесе керек. «Жамандын өзү тең болбосо да сөзү тең» болуп «адамзаттын акыл-эс эркиндиги адатта бардык эркиндиктен, саясий, социалдык-экономикалык эркиндиктен алда канча жогору турарын биз тарых мисалында жакшы билебиз» деп публицист-жазуучу С.Раев айткандай, акыл-эс эркиндигин жүйөөсү менен аздектей албай эркиндик деген ушу деп айрым гезиттер конкреттүү, аттуу-баштуу айымдардын алаасына саякат жасап, төшөгүн ачып, көчүгүн эле аңдып жатып калды. Кээ бирөө үчүн чоң эркиндик ушул экен! Кыргыз элинин жакшыларына тиешелүү толеранттуулуктан, «улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген нускасынан караманча кол жууган журналист-гинекологдордун тобу пайда болуп «бөдөнөдөн куйрук издеген» шизофреник жазгычтардын ооматы келиппи же ааламаты түшүппү айтор, ар ким өз деңгээлин коомчулукка көрсөтүп турган учуру.
«Ар бир эркиндик өз чен-өлчөмү менен» (Томас Джефферсон) болгону оңго, Азия менен Европа илгертеден же жашоо-тиричилигинде, философиялык көз карашында, үрп-адат традициясында, атүгүл төшөгүндө деле зор айырма, өзгөчөлүк бар. «Казды туурап карганын буту сыныптыр» болуп акыркы чындык, жетишкендик Европадан бетер аларды обу жок туурай берүү бери болгондо өз элибиздин өзгөчөлүгүн урматтабагандык. Көп же гумандуу нерселерден алар Азиядан өтө артта турушат. Болгон деңгээли ошол.
Интеллектуалдуу прессада профессионал журналисттердин өз этика, нравасы, принциби башынан акыйкат-чынчылдыгы, дүйнөнү туура кабылдашы, калыстыгы, фактынын ишенимдүүлүгү, жеке инсанга кадыр-барк, урмат менен мамиле кылуучу, жеке адамдын укугунун кол тийбестиги, зордук-зомбулукка, адамзатка чоң трагедия алып келүүчү жарыша куралданууга, жек көрүүчүлүктү жана бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербей каршы күрөш жүргүзүүсү экенин башы бышкандар билет. Эгер жеке адамга келсек кылмыш кылганда дагы укук коргоо органдары тактап, текшерип бир жыйынтыкка келмейин жалпы айыптоого, каралоого эч кимдин укугу жок. Экинчиден, жеке инсандын өз макулдугу болмоюн анын жеке, ички турмушуна кийлигишип элге жарыялоого эч бир журналисттин, басма сөздүн бүдүрдөй укугу жок.
Эгер бул бузулса ал адамдын абийирин төгүп кадыр баркын кетирүүгө жатат. Бул мыйзамга жат нерсе. Атайын максат менен эле жазмагер акчага сатылуу менен тар мүдөөнү көздөп калпты кошуп жазса ал журналист жоопкерчилик көтөрүп кылмыш жообуна тартылууга тийиш. Үчүнчүдөн, жеке инсанды дискриминациялоо багытында дене жана психикалык кемчилигин жарыя салганы үчүн басма сөз айып тартып, автор-жазмакер жоопкерчилик тартат. Төртүнчүдөн, эгер журналист калп айтуу, шантаж, провокация жасоо үчүн информация алып жарыяласа, андан тымызын пайда көздөө же амбиция күтүп кадыр барк топтоого аракеттенсе (бул оңой менен далилденбеген балакет) журналисттин нравасына жана укугуна доо кетет, бул үчүн кылмыш иши козголуш керек. Антпесе, личность катары жетилбеген, авантюристтик жол менен баю жолуна түшкөн, кокту-колоттун ураанын бакырган трайбалисттик уңгудагы «саясий» партиялардын бир ууч амбициялуу кутумчул тобу басма сөздү элди араздаштыруучу, көкүтүүчү, өчүктүрүүчү кызмат кылып мамлекеттин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө коркунуч келтирет. Эгер бул процесс өтө активдешип агрессиялык түс алса, бөлүп жаруучулук ачык пропагандаланса, ал басма сөздү жабуу, конкреттүү автор- журналисттерди юридикалык жоопко тартуу иши мамлекет тарабынан козголуп укук органдары ишке ашыруусу зарыл. Демократия, мамлекеттик бийлик бул анархия эмес. Бешинчиден, басма сөз өз жоопкерчилигин сезмек тургай өз функциясын билбей калган абалга келиптир, тыю салынган мамлекеттик жашырын сырларды сактабай акчага азгырылып, жеңил сенсация көздөп, эптеп гезити элге өтүш үчүн жарыкка чыгарганы үчүн катуу айыпталып, жазаланууга тийиш. Чындыгында бул жагынан мамлекеттик бийлик алсыздыгын көрсөтүп басма сөздү мыйзам чегинде көзөмөлдөбөй өз стихиясына таштады. Анан ээн өзөнгө ким түшкүсү келбесин, ар ким өз билгенин кылышты. «Бизде ок менен куралданган оппозиция жок, ой менен куралданган оппозиция бар», «Гезит саясаттын куралы, бирок, ал саясатчылардын куралына айланбашы керек» (С.Раев) экендигин таназарга алышпады. Жогорку Кеңеш мыйзам чегинде көзөмөлдөп басма сөздөгү шантажга, каралоого, ушак айыңга тыю салып, тизгиндеп коюнун ордуна, кайра өздөрү ич-ара чабышып, ырксыздыгын көргөзүп, бири-бирине айгак чыгып, жаман жоруктарына өздөрү машырланып журналист-авантюристтерге топурап жем болуп беришти. Жагынышты, кээси чамынышты.
Ал эми мамлекеттик бийлик арзан приватташтыруунун эйфореясынан чыга албай, кана жута албай басма сөздөгү каралоого, ушакка, шантажга агына ак, көгүнө көк деп өз убагында реакция жасап конкреттүү жооп берүү, көзөмөлдөө менен элге маалымдап коюнун ордуна маани бергенден эригип, тумшугун жеңине катып дымып отурду. Мына ушунун өзү коомчулукта азыркы бийлик жөнүндө бир жактуу пикир түзүүгө ыңгай шарт, өбөлгө түздү. Алтынчыдан, өкмөттүк орусча, кыргызча гезиттер официалдуу материалдарды информация түрүндө гана берип, ал эми саясий-экономикалык жана башка маселелерди калыс, жүйөлүү, оң терс жагын ачык айтып терең талдаган аналитикалык материалдарды бере алышпады. Ошондон улам «өрдөк жокто чулдук бий» болтуруп демилгени жеке менчик гезиттерге алдырып ийишти. Эркин басма сөздөр каалашынча чалчактап, шантаж жасап авантюристтик жол менен «жарымы төгүн жарымы чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн» болгон көбүртүп-жабыртма мамлекеттик былыктарды, бийликтегилердин кемчилигин, жеген кредиттерин, обу жок арзан приватташтырууларын, өндүрүштө артта калгандыгын жазып чекеге чыккан чыйкан болуп, утурумдук барк топтоп алды. Далилдеп бетин ачкан ачуу фельетондорду өкмөттүк гезиттер тайсалдап жазбай, жалаң ийгиликтерди санаган бир жактуулуктан популярдуулук боюнча артта калышты. Мамлекеттик басма сөз бийликти сындашы керек. Конструктивдүү сынга сөзсүз орун берүү зарыл, ансыз газета элдин кызыкчылыгын туудурбайт. Плюрализм болмоюн окумдуулугу артпайт. Ал эми жеке менчик гезиттерде тору айгырдын кишенегени, ак токтунун маараганын, кандектин сийгенин деле чоң саясатка айлантып чычкан болуп чыйылдай берери бештен белгилүү. «Гезиттерде чачкын ой-пикирлер жана өзгөрүп турма позициялар мүнөздүү. Бул биз жашап жаткан мезгилдин өзгөчөлүгү» (политолог М.Шеримкулов). Ушул өзгөчөлүктөр эмнеден пайда болууда? Мүмкүн анын тамыры журналисттердин акчага сатылгандыгында болуп жүрбөсүн? «Биринчи куймак бөлтөктүү» дегендей, жалпы мамлекеттик, улуттук нерселер биякта калып, рынок жана анархиянын шартында жеке амбициялар асманга атырылып эшик журналисттердин көбүрөөк пайда болушу таң калычтуубу? Калем чалакайымдыгы күчөдү. Азыр Кыргызстанда эркин басма сөз баюнун, капитал топтоонун куралына айланды. А капитал топтоп баюга келгенде уят-сыйытты жыйыштырьш коюп, кара өзгөй бетсиздикке массалык түрдө ачык жол беришет. Андай жерде интеллектуалдуулук, принциптүүлүк жөнүндө сөз караманча болушу мүмкүн эмес, ага сатылуучулук гана мүнөздүү. А сатылган жерде ыпластык, бузулуучулук, кордоо, маскаралоо, жалаа, ушак-айың, бурмалоого кеңири жол берилет. Балит гезитти ак жолго чакырып үмтөтүүгө болбойт. Анткени, анын негизин коммерция, соодалашуу, жеке амбициялык кызыкчылыктар түзгөндөн кийин өлсө дагы дили агарбайт. Сатып алышың гана мүмкүн. Пулдун кулу. Ага болбой эле кээ бирөө салтка таянып, абийирге чакырганы күлкү келтирерлик. Сатылгыч гезиттерде эч качан профессионализм, аргумент, идеялардын альтернативдүүлүгү, плюрализм, жалпы улуттук кызыкчылык, дөөлөт, ыйыктык, адамдын кол тийгистигин сактоо жана башка деген болбойт. Ошон үчүн калыстык, объективдүүлүк, принциптүүлүк алар үчүн жат нерсе. Жеке кызыкчылык баарынан жогорку турат. Уялбай эле вульгардык, реакциялык макалаларды күчөтүп салт туткан гумандуу элдин башын айлантып, бүйрүн кызытат. Бара-бара бул көнүмүшкө айланып эл дили бузулуп көнөт. Опуза, арамзалык, ушак-айың жана башкалар негизги жанрга айланат. Акырындап ким бай болсо ошого тилектештигин билдирген капиталдын кызыкчылыгын көздөйт. Дагы бир өзгөчөлүгү: эркин гезиттер эгер фактылар болсо, анда фактыны өздөрүнүн максатына ыңгайлуусун, ылайыктуусун гана тандап алат. Экинчиден, факт издеп убара болбойт, ага таянбай же тиги же бул маселелер боюнча ар кандай ситуацияга ылайыктыштырып өздөрүн караөзгөй ушагын чындык катары жарыялап жиберишет да эч качан анын жоопкерчилиги үчүн жооп беришпейт (иш козголбосо).
Кыскасы, маалымдуулуктун мартабасын сатылма, кубулма жазгычтар булгап турушу мыйзам ченемдүү. Сатылма информациянын сели каптайт. Акыл калчаганга кожоюн жол бербейт. Журналисттердин жоон топ армиясы согуш талаасында душманды ылгабай өлтүргөн сыяктуу жазган фактыларды аныктабай, тактабай чампалай берүүсү менен натыйжада, кыйшык күзгүдөн чагылдыргандай далай материалдар терс кайрык алып обого сызат. Мафия менен тилектеш болгон үчүн алар акчадан газеталарга садага беришет. Өзүн актабай калган учурда ошону менен жан багышат.
Ар элде өз рухий дүйнөсүн, түбөлүктүү атрибуттарын кастарлоо, анын ысык-суугуна күйүп бышуучу темалар өтө арбын. Алар жөнүндө сөздөр тайыздап же көңүл бурулбай же гезиттер күнүмдүгүн ойлоп акыйнек айтышып, кермур болуп бүт эле «саясатташып» кетти. Позициялары, принциптеринен эмес, жеке мүдөөлөрүнөн төп келише албай калышты. Калыстык, терең талдоолор неге азайганынын шарты ушул. Неге регионалдык «максат», жеке амбиция биринчи орунга чыкты? Бул коомдун деградациясын ким токтотот? Мыйзам керекпи?
«Журналист баарыдан мурун личность болуш керек». Эл трибунасы делген басма сөздө плюрализм болуу менен бирге протекционизмди, жердештикти, жеке аймактык кызыкчылыкты көздөбөгөн салкын кандуу сын, мамлекеттик масштабдагы терең аналитикалык материалдар азайып, уруулар аралык, ушак-айың, бирин-бири өлтүрө каралоо, шекшинүү, кайым айтышуучу терс эмоциялар басымдуу болуп баратканы уруучул деңгээлдеги кыргыз эркин басма сөзүнө мүнөздүү көрүнүш. Өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуу үчүн комплекстүү омоктуу сунуштар дээрлик жок экени альтернативдүү президенттик шайлоодо кандидаттардын жармачтыгынан даана көрүндү. Конструктивдүү иштиктүү сунуштардан көрө бир беткей тыңсынуу, табалоо, айыбын чукуу, какшыктоо, какмалоо, ашынуу, чоң-кичине интрига көп экенин эл көрдү. Көрсө деле кээ жерде куру намыстын, жек-жаатчылыктын курмандыгы болушту. Ушуну басма сөз калыс таразалап элге таасын жеткире алышпады. Жан тартканын көкөлөтө бир беткей мактаса, жектегенин жерге киргизе көкбөрү тартышты. Чөнтөгүндө диплому бар көпчүлүк журналистпис деп жүргөндөрдө профессионалдуулук жетишпейт, өң карама, өз алдынча пикир-жыйынтыгы жок жагалданмалар. Ошондонбу, кээде мага массалык маалымат каражаттарында, гезиттерде тоголок арызчылардын тобу иштеп жаткандай туюлат. Аныкталбаган бир жактуу пикирлердин күзгүсү, трибунасы болуудан сөз жаратуучулар качан бошонот? Журналисттин коом алдындагы кесиптик, атүгүл граждандык жоопкерчилиги кайда? Сын жазуунун этикасы, маданияты деген профессионалдык чен-өлчөм жеке менчик эркин улуттук басма сөздө эмдигиче калыптана элек. Кыйыны кызыл чеке болгонго өтөт. Коомдук пикир жана журналисттик көз караш, позициянын айырмасы эмнеде? Журналистикадагы пессимизм, жеке амбицияга алдырып долулануу, шизофрения канчалык деңгээлде коомго зарылчылыгы бар? Журналист жеке кызыкчылык менен мамлекеттик кызыкчылыкты кандайча айкалышытырууга тийиш. Деги же акчага жалданып дөгүрсүп, кул болуп дамбалды аңдыган журналисттердин ойлоо масштабы бүгүнкү окурманды алымсындырабы?
Ашмалтай трайбализмди жасалма жандандыруучулар, бийликке жетпеген ич-күптүлөр, регионалдык «саясий топтор» басма сөздү бийликти тартып алуунун же мамлекеттин коопсуздугун, бүтүндүгүн деградациялоонун, дискридациялоонун стратегиялык, идеологиялык куралына айлантууга тийишпи? Эркин гезиттер дегеле эркинби? «Кожоюн» эркинби же жалданган журналисттер эркинби? Макул, «эркин» басылмалар мамлекеттик бюджеттен, мамлекеттик бийликтен «эркин» экен, а бирок, алар коомдон, гуманизм салтынан, нарк-насилден, традиция- нравадан, үй- бүлө, инсандык жоопкерчилигинен эркинби? Кыргыз журналистикасында кесиптик тазалык канчалык деңгээлде? (эгер ал бар болсо...) Өмүр бою кесиптик көксөгөнүм: кыргыз журналистикасында журналист-международник, журналист-экономист, журналист-юрист, журналист-социолог, телерадио журналисттер атайын адистешсе деп тилек кылып үмтөтчү элем, тилекке каршы, эркин менчик басылмаларда жаңы квалификацияга ажырымдалды, «журналист-калкалоочу», «журналист-жазалоочу», «журналист-кудайист», «журналист-жалапист», «журналист-трайбалист», «журналист-жанбагаров» жана башка. Кыйла адистешип энесин эки тыйынга сатууга даяр. Тутунган, коргогон, башын сыйган- ыйыгы жок. Пул берем десе баласынын боорун жейт.
Качан окусам эркин басма сөздө «оппонентерди» мазактоо, аракканада отурушкансып басмырлоо, кордоо, омуроолоп өч алышмай, бир беткей саясий нике кыю, саясий кызтекелик, тыңдысынуу, элди алдоо басымдуу. Арасында жылт эткен табылгасы барлары дагы жок эмес. Эйфорияга чекит коюп, прессанын эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү зарыл, кандай болгон күндө дагы териштирилген, такталган, ылганган материалдар «жети өлчөп бир кесилип» жарыкка чыгышы керек. Журналисттер өз кадыр-баркына доо кетирбей иштеши деле зор сыймык. Байыркы даанышман бабабыз Баласагын «акча үчүн ар ким иштейт, а акыйкат үчүн ким иштейт?» деген талабы бүгүн дагы өтө актуалдуу. Айдакталган иттей пулга кул жазгычтардын бири-бирине асылуусу, бирин-бири түбүн түшүрө чукуп талкалоосу, ажылдоосу акыркы эки жылда өз апогейине жетти. Кой деген бир эстүүсү жок ушундай да коом болобу? Демейде аксакал-көксакалмын деп жеңин түрүнүп дасторкон жээктеп төрдө отурган аксакалдарды аң алып кеткенби? Тигилердин тирешүүсүнө, кайым айтышуусуна эл турат табасы канып, шыпшьшып, «суктанып» «көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин» болушуп. Мындан алар абийири төгүлгөндөн башка утаары не? «Жаманды жасоол койсо, жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат» болуп, ыйкы-тыйкылыктан элди көзүнө илбей, бирин-экин көзгө көрүнгөн басма сөздөр журналисттик тилектештик принцибин тутунгандын ордуна «бирөө акырдан жем жедим, сен бок жедиң» болуп этикага, нравага сыйбас жол менен ыпластыкка, өчүгүшүүгө жол берүүнү эпидемиялык мүнөздө өрчүтүүдө. Акыйкат камчысы кимдин колунда? Бул эмне буржуазиялык Кыргызстанга вульгардык прессанын күргүштөп киришиби? Ушундан эле жыйынтык чыгарсак «адеп алкагына кирбегендер, оозуна келгенди оттогондор, пас тартма аксымдар, сөз эркиндигинен эсиргендер алда канча көп экени» (С.Жигитов) өкүнүчтүү.
Учурдун күрөө тамырын туя билген, саясий-экономикалык маселеде баамчыл, кылдат, аналитикалык ой чабытынын кенендиги, жүйөөнүн молдугу, өзгөчө, коомго калыс сынчыл көз менен караган интеллектуалдык прессага буржуазиялык Кыргызстан качан жетер экен? Эл атына жамынып калемди камчыга айландырып кекенген, ойдо жокту бар кылган калпыс сындардын мезгили өттү. Эгер сын туура болсо, жалпы иштин кызыкчылыгын көздөсө анын ат көтөргүс куну бар. Басма сөз качанкыга чейин өз нугунан ашып бейжайлана жээкти жайпай берет? Деги эле эркиндиктин этикасы эмне? Же эркиндик ээн ооздукпу? Анын парзын, жоопкерчилигин ким көтөрөт? Менин өзгөчө капа болгонум эркин, жеке менчик гезиттердин элге эмгеги сиңип, мамлекеттик ишмер болуп, элге төбөсү көрүнгөн кыргыздын аттуу баштуу бир топ кадырлуу кыздарын обу жок маскаралап, кордогону болду. Байкасам баары эле алардын алаасына жабышыптыр. Тээ артта калган жортуулчул кылымдарда эркекти улук тутуп үрп-адатта өзүнүн сабырдуулуугу, кең акылы менен төш койгулап алдыга чыкпаган көтөрүмдүү зайыптардын тарбиясы каяша айтканга, текеберденбегенге жол бербегендей эле, демейде иште, акыл-эс талашында астына ат салдырбаган айымдар «аяк астыга келгенде» үй ичи араздашып, ичинен кан өтүп зилдеп, кыжаалаттанып, коломтосу бузулуп турса дагы салт жолун бек кармап (аны эси жоктор корккондой көрөт) элге чыкпай унчукпай отуруп беришти. Алар кой-ай, деп коер эр азаматтарга, элине ишенди. Эл эмне, өз кызынан башкага эч качан түбү түрүлө урмат көрсөткөн эмес. Таба кылышпаса дагы шыпшынып, түйшөмөлдөнүп коюшту.
«Эркин Тоо» гезити бийликтегилердин кызыкчылыгынан алыс чыкпаган гана коомдук пикир түзө алат. Ал эми «Аалам» гезити жомокко окшогон окуяларды примитивдүү жана чала сабат жазгандан деле жалка элек. Көпчүлүк билген «Асаба» гезити караламан калктын таламын көздөп, бей бечарага жан тартып көрүнгөнү менен иш жүзүндө анын позициясы профессионалпык платформада эмес, жеке бир адамдын амбициясын канааттанттырган каражат боюнча калууда. «Кыргыз маданияты», «Кыргыз руху» гезиттери өздөрүнүн ички ишенимине караганда, тышкы саясий фактылардан көбүрөөк көз каранды экендиги эч кимге жашыруун эмес. Бөтөнчө «Кыргыз маданияты» өзүнүн профессионалдык айдыңы-адабиятты таза эле унутту» (Кубатбек Чекиров, «Кут билим» 1995. ноябрь «Өксүгөн демократия», Кыргызстанда басма сөз эркиндиги ээн ооз, ээн бaш эркеликке айланып бараткан жокпу?)
«Асаба» акыркы эки жылда жалпыдан жекеге бөлүнүп, өтө майдаланып, сапаты төмөн түштү. Улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын аркалаган омоктуу ойлорду, иштиктүү орток идеяларды, жүйөөлүү сунуштарды берген жалындаган позициясынан тайып регионализм, корпорациялык жеке кызыкчылыктар, амбиция, кордоо, көтөнизм алдыга чыкты. Мурун берип жүргөн бир аз ойкуп кайкыса да плюрализмдин негизиндеги объективдүү, калыс дооматтар кан буугандай токтоду. Уңгу болмоюн мүчө уланбайт, аларда уңгусуз мүчө улоо көнүмүшкө айланды. Чоң проблемалардан ат чабым алыс калган соң (азыр деле бирин-серин түбөлүктүү нерселер бар) жеке көйгөй, өз амбициясын ат тезегин кургатпай көтөрмөлөп өздөрүнө корстон болуу абалына келди. Анда иштегендер акырындап эшик ырчыга айланды.- Популизм күч; мурунку аброюн азыркы акча үчүн болгон жанталашуусу тайыздатып, майдалап жибергенин өздөрү элес албай, кыйытып сын айткандарды баса калып жалпылап талап, ички жан дүйнөлөрүндө кашыктай плюрализм жок, өздөрү сынга көтөрүмсүз, байымсыз экенин далилдеп жөндүүсүнө деле жөнсүзүнө деле тил кайрып безенип турушат. Чычаласа да муюп, өздөрүнүн кылганын сезип калуу, сөзгө жыгылуу түк жок, баары бир кайра тиш салат. Анан элге жүйөөнү, салт-санааны үйрөтсө кыйын, ошол өздөрүндө бар тура деп «байкуштар» ишенет.
«Байдыкын байкуш аяйт» болуп аялдардын алаасын корукка алып газетанын «гаремине» айлантты. «Көп баскан аяк бок басат», эртең элдин «ишиң эмне , сен кимсиң» деп кагып коерун элес албай дөгүрсүштү. Жабышканы, сонуркаганы, куштарланганы, мазактаганы, акактаганы, көзү катып изилдегени, ошонун аркасы менен жан бакканы да - аялдардын «ажайып» алаасы. Жеке менчиктик эйфориядан талыкшып сасуунун, бирөөнүн шорунан же өздөрү чыгарган жалган ушагынан спекуляция жасоонун, дердеңдөөнүн, кордоонун, мактоонун да чеги болот эмеспи, «мактанчаак гезиттердин» конкурсун уюштурса баш байге ээсин тапмак. Эми бул сөздөрдүн артында силерден мага келеер опуза, жеме, жалаа, кырк катмарлуу кытмыр ушактардын чоң «порциясы» бар экенине бөркүмдөй ишенем. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей, ычкыр кашат жагынан өзүңөрдүн абалыңар кандай? «Жыртык тешикке күлүп» «чокой кийген бут куурайт, чогоолго тийген кыз куурайт» болуп жаткан жокпу? Бирөөнүн үйүн бузуп, жаманаттылап, төшөгүн ачып жатканда «ийнедей тешиктен шоонадай шамал киреерин» билген жок белеңер? Бирөөнүн очогун бузуп, бүлөө ынтымагына суу бүркүп келекелөө укугун силерге ким берди эле? Түбүн түшүрө жазуу ар бир ачынган адамдын колунан келет. Бирок, «боз балдарга» теңелбейт. «Кыз боозуп алып энесин коркутаарын» билип туруп минтип силерге тиш салбай «бакпай балээңден, жакпай жалааңдан» деп деле койсом болмок, бирок төбөсү көрүнгөн кыргыздын келин-кыздарынын абийирине кол салып, жеке турмушуна кийгилишип, намысын тепсеп төшөгүн ачканыңарга жийиркендим. «Too арасын суу, эл арасын чуу бузат». «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң» деп илгери бирөө баласына күйгөн имиш. Салт-санаанын башын аттап (жалпы, турмуштук көрүнүштөрдүн иши башка) аялдардын дамбалын туу тутуп, ар кайсы жерге желек кылып чапкылай берген шермендечилигиңер жаккан жок. Жаман көрсөңөр жармаңарды бербей, таарынсаңар Таласка көчүп кеткиле. Аялдардын намысын коргогон эр азамат араңардан чыкпаса, дале таш бараңга башымды тосуп мен чыгайын. «Колуңар менен кылганды мойнуңар менен тартпасаңар» өз убалыңар өзүңөргө! «Эсиңер барда этегиңерди жапкыла». «Кыздуу болсоң кыя сүйлөбө» деп эл деле бекер накыл чыгарбагандыр. Эр бүлөөгө тагдырлаш, муңдаш, коюндаш болгон аялзатын «ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын» кылгандык өтө эле кесир болуп жүрбөсүн?! «Бардык элдердин энелери ыйык» (Эренбург). Силер кордогон ар бир аял-үйдө эне, жарөкөр жар, бирөөгө сыйланган эже, карындаш, дагы бирөөгө-келин, кудагый-кудача. «Эгер энелер, зайыптар жүдөө тартса, силерге кор болуп намысы тепселип атса буга ошол элдин эр азаматтары, мыктылары күнөлүүдүр?!» «Кой аксагы менен миң», арасында силер аңдыган, эңсеген аягы суюктар, тарткылыктан ошого муктаж болгондор да бардыр. Ал деле адеттен тыш нерсе эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш, эң негизгиси - ар ким өз жашоосун өзү билет, ал ар кимдин жеке иши! «Диктатордук эркин коомго өтүүнүн бир опуртал жагы – элдин ошол эркиндикте жашай билбегендиги. ...Бирок, дүйнөнү бир аз гана абийирдүү, кайраттуу жана адилет адамдар сактап калат» (М.Тетчер) деген чын көрүнөт. «Обу жок орсок уй саайт’’ болуп айымдардын этек алдына кирип эрмектеп мазактаганыңар үчүн эле башыңардан эч ким сылабайт. «Камышты бош кармасаң колуңду кесет» болуп адамдын ыйыгына кол салган өкүм зордугуңар эси жоктук эмей эмне?
1997-жыл, январь,
«Обо» газетасы
ШУМКАР КӨКТҮ КӨКСӨЙТ
«Эңкейгенге эңкейгин
Атаңдан калган кул эмес,
Какайганга какайгын
Пайгамбардын уулу эмес»
«Жабыккан көңүл жаралуу,
сатылган көңүл саналуу»
«Балалуу үй – базар,
баласыз үй – мазар»
«Билим жугушат,
бакыт оошот»
«Бактылуу менен басташпа, таалайлуу менен талашпа»
«Билгенин үйрөтүү – бийиктик»
«Билимдүү башка бир арман,
билимсиз башка миң арман»
(Кыргыз макалы)
Топчугүлдү мен бийик тоого төмөнтөн жонуна бир кап туз көтөрүп, ал жетпей жаткансып, «керектүү таштын оордугу жок» деп, бир топ асыл таштар салынган баштыктарды жалгыз сүйрөп, каржалып келаткан жан кечти мээнеткечтей элестетем. Анын себеби бар. Жанын оозуна тиштеп, асыл башына миң түйшүк арткан оңойбу? Күчтүүнү да аяш керек учурунда. А бизде күчтүүнү талайт, же бүт түйшүктү анын мойнуна үйүп салат. Кээде талант катары да, аял катары да сыйлай турган кадырлуу инсандар болот. «Каада-сыйдын ичинен, кадырлашкан нарк улуу» дегендей, мен урматтаган, сыйлаган кутман адамдын бири, таланттуу жазуучу, журналист, окумуштуу Топчугүл Шайдуллаева. Ал кыргыз журналистикасын сапаттык жагынан көтөрүүдө чоң салым кошту. Анын макалаларына аналитикалык терең талдоо мүнөздүү. Топчугул жаратылышынан эле ойлоо чабыты кенен, көтөргөн маселеси масштабдуу, ынанымдуу. Кокус ал журналист, жазуучу, илимпоз болбой калса, анда кыргыздын нарктуу, салттуу, даанышман асылзаадасынын бири болмок деп ойлойм.
Дидар кайып экен, туз насип буйруп, Роза, Топчугүл, Фатима, Зияда бешөөбүз кыялыбыз, мүнөзүбүз беш башка болсо да, биринчи курстан баштап үч жыл чогуу бир бөлмөдө жашап, беш жыл бирге окудук. Ал ошондо эле ар нерсеге обу жок чарпылбаган, оор басырыктуу, жети өлчөп, бир кескен ойчул, ашыкча шаан-шөкөттү сүйбөгөн, зээндүү, акылгөй, арык чырай, узун бойлуу кыз эле. Окууга өтө ынтызар, ынтаа койгондуктан, баш-оту менен берилип, казып окуду. Элден башкача күндөп-түндөп окуду. Ар нерсени ар тараптан терең талдап, ынандыра алган чечендиги, чеберчилиги бар эле. Байкашымча Топчугүл дээринен, зээнинен тубаса аналитик, буга алган терең билими кошулду. Мен аны эстегенде эсиме Баткендин өрүгү түшөт. Педагог ата-энеси Баткендин Кара-Булак айылынан посылка кылып, өрүк салып жиберишчү. Ал өрүктөр базардан биз көргөндөй тунук сары, кызгылтым болбостон, таңдайына салсаң эрип кеткен даамы, жыты башка, эттүү, каралжын, табигый өрүктөр боло турган. Данеги бармактай, өзгөчө таттуу. Келген посылканы сактап жегенди билбей, ар кимге ооз тийгизип, таратып, талап-булап жеп, ошол келген күнү түгөтчүбүз. Ал мага аңгемелерин кээде көрсөтө калчу, бирок, ал башка курсташтардай көбүрүп-жабырып ыр окуп, жазгандарын жарыялоо үчүн басма сөзгө алып чуркабай, талкууга салбай, өзүнүн чыгармачылыгына өтө этият, токтоо мамиле кылды. Аны сөзсүз окумуштуу болот деп боолголочумун. Кыязы, буга анын бизди уктатпай, таң аткыча китеп окуп чыккан адаты түрткү болсо керек.
Анын публицистикалары, илимий макалалары жаш адамдын инсандык жетилүүсүнө, ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгына, адамдык жоопкерчиликти сезе, туя билүүгө үйрөтөт жана калыс, жүйөлүү ой-пикири аркылуу ар бир адам бул дүйнөнү өзгөртө аларын, ага кожоюн болушу керектигин сездирет. Пикирлердин контрасттуулугун чагылдыруу менен бирге аны философиялуу жыйынтыктайт. Деги эле профессионал журналист эл көзүнө дароо урунуп, көп катмарлуу окурмандардын урматына татып, аны издеп окууга мажбур кылат эмеспи. Кокус жазбай калса, аны окурман жакшы акындай күтөт, талаш проблема болуп калса, ал эмне дээр экен деп, анын позициясы менен эсептешет, кээси сынаакы көз карашта турат.
Топчугүл жеткен мээнеткеч, өтө сабырдуу адам, ал өзүн аяганды билбейт. Исаак Ньютон: «даанышмандык – бул мээнет, мандай тер» -десе, мамлекеттик ишмер Д.Сарыгулов: «Мээнет адамды тазалаган, аны тарбиялаган, этегинен кармап жерге байлаган зор күч», – деп таасын айтыптыр. Эки уул, бир кыздын энеси Топчугүл үй-бүлөлүк турмушунун, чыгармачылыгынын, педагогдук ишинин түмөн түйшүгү жетишпей жаткансып, башына дагы кошумча мээнет илип, өзү иштеген БГУ жогорку окуу жайында «Даткайым» клубун негиздеген коомдук ишмер.
Бул клуб келечекте лидер болуп чыга турган кыздарды тарбиялайт. Кишинин тынчын алган, азапка салган көйгөйлөр жөнүндө ой жүгүртүшөт, көз караштарын калыптандырышат. Түрдүү жолугушууларды, семинар, тренингдерди уюштуруп, өздөрүнүн активдүүлүгүн өстүрөт. «Даткайым» клубу социологиялык изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Бул кыздар карылар, таштанды балдар, ажырашып кеткендердин көйгөйлөрүн иликтеп, изилдөө, үй-бүлөлүк мамилелердеги муун ортосундагы проблема, үй-бүлөнүн коомдогу ролу, орду тууралуу кызыктуу иликтөөлөрдү жүргүзүшкөндөрү өтө кызык. Гендер маселеси боюнча НПОлор менен бирге: баалуулуктар маселеси боюнча муундар байланышын талкуулашат. Чынында, кыргыз кыздарына лидер болуш кыйын, ал үчүн бала кезден бойго, ойго сиңген айрым каада-салттын эрежелерине баш ийбөөгө туура келет. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дегендей, жакшы саамалык катары уюшулуп, аракеттенип жүргөн жаштардан, мүмкүн, келечекте «тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыраан барлар» чыгаар. «Жакшы тилек- жарым ырыс», «аракеттин берекети болоор». Аларды таптап, үндөөгө алган устат Топчугүлгө рахмат. БГУнун социология кафедрасынын башчысы, социология илимдеринин кандидаты, жазуучу, журналист Т. Шайдуллаева 2-3 жылдан бери республикалык коомдук-саясий аялдар гезити болгон «Тунук» газетасынын башкы редактору катары мээнетин, азабын жон тери менен тартып, чыгарып келатканы не деген эрдик!? Жанын төрт чарчы кылып, буга кантип жалгыз жетишет, качан үлгүрөт деп таң калам. Эсил Асан ырдагандай «дүйнөдө сенин барың эстей калсам, көңүлдүн көп капасы унут калат...» дегендей, анын көңүл маселесине убакыты бар болду бекен? деп ойлоп коем.
Топчугүлдүн чыгармачылыгы менен тереңирээк студент кезде эмес, мен 1991-95-жылы Мамлекеттик телерадиодо башкы редактор болуп турганда тааныштым. Бир нече аңгемелери радиодон уктурулду. Ошо аңгемелеринин айрымдары «Жан шерик» китебине киргизилди. Бир дем менен окуп чыктым да, абдан ыраазы болдум. Бөксөргөн көңүлдөрдүн түрдүү оош-кыйыш кырдаалдарын, уйгу-туйгусун кудум көзү менен көрүп тургандай элестүү жазыптыр. Аңгемелери кудум төрт сап япондордун гимниндей кыска, так, айкын. Эстетикалык таануу боюнча ылгоо сапатына эгедер экени ушундан даана көрүнөт. Эски адатыбыз боюнча орустарга салыштырсак, турмушту реалисттик чагылдыруу жагынан Топчугүлдү кыргыз Шукшини десе болот. Кээ бир мажүрөө жазуучулар ошол төрт саптык турмушту 158 куплеттен турган грек гимниндей чоюп, керип, ыгы жок нерселерди толтуруп жазат эмеспи. Анын «Долу», «Жан шерик», «Газенек» , «Күндөштөр», «Декан», «Сойкуканада», «Кнопка», «Бадырак», «Арман», «Ийикчи» жана башка аңгемелери адамды ойго салган, тарбиялык мааниси күчтүү турмуштук санат. «Дүйнөнү ким жылдыргысы келсе, ириде өзүн өзү жылдырыш керек,» – деп даанышман Сократ айткандай, «санаасын ичине батырган, сабыры бекем» тың жазуучу Топчугүл ириде өзүнүн жан дүйнөсүндө, акыл-эсинде чыгармалары аркылуу адамдарга таасир этип, дүйнөнү жылдырыптыр. Кыргызстан жазуучулар союзунда алгачкы китеби экенине карабай акыйкат баасын алып, анын «Жан шерик» китеби 2000-жылы «Жылдын мыкты китеби» деп табылганы кубанычтуу көрүнүш болду. Топчугүлдүн айныгыс өз стили, дүйнөгө болгон өзгөчө дүйнө таанымы, кайталангыс жазуучулук өнөрү бар. Ал кыргыз адабиятына дасыккан жазуучу катары келип кошулду. Адабиятта өз жолун тубаса таланттар, талбай изденгендер, өтө күчтүүлөр гана сала алат. Арийне, кыргыздар илгертеден жаш өзгөчөлүгүнө карабай «анын жолу улуу» деп бекер кастарлап, каада тутпаса керек. Ошол өзүң салган жолуң кут болсун, Топчугүл! «Жан шерик» китебине айтылган калыс пикирлер аны далилдейт. Анын жазуучулук жүзүн тагыраак ачыш үчүн айрым пикирлерди келтирели. Белгилүү адабиятчы, жазуучу Д.Казакбаев мындай деп жазат: «Менин бет мандайымда сюжетти турмуштун накта чордонунан сузуп, анысын уста сыяктуу кынаптап өз формасына куюп, каармандардын элестери аркылуу татына ыкма, стили менен чагылткан, окурмандарды аргасыз ишендирген, өз бооруна жакын тартып, сүймөнчүлүккө түрткүлөгөн, кадыресе жазуучу турду». «Бул -Топчугүлдүн таланттуулугу, чоң аракетчилдиги, изденүүсүнүн, көркөм сөздү көз карегиндей аздектеп, калем баркын бийик санаган мыкты сапаты, ыймандуулугу, ниетинин актыгы. Акырында, бул Топчугулдун колуна калем түшүрүүгө чарк-чамасы жетпей, кандай шартта: барчылыкка маарып калабы же кыйынчылыкка мөгдөйбү, баары бир, кандай гана жашоо тиричиликке туштук болбосун, чыгармачылыкты ойлоп, жазбай кое албай турган табият беренеси эле». «Т.Шайдуллаева «Кыз бала», «Жан шерик» аттуу эки китеби менен кыргыз адабиятына ишенимдүү кирди. Аңгемелери көлөмү тейинде кыска, мазмуну терең өзгөчө автор өзү туулуп-өскөн Баткен аймагынын этносу даана чагылып, көңүлгө жылуу дем урат, сүйлөм куралыштары так, тили бай. Аргасыздан ойго батасың, турмуш чындыгына көңүл каныгат, улутунтат, сумсайтат, кээде ыйламсырап, кээде аста секин жылмайып күлөсүң, каармандарына бирде боорун ооруса, бирде кыжырданасың. Аракеттерине шыктанып же ачууланып, ушундай мүнөздөр менде жокпу, анда тигинде кездешпейби деп, таалим-таасир аласың» («Азия нуру» ,№08(34), 2000-ж).
Чоң окурман, физика-математика илимдеринин кандидаты, «Аялдарга көмөк көрсөтүү» уюмунун төрайымы Р.Айтматова анын чыгармаларын бирден талдап, тамшанып чоң баа берди: «Чет өлкөгө сапарга баратып андан такыр алагды боло албай, самолет кандай келип жерге конгонун билбей калыпмын. Ар бир чыгармасындагы образдар, таң каларлык идеялар, адамды кош көңүл калтырбайт (эмнегедир Чеховдун аңгемелери эсиме түшөт. Канчалаган проблемалар, трагедиялар...)». «Бир канча адамдардын образында тазалык, ишенимдүүлүк жана мээримдүүлүк, кечире билүү, кандай гана кыйынчылык болсо да жеңип чыгуулар. Аялдар - үйдүн куту, алар эч кандай үй-бүлөнү ажыратпайт, алар үй-бүлөнү түптөндүрөт, өмүр бою кала турган өмүр көчүн улайт. Аялдар ушундай асыл жан экенин жазуучунун ар бир аңгемесинен табууга болот» («Азия нуру», №25 (51). 2000-ж.).
Кыргызстан маданиятына эмгек синирген ишмер, филология илимдеринин кандидаты, жазуучу, драматург Мырзабек Тойбаев тартынбай эле Топчугүл Шайдуллаеваны классик деп туура атаптыр. Өзүңүздөр баамдап, күбө болгула: «Т. Шайдуллаеванын жаңы чыккан «Жан шерик» аңгемелер жыйнагын окуй баштап, таштап кое албадым. Мени арбап алганы жаш автордун чыныгы турмушту жасап-түзөбөй, боегун боебой, бирок, купулга толгондой ошону менен бирге анын жогорку интеллектиси, акактай таза дили жана ар кыл каарманга мүнөздүү элдик элпек тили болду. Бал жыйнаган аарыдай көп изденгендиги, турмуштук ар башка түркүн-түркүн көйгөйлүү материалды таба билгени кызыктырды. Аңгемелери абдан кыска жана нуска, ой дүйнөсү бийик жана масштабдуу экен. Саясий-экономикалык, маданий-социалдык жактан мааниси күчтүү, курч коллизиялар ачуу чындык менен ишенимдүү айтылган. «Газенек» аңгемесинде автордун турмуштук позициясы айдан ачык: баш каармандын ички дүйнөсү кристаллдай таза, бактысын сактап калгысы келет. Демек жаштарга берээр тазалык, туруктуулук менен үй-бүлөсүн сактап калуу сыяктуу тарбиялык мааниси зор. Дагы бир аңгемеси «Долу» деп аталат. Бул чыныгы долу аялзаты тууралуу, окуп бүтүп, «баракелде!» деп, эзелтеден эңсеген сыр түйүнүн тапкандай, бир чоң рахатка батасың. Мындай долу байбичени жайкысын ашып-ташкан, тегерегиндегилерди бүтүндөй жалмап жутуп, ээ-жаа бербей, эч кандай күчкө башкарылбай калган дарыяга салыштырганы табигый зор күчкө ээ
Долу дарыя да, долу байбиче да экөө жаралгандан коңшу жашашат, суу ашкан маалда бул байбиче да «толкуй баштайт». Чалы же балдары саал эле айтканына көнбөй койсо болду, «дайрага агып өлөм» деп алкынат. Ошондо үйдөгүлөрдүн баары тең ичинен жаман көрсө да, тышынан билдирбей, кемпирдин көзүн карап, аны агып өлбөсө экен деп бүжүрөп калышат. Акыры анте берип тажашат да, кемпир өлөм деп сууну карай жүгүрсө да, эми барбай коюшат. Байбиче өлө албайт. Бул окуя автор тарабынан күлкү келерлик ситуацияда өзүнчө бир трагикомедия ыкмасында сүрөттөлөт, бирок натыйжада, акыркы иретте агып өлгөнү келгенде абышкасы эле күйүп, артынан келип, үйүнө алып кетип баратканда, келбеген келин-уулдарына таарынып, өмүр бою нааразы болуп келаткан абышкасына биринчи жолу ыраазы болот. Ошентип, абышкасын мындан ары эч капа кылбай жүрөйүн деген ой көңүлүнө кылт этет. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, кийинки эле жазда абышкасы да каза табат. Эми дайрага чуркаганын коет. Көрсө, кемпирди оолуктуруп, алкынтып дайрага чуркаткан абышкасынын деми тура. Бул чыгарма ушунча кыска, ушунча көркөм, ушунча оригиналдуу. Кылчаңдабай туруп эле кыргыз адабиятында жаңы жаралган классика деп кыйкыргың келет. Китептин атына коюлган «Жан шерик» аттуу аңгемесинде чоң энесиндей шариятка ишенген сүттөн ак келинчегинин балдарын багып үйдө отурганда көзүнө чөп салган эринин башка ойнош күткөнү онтобос оорусунун ызасы баяндалат. Акыры врачтын дарысы ал ооруну кетирет. Бирок, «Көңүлүнө көк муштум болуп түйүлгөн ызаны эмне кетирет?...» Бул суроого жооп табуу жалпы адамзат турмушундагы маанилүү маселелердин бири эмеспи. Жыйынтыктап айтканда, жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери биздин адабиятта өзүнө таандык үнү бар, турмушка новатордук көз карашы бар, нукура элдик элпек тил менен жагымдуу, назик жана мээримдүү жүрөгү бар келечектүү бир таланттын келгендигин далилдейт» («Тунук», №2(5), 31-январь,2001-ж.)
Белгилүү жазуучулардын, профессионалдардын Топчугүл жөнүндөгү пикирлери ушундай болгон соң, ага ылайым адабий сапары байсалдуу болушун тилейбиз. Жазуучу аталгандардын баары эле нукура жазуучу эмес, Топчугүлдөй түпкүлүгү, дээри, гени таланттуу жазуучуну башкага чаташтырууга болбойт. Жазуучу акындардын арасында эл акыны Майрамкан Абылкасымова айткандай «ар бир адам менсинет, куурай гүлгө теңсинет» болуп чын чыгаандарга чыгармачылык дарамети, таланты менен эмес, жалган атагы, же байлыгы менен атаандашкысы келгендер арбын. Эң чоң сынчы, сот, тараза, калыс - Мезгил. Ал баарын иргеп, өз-өз ордуна коет. Алдыга талант гана озот.
Өткөндө Топчугулдун «Айгүл тоого» деген ырына жазылган Апас Жайнаковдун обонун телевизордон көрүп, абдан кубандым. Демек, анын жүрөгү да ырчы торгой турбайбы. «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» дегендей, көп кырдуу талант жер алдындагы кендей өз мезгилинде жарк деп ачыла берет тура. Дегеле Топчугүл чыгармачылык табиятында бийиктикти, тазалыкты, аруулукту көксөйт экен. Анын бул тилеги ар бир чыгармасынын деминен сезилип турат. Көрсө, пендең түшкүр бакытын издеп жашайт экен, деле бул дүйнөдө бакытка маарыган адам бар болду бекен? Эмнеге адамдар оомат, бак-таалайга какап-чакап, тунуп жашабай, дайым эле дооматы көп турмушта түйшүк менен сар-санаадан, убайымдан башы арылбайт? Чиркин, турмуштун миң катмар кытмыр бүктөмүндө өкчөлүп жүрүп, «топурактан башкага тойгузбаган шум дүйнөдө» (Н.А.) «бакыт жакка келгенде жолум катуу» (Т.Аман) деп өксөгөндөрдүн ички дүйнөсүн миң алакетке түшүргөн сар-санаасын, болкулдаган, дикилдеген жүрөгүнүн түрсүлүн, турмуш гармониясын таланттуу жазуучу Топчугүл эң бир кылдат, чебер ачып бергени тамшандырып, суктантат. Өз чыйырына түшкөн жаркын талант, асыл баш жазуучуну оомат жылоолоп, адабий асыл наркта зоболосу көтөрүлсүн дегим келет. Бар бол! Шумкар гана көктү көксөп, көккө атылат, көктө эркин чабыт салат.
2002-жыл, март
«Асылзат» газетасы
Достарыңызбен бөлісу: |