- 36 -
жана касиети.
Ашказандын былжырлуу эпителийинде майда бездер жайла-
нышып, алар аркылуу ашказан зили бөлүнүп чыгат. Бул жерде
негизги гландулациттер (пепсиногенди ажыратат), париентал-
дык гландулациттер (НСl туз
кислотасынын ажыроосун син-
тездейт), мукациттер (кошумча клеткалар) мукаиддүү
секретти
бөлүп чыгаруучу клеткалар жайланышат. Фундальдык жана
пилорикалык бездердин иштөөсү менен ашказан зили түрдүүчө
составка ээ болот. Фундальдык бөлүктөн ажыраган зил пепсин
жана туз кислотасына ээ болот. Пилорикалык бөлүктөн ажыра-
ган ферменттер жана туз кислотасы аз болот. Орточо эсеп менен
адамда суткасына 2-2, 5 л ашказан зили бөлүнүп чыгат. Ашказан
зилинин составына органикалык заттар: пепсин, гастириксин,
ренин, лизоцин, муцин, мукоиддер,
мочевина, жана органика-
лык эмес заттар: НСl, хлариддер, сульфаттар, бикарбоноиддер,
Nа, К, Са, жана башка элементтер кирет. Ашказандын чөйрөсү
кислоталык чөйрө болуп Ph=1,5/1,8 тең болот. Ашказанда неги-
зинен белоктор ферменттердин таасиринде гидролизденет. Аш-
казанда эркин абалда НСl туз кислотасы болуп ал 0,3% - 0,5%ды
түзүп турат.
Туз кислотасынын функциясы.
- Ашказан согунун антибактериялдык аракетине катышат.
- Белоктордун ажыроосуна катышат.
- Пепсин үчүн керектүү кислоталык чөйрөнү түзөт.
- Ашказан зилинин бөлүнүүсү эки түрдө жүрөт.
1. Татаал рефлектордук, 2. Нерв гуморалдык.
Татаал рефлектор шарттуу жана
шартсыз рефлекстин неги-
зинде жүрөт. Шарттуу болгондо ашказан зили тамактын жытын
жыттаганда, көргөндө, укканда ажырап чыгат. Ал эми шартсыз
рефлексте ашказан зили ооз көңдөйүндө тамак түшкөнүнөн
баштап бөлүнүп чыгат жана эки фазадан турат.
1. Ашказандык фазада ашказан зили мехонорецепторлордун
дүүлүгүсү менен ажырап, тамакка аралашат.
2. Ичегинин фазасында мында эриген тамак 12 эли ичегиге
түшүшү менен башталат.
Тамак сиңирүү процесстерин регуляциялоочу принциби.
Тамак сиңирүү системасы нервдик жана гуморалдык түрдө
башкарат. Ашказан зили шарттуу жана шартсыз рефлекстин не-
- 37 -
гизинде ажырайт. Мында тамак
химиялык стимуляторлордун
жардамы менен гидролизденет жана кан капилярларына сиңири-
лет. Мындан дагы өзгөчө ролду эндокриндик жана гуморалдык
бөлүп чыгаруу ойнойт. Бул секреттерге төмөнкүлөр кирет.
1. Секреттин-уйку бези суюктуктун ажыроосун тейлейт.
2. ХЦК-ПЗ (холецистокинин -лаикрозилин) өт суюктугун,
ашказан зилинин составындагы пепсинди, уйку безинин соста-
вындагы ферменттерди, ичегилердин мотордук касиетин регу-
лировкалайт.
3. Мотелин - пепсиндин ажыроосун жана ашказандын касие-
тин күчөтөт.
4. Вияликинин - ичке ичегинин түкчөлөрүнүн иштешин тей-
лейт.
Ашказандын мотордук жана секретордук касиеттеринин ара-
кеттеринин башкаруусу. Ашказанга келип түшкөн касиеттин
составына карап ашказан зили түрдүү касиетке ээ болот.
М: нан жегенде ашказан зилинде пепсин көп, ал эми сүт ич-
кенде пепсин аз өлчөмдө ажырап чыгат. Аны ажыратуу нервдик
жана гоморалдык түрдө башкарылат.
Достарыңызбен бөлісу: