Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат району Кара-Таш айыл кенеши Инд 715339 Кара-Таш


СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР



бет7/8
Дата12.07.2016
өлшемі10.49 Mb.
#195746
1   2   3   4   5   6   7   8

6. СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР


Стратегияны реалдуу кылыш үчүн долбоорлорго ресурстар керек. Стратегиянын ишке ашырылуусу эки түрдүү ресурстарга таянышы мүмкүн, алар жергиликтүү жана тышкы ресурстар. Ресурстар келе турган чөйрө ар дайым өзгөрүп турат, ошондуктан ар бир долбоорго кайсы ресурс колдонуларын так айтыш кыйын. Жергиликтүү бюджеттен кээ бир учурда гана каражаттар жумшалышы мүмкүн. Ошондуктан потенциалдуу ресурстарды анализдеп туруу керек, ал жергиликтүү жана тышкы ресурсту көбөйткөнгө туура маалымат берет.



Жергиликтүү ресурстар
Стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ар кандай ички ресурстар колдонулушу мүмкүн:

  1. каржы ресурстары;

  2. кыймылсыз мүлк;

  3. адам ресурстары.


1. Каржы ресурстары
Каржы ресурстары негизинен жергиликтүү бюджеттен турат. Кээ бир потенциалдуу каржы ресурстары жергиликтүү уюмдардын, ишкерлердин жана атуулдардын бюджетинде болушу мүмкүн. Ар кандай ресурстарды мобилизациялоо долбоордун түрүнө жана мотивацияга жараша болот.
1.1. Жергиликтүү бюджет

Кара-Таш айылдык округунун бюджетинин көлөмү 2013-жылы 3млн сомду түздү. Мурунку жылга салыштырмалуу 65,7%га өстү. Кирешелердин төмөнкү түрлөрүнө жергиликтүү бийлик түздөн түз же кыйыры менен таасир кыла алат:



  • чекене соодадан түшкөн салык: азыркы учурдагы кирешелердин көлөмү миң сом;

  • салык төгүүчүлөр бар, алардын баардыгы туруктуу түрдө төлөп турушат;

  • таза суу акысы: чогултуу көрсөткүчү 70%, жылына 85 миң сом чогултулбай калат. Андан тышкары коромжу болгон суунун деңгээли 20% түзөт, ал 57 миң сом чыгаша алып келет;

  • 2012- жылы айылдык округунун тамекичилери бар болгону 38.6 тонна тамеки өндүрүшкөн, бул айыл чарбасындагы мамлекетке кирише берүүчү бирден-бир тармак болуп эсептелген тамекичилик тармагына да өзгөчө маани берүүнү талап кылат.

  • Кара-Таш айылдык округу райондун борбору Ноокат шаарынын туштук жагынан орун алган жалпы аянты 80.11 км кв тузуп дениз денгеелинен орточо 1630 метр бийиктикте жайгашкан . Райондун борборуна чейинки аралык орточо 8 км тузот калкынын саны 12542 кишини тузот. Кожолук саны 2466 уйду тузуп, негизинен айылдык округу Кара-Таш жана Нойгут айылдарынан турат.

  • Жер аянттары; Айыл чарба багытындагы жерлер, анын ичинен

  • -суулуу айдоо жерлер 576 га

  • - кайрак айдоо жерлер 672 га

  • -коп жылдык бактар 101 га

  • -чоп чабынды 25 ганы тузот

  • Андан сырткары 4747 га жайыт жерлери бар.

1.2. Жергиликтүү уюмдардын бюджети

Эки НПО, 1 Маалымат борбору, 23 аялдардын бири бирине жардам берүү тобу бар, алардын бюджети донордук уюмдардан келген каражаттардан жана гранттардан турат. Бул уюмдар жана мекемелер өздөрүнүн миссиясы менен шайкеш келген стратегиялык долбоорлорго салымын кошот.


1.3. Жеке ишкерлер

Жеке ишкерлердин ресурстарын аныктаганга оор, бирок кээ бир коммуналдык кызматтарды (коммуналдык инфраструктура) жакшыртуу, же башка демилгелерди колдоо үчүн салымдарын кошуусу мүмкүн.


1.4. Коомчулук

Атуулдардын ресурстарын аныкташ оор, бирок кээ бирөөсү өзүнүн салымын кымбат баадагы кызматтарды жапканга, же техникалык инфраструктураны (эгерде найтыйжада кызматтардык сапаты жогоруласа) жакшыртууга кошуусу мүмкүн. Бул өз учурунда кызматтардын сапатын көтөрөт. Жалпысынан, атуулдардын техникалык инфраструктуранын оңдоодо катышуусу сейрек эмес.



7. КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР


SWOTко таянып критикалык маселелер аныкталды. Алар SWOTтун баардык элементтери менен байланышкан. Критикалык маселелер муниципалитеттин күчтүү жактарын күчөтөтөт же алсыз жактарын азайтат. Экинчи жагынан критикалык маселелер тышкы чөйрөдөн келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонот же болбосо тышкы чөйрөдөн келген коркунучтарды азайтат.



Критикалык маселелер төмөнкү жетектемеге таянып аныкталган:



Критикалык маселелерди тандоо үчүн жетектеме:

  • ички күчтүү жакты өнүгүү үчүн колдонот (мисалы, сапаттуу адамдык ресурстар);

  • ички алсыз жакты чечкенге багытталат (мисалы, таштанды суу коллекторунун начардыгы);

  • тышкы мүмкүнчүлүктү өнүгүү үчүн пайдаланат (мисалы, негизги транспорт жолу);

  • тышкы коркунучтун таасирин азайтат (мисалы, жергиликтүү бюджетти көз карандылыгы);

  • жалпысынан, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн тийиштүү чөйрөнү камсыздайт (мисалы, бизнести колдоо борбору, мамлекеттик-жеке оноктоштукту тузуу).





Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?


ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР


  • Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатса болот?

  • Жерлердин которуштуруп айдоону кандай жолдор менен жүргүзүүгө болот?

  • Айыл чарба жерлерин кантип жакшыртуу керек?

  • Айыл чарбасына жаңы технологияларды кандай жолдор менен тартса болот?

  • Жаңы технологияларды кантип колдонуу керек?

  • Кытайдын пахта эгүү технологиясын жайылтуу үчүн каражаттарды кантип табабыз?

  • Айыл чарба продукцияларын түшүмдүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек?

  • Жаңы эт сүт багытындагы породаларды кайсы жол менен көбөйтө алабыз?

РЫНОК

  • Өндүрүлгөн продукцияларды ортомчусуз кантип сатуу мүмкүн?

  • Мөмө жемиштер сактоочу жайды кантип куруу керек?

  • Өндүрүлгөн продукцияны канткенде кымбат баада сата алабыз?

АЙЫЛ ЧАРБА ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

  • Техсервисти кантип жандандырса болот?

  • Айыл чарба техникалары жана шаймандарды кайсы жол менен сатып алабыз?

  • Сугат суусун канткенде коромжусуз пайдалана алабыз?

  • Ирригация системасын кантип жакшыртуу керек?

  • Сугат сууну рационалдуу пайдаланууну кандайча ишке ашыруу керек?

  • Суугат суу боюнча элдин арасында түшүнүк иштерин кантип жүргүзүүгө болот?


Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзөбүз?


ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛР

  • Тышкы жана ички ресурстарды кантип эффективдүү колдонобуз?

  • Жергиликтүү экономиканы кантип өнүктүрөбүз?

  • Жаңы фирмаларды кантип колдоо керек?

  • Жеке ишкердүүлүктү кантип колдоо керек?

  • Кичи жана орто бизнестерди кантип өнүктүрөбүз?

БИЗНЕСТИ КОЛДОО ИНФРАСТРУКТУРАСЫ


  • Бизнес инкубаторду кантип айыл өкмөткө тартса болот?

  • Бизнести колдоо инфраструктурасын кандай жолдор менен көтөрүүгө болот?

  • Айыл жеринде микрокредиттерди кандай жолдор менен уюштурса болот?

  • Ишкерлерди кайсы жерде жана кантип окутса болот?

  • Айыл банкты кантип уюштурабыз?

ИНВЕСТОРЛОР

  • Чет элдик инвесторлорду кантип кызыктырып тартып келебиз?

  • Чет өлкөлүк консультация берүү органдарын кантип тартабыз?

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАР

  • Жеке ишкерлерге бут тоскон райондун кызматтары менен кандай иш-чара алып барыш керек?

ЖУМУШЧУ КҮЧ

  • Профессионалдуу адистердин сапатын жана санын кантип көтөрсө болот?

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР


  • Жер алдынан чыккан ысык минералдык суусун канткенде сата алабыз?

  • Ички жана тышкы резервтерди канткенде натыйжалуу пайдалана алабыз?

  • Жергиликтүү экономиканы кандай жол менен өнүктүрө алабыз?

  • Жаңы уюлушуп жаткан иштердин өнүгүүсүн кантип колдойбуз?

  • Жеке ишкерлерди кантип өнүктүрө алабыз?

  • Кичи ишканаларды жана кичи бизнестерди кантип уюштурабыз?


Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?


ЖАКЫРЧЫЛЫК


  • Канткенде жакырчылык маселесин чечебиз?

  • Айылда жакырчылык деңгээлинен кантип чыгууга болот?

  • Жумушсуздуктан айыл тургундарын кантип жоюу керек?

  • Жаңы иш орундарын кантип түзөбүз?

  • Жумушчу адамдардын кантип миграция учетко тургузуу керек?

  • Чет мамлекетке кетип жаткан ишке жарамдуу адамдарды жана адистерди кантип сактап калуу керек?

СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА

  • Аялдардын олумун кантип кыскартуу керек?

  • Жаш балдар арасында гепатит жана башка жугуштуу ооруларды кантип кыскатуу?

  • ГСВ, ФАПтардын жылытуу системасын канткенде жолго коебуз?

  • Кайсы жол менен медициналык жабдууларды кеңейте алабыз?

  • жетиштүү медикалык адистерди кантип табуу керек?

  • Спорт комплекстердин деңгээлин кантип жогорулатуу керек?

  • Балдар бакча маселесин кантип чечебиз?

  • Мектептерде кадр маселесин кантип чечсе болот?

  • Мектептин негизги проблемаларын кантип тездетип чечсе болот, мисал үчүн мектептин айланасы тозуу?

  • Мектептерди жылытуу системасын кантип ремонттоп алабыз?

МАДАНИЯТ, СПОРТ, ЖАШТАР

  • Мыкты спортчуларыбызга кантип жардам бере алабыз?

  • Айылда жаштар саясатын кантип жүргүзөбүз?

  • Маданиятыбызды жана таланттуу адамдардын талантын өркүндөтүү үчүн кандай иш-чараларды алып барыш керек?

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО

  • Жугуштуу оруулардын алдын кантип алабыз?

  • Таза сууну өз убагында дезинфекциялоо, коромжусуз пайдалануу маселесин кантип чечебиз?

  • Абаны, сууну кантип таза сактап кала алабыз?

  • Канткенде генофондду таза сактап кала алабыз?

Техникалык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?


ТЕХНИКАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРА


  • Трансформатор, байланыш түйүндөрүн кантип жөнгө салуу керек?

  • Айылдагы трансформаторлорду кантип алмаштыра алабыз?

  • Телефон байланышы менен тургундарыбызды качан толук камсыз кыла алабыз?

  • Интернетке кантип байланыша алабыз?

  • Байланыш жана интернетке улануу системаларына инвесторлорду кантип тартуу керек?

  • Ички жолдордун абалын кантип жакшыртабыз?

  • Айылдагы адамдарга таза сууну кантип жеткире алабыз?





Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?


КАДРЛАР


  • Айыл өкмөт кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүү үчүн окуу курстарын кантип уюштурса болот?

  • Айыл өкмөтүнө профессионалдуу адистерди кандай жолдор менен тартса болот?

  • Айыл өкмөт депутаттарынын активдүүлүгүн кантип жогорулатса болот?

АЙЛЫК АКЫ

  • Айыл өкмөт аппарат кызматкерлерин айлык акысын кантип көтөрө алабыз?

ЖАБДУУ

  • Айыл өкмөткө стол, стул, компьютерлер менен кандайча камсыз кыла алабыз?

БЮДЖЕТ

  • Жергиликтүү бюджетке кантип киреше булагын алып келе алабыз?

  • Жергиликтүү салыктарды бюджетке өз убагында кантип топтой алабыз?

  • Арендага алынбай калган жерлерди кандай жол менен иштетүүгө болот?

СОЦИАЛДЫК МОБИЛИЗАЦИЯ

  • НПО, жааматтардын санын кантип көбөйтсө болот?

БАШКА

  • Айыл кеңештин биримдигин кантип жакшыртууга болот?





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет