Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р


АДАМДЫН ОҢ ЖАНА ТЕРС САПАТТАРЫН ТУЮНТКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР



бет2/14
Дата15.06.2016
өлшемі1.98 Mb.
#137241
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14

АДАМДЫН ОҢ ЖАНА ТЕРС САПАТТАРЫН ТУЮНТКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

1. Адамдагы оң сапаттардын туюндурулушу:

Фразеологизмдер

Лексикалык мааниси

Оозеки, жазуу кепте колдонулушу

1.

2.

3.

Ай десе - аркы жок,

күн десе - көркү жок



Абдан сулуу, ашкан сулуу, теңдеши жок

Илгери-илгери ай десе - аркы жок, күн десе - көркү жок бир сулуу кыз болуптур. (Жомоктон)

Ай жамалдуу

Айдай сулуу, абдан сулуу, сулуулугу суктандырган, ажарлуу, келишимдүү

Бегимай ай жамалдуу, маңдайы жарык келин.

Ак көрпө жайыл

1.Бардык жагынан жетик, билерман, абдан алымдуу;

2.Кең пейил, берешен, март



Ак көрпө жайыл аял заты кыргыз элинде илгертеден баркталган.

Ак көңүл

Көңүлүндө кири жок, арамдыгы жок, кишинин көңүлүн калтырбаган, оюна кек албаган, кекчил эмес

Ак көңүл киши карыбайт.

Ак сөөк

1.Ата-бабасы тектүү киши;

2. Өтө назик, абдан сыпайы, сөөгү таза



1. Элдияр хан ак сөөктүгүн көрсөтүп, кара тамандарга кошулган жок.

2. Ал кыз бир көргөн кишини суктанткан ак сөөк, аста басып, аяр сүйлөйт.



Ала жипти аттабаган

Бирөөгө кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесин албаган, арамдык кылбаган

Менин апам - өмүрүндө ала жипти аттабаган таза киши.

Алдына

ат салдырбаган



Мыкты, тың, чыгаан, башкаларга салыштырмалуу бышык

Комуз чертүү боюнча Жеңиш алдына ат салдырбайт.

Ал мончоктой

Жакшынакай, татынакай, сүйгүнчүктүү

Ал мончоктой кызынан айрылып, кан какшап калышты.

Алтын шилекейин чачыратуу

Уккулуктуу, жагымдуу сөз айтуу, жакшы кабар айтуу

Аксакал алтын шилекейин чачыратып, кызыктуу кебин баштады.

Алты саны аман

Дени сак, оору-сыркоосу жок, күүлүү-күчтүү

Курманбек согуштан алты саны аман келди, бул чоң олжо.

Арасынан кыл өтпөө

Өтө жакын, абдан ысык, таттуу, ынтымактуу мамиледе болуу, бири-бирин жакшы көрүү

Дастан менен Нурлан арасынан кыл өтпөгөн достордон.

Аркы-беркини түшүнгөн

Ар нерсени билген, көптү көргөн, тажырыйбасы бар

Мээрим эс тартып, аркы-беркини түшүнүп калды.

Аскар тоо

Таяныч, жөлөк, тирек

Ата-аскар тоо, эне - боорундагы булак, бала -экөөнүн ортосундагы шам чырак. (Макал)

Атагы таш жаруу

Элге катуу таанылуу, атагы чыгуу, аябай белгилүү болуу (жакшы, жаман жактары менен)

Мелдешке атагы таш жарган ырчылар катышышты.

Атанын баласы

Атаны сөзгө калтырбай турган, колунан иш келген, намыска жараган, өнөрлүү, өтүмдүү жигит

Бали, атанын баласы экенсиң!

Атка жеңил, тайга чак

1. Жеңил-желпи, эптүү, элпек, тил алчаак;

2. Бат эле кепке алына коймо, баркы жок жеңил баа



1.Араңардан атка жеңил, тайга чагыңар айылга барып келе койгула.

2.Качан болсо,мени атка жеңил тайга чак кыла бересиңер.



Ат токур

Эркек бала

Ким төрөлдү? Ат токурбу, кырк жылкыбы?

Ачык айтып, ак сүйлөө

1.Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо;

2.Кандайдыр бир жакшылык кабар, сүйүнтө турган кеп угууну үмүт кылып, кимдир бирөөгө кайрылууда колдонулат



1.Ачык айтып, ак сүйлөө - азаматтын баалуу сапаттарынан.

2.-Ачык айтып ак сүйлөңүз, биздин сизге болгон ишеничибиз чоң.



Бал тил

Адамды өзүнө тарта, кызыктыра жылмалап айтылган, ынандырып көйүткөн өтө чебер, жылма, сылык сөз.

Бал тилге салса, жылаан да ийининен чыгат эмеспи.

Баш-көз болуу

Башчылык кылуу, башкаруу, көз кырын салуу, каралашуу, жардамдашуу

Аларга мен ата-энеси жокто баш-көз болдум.

Баш оту менен

Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу

Кенжебек ар ишке баш оту менен киришип, аягына чыгат.

Баш териси оң

Жүргөн-турганы, жасаган иштери, кишиге жасаган мамилеси, ж.б. түзүк, жакшы, начар эмес

Анын баш териси оң, түзүк эле киши көрүнөт.

Башы бар

Бир нерсенин жөн-жайын жакшы билген, ар нерсени түшүнгөн, түшүнүгү жакшы.

Алкы баланын башы бар, шаарга окууга жиберсеңерчи.

Башы бышкан

Бир нерсеге абдан такшалаган, дасыккан, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кагылган

Алина турмуштун өйдө-төмөнүнө башы бышып, оор басырык тартып өзгөрдү.

Башы оор

Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык

«Келиндин башы оор неме көрүнөт, жакшы бүлө болгудай» деп эне ичинен кубанат.

Бетинде кызылы бар

Уяттуу, ыймандуу, абийири бар, ызаат сактаган

Анын бетинде кызылы бар көрүнөт, барсам дароо эле кайтарып берди.

Беш колундай билүү

Абдан жакшы билүү, бардыгын толук билүү, жат билүү

Жездем бул жердин булуң-буйткасын беш колундай эле билет.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу

Бири-биринин ыгынан чыкпай, бир ооздуу, ынтымактуу болуу, бөлүнүп-жарылбоо

Биздин өлкөнүн жетекчилерине бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган сапат жетпей жаткансыйт.

Бир сөздүү

Калп айтпаган, сөзүндө турган, ишенимдүү

Келечектеги жолдошумдун чынчыл, ишенимдүү, бир сөздүү болушун каалайм.

Бир сырдуу

Оңой менен чечилбеген, өзүнчө бир мүнөзү бар

Нурлан - бир сырдуу, карапайым, эмгекчил адам.

Биттин ичегисине кан куйган

Өтө бышык, абдан тың, эң эле эпчил

Ал киши жаш кезинде биттин ичегисине кан куйгандардан эле, азыр карылыкка моюн сунуп калган тура.

Бутуна туруу

Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу

Адыл менен Мунара тез эле буттарына туруп, эл катары оокат кылып калышты.

Бычакка сап болгондой

Бир нерсеге, мерчемдүү ишке жарай турган, колунан бир нерсе келе турган, ар нерсеге жөндөмдүү, тың, чыйрак

Кыргыздын бычакка сап болоор жигиттери көп, алар эч качан намысты алдырышпайт.

Дили агаруу

Көңүлүнө кир албоо, ыраазы болуу, кек сактабоо

Көптөн берки таарынычы жазылып, дили агарды, көңүлү шаңданды.

Дың дебөө

Эч кандай каршылык көрсөтпөө, каяша кылбай айтканына көнүү, дегениндей болуу, эч сөз кайырбоо

Асел ата-эненин айтканын дың дебей аткарат.

Жабуулуу кара инген

Көтөрүмдүү, жакшылык-жамандыкка чыдамдуу, токтоо, текебери жок, баарына бирдей мамиле кыла билген кадырман, элге-журтка алымдуу

Толгонай апа кыргыздын жабуулуу кара инген деген атка конгон аял заттарынан тура.

Жапа тырмак

Бүт баары, баардыгы, бири калбай жапырт, жалпы

Мектептин курулушуна кары-жаш, улуу-кичүү дебей, жапа тырмак киришишти.

Жарыгы тийүү

Жан тартуу, пайдасы тийүү, бир жакшылык кылуу, аркасы тийүү

Агамдын мага да жарыгы тийип, көптөн көксөгөн максатым ишке ашты.

Жез таңдай

Сөзгө чебер, чечен, акындыгы жетик

Кыргыздын жез таңдай ырчылары ондоп саналат.

Жеңилин жерден,

оорун колдон алуу



Каралашуу, жардамдашуу, ишин жеңилдетүү, керегине жароо

Кызым чоңоюп, жеңилимди жерден, оорумду колдон алчу болду.

Жер каратпоо

Шагын сындырбоо, уят кылбоо, уятка калтырбоо

Атасы жок баланы теңтуштарынын астында жер караткым келген жок.

Жемин жедирбөө

Бирөөөгө алдатып ийбөө, жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып тең-тайлашкандай кудурети болуу

Өзү андан бир топ жаш кичүү болсо да, жемин жедирбегенге аракет кылды.

Жигиттин гүлү

Мыктысы, өтө чыгааны

Жигиттин гүлү сен болсоң,

Жибектин гүлү мен болсом.



Жолборс жүрөк

Эч нерседен коркпогон, тайманбас, баатыр, эр жүрөк

Манас - кабылан, шер, жолборс жүрөк баатыр.

Жөн билги

Түшүнүгү бар, өйдө-төмөндү ажырата билген, ар нерсени өз учурунда туура түшүнгөн

Каныкей – ашкан сулуу, чебер уз, жөн билги аял.

Жөө күлүк

Жөө жарыштарга катышкан, кыйын чуркаган адам

Жакында жөө күлүктөрдүн марафону болот, баш байгеси жорго экен.

Журт атасы

Эл бийлиген аксакал, билерман адам

Журт атасы калыс болсо, элинин бактысы ошол.

Жүзү жарык

1.Ажарлуу, жайдары;

2.Элге уят болбогудай, эл алдына кызарбагандай, кепке-сөзгө калбагандай абалда



1.Жакшы кишинин бир белгиси - иши ак, жүзү жарык.

2.Эл алдында жүзүм жарык болсо экен деп, күнү-түнү тынбай иштедим.



Жүнү тирүү

Тың, бышык, чыйрак, тетик.

«Эрмегимдин жүнү тирүү, ушундан бирдеме чыгат» деп, атасы өзүнчө кыялга батат.

Жүрөгү курч

Өтүмдүү, эч нерседен тайманбаган, тартынбаган, эч кайра тартпаган

Жаш кезде жүрөк курч болобу, анда эмне болот экен деп, жүрөкзаада болчу эмес экенмин.

Жүрөгү таза

Көңүлүнө кири жок, ак пейил, эч арамчылык ойлобогон

Жүрөгү таза адам экен, бир саат сүйлөшүп абдан ыраазы болдум.

Жүрөгүндө кара жок

1.Тайманбас баатыр, эр жүрөк, өткүр курч;

2.Ичинде арамдыгы жок, ак ниет, пейли таза, көңүлүндө кири жок



1.Кыргыздардан да жүрөгүндө кири жок эр жүрөк атуулдар элди душмандан коргоо үчүн фронтко аттанышкан.

2.Ал жөнүндө айткандар куру жалаа экендигине ынандым, анын жүрөгүндө кири жок экендигине көзүм жетти.



Жүрөгүндө оту бар

Өткүр, курч, эч тартынбаган, өтүмдүү

Жүрөгүндө оту бар жигит, ойлонуп турбастан, баланын артынан сууга секирди.

Жырык ийнесин албоо

Эч нерсесине тийбөө, эчтекесин албоо

Апам бирөөдөн уруксатсыз жырык ийнесин да албоону көп айтчу эле.

Ит жандуу

Чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамдуу

Ал жакта ит жандуулар гана чыдабаса, шарты абдан эле начар.

Ичи жакшы

Арамдыгы жок, ою түз, кишиге кара санабаган

Ичи жакшы адам дароо эле билинет турбайбы.

Ичине кир сактабаган

Жамандык, арамдык ойлобогон, кекчил эмес

Мага анын ичине кир сактабаган мүнөзү абдан жагат.

Ичи-тышы бирдей

Сырткы көрүнүшү кандай болсо, ички дүйнөсү да ошондой деген мааниде

Анын болгон турпаты ушул, кандай турса, ошондой эле, ичи-тышы бирдей киши.

Иш билги

Жөндөмдүү, жөндүү, түшүнүктүү

Элзана тез эле өзүнүн иш билгилиги менен көзгө көрүнүп, сөзгө алына баштады.

Иши ак

Күнөөсү жок, күнөөсүз, таза

Иши актын дайыма жолу ачык болот эмеспи.

Кабагы ачык

1.Кайгы-капасы жок, жайдары, көңүлдүү;
2.Кабагым-кашым дебеген, пешенелүү, ажарлуу, жылдызы жарык

1.Бүгүн атамдын кабагы ачык экен, абдан сүйүндүм.

2.Качан барсаң кабагы ачык тосуп алат, дасторконун жая салып, берерге ашын таппай калат.



Кабагым-кашым дебеген

Эч кайгырбаган, түк кенебеген, такыр убайым тартпаган

Ушунча болуп, мен анын кабагым-кашым дегенин көргөнүм жок.

Кабыргага кеңешүү

Ары жак, бери жагын байкаштырып, абдан ойлонуу, шашпай көпкө ойлонуу

Маанилүү маселе экен, кабыргага кеңешип иш кылалы, кийин бармагыбызды тиштеп калбайлы.

Камчы салдырбоо

Айттырбай билүү, тың чыгуу, чыйрактык кылуу

Ишке тез эле аралашып кетти, камчы салдырган жок.

Канат - куйругу жетилүү

Баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу

- Шакиртиңдин канат- куйругу жетилиптир, өз алдынча коё берсеңчи.

Кара кылды как жарган

Бардыгына бирдей калыстык кылган, эч кимге жан тартпаган

Кара кылды как жарган,

Кан Бакай сөзүн баштады. (Манастан)



Карап эле тургандай

Өтө кооз абдан сулуу, бөтөнчө жарашыктуу

Келини ушунчалык сулуу экен, тим эле карап эле тургандай.

Кең пейил

Март, берешен, боорукер

Кыргыз эли меймандос, сылык, кең пейил элдерден.

Кирдүү кол менен кармагыс

Өтө назик, татынакай, абдан ардактаган

«Кирдүү кол менен кармагыс кыздын тагдыры эми эмне болот» деп, бушайман болуп калдым.

Кичи пейил

Мүнөзү жөнөкөй, карапайым, сылык, элпек

Чынара кичи пейилдигин көрсөтүп, дароо тура калды.

Кой маарек тартуу

Жоошуп калуу, токтоо тартуу

Кичинекейиңде абдан тынчы жок элең, азыр карасам кадимкидей кой маарек тартып калыпсың.

Кой оозунан чөп албаган

Кишиге өйдө карабаган, абдан жоош, момун, куулук-шумдугу жок эч кимге жаманчылык кылбаган

Атам - кой оозунан чөп албаган момун адам.

Кол арага жароо

Тестиер тартып, майда-чүйдө иштерди аткарууга, кол кабыш кылууга жарап калуу, чоңоюп жеңил-желпи жумуштарды иштей баштоо

Оорукчал неменин жети-сегиздеги кызы кол арага жарап калганына сүйүндүм.

Кол кабыш кылуу

Жардамдашуу, көмөк көрсөтүп кошо иштешип берүү

Мен көпкө ойлонуп турбай эле, аларга кол кабыш кылышып ийдим.

Колу жеңил

1.Колуна алган иши бат бүтөт, же тез өтөт деген мааниде;

2.Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган



1. «Колуңуз жеңил болуп, бүгүнкү соодам жакшы болсун»,- деп, Бактыгүл кардарды узатты.

Дамир байкемдин колу жеңил, жарым сааттын ичинде койду союп, устукандап жиберди.

2.Алиман эженин колу жеңил, ага баргандардын баары эле тез сакайып кетишет.


Колунан көөрү төгүлгөн

Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген

Биздин айылдын колунан көөрү төгүлгөн уздары чогулуп, көз суктанткан боз үйдү жасоого киришишти.

Көкүрөгү тунук

Акыл-эстүү, сезимдүү, зээндүү

Акындык кесипти аркалагысы келгендердин көкүрөгү тунук, жүрөгү таза болушу абзел.

Кумурсканын улутунганын билет

Анын билбегени жок, баары жоктун баарын билет, өтө айлалуу

Биз, достор, Даниярды «Кумурсканын улутунганын да билесиң ээ?» - деп тамашалай беребиз.

Кылдай кара санабоо

Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо

Мен аларга кылдай кара санабай, ак эмгегимди өтөй бердим.

Ниети ак

Ою тунук, кишиге жамандыгы жок, арамдык ойлобогон

- Сага болгон ниетим ак, жаман ойлосом, кудай урсун!

Оозунда сөзү бар

Анча-мынча чечендиги бар, дурустап сүйлөй билген, кеп-кеңешин айта алган

Кыргызда байыртадан эле тилинде сөөлү, оозунда сөзү бар чечендер бийликтегилерди сындап келишкен.

Оор басырык

Токтоо, көтөрүмдүү, эч кебелбеген, салмактуу

Азамат - тырышчаак, тартиптүү, мүнөзү оор, оор басырыктуу окуучу.

Оюнда кара жок

Ак көңүл, эч жаман ою жок, эч кимге жамандык ойлобогон

Жыйында бардыгына бирдей мамиле жасап, оюнда кара жоктугун далилдегиси келген Бактияр маселени ортого салды.

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк

Таяныч болор, бел кылар, ар дайым жардамы тиер киши

Замир байкем дайыма мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот.

Сакадай бою сары алтын

Колунан бардыгы келген, акыл-эстүү, токтоо, абдан мыкты

Таенебиз сакадай бою сары алтын болгон, токсондон ашкан киши, биз аны урматтайбыз.

Сөөгү таза

1.Мүчөсү, сын-сыпаты келишкен, сымбаттуу;

2.Аралашмасы жок, чыныгы



1.Илгерки адамдардын сөөгү таза эле, көп жашашчу.

2. Алар «сөөгү таза машина алдык» дешип, сүйүнүп жатышты.



Суугуна тоңуп, ысыгына күйүү

Кимдир бирөөнүн бардык кыйынчылыгын бирдей көтөрүү, абдан күйүмдүү, ар дайым кам көрүп келүү

Суугуна тоңуп, ысыгына күйүп жүрүп, эми минтип жүз карашпай калат деген эмнеси?

Тири карак

Тың, чыйрак, жандуу

Тиги кызы тири карак өңдөнөт, дароо эле болгон түйшүктү өз мойнуна алды.

Топук кылуу

Канааттануу, каниет кылуу, ыраазы болуу

Адам болгон нерсеге топук кылып жашаса, кылган ишинде береке болот.

Чукугандай сөз табуу

Сөздү орундуу сүйлөгөн, чечендик жайы бар деген мааниде

Караңгыда көз тапкан,

Чукугандай сөз тапкан.

(Манастан)


Чымыны бар

Кандайдыр бир нерсеге жөндөмү бар, шыгы бар, таланты бар

Анын жаш кезинен эле чымыны бар экени байкалган, газет-журналдарга да жазгандары жарыяланып калчу.

Ыйманы ысык

Жылдыздуу, сүйкүмдүү, сүйгүнчүктүү

Үй ээсинин ыйманы ысык көрүнөт, бизди жайдары тосуп алды.

Эриш-аркак болуу

Бири-бирине жардамдашып, жөлөк - таяк, таяныч болуу, ынтымакташуу, биргелешүү

Бүбүкан менен Марстын эриш-аркак болуп жашагандарына мына бүгүн он беш жыл толду.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет