Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет13/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

1. Симметрикалык. 2. Ассиметрикалык
Бир гана сөөк түзүлүшү боюнча бирдей болбошу мүмкүн. 
Мисалы: Гимнастиктерде желке сөөктөрү жана кил сөөгү тез 
өзгөрүүгө учурайт. Статистикалык эсептөөлөр боюнча скелет 
көбүрөөк оор жүк көтөргөндө, динамикалык күчтүн натыйжа-
сында жүрөт. Мында сөөк тканындагы остеондордун саны улам 
ашып, фибрилиярдуу байланыш бекемделет. Натыйжада сөөк-
түн диаметри чоңоёт. 
Эгер спортсмендер кокусунан сөөктүн чыгышы же сынышы 
менен жабыркаса, анда кайра калыбына келүү тез эле убакытта 
жүрөт жана анчалык чоң кыйынчылыкты пайда кылбайт. 


- 28 -
Адамдын скелетинин алдынан көрүнүшү
1- баш сөөгү; 2- омуртка тутуму; 3- акырек; 4- далы; 5- төөш сөөгү; 6- күң 
жилик; 7- билек сөөгү; 8- укурук сөөгү; 9-кырк муун сөөгү; 10- алакан 
сөөгү; 11- манжа сөөктөрү; 12- жамбаш; 13- куймулчак; 14- чаткаяк; 
15- кашкажилик; 16- тизенин томугу; 17- жото жилик; 18- балдак сөөк; 
19- тамандын алдынкы байбелчек сөөктөрү; 20- таман сөөктөрү; 21- бут 
манжа сөөктөрү; 22- кабырга сөөктөрү.


- 29 -
БУЛЧУҢ СИСТЕМАСЫ
План:
1. Булчуң системасы
2. Булчуңдун пайда болушу жана өсүүсү
3. Булчуңдун формалары
4. Булчуңдардын орун алышы
5. Тулку бойдун булчуңдары
6. Бут курчоосунун булчуңдары
Булчуңдун эки түрү бар:
1) жылмакай
2) таргыл
Жылмакай булчуң ткандары ички органдардын дубалчасын, 
кан тамыр жана лимфатикалык cистеманын кыймылын жөнгө 
салат. Ички органдар эки катмардан турат: Ички – шакек, сырт-
кы – капталынан. Артериялар да спираль түрүндө болот. Функ-
ция бирдиги миоцит деп аталат. Ал төмөнкү филаменттерди кар-
майт. 
Ички актин (калыңдыгы 7 мкр) 
Жоон миозин-17 мкр
Аралык – 10-12 мкр
Негизги өзгөчөлүгү миоцитте тыгыз денечелер бар. Алар ара-
лык жана актин фламенттерге бекийт. Жыйрылуу жүргүзгөндө 
актин миоциндер кыймылга келет, ал аралык байланыштыргыч 
тыгыз денечелерге берилет. Алар цитоплазмалык мембранада 
жайгашкандыктан, клетканын ортосунда жайгашкан участоктор 
кеңейип чыгат. 
Дансыз эндоплазмалык торчо (саркоплазмалык ретикулум) – 
ичке трубкалардан, кавеола көбүкчөсүнөн турат. Алар нерв им-
пульстарын өткөрөт. 
1. Жылмакай булчуңдар узак тоникалык жыйрылууларды пай-
да кылат. 
2. Ийилчээктик жогору болот, узак убакытка чейин сакталып 
турат. 
Скелет булчуңдары- таргыл булчуң тканынан пайда болгон. 
1. Сөөктөрдү кыймылга келтирет. 


- 30 -
2. Көкүрөк, курсак көңдөйүн түзөт. 
3. Кекиртек, кызыл өңгөч, кокого кирет. 
4. Көз алманын кыймылын жана угуу сөөктөрдүн кыймылын 
тейлейт. 
5. Дем алуу жана жутуу функцияларын аткарат. 
Чоң адамдарда 30-35%, ымыркайда 20-22%., улгайгандарда- 
25-30%. Булчуңдун группаларынын бардыгы болуп 600 гө жа-
кын саны бар. Сөөк булчуңдары орган сыяктуу таргыл булчуң 
жипчелерден турат, ар бири бириктиргич (эндомизийм) ткань 
менен капталган. Жипчелер толугу менен сырткы перимизий 
(эпимизий) менен капталган. 
Булчуң жипчелеринин узундугу 1-1, 40 мм, калыңдыгы 0, 1 
мм, цилиндр формасында болуп, ядросу көп жипчелер сарко-
лемма бар. Саркоплазма миоглобинге бай. Ал боюнча бир кызыл 
жипчелер- миоглобин жана митохондрияга бай, алар ичке болуп, 
миофибрилл жипчелеринен турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет