1.
|
2.
|
3.
|
«Ай» дээр ажа, «кой» дээр кожо жок
|
Акыл айтып башкараар, теске салаар, жол көрсөтүп тарбиялаар кишиси жок
|
Эми аны «ай» дээр ажа, «кой» дээр кожо жок, биротоло ичкиликке берилип кетет го?
|
Ак кол
|
Оор ишке кол тийгизбеген, кара жумуш кылып көнбөгөн, андай иштен кача турган жалкоо, жан бакты
|
Азыркы заманда ак кол, ак чүчтөргө орун жок, андайлар
турмуштун бороондоруна туруштук бере алышпайт.
|
Ала көөдөн
|
Маактанчаак, курулай күүлөнгөн, жеңил мүнөз
|
Ал жигит дагы баягы ала көөдөндүгүн карматып, эл алдында уят болду.
|
Алкы бузук
|
1.Алдым-жуттум, ач көз, жегич-ичкич, нысабы жок;
2.Соргок, тамакты көп ичкен, тамакка үзүлү түшкөн
|
1.Бийликке алкы бузук саясатчылар келсе, элдин турмушу оңолмок беле.
2. «Арам тамак, алкы бузук, ашка жүк, башка жүк» деп, өгөй эненин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты.
|
Алма быш, оозума түш
|
Кыйналып эмгек кылбаган, даяр оокатка көнгөн, жатып ичер
|
Баягы «алма быш, оозума түш» дегендердин заманы бүткөн, азыр ар ким өз арбайын өзү көрүүдө.
|
Алчы-таасын жеген
|
Ар нерсеге өтө эпчилдик кылган, абдан тапан, өтө куу, ашкан митаам
|
Алчы - таасын жеген неме көрүнөт, дароо эле бизге жаккан жок.
|
Алып сатар
|
Кызыл кулак, соодагер, чайкоочу
|
Базардагы алып сатарлардын колуна түшүп, акчасын алдатып жиберди көрүнөт.
|
Аңды-дөңдү карабоо
|
Эч нерсени байкабоо, сактануу, абайлоо дегенди билбөө, ойлонуп иш кылбоо
|
«Аңды-дөңдү карабай жүрүп, бир күнү балээге кабылбасаң эле болду» деп, энеси кейийт.
|
Арааны ачылуу
|
Алкы бузулуу, алдым-жуттум жагына оой баштоо, ач көздүк кылуу, нысабы кетүү
|
Хандын арааны ачылып, кедейлердин алына карабай калды, аларды өтө кыйнап жиберди. (Жомоктон)
|
Арам ойлуу
|
Ниети бузук, кытмырлыгы, кыянатчылдыгы бар.
|
Арам ойлуу адам келсе, тебелетпе төрүңдү. (Ырдан)
|
Ары жок
|
1.Уятсыз, намыссыз;
2.Колунан келбесе да жулуна берген, көйрөң
|
1. «Турчу ары, сени мен башкача ойлочу элем, ары жок турбайсыңбы», - деп, Бермет таарынды.
2.Ары жок - күлкүчү,
Санаасы жок - уйкучу.
(Макал)
|
Ачуусу мурдунун учунда
|
Ачуусу чукул, бат ачууланма, болор - болбоско териге түшмө
|
Ачуусу мурдунун учунда беле, «каңк» эттире бир коюп калды.
|
Ачык ооз
|
Укканын ичине сактап тура албаган, билген-көргөнүн айта берген бош ооз
|
Тышы коозго көз артпа,
Ачык оозго сөз айтпа.
(Макал)
|
Аша чапкандык
|
Ченден чыккандык, өтө ашыкча кеткендик
|
-Бул ишиң аша чапкандык болуп калды, чектен чыгып кеттиң, токтот!
|
Ашка жүк, башка жүк
|
Өзүнчө эмгектенбей бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен жан баккан, жатып-ичер, аяк бошотор, жалкоо
|
-Төрт тарабың кыбыла, ашка жүк башка жүк болбой, өз оокатыңды өзүң кылсаң боло!
|
Баш териси бузук
|
Кара ниет, жаман ойлуу, көңүлү түз эмес, начар
|
Анын башынан эле баш териси бузук экени байкалган.
|
Башы жок
|
Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган
|
Башы жок эмеби, ошону айттырбай эле билсе болмок да.
|
Бербестин ашы бышпас
|
Берем дегенин бербей создуктурган, күттүрө берип тажатып жиберген
|
Бербестин ашы бышпас,
Бышса да казандан чыкпас. (Макал)
|
Бети жок
|
Уятсыз, абийирсиз
|
-Бети жоктугун көрсөтүп, кийинип алганын карасаң, жоругуң жолдо калсын!
|
Бети калың
|
Уялганды билбеген, уялбаган, эч нерседен тоготпогон, кенебеген
|
Жедеп көнүп алганбы, ал бул жолу да бетинин калыңдыгына салып, унчукпай кутулду.
|
Беш өрдөгүн учуруу
|
Калп айтуу, жалган айтуу, капкайдагы калпты айтуу
|
Элди күлдүрөлү деген куудулдар ар нерсени айтышып, беш өрдөктөрүн учуруп куудулданып жатышты.
|
Бир бороондуу алы жок
|
Өтө алсыз, чабал, бир нерсеге туруштук бере албаган
|
Өтө эле мажүрөө өңдөнөт, бир бороондук да алы жок экен.
|
Биринин тебетейин бирине кийгизүү
|
Бирин ордуна экинчисин коюу, алмаштыруу, ыңгайын таап эптештирүү, өтө эпчилдик амалкөйлүк менен иш бүтүрүү, будамалоо
|
Анын оокаты биринин тебетейин бирине кийгизүү менен өтүп жатат.
|
Битин сыгып канын жалаган
|
Абдан зыкым, өтө сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, битир, ач көз
|
Илгери-илгери бир заманда жеткен ач көз, битин сыгып канын жалаган зыкым бай жашаптыр.(Жомоктон)
|
Бой көтөрүү
|
Өзүн башкалардан жогору санап менменсинүү, мыктысынуу, кекирейүү
|
Ал кыздардын арасында өзүн артык сезгенсип, бой көтөрүп жүрчү.
|
Боор ооруса, боорго тебүү
|
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт
|
-Боор ооруса, боорго тепкениң кандай, биз сага эле жакшылык каалап жатпайбызбы?
|
Боору таш
|
Ырайымсыз, эч кимге жан ачыбаган, кара мүртөз
|
Арабызда өз ата-энесин карылар үйүнө таштап, өз баласын бакпай баса берген боору таш адамдар да жашап жатат.
|
Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу
|
1.Жок нерселерди ойлоп таап, эч негизсиз чыр чыгаруу, атайын кыйкым табуу, ыксыз күнөөлөө, айыптоо;
2.Болбой турган нерсени тымызын болтуруу, өтө эпчилдик кылуу
|
1.-Сенин ар качандан бир качан бөйрөктөн шыйрак чыгара бермей адатың бар, таштасаң боло эми.
2.-Ага ишене бер, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бат эле бүтүрө коёт.
|
Бөрк ал десе, баш кесүү
|
Өтө аша чабуу, ашыкча кетүү
|
Хандын жигиттери бөрк ал десе, баш кесишип, жардыкты өздөрү каалагандай аткарып киришти. (Жомоктон)
|
Беш колун салуу
|
Коомдук мүлккө, же башка бирөөгө тиешелүү нерсеге ж.б. ач көздүк, сугалактык кылып ичип-жешке аракет кылуу, башы менен кирип кетүү
|
Элдин мүлкүн өз мүлкүндөй көрүшүп, беш колун салып жиберген жетекчилер жумуштарынан ыргышты.
|
Бөтөлкөдөн башы чыкпоо
|
Өтө көп ичүү, ичкиликке берилип кетүү
|
Ал ошонун кесепетинен бөтөлкөдөн башы чыкпай, өмүрүн арманда өткөрүп калган.
|
Бу кулагынан кирип, тиги кулагынан чыгуу
|
Көңүл коюп, назар салып укпоо, уккан сөзүн эсине тутпоо, эсине сактап калбоо, ошол замат унутуу
|
Тынчтык акма кулак бала экен, эмне айтсаң да, бу кулагынан кирип, тиги кулагынан чыгат.
|
Бут тосуу
|
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу
|
Мындай ийгилик ага жеңил эле келе койгон жок, бут тоскондор көп эле болду.
|
«Бээ» десең, «төө» дейт
|
Оң айтсаң тескери айтат, айтканды айткандай түшүнө албайт, маңыроо чалыш
|
-«Бээ» десем, «төө» деп, абдан кыжырыма тийип жибердиң, ары турчу!
|
Дили караюу
|
Көңүлү бузулуу, оюна кек алуу, жамандыкка барууну ойлоо, кара ниеттик кылуу
|
Чынында эле Жанузактын дили карайып, жаман ишке баргандан да кайра тартмак эмес.
|
Док урунуу
|
Иштеген ишин, аракетин бирөөгө милдет кылуу, доомат кылуу, болбогон талаптарды кылуу
|
Сотко болор-болбос нерсе үчүн док урунуп келгендердин саны да арбын.
|
Доңуз айбат
|
Кыйратып жибергидей эчтемеси жок, куру кайрат, куру опуза
|
Ал калп болсо да, элге-журтка шерменде болбоюн деп, доңуз айбатын көрсөттү.
|
Дээринде жок
|
Тегинде начар, ар жагында эч нерсеси жок
|
-Дээринде жок немеден баары бир эч нерсе чыкпайт, убара болбо.
|
Жаалы катуу
|
Аябай ачуулуу, өтө каардуу, ырайымсыз
|
Жеңенин жаалы катуу келген экен, ачуусун идиш-аяктан чыгарды.
|
Жатып ичер
|
Өз алдынча эмгек кылбай, бирөөнүн эсебинен жашаган, бекер оокатка көнгөн, жалкоо, арам тамак
|
Өгөй атасынын жатып ичер, жан бактылыгы жүрөгүн мыжып ийди.
|
Жез кемпир
|
1.Жомоктордо айтылуучу сыйкырдуу, мыкаачы кемпир;
2.Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум аял, кемпир
|
1. Жез кемпирди жерден шак көтөрүп, каптын ичине салып, оозун бууп, ийинине көтөрүп алды. (Жомоктон)
2.-Баягы жез кемпирдин колунан келген турбайбы, азыр анын сазайын бербесем элеби!
|
Жек көрүмчү
|
Көзгө суук учураган, өтө алгылыксыз, начар, шүмшүк
|
Ушундайынан ал балдарына, аялына, туугандарына жек көрүмчү болуп калган.
|
Жел өпкө
|
Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз
|
Жамандын бир адаты бар, ал - жел өпкөлүк деп ойлойм.
|
Жел таман
|
Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак
|
Аялдын жел тамандык адаты ага жакшы атак алып келбейт.
|
Желкеге минүү
|
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен күн көрүү
|
-Ал таптакыр эле биздин желкебизге минип алды, эми эмне кылабыз?
|
Желкеси жок
|
Абдан кежир, тил албаган, кыйык
|
Желкеси жок бала дагы укпай басып кетпедиби!
|
Жеңил баа
|
Орунсуз сүйлөп, болор-болбос, өйдө-төмөн иштерге орду жок киришип, туура эмес иш кылып, кадыр - баркын кетирип, баасын төмөндөткөн адам
|
Адам өмүр бою өзүн-өзү тарбиялашы керек, жеңил баа болбой, кадыр-баркын ойлошу керек.
|
Жеп жиберчүдөй
|
Аябай каарданган, жекире карагандай, жаалын төккөндөй, жек көргөн кебетедей
|
Анын жеп жиберчүдөй кебетесин көрүп, коркуп кеттим.
|
Жер баспай калуу
|
Эч нерсени көзүнө илбей текеберленип, дөөгүрсүнүп, көтөрүлүп турган абалда болуу, менменсинип, мурдун көтөрүп, көөп кетүү
|
Кеңеш мансабына таянып, акыркы күндөрү жер баспай калган.
|
Жер-жеберине жетүү
|
1.Ата-жотосунан бери козгоп, капкайдагы кемчилигин чукуп, аябай тилдөө, катуу жекирүү, жемелөө;
2.Майда-чүйдөсүнө чейин, эч немесин калтырбай айтып чыгуу, сөз кылуу
|
1.Күйөөсүнүн дагы эле өлөөрчө мас болуп келгенин жактырбаган Бурма, аны жер-жеберине жеткизе тилдеп жатты.
2.Кудагый өзүнүн балдарынын жоруктарын мага жер-жеберине жеткизе айтып салды.
|
Жер карама
|
Өтүмү жок, мылжың, жалтак, тартынчаак
|
Жер карама адатыңды калтырсаң боло, элден эч нерсең кем эмес, эмне мынча басынасың, ыя?
|
Жоон моюн
|
Анча-мынчаны тоготпогон, менменсинип кербезденген, кенебеген, тил албаган
|
Мага теңтушумдун жоон моюндугу жакпай кетет.
|
Жумурткадан кыр чыгаруу
|
Жөнү жок жерден, болбогон жерден кемчилик таап, өөн таап, куру бекер кыйкымдай берүү
|
Түптүз жерден ката таап, ак ишти каралап, жумурткадан кыр чыгарып коюш оңой, бирок аны түзөш кыйын.
|
Жүзү каралык
|
Уятсыздык, адамгерчилиги жоктук, шермендечилдик маскарачылык
|
Бул иш жүзү каралыкка жатат, ким кылса да, анын жазасын өз моюну менен тартат.
|
Жүрөгү жок
|
1.Коркок, өтүмү жок, кайратсыз;
2.Ырайымсыз, таш боор
|
1. Сапар адатынча жүрөгү жоктугунан качып кетти.
2.Баласынын бакырып ыйлаганына карабай, жүрөгү жок немече басып кетти.
|
Жүүнү бош
|
Болбураган, жоош, чыйрак эмес, тың эмес, өлжүрөп колунан эч нерсе келбеген
|
Суук кабарды угузуп алышып, Максаттын жүүнү боштугуна кейишти, аяшты.
|
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген
|
Эч кимге жакшылык кылбаган, колунан эч жакшылык келбеген, карасанатай, кара өзгөй
|
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген боору таш адамдар жерде кантип басып жүрүшөт?
|
Жылан чакпай, жылкы теппей
|
Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле
|
Досубуз экөөбүздүн ортобуз жылан чакпай, жылкы теппей эле бузулуп калды, «эмне себеп болуп кетти» деп башым маң.
|
Жыландын башын көрсөтүү
|
Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу
|
Айыккан жарама тийбесеңчи, жыландын башын көрсөтпөй эле кой!
|
Жылдызы жок
|
Сүйгүнчүгү жок, жагымдуу эмес
|
Анын биздин арабызда болушун каалабай турдук, себеби биз үчүн анын жылдызы жок эле.
|
Жылкы кыял
|
Чунаңдап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө
|
Жылкы кыял мүнөзүмдөн качан арылам, көп учурда мага залакасы тийип калат.
|
Жылт этме
|
Карматпаган, колго тийбеген, куу, шум
|
Таланттын колу туткак, жылт этме.
|
Жылын төө кылуу
|
Барктануу, баалануу, маалкатуу, кербезденүү
|
Мынча эмне жылыңды төө кыласың?
|
Ит арка
|
Ынтымагы жок, ыркы жок, бирдиктүү эмес
|
Бири-бирин жактырбагын ит арка немелер, азыр арасынан кыл өтпөгөн ынтымактуу.
|
Ит менен мышыктай
|
Бири-бирине абдан өч, ынтымагы жок
|
Ал экөө ит менен мышыктай ыркырашып, бир топко чейин урушушту.
|
Ит оору
|
Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган жаман адат, терс көрүнүш
|
Бирөө мактап койсо, көтөрүлүп кетме ит оорум бар. (Үмөталиев)
|
Иттин арткы шыйрагындай
|
Абдан уят болуу, шермендеси чыгуу, өтө ыңгайсыз начар абалда калуу
|
Мени ошол жерде сени ээрчип барган каракчыча да көрбөй, иттин арткы шыйрагындай болуп кайра келем го ыя?! (Өзүбекова)
|
Ичи ала
|
Арам ойлуу, пейли бузук, ою түз эмес
|
Ал булардын арасында ичи ала шумдар болбогой эле деп шекшинет. (Ашымбаев)
|
Ичи арам
|
Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон
|
Өзүн акылдуу эсептеп, чиренгендердин ичи арам, калп боло тургандыгын да көрдүм. (Абдукаимов)
|
Ичи кара
|
Ниети жаман, башкаларга жакшылык кылгысы келбеген, бирөөнү көрө албаган
|
Ичи кара душманды, Даана билет биздин топ. (Барпы)
|
Ичинен күлүү
|
Билгизбей астыртан шылдыңдоо, табалоо
|
Айла жок ичимден күлдүм, жаштыктын оргу-баргысы деген кандай! (БСМ)
|
Ичи тардык
|
1.Башкалардын ийгилигин, жетишкендигин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык кыла албагандык,жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык;
2.Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук
|
1. Ал эми кек алмакка, же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар. (БСМ)
2. Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды. (Сыдыгалиев)
|
Кабагына кар жааган
|
Түнөрүп, ачуусу келген, каарданган, жини кайнаган
|
Кабагына кар жааган, сүрүнөн душман сүрдөгөн. (Айтматов)
|
Кан ичкич
|
Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум
|
Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, жылмайып четте гана аман калды. (Турусбеков)
|
Кара жолтой
|
Жамандыкты, кырсыкты кошо ала келе турган, жолу катуу
|
-Каалабасаң, кара жолтой немени талкалап сал. (Медетов)
|
Кара жүздүүлүк
|
Уяты жок, шермендечилик
|
Мына ушул калп, алдамчылык, кара жүздүүлүктү Жолболдуев жашырып-жаппай, уялып да койбой, Качыкеге ачык айтты. (Абдукаимов)
|
Кара мүртөз
|
Кыялы терс, таш боор, кыянатчыл, адамга жакшылык кылбаган
|
Киши кара мүртөз, киши ак көңүл-дааналана берет. (Осмоналиев).
|
Кара ниет
|
Ниети бузук, карасанатай, оң санабаган
|
Адам бактысын байлаган кара ниет тажаалдар чыккан. (Жантөшев)
|
Кара өзгөй
|
Чыр - чатак, кыянатчыл, карасанатай, уят-сыйыты жок, жандими
|
Маркум атасы жакшы киши эле, уулу кайрымы жок, кара өзгөй чыкты. (Жусупов)
|
Кем акыл
|
Акылсыз, түшүнүгү начар, акылы тайкы
|
Ал буларды ойлобогон кем акыл, ала көөдөн. (Саатов)
|
Кеп жебес
|
Кептин жөн-жайын түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбей кежирлик кылган
|
Кеп жебес кежир неме экен. (БСМ)
|
Кер аяк
|
Каяшачыл, кыйык, тил албас
|
-Кер аяк, сөздү ушунчаңда токтот! (Жантөшев)
|
Кесип алса, кан чыкпаган
|
Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш
|
Бул жамандан кесип алса, этинен кан чыкпайт көрүнөт? (Сыдыкбеков)
|
Кишиге жугуму жок
|
Колжойгон, эби жок, бирөө менен ымалага келе албаган, кербезирээк
|
-Кишиге жугуму жок байкушсуң! Минтип жүрсөң, кантип жан багасың? (БСМ).
|
Коён жүрөк
|
Өтө эле коркок, жүрөгү жок, өтүмү жок
|
- Кокуй, ой, коён жүрөк десе, коркпо! (Жусупов)
|
Кой-айга келбөө
|
Тил албоо, сөз укпоо, кепке көңүл бурбоо
|
Алардын кой-айларын укпай, сезбей койгондо, «Чалкан» журналынан киши барды эле, алдастап жаныңды катар жай таппай калдың. (Эгиналиев)
|
Кой терисин жамынган
|
Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап жашырган, түрүн өзгөртүп тымызын душмандык кылган
|
- «Коёнкөзов кой терисин жамынган эл душманы!» -деди комиссиянын башчысы шапкесин мыкчый ордунан обдулуп. (Акматов).
|
Колу туткак
|
Майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып кете берме, кичине уурулук жайы бар
|
Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту. («Куйручук»)
|
Кошоматка кой союу
|
Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү
|
Хан Дыйканбай үйүндө Жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың. (Токтогул)
|
Көзгө илбөө
|
1.Теңине албоо, киши катарына көрбөө, тоготпоо, өзүнөн башкаларга маани бербөө, теңсинбөө;
2.Уялбоо, ийменбөө, тартынбоо, адеп, тартип сактабоо, ызаат кылбоо
|
1.Алар Сапарбайды көзгө илишпей, жашсынтат.
( Сыдыкбеков)
2.Түлкүдөй мант берип турчуларды көргөндө, ал жыйынды көзгө илбей эле, сөгүнүп кирчү. (Медетов)
|
Көзүн май басуу
|
Мансабына, байлыгына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей көөп кетүү
|
Көзүн май басып, акчанын деми менен көкөлөп жүрө берди. (БСМ)
|
Көк бет
|
Оюндагысын бербеген, айтканынан кайтпаган, долу, абдан өжөр
|
Калпа өзү өтүнүп отурса, мынча көк бет болуп дулдуюшу жарабас. (Бейшеналиев)
|
Көөдөнүн көтөрүү
|
Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу
|
-«Менден башка бул колхоздо ким бар?» деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен. (БСМ).
|
Көр жеме
|
1.Майда жеме, жемекөйлүк;
2.Ыгы жок эле кемирип-кесип, ичип-жей берген, орду жок жемелей берген, өтө майдачыл, жемекор
|
1.Чыдай албайм сенин көр жемеңе. (Бейшеналиев)
2.Көр жеме кайнатам көрсөтпөгөнү калган жок. (БСМ)
|
Кулкуну бузук
|
Жегич, ичкич, алдым-жуттум
|
«Кулкуну бузук кузгун, ушу сага ишенген мендейлер курусун!» деп кемпир молдонун бетин апчып, алар да тура качып кутулду. (БСМ).
|
Куу баш
|
Баласы жок, такыр бала көрбөгөн
|
Тиги карасур зайыптын согончогу канабай, аны куу баш өткөрүп баратат. (Касымбеков)
|
Куурай башын сындырбоо
|
Эч нерсеге колу тийбөө, эч иш кылбай жүрө берүү, бекерчиликке көнүп алуу, жеңил жан багуу
|
Кумаркан ушул күнгө чейин куурай башын сындырган жок. (Байтемиров)
|
Күлү додо болбоо
|
Бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү
|
Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов)
|
Күн карама
|
Кошоматчы, эки жүздүү, күчтүүрөк болуп бараткан, алдуу-күчтүү жактын, тараптын сөзүн сүйлөгөн
|
Күн карама оюлгур,
Күлүп сүйлөп жалтактап. (Т. Молдо)
|
Күңк-мыңк этүү
|
Оюн ачык, так айталбай, бүдөмүктөтүп, бир нерсени ичинен күңгүрөгөн болуу
|
Угузбаса да ич ара күңк-мыңк эткендер бар эле. (Ашымбаев)
|
Күч күйөө
|
Кыздын ата-энеси менен бирге жашаган, өзүнчө үй-жайы жок күйөө бала
|
Күч күйөө жатканын калыңга тогойт. (Макал)
|
Кылдан кыйкым табуу
|
Болбогон жерден күнөө коюу, жок жерден кемчилик табуу, эч негизсиз эле күнөө коюу, чыр чыгаруу, же айыптоо
|
Кылдан кыйкым таап урушуп турсаң, үйдө кайсы береке болсун. (Бердикеев)
|
Кылычынан кан тамган
|
Өтө каардуу, ырайымсыз, мыкаачы, зулум
|
Кылычынан кан тамган, Жаныбек аттуу хан болгон экен. (Жомоктон)
|
Кыял күтүү
|
Мурдагыдай болбой мүнөзү өзгөрүлүү, көбүү, менменсинүү, дердейүү
|
Кыял күтүп, салам айтсаң алик албай калган кези экен.
|
Кыялы чатак
|
Урушчаак, кежир
|
Баары жакшы, түгөнгөн кишинин кыялы чатак, оюна келгенин бербейт. (Өмүрбаев)
|
Мурдун балта кеспөө
|
Кенебөө, тоготпоо, камаарап койбоо, капарыны албоо, көңүл бурбоо
|
Мурдубузду балта кеспейт, кайгы-капа менен жумушубуз жок. (Убукеев)
|
Мурдун көтөрүү
|
Кекирейүү менменсинүү, көпкөлөң тартып чиренген абалда болуу
|
Анысын Жакиш сезбейт экен мурдун көтөрүп. (Бердикеев)
|
Мурду менен бир тийүү
|
Корс эткен, орой мамиле кылуу, кимдир бирөөгө катуу айтып чогоолдук жасоо, корстук кылуу
|
Бакырчаактын күүлөнүп келип мага мурду менен бир тийгени ошол экен.
( Жигитов)
|
Мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыроо
|
Жок нерсеге жетем деп, колунда бардан ажыроо, куру кылуу
|
Бир саатча мурда эле кундуздай кара, жарашыктуу таралган чачы болгонун, мүйүздүү болом деп, кулагынан ажырап калганын ойлоп, каңырыгы түтөп кетти. (БСМ)
|
Мүнөзү жеңил
|
Анча токтоо эмес, оор басырык эмес
|
Казы - орто бойлуу, чымыр денелүү, мүнөзү жеңил жигит. (Сыдыгалиев)
|
Мышык сопу
|
Кандайдыр бир жагымсыз, былыктуу ишти иштеп коюп билмексен, көрмөксөн болгон анткор, арамза
|
Эч жерге батпай шумдук болгон неме айылга көчүгү батканча мышык сопу болоюн деген го деп, анын сыпайыкерчилигине ишенишпеди. (Каимов)
|
Ниети кара
|
Ниети бузук, кара санатай, оң санабаган, кара ниет
|
Адам бактысын байлаган кара ниет тажаалдар чыккан. (Жантөшев)
|
Ойду омкоруу, тоону томкоруу
|
Көп жумуш аткаруу, абдан катуу иштөө, таш-талканын чыгаруу
|
Чындасак ойду омкоруп, тоону томкоробуз. (БСМ)
|
Ойду-тоону айтуу
|
Баш-аягы жок, маанисиз сөздөрдү сүйлөө, ар кайсынын башын бир айтып дөөдүрөй берүү
|
-Ойду-тоону айтпай, ток этер жерин айтчы.
|
Ооз көптүрүү
|
Курулай менменсинип, көтөрүлүп, мактанып сүйлөө, оозу менен опуруп-жапыра берүү
|
Ооз көптүрүп ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, кайдан келсин көңүлгө? (Маликов)
|
Оозун куу чөп менен аарчуу
|
Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо
|
-Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң. (Байтемиров).
|
Ортосуна от жагуу
|
Араздаштыруу, бирин - бирине жаман көргөзүү, кайраштыруу
|
Алардын ортосуна от жагууга далай аракет кылды, бирок эч нерсе чыккан жок. (БСМ)
|
Өгүз догун карматуу
|
Өжөрлөнүү, көгөрүп туруп алуу, көктүгүн көрсөтүү
|
Акия Элебестен чындап жаакка жегенде, ачуу үнүн барынча салып, өгүз догун карматкан. (Сыдыкбеков)
|
Өзү тойсо да, көзү тойбоо
|
Өзүндөгү болгондорго алымсынбай, каниет кылбай дагы алсам, жутсам деген ниет менен сугун артуу
|
Ач көз өзү тойсо да, көзү тойбойт, бирөөгө көз артканын койбойт. (фольк.)
|
Өпкөсү жок
|
Жеңил мүнөз, көйрөң, курулай күүлөнүп, жээлиге берме, мактаанчак, дардаңкүү
|
-Айылда принцче кийинсең, балдар сени өпкөсү жок дебейби?! (Жусупов)
|
Пейил күтүү
|
Менменсинүү, өзүн жогору саноо
|
Коңшу пейил күтсө, үй ээси капа болот. (БСМ)
|
Сакалдуу башы менен
|
Жашы улгайганына карабай, абийирине карабай, уялбай
|
Сакалдуу башы менен башкарма акем эмне болду? (Убукеев).
|
Сиркеси суу көтөрбөө
|
Чыртылдап урушуп, эч нерсени сүйбөө, сөз көтөрө албай силкилдөө, силкинип жактырбаган абалда болуу (көбүнчө бир жери ооруп, жаны кейип, же капа болгон учурларда)
|
Сиркеси суу көтөрбөгөн, ачуулуу кожоюн сөздү уккусу келбеди. (Сасыкбаев)
|
Сөзгө сараң
|
Көп сүйлөбөгөн, оңой менен оозунан кеп чыкпаган, унчукпаган
|
Өлмөсхан - ар кимге ачылып сүйлөбөгөн сөзгө сараң адам. (Жантөшев)
|
Таш боор
|
Ырайымсыз, эч кимге жаны ачыбаган, ыракымы жок, кара мүртөз
|
Тыныбектен өткөн таш боор, мээримсиз болгону учун атасынан көңүлү сууду. (Каимов)
|
Терс аяк
|
Оң айтса, тескери алган, каяшачыл, тил албаган кежир
|
Терс аяк уулуң сүйлөшкүсү да келбей койбодубу? (Абдукаримов)
|
Териси тар
|
Ачуусу чукул, урушчаак, сөз көтөрүмү жок, кыялы чатак.
|
Териси тар киши экен. Териси тар немеге айта албадым. (БСМ)
|
Тили буудай кууруу
|
1. Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө;
2.Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо;
3.Сөзү менен ыраазы кылуу, сөзү менен бүтүрүү (тилине күчү чыккан жалкоолорго карата).
|
1.Ия, оңбогон абышка, демейде деле тилиң буудай куурат. (Бейшеналиев)
2.Уулунун тили буудай кууруп, сайрап турган кезин эске түшүрдү. (БСМ)
3.Сүйлөсө тили буудай куурат, иштесе эки колу шалдая түшөт.(БСМ)
|
Тили узун
|
Уккан-көргөнүн айта берген, сүйлөөк, ушакчы
|
-Анашов, мен сени жакшы көрөм, жакшы кишисиң. Бирок, тилиң узун... (Үмөталиев)
|
Тил эмизүү
|
Натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү.
|
«Бармын» деп Өскөнбай тил эмизип койгон го, келем десе, келип калат эле. (Турусбеков).
|
Тоң моюн
|
Тил албаган, айтканга көнбөгөн, көңүл коюп иштөөнү каалабаган, кежир
|
Тоң моюндарын мага айтыңыз. (Жантөшев)
|
Чычканга кебек алдырбаган
|
Абдан зыкым, аябагандай сараң, өтө сак, аяр
|
Чычканга кебек алдырбаган немелерди качанга чейин имерчиктейбиз? (Үмөталиев)
|
Шодоконун бүркүтүндөй
|
Жутунуп, жулкунуп турган нысапсыз
|
Шодоконун бүркүтүндөй эле жутундум. (Кыдырмышев)
|
Эки жүздүү
|
Өң карама, бир сөздө турбаган, өңдү көрсө жүз тайды, тайсалдама, кошоматчы
|
Ач көздүк менен эки жүздүүлүк эми уругун чача албайт, биз аны күнүгө аластап турабыз. (Ашымбаев)
|