Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет24/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Күлтүк (лоханка) бөйрөктөрдөн башталып, төмөн карай 
багытталып, белден өтүп таздын чарасына келгенде табарсыкка 
ачылат. Узундугу 30 см келет. Аткарган кызматы, бөйрөктөрдөн 
иштелип чыккан сийдикти табарсыкка куюп, сыртынан өзүнүн 
чел кабыктары менен капталган. 
Табарсык – таз чаранын ичинде жайланышкан. Ал бөйрөк-
төрдөн сийдик түтүктөрү аркылуу агып келген сийдикти жый-
нап, өз учурунда сийдик чыгаргыч каналдар аркылуу сыртка чы-
гарат. Табарсыктын көлөмү 350 – 500 мл ге чейин жетип, анын 
түбү, денечеси жана моюнчасы бар. Анын моюнчасынан сийдик 
каналдары башталат. Табарсык сыртынан үч түрдүү чел кабыкча 
менен капталган. Алардын ичкиси – былжыр, ортоңкусу – бул-
чуң жана сырткысы – чел кабыктар деп аталат. Табарсыктын бул-
чуң чел кабыгы жыйрылганда ички басымдын таасири астында 
заара сийдик каналы аркылуу сыртка бөлүнүп чыгат. 
Сийдик өтүүчү канал – бул табарсыктан башталып, сийдикти 
сыртка чыгарып турат. Эркектердин сийдик өтүүчү каналынан жы-
ныс клеткалары да өтөт. Каналдын узундугу ар кандай болот. 
Табарсык. Зат алмашууда организмде ашыкча продукталар 
пайда болот. Алар организмде жыйналып, ички чөйрөнүн ту-
руктуулугун бузат да анын иш-аракетин кыйындатат. Керексиз 
заттардын дайыма организмден чыгып турушу маанилүү. Бул 
функцияны бөлүп чыгаруу органдары аткарат. Аларга бөйрөк, 
тер бездери, өпкө, ичегилер кирет. Бөлүп чыгаруунун негизги 
органдары болуп бөйрөк жана тер бездери эсептелет. 
Бөйрөк суунун алмашуусуна кандын осмостук басымын жол-
го салууга, анын кислоталык щелочтук тең салмактуулугунун 
жана андагы туздардын концентрациясын жөнгө салууга ка-
тышат. Кандын артериялык басымынын деңгээлине таасир эте 
турган, кан жасап чыгуучу процесси катышкан физиологиялык 


- 56 -
активдүү ренин деген затты иштеп чыгарат. 
Заара пайда болуу процесси биринчи жолу ХIХ кылымдын 
40-жылдарында белгилүү немец физиологу М. Людвич тарабы-
нан изилденген болуучу. Азыркы убакта көптөгөн ата мекендик 
жана чет элдик окумуштуулардын эмгектеринен сийдик пайда 
болгон фильтрациялык реабсорбциялык теория түзүлгөн. 
Сийдик - эреже катары, начар щелочтуу реакцияга ээ болгон 
сары түстөгү суюктук. 
Бир суткада адамда орто эсеп менен 1,5 литр сийдик бөлү-
нүп чыгат. Бул чоңдук бөйрөктүн кан менен жабдылышына 
байланыштуу болот. Уктап жатканда, булчуңдук иш-аракеттер-
ди, ысыкта тердегенде, булчуңдук жумуштарда бөйрөктүн кан 
менен жабдылышы кескин төмөндөп, сийдиктин пайда болушу 
азайат. Суукта тамактан кийин, суюктукту көп ичкенде сийдик-
тин пайда болушу жогорулайт. 
Бөйрөктүн аракети гормондук жана нервдик жол ишин жөн-
гө салат. Бөйрөктүн аракетине көптөгөн ички секреция бездери-
нин гормондору таасир этет. Гипофиздин арткы бөлүгү антиде-
луренттик гормону бөлүп чыгарат, да сорулууну күчөтөт жана 
ошону менен бирге организмде сийдик пайда болууну күчөтүү 
менен анын кайрадан соруулусуна кысым көрсөтөт. Нервдик 
жөнгө салууну симпатикалык жана пара симпатикалык нервдер 
камсыз кылат. 
Сийдик чыгаруу татаал рефлектордук акт болуп саналат. Сий-
дик бөлүп чыгаруу процесси башкаруунун нерв борбору болгон 
жүлүн мээсинде жана баш мээсинин сөңгөк бөлүгүндө жайла-
нышкан. Алардын иш-аракеттери дайыма баш мээнин чоң жа-
рым шарларынын контролдугу астында болот. 
2. Тер бөлүп чыгаруу системасы. Бардык жандуулардын ичи-
нен адамда гана тер бездери жана аны менен байланышкан нерв 
аппараты эң жогорку өнүгүүгө жетишкен. Тер бөлүп чыгаруу 
жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөр байыркы рим врачы К. Гален 
тарабынан түзүлгөн. Бөлүнүп чыккан тердин санын аныктоого 
болгон аракеттер ХVII кылымдын башында кабыл алынган. 
Адамда тердөө процесин терең изилдөөнүн башталышы болуп 
Ян Пурпсье адамдагы тер процессин ачкан. Тер бөлүп чыгаруу 
организмде бир топ функцияларды аткарат. Алардын ичинен эң 
негизгиси болуп дененин температурасын жөнгө салуу саналат. 


- 57 -
Экинчи функциясы бөлүп чыгаруу, рганизмден тер менен 
кошо ар түрдүү заттарды, сууну, туздарды, аминокислоталарды, 
(мочевинанын) сүт кислотасын жана башкаларды бөлүп чыга-
рат. Бөлүнүп чыккан заттардын саны жөнгө салынып турат. 
Чоң кишиде кыймылсыз абалда бир суткада 0, 5-1, 0 л тер бөлү-
нүп чыгат. Жумуш учурунда кургап турган абанын температурасы 
жогорку шартта тер бөлүп чыгаруу күчөйт. Ысык цехтеги жумуш-
чуларда ал 10 л жана андан да ашыгыраак болушу мүмкүн. Абанын 
температурасы +50
°
С, 1 саата 1,6 литрге жакын тер бөлүнүп чыгат. 
Тер 99,1% суудан жана 0,9% кургак заттан турат. Кургак зат аз 
санда болсо да өзүнө көп заттарды бириктирип турат. Ар түрдүү 
адамдарда тер бөлүп чыгаруу ар түрдүүчө өтөт. Ошондой болсо 
да тер бөлүп чыгаруунун жалпы закон ченемдүүлүгү бар. 
Тулку бойдун ар түрдүү бөлүгүндө тер бөлүп чыгаруу бирдей 
эмес. Кыймылсыз абалда курчап турган абанын температурасы 
жогору болгон учурда адамда тер бөлүп чыгаруу баарынан мур-
да чекеде, моюнда, тулку бойдун алдыңкы жана арткы бетинде, 
манжалардын сырткы бетинде башталат. Бул участоктордо тер 
тез-тез бөлүнүп турат. 
Адатта тер бөлүп чыгаруу айлана чөйрөнүн жогорку темпера-
турасынын таасиринен же болбосо булчуңдук иш аракеттерден 
дененин температурасы жогорулаганда пайда болот. 
Булчуңдук жумуштарда тер бөлүп чыгаруу жогорулайт. Бул 
организмдин ысып кетишинен сактап калууга жана алсыроонун 
акыркы продуктуларынын жакшыраак бөлүнүп чыгышына жар-
дам берет. Тер бөлүп чыгаруунун жумуш учурундагы ыкчамды-
гы анын кубаттулугуна жараша болот:жумуштун кубаттулугу 
канчалык жогору болсо, тер ошончолук бөлүнүп чыгат. Булчуң-
дук иш- аракеттердеги тер бөлүнүп чыгаруу термикалык менен 
психикалык тер бөлүп чыгаруунун бирикмеси болуп саналат. 
Жумуш учурундагы тер бөлүп чыгаруу чекеде жана алаканда 
гана пайда болот. Статикалык күч аракеттердин натыйжасында 
чарчоо башталганда дененин бүткүл бетин көл-шал болуп тер 
басат. Ушул себептен бул алсыроо менен чарчагандыктын көр-
сөткүчү болуп саналат. 
Тер бөлүп чыгаруу нервдик жана гумордук жолдор менен 
жөнгө салынат. Нервдик жөнгө салуу симпатикалык жолдор ар-
кылуу ишке ашырылат. Тер бөлүп чыгаруунун жөнгө салыны-


- 58 -
шы гумордук жол менен да жүрөт. Тердин санын жана составын 
жөнгө салууга ички секреция бездери да катышат. Бөйрөк бези-
нин кыртышы олдестерон деген гормонду бөлүп чыгарат, анын 
бөлүнүп чыгуусу тердин составын өзгөртөт. 
3. Бирдей шарттардагы балдарда тер бөлүп чыгаруу чоң ки-
шилерге караганда ыкчамыраак жүрөт. Аларда ал эртерээк пай-
да болот да, көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Чоң кишилердин кыймыл-
сыз абалында дененин 1кг массасына эсептегенде бир суткада 
болгону 10 гр тер бууланат, ал эми жаш курактагы балада бул 
көрсөткүч 160 граммга жакын. Ушул мезгилден баштап бул чоң-
дук азая баштайт да, 14-15 жашында гана чоң кишилердин көр-
сөткүчүнө тең келет. Ушуга байланыштуу балдарда тер болуп 
чыгарууда дененин температурасын төмөндөтүүгө чейин алып 
келе турган жогорку жылуулук берүү башталат. 
Балдарга дене-тарбия сабактарын уюштурууга жана өткө-
рүүгө, өзгөчө аба ырайы жагымсыз болгон шарттарда ушул өз-
гөчөлүктөрдү эске алууга туура келет. Ашыкча тердегендиктен 
жылуулукту көп четтетиш үчүн чара колдонуу керек, себеби 
суук тийип ооруп калууга алып келиши мүмкүн. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет