ШАМБЕТОВ АСКАРБЕККЕ
(50 жашта)
Билинбей чыгып элүүгө,
Бир топтордон улуусуң.
А бирок жапжаш жигиттей,
Азыркы турган турушуң.
Адамдын жашын кыскарткан,
Арзыбаган кайгы дейт.
Жанын кыйнап бекерге,
Жамандар гана кайгы жейт.
Улуулуктун белгиси—
Ушак айтпайт, урушпайт.
Канчалык кыйын кезеңде,
Кабагы түшүп тырышпайт.
Кенебестик жагынан,
Эстетет жапжаш баланы.
Асмандын түбү түшсө да,
Аскардын ачык кабагы.
Ушунча жылы таанышпыз,
Укпадым айткан ушагын.
Байкаган жокмун анан да,
Башкага жайган тузагын.
Көөнүндө калбайт сакталып,
Көрсөткөн мурда бычагын.
Жамандык түшсө башыңа,
Кең жайып тосот кучагын.
Ачууга бекер алдырып,
Аскарбек үнүн көтөрбөйт.
Капа кылып алам деп,
Катуураак да жөтөлбөйт.
Элүүгө жашың келсе да,
Эркектик күчүң кайтпасын.
Абышка болуп калды деп,
Аялдар азыр айтпасын.
Элүүгө элүү кошулсун,
Кылымга жашың созулсун.
Кезинде биздин Аске,
Кыдыр чал болуп отурсун.
февраль 1993-жыл
ШАРШЕНБАЕВА ЫРЫСКА
Өткөн өмүр издерине карасак,
Өңү өчпөй, эске түшөт бала чак.
Окуганбыз айылдагы мектепте,
Ошолорду бирден терип санасак.
Сөз баштасам Шаршенбаева Ырыстан,
Бул кыз эле чокчоң-чокчоң урушкан.
Жини келген Абдылдасы, башкасы,
«Жинди улак» деп аны шылдың кылышкан.
Он жыл өттү антип-минтип арадан,
Онду бүтүп, балдар чилдей тараган.
Ошо бойдон мен да кеттим талаалап,
Окуу окуп, орун таптым калаадан.
Балдар, кыздар эске түшөт кезинде,
Бардыгынын элестери эсимде.
Бирок билбейм классташтар дайынын,
Баратышат кайсы турмуш көчүндө?
Кайсы бир жыл айылыма баргамын,
Кокустуктан конок болуп калгамын.
Коштоп ырдап, курбум Ырыс үйүндө,
Комуз, домбура күүлөрүнөн чалгамын.
Абдыкайым, Ырыс жана балдары,
Арбып күндө багып жаткан малдары.
Чилдесинде кыштын дагы, жайдын да,
Чиркиндердин бир тынбайт ко жандары.
Мен барганда тартууласаң аргымак,
Ага минип Казакбайың каргымак.
Атка минип сен да жүрсөң жанымда,
Абдыкайым үйдө калса «жалдырап».
Эсен жүрсүн балдарың да, жубайың,
Эмгегиңдин көрө бергин убайын.
Ырыска окшош берекелүү пендеге,
Ырыскысын жашырбасын Кудайым!
21.01.2005
ШЕРИПБЕКОВ АНАРКУЛГА
Жаран элең калп жүргөндү сүйбөгөн,
Жамандыкты көңүлүңө түйбөгөн.
Жакшыга да, жаманга да тең карап,
Жай баракат үн көтөрбөй сүйлөгөн.
Куйтулукту, кууланганды билбеген,
Кулагына ушак-айың илбеген.
Кудай берген ырыскыны жем кылып,
Кузгундардын шайкасына кирбеген.
Бакыт, Самат, Улан жана Чыңгызың,
Баасы бийик Асель аттуу нур кызың,
Бардыгы тең тукумуңду улантып,
Балдар менен байып жатат кыргызым.
Жесир калды Каныкейиң артыңда,
Жалгыз сенсиң эси-көөнү, дартында.
Жашын төгүп, эстеп коюп өзүңдү,
Жашай берет жалгыздыктын шартында.
О, Анаке, кудай деген киши элең,
Оюң таза, дин жолунда түз элең.
О дүйнөнүн бейишинин төрүнөн,
Орун таап алганыңа ишенем.
11.10.2011
ШИШБАШОВ МЕДЕТКЕ
Өбөк болуп жетимге, карыптарга,
Өзүнчө бир бөтөнчө адам эле.
Качан болсо калыстык сөзүн айтып,
Калдайып эл-журтуна караан эле.
Бир үйдүн эрке өскөн жалгыз кызы,
Медетке жубай болуп Саада келди.
Үрпөйүшүп жүдөмүш олтурушчу,
Бул үйгө бир башкача каада келди.
Кечээги секелек кыз ойноп жүргөн,
Келин болгон милдетин төлөп берди.
Жеңил болуп Саадаттын төрөттөрү,
Жети уул, төрт кызды төрөп берди.
Эртерээк кош айтышып эли менен,
Эдүүдөн аша берип, жерге кетти.
Медеттен калган балдар аман-эсен,
Мынакей, бардыгы тең эрге жетти.
Бу Медет балдарынын күнүн көрбөй,
Эмне үчүн о дүйнөгө шашып кетти?
Ал эми неберелер санын алсак,
Эбак эле отуздан ашып кетти.
Жараткан бейишинин төрүн берсин,
Калган жашын балдарга бөлүп берсин.
Сенден калган тукумдун бардыгына,
Токсон, жүзгө барганда өлүм келсин.
Таланты мол Казакбай тайкеңерге,
Бириң жакын, бириңер алыссыңар.
Өз аялын баш коштуруп таятаңарга,
Шишбашовдор Абдышка карызсыңар1.
ЭЛЕМАНОВ ТУРДУБЕККЕ
(60 жашта)
Ажал келип эртелеп,
Ата-энең жерге жашырган.
Аргасыз турмуш айынан,
Айылдан кеттиң жашыңдан.
Аккан суудай билинбей,
Арадан жылдар саналып.
Аңгыча артта калыптыр,
Алтымыш деген аралык.
Таасындатып ыр жазган,
Тандадың жолун турмуштун.
Акыры жүрүп белгилүү,
Акыны болдуң кыргыздын.
Өзүңдүн тегиң жөн эмес,
Өткөндүн айтсам кабарын.
Балдарынан болосуң,
Баласагын бабанын.
Эринчээк болбой, кез-кезде,
Эл-журтуңа келип жүр.
Сагынып калган калкыңа,
Саламыңды берип жүр.
Тууганың менен тең бөлүш,
Турмуштун жакшы-жаманын.
Тууганың гана кайрылат,
Турганда кетип амалың.
Эңиштеп жашың баратат,
Элеман уулу Турдубек.
Эринбей чийип каламды,
Элиңе бергин ырды көп.
21.11.1992
ЭРАЛИЕВ СҮЙҮНБАЙГА
(90 жашта)
Тай кезинен аны келет жетелеп,
Таласта өткөн таланттардын арбагы.
Алтымыш кил али Сүкөм жетелек,
Ала-Тоодой ырларынын салмагы.
Азгырлып “ак ырлары” жазылды,
Ага бир топ убактысын коротту.
Жалпы журтка жарк деп жүзү ачылды,
Жазып чыгып Мөөр менен Болотту.
“Мен кыйын!” деп мактанабыз жулунуп,
Мезгил өтүп, таланттуулар иргелет.
Сүрөөнү жок, алга чыккан суурулуп,
Сүкөмө окшош чоң акындар бир келет.
Сүрөөн кылып өзүң берген батаңды,
Сүрөт тартам, комуз чертем, ыр жазып...
Өзүм табам, өзүм түзөйм катамды,
Өзүң жазган ырлар менен сырдашып.
Альбинага айтыш керек ыракмат,
Алып жүргөн ак мамыкка бөпөлөп.
Анын дагы жаштык кези ыраактап,
Акырындап жашы барат төтөлөп.
Акыйкатты бийик туткан жарансың,
Андайларга кудай узак жаш берет.
Сүкө, өзүң кудай сүйгөн адамсың,
Өзүңө окшоп ыр жазганга баш берет.
Өмүр бою колдон түшпөй каламың,
Өр таянып, сен да жеттиң токсонго.
Биз да ичербиз сексен жаштын тамагын,
Бир кылымдык мааракеңди тоскондо.
2011-жыл
СУРООЛОР МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН АРНОО ЫРЛАРЫ
АЙГҮЛ КЫЗЫМА
(8-март майрамына каалоо)
Ай нурдуу, гүл жыттанган кыз болсун деп,
Айгүл деген татына ысым койдук.
Ойлогон тилегибиз кабыл болуп,
Марал сындуу татына кыздуу болдук.
Айтарым, апакең экөөбүздүн,
Айгүлүм, эң биринчи соолук болсун.
Гүл болуп, жыпар жытың буруксуган,
Толгон айдай өмүрүң толук болсун.
Ата-эненин кубанчы көккө жетет,
Балдарынан төрөлсө неберелер.
Күтөлү, эгер Кудай буйруп калса,
Биз да күткөн ошондой мезгил келер.
8-март 2008-жыл
(Кошунам казак Кадыркул Тлепбергеновдун суроосу менен жазылды)
«АЙЧҮРӨКТҮН» КЫЗДАРЫ
1. ЧОЛПОНБАЕВА ШАЙЫРБҮБҮГӨ
(деректир)
Кыргызда тараган мындай сөз бар:
«Атына жараша заты» деген.
Мен буга ишенемин терең.
Ошондуктан Шайырбүбү карындашыма,
Төмөнкүдөй бааны берем:
Шайыр жүрсүн деп тилек кылып ата-энеси,
Шайырбүбү деп кызына ат бериптир.
Алардын ошол тилеги ак келиптир.
Шайырбүбүнүн маңдайы жарык аял экен,
Эки көзү Чолпондой жанар экен.
Эркектердин сезимине отту жагар экен.
Эгерде башыңа мүшкүл түшүп кала турган болсо,
Эч буйдалбай, жардам берүүгө даяр экен.
2. ПЛОТНИКОВА ИРИНАГА
(деректирдин орун басары)
«Айчүрөктүн» алтын апасы Петр кызы Ирина,
Адам жоктур ал эжебиз жакпаган.
Иш дегенде ичкен ашын таштаган.
Бир жерге олтуруп жаны жай таппаган.
Бир жылда 365 күн болсо,
360ын ар кайсы өлкөлөрдүн эшигин аттаган.
Ошончо күн аялсыз жашаган,
Күйөөсү Иван Петровичке таң калам.
Анан күйөөсүн да сагынбай жүргөн,
Ирина эжебиз да кандай адам?
Ошентсе да алардын эки небереси бар,
Орустун «богатырлары»—Иван жана Роман.
3. БЕЛОУСОВА АЛЛА НИКОЛАЕВНА
(профкомдун төрагасы)
Алланын чачы да аппак, өзү да аппак кыз,
Акын агайына ой да бир жаккан кыз.
Аны биз, кыргыздар келин кылып алсак,
Ак чач, кара чач балдарды тапмакпыз.
Бирок өзүнө окшогон бойлуу кыргыз жигитин,
Табалбай бир топ кыйналып жатмакпыз.
4. ПАНЧЕНКО ГАЛИНАГА
(секция башчысы)
Украина элинин бул кызы,
Иш дегенде тыпырап жанын берет.
Соодага дал ушундай адамдар керек.
Анын соодасынын жүрүшүндө шегим жок.
А мен болсо анын жайнаган жүзүн
Карап эле тура бергим келет.
Анын себебин эмне менен түшүндүрүш керек?—
Акындын жүрөгүнө чок салган да демек.
5. ЖАПАРОВА АСЫЛБҮБҮГӨ
(комплекс башчысы)
Асылбүбүнүн жүз кызы бар экен,
Ар кайсы улуттардан турган.
Өзү куурчактай болуп туруп,
Ошончо кызды кантип «тууган?»
Ошентип күйөө балдарыбыз көбөйө берсин.
Мейли орус, мейли кыргыз, мейли дунган.
Эркектин кийимин издемиш болуп,
Эми мен да кезек-кезек келип турсам.
Анан жалаң эле кыздарыңдын камын көрбөй,
Акын агаңа да азыраак көңүл бурсаң.
6. КОРСУНСКАЯ ВАЛЕНТИНАГА
(комплекс башчысы)
Валентина кыргыз жергесинде төрөлүптүр,
Ошол себептен өзүн кыргыз кызымын дейт.
Бирок кыргыз тилин билбейт.
Ага өткөн мезгил күнөлүү.
Валентинанын өзүнө доомат коюуга болбойт.
Мага окшогон бир кыргыз менен көңүлдөш болсо,
Биздин тилди бат эле үйрөтүп коймок.
7. АЛМАНБЕТОВА РАИСАГА
(комплекс башчысы)
Ачык маңдай аймончок келин экен,
Жүзүнөн нур төгүлүп, көздөрүндө от жанган.
Аялсаак жигиттердин жүрөгүнө чок салган.
Алдыңда иштеген кыздар сага окшоп,
Ар дайым жүздөрүн турсун күлкү коштоп.
Көп жашайт көңүлү куунак адамдар,
Кыздар болуп ырдагыла, бийлегиле,
Кайгы-капа дегенди билбегиле.
8. АХУНОВА РАШИЛАГА
(секция башчысы)
Өзбек кызы Рашиланын,
Жыйырма эки кызы бар.
Экөөсү өз курсагынан чыккан.
Жыйырмасы өзү менен иштешип,
Анын айтканын өз энесиндей уккан.
Каалай турганым, Рашила карындашым,
Кайнене болдум деген сөзүңдү уксам.
Тоюңа чакыра бер, бара берем,
Кыздарың болсо күйөөгө чыккан.
9. ЗАМЗИНА АЛМАГА
(улуу сатуучу)
Алманын улуту казак экен,
Өңү келишип, устуканы таза экен.
Марал сындуу керилип басат экен.
Эркектердин бүт кийимин сатат экен.
Каалаганыңды таап берүүгө шашат экен.
Өзүмдүн атам кыргыз, апам казак,
Комузга күүнү чалып, домбура тартам.
Чай берип, жээниңди сыйлайсыңбы,
Үй-бүлөңө концерт коюп барсам.
Анткени ыр жандуу дейт уул-кызың,
Ыр ырдап, күүлөр чертип черин жазсам.
10. КИМ ЛЮДМИЛАГА
(секция башчысы)
Корей калкынын кыздарынын ичинен,
Мындай сулууну биринчи көрүшүм.
Ичимден купуя кызганып койдум,
Башканы кой, өз күйөөсүнүн аны өбүшүн.
Кездеме алыш үчүн болбосо да,
Кезек-кезек келип турармын,
Люданын дидарын көрүү үчүн.
11. ШАРШЕНОВА РОЗАГА
(секция башчысы)
Розага жалаң миллионерлер барат экен,
Каалаган буюмдарын алат экен.
Ал эми мага окшогон жарды акын,
Беш-он сомуна эмне буюм табат экен?
Акынга анын товарларынын кереги жок,
Анын жаркыраган кабагы жагат экен.
Розанын бир гана күлкүсү үчүн,
«Миллионду» кайдан да болсо табат элем.
12. ПЕНСИЯДАГЫ ЭНЕЛЕРГЕ, ЭЖЕЛЕРГЕ
Бир кезде силер да жаш болгонсуңар,
Жаштыктын ырахатына тойгонсуңар.
Жигиттердин жүрөгүнө чок салып койгонсуңар.
Азыр болсо ак чач, көк чач басып башыңарды,
Ар бириң «бабушка» деген атка конгонсуңар.
Антсе да акырын басып, «Айчүрөккө» келип тургула,
Акылыңарды жаштарга берип тургула.
Ал эми азыркы иштеп жатышкан жаштарга айтарым,
Аларга көңүл бөлүп, өң-түсүн көрүп тургула.
(«Айчүрөк» универмагынын кыздарына арналган ырлар универмагдын жетекчилигинин суроосу менен жазылды).
ЖУСУПОВ САПАРБЕККЕ
(60 жашта)
Бири-бирин жактырышып эки жаш,
Бир кызыңды келин кылып алганбыз.
Кучакташып, сагынышып көрүшкөн,
Кудай кошкон куда болуп калганбыз.
Партиялык, советтик иш аткардың,
Түркүн-түркүн чарбаларды башкардың.
Өзгөлөр деп, тууганым деп, элим деп,
Өзүң болсо бир учурлар ач калдың.
Дениң таза, ичкениңди аш кылдың,
Күч-кубатты бүткөн бойго баткырдың.
Не бир күчтүү балбан менен кармашып,
Нечендерин «лопаткага» жаткырдың.
Арамдыкка аралашпай жашыңдан,
Ак аткардың мыйзамдарды жазылган.
Кек сактабай келатасың түз жолдо,
Кечирсең да да жамандыктар башыңдан.
Ашып-ташып кенен ырыс-кешигиң,
Ачык дайым келгендерге эшигиң.
Кудагыйым экөөңөр терметип,
Келесиңер неберелер бешигин.
Эми минтип алтымышты ашасың,
Эми деле далай ажаат ачасың.
Карылыкка анча-мынча оосоң да,
Карылардын камын көрүп жатасың.
Кадыр-барктуу аппак сакал чал болгун,
Кадимкиңдей ачык-айрым шар болгун.
Күйүп турган очогуңдун жанында,
Кудагыйым экөөңөр бар болгун!
7.10.2000
Куда, кудагыйың Салкынбек, Алтын.
(Бул ыр таластык иним Давлеталиев Салкынбектин өтүнүчү менен жазылды)
ЗАМИРА ЭЖЕМ ЭЛҮҮДӨ
Он бир бала төрөп-түшкөн энебиз,
Баарыбыз тең аман жашап келебиз.
Элүү жашка минтип чыгып олтурат,
Эң улуубуз—Замирадай эжебиз.
Эжекемдин ачык-жарык кабагы,
Эли үчүн далай ишке жарады.
Башын кошуп, Орозондой жездеме,
Төрөп берди алты эркек баланы.
Арттан келсин, алтымышы, жетимиш,
Сексен менен токсондон да өтүңүз.
Бир да жолу сасык тумоо тийбестен,
Бир кылымдын сересине жетиңиз.
7.08.2002.
(Бул ыр Замиранын сиңдиси Тамаранын өтүнүчү менен жазылды).
КАМИЛЖАН МЕНЕН ЗИЯДАГА
Деген сөз бар биздин элде айтылган:
«Дос айрылат, сөөк болсо кайрылат”.
Досуң качат бакыт тайса башыңдан,
Куда-сөөк өчкөн отуң жандырат.
Кудай кошкон куда-сөөк болушат,
Кучакташып бир жайытка конушат.
Эки тарап урматтаса бир-бирин,
Эки жаштын бирге баскан жолу узак.
Кудай кошуп, куда болдук эми биз,
Бири түндүк, бири түштүк элибиз.
«Түндүк, түштүк» деп бөлүшөт макоолор,
Тоо-аскалуу алакандай жерибиз.
Келин болуп, силер жакка кыз кетти,
Канткен менен жүрөк учу тыз этти.
Ананайын кызым, эске ала жүр,
Атаң, апаң мекендеген Бишкекти.
Камил, Зия, мен силерге ишенем,
Кадыр-барктуу инсандары замандын.
Көптөн бери сырдакана билемин,
Көңүлдөрүн оорутпаган адамдын.
Эми менин кызыма айтар акылым,
Эми сенин башка адамдар жакының.
Жаңы атаңды, жаңы апаңды сыйлагын,
Жай сүйлөгүн, кадам ташта акырын.
Башың кошкон жубайыңды сүйө бил,
Башкаларга боор тарта күйө бил,
«Башка түшсө байтал жорго болот» дейт,
Барган жердин шарты менен жүрө бил.
Эгем берет тилегенге берчүсүн,
Эки бала алсын алар энчисин.
Эң башкысы Камил куда, Зияда,
Экөөңдү неберелер ээрчисин!
(Бул ыр автотранспорт тармагында бир топ жыл бирге иштеген Абдыкеримов Абдыжапардын суроосу менен анын куда-кудагыйы Кудайбердиев Камилжан жана Мадумарова Зиядага арналып жазылды).
КОШОКБЕКОВ ӨМҮРБЕККЕ
(Ооруканада бир жаткан чүйлүк жигит)
Темир канат кезиңде,
Берипсиң жерге атаңды.
Көз жашың кургай электе,
Көөмпсүң көргө апаңды.
Башыңдан ата сылабай,
Балалыкты билбепсиң.
Эне жок жылуу сөз айткан,
Эркеликти билбепсиң.
Элиңде бар тууганың,
Этегин анын кармапсың.
Өз ата менен энени,
Өзгөлөр кантип алмашсын.
Айта берсем түгөнбөйт,
Ал кездеги турмушуң.
Жеңелерге кор кылган,
Жетимдик деген курусун.
«Жетим жүрүп жетилет»–
Деген сөз бар кыргызда.
Калети жок айтылган,
Сөздүн чыны бул нуска.
Азыр минтип бакыйып,
Бир чарбаны башкарып.
Сыпайы жигит зыңкыйган,
Сыйлашат сени жаш-кары.
Бир жериң калса сыркоолоп,
Бүркөлөт экен кабагың.
Санаачыл адам аз жашайт,
Ойлоно жүргүн а жагын.
Оорудум деп коркпогун,
Өлүм сага кеч келет.
Өмүрүн сага калтырып,
Ата-энең өлгөн эртелеп.
Эсиңе салам, Өмүке,
Үч «А» деген акмак бар.
Тирүү жүрүп өлүмдү,
Ошолордон тапмак бар.
Биринчи «А»сын акча дейт,
Аны жеген жакса жейт.
Алкымына батса жейт.
Дал ушудан сак болгун,
Акчасы менен курусун,
Ачка жүргүн ак болгун.
Паралап алсаң акчаны,
Башыңдан намыс качканы.
Акчаны сүйлөп каласың,
Унутуп коюп башканы.
Мунун өзү—бир өлүм!
Экинчи «А»сын арак дейт,
Азгырып сени чакырган.
Кылт этип андан алган соң,
Кемпирди кыз деп качырган.
Бөтөлкө менен дос болсоң,
Бөксөрөт андан акылың.
Ажыратпай каласың,
Алысың ким, жакының.
Душмандан жаман көрүнөт,
Койнуңда жаткан катының.
Мунун өзү—бир өлүм!
Үчүнчү «А»сын аял дейт,
Алдырып койбо аларга.
Ээрчип кетсең аларды,
Эч кимиң калбайт карарга.
Үңкүйүп басып каласың,
Үйүң жок кайда барарга.
Мунун өзү—бир өлүм!
Өмүке,
Алганың турсун кашыңда,
Балдарың турсун жаныңда.
Жаман жигит өңдөнүп,
Жаман ишке малынба.
Ажырата билип жүр,
Алыс менен жакынды.
Өлкөбүз эли бүт билсин,
Өмүрбек деген атыңды.
Он жылдан кийин көрөлү,
Эмгектен чыккан баатырды.
Эсиңе анан ала жүр,
Эртеңки болор акынды.
13.09.1979
Өмүрбектин өзүнүн суроосу менен жаздым.
МААТКАРИМОВ СУЛАЙМАНГА
(50 жашта)
Умтулуп алга токтобой,
Убакыт билбейт тынымды.
Убайын көрүп турмуштун,
Узаттың жарым кылымды.
Улгайып калдым дебестен,
Уланткын билген «ырыңды».
Бир кезекте борбордо,
Бирге туруп, бир жүрдүк.
Кайгырсак бирге кайгырып,
Катыкырып күлсөк бир күлдүк.
«Кудай аткыр» дедирбей,
Кудая шүгүр тим жүрдүк.
Ээлигип кыздар алдында,
Ээ-жаа бербей бийледиң.
Ээн баш болуп алардын,
Эч бирине тийбедиң.
Өзүбек кызы Нинохон,
Өзүңдүн болду сүйгөнүң.
Аздыр-көптүр элиңдин,
Аткардың адал кызматын.
Чыгарып эстен койбодуң,
Чыныгы достук урматын.
Жамандар толуп жүрбөйбү.
Жанына байлап бир катын.
Кылтыйып жүргөн бирөө бар,
Кызматыңа дос болот.
Ашыңды кошо ичип-жеп,
Арагыңа мас болот.
Андайлардын койнунда,
Абайла, котур таш болот.
Кызматыңдан кеткен соң,
Кылчайбай кайра кас болот.
Баштатан берки достукту,
Баалап жүр мындан ары да.
Эңкейген чал бол, а бирок
Эркектик жактан карыба.
Элүү жыл Ниноң бир жүрсүн,
Эрмегиң болуп жаныңда.
14.10.1986
(Бул ыр автомобиль транспортунун кызматкери, ой-тилегибиз бир, эски тааныш Адырбек Акматалиевдин өтүнүчү менен жазылды).
МАМБЕТАЛИЕВА ДИНАРАГА
Жыбылжытып наркозун,
Жыттатып койгон Динара.
Магдыратып энени,
Уктатып койгон Динара.
Ичин кесип энени,
Төрөткөн ошо Динара.
Айыктырып үйүнө,
Жөнөткөн ошо Динара.
Оорулуу эне көңүлүн,
Алып турган Динара.
Кан басымын калыпка,
Салып турган Динара.
Майып болбой энелер,
Айыгып турсун колуңдан.
Кылымга жашың созулсун,
Кырсыктар чыкпай жолуңдан.
Акын болуп ыр жазган,
Айымдар менен сырдашкан.
Жездең болом таластык,
Жетимиш деген кырды ашкан.
4.08.2010__МЕРГЕНБАЕВА_МАЯГА'>4.08.2010
МЕРГЕНБАЕВА МАЯГА
Тогуз ай бою көтөрүп,
Төрөп жаткан энелер.
Ымыркайды бешикке,
Бөлөп жаткан энелер.
Айрым бир учур-мезгилде,
Араңжан балдар төрөлүп.
Аларың жатат өзүнчө,
Аппаратка “бөлөнүп”.
Салмак кошуп балдарга,
Саласың эне колуна.
Кудуңдап жөнөйт аларың,
Кучактап алып бооруна.
Жарымжан бала караган,
Жаштарга тийсин өрнөгүң.
Жашоонун улуу жолунда,
Жамандык такыр көрбөгүн.
Көп өнөрдү үйрөнгөн,
Тамаша кошуп сүйлөнгөн,
Таластык байкең боломун,
Көлдүк кызга үйлөнгөн.
4.08.2010
МИРИСТЕМОВ АШЫМГА
(баласын отургузгандагы ыр)
Чоңоюп калып уулубуз,
Чочогун кескен жатабыз.
Биздики да кесилген,
Бирок биз азыр атабыз.
Сага окшоп бирок, көрсөтпөй,
Сандыкка салып катабыз,
Бизге окшоп сен да ата бол,
Мына ушул берген батабыз.
Чоргосундай чайнектин
Чочогуң турсун чорбоюп,
Керилген жигит болгондо,
Келиндер турсун кол коюп.
1978-жыл
Кыска болду өмүрү,
Миристем уулу Ашымдын.
Алтымышка жетпестен,
Көр топуракка жашынды.
2011-жыл
МОЛДОКЕРИМ АГАБЫЗГА
(60 жашта)
Көп бир тууган экенбиз,
Көргө кетти жартысы.
Ичер суусу бар экен,
Калыптыр тирүү алтысы.
Алардын бири мынакей,
Молдокерим агабыз.
Көтөрүп бизди өстүргөн,
Көп карызбыз сага биз.
Атабызды жоктотпой,
Аябай бизге бел болдуң.
Жакырчылык турганда,
Нан таап берген сен болдуң.
Ата-эненин арбагын,
Ардактадың, сыйладың.
Талаалап кетпей бизге окшоп,
Там-ташын, жерин кыйбадың.
Көкөй кескен жылдары,
Көп кыйналып иштедиң.
Оор турмуш айынан,
Оозуңа жаның тиштедиң.
Өлөсө оокат кылсаң да,
Өз жаным дебей биз дедиң.
Жазып бүтө албаспыз,
Жакшылыктын тизмегин.
Мезгили менен биз келип,
Мээримиңе жылынып.
Анан жөнөп кетебиз,
Арт жакты көздөй бурулуп.
Азыркы жыйын башкача,
Айтылат бүгүн калың кеп.
Агабыз мына олтурат,
Алтымыштын нанын жеп.
Аман бол, байке, аман бол,
Аман болсун жеңебиз.
Аман болуп биз дагы,
Артыңдан кошо келебиз.
14.04.1988
(Бул ыр автотранспорт кызматкери, эски тааныш
Акматалы Тургунбаевдин өтүнүчү менен жазылды.
НИЯЗБЕК МЕНЕН ШАЙЫРГА
Кырк жыл бою кыналышып жаттыңар,
Кыз, уулду: Стелла, Азисти таптыңар.
Ал экөөнөн үч небере жаралып,
Андан ары уланууда бактыңар.
Ачып коюп жаңы турмуш барагын,
Ачык болсун төрт кыбыла тарабың.
Илгери үмүт—он жыл өтүп арадан,
Ичсек дейбиз «Алтын тойдун» арагын.
2003-жыл
(Автотранспорт кызматкери Ниязбек менен анын аялы экөөнүн баш кошкондоруна кырк жыл толгонуна байланыштуу алардын тааныш аялынын суроосу менен жазылды).
Достарыңызбен бөлісу: |