Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат району Кара-Таш айыл кенеши Инд 715339 Кара-Таш



бет5/8
Дата12.07.2016
өлшемі10.49 Mb.
#195746
1   2   3   4   5   6   7   8

4. МИССИЯ

Кара-Таш айылдык округунун Миссиясы төмөнкүдөй:



Кара-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттин Элесине жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп беришет.

Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат, ички жана тышкы ресурстарды эффективдүү пайдалануу менен, жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүшөт.

Кара-Таш өз алдынча башкаруу органы укуктун корголушуна, демократиянын калыптанышына жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылат.
Миссиянын мааниси – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын элеске жетүүгө багытталган ролу. Башкача айтканда, миссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элеске жетүүдө тийиштүү шарттарды түзүү үчүн кандай иш-аракеттерди алып барыш керек деген суроого жооп берет. Миссия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын философиясы деп да аталса болот.

Миссия элес сыяктуу мониторлонуп жана ага баа берилип турушу керек. Бул учурда да миссиянын ар бир элементинин мааниси берилген. Ушуга таянып келечекте башкаруу органдары өздөрүнүн койгон ролуна жана максаттарына жеткендиги же жетпегендигине баа берүүгө мүмкүн болот.
Төмөндө Миссиянын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:


  1. Муниципалитеттин элесине жетүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү.

Муниципалитет стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды оптималдуу колдонот жана ишке ашыруу процессин көзөмөлдөйт. Кеңеш жана айыл өкмөт жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө алардын максаттарына жетүүсүнө колдоо көрсөтөт. Бирок, жергиликтүү бийлик бардык иштерди өзү аткарганга умтулбайт, ал мекемелер жана атуулдар кылган иштерди башкарып турат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

стратегиялык планды аткаруу үчүн аныкталган ресурстар, фокус группалар аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кандай колдоо иш аракеттер жасалып жатканын билүү, ишкерлерге көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрү.




  1. Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат.

Жергиликтүү кеңеш коомчулук тарабынан шайланып билимдүү лидерлерден турат. Айыл кеңештин депуттары өздөрүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Регулярдуу түрдө өздөрүнүн кылган иштерин шайлоочуларга коммуникация каражаттар жана коомдук угуулар аркылуу билдирип турушат. Айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери абдан професионалдуу жана жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Алар дайым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка институттар же донордук мекемелер аркылуу уюштурулган окуу курстарына катышат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

кеңеш кылган иштердин көлөмү, алардын арасына калк менен маек куруу иштери да кирет, аппараттын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли аттестация аркылуу текшерилет, долбоорлордун саны, уюштурулган окуу курстардын саны.




  1. Ички жана тышкы ресурстарын эффективдүү пайдалануу.

Бюджет ресурстары приоритеттерге жараша колдонулат. Каржы ресурстар максаттуу колдонулат, мыйзам чегинде белгиленген салыктар жана жыйындар натыйжалуу чогултулат. Менчик, анын ичинде жер ресурстары, эффективдүү башкарылат, ачык конкурстун негизинде сатылып, же ижарага берилип көбүрөөк киреше алып келет. Потенциалдуу тышкы ресурстар эффективдүү колдонулат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген субсидиялар, ар кандай донорлордон келген каражаттар).

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

салыкты чогултуу деңгээли, тышкы ресурстардын, долбоорлордун саны, жерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин көлөмү.




  1. Жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү.

Кызматтардын сапаты жакшы жана эффективдүү уюштурулган. Мүмкүн болушунча кызматтар атаандаштыктын негизинде көрсөтүлөт. Сапат дайыма көзөмөлдөнүп турат, мисал үчүн ишеним кутучасы, ага атуулдар өздөрүнүн каалоолорун же нааразычылыктарын калтырышат. Нааразычылыктар жергиликтүү бийлик тарабынан каралып, тез арада чечилет.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

нааразычылыктардын саны жана аларды чечүү боюнча иш аракеттердин саны, фокус группалар аркылуу элдин жалпы оюн билүү.




  1. Укуктун корголушуна өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.

Айылдык кеңеш коомчулуктун баардык мүчөлөрү, жөнөкөй адам же бийликтеги адам болсун, мыйзамдын алдында бирдей жооп берүүгө шарттарды түзөт. Мыйзам бузгандар жазаланып, алар жөнүндө коомчулукка маалымат берилет. Ар бир атуул мыйзамды бузуу туура эмес экенин билет, салыкты төлөөдөн качуу да мыйзамды бузууга татыйт. Ар бир атуул кайсы салыкты жана жыйынды, кызматты колдонгону үчүн акча төлөшү керек экенин билет.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

сот иштеринин саны, мыйзамдарды ишке ашыруу жолдору, салыктардын көлөмү.




  1. Демократиянын калыптанышына өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.

Муниципалитет жергиликтүү калктын демократияны өнүктүрүү иштерин колдойт. Баардык процедуралар (жергиликтүү бюджет, жергиликтүү салыктарды чогултуу, товарларды жана кызматтарды сатып алуу) ачык. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо ачык жана мыйзамдуу өтөт. Маалымат элге түздөн-түз жана жергиликтүү массалык каражаттар аркылуу билдирилип турат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

ишке ашырылган ачык процедуралар (коомдук угуулар), шайлоо учурунда кылынган мыйзамсыз иштер.




  1. Жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.

Муниципалитет жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарттарды түзөт, бул жерди ачык аукцион түрдө ижарага берүү же сатуу, салыктардын туура чогултулушу менен шартталат. Жергиликтүү жеке ишкерлердин жакшы иштеши жумушсуздук деңгээлин төмөн кармат турат. Жергиликтүү фирмалар киреше гана таппастан, коомчулукка да социалдык жардам кылышат. Жергиликтүү ишкерлер сапаттуу каржы кызматтарын алат, мисалы кредит алуу, банктан счет ачуу, депозиттер, акча жиберүү ж.б.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

Бизнести колдой турган инфраструктуранын саны жана түрлөрү, ишкерлерге берилген кызматтардын саны жана түрү, салыктардын чогултулушу ачык жана мыйзамдуу, элдин экономиканын өсүүсү боюнча жалпы оюу, нааразычылыктардын саны.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет