* * *
Менин оюмча адам эркин болуш керек. Бирөөдөн басынбаш керек. Кордук көрүп, жаман сөз укпаш керек. Айрыкча үй-бүлөчүлүктө. Эркек аялды аздектеп сыйлоо, бардык жагынан кам көрүү, материалдык жактан камсыз кылуу, ар кандай терс таасирлерден коргоо керек. ж.б.у.с.
* * *
Азыр адамдар биз ойлогондой эмес. Көбү бузук, арамза, көрө албас, ушакчы, калпычы ж.б. Айрыкча айыл жеринде. Сиздин кээ бир сөздөрүңүз мага дем берет. Айрым бир кудайдын каарына калган: дүнүйөкор, мансапкор, идеясы бузук, жасалма мүнөз ж.б. ушундай адамдардан биз түбөлүк өйдөбүз. Ошон үчүн биз жашашыбыз керек.
* * *
Мен Сизди түшүнүп турам. Убактыңыз тар. Үйдөгү машакаттар, балдарга камкордук, аял түйшүгү, кызмат жоопкерчилиги, чыгармачылык ышкы... анан сезимге - нервге доо кетүү. Өткөн жолку кезигишүүдө бир саамга муңайып калганыңыздан улам көйгөйүңүздө өксүү, арман бар экенин сезгем.
* * *
Жашоодо бир адам аты бар айбан жүрөт дүнүйөнү тебелеп эсирип, жан дүйнөсү тар, бирок, байлык менен бийлиги бар. А бирөө жүрөт эптеп күн көрүп, бирок, жүрөгүнө бүт ааламды батырган.
* * *
Аман Токтогулов деген «тапан» айткан: -Ким көп окуп көп билсе-анын кубанычы аз, кайгысы көп болот-деп. Ал бирөөдөн укса керек. Негизи, чынында эле ушул туура болуш керек.
Сизге шаарда жашоо жагабы же айыл жеринде жашоо жагабы?.. Мен ойлойм ушул мезгилде, жалпы эле адамзат болгону олку-солку коогалуу, жетишсиздик ж.б. жагдайлар болуп турган кыйын кезеңде калк кайнаган, ызы-чуусу көп, кайда барса кезек күтүү болуп кыйынчылык менен күн көрүп шаарда жашагыча айыл жери жашоого бир кыйла жеңил го... Ал эми айылда акчанын көп деле кереги жок. Таза ава. Тамак аш кенен. Көмөкчү чарба болот. Жоопкерчилик анча жок. Лев Толстой өмүр бою өзүнүн гана мекенинде бир кылым жашап не деген шедеврлерди жазбады.
Шолохов деле өз эле айылында жашап өтпөдүбү. Ал эми биздин мыкты прозаик М.Гапаров өз айлында эле там салып алып, жашап-иштеп жатпайбы. Сонун аңгемелерди жазып.
* * *
«Сынган кылычтагы» Нүзүптүн түшү сыяктуу Сиз менен жолугушум өтө кыска болуп жүрөгүмдө өкүнүч калды. Жок дегенде бир күн кечке чогуу болсок эмне...
Ичкен тамак-ашын же акча-байлык жөнүндө кеп, салышат.-Эй, адамдар! Моцарт, Штраус, Репин, Перов, Михлука-Маклай, Сверцов, М.Горький жөнүндө билесиңерби? десем. Алардын биздин жашоого эч кереги жок. Алар сага керек-дешет. Ичимен тынып отуруп калам башымды чайкап. Айыл интелигенттери, мугалимдер көпчүлүгүнүн кругозорлору өтө начар. Өткөн мезгилдин таасири болуш керек.
* * *
Сиз менен бир эле саат чогуу болуш — мага бир жыл бакыбат өмүр сүрүү менен барабар.«Кайгыга салып агаңды, Картайган кезде жолугуп» деген ыр эсиме түштү.
* * *
Мен Сизге өтө берилген жакын адам катары муну айтар элем: сизге бийлиги бар, же байлыгы бар, же бир атагы чыгып жүргөн эркек аттуулар чалма ыргытуулары мүмкүн. Өзүңүздү-өзүңүз сактаңыз. Кыргыздын бир сонун белгилүү кыздары «булганып» калышып ошол жаман ат бүт элге айтылып калды. Сиздин жүрөгүңүз таза. Ошол таза жүрөк өмүр бою таза болуш керек.
* * *
Саламатсыңбы?
Сен бар үчүн жашагым келет.
Сен жок болсоң дүнүйө бөксөргөнсүп элестейт.
Кеч таанышканыма өкүнөм.
* * *
Кээде бир нерсеге капа болуп турганда сени эстеп жазылып кетем. Анткени — мени түшүнө турган кымбат адамым Сен бар эмеспи деп.
Сени менен бирге жашаштын өзү чыныгы бакытка жеткен менен барабар. Бир күн чогуу болуп баарлашуу — бир жылга өмүр узарганга тете.
* * *
Сүйлөшсөк, пикирлешсек бири-бирибизди толуктап турат экенбиз. Сенин ордуңда башкалар болсо көк тиктеп бышкырык атып калмак. Сендеги эң жакшы сапат-жөнөкөйлүгүң. Баа жеткис адамкерчилигиң.
* * *
Кандай гана мактоо сага жарашат. Сен ага толук татыктуусуң. Сен кыргыздын мурдагы да кийинки да эң атактуу кыздарынын бирисиң.
* * *
Өзүңдү көрбөй туруп чыгармаларыңды окуп алып ашык болгом. Сени сүйгөндүгүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Бирок, ичимден азап чегип жатам. Шота Руставелинин каармандарындай. Сен үчүн мен бардыгына даярмын. Керек болсо бул дүйнөдөн кечип деле коем.
* * *
Кыргыздын бир топ белгилүү адамдарын көрүп билип калдым. Алардын көпчүлүгү жашоодон кыйналып жүрүп өтүштү. Кээ бирөө кайыр тилеп калышкан. Качан көздөрү өтүшкөндөн кийин аларды даңазалап, көчөнүн, мектептин аттары коюп жатышат. Бул дүйнөдө бир гана сени угар элем. Мени бактылуу кылуу бир гана сенин колуңда. Сага таанышкандан бери мендеги илхам ойгонду.
* * *
Сенин ким экениңди билбей, баркыңа жетпеген пенделер да ушул турмушта бардыр, ээ?! Аттиң! Алардын көөдөнү сокур. Мен ойлойм бул дүйнөдө сени менден ашыкча сүйгөн адам жок деп.
* * *
Тирүүлүктүн кадырын билбей жүрүп бир күнү пенденчилик кылганыбызды сезбей, арман артып кайда кеткенибизди билбей калабыз. Дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Ван Гог сүйгөн кызына сүйүүсүн далилдеш үчүн кулагын кесип берген. Ал эми мен?..
Мындан көп жылы мурда таанышканыбызда балким тагдырыбыз башкача чечилмек. Сени мен дайым ойлой берем. Бассам-турсам. Тирүүмдө бирге болуп, өлгөнүмдө бирге жатсам-арманым бул дүйнөдө болбос эле.
* * *
Сенин мага айткан ар бир кебиң кымбат. Осуят катары кабыл алам. Улуу акылмандардын осуят сөздөрүндөй. Сен мага жол көрсөткөн ак шооласың! Көөдөнүмдө: «көкөй кестинин» муңдуу кайрыгы. Өткөн өмүрүмдүн текке кеткени, жалгыздык, бактысыздык, санаа тартып куса болом белгисиз бир сезимге. Өзүң айткандай бул дүйнөгө кээде туруп түкүрүп туруп басып кетким да келет. Бирок, кимге таарынып:... Кимге өчөшүп?
Капа болбосоң окуп кой, сага арнаган айрым шилтемдерим бар:
Күн асмандан өтпөйбү
Күндүн даты кимге өтөт?
Кереметим, күмүшүм деп,
Күйүп жүрүп мен өтөм.
Жаш болуп бармактайдан бирге өспөдүк
Жай түнү бирге олтуруп сыр чечпедик.
Алдымда азоо толкун агын дайра
Сен болдуң мен өтүүчү бир кечмелик.
Өтүптүр турмуш менен далай жашым
Тартуудур бир өзүңө алтын башым.
Кечигип тааныштык деп кейибегин
Келечек көптү күтөт карындашым.
Тутанып оттой күйүп жана албадым
Турмуштан түз жолумду таба албадым.
Алтыным капа болбой кабыл алчы
Калган бүт өмүрүмдү сага арнадым.
Сен бербесең тилекти жолум таштак
Серүүндө да ургандай ысык аптап.
Кайгыдан мөгдүрөгөн жүрөгүмдү
Карындашым, калтырбачы отко кактап!
Карындаш, калк сыйлаган өзүң бир кыз
Мен үчүн жанып турган чолпон жылдыз.
Атагың алыс кетти аңыз болуп
Ардактап турушпайбы жалпы кыргыз.
Мен сени ойлой берем, ойлой берем
Сага арнап ой гүлүнөн тесте терем
Тагдырдан татаал жолун аяр басып
Сен үчүн ыйлап келем, ырдап келем.
Эгер сен дайнын билсең мүрөк суусун
Айтчы, анда, бир сен үчүн табар элем.
Эгер мен мөл булактын суусу болсом
Дартыңа даба болуп берээр элем.
Кагылайын, кайда жүрбө, аман жүргүн!
Калкыбыз кадырлаган тоо гүлүсүң.
Аман бол, ай чолпондой карындашым
Атагың араласын дүйнө жүзүн.
Кечкурун көлгө бардым ошол күнү
Сен баскан изди басып, көлдү бойлоп.
Көгөргөн көл жээгинде отурганың
Элестеп Алыкулду кеттим ойлоп.
Эгер саа керек болсо дарылыкка
Берейин аянбастан көзүмдү оюп.
Келиндин жазгандарынан
Аттиң, бир кем дүйнө...
Анда деле оюмда Сен, дилимде Сен, алдыдагы максатым да Сен болчусуң да... Кайсы бирин айтайын. Кандай дейм, эми!
Аялдык алсыздык менен мен аны каалайм!! Ал эми акыл-эс менен арты кандай болот деп кылчактап корко берем. Экөө тепе-тең!!! Бирин бири жеңе алышпай келе жатат. Бирок, анын дайыма чалып, суранып, акыры сүйүп турушун өтө каалайм. Үнүн дароо тааныйм, баары жагат, аялынан кызганам,... Каалайм, каалайм, бирок, кантип, кантип? Маңдайыма жазылганы ушул экен да чиркин! Эрим жөн эле көлөкө, көлөкө. Анын кордугу өттү, тажадым. Кандай кылып турмушумду өзгөртөм, билбейм, билбейм, күйүп, күйүп кетем.
«Алдууларга кор болсо багың сынат, Алсыздарга кор болсоң шагың сынат» деген кадиксиз экен го. Казактардын бир залкарынын ыры эсиме түштү:
«Кан алдында сүйлөдүм
Кан кеспеди тилимди.
Журт алдында сүйлөдүм
Журт таппады кемимди.
Өз үйүмө келгенде
Ит көрсүн менин күнүмдү». Ошентип, «ит көрсүн менин күнүмдү» абалында калдым! Эмне кылам? Мындай азаптан, муңдан, аргасыздыктан кантип кутулам? 9.10.1990-ж.
* * *
«Суук сөздөн ырыскы кемип турат» деген чын окшойт. Кечээ менин үй бүлө күтүп жашагандан бери өмүрүмдө өтө чоң, абийир кечиргис окуя болду. Күйөөңдү сүйбөй жашаган, анын кыял жоругун жактырбай жашагандан ашкан тозок бул дүйнөдө жок болсо керек. Кийинки күндөрү турмушка нараазы болгондук, сүйбөй жашоонун тозогун түшүнүүнүн айынан анын кемчиликтери мурдагыдан да жаман оркоюп көрүнүп, анан дагы көр турмуштун башты жеген сөздөрү ортодогу мамилени ого бетер курчутуп жиберди. Кыскасы, толуп турган чөйчөктөгү ачуум төгүлүп кетти. Көрсө «бөксөргөн көңүл түз болбойт» экен. «Ичтен кетишип калган соң, жарашкандан не пайда?». 8.02.90
* * *
Айла канча жүрөгүм эзилип турат, бирок, бирок... эч нерсени өзгөртө албайм. Жашоодон жададым, жададым!!! Көргүм келбейт, кускум келет, арманым, арманым айтып бүткүс. Каргыш тийсин, убалым уктатпасын, бирок, азабы кайра мага түшөт го. Намысы жок байкуш тура. Мен өзүмдү сүйбөгөн адам менен кор болуп жашабас элем... Акыры айтар сөзүм кудай өзү ажыраштырсын.
Айла жок. Омар Хайамдын рубаилери жүрөгүмдөн сызылып өтөт.
«О көктөгү, таш боор кудайым!
Түк тийбеди сенин ыраа, убайың.
Кайгы-муңдан күйүп өчсө жүрөгүм,
Да чок басып, тартырасың убайым»-деп ал неге муңканды экен!? Ал дагы ушул куу тумшук турмуштан далай күйсө керек. Жанга батып сыздаганы эчендердин ичиндеги арманыдыр...
«Бул дүйнөнү бүт зомбулук башкарат, барбы чындык дагы мындан башкараак?» деп ал дагы муңканган тура. Эмнеге? Өтө кыйын абал. Эки анжы ой жеп бүттү. Ушинтип бирөөнү сүйбөй койсом не?! 22.11.1992-ж.
* * *
Ойлогон ой көп, кыстаган турмуш да күчтүү. Экөө тең басып турган оор жүк. Ал сөз менен сүрөттөй алгыс башка нерсе экен. Эч бир жан түшүнө, биле алгыс зор жүк. Ал жан дүйнөмдүн бул жашоомдо толбос көңдөйлүгү, мейкиндиги. Ал жан дүйнөмдөн мага керексиз, кийинки турмуштан пайда болгон, өзүм көрсөм, сезсем жийиркене турган жүгү - ички дискомфорт.9.01.1993
* * *
Дүйнөдө эң башкы нерсе сүйүү сезими окшойт. Сүйүп турсаң, сени бирөө сүйүп турса андан өткөн бакыт барбы? Бирок, ал сезимиң жашыруун болсо бакыты кайсы? Ал бакыт эмес кайгы! Сокур сүйүүдө арсыз кызганыч көп, бирин бири түшүнүп, ызаттап турса ээ. Ал эми сүйбөгөн адам менен жашоо андан өткөн эң оор кайгы, жүк!!! Ай, кудайым ой, карап туруп тим эле өзүмдүн денеме өзүм батпай кетем. Уктайт эле уктайт, өмүр бою уктап келет. Эмне кылам? Кудай ай ушул кеңкелестен өзүң жардам берип ажырат.
«Кыянат иштен муң калат.
Санаасын ичке батырган,сабыры бекем тың калат» деп жүрүп өтөмбү? «Абийирдин ичтен жанган чогу жаман» тура. Кантем? Ким менен сырдашам? Мындайда сырга бекем адам да табылбайт. Ой күйдүм да. Теңимди таба албаган кандай бактысыз адаммын. Бардыгына кор болдум. Кыргыздын кыйын деген кызы мен ушундай армандуу болсом калганы кантип жашап жатат болду экен? Турмуштан көптү доолап турган жокмунбу? 24.02.1993
* * *
...Бирок... кайсы бирин айтайын, эл караган өңдү, көз караш менен сүйлөшүүчү акыл эсти, курч тилди берип туруп, ушулардын баарынын башын байлаган коркоктук менен жалтактыкты жана аларга жараша бербеген жалкоолукту кошо берип коюптурсуң. ...Кандай өкүнүчтүү!
...Күйүп турам!
«Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа» деген сөз бекеринен айтылбагандыр... Сыртым кооз, ичим бош, көзүм күйүп турат, көөдөнүм күйүп турат. Деги тагдыр дегениң тамаша эмес экен го. Бирок, топук кылайын, абийир гана сакталсын... 25.02.93.
* * *
Ооруга кор болдум. Түнү менен кирпик какпай кыйналып чыгам. Үйдүн тынчын албайын деп сездирбөөгө, билдирбөөгө аракеттенем. Айтканда деле ажат аччу кимим бар? Балдар жаш, али көп нерсени түшүнө элек. Калп эле бирдеме окумуш этем. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой, мага да эч ким керек эместей, пас маанайда суз жүрүү адат болуп баратат. Ичимден эле муңканам, же муңум түгөнбөйт. Эмне жарыкты күтөм, издейм, билбейм, абдан эзилдим.
Бул дүйнөдөн жийиркендим. Жасалмалуулуктан, эки жүздүүлүктөн, абийирсиздиктен тажадым. Көрсө улуу даанышмандар айткан кунарсыз, кумардуу көр дүйнө ушул экен го. Акыркы Теңирге кайрылбасам кыйрап калаарымды сезгенде өзүмө жик-жик ой кетти, санаа сапырылды. Элге кылаар кызматым Теңирден таңууланган соң муну моюнга алганча далай мезгилди өткөрүп ийгениме, көр турмуш менен аракеттенип арасат жүргөнүмө өкүндүм.
Издегенимди өмүр бою таппагансып, чарпылып жүрүп, көңүлүм жаркып бир асылга жолугуп чындап сүйө албапмын. Бассам-турсам бура бастырбаган катынпоздордон, идеалисттерден, көр пенделерден качып, жийиркенип, чочуп жүрүп күнүм өткөн экен. Кудая шүгүр, торго илинбей калганыма. Бу пендечиликке эмнеге мынча салкынмын, көңүлкошмун? Кээ бирөөлөрчүлөп ошондой уруу сезимден жыргап канагаттанбайм? Көкүрөк көөдөнүм көлкүлдөп эрип, толуп, толкундап, куунап көңүл ача албадым. Дайым саксынам да турам. Мен жеткиче акыл эсим калчап турат да окчундатып таштайт. Дайым жалгызмын, жалгызсырап жанчылам. Үйдөгүнүн кейпи тиги, кудайдын куттуу күнү ылжып мас. Кантип күндө ичкилик ичкенден тажабайт да чарчабайт? Эмнеге күндө иче берем деп өзү ойлонбойт? Мындай адам менен жашоо өтө коркунучтуу, тозок тура.
Чогуу жашап кадырлаша албасаң — бул өмүрүң кор, же түшүнүшпөсөң. Андай аргасыз никенин кимге кереги бар? Ушундай никеге түкүрдүм. Он беш жыл көзү ачылбай күндө арак ичет деген эмне шумдук? Муну кантип айыктырам? Дегеле ушундай адам жашоого укугу барбы? Ооз кесир болбосун мындайдын «баарынан жогу» жакшы эмеспи. Нарксыз адам менен жашоо айбан менен чогуу жашагандай турбайбы. Айбанга ким ишенет? Кантип ишенесиң тагдырыңды?! Балдар болсо чоңоюп келатат. Ээ, кудай балдарыма ушул иттин тагдырын бере көрбө. Бактылуу болушса экен балдарым. Жалгыз карманаарым, тутунаарым, огожо кылган сүйөнүч, таянычым ошолор эмеспи. А алкаш менен жашоо кандай азап, тозок, кандай чоң кайгы? Менин убалым кимге? Куунабай өткөн өмүр өмүрбү? Жарың бар туруп, жадырап жайнап жашай албасаң тирүүлөй кор эмей эмине? Карлыгачтай кайкыган келин кезегим арсыздан токмок жеө, урушуу, заар тил угуу, жалгыздык, ичтен сызуу, кор болуу менен жабыгып өттү. Башымды, жанымды азат эткенге күчүм келбедиби, же чыгынбадымбы? Же бир эрге өзүм сүйүп, жактырып чыксам не?! Анда өз убалым өзүмдө дебейт белем. Кызды ала качып катын кылып алгандын тукуму кыркылсын! Ушундай жаман жоруктун курмандыгы болуп куурап өткөн кайран гана гүлгүн өмүрүм! Аттиң ай, ушу мен деле бул дүйнөгө бир келип бир кетем да, анан ачылбай өчүп кете берсең армандын чоңу ушул эмеспи... Каниет кылайынчы, өмүрүмдү узарткан, жашоого алаксыткан, шордон бир аз арачалаган - балдарым, жазган ойлорум бар го. Олжом ошолор, кудайдын мунусуна да шүгүр.Жаз айы.1993-ж.
* * *
Меңди акын өксүп айткандай: « Бир өксүк толбой калган, баары бир кусалантат», «булуттай буулуктурган, бул куса качан бүтөт?» «Кызыл күйүт чырылдайт канды бойлоп, мээлеп алган жүрөктү, ал чагылган!» болдум. Көңүлүм чөгүңкү, маанайым пас. Эмнедендир бук болом. Алсырайм. Жалгыздыктан жабыркайм. Ушул жалгыздыктын азабын аябай тарттым. Бул эмне деген жакшылык-тегерегиңде жайнаган адам жүрсө, анан жалгызсырасаң... Көңүл кушуң эч кимге агытылбаса. Асылгандарга көңүлүм тартпаса, жактырбасам, кайра, алар антаңдап, төгүлүп чачылган сайын итиркейимдин келгени эмнеси?! Дилиңден төгүлүп сүйлөшө турган, муңдаша турган адам жок муңайдым... Көр дүйнөдөн, ыпластыктардан ушунчалык чарчадым. Ооруп жүрүп да көңүлүм такыр ачылбай койду, же бул оорунун залдарыбы?
«Бул дүйнө баш аламан, тартип кетти, жамандан кысым көрүп, жакшы чөктү». «Билген билээр, акылдуу түшүнөт го, бул дүйнө оңолбогон жолго түштү» деп касиеттүү бабам Жусуп Баласагын бекеринен мөгдөбөсө керек. Жан дүйнөнүн жабыркаганы качан токтойт? Качан?! Карап туруп көңүлүм айныйт, түлкүдөй кубулган, айлакер, арамза, кир адамдар көп экен. Көпчүлүгү мансаптын, байлыктын, күнүмдүк көр оокаттын, пайданын арсыз кулу. «...Азабымды баштан жуулбас, арманымды кайдан толтурам?» деп Меңдидей, мендей чырылдагандар бул турмушта азбы? Өткөндө жанга жагым көп жакшы сөз уккандыктанбы жаш баладай көңүлүм көтөрүлүп, жан алгычтай жабышып ооруп жаткан кеселим да тынчып, жаным жай алып калгансыды. Оору кор тура. Кимдин көзү, жаман сөзү тийди?Адамды мөгдөтүп, чөктүрдү. Ылайым ушул сыркоодон арылсам экен. Өзүмө карай турган кез келди. Эл көзүндө, сөзүндө экемин.
Эл мен жөнүндө жамгырдай төгүлүп үстөккө босток жакшы сөзүн басма сөзгө тынбай жарыялады. Барпаңдап ичи тазалар куттуктаса, ичи күйгөндөр шыпшынышып, кумсарышты, бирок, пендең кургур жылт этип мени көргөндө түсүн өзгөртүп жылмаюга аракеттеништи. Шор деп ушуну айт. Билгениңди ачык айта албай жалтаңдасаң, ичиң толо кырк катмар арамза болсо, адамдыгың кайсы? Адамдыгыңды өзүң тепсеген соң шордуусуң да?!
Тилдеген да, тил уккан да кишиң болгону жакшы тура. Көптөн бери таза адамкерчиликтин чегиндеги жеме уга элекмин. Сокур, карасанатай, чагымчыл, кыйкымчыл амалдуу уруштар көп. Ата-эне гана чын көңүлүнөн таза урушуп, жемелейт экен. Жемелеген менен тилеги жакшы, оңолсун, билсин дейт тура кургурлар. Балдарыбыз бактылуу болсо экен, мен көргөн кордуктун, азаптын, шордун бирин көрбөсө экен деп кудайга чын дилимден жалындым. Теңирим тилегимди бере көр. Азаптуу шордон башым качан азат болот? Качан бактылуу болом? Жазмышка жалынбай же бакытты өзүм түзүшүм керекпи? Аракеттенип көрсөмбү?! Жай. 1994-ж.
* * *
Майранын ырлары мени неге мынчалык түйшөлтүп, күймөнтүп, муңкантат? «Каада сыйдын ичинен кадырлашкан нарк улуу» деген менен эмки адамдарда аздектөө сезими таңсыкка айланды го. Эмнеге көр пенделиктен жогору көтөрүлө албадык? Сыягы бул ырында Майра сызылган менин ички сырымды жазгандай арманым козголуп чыкты. Мага кандай жар керек эле? Эмнеге махабаттан таалайым тайкы чыгып тагдырым кайчыланды? Керим кызы Майранын ыры мени неге мынча ойго салды?
Мага жар керек,
Үзүктү жалгай турган.
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал болсо,
Тар жолдо тайбай турган.
Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган.
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көргөзсөм да,
Ар дайым бийик турган! Бул бардык эле аялдын ички талабы. Жабыккан жандын арманы. Телегейи тегиз асыл эрди, эр жигитти самап жүрүп өттүк го, чиркин. Деги мындай жигиттер кайда болот болду экен? Турмушта өмүр сүрүшөбү же кыялда эле жашайбы?
«Кызган мени, кызган, бирок, билдирбе,
Кызыл сөздүн кылтагына илдирбе.
Эмне болуп кетет экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
Кызган мени, кызган, жаным, билдирбе,
Сынат чөлмөк, миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби, тыт көпөлөк тарткап жип,
Үзүп алып эки ортону бүлдүрбө.
Кызган мени, кызган, жаным, билдирбе,
Бирин бири кызганбасын ким мүлдө.
Кай-кайдагы сасык ойду ойлосоң,
Жинди болуп кетпейсиңби бир күндө!
Кызган мени, кызган, бирок, билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө!» Эмне дейм!! Акын менин жан дүйнөмдү ырга салып ырдаптыр. Ушундай да ичи тышы алоологон чындык үйүлгөн ырлар бар экенине шүгүр. Ушуну ырдаган Майра сен да өтөсүң ээ, дүйнөдөн чериң, көңүл кушуң ачылбай?.. Бир гана арманым, Сагын акын «Бир үзүмдөрдө» ырга салгандай: «Баарын жеңдик – жалганды да, чынды да. Жоодой дагы, жолдоштой да жол бастык. Баары болуп, – айтып эмне, айтпай не – болгон эмес экен бизде – кыйбастык» болуптурбуз да...
Кол жазма ушерден айрылып жоголуптур. Уландысын издеп таппадым. Аттиң айе! «Сен кыйылба, кыйылайын мен талдай. Аз жолдоштун ичиндеги Жалгызым» дегенге жетпей, «...Токсон толуп, токсон сууган көкүрөк, кантип өлдүң, кандай жүктөн бошондуң? ...Өтөп бүткөн өмүр менен жашоосун, өткөн күздүн жалбырагы окшодум» (73 б.) деп Сагын эже айткандай болуптур. «Кайнаса каным кошулбас, жан менен өмүр сүрүпмүн» болгондор азбы?!
Эринин жөнөтүлбөгөн каттары
Оюма ар нерсенин баары кирет. Эшикке чыксаң киргиң келбейт, кирсең эле аңгырап бош үй. Мен ыйлап, боздоп тургандай жаан төгүп атат. Бир топтордун табасы канды. Эмне кылаар айламды билбей үйүмдө үңкүйсөм, алар ары-бери басышып жайдаңдашат, каткырышат. Ушинтип, менин желим чыкты. Сазга белчемден батып баратам! Кусалыктан өткөн азап жок экен. Абдан чарчадым. Мени кечирип, ая?! Баары бир таянаар тоом, асылым сен экенсиң. Сен бар болгон үчүн акмак болуп жүргөн турбайынбы. Биринчи алган жарыңа эч ким тең келбейт тура. Сенин бутуң сынганча менин бутум сынса не? Сенин мурдуң талкаланганча меники талкаланса не? Сен жабыркаганча мен жабыркасамчы. Бурчта турган сынган комуз экөө тең менин турмушумду эстетип турат. Өткөн өмүрүмө, кылыгыма жийиркенип,азыркысын аяй албай турушат кыйналып. Сага кордук көргөзүп куураткандан көрө өзүм куурап калсамчы. Сүйүүнүн, бүлөнүн баркын кеч түшүнгөнүмө өкүнөм. Сенин улуулугуңа таазим эттим. Кечире алсаң кечир.27.06.1998-ж.
* * *
Сенин да өзгөчө көктүгүң бар, акыл толготуп карасам ургаачыдан чыккан анык баатырдын элеси көзүмө көрүндү. Жаныңда, колтугуңда жаткан кишиңден айрылсаң тозок экен. Үзүлбөгөн үмүт, кусалык. Кайрылып сени көрөр, сени менен бир баскан учурум болоор бекен? 28.06.1998-ж.
* * *
Эч нерсеге көңүл жок. Жымжырттыкта жөтөлсөң үйдүн ичи кошо жаңырат экен. Жалгыздык жанга батып турган убак. Эмне кылаарымды билбей жинди боло турган болдум. Кечке чейин күндү араң өткөрдүм. Дегеле эч нерсеге көңүлүм жок. Киши менен да сүйлөшкүм келбейт. Ушундан көрө ачка өлгөнүм артык. 13.07.1998-ж.
* * *
Күйүттөн арыла турган эмесмин. Эч нерсеге көңүлүм келбейт. Бассам, турсам силерди эстейм. Сени сыртыңдан көрүп, ыйлагым келип, учураша да алган жокмун. Үйгө келип дагы куладым. Ыйлап, ыйлап алып кайта эшикке чыгып кеттим. Балдар келеби деп күттүм. Келишпеди. Үйгө келип айламды таппай таң аткыча уктаган жокмун.
Сыртым жалын, ичим чок. Эртең жумушка чыгам. Силерди дагы бир жума көрбөй жинди болом да. Ушунчалык жакын, кыйышпас экениңер билинүүдө. Кандай кишилер үй-бүлөөсүн кыйып, кайыл болуп басып кетишет билбейм, мен мындайды түшүнө албайт экем. Жүрөгүм жанчылат. 18.07.1998-ж.
* * *
Бирине бири окшош күндөр. Сагыныч, кусалык өзүнчө бир азап болду. Шорум шорподой кайноодо. Балдарды, өзгөчө Сени сагынганыма чек жок. Көз алдыма элестеп кетпей турасыңар. Ушунчалык жытың сиңип калыптыр, өмүр бою унута ала турган эмесмин. «Ылайыгы келсе үйлөнүп ал» дейсиң, ушуга кантип оозуң барды? Мени тагдыр, кудай сага кошкондон кийин, Сени ушунчалык сүйгөнүм үчүн кантип, ушундай сөздү мага айтып жатасың, дегеле түшүнсөм кудай урсун! Алмончоктой балдарым турат го. Мен эч качан тирүү турганымда башкага үйлөнбөйм. Сенин жытыңды, төшөгүңдү кайдагы бирөөгө тепсетип акылыман адашкан жинди болуп калыптырмынбы. Менин сенсиз өмүрүм, жашоом да кызыксыз. Мас болсом да соо болсом да мага күйө турган өзүңсүң! «Атадан алтоо болсоң да башың жалгыз» деген туура экен. Сенин турган турпатыңды унута ала турган эмесмин. Сен мага аял катары эле эмес, эне катары да болуп калгансың. Сени көргөндө эт жүрөгүм элжиреп, өзүмчө балкып кетчүмүн. Өзүңдү күткөнүм күткөн, кээде үнүңдү укканга зар болуп, аргасыздан телефон чалып сүйлөшкөнгө ыраазы болуп калам. Суранам, мени кечирип, бир кайрыл. Кудай ай, ушундай бактылуу күн болоор бекен? 22.07.1998-ж.
* * *
Эч нерсеге табитим жок. Алаксытымыш болуп карындаштарым келген, тамак жасап аркы-беркини сүйлөштү. Оомал-төкмө дүйнө. «Такыр ажыраштым» дегенге ыйлай берип шишип кеттим. Жинди болуп кетем го. Сен жаткан ордуңда сиңип калган жытыңды жыттап жатам кусалыкка чөгүп. Мындай азапка чыдай албайт болушум керек. Сени гана сүйөм! Ушунчалык жек көргөнүм башкага үйлөнүү. Уккум да оозго алгым да келбейт. Мээмдин ичи ысып, башым жарылчудай. Көпкөнүм көзүмдөн кан болуп чыгып жатат. Мени алып кетпесеңер болбойт. Ушул жолку убадама ишенип кой, кудай алдында касам ичейин, аракты ушуну менен жер алдына көмдүм. Балдарымдан айрылта көрбө! Аларсыз менин жашоом жок. Силерге кордук көргөзүп убал кылдым, түшүнүп атам. Бирок, мени тирүүлөй көмө көрбөгүлө жер алдына.
О кудай, мага чала, ушуну көрмөкмүн. Ооруп ичимден өрттөнүп жатам. Эмне кармап, эмне койгонумду билбейм. Өзүңө айталбасам да сугум, сагынычым артып турчу. Түндүн өтүшү тозок. Жанымды коерго жер таппайм. Жалгыздыкты кудай эч кимге бербесин. Балдардын атын тамдын бооруна оюп жаздым. Сагындым аларды. «Сагындым» деген тамдагы жазууну карап алып ыйлай берем. Кандай жүрөгү таштар балдарын таштап баса берет, билбейм. Мен анте албайм, жүрөгүм барча-барча тилинүүдө. Силерди издеп тентип кетем го. Баланын чүкөсүн жыттап, калчап коюп «ак жолтой боло гөр» деп ниет кылам. Сенин сүрөтүңдү тиктеп, көзүмдүн жашын агызып отурам. Муңайым түшүпсүң. Төрт стена менин көрүм болду. Кээ бирөөлөрдүн табасы каныптыр. «Ачуу душман, акыл дос» деген чындык. Бир эмес, миң ачууңду бер, суранам. Иттигимди койдум. Акмакчылыгымды балдар үчүн кечир! 29.08.1998-ж.
Достарыңызбен бөлісу: |