Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат району Кара-Таш айыл кенеши Инд 715339 Кара-Таш



бет4/8
Дата12.07.2016
өлшемі10.49 Mb.
#195746
1   2   3   4   5   6   7   8

3. ЭЛЕС


Кара-Таш айылдык округунун Элеси төмөнкүдөй:
Кара-Таш айылдык округу – адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден-соолуктуу, активдүү, колунда бар – атуулдардын мекени.

Кара-Таш айылдык округу – жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын жана кеп-кенештерин корсөткөн, кичи ишкердуулукту онуктурууго ынгайлуу шарттары бар – гүлдөгөн аймак.

Элес бул муниципалитет өзүн 10-15 жылдан кийинки көргүсү келе турган абал. Бул жөн сөздөр эмес. Кыска формада болгону менен анын мааниси көп. Элес муниципалитеттин жалпы максаты болуп саналат. Ар бир максат сыяктуудай эле ал мониторлонуп жана ченелип турушу керек. Жалпы элести ченөө кыйын, ошондуктан элестин ар бир элементинин мааниси берилген. Көрсөткүчтөргө таянып келечекте стратегияны баалоо мүмкүн болот. Элести мониторлоо жана ага баа берүү бул жалпы социалдык-экономикалык абалды да мониторлоо жана баа берүү болуп саналат.

Төмөндө элестин элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:


  1. Адам укугун сактаган атуулдардын мекени.

Муниципалитетте көп социалдык инфраструктура объектилери бар, мындан ары да алардын техникалык абалы канаттандырарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Муниципалитеттин күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канаттандырарлык. Натыйжада, коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишкердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Муниципалитет келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын ата мекени.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызы, социалдык инфраструктура объектилеринин саны, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын ден-соолук абалы, атуулдардын ар кандай алып барган иштеринин саны, жакырчылыктын деңгээли.




  1. Атуулдардын укугу сакталат.

Муниципалитет атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

укугу бузулган адамдардын саны, мүмкүн болсо (эгерде ресурстар жетиштүү болсо) элдердин жалпы оюн билүү (кызмат корсотуу борборунун иш алып баруусу-СОПЖ, аялдардын топтору ГВП, Аксакалдар Соту).




  1. Жагымдуу жашоо чөйрөсү камсыздалган.

Муниципалитет жашаганга жагымдуу чөйрө түзөт. Ар бир атуулдун киреше тапканга бирдей мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды натыйжалуу пайдаланганга умтулушат. Атуулдардын өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдуктар жок, муниципалитет атуулдардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Жергиликтүү милиция (аймактык тескоочулор) атуулдарга коопсуздукту камсыз кылат. Атуулдар ар кандай административдик жана коммуналдык кызматтарын ала алат. Коомчулуктун жалпы оюу боюнча Кара-Таш жашаганга ыңгайлуу жер болуп эсептелет.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

элдин оюу (изилдөө өткөзүү, фокус группаларды уюштуруу, миграция деңгээли).




  1. Гүлдөгөн аймак.

Муниципалитет гүлдөгөн аймак, айыл чарбачылык, жеке ишкердүүлүк, спорт жана маданият өнүккөн, чоң инвестициялар тартылып турат. Муниципалитет жаңы инновацияларга ачык жана жеткен жетишкендиктер менен токтоп калбай ар дайым жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн аракет кылат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

дыйкан чарбалардын жана фирмалардын саны, айыл чарба продукцияларын кайра иштетуучу жана ондуруучу топтордун, кызмат корсотуу борбору аркылуу топтолгон материалдар боюнча жалпы ой.




  1. Жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн.

Жаңы технологияларды колдонуу менен муниципалитетте айыл чарба жана кайра иштетүүчү тармак өнүккөн. Жаңы сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрү жана асыл тукумдуу жаңы породадагы мал коомчулукка таратылат. Кайра иштетүүчү кичи ишканалар (тегирмен, кийим тигүү, пахта, мөмө-жемиш иштетүүчү жана май чыгаруучу цехтер) өз продукцияларын башка региондорго жана башка мамлекеттерге эскпортко жиберет, натыйжада элге киреше түшөт.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

жаңы технологияны айыл чарбада, кайра иштетүүдө колдонгон учурлардын саны.




  1. Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал болсо өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш берүү кызматтары саналат.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

жеке ишкерлердин шарттар боюнча ой пикири.



  1. Сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн.

Кара-Таш муниципалитетинде тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы, коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу; жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, аялдарга кеңеш берүү кызматтары. Сапаттуу кызматтар элеттик аялдарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет. Акыркы моделдеги компьютер, принтер, ксерокочурмо, Интернет, Скайп-суйлошуу кызматы бар.

Потенциалдуу көрсөткүчтөр:

кызматтардын саны жана түрү, элдин оюу (топтор, ГВПлар аркылуу).




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет