Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет100/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   96   97   98   99   100   101   102   103   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Жарандык коом жана анын түзүмү. 
Жарандык коом – коомдук көзөмөл жүргүзүү, белгилүү максаттарга 
жетүү, адамдардын тигил же бул тобунун кызыкчылыктарын коргоо 
максатында түзүлгөн коомдук институттардын жыйындысы. Анын негизги 
белгиси: инсандын укугу менен эркиндигинин камсыздалышы; өзүн өзү 
башкаруунун у; ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосунда конкуренциянын; 
коомдук аң сезимдин жана көп пикирдүүлүктүн; көз каранды болбогон 
ММКнын; укуктук мамлекеттин болушу ж.б. 
Жарандык коомдун түзүмүнө калктын тигил же бул катмарынын 
кызыкчылыгын коргогон коомдук институттар кирет. Алар: коомдук уюмдар 
жана укук коргоочу уюмдар; саясий партиялар жана уюмдар; көз каранды эмес 
ММК; коомдун негизин түзгөн үй бүлө, дин менен байланышкан ишмердүүлүк; 
мамлекеттен сырткары коомдук институттар.
Социалдык байланыштар системасындагы адам. Адам жана тарыхый 
процесс. Инсан жана масса, эркиндик жана зарылдык. 
Адам өзүнүн жашоосунда көп түрдүү байланыштар менен карым 
катнашты түзөт. Ал байланыштар бири бири менен өз ара ишмердүүлүк 
процессинде түзүлөт. Социалдык байланыштардын жана мамилелердин 
материалдык, базистик жана идеологиялык (экинчилик) түрү айырмаланат. 
Социалдык байланыштар системасында материалдык, экономикалык, 
өндүрүштүк мамилелер негизги ролду ойнойт. Алар саясий, укуктук, адеп-
ахлак мамилелерин аныктайт. Жеке инсан жалпы эл менен, көпчүлүк (масса) 
менен карым катнашта болот. Инсан жеке бир адамды билдирсе, көпчүлүк - 
адамдардын тарыхый жалпылыгынын түрүн билдирет. Коллектив, жамаат 
көпчүлүктү түзөт да бир кылка болбойт, өзгөрүлмөлүү, туруксуз абалда. 
Мында лидер деген түшүнүк чоң роль ойнойт. көпчүлүк лидерди угушу 
мүмкүн, анын идеяларын өзүнө алат жана аны ээрчийт. 


124 
Коомдук мамилелердин өнүгүшүндө эркиндик менен зарылдыктын 
диалектикалык байланышы чагылдырылат. Эркиндик өзүнүн каалоолоруна 
гана баш ийүү, башкалардын укуктарын таануу, аңдап билинген зарылдык, 
“негативдүү жана позитивдүү эркиндик” катары каралат. Ал эми зарылдык 
адамдын ишмердигин аныктаган жана баштатан эле коюлган шарттар.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   96   97   98   99   100   101   102   103   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет