Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат району Кара-Таш айыл кенеши Инд 715339 Кара-Таш



бет3/8
Дата12.07.2016
өлшемі10.49 Mb.
#195746
1   2   3   4   5   6   7   8

2. КЫСКАЧА БАЯНДОО


Стратегиянын жалпы максаты бул Кара-Таш айылдык округунун тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу болуп эсептелет. Жашоонун жакшыртуусун колдогондор – бул тургундар өздөрү болуп саналат. Жашоону жакшыртууга алардын энергиясы да, жөндөмү да бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу ошол адамдарды колдоо жана аларга шарт түзүп берүү болуп саналат (эң биринчиден аларга тоскоолдук кылбоо жана колдон келсе колдоо).

Стратегия негизинен жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, жергиликтүү экономикалык өнүгүү элдин жашоосун жакшыртуунун эң эффективдүү жолу болуп саналат. Буга кошумча, Кара-Таш айылдык округунун атуулдарынын арасындагы сурактын жыйынтыктары жумуш орундары жана үй-бүлөлүк киреше жашоодогу эң маанилүү приоритеттер деп далилденди.

Андан кийинки тапшырманын максаты жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө эмне керек экенин аныктоо болду: тышкы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жана тоскоолдуктарды чечүү.



Төмөндөгү таблица стратегиялык тандоонун жолун көрсөтөт:



Түрдүү маалымат /анализдер:

  1. жалпы маалымат

  2. муниципалдык менчик

  3. жергиликтүү бюджет

  4. тышкы чөйрө

  5. бизнес сурак

  6. атуулдар сурагы

  7. баалоо отчетунун жыйынтыктары








Анализдердин SWOT түрүндөгү эң негизги жыйынтыктары





Критикалык маселелер, SWOT анализге таянып аныкталган жана техникалык аймактарга бөлүнгөн





Стратегиялык маселелер

(чектелген), критикалык маселелердин арасынан тандалган





Стратегиялык максаттарды жетүүгө багытталган иш-чаралар (долбоорлор)

Аныкталган стратегиялык маселелер айылдык округдун социалдык-экономикалык абалынын жана тышкы чөйрөнүн анализинин жыйынтыгы. Маалымат жети ар түрдүү отчеттордон алынды. Бул учурда эң маанилүү маалымат гана отчетторго кирди, андан кийин отчеттордогу эң маанилүү тезистер SWOT таблицасына кирди.

SWOT таблицасындагы маселелердин арасынан чектелген критикалык маселелер тандалды жана структурасы боюнча бөлүндү.

Критикалык маселелер беш стратегиялык багыт боюнча аныкталды:


  1. Айыл чарба, анын ичинде: жаңы технологиялар, рынок, инфраструктура.

  2. Кичи жана орто бизнес, анын ичинде: каржы ресурстарына мүмкүндүк алуу, жеке жана топтук бизнести колдоо инфраструктурасы, өнүгүүгө жер жана башка.

  3. Техникалык инфраструктура, анын ичинде: ичимдик жана сугат суу, жолдор жана башкалар. Нойгут айылындагы мурдагы Ноокат керек жарак коому пайдаланган 81-га жер аянтын, М.Гапаров эс алуу багынын жанындагы 16 га. Ак-Там участкасындагы 16га, Кара-Кунгойдогу 14 га жер, Гараж болумундогу 7 га жерди насостун жардамы менен суу менен камсыздоо

  4. Социалдык сфера, анын ичинде: жакырчылыкты жоюу. Элеттик аялдардын жумуш орундарын камсыз кылуу. Уй-булолук зордук-зомбулукка каршы курошуу.

  5. Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин башкаруу системасын жакшыртуу боюнча бир нече маселелер аныкталды.

Стратегиялык маселелер тандалган иш-чаралар менен чечилет. Төмөндө стратегиянын негизги элементтеринин структурасы көрсөтүлгөн:

Стратегиянын структурасы



СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

ИШ- АРАКЕТТЕР


1. АЙЫЛ ЧАРБА
Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?

1.1 Жаңы технологиялар борбору
(Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу)


1.2 Кайра иштетуучулор жана өндүрүүчүлөр тобу

(Өндүрүүчүлөр тобу түзүлүп көбүрөөк сандагы продукцияны сатканга даярдоо)




1.3 Кара-Таш Өнүгүү Борбору

(Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасын түзүү)




2. КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК

Кичи жана орто ишканаларды кантип өнүктүрүү керек?

    1. Инвестициялык сунуш

(Тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу)




3. ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ

Жакырчылыкты кантип кыскартуу керек?

3.5 Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(Жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу)





4. БАШКАРУУ
Муципалитеттин администрациясында башкаруу системасын кантип жакшыртуу керек?

4.6 «Чарба китеп» компьютер системасы
(Административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)


4.7 Маалымат системасы
(Атуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы)



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет