Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р


Үч компоненттен турган фразеологизмдер



бет7/14
Дата15.06.2016
өлшемі1.98 Mb.
#137241
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   14


2. Үч компоненттен турган фразеологизмдер:


1.

2.

3.




Айга колу жеткендей

Телегейи тегиз болгондой, болуп-толуп тургандай, бардыгына мүмкүнчүлүгү бардай

Алар анда айга колу жеткендей, дайым эле ушинтип жүрчүдөй болуп, өздөрүн бактылуу сезишчү.




Айтып оозун жыйгыча

Сөзүн бүтө электе, дароо, ошол замат

Биз алар жөнүндө айтып оозубузду жыйганча, өздөрү кирип келишти.




Акка моюн сунуу

Өлүү, дүйнөдөн кайтуу, жарык дүйнө менен коштошуу, өлүмгө моюн сунуу

Чоң энем сексенден ашып, акка моюн сунду.




Ак чөп башта

Оюндун эрежесинен, же сүйлөп жаткан сөзүнөн жаңылып кеткен учурда өзүнүн жаңылганын сезе коюп, «жаңылыштык кечиримдүү болсун» деп өтүнүү маанисинде колдонулат

«Ак чөп башта, мен бир нерсени айтып алсам болобу?» деп суроо узаттым.




Алтын шилекейин чачыратуу

Уккулуктуу, жагымдуу сөз айтуу, жакшы кабар айтуу

Көптөн күткөн кубанычтуу кабарды айтып, эжекем алтын шилекейин чачыратты.




Алты саны аман

Дени сак, оору-сыркоосу жок, күүлүү-күчтүү, алдуу-күчтүү

Алты сан аман болсо, калганын жаратып алыш өзүбүздөн.




Ачуусу мурдунун учунда

Ачуусу чукул, бат ачууланма, болор-болбоско териге түшмө

Кээ бир адамдар сабырдуу болушса, айрымдарынын ачуусу мурдунун эле учунда.




Баш-көз болуу

Башчылык кылуу, башкаруу, көз кырын салуу, каралашуу, жардамдашуу

Кошуна кемпир бизге ата-энебиз жокто баш-көз болор эле.




Баш - оту менен

Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу

Ал бул ишке баш - оту менен кирип кетти.




Баш териси бузук

Кара ниет, жаман ойлуу, көңүлү түз эмес, начар

Анын башынан эле баш териси бузук экен.




Баш териси оң

Жүргөн-турганы, жасаган иштери, кишиге жасаган мамилеси ж.б. түзүк, жакшы, начар эмес

Баш териси оң неме бат эле турмушун оңоп кетти.




Башка-баш кошулуу

Жаңы бүлөлүү болуу, жаңы бүлө кошулуу (көбүнчө келин алгандарга карта)

Бүгүн биздин үйдө кубаныч, башка-баш кошулуп, бака-шака болуп жатабыз.




Башы быша элек

Бир нерсенин жөн-жайын абдан биле элек, түшүнө элек, абдан дасыгып кагыла элек, али жаш

Бул маселени чечүүгө Жыпардын алы келбейт, азырынча жаш, башы быша элек.




Башы жерге кирүү

1. Өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу;

2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу



1. «Бул адаты башы жерге кирмейин калбайт го!» деп аялы күңгүрөндү.

2.Садык көпчүлүктүн алдында өзүнө карата айтылган сынга, башы жерге кирип, кызарып кетти.






Башы-көздөн садага

Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо, же өзүн-өзү сооротуу маанисинде

«Жоголгон нерсеге ичти ачыштырбай, «башы-көздөн садага» деп, кудайга тобо кылалы»,-деп Баяман калыс сөзүн айтты.




Башына бак конуу

Иши оңолуу, маңсабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү

Эжемдин башына бак конуп, эки дүйнөдө тең бактылуу болушун каалаймын.




Башына чай кайнатуу

Бирди көрсөтүү, сазайын окутуу, кыйноо, катуу жазалоо

Эртеси аялы күйөөсүнүн башына чай кайнатып, болгон жумушту аткартты.




Бел куда болуу

Балдарды төрөлө электе, боюнда барда, курсакта экенинде убадалашып, кудалашып коюу

Азат менен Алым ата-бабадан калган салтты улап, бел куда болушту.




Бет бага албоо

Даап карай албоо, батына албоо, түз барууга кудурети жетпөө, тике карай албоо

Атасы өзүнүн күнөөсүн сезип, баласына бет бага алган жок.




Бетин ары кылсын!

Кандайдыр кырсыктуу оор иш, же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген маанид

«Анын бетин ары кылсын!»,-деп чогулгандар жакаларын кармашты.




Бетинде кызылы бар

Уяттуу, ыймандуу, абийири бар, ызаат сактаган.

Бетинде кызылы бар жигит дароо ордунан туруп, абышканы отургузду.




Бетине көө жабуу

Бирөөнүн уяттуу ишин ашкерелөө, уятын чыгаруу, айыбын ачып, эл алдына дайын кылуу, маскаралоо

Баш көтөргүс болуп, абамдын бетине көө жабылганына ызаландым.




Беш колундай билүү

Абдан жакшы билүү, бардыгын толук билүү, жат билүү

Бул жердин тоо-ташын жездем беш колундай билет.




Беш колун салуу

Коомдук мүлккө, же башка бирөөгө тиешелүү нерсеге ж.б. ач көздүк, сугалактык кылып ичип-жешке аракет кылуу, башы менен кирип кетүү

Арааны ачылып, элдин мүлкүнө колун салган башкарма көпкө узаган жок, жылуу ордунан ыргыды.




Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу

1. Жок нерселерди ойлоп таап, эч негизсиз чыр чыгаруу, атайын кыйкым табуу, ыксыз күнөөлөө, айыптоо;

2. Болбой турган нерсени тымызын болтуруу, өтө эпчилдик кылуу



1. Колунан келип турган адамдар бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, иштин кызыкчылыгы үчүн кадам жасашса.

2. Ал бөйрөктөн шыйрак чыгарган неме, бул ишти деле түзөйт.






Безге сайгандай болуу

Күтүлбөгөн жерден, кокусунан болгон окуяга катуу чочуп, уккусу келбей так секирүү

Капысынан өзүнө карата айтылган сынга Күлүмкан безге сайгандай секирип кетти.




Бөтөлкөдөн башы чыкпоо

Өтө көп ичүү, ичкиликке берилип кетүү деген мааниде колдонулат

Азамат жигиттердин колуна иш десе иш, аш десе аш келе турган убактарын бөтөлкөдөн баштарын чыгарбай өткөргөндөрү - абдан уят иш.




Буту-бутуна тийбөө

Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу

Жакшы кабарды биринчилерден болуп угузайын деген Калыс, буту-бутуна тийбей чуркап баратты.




Буту күйгөн тооктой

Бүжүрөп баса албай калган көрүнүшкө карата колдонулат

-Сен эмне болгонсуң? Буту күйгөн тооктой болуп.




Буту үзүлгөнчө чуркоо

Аябай катуу жүгүрүү, өтө ыкчам, тез жүгүрүү, өлөр-тирилерине карабай чымын-куюн болуу

Автобустан калып калбайын деп, Адилет буту үзүлгөнчө чуркады.




Бышы кулак болуу

Көндүм болуу, көнүмүш адаттай болуп калуу, эч сезилбөө

Жедеп бышы кулак болуп бүткөн го, айтылган сөзгө Самат териккен жок.




Душман колдуу болуу

1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу;

2.Уурдалуу



1.Назгүлдүн душман колдуу болуп өлгөнү классташтарын убайымга салды.

2.Толгонай апанын элге жек көрүнүп жыйнап алган үрөнү душман колдуу болуп жоголгонун окуп алып ыйладым.






Жаа бою качуу

Кандайдыр бир иш, сөз боюнча кепке-сөзгө келбөө, өзүнө жакын жуутпоо, качуу, уккусу келбөө, андан алыс болууга аракет кылуу, баш тартуу

Ал кишини көргөндө Жаңыл жаа бою качат, өзүн башка нерсе менен алаксытат.




Жаагы жап болуу

1. Бир нерсеге такоол бере албай, кеп кайрып каяша айта албай, сүйлөй албай, унчукпай калуу (көбүнчө бирөөлөрдөн кагуу жеген, шагы сынган, же коркуп кооптонгон учурларда);

2. Үнү угулбай басылып калуу, тынчып калуу



1. Мал уурдоого өзүнүн баласы да катышканын билген Калиман апанын жаагы жап болуп, кирээрге жер таппай калды.

2.Керээли кечке ырдаган магнитофондун бүгүн эмне жаагы жап болуп калган?






Жаак эти шылынуу

Арыктоо, абдан арык болуу

Кайгыдан жапа чеккен келиндин жаак эти шылынган, жүдөңкү абалы көз алдыма тартылды.




Жазасын колуна берүү

Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү

«Анын жазасын гана колуна бербесемби, жашабагыр!» деп чоң эне небересин тилдеп баратты.




Жалгыз аяк жол

Бир киши гана жүрө турган өтө кууш жол, чубап өтө турган тар жол

Ал капчыгайга жалгыз аяк жол менен барабыз.




Жалпак тилге салуу

Бирөөнү өзүнө тартуу, алдоо, азгыруу максатында көшөтүп, кепти келтире сүйлөп, эритүү аракетин кылуу, өз кызыкчылыгына көндүрүүгө тырышуу.

Куда бала «жалпак тилге салып көрбөйлүбү» деп, өз оюн ортого салды.




Жан алакетке түшүү

Бир нерсеге катуу киришүү, жан талашып аракет кылуу

Ушул ишти бүтүрөйүн деп, жан-алакетке түштүм эле.




Жан-алы калбоо

1.Аябай шашкалактоо, калдастап, жан талашып өтө тез кыймылдоо

2.Эпилдеп өтө кичи пейил, жайдары мамиле жасоо, асты-үстүнө түшүп эпилдөө, эгилип-жыгылуу, аябай сыйынуу



1. Бактыгүл окуянын чоо-жайын түшүндүргөнү жан-алы калбай чуркап келиптир.

2. Алыстан келген меймандарга үй ээси жан-алы калбай кубанып жатты.







Жан бычактын мизинде

Өтө коркунучтуу, кооптуу оор абалда, кыйынчылыкта, өлүм алдында

«Ооруканада жаткан Белек агаңдын абалы оор, жан бычактын мизинде эле турат»,- деп жеңем телефон чалды.




Жан далбаса кылуу

Кандайдыр бир коркунучтуу, кысталыш абалдан кутулуунун, аман калуунун аракетин издөө

Жөргөмүштүн торуна кабылган чымын да жан далбаса кылып, жашоо үчүн күрөшүп жатты.




Жан-дили менен

Чын ыкласы менен, абдан берилип, ынтаасын коюп, бүт мүмкүнчүлүгү менен

Асел жаңы мектепке которулганы жан-дили менен тилди үйрөнүүнүн аракетинде.




Жан тери келүү

Өтө катуу кыйналуу, алдастап жаны кейүү, шайы кетип чабалактоо

Толгоосу кыйын болгондуктан Күлүйпа жеңенин жан тери келип, жанын коёрго жер таппайт.




Жандан аша кечүү

Өзүн-өзү өлүмгө кыюу, өлүмдөн баш тартпоо, коркконду, сактанганды билбөө (көбүнчө бир нерсеге өтө нааразы болгон, же катуу кыйналган абалга карата)

-Жандан аша кечкидей ал эмне кайра төрөлүп, кайра жашайт бекен? Сабырдуу болбойбу!




Жанды оозго тиштөө

1.Баарына тобокел кылуу, өлөр-тирилерине карабай тобокел деп кирише берүү;

2.Абдан коркуу, титиреп жүрөк заада болуу



1. Бала үчүн, ымыркай үчүн канча эне жанын оозуна тиштеп, көз жарышат.

2. Караңгыда келе жатып, баарыбыз жанды оозго тиштеп, «үйүбүзгө аман-эсен жетсек экен» деп тилендик.






Жанын жай алдырбоо

В.:Жанын сеп алдырбоо

Тыным алдырбоо, тынчтык бербей, эс алдырбай иштете берүү, тынчын алуу (өзүнө же башка бирөөгө карата)

-Ыбыке, курган жанды сеп алдырбай, көп эле кыйнала бербесеңчи!




Жаны жер тартуу

Катуу чарчап, алы кетүү, шайы ооп, талмоорсуган абалда болуу, ымтырап жаткысы келүү

Ооруп калган турбайбы, Амандын жаны жер тартып, өзүн жаман сезип жүрдү эле, сакайып кетсе экен.




Жаны көзүнө көрүнүү

1.Бир жери катуу ооруп абдан кыйналуу, чыдай албай алдастоо, жаны кейүү;

2.Аябай коркуу, жүрөгү оозуна тыгылып кооптонуу



1.Этине кирген темирди сууруп алганда, алиги кишинин жаны көзүнө көрүндү.

2.Капысынан чыккан карышкырга бетме – бет келип, жаш чабандын жаны көзүнө көрүндү.






Жанын сууруп алуу

1.Аябай коркутуу, айласын кетирүү, жан талаштыруу;

2.Кайра-кайра асыла берүү, катуу шаштыруу, ой-боюна калбай жабышып алуу



1. «Эми бир жолу ушул ушул жерге бастырып келсең, жаныңды сууруп алам» деп зекиди.

2.Макулдугун алмайын жанын сууруп алды окшойт, Алтынай кеткичекти шашты.






Жаның чыгып баратабы?

Эмне болуп баратасың, чыдай турбайсыңбы, эмне шашасың деген сыяктуу мааниде колдонулат

«Шашпай тур! Жаның чыгып баратабы? Жетесиң?»деп кезектегилер кыжылдашып жатышты.




Желкемдин чуңкуру көрсүн!

Такыр көрбөйүн, ага кайрылбайын, экинчи көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат

«Ушул үйдү желкемдин чуңкуру көрсүн!» деп Эсен нааразы болуп кетти.




Жерден боорун көтөрүү

Чоңоюу, өсүп жетилүү, эрезеге жетүү

-Садагаң болоюн! Жерден бооруң көтөрүп, киши болуп калган турбайсыңбы.




Жон териңди кий!

Кийимди жактырбаганда кийбесең кийбе, кийүүнү каалабасаң өлүп кет деген мааниде колдонулат

«Деги сага эмне жагат? Кийбесең жон териңди кий! Жылаңач жүр» деп эне кызына нааразы.




Жон терисин сыйыруу

Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо

Баласынын жон терисин сыйырды окшойт, коңшу үйдөн чоң жаңжал болуп жатат.




Жонунан кайыш алуу

Уруп-сабап көргүлүктү көрсөтүү, абдан кыйноо, сазайын колуна берүү, катуу жазалоо

Хандын желдеттери дыйкандын жонунан кайыш алышты. (Жомок)




Жумуруна жук болбоо

Ичкен-жегени, тамагы өтө аз болуп алымсынбай калуу, жарыбоо

Анда биз чоң үй бүлө, атабыздын тапканы жумурубузга жук болчу эмес.




Жүз токтотуп кароо

Абдан байкоо, өтө чеберчилик менен, кунт коюп кароо

Жүз токтотуп карасам, баягы Токтаалы атанын баласы экен.




Жүрөгү алып учуу

Кандайдыр бир коопту, же кубанычтуу нерсени күткөндөй тынчсыздана берүү, көңүлү эргип, токтоно албай, алеп-желеп болуу

Алда не болуп кетчүдөй, эненин жүрөгү алып учат.




Жүрөгү жарыла жаздоо

Өтө сүйүнүп, же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата

Согуштан баласынын аман-эсен кайтканына атасынын жүрөгү жарылып кете жаздады.




Жүрөгү оозуна тыгылуу

Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кылаарын билбей апкаарый түшүү

Өмүрүндө өлүктү биринчи жолу көргөндүктөн, жүрөгү оозуна тыгылды.




Жүрөгү оозуна келүү

Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү

Чынаранын астынан чоң кара ит чыга калса, жүрөгү оозуна келип, буту – бутуна тийбей жүгүрдү.




Жүрөгү солк этпөө

Тоотпоо, эч сезбөө, коркуп да койбоо, камырабоо

Өмүрүндө мындан да коркунучтуу абалды башынан өткөргөн жигиттин жүрөгү солк этип да койгон жок.




Жүрөгүндө кара жок

1.Тайманбас баатыр, эр жүрөк, өткүр курч;

2.Ичинде арамдыгы жок, ак ниет, пейли таза, көңүлүндө кири жок



1. Эр Табылды – кыргыздын бактысына жаралган, жүрөгүндө кара жок баатырлардан.

2. Жүрөгүндө кара жок адамдар кандай бактылуу!






Жүрөгүндө оту бар

Өткүр, курч, эч тартынбаган, өтүмдүү

Жаштык кезде кыз – жигиттердин жүрөгүндө оту болот эмеспи.




Жүрөгүнө чок салуу

Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сары-санаа болгондой, же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу

Биздин айылга Жаныш келгенден баштап, тынчым кетип, жүрөгүмө чок салынды.




Жүрөкзаада болуу

Санаасы тынбоо, коркуп сары санаа болуу, убайым тартып, тынчсыздана берүү

Ал алыс сапарга чыкканда, дайым эле жүрөкзаада боло берет.




Жыландын башын көрсөтүү

Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу

«Дагы кайсы жыландын башын көрсөтүп жатасың» деп абышкасы кемпирин жемеледи.




Ийнинде башы бар

Өз акылы өзүндө, акыл-эси ордунда

Ийининде башы бар адамдын кылган иши эмес бул.




Иттин мурду өткүс

Абдан калың киши жүрө алгыс, түнт (көбүнчө токой, бадал өсүмдүктөрүнө карата)

Жетиөгүздүн тоолорунда иттин мурду өткүс жыш карагайлар өсөт экен.




Ичек-боору катуу

Аябай көзүнөн жаш чыкканча күлүү, күлкүсүн токтото албай ыкшуу

Куудулдардын сахнадагы оюнунан көрүүчүлөр ичек – боору катканча күлүштү.




Ичи койнуна кирүү

Адам менен тез эле жакындашып, арлашып кетүү, эпилдеп жумшак мамиле жасоо, ишенимге өтүү

Адатынча жаш ишмер жаңы директордун ичи койнуна кирип, эпилдеп – жепилдеп жатты.




Ичине кирип чыккандай

Бирөөнүн ой-пикирин айттырбай билгендей, бардыгы дал келгендей

«Анын ичине кирип чыктың беле? Өзүң үчүн эле сүйлөсөң боло» деп Айнаш күйөөсүн зекиди.




Ичине кир сактабаган

Жамандык, арамдык ойлобогон, кекчил эмес

Гульнуранын баарыбызга жаккан сапаты - ичине кир сакталбаган ак көңүлдүгү.




Ичи-тышы бирдей

Сырткы көрүнүшү кандай болсо, ички дүйнөсү да ошондой деген мааниде

Атам ичи – тышы бирдей, бапылдаган киши эле.




Иштин көзүн таануу

Жумуштун шартын, жөнүн, ыгын мыкты билүү, аны билгичтик менен аткара алуу, майын чыгара иштөө

Сайрагүл жеңем көп жылдан бери бир жерде иштеп, иштин көзүн тааныгандыктан, коллектив арасында кадыр - баркка ээ.




Кабагым-кашым дебөө

Кейип - кепчибөө, эч нерсеге кайгырбоо, тоотпоо, кенебөө, жаркылдап жүрө берүү

Гүлмира эжемдин келген - кеткенге кабагым - кашым дебей, баарына тең караган сапаты, жаны тынбаган иштермандыгы адамды таң калтырат.




Кабагына кар жааган

Түнөрүп, ачуусу келген, каарданган, жини кайнаган

Бүгүн да Эмилдин кабагына кар жааган го,чекесин түйүп эле калыптыр.




Кайнаса каны кошулбоо

Эч келише албоо, ыркы-келишпөө, бири-бирине эч жакындашпоо, элдешпөө мамилеси жок болуу

Кайнаса каны кошулбаган душмандар да арасынан кыл өтпөгөн досторго айланышы мүмкүн.




Каны-жаны менен

Бүт мүмкүнчүлүгү, чын ыкласы, жан - дили абдан берилген

Айгүл Нурланга кан- жаны менен үй бүлөсүнүн максатына максатташ, тилегине тилектеш болгон жубай болуп берди.




Каны ичине тартуу

Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өңү бузулуу

Жөн койсо барып бир муштап калчудай, каны ичине тартып, араң эле турду.




Капталынан күн көрүнүү

Абдан арыктоо, кыржыйып өтө арык, алсыз абалда болуу

«Түртүп койсо жыгылчудай, капталыңан күн көрүнөт. Качан деги толосуң?» деп баары ага кабатыр.




Каш-кабактын ортосунда

Күтүлбөгөн жерден, бир заматта, көз ачып жумганча, тез эле

Кырсык каш – кабактын ортосунда. (Макал)




Кашык каны калганча

Өмүрүнүн акырына чейин, бардык мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, аргасы түгөнгөнчө

Биздин ата-бабалар тынчтык үчүн, элдин бейпилчилиги үчүн кашык каны калганча салгылашышты.




Кежигеси кер тартуу

Кежирленүү, мойну жар бербөө

Асылбектин бүгүн кежигеси кер тартып, иш кылгысы келген жок.




Кекиртеги талга асылуу

Ач калуу, наар албоо, даам сызбоо

Эртеден кечке кекиртегибиз талга асылды, кечке жуук гана өзөк жалгадык.




Келмеси оозунан түшүү

Эси чыгып алдастоо, эмне дээрин билбей калуу, дапдаарый түшүү, өзүн жоготуп коюу (көбүнчө катуу коркуп кеткен учурга карата

-Ок! – деп чоң эненин келмеси оозунан түшүп, отуруп калды.




Кирпигине кир жугузбоо

1.Бапестеп багуу, таза кармоо, күтүү;

2.Ашыра мактоо, көтөрө чалуу



1. Атам көп жылдан бери оорукчан болсо да, апам анын кирпигине кир жугузбай бакты.

2. Кичинекей наристе Назик апасынын кирпигине кир жугузбайт, ал үчүн дүйнөдө энеге теңдеш эч нерсе жок.






Кирпигинен тартса жыгылчудай

Абдан алсыз, начар, араң эле жаны бар, алы-күчү кеткен, ырп этерге алы жок

Эртеден кечке мал кайтарган жаш балдар буттарын зорго сүйрөшүп, кирпигинен тартса жыгылчудай болушат.




Кой терисин жамынган

Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап-жашырган, түрүн өзгөртүп, тымызын душмандык кылган

Арабыздагы кой терисин жамынган адамдар, ыркты бузуп, душмандарга колтук ачып беришүүдө.




Кол арага жароо

Тестиер тартып, майда-чүйдө иштерди аткарууга, кол кабыш кылууга жарап калуу, чоңоюп жеңил-желпи жумуштарды иштей баштоо

Мирбек - он жашта, Эмирдин агасы, бир үйдүн улуу баласы болуп, кол арага жарап калган кези.




Кол жууп калуу

Колдо болгон нерсесинен, мал-мүлкүнөн ажырап калуу, эч нерсеси жок калуу, чыгымга учуроо

Материалдык байлык – байлык эмес, андан кол жууп калышың мүмкүн, андыктан жан дүйнөңдү байытканга умтул, аны эч ким тартып албайт.




Кол ийрисине тартуу

Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдаарак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү

Кол ийрисине тартып, аким биздин районго он миң сом бөлүп берди.




Кол кабыш кылуу

Жардамдашуу, көмөк көрсөтүп кошо иштешип берүү

Кайын эне келини эмне кылса ошого кол кабыш кылып жүргөнү-жүргөн.




Колтугуна суу бүркүү

Бирөөгө каршы көкүтүү, астыртан тукуруп, шилтеп коюу

Экөөнүн ынтымагын көрө албагандар, колтугуна суу бүркө башташты.




Колунан көөрү төгүлгөн

Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан баардыгы келген

Биздин келин колунан көөрү төгүлгөн уз экен.




Котур ташы койнунда

Жаман ойлуу, ичи арам, бирөөгө жамандык кылайын деген ниети бар, бузукулук ою бар

«Котур ташты коюнга катпай жүрүш керек» деп, Нуржамал апа көп айтат.




Көз ачып-жумганча

Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо

Катуу жер титирөөдөн канчалаган үйлөр көз ачып - жумганча талкаланды.




Көз ачып көргөн

Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы, же биринчи келген келиние карата колдонулат

Зарина – Неллинин көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн тун кызы.




Көз жаздымында калуу

Байкалбай, билинбей, көңүлгө алынбай калуу, ,эске алынбай, эскерилбей калуу

Жакшы эле текшергендей болдум эле, көз жаздымда калган каталар дале учурайт.




Көз кырын салуу

1.Каралашуу, жардамдашуу, жардам берүү, кам көрүү

2.Бир нерсени байкоо максатында көз жүгүртүү, астыртан кароо



1.Дастаным карындаштарына көз кырын салып, каралашып жүрсө экен деген тилегим чоң.

2.Үйдөгү бойго жеткен баласын үйлөндүрө албай жүргөн киши, кызга көз кырын салып кетти.






Көзгө жылуу учуроо

Мурда көрүп – билип жүргөндөй, тааныштай сезилүү

Ошол эже көзгө эле жылуу учурайт, кай жерден таанышканыбызды түк эстей албай койдум.




Көзгө сайса көрүнгүс

Абдан караңгы, капкараңгы, көрүүгө мүмкүн эмес, өтө караңгы

Айлана көзгө сайса көрүнгүс.




Көздүн карегиндей сактоо

Өтө ыйык тартуу, сактоо, этият мамиле жасоо

Туулган жерди көздүн карегиндей сактоо – ар бир атуулдун парзы.




Көзү умачтай ачылуу

1.Уйкусу тароо, көзү чайыттай ачылып, ойгонуп кетүү;

2.Жаны сеп алуу, тынчый түшүү



Атасы алыскы сапардан түн бир оокумда келсе да, баласынын көзү умачтай ачылды.




Көзү чанагынан чыгуу

Катуу корккондо, таң калганда же ачуусу келгенде көзү чоң ачылып бакырая түшүү, акырая кароо

Ушунчалык ачуусу келген беле, тим эле көзү чанагынан чыгат.




Көзүн май басуу

Мансабына, байлыгына ж.б. абалына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей, дөөгүрсүп, көөп кетүү

-Анын көзү эч нерсени көрбөй, май басыптыр. Бирди көрөт го!




Көзүң жамандыкты көрбөсүн!

Өзү көргөн, өзү үстүнөн чыккан кандайдыр бир жагымсыз, укмуш окуяны баяндоо, анын адамга терс таасир этишин, жек көргөндүгүн, өкүнгөндүгүн билдирүүдө колдонулат

-Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Бир заматтын ичинде үйлөрдү сел каптап, адамдар чак-чалекей түшүп калышты.




Кубанычы койнуна батпоо

Аябай сүйүнүү, катуу кубануу, өтө кубанычта болуу

Азим каникулду Бишкектен өткөрөөрүн эстегенде, кубанычы койнуна батпайт.




Кулагыңа күмүш сырга

Эсинде болсун, эсинен чыгарбасын, эч качан унутпасын деген мааниде

-Кызым кулагыңа күмүш сырга, таза бол, тың бол, ата-энеңди сыйла, билимдүү бол, жалкоо болбо!




Кулагына кумдай куюу

Бир нече жолу кайталап айтуу, кайра-кайра айта берүү

Ал жөнүндө апам менин кулагыма кумдай куйган эле, өмүр бою эстеп калдым.




Кулагынын кужурун алуу

1. Бир нерселерди кайра-кайра айта берип тажатуу, тынчтык бербөө;

2. Чурулдаган, катуу чыккан үн, же кайта-кайта тынымсыз чыккан дабыштан тажоо.



1.Эрмек менен Эрлан ата-апасына велосипед сатып берүүсүн суранышып, кулагынын кужурун алышты.

2. Үй ичи толо бала-чака, кулактын кужурун алат.






Кулагынын сыртынан кетүү

Айткан кепке анчалык назар салып, кунт коюп укпоо, укмаксан болуу.

Айткан сөзүмдү кулагынын сыртынан кетирип койду.




Кулак-мурун кескендей

Тыптынч, жымжырт, эч доошсуз

Айлана кулак – мурун кескендей.




Күндүн көзү көрүнбөө

Күндү булут тосуу, жерге күндүн жарыгы түшпөө, көлөкө болуу

Бүгүн аба - ырайы өзгөрүп, күндүн көзү көрүнбөйт.




Кылычынан кан тамган

Өтө каардуу, ырайымсыз, мыкаачы, зулум

Кылычынан кан тамган ханды, тилинен бал тамган акын жеңет. (Макал)




Маңдайга жазганды көрүү

Тагдырдын буйругуна моюн сунуу, жазмыш тартуулаганды көрүү

Бул турмушта ар бир адам маңдайга жазганды көрөт.




Маселени кабыргасынан коюу

Иштин чечилишин, аткарылышын тездетүү, ыкчамдатуу максатында болор жерин, ток этерин айтуу, чечкиндүү киришип, катуу талап коюу

Аксакал чогулушка келген өкмөт башчысына маселени кабыргасынан койду.




Мойну менен тартуу

Өз кылган кылмышы үчүн өзү жооп берүү, өзү милдеттүү болуу, өз айыбынын азабын тартуу

Колу менен кылган ишти мойну менен тартуу керек.




Мойнунан байлаган иттей

Көңүлү келбей, айласыздан, араңдан-зорго, күч менен, кыйыктанып жатып деген мааниде колдонулат

Андан эч нерсе чыкпайт го, мойнунан байлаган иттей болуп барды.




Мурдун балта кеспөө

Кенебөө, тоготпоо, камаарап койбоо, капырыны албоо, көңүл бурбоо

Мурдун балта кеспеген бала экен, улуу – кичүүнү карабайт.




Мурдунан суу агуу

Кыйналуу, азап чегүү

Ушундай даражага келгиче, далай эле мурдумдан суу акты.




Мээге чай кайнатат

Бирди көрсөтүү, сазайын окутуу, кыйноо, катуу жазалоо

Күйөөсү ичип келгени, Назирада тынчтык жок, мээсине чай кайнатат.




Оң жамбашынан жатуу

Оңдой берди болуу, иши оңунан чыгуу, жолу болуу

Бүгүн Бектурдун иши оңдой берди болуп жакшы чечилди, түндөсү оң жамбашынан жаткан го.




Ооз ачкыс кылуу

Экинчи сүйлөгүс, баш көтөргүс кылуу

Кубат Гүлзатты көпчүлүктүн астында ооз ачкыс кылды.




Ооздон-оозго өтүү

Элге жайылып кетүү, биринен-бирине угулуп, дайын болуу, тарап кетүү

«Манас» эпосу укумдан - тукумга, ооздон - оозго өтүп, сакталып калган.




Оозунан түшө калгандай

Абдан окшош, куюп койгондой

Жибек атасына оозунан түшө калгандай, союп каптагандай окшош.




Оозунда сөзү бар

Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтаарын билбей, далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү

Уу - дуу болуп, бири - бирин укпай эле кужулдашкан элге сүйлөп жаткан катчынын оозунда сөзү калды, ага кулак салган киши жок.




Оозун жыйып алгыча

Айтып бүткүчө, сөзүнүн аягына чыккыча, айтып бүтө электе

Апам оозун жыйып алгыча, биз кирип келдик.




Оозуңа кара таш!

Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат

-Оозуңа кара таш! Эмне дейт? Кечээ эле биз менен жүрбөдү беле. Ыйманы саламат болсун!




Орой көз чарай

Көзмө-көз, бүт баардыгы чогуу турганда, элдин көзүнчө, эл алдында, эч кимден жашыруун эмес

Отургандар орой көз чарай болушуп, маселени талкууга алышты.




Өң-алектен кетүү

Өңү бузулуп, кубарып-кумсаруу, каны-сөлү качуу (корккондо, чарчаганда, ооруганда ж.б. учурларга карата.

Боюнда бар аял өң – алектен кетип, тез жардам чакырышты.




Өпкө-жүрөгүн чабуу

Абдан жакшы көрүп, айланып-кагылып, жалынып-жалбарып, мээримдүү мамиле жасоо

Чоң ата күндө небересине жалынат, өпкө – жүрөгүн чабат, көзү менен тең айланат.




Өпкө-өпкөсүнө батпоо

Солуктап абдан катуу ыйлоо, энтигип токтой албай көпкө чейин солуктай берүү

Кыз катуу ызалангандыктан, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты.




Сакалдуу башы менен

Жашы улгайганына карабай, абийирине карабай, уялбай

Сакалдуу башы менен улуу кишилер ошентип жатышса, жаштар эмне болот?




Сары ооз балапан

Өтө эле жаш, акыл эси толо элек, өзүнчө оокат кылууга жарай элек

«Балдарым кор болуп калышат, али сары ооз балапан бойдон» деп ооруган эне кабатырланат.




Сол жамбашынан жатуу

Жолу болбоо, иши начар сезилүү

Бүгүн сол жамбаштан жатып калган окшойм, ишим болбой эле жатат.




Таманы жерге тийбөө

1. Өтө тез кыймылда болуу, тез жүгүрүү;

2. Аябай кубанып, толкунданып, токтоно албаган абалда болуу.



1. Тиги келиндин кыймылы ыкчам экен, тим эле таманы жерге тийбейт.

2. «Апама барып сүйүнчүлөйм» деп, таманым жерге тийбей чуркап бараттым.






Тамырына балта чабуу

Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу

Башын көтөрпөй, жаш кезинде тамырына балта чабалы дешкен го.




Тамырын тартып көрүү

Алдыртан, акырындап сырын билүү, көңүлүн, оюн билүүгө аракеттенүү, байкоо

Жаңы келген кызматчынын чоо – жайын билүү үчүн тамырын тартып көрдүм.




Терисин тескери сыйыруу

Катуу кордук көрсөтүп жазалоо, сазайын колуна берүү, бирди көрсөтүү

Биздин тоодо карышкыр деген көбөйдү, терисин тескери сыйрып, сазайын бериш керек болуп калды.




Тилинин учунда туруу

Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо

Тилимдин эле учунда турат, араң өзүмдү, айтып салбай, кармап калдым.




Тили буудай кууруу

1.Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө;

2. Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо (тили жаңыдан чыгып, сайрап турган жаш балага карата)



1. «Тили буудай куурган келинди бир сынап көрбөйлүбү»,- деп айылдагы келиндер сүйлөшүштү.
2.Биздин Майрам үчкө келип, тили буудай кууруйт.




Тилинен бал тамуу

Уккулуктуу, жагымдуу сүйлөө, куюлуштуруп абдан чебер сүйлөө

Казактын төкмө акынынын тилинен бал тамат экен.




Тилиң тишиңе күбө

«Сөзүңө бекем тур», «сөзүңө бек бол», «байкап сүйлө» деген мааниде колдонулат

«Сөзүбүзгө турабыз, тилибиз тишибизге күбө» деп убадалаштык.




Тилин тишине катуу

Унчукпоо, сыр билгизбөө

Билсек да билмексен, көрсөк да көрмөксөн болуп, тилин тишине катты.




Тилиңе тибиртке чыккыр!

Орду жок олдоксон айтылган сөзгө, же жан кейиткен суук сөзгө карата тилдөө, каргоо маанисинде

- Ушу сенин оозуң жаман, тилиңе тибиртке чыккыр! Антип айтпа.




Тишинин кирин соруу

Кезерип ачка жүрүү, оозуна эчтеме албоо, наар албоо

Ушу бала тишинин кирин соруп эле олтурат, тамак берип койсоңорчу.




Төбөсү көккө жетүү

Көңүлү абдан көтөрүлүү, аябай кубануу, өтө ыраазы болуу, жетине албоо

Баламдын мелдеште баш байге утканын угуп, төбөм көккө жетти.




Уучу куру эмес

Жалгыз эмес, жок эмес, башкасы да бар

Азыр да кыргыздар балбандардан уучу куру эмес.




Чекеге чыккан чыйкан

Жүрөктү өйүгөн, тынчын алган, кедерги болгон каргаша, каскак, тоскоолдук

-Чекеге чыккан чыйкан болдуң. Сени кантип оң жолго салабыз?




Чычкан мурду жөргөлөгүс

Абдан калың, өтө жыш, чытырман.

Кыргызстан чычкан мурду жөргөлөгүс токойлорго бай.




Эрдин кесе тиштөө

Абдан өкүнүү, өкүттө калуу

Болгон окуяны угуп, эрдимди кесе тиштедим.






Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   14




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет