2. Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер:
1
|
2
|
3
|
Эгиз козудай
|
Айрып алгыс, абдан окшош
|
«Береги эки баланын эгиз козудай бирине- биринин окшошу»,- деп таңданып өтүштү. (Т.С.)
|
Коёндой окшош
|
Союп каптагандай опокшош, абдан окшош
|
Коёндой окшош козусу, коюңар тууган эгизден. (К.М.)
|
Сүткө тийген күчүктөй
|
Күнөөлүүдөй, кылмыштуудай четтеп, коомайлап элге кошула албай турган кишиге карата айтылат
|
Бактыбек сүткө тийген күчүктөй болуп унчукпайт.
|
Сүткө тойгон күчүктөй
|
Мантайган, борсойгон сүймөнчүктүү
|
Кызым жоош, курсагы тойсо болду, сүткө тойгон күчүктөй болуп жүрө берет.
|
Ат жалын тартуу
|
Бойго жетүү, чоңоюу, эр жетүү
|
Сапек атамдын аркасы менен ат жалын тарттым. (И.Т.)
|
Балапан жүнү бата элек.
В.: Балапан түгү түшө элек
|
Турмуштун ысык-суугун башынан өткөрө элек, өтө жаш, өсүп жетиле элек
|
Балапан жүнүң бата элек, балтыр этиң ката элек («Курманбек»)
В.:Сурма-бетинен балапан түгү түшө элек, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү он беш жашар кыз.
|
Кумурска бел
|
Бели ипичке келген, келишимдүү, сыйда
|
Кумурска бел аялым, кууратты го кыялың. (А.Т.)
|
Иттин чүкөсүндөй
|
Кебете кешпири чүрүшкөн, жаман, дене бою түз эмес
|
Иттин чүкөсүндөй болгон неме экен. (БСМ)
|
Иттин арткы шыйрагындай
|
Абдан жаман, өтө начар
|
«Аны иттин шыйрагындай эле көрөсүң го», - деп күлдү. (БСМ)
|
Ийне жеген иттей
|
Абдан арык, илмейген, тыртайган
|
Ийне жеген иттей болуп, санаа азабын тартып, ичтен тынып кыңырылат. (Осмоналиев)
|
Атка жеңил, тайга чак
|
Жеңил-желпи, эптүү, өтө элпек, тил алчаак
|
Атка жеңил, тайга чак, жел жетпес маамыты бул жолу куру калды эми. («Эр Төштүк»)
|
3. Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер:
1
|
2
|
3
|
Ит арка
|
Ынтымагы жок, ырысы жок, бирдиктүү эмес
|
Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга төш ачып берди. (Өгөбаев)
|
Ит кылуу
|
Уят кылуу, жаман абалда калтыруу
|
«Ой, кой, байке! Ит кылба», - деп чыны менен сестенди Жаныбек. (Жапаров)
|
Ит жебеген бокту жешүү
|
Абдан жаман, оозго алгыс, ыплас сөздөрдү айтышып, бири-бири менен катуу урушуп калуу
|
Жаңжал башталды: эки сугатчы ит жебеген бокту жешти. (БСМ)
|
«Төө көрдүңбү -жок, бээ көрдүңбү- жок»
|
Бир нерсени билсе да билбеген, көрсө да көрбөгөн, ал ишке катышы жок
|
Бирөө сураса, «төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок». (Мияшев)
|
Түлкү тиштемей
|
Түрдүү амал менен алдагандык, жазгырык
|
«Эми мага түшүнүктүү. Баятан бери түлкү тиштемей ойногонуңуз үчүн ырахмат!», - деп ордуман турдум. (К.Ж.)
|
Ит куйругун түйүштүрүү
|
Бирин-бирине каршылаштыруу, араздаштыруу, бузуу
|
Ит куйругун түйүштүрбөй тынч жүрсөңчү!
|
Күн тийген жердин күкүгү
|
Кимдин иши оң тартса, же кимде бийлик болсо ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы
|
… Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү. (Медетов)
|
Кошоматка кой союу
|
Бирөөгө
жасакерленүү, алды үстүнө түшүп жагынууга аракеттенүү
|
Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, күлгөнүңдү ырдадың». (Токтогул)
|
Ит өлүк кылуу
|
Бирөөнүн акыл–эсин жоготкончо абдан катуу сабоо, тепкилөө
|
Мунун кайсы күнөөсү үчүн мынча ит өлүк кылышкан? (БСМ)
|
Төө бастыга алуу
В.:Төө басты кылуу
|
Көптөп кетүү
|
Убадамды аткарбасам,-дейт Карып, анда мени алар төө бастыга алышат. (БСМ)
В.: Сапар «бул шок немелер төө басты кылып жүрүшпөсүн» деп чочулап турду. (Бейшеналиев)
|
Уйдун бөйрөгүндөй
|
Башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок
|
Бир ууч элдин уйдун бөйрөгүндөй болуп жүрүүсү - эң
жаман жорук.
|
4. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирген фразеологизмдер:
1
|
2
|
3
|
Ат кара тил болгондо
|
Жай келип, жылкы көккө тойгондо
|
Ат кара тил болгондо,
Бетеге өсүп таманда,
Күлчорону көрүп ал. («Сейтек»)
|
Төөнүн куйругу жерге тийгенде
|
Жакында болбой турган, же такыр болууга мүмкүн болбогон кезде
|
Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет деген. ( Р.Ш.)
|
Сокур ит бок жалаганча
|
Арыдан бери, бат эле, буйдамга келтирбей
|
Муну мен сокур ит бок жалаганча иштеп салам.
|
Иттин үнү угулган жер
|
Анча алыс эмес, жакын эле жер
|
Ушул иттин үнү угулган жерден кантип барбай калалык. (А.Т.)
|
Бээ саам
|
Болжол менен бир жарым саатча убакыт
|
Кеткени бээ саамдан ашык болду.
|
Тай чабым
|
Болжолдоп алынган элдик өлчөм
|
Жолчулардын кыштоосу ушу жерден көрүнүп турат, арасы тай чабым жер. (М.Э.)
|
5. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер:
1
|
2
|
3
|
Уй түгүндөй
|
Өтө көп, жер жайнаган сансыз
|
Уй түгүндөй көп калмак, Каптап калган жер экен. («Манас»)
|
Жылан сыйпагандай
|
Тыптыйпыл, такыр эчтемеси жок, жыпжылма
|
Талаанын адырларынан чаң ызгып, жылан сыйпагандай кубарат. (Абдукаимов)
|
Эшектин кулагынан түз
|
Туптуура, түз, дал ошондой
|
«Жарайсың, эшектин кулагынан да түз», – деп бригадирибиз мени далыга чаап, мактап койду. (БСМ)
|
Уйга килем жапкандай
|
Жарашыксыз, одоно, олдоксон көрүнгөндөй туура келбей, келишпей тургандай
|
Уйга килем жапкандай болуп, жаман эриндин кайсынысына аза күтөсүң. ( К.Ж.)
|
Кой үсүтүнө торгой жумурткалоо
|
Жыргалчылык, телегейи тегиз, бейпилчилик, береке төгүлүү
|
Кой үстүндө торгой жумурткалап, ак төөнүн карды жарылат деген заман ушул. ( Ж.Б.)
|
Жалаңач төөнү бучкакка чапкандай
|
Эч токтоосуз, буйдалабастан, шыдыр, шар
|
Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөдү.
|
Иттин мурду өткүс.
Чычкан мурду жөргөлөгүс
|
Абдан калың, жыш, киши аралап жүрө алгыс
|
Иттин мурду өткүс чытырман токой.
Бир туруп ал чычкан мурду жөргөлөгүс бадал этегин көбөөлөгөн токойго барат. (Медетов)
|
Кумурскадай кайноо Аарынын уюгундай
|
Бакылдап аябай көп болуу, быжылдоо
|
Ашуунун түбүнө шыкалган эл кумурскадай кайнап, толкуп турду. ( М.Э.)
Залдын ичи аарынын уюгундай кыжылдайт. (Баялинов)
|
Чымын учса угула турган
|
Абдан тынч, жымжырт
|
Залдын ичи чымын учса угула тургандай.
|
Ат үстүнөн
|
Үстүртөдөн, анчалык көңүл бөлбөй, кайдыгер гана, жүр нарыга салып, анчалык терең эмес
|
Ат үстүнөн иштей салуу.
|
Ит өлгөн жер
|
Абдан кыйын, татаал, абдан чыдай алгыс, өтө кыйынчылык менен араң жете тургандай жер
|
Сени менен ит өлгөн жерге чейин барам.
|
Иттин кара капталындай
|
Абдан көп, арбын, мол
|
Бул жерде эски чылыктар, жаңы былыктар иттин кара капталынан. (БСМ)
|
Үрүп чыгар ити жок. Итке минип калуу
|
Колунда эч нерсеси жок, абдан кедей, өтө жарды
|
Мамат үрүп чыгар ити жок кедей. (Каимов)
Алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке минип азып-тозду. (Токтогул)
|
Эгиз козудай
|
1. Айрып алгыс, абдан окшош;
2. Эч ажырашпай, бөлүнүшпөй, абдан ынак, жакын адамдай, кыйышпас деген мааниде.
|
1. «Береги эки баланын эгиз козудай бири-бирине окшошун» деп таңданып өтүштү. (Исмаилов)
2.Эмир менен Кубат - эки аганын балдары, бири-бириникине барганда, эгиз козудай ээрчишип калышат.
|
Достарыңызбен бөлісу: |