Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет14/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Тулку бойдун булчуңдары: 
Желкенин булчуңдары:желке тулку бойдун үстүнкү бөлүгүн 
түзөт. Капталдарынан арткы колтук астындагы булчуң линиясы 
менен чектелип, катмар болуп жайланышкан. 
1) Үстүртөн жайланышкан булчуңдар. 
2) Терең жайланышкан булчуңдар. 
Беттин булчуңдары: алар далыга бекип, ошондой эле акы-
рек
желке сөөк биригип, аларга кыймылды камсыз кылып турат. 
Үстүңкү жана астынкы тиш сымал кабыргаларга бекийт. 
Баш булчуңдары. 
Баштагы жана беттеги бардык булчуңдар мимикалык жана 
чайноочу булчуңдар деп аталат. Мимикалык булчуңдар теринин 
туундусу болгондуктан өзүнө ичке булчуң талчаларын камтыйт. 
Бул булчуңдар денедеги башка булчуңдардан айырмаланып ту-
рат да, булар баш сөөгүнөн башталып териде пайда болот. Булар 
жыйрылып жазылганда беттин терисин кыймылга келтирип бет-
те мимика пайда болот. Мимикалык булчуңдарга: баш булчуң-
дары, алдыңкы, арткы жана үстүнкү кулак булчуңдары, көздүн 
жана ооздун тегерек булчуңдары кирет. Чайноочу булчуңдарга: 
чыкый, чайноочу жана канат сымал булчуңдар кирет. 
2. Моюн булчуңдары. 
Моюн бөлүктөгү шаты сымал (лестничные) булчуңдар бар. 


- 31 -
Булар жогорку жана төмөнкү болуп мындан сырткары-тил ас-
тындагы жана тил үстүндөгү булчуңдар деп бөлүнөт. Моюндун 
үстүнкү булчуңдарына тери астындагы моюн булчуңу жана бу-
лардын ичинен эң чоңу- төштүн акыректик үрп сымал булчу-
ңу (грудино-ключично-сосцевидная) кирет. Мунун бир жактуу 
жыйрылуусу баштын бир тарапка карай бурулушу, ал эми эки 
жактуу жыйрылуудан баштын артка карай бурулушу жүрөт. Ас-
тынкы жана үстүнкү булчуңдарынын жыйрылышынан көмөкөй 
бир убакта көтөрүлүп же ылдый түшүп- жутуу процесси атка-
рылат. 
Тулку бойдун булчуңдары. 
Тулку бойдун булчуңдарына көкүрөк, курсак, жон бөлүгүнүн 
булчуңдары кирет. 
Көкүрөк булчуңдары – акыректен, көкүрөк клеткасынын сөөк-
төрүнөн башталып жана кийин курчоо сөөгүнө бекийт. Көкүрөк 
булчуңундагы эң чоң булчуңдарга: чоң көкүрөк жана алдыңкы 
тиш сымал булчуңдар кирет. Чоң көкүрөк булчуңдары үстүнкү 
бөлүктө жайгашкан жана көкүрөктүн акырек тарабындагы бүтү-
шүнөн башталат да (7-чи) кабырганын кемирчек жагына бекийт. 
Бардык көкүрөк булчуңдар дем алуу функциясына катышат да 
дем алдыргыч булчуңдар деп аталат. Алардын катарына диаф-
рагма да кирет. 
Диафрагма же жупсуз булчуң, көкүрөк көңдөйү менен курсак 
көңдөйүн бөлүп турат. Ошондой эле муну кээде көкүрөк- курсак 
аралыгы деп да аташат. 
Диафрагмада аорталык кызыл өңгөчтөн астынкы көңдөйгө 
вена өтүүчү тешикчелери бар. Диафрагма жыйрылганда ылдый 
түшүп – дем алуу, ал эми жазылганда- көтөрүлөт да дем чыгаруу 
жүрөт. 
Курсак булчуңдары жайланышуусу боюнча каптал, алдыңкы, 
арткы болуп бөлүнөт. 
каптал булчуңдарга – сырткы, ички жантык (косая) жана тар-
гыл курсак булчуңдары кирет. Алдыңкы группадагы булчуңдар-
га түз жана пирамидалуу булчуңдар ал эми арткы булчуңдарга 
– төрт бурчтуу (квадраттык) бел булчуңу кирет. Курсак булчуңу 
– көкүрөк клеткасы жана жамбаш сөөгүнүн ортосунда жайла-
нышкан. Бул булчуңдардын жыйрылуусу омуртканын бүгүлү-
шүнө жана тулку бойдун эки тарапка айлануусуна жардам берет. 


- 32 -
Ичтин ортоңку сызыгынан бекем болгон тарамыштык булчуң 
кетет – бул ичтин ак линиясы деп аталат. Бул ак линиянын кап-
талдарында ичтин жантык булчуңдары туурасынан жайгашып 
талчалары менен орун алган. 
Жон бөлүгүндө омуртканы бойлоп көптөгөн булчуңдар жай-
гашат. Булар жондун терең булчуңдары (глубокие мышцы спи-
ны), кыска омуртка сөөктөрүнүн өсүндүлөрүнө бекишет. Булар-
дын жардамында омуртка артка жана капталга жылышуу кый-
мылы жүрөт. Жондун каптоочу (поверхностные мышцы спины) 
булчуңдарына трапеция сымал жана жондун эң терең булчуңда-
ры кирет. Булар колдордун жана көкүрөк клеткасынын кыймыл-
дарына катышышат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет