Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет12/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Муундар классификациясы. Биригүүчү сөөктөрдүн санына 
карап жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй муундар 2 
гана сөөктөн турат, ошондой эле татаал муундар 3 жана андан 
ашык сөөктөрдүн биригүүсүнөн турат. 
Муундар сырткы формасы боюнча ар түрдүү келет. М: шар 
сымал, жаңгак сымал форма, эллипс формасы, цилиндр сымал 
жана башка. Мындан сырткары комбинациялык жана эки каме-
ралуу муундар кездешет. Эки жана андан ашык өзүнчө муун-
дар, бир убакытта кыймылды аткарган болсо, комбинациялык, 
ошондой эле муун ортосундагы кемирчектин түзүлүш санына 
карап, эки камералуу болуп бөлүнөт. Муундардын аракеттенүү 
жөндөмдүүлүгүнө карап, алардан бир канча линияларды өткө-
рүп кароого болот. Мындай түзүлүштөр 3 түргө бөлүнөт. 
1. Фронталдык. 
2. Сагиталдык. 
3. Вертикалдык
Шар сымал муундар – мында муундун бир сөөгү тоголок 
шар формасында болот, ошондой эле экинчи ага ыңгайлашып 
ийилген чуңкурча абалда болот (күң жилик менен далы сөөгү-
нүн биригүүсү). 


- 27 -
Эллипс сымал муундар- мында сөөктүн үстүңкү жана бе-
тиндеги сөөктөр эллипс сымал түзүлүшкө ээ болот, же кемир-
чектүү байланышкан абалда болот. 
Цилиндр сымал муундар- эки биригүүчү сөөктүн үстүңкү 
жана астынкысы цилиндр сымал формага ээ болуп, вертикалдуу 
линиялуу геометриялык форманы пайда кылат. 
Спорттук машыгуулардын скелетке тийгизген таасири. 
Тынымсыз спорт менен машыгуу адамдын скелетинин тез 
аракеттенүүсүнө жана булчуңдардын формасынын өзгөрүүсү-
нө алып келет. Мисалы: Бокс, коньки менен машыккан спортс-
мендердин кол жана бут сөөктөрү, булчуңдары жакшы өнүккөн 
болот. Спорт менен машыгуунун скелеттин өзгөрүүсүнө таасир 
эткен механизмин төмөндөгүчө түшүндүрүүгө болот. 
Тынымсыз татаал кыймыл-аракеттерди аткаруу кан айла-
нууну ылдамдатып, натыйжада тамак сиңирүү жакшы жүрөт. 
Организмде тынымсыз жүргөн өзгөрүүлөр сөөктүн да өзгө-
рүүсүнө алып келет. Сөөктөрдүн ички түзүлүшүнүн өзгөрүүсү 
спорт менен тынымсыз машыгуунун натыйжасында, комплекс-
түү заттарды колдонуунун таасиринде булчуңдардын механика-
лык- химиялык түзүлүш функциясынын өзгөрүшүнө алып келет. 
Компакту заттардын өзгөрүүсү эки түрдө жүрөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет