Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет2/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 4 -
КИРИШҮҮ
План:
1. Анатомия илим катары
2. Анатомия илимин изилдөө методдору
3. Анатомия илиминин өнүгүү тарыхы
Адамдын анатомиясы – адамдардын организминдеги органдар-
дын түзүлүшүн жана формасын окутуп үйрөтөт. Ошондой эле 
кишинин организминдеги органдардын өрчүүсү жана айлана-
чөйрө менен болгон байланышын изилдейт. 
А
натомия биология илиминин бир бөлүгү катары каралып ти-
ричилик жана анын өрчүп-өнүгүүсүнүн закон ченемдүүлүк-
төрү жөнүндөгү илим, болуп саналат. 
Адамдардын организминин түзүлүшүн изилдөө, анатомия 
илиминин өнүгүүсүндөгү узак тарыхынын ичинде иштелип 
чыккан ар кандай методдорду пайдаланып келген. Адамдын 
морфологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн учурдагы методдо-
ру көп кырдуу жана татаал. Аларды эки түргө бөлүштүрүүгө бо-
лот. Биринчи топтогу методдор адамдын организминин түзүлү-
шүн өлүк материалдарда изилдөө убагында пайдаланат, ал эми 
экинчисин тирүүлөргө пайдаланышат. 
Биринчи топко негизинен учурдагы илим менен техникалык 
деңгээлине жараша жеткирилген классикалык анатомиянын ме-
тоддору кирет. 
1) Бөлө кесүү методу же препорациялоо. Бул анатомиялык 
эң жөнөкөй аспаптардын (скальпель, кыпчуур, искек араа жана 
башка) жардамы менен органдардын түзүлүшүн жана өз ара 
жайгашуусун же топографиясын изилдөөгө мүмкүндүк берет. 
Муну эң биринчи болуп Герофил менен Эразистрат колдогон
ал эми Андрей Везалий тарабынан бул метод (ыкма) такталып 
жеткирилген. 
2) Өлүктөрдү чылоо методу (ыкмасы), мында материалдарды 
сууга же атайын суюктукка салып узак убакытка чылашат. Бул 
метод скелетти ошондой эле айрым сөөктөрдү бөлүп алып, алар-
дын түзүлүшүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 
3) Тоңдурулган өлүктөрдү аралоо методу. Бул метод гениал-


- 5 -
дуу хирург жана анатом Н. И. Пирогов тарабынан иштелип чык-
кан жана адам менен жаныбардын денесинин айрым аймакта-
рындагы органдарынын өз ара катыштарын изилдөө мүмкүнчү-
лүгүн түзөт. 
4) Иньекция же толтуруу методу. Мында көңдөйлүү болгон 
органдар түстүү масса менен толтурулат жана андан кийин ор-
гандын паренхимасы глицерин, метил спирти, вазелин майы ар-
кылуу түзсүз тоңдурулат да анатомиялык структуралар препа-
рацияланат. Бул метод кан тамыр менен лимфатикалык система-
ларды бронхиалдык даракты, өпкөнү жана башка изилдөөлөрдө 
кеңири колдонулат. 
5) Коррозия же жедирүү методу. Ички органдардын кан та-
мыр нугун изилдөөгө колдонулат. Бул иньекция методуна окшоп 
кетет, бирок мындай көңдөй катып калуучу масса менен толту-
рулат, (пластмасса, суюк метал) да андан кийин органдардын 
керегесинин жумшак бир кандары кычкылтек же жегичтердин 
күчтүү эритмесинин жардамы аркылуу буздурушат, жедирилет 
да анын ичиндеги катып калган массасы гана калат. 
6) Макромикроскопиялык метод. Үстүбүздөгү жүз жылдык-
тын башталышында атактуу анатом Б. П. Воробьев тарабынан 
иштелип чыккан. Мындан суунун тамчыларынын астыларында 
обьект жука препорацияланат да бинокулярдык (дүрбүлүк) лупа-
лардын жардамы аркасында анын структуралык өзгөчөлүктөрү 
изилденет. Бул метод көрүү жагынан макро микро көрүү чегинин 
ортосунда турган обьетилерди изилдөө учурунда пайдаланылат. 
Экинчи топтогу методдорду төмөнкүлөр түзөт. 
1) Рентгенологиялык метод жана анын ар кандай модифика-
циялары (рентгеноскопиялык, рентгенография, рентгенокимо-
рафия жана башка) колдонулат. Атактуу окумуштуулар П. Ф. 
Лесгафт жана Н. Тонков тарабынан анатомияда биринчи жолу 
пайдаланган. Бул метод тирүү организмдин органдарынын тү-
зүлүшүн жана топографиялык өзөгөчөлүктөрүн алардын айрым 
функционалдык активдүүлүк кезинде да жана курактык дина-
микасы менен байланышта да изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 
Кийинки жылдардагы рентгеноскопиялык томографиясы менен 
мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла кеңейтти. 
2) Соматоскопиялык метод. Адамдардын денесин же айрым 
бөлүктөрүн карап байкоо. Бул метод көкүрөк клеткасынын үл-


- 6 -
гүсүн, айрым булчуң топторунун өнүгүү деңгээлин тери астын-
дагы омуртка түркүгүнүн ийрейишин; дене констурукциясынын 
өзгөчөлүктөрүн, жана башкаларды аныктоого мүмкүнчүлүк бе-
рет. Ооруканаларда соматоскопиядан тышкары дененин, айрым 
аймактарын сыйпалап көрүү (пальпация), түрсүлдөтүү (пер-
курссия) угуп көрүүлөрдү (аускультация) да жүргүзүшөт. 
3) Соматометриялык метод. Бул дененин айрым бир бөлүк-
төрүн ченеп, алардын туура, дал келүүлөрү аркылуу дененин 
түзүлүшү менен пропорцияларын изилдөө. Бул метод дененин 
составын булчуң сөөк жана май ткандарынын бири бирине бол-
гон катыштарын, муундардын кыйылдык даражасын изилдөөгө 
жана дене түзүлүшүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 
4) Үстүбүздөгү жүз жылдыктын 70-80 жылдарында методи-
калык ыкмалардын арсеналдарынын ичине ички органдардын 
эндоскопиялык методу кошулду. Мына ошентип жарык жыл-
дыруучу техниканын жардамы менен адамдардын тамак эри-
түү жана дем алуу жолдорунун, сийдик – жыныс аппаратынын 
жүрөк-кан тамырлардын ички беттерин изилдөөгө жана аларда 
болуп жаткан процесстерди да изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 
Учурдагы анатомия изилдөөнүн жаңы методдору менен байы-
тууда, булардын ичине, төмөнкүлөр кирет: стереофотограммет-
рика, радиоизотоптук, электрондук, микроскопия, ультраүндүк, 
эхолокация жана башка. 
3. Анатомия илиминин өнүгүү тарыхы. 
Анатомия башка илимдерге салыштырмалуу байыркы илим. 
Бул илимдин өнүгүү тарыхы көптөгөн табигый илимдердин ий-
гиликтери менен байланыштуу болуп, ошол эле учурда филосо-
фиянын негизги идеологиялык багыттарынын калыптанышына 
да чоң себеп болгон. Философиянын эки негизги материалист-
тик жана идеалисттик ошол мезгилдеги багыттардын ортосунда 
катуу күрөш жүргөн. Алгачкы анатомдор материалисттер бол-
гон. Антикалык диалектиканын негиздөөчүсү байыркы грек фи-
лософу Гераклит (530-470-ж, б.з.ч.), – мындай деген: «Адам эч 
кандай кудай же болбосо кимдир бирөө тарабынан жаратылган 
эмес, аалам сымал бүтүн нерсе, ал түбөлүк жашайт жана өзгө-
рөт». Ошондой эле «Баары өтөт, баары өзөгөрөт –деген таанымал 
сөз да Гераклитке таандык». Медицинанын атасы болуп санал-
ган, атактуу байыркы грек врачы жана философ Гиппократ (460-


- 7 -
377-ж, б.з.ч.), кишинин дене түзүлүшү жөнүндөгү байкоолорду 
чогултуп системага келтирген. Гиппократ ошол учурда эле жү-
рөк булчуңу, ички органдардын жайгашуусу, скелеттин түзүлү-
шү жөнүндө билген. Ал чоң ката кетирүүдөн качкан эмес М: баш 
мээ суюк заттан турат, артериялар аба менен толтурулган, боор 
болсо кан пайда кылуучу гана орган деп ойлогон. Идеалистик 
көз караштагы ой толгоолорго бай Грецияда Платондун (427-
347-ж., б.з.ч.), айтуусу боюнча "Организмди үч точка башкарат 
же башкача айтканда баш мээ (пневма), жүрөк жана боор аркы-
луу башкарылып турат» деген Платондун көз караштары мисти-
ка идеологиялык агымдардын булагы катары кызмат кылат. 
Байыркы Грециянын атактуу философторунун жана окумуш-
тууларынын бири, Платондун окуучусу Аристотель (384-322-
ж., б.з.ч.), болгон. Ал бир жагынан Платондун жан жөнүндөгү 
окуусун өнүктүргөнү менен, экинчи жагынан «Жан дене менен 
бирге, жан аны менен чогуу өлөт деп белгилеп, материалисттик 
көз карашты» жактаган. 
Б.з.ч. III кылымда түзүлгөн Александриялык врачтар мектеби 
анатомиянын өнүгүүсүнө чоң түрткү болгон. 
Герофил жана Эразистрат ошол мектептин көрүнүктүү өкүлдө-
рү болгон Герофил (304-ж, б.з.ч. төрөлгөн) баш мээнин, керегесин 
анын нервдер менен байланышын, жүрөктүн жыйрылуусу жана 
шалдаюсу менен кан тамырлардын пульсациясынын пайда болу-
шун жазып кеткен, ошондой эле он эки эли ичегини ачып, ага ат 
берген. 
Эразистрат (350-300-ж., б.з.ч.), Демокриттин материя атом-
дордон турушу жөнүндөгү материалисттик көз карашына тая-
нып, адамдын организми ажырап, эң майда бөлүкчөдөн түзүлгө-
нүн айткан. Ал негизинен кан тамыр, нерв жана боор жөнүндө 
изилдеген. Алгачкы болуп кыймыл-аракет жана сезүүнү нерв-
дерден ажыратып караган да, булчуңдардын жыйрылуусун изил-
деп чыгып, кыймылдардын теориясын түзгөн. 
Гиппократ жана Аристотельден кийин атактуу окумуш-
туулардын бири болуп эсептелген Рим философу, биолог, физио-
лог, анатом Клавдий Галендин (130-200-ж., б.з.ч.), сочиненияла-
ры антикалык медицина жана анатомиянын энциклопедиясын 
чагылдырган. 
Гален өзүнүн көптөгөн эмгектеринде Платондун идеалисттик 


- 8 -
көз караштарына жана Гипократтын материалисттик идеялары-
на токтолуп кеткен. Адамдын денесине бычак тийгизүүгө тыюу 
салынгандыктан Гален маймылды союп изилдөө жүргүзгөн. 
Бирок Гален өзүнүн бул изилдөөлөрүнүн негизинде сөөктөрдү 
классификациялап, тутумдаштыргыч ткандар, мээнин бөлүктө-
рү жана мээден чыккан 7 жуп нерв бутакчасы жөнүндө баалуу 
малыматтарды берип кеткен. Ал Гиппократтын артерияда аба 
айланып жүрөт деген маалыматын четке кагып, бардык артерия-
да кан айланып жүргөндүгүн аныктап жазган, жана о.э. ашказан, 
ичеги, жатындын артерияларынын керегеси түрдүүчө структу-
радагы катмарлардан тургандыгын так далилдеген. Клавдий Га-
ленден кийин анатомия илими 13 кылым бою анатомия жана ме-
дицинаны Галендин улуу эмгектери менен үйрөнүп келишкен. 
Анын жыйнактары перс жана араб врачтарынын арасында да 
кеңири таркалган. Бул врачтардын эң таанымал өкүлү Абу Али 
Ибн Сина, же Авицена (980-1037) болгон. Ал «Канон медици-
на»деген дүйнөгө белгилүү китебин жазган. Илимдин жана ис-
кусствонун дүркүрөп өнүгүүсү кайра жаралуу дооруна таандык. 
Галендин схоластикалык анатомиясы кыйрап, ордуна илимий 
анатомиянын фундаменти курулган. Буга италиялык сүрөтчү 
Леонардо да Винчинин, анатомияны илим катары негиздөө-
чүлөр Андрей Везалийдин жана Вильям Гарвейдин сиңирген 
эмгектери зор. Леонардо да Винчи (1452-1519 ж.) адамдын жа-
шоосун жана дене түзүлүшүн изилдөө максатында өлүктөрдү 
союуну баштаган. Ал өзүнүн байкоолорун сүрөт кылып тартып, 
жазуулар жана белгилер менен коштогон. Алгачкылардан болуп 
скелеттин бардык бөлүктөрүнүн пропорциясын жана форма-
сын чагылдырган, булчуңдун классификациясын түзгөн, жүрөк 
көңдөй орган жана ал 4 камерадан тургандыгын ж. б. тактаган. 
Ошентип, Леонардо да Винчи анатомияны өзүнүн изилдөөлөрү 
менен байытып, пластикалык анатомияны баштап берген. 
Анатом жана хирург Н. И. Пироговдун (1810-1881 ж.) 1838-ж. 
«хирургиялык анатомия артериялык таяныч жана фасций» деген 
эмгеги жарык көргөн. Бул эмгек менен ал дүйнөгө таанылган. 
Пирогов анатомияга ички органдардын топографиясын изилдөө-
нүн жаңы методун киргизген. Медико-хирургиялык академияда 
ал бир гана Россияда эмес дүйнө жөнүндө биринчи анатомиялык 
институтун уюштурган. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет