Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р


ТУТУМУНДА САН АТООЧТОР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР



бет10/14
Дата15.06.2016
өлшемі1.98 Mb.
#137241
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14


4. ТУТУМУНДА САН АТООЧТОР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР


Фразеологизмдер

Туюндурган мааниси

Жазуу, оозеки кепте колдонулушу




1.

2.

3.




Айтканы эки болбоо

Айтканы айткандай болуу, убададан, тайбоо, дегени аткарылбай калбоо

Ата – эненин айтканы эки болбоосу жакшы.




Айтканын эки дебөө

Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу

Уул-кыз дагы ата-эненин айткандарын эки дебеши керек.




Жети атасын таанытуу

В.:Жети атасын көзүнө көрсөтүү

Эсине келгидей кылып катуу жазалоо, ийге келтирүү, көргүлүктү көрсөтүү, теске салуу


«Жети атасын гана таанытпасам» деп Зарыл ызырынып жөнөдү.

В.: «Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн», - деди Кебек карыя. (Байтемиров)




Алдына миң жылкы салуу

В.:Астына миң жылкы салуу

Мас болуу, кызып калуу

Тиги бай абышка алдына миң жылкы салып, коктуну көздөй бастырды.

В.: Күүлдөгөн Ыманбай астына миң жылкы салып...теминип отурду.

(Сыдыкбеков)






Алты сан

1. Адамды бардык дене мүчөлөрү, бүт организми

2.Жалпысы, бүт баары, бардыгы деген мааниде



1. Адамдын алты санын үйрөнүп жаткан стунденттер -келечектеги ден -соолуктун сакчылары.

2. Малдын алты саны түгөл экен.






Алты саны аман

Дени сак, оору-сыркоосу жок, күүлүү-күчтүү, алдуу-күчтүү

Согуштан алты саны аман кайткан.




Арысы үч, бериси эки

Көп болсо үч, болбосо эки

Анын келээрине арысы үч, бериси эки күн калды.




Бетимдин беш териси

Абдан уят, жеткен маскарачылык деген сыяктуу жек көрүү маанисинде колдонулат

-Ий, бетимдин беш териси, эмне бара койдум экен. Үй-бүлөдө казан – аяк деле кагышат эмеспи.




Беш колундай билүү

В:Беш манжадай билүү

Абдан жакшы билүү, бардыгын толук билүү, жат билүү

Жездем бул жайлоонун кокту-колотун беш колундай билет.

В.:Мен эми буларды беш манжамдай билип калдым.




Беш бетер

Ансайын, андан көбүрөөк, ого бетер, андан да кыйыныраак

Жеңем дасторконду тиги кошуна келиндикинен беш бетер төгүп салды.




Беш кол тең эмес

Бардыгы бирдей боло бербейт, арасында өйдө-ылдыйы бар, түрдүүсү чыгат деген мааниде колдонулат

Азыркы заманда беш кол тең эмес, акчасын кайда чачаарын билбеген байлар да, нанга акча таппаган бечаралар да бар экенин эсепке алышыбыз керек.




Беш колун салуу

В:Беш бармагын салуу

Коомдук мүлккө, же башка бирөөгө тиешелүү нерсеге ж.б. ач көздүк, сугалыктык кылып ичип-жешке аракет кылуу, башы менен кирип кетүү

Колхоздун малына беш колун салып жиберген башкарма иштен айдалды.

В.: Эл байлыгына беш бармагымды бирдей салдым. Натыйжада кызматтан айдалдым. (БСМ)




Беш көкүл

Эс тартып, бойго жетип калган, турмушка чыга элек кыз

Кыргыздын беш көкүл кыздары иймектей чимирилип сахнада бийлеп жатышты.




Беш өрдөгүн учуруу

Калп айтуу, жалган айтуу, капкайдагы калпты айтуу

Элмир апасына мектептен кеч кайтып, беш өрдөгүн учуруп жатты.




Беш тыйынга турбаган

В:Бир тыйынга турбаган

Эч нерсеге жарабаган, кепке арзыбаган, оозго алынбаган, анча мааниси жок, болор-болбос бир нерсе

«Беш тыйынга турбаган нерсе үчүн араздашканыңарга уят го?» деп көргөндөр сүйлөнүштү.

В.: Үйдөгүлөр бир тыйынга турбаган кандайдыр бир нерселерди айтып, башымды оорутушту. (БСМ)






Бир айтасыңбы,

эки айтасыңбы



Ошондой болсо гана, андай болсо жакшы болбойт беле деген сыяктуу бир нерсенин болушун өтө каалоо, же болбой калды деген өкүнүү маанисинде колдонулат

Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, болор иш болуп, боёсу канып калбадыбы.




Бир ачууңду бер

Андай кылба, сабыр кыл, кечирип кой деген сыяктуу кечирим суроо, өтүнүп – сурануу маанисинде

«Бир ачууңду мага берчи! Сол колуңдун ачуусун, оң колуң менен кармап, өзүңө келчи» деп аялы күйөөсүн токтотту.




Бир аягы көктө, бир аягы жерде

В.:Бир буту жерде, бир буту көрдө

Абдан коркунучтуу абалда, өлүм алдында

«Менин эми өлөөрүм калды. Бир аягым көктө, бир аягым жерде» деп ата керээзин айтты.

В.: Бир буту жерде, бир буту көрдө турат, бечара аман-эсен көз жарып алса болду. (БСМ)






Бир базардан өткөн

В.: Бир кырды ашкан

1.Турмушка түшүнүп калган, өмүрдөгү бир мерчемдүү куракты башынан өткөргөн;

2.Турмуш курган, үй бүлө күтүп калган



1. Отургандардын ичинен жашы ортолоп калган, бир базардан өткөн аял сөз баштады.

2. Ал эми жаш эмес, бир базардан өткөн да.



В.: Бир кырды ашкан адам кантип түшүнбөсүн.




Бир баштан

Бардыгын катары менен, башынан аягына чейин, тегиз

Өзүнүн башынан өткөн окуяларды бир баштан айтып отуруу.




Бир башы эки болуу

В.:Жалгыз башы эки болуу

Үйлөнүү, турмуш куруу, аял алуу

Балам бизди кубандырып, бир башы эки болду.

В.: Качанкыга чейин жалгыз башың эки болбой кокоёт? (Бейшеналиев)




Бир бет

Бирдей, тегиз

Ушул жумушту бүтүрсөм, бир бет болуп үй-бүлөмдү карап калат элем.




Бир бозоруп, бир кызаруу


Айыбы ачылып, катуу уят болуу, ыза болгон абалда калуу

Жаш бозой сулуу кыздын алдында сөз айталбай, бир бозоруп, бир кызарып турду.




Бир боор

Жакын, туугандык жакындык жагы бар

Бир боор экендиги көрүнүп турбайбы, кичине болсо да бөбөгүнө жан тартып турат.




Бир бороондук алы жок

Өтө алсыз, чабал, бир нерсеге туруштук бере албаган

«Бир бороондук алы жок бейм, ушуга эле ооруп калыптыр» деп келиндер сөз кылышты.




Бир буроосу жетпөө

Бир нерсени толук түшүнбөө, жеткире ойлой албоо, акыл-эси кем

Төрөлгөндөн эле тубаса го, бир буроосу жетпейт, көп нерсеге түшүнө албайт.




Бир буту биякта, бир буту тиякта

Туругу жок, орунсуз, бир жерге байыр алып турбаган

Сиңдим абдан убара болуп жүрөт, бир буту биякта, бир буту тиякта болуп, үй менен мектептин ортосунда.




Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу

Бири-биринин ыгынан чыкпай, бир ооздуу, ынтымактуу болуу, бөлүнүп-жарылбоо

Биздин уруу бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышат.




Бир жаңсыл болуу

Бүтүү, аяктоо

Ушул иш бир жаңсыл болсо экен, күттүрүп жатып чарчатты.




Бир жерге күл төгүү

Макулдашып, ынтымакташып оокат кылуу

Эми силер ынтымакташып, бир жерге күл төгүп жашагыла.




Бир ичеги

Тамакты аз ичкен, анча батыра иче албаган, аз ичип жеген

Студенттер бир ичеги болуп калышабы, жарытаарлык тамак жешпейт.




Бир казанга кайноо

Биргелешүү, биригүү

Бир казанга кайнаган эмелер, бирин – бири ымдашпай түшүшөт.




Бир кайноосу ичинде

Чала бышкан, абдан толук быша элек

«Кап, бир кайноосу ичинде калган экен» деп, чал нааразы.




Бир калыптан куйгандай

Абдан окшош, эч айырмасы жок, бирдей

Бир калыптан куйгандай болуп, алардын балдары бири – бирине окшош.




Бир кашык канын кечүү

Өмүрүн, жашоосун сактап калуу, ажалдан алып калуу

Эне балдары үчүн бир кашык канын кечүүгө да даяр болот.




Бир кишидей бар экен

Кадырлоо, сыйлоого татый тургандай, керекке жарагыдай, колунан бир нерсе келе тургандай экен деген мааниде

Биздин баланын иштеген жеринде, кадыр – баркы бар окшойт, атасын тарткан го, бир кишидей бар экен.




Бир кокуй

Начар жагынан өзгөчөлөнгөн, кыялы, жүрүм-туруму башкача, адамчалыктан тыш көрүнгөн

-Бир кокуй бала экенсиң, мындайга да көнбөйсүң, андайга да көнбөйсүң.




Бир көзү бир көзүнө жоо

В.:Бир көзү экинчи көзүнө жоо

Өтө жакын деген адамдан да бир нерсе чыгышы мүмкүн, бирөөгө ишенүү кыйын деген сыяктуу ишенбөөчүлүк, шек саноочулук маанисинде колдонулат

Ал заманда адамдардын арасында чыккынчылар көп болгон, бир көзү бир көзүнө жоо мезгил эле.

В.: Бир көзүң экинчи көзүңө жоо болуп турган мезгилде... бечара Крибкону кызматтан бошотот. (Осмоналиев)




Бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш алуу

Катуу жазалоо, көргүлүктүү көрсөтүү, аябай кыйноо, сазайын окутуу, кордуктоо

Бул жоругу үчүн анын бир көзүнө кан, бир көзүнөн жаш алуу да аздык кылат.




Бир күнчө көрүнбөө

Кыйынчылык өтүп кеткенден кийин унутулуп, билинбей, бардыгы жай-жайында болуп калат деген сыяктуу көңүл жубатуу, көңүл көтөрүү маанисинде

Ушуга чейин тарткан азап-тозогу бир күнчө да көрүнбөй, унутулду.




Бир ооз

В.: Эки ооз

Эки-үч ооз



Кичине, анча-мынча, аз гана

Биздин маселе боюнча аким бир ооз да сүйлөгөн жок.

В.: Эки-үч ооз сөздү түзүктөп айта албаган бир байкуш экен. (БСМ)




Бир ооздон

Бүт, бардыгы, тегиз бир кишидей болгон

Бардыгы бир ооздон баталарын беришти.




Бир оокум

Бир мезгил, бир учур

Түн бир оокум. Айлана тым-тырс.




Бир паста

Тез эле, арыдан-бери

Бир паста жамгыр төгүп жиберди.




Бир сөздүү

Калп айтпаган, сөзүндө турган, ишенимдүү

Бир сөздүү жигит экен, ага ишенсең болот.




Бир сырдуу

Оңой менен чечилбеген, өзүнчө бир мүнөзү бар

Комуз ойноткон бала бир сырдуу көрүнөт, оңой менен чечилбейт.




Бир таман жол

Өтө кууш, ичке жол

Үйгө бир таман жол менен барабыз.




Бир тыйынча көрүнбөө

Көңүл бөлүнбөө, илүүгө алынбоо, кайдыгер кароо, капарга алынбоо

Биздин кылган ара – кетибизди, алар бир тыйынча да көрүшкөн жок.




Бир ууч

Кичинекей, аз гана, үркөрдөй болгон

Кыргыздар бир ууч элбиз, түндүк, түштүккө бөлүнбөй биргелешип жашасак.




Бир үнү көктө, бир үнү жерде

Аябай, муңканган, зыркырап-сыздаган, өксүгөн, боздогон абалда

Жесирдин бир үнү көктө, бир үнү жерде, уккан адамдын зээни кейийт.




Бир эрди менен көктү, бир эрди менен жерди шыпырган

Жаактууга жай бербеген, ээ-жаа бербей албууттанып сүйлөнгөн, сөзгө алдырбаган бей-жай, кара-жаак

Митингге адатынча бир эрди менен көктү, бир эрди менен жерди шыпырган аялдар да кошулушту.




Бир эсептен

Бул жагынан, мындайча алганда

Бир эсептен бул да туура, антпесе эл өз билгенин кылбайбы.




Бирди бирге уруу

Куулук, амалкөйлүк кылуу, урду-бердиге салуу, өтө эпчилдик менен иш кылуу

Жыпарбек ар кайсы шаарда иштеп, бирди бирге уруп жүрүп, үйгө жетти.




Бирди көрүү

Кырсыкка учуроо, жаман ишке дуушар болуу

Бирди көрмөк болчу, таптакыр эле эч кимди көзгө илбей калды эле.




Бирди көрсөтүү

Катуу жазалоо, адебин берүү

«Сага элеби, бирди көрсөтпөсөм атым өчсүн» деп кекенди.




Бирди эки кылуу

1.Апыртуу, апыртып жиберүү

2.Өтө эпчилдик менен бир нерседен пайда көрүү, көбөйтүү



1. Эл оозунда элек жок, бирди эки кылып да жиберишет.

2. Алыпсатарлар бирди эки кылышат.






Бирдин айындай чоюлуу

Пейил күткөн, келберсиген маанайда болуу, ыңгырануу

Бирдин айындай эле чоюласың да.




Бирдин ичинен чыгуу

В.:Бирдин үстүнөн чыгуу

Кандайдыр бир кырсыкка, чыр-чатакка, коогалуу ишке дуушар болуу

Ата – эненин айтканын укпаган бала бирдин ичинен чыгат.




Жердин жети түбү

В.:Жердин жери катары

Абдан алыс, өтө алыс

Жердин жети түбүнөн болсо да табамын.




Жердин төрт бурчу

В.:Төгөрөктүн төрт бурчу

Туш тараптын бардыгы, бүт дүнүйө жүзү, аалам

Хан баласына кыз издеп, төгөрөктүн төрт бурчуна желдеттерин чаптырды. (Жомоктон)




Жети ата

Түпкү теги, ата-бабасы

Ар бир адам жети атасын билиши керек.




Жети атасын көзүнө көргөзүү

Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү

Түрмөдөгүлөр анын жети атасын көзүнө көргөзүштү.




Жети омурткасы жерге кирүү

В.:Жети өмүрү жерге кирүү

Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу

Туура эмес мамиле кылганымды түшүнүп, жети өмүрүм жерге кирди.




Жети түндө

Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында

«Жети түндө эмне кылып жүрөсүн?»,- деп таң калдык.




Жүз толгонуу

В: Миң толгонуу

Он толгонуу



Катуу ойлонуу, кайра-кайра ойлоно берүү, бир чечимге келе албай убаралана берүү

Эне байкуш, алыстагы баласын эстегенде, түн уйкусу качып, жүз толгонот.




Көзү төрт

В.: Эки көзү төрт

Бир нерсени абдан самоо, эңсөө, же бирөөнү чыдамсыздык менен зарыга күтүү, ак эткенден так этүү

Айгеримдин мектепке барууга эки көзү төрт.




Кыңыр иш кырк жылда билинет

Жамандык эртеби-кечпи белгилүү болот, жамандыкты жашыруу мүмкүн эмес деген маанини туюндурат

Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, Назгүлдүн ким колдуу болгону эртели-кеч ачылаар.




Кырк көйнөк

Жаңы төрөлгөн ымыркай бала кырк күнгө толгондо, анын кыркын чыгарып, ырымдап кийгизилген курак көйнөк

Айылдын көп балалуу байбичисеси балага кырк көйнөк кийгизди.




Кырк жылкы

Жаңы төрөлгөн баланын кыз, же эркек экендигин айтууда анын кыз экендигин билдирүү маанисинде колдонулат

Ким төрөлдү? Ат токурбу, же кырк жылкыбы?




Кырк кырдуу

Өнөрлүү, ар тараптуу, акылдуу

Кырк кырдуу, бир сырдуу кыз.




Кырк шырык

Жамаачыланбаган жери жок, абдан көп жамаачы түшкөн

Илгери жокчулук маалда кийгенибиз кырк шырык эле.




Кыркын берүү

Өлгөн адамга кырк күн толгондо мал союп, куран окутуу, эскерүү

Кечээ күнү атамдын кыркын бердик.




Миң алакетке түшүрүү

Кыйноо, тынчын алуу, дүрбөлөңгө түшүрүү

Бул оору аны миң алакетке түшүрдү.




Миң гүлүнүн бири ачыла элек

В:Он гүлүнүн бири ачыла элек

Али жаш, эч нерсени көрө элек, аркы беркини абдан түшүнө элек, турмуштук тажырыйбасы аз

Он гүлүнүн бири ачыла элек кыз.




Миң кылган менен

Кетсе да, кандай кылса да, деген менен

Миң кылган менен аныкы туура.




Миң мертебе тобо!

В.:Миң мертебе ыраазы!

Абдан ыраазы, аябай ыраазы болуу маанисинде айтылат

Кудайга миң мертебе тобо дейм.




Миң сан

Өтө көп, эң көп, эсеп жеткис, арбын

Манастын өзүнүн эле «миң сан колдой сүрү болгон» дешет.




Миңдин бири

Табылбаган, абдан зарыл, эң керектүү, сейрек учуроочу (көбүнчө дары-дармекке карата)

Жаңгактын данеги каны аз адамдардын дартына миңдин бири эмеспи.




Миңден бир

Өтө сейрек, аз гана, анда-санда

Мындай адамдар миңден бир гана чыгат.




Он сегиз миң аалам

Бардык жандуу, жансыздар орун алган, биз билген жана билбеген аалам, анын бөлүктөрү, бүткүл жер жүзү

Он сегиз миң ааламды жараткан кудайга миң мертебе ыраазымын!




Он экиден бири жок, уй байларга жиби жок

Эч нерсеси жок, таптакыр куру кол, куру жалак

Кийин айтышпасын, «он экиден бири жок, уй байларга жиби жок экен» деп.




Он эки тозок бир келүү

В.: Тогуз толгоо бир келүү

Абдан катуу кыйноо-кыстоо иштер чогуу келүү

Азыр мага он эки тозок бир келген учур.




Ою онго бөлүнүү.

В.:Ою онго, санаасы санга бөлүнүү

Ою он талаа болуу



Сары санаа болуу, бир нерселер жөнүндө кайра-кайра, ойлоно берүү

Эненин ою онго, санаасы санга бөлүндү.




Тогуз жолдун тоому

Бир нече жолдун кошулган жери

Ал жер тогуз жолдун тоому экен.




Төрт тарабы кыбыла

1.Телегейи тегиз, иши оңунда, бардыгы оюндагы-

дай, каалаганындай;

2.Каалаган жагына жол ачык, кайда барсаң өз эркиң, жолуң бош деген мааниде


1. Жайлоодогу жашоо төрт тарабы кыбыла болгон, бейиштеги жашоодой.

2. «Төрт тарабың кыбыла, кайда барсаң өз эркиң»,-деп кулду азаттыкка чыгарды.






Төрт көзү түгөл

Бардыгы көз алдында, чогуу, эч кимиси калбай

Кечинде койлор короого төрт көзү түгөл келишти.




Төрт түлүк

Малдын бүт бардык түрлөрү (жылкы, уй, төө, кой-эчки ж.б.)

Төрт түлүк мал курап, эл катары жашап калышты.




Төрт түлүгү шай

Телегейи тегиз, бардыгы бар, шайма-шай, толук, жетиштүү

Таякемдер төрт түлүгү шай жашашат экен, жайында жакшы эс алдым.




Төрт шыйрагы өлбөгөн жерде калуу

В.: Өлбөгөн төрт шыйрагы калуу

Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу

Уялганыман өлбөгөн төрт шыйрагым калды.




Үйдүн ичин үч көтөрүү

В.:Үйдү үч көтөрүү

Опур-топур болуп, кайра-кайра, үстү-үстүнө келе берүү, үйгө толо кирип чыга берүү же ызы-чуу, баш аламан, иретсиз абалда болуу

Балдар үйдүн ичин үч көтөрүштү.

Үч көчкөндөй болуу

В:Көңүлү үч көчкөн журттай калуу

Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу

Эки – үч гана күн жүрсөк да, көңүлүбүз үч көчкөн журттай калды.

Үч уктаса түшкө кирбеген.

В.:Үч уктаса түштө жок

Эч бир ойго келбеген, такыр ойдо жок, күтүлбөгөн жерден, капысынан болгон, таң каларлык

Үч уктаса түшкө кирбеген окуя болду.

Эгерим эки болбо!

Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу

Запкы көргөн жетим – жесир каргап жатыр: «Эгерим эки болбо жакшылык көрбө», - деп.

Эки айттырбоо

Сөзүн эки кылбоо, айтары менен орундатуу, айтканын эки кылбоо

Балам эки айттырбай, дароо ишти бүтүрдү.

Эки анжы

Олку-солку, бир пикирге бир чечимге келе албаган, чечкиндүү эмес

Эки анжы болуп туруп калдым.

Эки ача

Бирдей эмес, бири-бирине карама-каршы, туура келбейт, айырмачылыгы бар (сөзү, ою ж.б.)

Отургандар эки ача болуп бөлүнүп калышты.

Эки бакыр, бир тукур болуп

Ынтымакташуу, биргелешүү, баш кошуу

Алардын эки бакыр, бир тукур болуп жашагандарына отуз жыл болуп калды.

Эки бутун бир кончуна сыйдыруу


Катуу кысмакка алуу, абдан кыстоо, айласын кетирүү, аябай кыйноо

Аскердегилердин улуулары кичүүлөрүн эки бутун бир кончуна сыйдырышат экен.

Эки дебөө

Жалган айтпоо, айтканынан кайтпоо, убадага бек болуу

«Айттымбы, аткарам. Эки дебеген жанмын» - деп убадасын бекем берди.

Эки дүйнөдө ыраазы

Абдан ыраазы, аябай ыраазы экендик

«Уул - келиниме эки дүйнөдө тең ыраазымын» деп энеси батасын берди.




Эки жерде эки төрт

Бар иштин болору, орундала тургандыгы, аткарылары анык, өтө так, сөзсүз колдон келет деген сыяктуу мааниде колдонулат

-Бул иш колдон келет. Эки жерде эки төрт болгондой эле бүтөт.




Эки жүздүү

Өң карама, бир сөздө турбаган, өңдү көрсө жүз тайды, тайсалдама, кошоматчы

Эки жүздүү адамдар арабызда көп эле.




Эки иштен бир иш

Бар иштин шылтоосу менен экинчисин кошо бүтүрүү деген мааниде

«Эки иштен бир иш, келе жатып суу ала кел!» деп эне баласына тапшырма буюрду.




Эки кат.

В.:Эки кабат

Боюнда бар, кош бойлуу

«Келиним эки кат» деп эне ичинен кубанат.




Эки колу бир оозуна түтпөө

Абдан шашып тамактануу, алдындагысынын баарын кайсай берүү, катуу киришүү (көбүнчө өтө ачка болуп, же тамактын каары өткөн адамга карата)

Абдан ачка болгон неменин эки колу бир оозуна түтпөй жатты.




Эки колун бооруна алуу

Боюнан бошонуу, аман-эсен төрөп алуу деген мааниде

«Аман – эсен эки колуңду бооруңа ал» деп кошуна келиндер төрөтканага узатышты.




Эки колун мурдуна катуу

В.: Эки колун мурдуна тыгуу

Колуна кармаган, арнап ала келген эч нерсеси жок, куру кол келүү

Ал адатынча эле эки колун мурдуна катып келди.

В.: Алардын алдына эки колумду мурдума тыгып баргандан намыстандым.




Эки колун куушуруу

1.Кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу

2.Баш ийүү, багынуу



1.-Эки колун куушуруп өзү келиптир, кечирели.

2.-Өз эрктери менен бизге эки колун куушурушту.






Эки колун төбөсүнө алып кетүү

Бардыгынан кечип, экинчи кайрылгыс болуп безип кетүү маанисинде колдонулат

Биздин бир алыс тууганыбыз дайын - оту жок, эки колун төбөсүнө алып кетти.




Эки көзү чанагынан чыгуу

Катуу корккондо, таң калганда, же ачуусу келгенде көзү чоң ачылып бакырая түшүү, акырая кароо

Тураттын катуу ачуусу келгенде, эки көзү чанагынан чыгат.




Эки ойлуу болуу

Белгилүү бир пикирге, жыйынтыкка, тыянакка келе албоо, чечкиндүү боло албоо

«Азыр мен эки ойлуу болуп турам. Шашпай, жообун берейин», – деди кыз.




Эки оозунун бир оозу

В.: Эки оозунун бири

Айткан сөзүнүн көбү, кайра-кайра кайталап айта бергендеринин бардыгы

Баламдын эки оозунун бир оозу эле атасы болуп калды.

В.: Курбумдун эки оозунун бири эле -Бакыт болуп калыптыр.




Эки сөздүн башын кошо албоо

Сүйлөй албоо, айта албоо

«Ал эмнени жыргатмак эле, эки сөздүн башын кошо албайт»,-деп сынтагышты.




Эки сөздүү

Убадасында турбаган, сөзүнүн туругу жок, калп айтып коймо

Эки сөздүү адамга ишенбе.




Эки сүйлөө

Убадасында турбоо, калп айтуу, орунсуз сөздөрдү айтып коюу

-Эки сүйлөйт турбайсыңбы. Мен сага ишенип жүрсөм.




Эки тизгин, бир чылбыр

Бийлик, толук башкаруучулук

Чыңгыз Айтматов 12 жашында эки тизгин бир чылбырды колго алган, эл башкарган.




Эки үзөңгүнү бирдей теминүү

Эки жакка тең болуу, калыс болуу, калыс кылуу маанисинде

-Мындай ишти кеңешип чечиш керек. Эки үзөңгүнү бирдей теминели.




Эки чайнап, бир жутуу

Ары-бери, тез эле жок кылуу, жоготуу, буйдамга келтирбөө

«Эки чайнап, бир жутуп коём, унчукпай кал»,-деп коркутту.





Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет